27. Днкнын Көчүрүлүшү (Копияланышы)

Белгилүү болгондой, клеткалар бөлүнүп көбөйүшөт. Мындай бөлүнүү процесси натыйжасында ДНК эмне болот? Клеткада бир гана ДНК тизмеги (чынжыры) бар. Бирок жаңы пайда болгон клетка да бир ДНКга муктаж болот. Муну чечүү үчүн ар бир баскычы өзүнчө бир керемет болгон бир катар процесс ишке ашат. Мунун натыйжасында клетканын бөлүнүшүнөн кыска бир убакыт мурдараак ДНКнын бир копиясы жасалат жана бул жаңы клеткага берилет.

ДНК өзүн көбөйтүү үчүн алгач эки бөлүккө бөлүнөт. Бул кубулуш абдан кызыктуу абалда ишке ашат. Түзүлүшү спираль формасындагы бир тепкичке окшогон ДНК молекуласы ортосунан, ДНК геликаз аттуу бир энзим тарабынан, сыдырма сыяктуу экиге бөлүнөт. ДНКнын колдору бири-биринен бөлүнүп жатканда, кайрадан чырмалышып калышына тоскоол болуу үчүн геликс стабилдештирүүчү энзимдери эки колду тең кыймылдатпай кармашат(Figure 101).

Эми ДНК эки жарым бөлүккө бөлүнгөн болот. Эки бөлүктүн тең кем болгон жарымдары (жуптары) чөйрөдөгү даяр заттардын эсебинен толукталат. Кем тараптарды толуктоо иши болсо ДНК полимераз тарабынан аткарылат. Ушундайча эки жаңы ДНК молекуласы өндүрүлгөн болот(Figure 102).

hipotalamus

a. DNA Polymerase

Figure 101: As the DNA's two arms separate from one another, helix-stabilization enzymes (HSE) hold both arms fixed to prevent them rewinding around each other.

Side: The arms of a DNA molecule separating from one another.

Figure 102: After the DNA has been divided into two parts, polymerase enzymes complete the missing halves of both arms, using the materials readily available around them.

Жупташуу учурунда пайда болгон жаңы ДНК молекулалары текшерүүчү энзимдер тарабынан көп жолу текшерилет. Кетирилген бир ката болсо -мындай каталар абдан маанилүү болушу мүмкүн- ылдам аныкталат жана оңдолот. Туура эмес шифр жулуп алынат жана ордуна туурасы алып келинип, уланат. Бул процесстердин баары баш айлантуучу бир ылдамдык менен жасалат; бир мүнөттө 3000 баскычтуу нуклеотид өндүрүлүп жатканда, бир тараптан да бүт бул баскычтар жооптуу энзимдер тарабынан кайра кайра текшерилет жана керектүү оңдоолор жасалат(Figure 103).

Өндүрүлгөн жаңы ДНК молекуласында сырткы факторлор натыйжасында кадимкиге караганда бир топ көп жаңылыштык кетиши мүмкүн. Бул жолу клеткадагы рибосомалар ДНКдан келген буйрукка ылайык ДНК оңдоочу энзимдерди өндүрүп башташат. Натыйжада ДНК корголгон болот жана ошондой эле урпактын уланышы коопсуздукка алынган болот (Figure 104).

hipotalamus

a. nucleotides
b.

Time 60 sn
Rest 0 sn
Unit 3 000

Figure 103: DNA replication processes are carried out at great speed. Every minute, 3,000-step nucleotides are produced and all these steps are controlled by the enzymes responsible.

Мына күн бою, сиз эч байкабасаңыз да, жашооңуздун көйгөйсүз уланышы үчүн денеңизде кереметтүү бир аярдык жана жоопкерчиликтүүлүк ичинде сансыз процесстер жана көзөмөлдөр жасалып, чаралар көрүлүүдө. Бүт баары өз милдетин кемчиликсиз жана ийгиликтүү аткарышат. Мына Улуу Аллах эң чоңунан эң кичинекейине чейин сансыз атомду жана молекуланы жашообузду сонун жана ден-соолукта улантышыбыз үчүн кызматыбызга сунган.

Бул нерсенин эң таң калтырган тараптарынын бири болсо – бул ДНКнын өндүрүшүн камсыз кылган да, түзүлүшүн текшерген да мындай энзимдердин ДНКда жазылган маалыматтарга ылайык жана ДНКнын буйрук жана көзөмөлү менен өндүрүлгөн протеиндер болушу. Бул жерде бири-бири менен абдан тыгыз байланыштагы ушундай бир система бар болгондуктан, мындай бир системанын баскыч баскыч пайда болгон кокустуктар менен бул абалга келиши эч качан мүмкүн эмес. Себеби энзим болушу үчүн ДНК болушу, ДНК болушу үчүн болсо энзим болушу, экөөсүнүн тең болушу үчүн болсо клетканын кабыкчасынан баштап бүт комплекстүү бөлүкчөлөрүнө чейин толугу менен бар болушу керек.

Жандуулардын биринин артынан экинчиси болгон «пайдалуу кокустуктар» натыйжасында «баскыч баскыч» өнүккөндүгүн жактаган эволюция теориясы, дагы көптөгөн суроолорго жооп бере албаган сыяктуу, жогоруда сөз кылынган алгач ДНК пайда болдубу же энзимдерби деген суроого жооп бере албайт. ДНК жана энзим; экөө тең бир учурда бар болушу керек, мунун болсо эволюция теориясы жактаган, ойлоп чыгарылган механизмдер менен ишке ашышы эч мүмкүн эмес.

hipotalamus

a. Ribosomes

Figure 104: Just like robots, ribosomes in the cell begin producing DNA-repair enzymes according to instructions from the DNA.

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • 1. Кандагы Суюктуктун Көлөмүн Текшерген Көзөмөлдөөчүлөр
  • 2. Денедеги Кемчиликсиз Коргонуу Системасы
  • 3. Эненин Сүтү Жана Окситосин Гормону
  • 4. Кальций Өлчөгүчтөр
  • 5. Шекер Фабрикасы
  • 6. Тез Жардам: Адреналин Гормону
  • 7. Денени Тазалаган Лизосома Энзимдери
  • 8. Кандын Басымын Көзөмөлдөгөн Кемчиликсиз Система
  • 9. Чоңойуу Гормону
  • 10. Денебиздеги Жаңылбаган Саат
  • 11. Дененин Температурасын Жөнгө Салган Кереметтүү Молекула
  • 12. Кереметтүү Тактыктагы Тең Салмактуулук
  • 13. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -1
  • 14. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -2
  • 15. Эркектин Көбөйүү Системасындагы Гормондор
  • 16. Тестостерон Гормонунун Башка Өзгөчөлүктөрү
  • 17. Кычкылтек Ташыган Кереметтүү Молекула: Гемоглобин
  • 18. Клеткадагы Байланыш Системасы
  • 19. Кабарчы Гормондун Клетка Ичиндеги Сапары
  • 20. Клеткадагы Байланыштын Көзөмөлдөнүшү
  • 21. Клеткадагы Протеиндердин Жолу
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 24. Эндотелий Клеткасы = NO (Азот-Оксид) Өндүрүү Борбору
  • 25. Денебиздеги Мунайзат (Нефть) Тазалоочу (Иштетүүчү) Борбор
  • 26. Боорго Жайгаштырылган «Бактерия Жок Кылуу Машиналары»
  • 27. Днкнын Көчүрүлүшү (Копияланышы)
  • 28. Оңдоочу Энзимдер
  • 29. Протеин Өндүрүшү
  • 30. Протеин Өндүрүшүнүн Акыркы Баскычы
  • 31. Клетканын Кабыкчасы Жана Уюшулган 100 Триллион Жумушчу
  • 32. Угуу Учурунда Кандай Процесстер Жүрөт?
  • 33. Кандын Уюшу
  • 34. Коргонуу Системасы
  • 35. B12 Витамининин Сапары
  • 36. Адам Денесинин Химиги: Уйку Бези (Панкреас)
  • 37. Клетканын Кабыкчасындагы Жүк Ташыгыч Молекулалар
  • 38. Денени Коргоого Милдеттендирилген Комплеман Протеиндери
  • 39. Кислотага Каршы Формула Чыгарган Молекулалар
  • 40. Жумуртка Клеткаларынын Акылдуулугу
  • Жыйынтык