31. КЛЕТКАНЫН КАБЫКЧАСЫ ЖАНА УЮШУЛГАН 100 ТРИЛЛИОН ЖУМУШЧУ

Бир унаа өндүргөн заводдун кандай иштегенин элестетели. Заводдогу, мисалы, миң жумушчунун баарынын дисциплина жана кызматташтык ичинде иштеши керек. Мындай уюштурууну камсыздоо үчүн көптөгөн көзөмөлдөө системасы жана буйрук-команда тизмеги курулган. Ар бир бөлүм алардан талап кылынган тетикти өндүрөт. Мисалы, бир жерде мотор тетиктери, башка бир бөлүмдө болсо эшиктер жасалат. Бүт баары кайсы тетиктин каерде колдонулаарын билишет. Бүт нерсе көзөмөлдөнүп турат.

hipotalamus

Figure 108: Every cell works in the place and manner approved for it by God. In the same way that workers in a factory specialize in different departments, different cells work in each region and fulfill their duties with flawless organization.

Бирок, эгер ушул эле заводго унаа өндүрүү эмне экенин такыр билбеген, болушунча сабатсыз миң адам киргизилсе жана алардан эмнени, кантип өндүрөөрүн өздөрүнүн издеп табышы талап кылынса, анда чоң бир башаламандык жана хаос болоору анык.

Ал эми адамдын денесинде миң эмес, 100 триллион «жумушчу» абдан аяр бир уюшкандык жана кызматташтык ичинде иштешет. Булар – бир заводдогу жумушчулардан бир топ аң-сезимдүү жана билимдүү болгон клеткалар. Алардын ичиндеги кереметтүү процесстер эле эмес, бири-бири арасындагы координация да ошол деңгээлде баш аздыруучу деңгээлде татаал. Бири-бирин кабыкчаларындагы таануу системалары аркылуу таанышат. Ашказан клеткасы ашказан клеткасын, чач клеткасы чач клеткасын тааныйт(Figure 108).

Бул жерде сөзсүз суроолор туулат: эки кабыкча бири-бирин кантип тааныйт? Бул жумушчулар кантип окутулушкан? Кандайча болуп өз жумуштарын абдан берилгендик менен жасашат?

100 триллион клетканын ар бири дене үчүн андан талап кылынганды аткарат. Ар бир клетка дайыма эмне кылышы керек экенин кайдан билет? Албетте, булардын баары Улуу Аллахтын илими жана илхамы менен ишке ашууда. Мисалы, бөлүнүү болушу керек болгон аймактагы клеткаларга мээ «бөлүн» буйругун берет. Бул үчүн гормондор чыгарылат. Ар бир гормон тиешелүү клеткага барып, мээнин кабарын жеткирет. Элчи клеткага жеткенде, кабарын клетканын кабыкчасында жайгашкан кабылдоочу протеинге билдирет. Протеин алган кабарын борборго билдирет. Клетка болсо бул буйрукту түшүнөт жана чечим алып, ошого жараша кыймылдайт(Figures 109 and 110).

hipotalamus

A cross-section of the cell membrane that performs miraculous processes in our bodies.

Ой жүгүртүүнү уланталы; бир май деңизинин үстүндөгү протеин аралынын берилген буйрукту түшүнүшүн, муну клетканын борборуна билдиришин, клетканын бул буйрукка баш ийишин жана бүт өмүрүн каерде колдонулаарын билбеген бир затты өндүрүүгө багышташын кадимки бир нерседей кабыл алууга болобу? Албетте, антүүгө болбойт.

Болгондо да, бираз мурдараак да айтылгандай, кабыкчанын бетиндеги жүздөгөн өтүү чекити, кабылдагычтар, текшерүүчүлөр, баары бири-биринен кабардар болуп, чоң бир уюшкандыкта кыймылдашат. Чынында болсо булардын баары аң-сезимсиз протеиндер. Клетка кабыкчасынын бул жерде саналган өзгөчөлүктөргө өз башынча ээ болбогондугу, бул системанын жаратылгандыгы апачык көрүнүп турат.

Мындай бир система, албетте, бир максат менен жаратылган. Абийирдүү жана акылдуу бир адам бул кереметтүү далилдерди көрөт жана Улуу Аллахты жакшыраак таанып, кудуретин жакшыраак түшүнөт. Аяттарда Раббибиздин кереметтерине карата болгон момундардын мамилелери мындайча билдирилүүдө:

Шек жок, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)

hipotalamus

a. Receptor-protein
b. Messenger hormon

c. Divide
d. Cell

Figures 109 and 110: The brain issues the instruction to divide to those cells whose division is desired. With the transmission of that command to the relevant cells, the appropriate hormones are secreted. When the hormone comes to the cell, it notifies the receptor-protein on the cell membrane. The message received by the protein is reported to the center, whereupon the cell understands this message, makes a decision and acts accordingly.

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР