33. Кандын Уюшу

Бир жериңиз кесилгенде же эски бир жаратыңыз канаганда, убакыттын өтүшү менен кандын токтоорун билесиз. Канаган жерде бир уюган кан пайда болуп, бул уюган кан акырындап катуулашат жана жаракат айыгат. Бул сиз үчүн оңой көрүнгөн, кадимки бир көрүнүш болушу мүмкүн. Бирок биохимиктер болсо изилдөөлөр жыйынтыгында мунун абдан татаал бир системанын иштешинин натыйжасы экенин аныкташты.26 Бул системанын бөлүктөрүнөн кандайдыр бирөөсүнүн кемиши же жабыркашы системаны иштебес абалга алып келет.

hipotalamus

a. von Willebrand
b. Thrombocytes

Figure 115: A protein known as the von Willebrand factor prevents the thrombocytes traveling through the bloodstream from bypassing the site of the injury.

Кан туура жерде, туура убакта уюшу керек жана шарттар кадимки абалына келгенде, уюган кан жоголушу керек. Система эң майда-бараттарына чейин кемчиликсиз иштеши керек.
Эгер бир жер канап жатса, жандуу кан жоготуудан өлбөшү үчүн кандын эртерээк уюп, токтошу керек.

Мындан тышкары, жаракаттын бетин толук капташы жана эң маанилүүсү бир гана жаракаттын үстүндө калышы зарыл. Антпесе бүт кандын уюшуна жана жандуунун өлүмүнө себеп болот. Ошондуктан, кандын уюшу күчтүү көзөмөлдөнүшү керек жана уюган кан керектүү учурда керектүү жерде жаралышы керек.
Жүлүн кыртышы (костный мозг) клеткаларынын эң кичинекей өкүлү болгон тромбоциттер абдан маанилүү бир өзгөчөлүккө ээ. Бул клеткалар кандын уюшунда эң негизги элемент. Фон Виллебранд (Von Willebrand) фактору деп аталган бир протеин канда айланып турган тромбоциттердин жаракат алган жерден өтпөшүн камсыздайт. Жаракат алган жерде жабышып калган тромбоциттер ошол учурда башка тромбоциттерди да ал жерге алып келүүчү бир затты чыгарышат. Бул клеткалар андан соң баары чогуу ачык жаракатты жабышат. Тромбоциттер милдеттерин аткарган соң өлүшөт. Алардын өздөрүн курмандыкка чалышы – кандын уюу системасынын бир бөлүгү гана(Figure 115).

андын уюшун камсыздаган дагы бир протеин – бул тромбин. Бул зат ачык бир жаракат болгон жерлерде гана өндүрүлөт. Бул өндүрүш аз да, ашыкча да болбошу керек. Болгондо да өндүрүш өз убагында жасалып, кайра өз убагында токтотулушу зарыл. Бүгүнкү күнгө чейин тромбин өндүрүшүндө кызмат кылган жана баары «энзим» деп аталган жыйырмадан көп дене химикаты аныкталды. Бул энзимдер өз өндүрүшүн токтото алышат же баштата алышат. Бул процесс ушунчалык көзөмөлгө алынгандыктан, тромбин кыртыш толугу менен жараланганда гана пайда болот. Денеде кандын уюшу үчүн керектүү энзимдер жетиштүү санга жетээри менен, протеинден турган узун жипчелер жасалат. Бул жипчелердин аты фибриноген. Кыска убакыт ичинде фибриноген жипчелеринен бир желе пайда кылынат. Бул желе кан сыртка аккан жерде курулат. Башка тараптан болсо кандагы тромбоциттер бул желеге жабышып чогулат. Мындай чогулуу көбөйөөрү менен бир жапкыч милдетин аткарып, кандын токтошун камсыздайт. Мына уюган кан деп атаган нерсебиз – ушул топтолуунун натыйжасында пайда болгон жапкыч.

Жаракат толук айыкканда болсо уюган кан таркайт(Figure 116).

Бир уюган кандын пайда болушу, уюган кандын чектеринин аныкталышы, уюган кандын күчтөндүрүлүшү же жок кылынышын камсыздаган система – бүт бөлүгү толук болбостон иштебей турган комплекстүүлүккө ээ. Кандын уюшу – бул бир бөлүктүн башка бир бөлүктү кыймылга келтириши абалында ишке ашкан бир окуялар тизмеги.

Система эң майда-баратына чейин кемчиликсиз иштөөдө.

hipotalamus

a.Thrombocyte

Figure 116: Thrombocytes set up a network consisting of fibrinogen threads. Other become caught up in the web and accumulate, thus halting the bleeding by acting as a patch or a stopper.

Эгер бул толук кандуу иштеген системада кыпындай бир кемчилик болгондо эмне болмок эле? Мисалы жаракат жок эле учурда кан уюп калса? Же жаракаттын айланасында уюган кан оңой гана түшүп калганда? Бул суроолордун бир гана жообу бар: анда жүрөк, өпкө же болбосо мээ сыяктуу абдан маанилүү органдарга баруучу жолдор уюган кан жапкычтары менен тосулмак. Бул болсо сөзсүз өлүм менен аяктамак.

Бул чындык да бизге дагы бир жолу адамдын денесинин кемчиликсиз жаратылганын көрсөтүүдө. Бир эле кандын уюу системасын да кокустуктар жана эволюция теориясы жактагандай, «баскыч баскыч өнүгүү» гипотезасы менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ар бир майда-бараты өзүнчө бир план жана эсептин натыйжасы болгон бул система жаратылуунун кемчиликсиздигин көз алдыбызга тартууда. Бизди жаратып, бул дүйнөгө жайгаштырган Улуу Аллах жашообуз боюнча жолуга турган кичинекей, чоң ар түрдүү жаракатка карата денебизди ушундай система менен бирге жараткан.
Мындан тышкары, кандын уюшу бир гана көзгө көрүнгөн жаракаттар үчүн эмес, денебизде күн сайын тынымсыз ишке ашкан капилляр жабыркоолорунун оңдолушу үчүн да абдан маанилүү. Сиз сезбесеңиз да, чынында күн сайын дайыма кичинекей ички каноолор болуп турат. Колуңузду эшиктин кырына уруп алганыңызда же болбосо бир отургучка катуу отурганыңызда, жүздөгөн кичинекей капиллярлар талкаланат. Мындай талкалануу натыйжасында пайда болгон ички каноо кандын уюу системасы урматында ылдам токтотулат, андан соң дене дал өзүндөй капиллярларды кайрадан жасайт. Эгер урунуу күчтүүрөөк болсо, кандын уюшунан мурда ички каноо да күчтүүрөөк болот жана ошондуктан урунган жериңизде бир «көгөрүү» болот. Кандагы мындай кан уюу системасы жок болгон бир адам өмүр бою кичинекей бир урунуудан да коргонушу жана пахтанын ичинде жашатылышы керек болот. Мисалы, канындагы кан уюу системасы кемчиликтүү болгон «гемофилия» оорулуулары ушундай өмүр сүрүшөт. Бирок күчтүү даражадагы гемофилия оорулуулары көбүнчө көп жашай алышпайт. Жолдо баратып жыгылуусу натыйжасында пайда болгон бир ички каноо да өмүрүнөн ажырашы үчүн жетиштүү болот.

Бул чындыктын алдында ар бир адам өз денесиндеги жаратылуу керемети жөнүндө ой жүгүртүшү жана бул денени кемчиликсиз жараткан Аллахка шүгүр кылуучу болушу зарыл. Биз жалгыз бир системасын, ал тургай жалгыз бир клеткасын да өндүрүүгө күчүбүз жетпеген бул дене – Улуу Аллахтын бизге бир берешендиги.

Раббибиз бир Куран аятында мындай буйурууда:

«Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы?» (Вакыа Сүрөсү, 57)

 

Footnotes

26- Michael Behe, Darwin's Black Box, New York: Free Press, 1996, pp. 79-97.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • 1. Кандагы Суюктуктун Көлөмүн Текшерген Көзөмөлдөөчүлөр
  • 2. Денедеги Кемчиликсиз Коргонуу Системасы
  • 3. Эненин Сүтү Жана Окситосин Гормону
  • 4. Кальций Өлчөгүчтөр
  • 5. Шекер Фабрикасы
  • 6. Тез Жардам: Адреналин Гормону
  • 7. Денени Тазалаган Лизосома Энзимдери
  • 8. Кандын Басымын Көзөмөлдөгөн Кемчиликсиз Система
  • 9. Чоңойуу Гормону
  • 10. Денебиздеги Жаңылбаган Саат
  • 11. Дененин Температурасын Жөнгө Салган Кереметтүү Молекула
  • 12. Кереметтүү Тактыктагы Тең Салмактуулук
  • 13. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -1
  • 14. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -2
  • 15. Эркектин Көбөйүү Системасындагы Гормондор
  • 16. Тестостерон Гормонунун Башка Өзгөчөлүктөрү
  • 17. Кычкылтек Ташыган Кереметтүү Молекула: Гемоглобин
  • 18. Клеткадагы Байланыш Системасы
  • 19. Кабарчы Гормондун Клетка Ичиндеги Сапары
  • 20. Клеткадагы Байланыштын Көзөмөлдөнүшү
  • 21. Клеткадагы Протеиндердин Жолу
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 24. Эндотелий Клеткасы = NO (Азот-Оксид) Өндүрүү Борбору
  • 25. Денебиздеги Мунайзат (Нефть) Тазалоочу (Иштетүүчү) Борбор
  • 26. Боорго Жайгаштырылган «Бактерия Жок Кылуу Машиналары»
  • 27. Днкнын Көчүрүлүшү (Копияланышы)
  • 28. Оңдоочу Энзимдер
  • 29. Протеин Өндүрүшү
  • 30. Протеин Өндүрүшүнүн Акыркы Баскычы
  • 31. Клетканын Кабыкчасы Жана Уюшулган 100 Триллион Жумушчу
  • 32. Угуу Учурунда Кандай Процесстер Жүрөт?
  • 33. Кандын Уюшу
  • 34. Коргонуу Системасы
  • 35. B12 Витамининин Сапары
  • 36. Адам Денесинин Химиги: Уйку Бези (Панкреас)
  • 37. Клетканын Кабыкчасындагы Жүк Ташыгыч Молекулалар
  • 38. Денени Коргоого Милдеттендирилген Комплеман Протеиндери
  • 39. Кислотага Каршы Формула Чыгарган Молекулалар
  • 40. Жумуртка Клеткаларынын Акылдуулугу
  • Жыйынтык