37. Клетканын Кабыкчасындагы Жүк Ташыгыч Молекулалар

Кандайдыр бир себеп менен канга аралашкан бир зат клетканын кабыкчасына келгенде, ошол замат клетканын ичине кире албайт. Чоңдугуна, химиялык өзгөчөлүктөрүнө, пайдалуу же зыяндуу экенине жараша ар кандай кабыл алынат. Бир өлкөнүн киришиндеги бажы көзөмөлдөрү сыяктуу клеткага кире турган бир зат да толук текшерүүгө алынат. Жат бир зат болсо өздүк маалыматы текшерилет жана коопсуздукка коркунуч жаратат деген чечим чыгарылса, чек арадан өткөрүлбөйт. Бирок кээ бир заттардын кириш-чыгышы, бир өлкөнүн өз жарандарына берген жеңилдиктери сыяктуу, жеңилдештирилген. Бул заттар олуттуу чаралар көрүлбөстөн, оңой гана клеткага кирип чыгышат. Ал тургай, кээ бирлеринин клеткага өзгөчө кирүү укуктары бар. Кыскача айтканда, клетка кабыкчасына келген заттар өздүк маалыматтарына жараша ар башка мамиледе кабыл алынышат.

hipotalamus

a. transporter protein
b. Ruined product
c. transportation system

Figure 136: Every transporter protein is responsible for carrying a different molecule. For example, in the event of the slightest geometrical difference in a molecule's shape, the transportation system will detect this and abandon the molecule, refusing to carry it.

Бир заттын клетканын кабыкчасынын кире алышы -клетка кабыкчасынын заты менен «аралаша алышы»- үчүн майда ээрий турган болушу керек. Суюк майды суу менен аралаштырууга канчалык аракет кылсак да, ийгиликке жете албаган сыяктуу, майда ээрибеген бир зат да клетканын кабыкчасына аралаша албайт. Мындай заттардын өтүшү үчүн өзгөчө бир ыкма колдонулат. Бул молекулаларды өткөрүүдө клетканын кабыкчасында жайгашкан протеиндер кызмат кылышат.

Кээ бир молекулалар болсо клетка кабыкчасынан ичин көздөй кирип баратканда, чоң болгон үчүн кабыкчадан өз башынча өтө алышпайт. Канал протеиндери жана ташуучу протеиндер кабыкчадан өтүшүнө уруксат берген молекула жана иондордун клетканын ичине ташылышына жардамчы болушат. Клетка кабыкчасы протеиндеринин кайсы заттарды ташышаары белгилүү жана ташый турган затты тандоодо абдан аяр мамиле кылышат. Мисалы, шекерди ташыган система амино-кислотаны ташыбайт. Ташуучу протеин эки молекуланы көрүнүшүнөн жана атом санынан айырмалайт. Мисалы, бирдей атом санына жана химиялык топко ээ эки молекуланын бирөөсүнүн молекула калыбында кичинекей бир геометриялык өзгөрүү болсо, ташуучу система муну айырмалайт жана ал молекуланы ташыбайт(Figure 135).

Эми мындайча бир ойлонолу... Бир ташуучу же канал протеиндин башка бир молекуланын химиялык формуласын таанышы, аны атом сандарынан айырмалашы кандайча болушу мүмкүн? Акылы жана аң-сезими жок бир протеин клетканын пайдасына боло турган бир жоопкерчиликти өзүнө кантип жүктөп алган? Бул протеиндердин өз башынча жумуштарды бөлүштүрүп, клеткага пайдалуу молекулаларды таанышы, аларды клетканын ичине алуу үчүн ташуу милдетин аткарышы же кокустук натыйжасында бул жоопкерчиликтерин кемчиликсиз аткарышы, албетте, эч мүмкүн эмес. Акылдуу жана абийирдүү адамдардын баары мындай майда-бараттардын баарында бүт нерсени жоктон жараткан Улуу Аллахтын чексиз күч-кудуретинин, чексиз илиминин далилдерин көрө алышат.

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • 1. Кандагы Суюктуктун Көлөмүн Текшерген Көзөмөлдөөчүлөр
  • 2. Денедеги Кемчиликсиз Коргонуу Системасы
  • 3. Эненин Сүтү Жана Окситосин Гормону
  • 4. Кальций Өлчөгүчтөр
  • 5. Шекер Фабрикасы
  • 6. Тез Жардам: Адреналин Гормону
  • 7. Денени Тазалаган Лизосома Энзимдери
  • 8. Кандын Басымын Көзөмөлдөгөн Кемчиликсиз Система
  • 9. Чоңойуу Гормону
  • 10. Денебиздеги Жаңылбаган Саат
  • 11. Дененин Температурасын Жөнгө Салган Кереметтүү Молекула
  • 12. Кереметтүү Тактыктагы Тең Салмактуулук
  • 13. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -1
  • 14. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -2
  • 15. Эркектин Көбөйүү Системасындагы Гормондор
  • 16. Тестостерон Гормонунун Башка Өзгөчөлүктөрү
  • 17. Кычкылтек Ташыган Кереметтүү Молекула: Гемоглобин
  • 18. Клеткадагы Байланыш Системасы
  • 19. Кабарчы Гормондун Клетка Ичиндеги Сапары
  • 20. Клеткадагы Байланыштын Көзөмөлдөнүшү
  • 21. Клеткадагы Протеиндердин Жолу
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 24. Эндотелий Клеткасы = NO (Азот-Оксид) Өндүрүү Борбору
  • 25. Денебиздеги Мунайзат (Нефть) Тазалоочу (Иштетүүчү) Борбор
  • 26. Боорго Жайгаштырылган «Бактерия Жок Кылуу Машиналары»
  • 27. Днкнын Көчүрүлүшү (Копияланышы)
  • 28. Оңдоочу Энзимдер
  • 29. Протеин Өндүрүшү
  • 30. Протеин Өндүрүшүнүн Акыркы Баскычы
  • 31. Клетканын Кабыкчасы Жана Уюшулган 100 Триллион Жумушчу
  • 32. Угуу Учурунда Кандай Процесстер Жүрөт?
  • 33. Кандын Уюшу
  • 34. Коргонуу Системасы
  • 35. B12 Витамининин Сапары
  • 36. Адам Денесинин Химиги: Уйку Бези (Панкреас)
  • 37. Клетканын Кабыкчасындагы Жүк Ташыгыч Молекулалар
  • 38. Денени Коргоого Милдеттендирилген Комплеман Протеиндери
  • 39. Кислотага Каршы Формула Чыгарган Молекулалар
  • 40. Жумуртка Клеткаларынын Акылдуулугу
  • Жыйынтык