Денебизди бактерия жана вирус сыяктуу душмандарынан коргогон коргонуу системасы бир дисциплиналуу аскердик топ (армия) сыяктуу кыймыл-аракет жасайт. Коргонуу системабыздын душмандарына каршы согушу үч маанилүү бөлүктөн турат.
Коргонуу системасы согуш баштоодон мурун сөзсүз душманды жакшылап таанышы, кеңири маалымат алышы керек. Себеби ар бир согуш душманга жараша ар түрдүү болот. Болгондо да, мындай изилдөө жакшылап жасалбаса, коргонуу системабыз жаңылыштык менен өз клеткаларыбызга кол салышы мүмкүн.
a. Virus |
Figures 117 and 118: Phagocytes engage in face-to-face combat with the enemy. If they fail to do their job, then macrophages enter the fray and raise the temperature of the body up to 39oCelsius (102 0 Fahrenheit) in order to provide energy. |
Алгачкы кийлигишүү коргонуу системасынын акыр-чикир тазалоочу клеткалар болгон фагоциттерден келет. Фагоциттер душманга каршы согуш башташат. Бир мааниде душман менен алгачкы бетме-бет келүүнү камсыздаган жөө аскерлер сыяктуу(Figure 117).
Кээде фагоциттер душмандын таркалуу ылдамдыгына жетише алышпайт. Андай учурда макрофагдар ишке киришишет. Макрофагдарды болсо душмандын ичине аралашкан атчандарга окшоштурууга болот. Ошол эле учурда макрофагдар өздөрү чыгарган атайын бир протеин урматында денеде жалпы сигнализациянын иштешин, т.а. дене температурасынын көтөрүлүшүн камсыз кылышат(Figure 118).
a. Way to T-cells |
Figure 119: Helper T-cells carry information about the enemy to killer T-cells. |
Бирок макрофагдардын абдан маанилүү дагы бир өзгөчөлүгү бар. Макрофаг клеткасы бир вирусту тутуп жутканда, вирустун өзгөчө бир бөлүгүн үзүп алат. Бул бөлүктү бир желек сыяктуу үстүндө ташыйт. Бул бөлүкчө - коргонуу системасынын башка милдеттүүлөрү үчүн бир ишарат, ошол эле учурда бир изилдөө маалыматы болот.
a. Virus x |
Figures 120 and 121: The information about the enemy collected by the helper T-cells is sent to the lymph glands, where waiting B cells go into action. |
Душманды макрофагдан алган кабар аркылуу тааныган жардамчы Т клеткаларынын алгачкы жумушу – бул өлтүрүүчү Т клеткаларына кабар берүү жана аларды көбөйүшү үчүн стимулдоо. Стимулданган өлтүрүүчү Т клеткалары кыска убакыт ичинде бир аскердик топ абалына келишет. Жардамчы Т клеткалары өлтүрүүчү Т клеткаларын стимулдап эле тим болбойт. Бир тараптан, окуя болуп жаткан жерге көбүрөөк фагоциттин келишин камсыздашып, экинчи тараптан болсо, душман менен байланыштуу топтогон маалыматтарын ыйлаакча жана лимфа бездерине жеткиришет(Figure 120).
a. B cells |
Figures 122 and 123: B cells multiply by dividing and are then differentiated. As a result, they are able to produce thousands of the weapons known as antibodies. If the antibodies are unable to catch the virus, then T-cells take over, identifying and trapping the viruses thanks to the MHC molecules. |
Лимфа бездерине жеткенде, алып келинген бул маалыматтын негизинде өз милдетин күткөн В клеткалары кыймылдап башташат. (В клеткалары жүлүн кыртышында (костный мозгдо) өндүрүлгөн соң өз милдетин күтүү үчүн лимфа бездерине барышат.)(Figure 121).
Кыймылын баштаган В клеткалары бир катар баскычтардан өтүшөт. Стимулданган ар бир В клеткасы көбөйүп баштайт. Бирдей типтеги миңдеген клетка пайда болгонго чейин. Согушка даяр абалга келген В клеткалары бөлүнөт жана өзгөрүшүп плазма клеткалары абалына келишет. Плазма клеткалары болсо антителолорду чыгарышат. Чыгарылган антителолор – бул душман менен согушуп жатканда колдонула турган курал-жарактар. В клеткалары секундасына миңдеген курал-жарак (антитело) өндүрө алышат. Өндүрүлгөн бул курал-жарактар абдан натыйжалуу. Алгач душманга байланып, андан соң душмандын (антигендин) биологиялык түзүлүшүн буза турган мүнөзгө ээ(Figure 122).
Figure 124: NK—that is, natural killer— cells destroy the viruses that the killer T-cells have missed. |
Эгер вирус клетканын ичине кирсе, антителолор вирусту кармай алышпайт. Бул учурда кайра эле өлтүрүүчү Т клеткасы ишке киришет жана MHC молекулалары жардамында клетканын ичиндеги вирустарды аныкташат жана клетканы өлтүрүшөт(Figure 123).
Бирок вирус өлтүрүүчү Т клеткалары да байкай албай турган абалда өзгөрүп турса, анда кыскача NK деп аталган «табигый өлтүргүч клеткалар» (naturel killer cells) ишке киришишет. Бул клеткалар башка клеткалар байкай албаган, ичтеринде вирус болгон клеткаларды кыйратышат (Figure 124).
Жеңишке жетишилген соң басуучу Т клеткалары согушту токтотушат(Figure 125).Согуш аяктаган болот; бирок эч качан унутулбайт. Эс тутум клеткалары душманды эми эсине түйүп койгон болот. Жылдар бою денеде жашоочу бул клеткалар ушул эле душманга кайра жолукканда, коргонуунун абдан бат жана натыйжалуу болушун камсыздашат (Figure 126).
Бул согуштун баатырлары аскердик даярдыктан өтүшкөн эмес, акылдуу адамдар эмес, жана миллиондогону бир жерге чогулса да бир чекиттин ичин толтура албай турганчалык кичинекей болгон клеткалар.
Болгондо да абдан таң калтырган өзгөчөлүктөргө ээ болгон бул аскердик топ бир гана согуш жүргүзүшпөйт. Согушуп жатканда колдоно турган бардык курал-жарактарды өзү өндүрөт, бүт согуш пландарын, стратегияларын өзү түзөт жана согуш бүткөн соң ал жерди тазалап, калыбына келтирет.
Албетте, коргонуу системабыз да ааламдагы бүт нерсе сыяктуу өз жаратылышына жараша кыймылдоодо: Улуу Аллах Куранда мындайча билдирүүдө:
Жана «өз жаратылышына ылайыктуу» (абалда) Раббисине моюн сунганда; (Иншикак Сүрөсү, 2)
a. Suppressor T-cells |
Figure 125: Suppressor T-cells call a halt to the war once the victory has been won. At the side can be seen defense cells (yellow) fighting a cancer cell (pink). Figure 126: At the end of the war, the memory cells record information about the enemy in order to be ready for the next assault. Every detail in the defense system is a manifestation of our Almighty Lord’s incomparable and flawless artistry. |