Сырткы факторлор натыйжасында ДНКда пайда болушу мүмкүн болгон каталар ДНКны текшерүүчү механизмдер тарабынан аныкталып, оңдолушат. Бул механизмдер ДНКдагы маалыматтардын негизинде өндүрүлгөн энзимдерден турат. Ар түрдүү оңдоо механизмдери болсо да, негизги принцип – бул жабыр тарткан нуклеотидди, жабыркабаган нуклеотидден алынган маалыматтын негизинде оңдоо. Бул процесс жалпысынан үч баскычтан турат:
DNA has the ability to repair itself and make good its own deficiencies— this is just one manifestation of God's creative artistry and omniscience. |
1. Жабыркаган ДНК тизмегинин туура эмес бөлүгү ДНК нуклеаз аттуу энзим тарабынан аныкталган соң, үзүп алынат. Натыйжада ДНК спиралында бир боштук пайда болот.
2. Башка бир энзим болгон ДНК полимераз бир тараптан жабыркаган нуклеотиддин жабыркабаган бөлүгүнөн алган маалыматтын негизинде боштукка керектүү нуклеотидди жабыштырат.
3. ДНКны оңдоо жумушу али бүтө элек. Оңдоо ишке ашырылган жердеги шекер-фосфат тизмегинин үстүндө бир үзгүлтүк пайда болгон болот. Бул үзгүлтүк ДНК-лигаз энзими тарабынан оңдолот.
Эми бул жерде саналган процесстерди ойлонолу. Буларды жасагандар – ДНКны тааныган, изилдеген профессорлор же илимпоздор эмес, абдан кичинекей, аң-сезимсиз, билимсиз, акылсыз молекулалар. Булардын бир таштан же бир жыгачтан эч кандай айырмалары жок, бирок кереметтүү таланттарга ээ. Бир молекула ДНК тизмегиндеги туура эмес бөлүктү кантип аныктайт? Бул үчүн дээрлик 3 миллиард тамгадан турган ДНК тизмегин, катары менен толук жатка билиши керек жана ошондо гана туура эмес бир тамганы аныктай алат. Мындан тышкары, катаны оңдоо үчүн колдонушу керек болгон ыкманы да билүүдө жана кемчиликсиз ишке ашырууда.
Бул адамды таң калтырган абдан маанилүү бир маалымат. Ар түрдүү кемчиликтен аруу болгон Улуу Аллах кичинекей молекулаларды ушундай кереметтүү таланттар менен бирге жаратуу менен жаратуусундагы улуулукту көрсөтүүдө. Акылдуу жана абийирдүү ар бир адам жандуулар жана бүт аалам жөнүндөгү маалымат, илимин өстүргөн сайын Аллахтын чексиз күчүнө жана улуулугуна болгон баш ийүүчүлүгү артат жана Улуу Аллахты эң сонун ысымдары менен аруулап, эстейт.