a. Pancreas |
Figure 132: A special message is needed for the pancreas to go into action during digestion. This message is the release of a special enzyme known as cholesystokinin into the bloodstream. When this enzyme reaches a specific level, the pancreas is stimulated. At this, the pancreas starts secreting breakdown enzymes into the duodenum. |
Сонун бир кечки тамак жедиңиз дейли. Ар кандай азыктардан турган бул тамакты кантип сиңирээриңизди азыркыга чейин эч ойлонгон эмес болушуңуз да мүмкүн. Ал тургай бул азыктардын ар биринин ар башка энзимдер менен иштетилиши керек экенин да билбесеңиз керек. Бул багытта билим албаган бир адамдын бул сыяктуу маалыматтарды билбеши, албетте, кадыресе көрүнүш. Бирок денедеги бир орган бул маалыматтардын баарын билет. Бул орган кайсы азыктын кандай бир энзим менен сиңирилээрин билет. Эч кандай башаламандык жана кемчилик чыкпастан, эң керектүү убакта, эң туура химиялык затты азыктарга жөнөтөт. Бул орган – панкреас.
Панкреас – денедеги эң маанилүү органдардын бири. Панкреас тамырларда аккан кандын ичинде канчалык шекер молекуласы болушу керек экенин чечет. Эгер кандагы шекер молекуласы санында бир азайуу болсо, панкреас ошол замат санды көбөйтө турган чараларды көрөт жана бул чаралар адамдын өмүрүн сактап калат. Эгер шекер молекуласынын саны көбөйсө, анда кандагы шекердин санын азайтуучу чараларды көрөт.
Панкреас тамак сиңирүү системасына жөнөткөн энзимдер менен болсо адамдын жашоосунда абдан маанилүү бир ролду аткарат. Ошол эле учурда ичегилердин ашказан кислоталары тарабынан талкаланышына тоскоол болгон энзим да кайра эле панкреас тарабынан өндүрүлөт.
Бул кызматтарды бир-бирден анализ кылсак, балким эч көңүлүбүздү бурбаган бул органдын биз үчүн канчалык аң-сезимдүү жана пландуу иш-аракет кылганын жана бизди өлүмдөн сактай турган кемчиликсиз бир системага ээ кылынып жаратылганын көрөбүз.
Тамак сиңирүү процессинде панкреастын ишке кириши атайын бир кабар менен ишке ашат. Ашказанда тамак сиңирүү процесстери уланып жатканда, атайын бир энзим болгон «холецистокинин» канга аралашып баштайт. Бул энзимдин канда белгилүү бир деңгээлге жетиши панкреасты стимулдайт. Бул стимул панкреаска милдет келгенин билдирет жана панкреас майдалоочу энзимдерин он эки эли ичегиге чыгарып баштайт28 (Figure 132).
a. pancreas cells |
Figure 133: The pancreas identifies the foods entering the stomach and secretes different enzymes to digest them. |
Панкреас тамак сиңирүү процессинин башталганын түшүнүп эле тим болбойт, мындан тышкары жеген тамактарыңыздын түрлөрүн да түшүнө алат. Жана жеген тамагыңыздын түрүнө жараша ар башка тамак сиңирүү энзимдерин өндүрөт. Мисалы, макарон жана нан сыяктуу карбонгидраттуу азыктар жегениңизде, панкреас чыгарган энзим карбонгидрат майдалоочу өзгөчөлүккө ээ болот. Бул азыктар он эки эли ичегиге жеткенде, панкреас карбон-гидрат майдалоочу өзгөчөлүктөгү «амилаз» аттуу энзимди өндүрөт(Figure 133).
Эгер эт, балык жана тоок сыяктуу азыктар жесеңиз, анда панкреас протеиндүү тамак жегениңизди ошол замат түшүнөт. Бул азыктар он эки эли ичегиге жеткенде, бул жолу протеиндерди майдалоочу энзимдер катары «трипсин, химотрипсин, карбоксипептидаз, рибонуклеаз жана деоксирибонуклеаз» өндүрөт жана бул энзимдер протеин молекулаларына кол салат. Эгер тамагыңызда майдын үлүшү көп болсо, анда бул энзимдер менен бирге «липаз» аттуу майларды сиңирүүчү дагы бир энзим ишке киришет.
Байкалгандай, бир орган жеген тамагыңыздын эмнелерден турганын түшүнүп, андан соң бул азыктардын сиңирилиши үчүн керектүү болгон химиялык суюктуктарды ар башка кылып өндүрүүдө жана буларды керек болгондо гана чыгарууда. Панкреас карбонгидрат молекуласы үчүн протеин майдалоочу же май молекуласы үчүн карбонгидрат майдалоочу суюктук чыгарбайт. Өндүргөн татаал суюктуктарынын химиялык формулаларын унутпайт. Курамды түзгөн кандайдыр бир затты жаңылыштык менен кем кошпойт же кошпой калбайт. Ден-соолугу жайында болгон адамдарда пакреас өмүр бою эң керектүү негизде иштейт.
Ашказанда тамак сиңирүү уланып жатканда, ашказан клеткалары бош турушпайт. Бул клеткалардын кээ бирлери ашказанда сиңирилген азыктын бир мөөнөттөн кийин он эки эли ичегиге бараарын түшүнгөн сыяктуу кыймылын баштаган ашказан клеткалары панкреас клеткаларына кат жазып (гормон чыгарып) жана бул клеткаларды жардамга чакырып башташат. Андан соң жазган каттарын кан аркылуу панкреаска жөнөтүшөт.
a. Address: pancreas |
Figure 134: The stomach sends a message to the pancreas by means of hormones, which find their way through the body in a miraculous way and reach the right location. |
Канга койо берилген кат дененин ичинде сапар кылат. Бул сапар учурунда панкреаска келгенде, панкреас клеткалары катты таанышат жана ылдам ачышат. Бул жерде кызыктуу көрүнүш – бул, кан аркылуу дээрлик бүт денени айланып чыкса да, каттын башка органдардын клеткалары тарабынан ачылбашы жана атайылап окулбашы. Бүт клеткалар бул каттын панкреас үчүн жазылганын, аларга тиешелүү эмес экенин билишет. Себеби каттын бетинде панкреастын дареги бар. Б.а. каттын молекулярдык түзүлүшү бир гана пакреас клеткаларынын кабыкчасында жайгашкан кабылдагыч молекулалар менен өз ара таасирдеше тургандай кылып өзгөчө долбоорлонгон. Б.а. ашказан клеткасы өндүргөн гормонунун бетине чындап эле бир дарек жазган. Болгондо да денедеги миллиарддаган ар башка даректин арасынан панкреас клеткасынын дарегин туура жазган. Бул даректин туура жазылышы үчүн ашказан клеткасынын панкреас клеткасынын бардык өзгөчөлүктөрүн билиши керек(Figure 134).
Керемет бир гана даректин туура жазылышы менен чектелбейт. Ашказан клеткасы жөнөткөн каттын ичинде кабар да бар. Адамдын денесинин тереңдиктеринде бири-биринен абдан алыста жайгашкан эки кичинекей жандуу (клетка) кат жазышышууда жана кабар алышууда. Бири-бирин эч көрбөсө да, бири-биринин кайсы тилди түшүнөөрүн билишүүдө. Болгондо да мындай кабардашуу бир максат үчүн жасалат. Эки клетка бир биримдик түзгөн сыяктуу жеген азыктарыңыздын сиңирилиши үчүн план түзүшүүдө. Албетте, бул чыныгы бир керемет.
a. Pancreas cells |
Figure 135: When it comes to chemistry, the pancreas cells are far more successful and better informed than any human being. We can know the chemical structure of enzymes only after receiving extensive training, whereas these cells receive no training at all. |
Ага келген катты (холецистокинин гормонун) окуган панкреас эч күтпөстөн бул каттагы буйрукка баш ийет. Ошол замат азыктардын сиңирилиши үчүн керектүү энзимдерди чыгарып баштайт. Эгер он эки эли ичегиге жеткен азык протеин болсо протеин майдалоочу бир энзим өндүрөт. Эгер азыкта карбонгидрат үстөмдүк кылса анда карбонгидрат майдалоочу бир энзим өндүрөт жана бул энзимди он эки эли ичегиге жөнөтөт.
Эми алдыңызга бир кара тактай коюлган жана бул кара тактайдын бетине катары менен бир протеин молекуласынын, бир май молекуласынын жана бир карбонгидрат молекуласынын формулалары жазылган жана бул молекулалардын атомдук тизилишин көрсөткөн сүрөттөр тартылган болсун дейли. Анан сизден бул үч түрдүү молекулярдык түзүлүштүн ар бирин майдалоочу эң ылайыктуу молекулярдык түзүлүшкө ээ энзимдердин формуласын өндүрүүңүз жана бул формулаларды тактайга жазууңуз талап кылынсын(Figure 135).
Бул молекулаларды майдалай турган энзимдердин формулаларын химия тармагында адис бир адам гана жаза алат. Бул адам да ылайыктуу формуланы өзүнүн кыялынан чыгарып жазбайт. Алган билими жана мурда ага берилген маалыматтарга таянып гана бул формуланы жаза алат.
Демек, «панкреас клеткалары өндүргөн энзимдеринин химиялык түзүлүшүн кайдан биле алат?» деген суроо абдан маанилүү. Панкреас клеткаларынын баары бул формулалар жөнүндө маалыматка ээ. Бул маалыматка ээ болуп эле тим болбостон, билгендерин эң туура негизде колдонушат жана адамга чарчабастан кызмат кылышат. Панкреас клеткалары химия тармагындагы адамдардан бир топ ийгиликтүү. Себеби адамдын бул формулаларды өндүрө алышы үчүн билим алууга муктаждыгы бар, ал эми кичинекей бир клетка бул формулаларды жатка билет.
Эч бир кокустук клеткаларга мынчалык улуу бир акыл, мынчалык өзгөчө бир маалыматты бере албайт. Эч кандай кокустук клеткалар бири-бири менен байланыша турган, бири-биринен жардам сурай турган бир системаны кура албайт. Мындан тышкары, эч бир кокустук бир даана панкреас клеткасына жалгыз бир химия формуласын үйрөтө албайт жана клеткага колундагы маалыматты өз убагында колдонуу талантын да бере албайт.
. Мынчалык кереметтүү окуяларды бири-биринин артынан жараткан жана аларга дайыма иштөөнү илхам кылып адамга кызмат кылдырган күч – бул ааламдардын Рабби Улуу Аллах.