35. B12 Витамининин Сапары

Ашказан мукозасынын бир өзгөчөлүгү – бул кандын өндүрүшүн жасаган жүлүн кыртышына (костный мозгго) көмөк көрсөтүшү. Дене үчүн чоң мааниге ээ B12 витамининин жүлүн кыртышына жетишин камсыздайт. B12 витамининин жүлүн кыртышына жеткенге чейинки сапары жана ашказан музокасынын бул сапардагы ролу анализ кылынганда, алдыбызга микроскопиялык деңгээлде ишке ашкан чоң бир керемет чыгат.

B12 витамини адамдын денесине кирген соң тамак сиңирүү системасы боюнча бир жолоочулук кылат. Андан соң ичке ичегиден кан айлануусуна өтүп, канга аралашат жана жүлүн кыртышы клеткаларына жетет (Figure 127).

B12 витаминини кабыл алынышы ичке ичегиде ишке ашат. Бирок ичке ичегидеги бардык эле тамак сиңирүү клеткасы B12 витаминин кармабайт. Ичке ичегинин кичинекей бир аймагында бир гана B12 витаминин кармоого милдеттендирилген өзгөчө бир клетка тобу бар.27 Бул клеткалар тобу бүт жашоосун, кереметтүү бир абалда, бир гана B12 витаминин кармоого арнашкан. Бул клеткалар триллиондогон молекула арасынан B12 витаминин айырмалашат жана тутушат. B12 витаминин бул клеткалар кантип таанышууда, башка заттардан кантип айырмалай алышууда? Эмне үчүн өздөрүн B12 витаминин тутууга мажбур сезишүүдө?

hipotalamus

Figure 127: Vitamin B12 first enters the body through the digestive system, and then enters the bloodstream through the small intestine.

Бул клеткалардын B12 витаминин тутууда көрсөткөн акылы, албетте, бир кокустук натыйжасында пайда болушу мүмкүн эмес. Апачык көрүнүп тургандай, бул системаны улук жана күчтүү болгон Улуу Аллах атайын жараткан. Системаны мындан дагы бираз тереңирээк изилдегенибизде, дагы бир топ кереметтүүрөөк жаратылуу далилдерине жолугабыз.

Ичке ичегидеги клеткалар жалгыз абалдагы B12 витаминин тааный алышпайт. B12 витамининин бул клеткалар тарабынан тааныла алышы жана тутула алышы үчүн атайын бир молекула менен ишаратталышы керек. Бул муктаждык да албетте ойлонулган жана B12 витаминин ичегиге жеткенге чейин ишаратталышын камсыздай турган система да курулган.

B12 витамини али ашказанда турган кезинде ашказан клеткалары B12 витамини үчүн атайын бир молекула өндүрүшөт. Бул молекула B12 витамини сапарынын эмки баскычтарында муктаж боло турган бир «өздүк документи». Бул өздүк документи B12 витаминине абдан бекем жабышат жана B12 ичке ичегини көздөй сапарын улантат(Figure 128).

Ичке ичегиде бир гана B12 витаминин табууга милдеттүү болгон чек ара кызматкерлери (өзгөчө клетка тобу) B12 клеткасынын кан айлануусуна өтүшүн камсыздашат. Бирок бул кызматкерлер жалгыз абалдагы B12 витаминин тааный алышпайт. Мына ушул баскычта B12 витаминине колундагы өздүк документи жардамга келет. Чек ара кызматкерлери бул өздүк документ жардамында триллиондогон молекула арасынан B12 витаминин тааныйт жана табат. Андан соң кайра эле ушул документ молекуланын жардамында B12 витамининин кан айлануусуна өтүшүн камсыздашат. Ушинтип B12 кан аркылуу жүлүн кыртышына жете алат(Figures 129 through 131).

hipotalamus

a. Stomach cell

Figure 128: While vitamin B12 is still in the bloodstream, the stomach cells produce a special molecule for it. This molecule is an identity document that this vitamin will need on every stage of its journey.

Байкалгандай, ашказан клеткалары B12 витамининин дене үчүн маанилүүлүгүн билишүүдө. Мындан тышкары, ичеги клеткаларынын B12 витаминин таануу үчүн кандай ишаратка муктаж экенин да билишүүдө жана бул ишарат молекуласын атайын өндүрүшүүдө. Көздөрү, колдору же бир мээси болбогон ичеги клеткалары болсо бул ишаратты таанышууда жана B12 витаминин тутушууда.

Унутпаш керек болгон дагы бир жагдай бар; бул – бүт мындай окуялар натыйжасында кабыл алынган B12 витамининин ашказан клеткасынын да, ичеги клеткасынын да керегине жарабашы. B12 витамини абдан алыста, жүлүн кыртышында колдонулууда. Бул витамин урматында адамдын денесинде кан өндүрүлө алууда жана адамдын жашоосунун уланышы камсыз кылынууда.

Бир гана витаминдин сапары жана бул сапардагы майда-бараттар да адамдын денесинде курулган системанын кемчиликсиздигин түшүнүү үчүн жетиштүү.

hipotalamus

a. Cells in the small intestine
b. Blood Circulation

Figure 129: Cells in the small intestine are unable to recognize vitamin B12 in its unprocessed form. In order for B12 to be recognized and caught by the cells, it must be marked with a special molecule.

Figure 130: The labels affixed to the vitamin B12 by the stomach cells come into play here, as the small intestine cells recognize these labels and accept the B12.

Figure 131: In this way, vitamin B12 enters the bloodstream.

Албетте, мындай процесстер учурунда көрсөтүлгөн күчтүү аң-сезим жана кемчиликсиз процесстин клеткалардын эрки менен ишке ашышы мүмкүн эмес. Клетка деп аталган нерселер - түпкүрүндө аң-сезимсиз атомдордун жыйындысынан түзүлгөн түзүлүштөр. Клетканын ичинен аң-сезим, эрк же болбосо бир күч издөө такыр туура эмес болот. Бул жердеги системаны жараткан да – бул бүт нерсени жоктон бар кылган ааламдардын Рабби Улуу Аллах.

 

Footnotes

27- Solomon, Berg, Martin, Villee, Biology, Saunders College Publishing, ABD, 1993, p. 977.

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР