Клеткада протеин өндүрүшү үчүн керектүү болгон маалымат ДНКдан табылып, көчүрүлгөн соң эми бул маалыматтын протеин өндүрүлө турган заводго, т.а. рибосомаларга жеткирилиши керек. Ар бир клеткада бар болгон бул органеллдер клеткадагы ДНКдан абдан алыста жана клетканын бүтүндөй цитоплазмасына (клетканын ичиндеги суюктукка) таркаган абалда. Бул заводдорго өндүрүш буйуртмалары кемчиликсиз жана абдан бат жеткирилиши керек. Кабарчы РНК (mRNA) жолунан адашпастан жана клетканын ичиндеги көптөгөн органелл жана молекула арасында эч күмөн санабастан рибосоманы табат. mRNA рибосоманы тапканда анын сырткы бөлүгүнө бир линия сыяктуу жайгашат. Ушундайча эми өндүрүлүшү максат кылынган протеиндин амино-кислота тизмегине тиешелүү маалымат өндүрүш борборуна жеткен болот. Андан соң, өндүрүлө турган протеин үчүн керектүү чийки заттардын, б.а. амино-кислоталардын рибосомага алып келиниши үчүн клетканын башка аймактарына кабарлар жөнөтүлүп башталат(Figure 107). 23
a. mRNA |
Figure 107: After the information needed for protein production has been copied from the DNA, it is brought to the ribosome by messenger RNA and released. The messenger RNA finds the ribosome without losing its way. |
Колдонула турган амино-кислоталарды клетканын ичинде издеп табуу жана рибосомага алып келүү милдети ташуучу РНК (tRNA)га тиешелүү. Ар бир жандуунун клеткасында 20 түрдөгү амино-кислота бар. Мына ушул 20 түр амино-кислотанын, б.а. чийки заттын ар бири ага атайын ыңгайлуу жаратылган бир ташуу каражаты тарабынан ташылат. 24 Амино-кислоталардын аларды ташый турган tRNAга байланышы да бир катар татаал процесс натыйжасында ишке ашат.
Ташуу милдетин аткарган ар бир tRNA рибосома алып келген ар бир амино-кислотаны өндүрүш буйругунда көрсөтүлгөн жерге алып барат жана өндүрүш процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыздайт.
Бул аң-сезимсиз молекулаларда кездешкен кемчиликсиз дисциплина, алардын аң-сезимдүү жана жоопкерчилик алган сыяктуу кыймылдашы – ар биринин бийик акыл жана күч-кудурет ээси болгон Аллахка моюн сунгандыгынын жана Анын көзөмөлү менен кыймылдаганынын далилдеринен.
Эми буйуртма, т.а. өндүрүлө турган протеинге тиешелүү маалымат жана керектүү чийки заттар даяр. Бирок чечүү керек болгон дагы бир көйгөй бар. Өндүрүш маалыматы, б.а. буйуртма, мурдараак да айтылгандай, ДНКда өзгөчө бир тилде жазылган. Жана өндүрүш өзгөчө бир тилде жазылган бул тилге ылайык жасалышы керек. Бирок чийки зат катары колдонулган амино-кислоталардын тизмектери башка бир тилде. Бул көйгөйдү мындайча сүрөттөөгө болот: буйуртма кагазында жазылган буйрук – бул ДНКны түзгөн шифрдин тили, т.а. 4 тамгалуу бир алфавиттен турган өзгөчө бир тилде жазылган. Өндүрүлө турган протеиндердин тили болсо 20 тамгалуу бир алфавиттен турган башка бир тил (протеиндерди түзгөн амино-кислоталар 20 түрдө болгондуктан). Мына ушул, тилдеги айырма сыяктуу, ДНКдан келген өндүрүш маалыматы амино-кислоталар түшүнө турган тилде эмес. Натыйжада ДНКдан келген маалыматка кайсы амино-кислотанын туура келээрин түшүнө алуу үчүн ДНКдагы тилдин беркисине которулушу керек болот.
Рибосома заводу өмүрдүн ден-соолукта уланышы үчүн бул көйгөйдү эң кемчиликсиз негизде чечкен бир механизм менен жабдылган. Чечүү жолу катары өндүрүш учурунда заводдо, т.а. рибосомада эки башка тил арасында котормочулукту аркалаган бир котормо системасы жаратылган. Кодон-антикодон ыкмасы деп аталган бул котормо системасы учурдагы эң алдыңкы компьютер борборунан бир топ алдыда, бул эки тилде адистешкен бир котормочу сыяктуу иштейт. ДНКнын өзгөчө тили менен жазылган төрт тамгалуу протеин маалыматтарын 20 тамгадан турган протеин тилине которот.
Ушундайча кайсы амино-кислоталардын катарга тизилээрин билдирген болот. Натыйжада керек болгон протеиндин туура өндүрүлүшүн камсыздайт. Мындай которуу процессинде ката кетирбөө, албетте, абдан маанилүү. Бир клетканын, жана натыйжада жандуулардын жашашы үчүн керектүү болгон миңдеген протеиндин өндүрүлүшүндө болгону бир же эки катага жол берилиши мүмкүн. Адамдар жасаган эч бир технологиялык каражат же өз чөйрөсүндө эң адис жана абдан көңүл койгон адамдар да, протеин сыяктуу, орточо 200 роман китебине тете бир жазууну мынчалык катасыз жана кемчиликсиз которуп жаза алышпайт.25 Бирок дайыма Аллахтын көзөмөлүндө кыймылдаган бул молекулалар бүт нерсени кемчиликсиз аткарышат. Булардын баарында ыйман келтирген акыл ээлери үчүн Аллахтын кереметтери көрүнүүдө.
23-"Cells’ Energy Use High for Protein Synthesis" in Chemical & Engineering News, August 20, 1979, p. 6.
24- Albert Lehninger L., Late University Professor of Medical Sciences, Johns Hopkins University; David L. Nelson, Professor of Biocemistry University of Wisconsin, Madison; Michael M. Cox, Professor of Bochemistry, University of Wisconsin, Madison: Principles of Biochemistry, Second Edition, New York: Worth Publishers,[Date?] , p. 905.
25- Mahlon B.Hoagland, Hayatin Kokleri (“Origins of Life”), Tubitak Populer Bilim Kitaplari 12th ed., May 1998, p. 31.