21. Клеткадагы Протеиндердин Жолу

Ар бир клетка миңдеген түрдөгү, бир миллиарддан ашуун протеин молекуласын камтыйт.16

Болгондо да ар бир адамда бул протеиндер тынымсыз жаңыланып турат; бир айда бир жолу аларды түзгөн амино-кислоталарга бөлүштүрүлүп, клетканын муктаждыктарына жараша кайрадан өндүрүлөт.17 «Протеин синтези» деп аталган бир катар татаал процесстер натыйжасында болсо кайрадан бириктирилишет.

Бул жерде биз токтолуучу кубулуш – бул жаңы өндүрүлгөн протеиндердин клетка ичинде орун которушу менен бирге пайда болгон протеин агымдары. Себеби бул протеиндердин бир бөлүгү ошол замат клетканын ичинде колдонулуп баштала тургандыктан, колдонула турган жерге ташылышы керек. Бир бөлүгү болсо келечекте колдонулуу үчүн клетканын протеин кампасына жөнөтүлөт.

hipotalamus

Figure 86: Entries into and departures from the cell constitute a heavy traffic, which the cell membrane is responsible for supervising. The membrane admits essential and useful substances to the cell, while refusing entry to the others. Proteins are the main elements of that traffic.

Клетканын сыртында колдонула турган протеиндер болсо клетка кабыкчасынын көзөмөлүндө клетканын сыртына чыгарылышат. Бул учурда сырттан кайра эле клетка кабыкчасынын көзөмөлүндө клетканын ичине кирген протеиндер да протеиндердин жыш агымынын бир бөлүгүн түзүшөт. Кыскача айтканда, клетканын микро көлөмдөрүнүн ичинде абдан чоң бир кыймылдуулук бар.(Figure 86).

Мындай кыймылдуулук болсо кереметтүү уюуштурулган бир система менен башкарылат. Белгилүү болгондой, почта код системасы каттардын туура даректерге, эң аз жаңылыштык менен, эң кыска мөөнөттө жетишин камсыздоо жана натыйжада адамдар арасындагы байланыштын сапатын жакшыртуу максатында колдонулат. Эң кызыктуусу жүргүзүлгөн изилдөөлөр клетканын ичинде да ушуга окшош бир механизмдин бар экенин аныктаган.18

Протеиндер жүздөгөн амино-кислотанын белгилүү бир планга ылайык биригиши менен синтезделет. 10-30 арасындагы амино-кислотадан турган тизмек абалындагы атайын бир бөлүм болсо протеиндин почта кодун түзөт. Б.а. конверттин үстүнө жазылган почта коду сандардан турса, протеиндеги почта коду болсо ар түрдүү амино-кислоталардан турат. Бул код протеиндин учтарынын биринен же ичинен орун алат. Мына ушунун урматында синтезделген ар бир жаңы протеин клетканын ичинде каерге жана кандайча бараары тууралуу көрсөтмөлөрдү алат. Эми протеиндин клетканын ичиндеги сапарын тереңирээк карайлы (Figures 87 and 88).

hipotalamus

a. newly synthesized proteins

Figures 87 and 88: After receiving instructions as to where to go in the cell—and how—newly synthesized proteins go where they are programmed. There exists a perfect order in this world, too small to be seen with the naked eye.

Жаңы синтезделген бир протеиндин, мисалы эндоплазмалык ретикулум бөлүмүнө кандайча бараарын караганыбызда төмөнкүлөрдү көрөбүз: эң алгач почта коду SRP деп аталган молекулярдык бир бөлүкчө тарабынан окулат. SRP почтанын кодун окуу жана протеиндин өтүү каналын табышына жардамчы болуу үчүн эң ылайыктуу долбоорго ээ дагы бир протеин. Протеиндеги атайын кодду чечмелейт жана аны менен биригип бир гид сыяктуу жол көрсөтөт. SRP бөлүкчөсү менен протеин андан соң эндоплазмалык ретикулум кабыкчасынын бетиндеги алар үчүн атайын рецептор жана протеин өтүү каналына жабышышат. Рецептордун ушундайча стимулданышы менен бирге кабыкчадагы канал ачылат. Бул баскычта SRP бөлүкчөсү рецептордон бөлүнөт. Бул процесстердин баары кемчиликсиз бир убакыт тактыгы жана төп келүүчүлүк менен ишке ашырылат.

Бул баскычта протеин бир көйгөйгө кабылат. Белгилүү болгондой, протеиндер амино-кислоталар тизмегинин оролуп бүктөлүү менен үч өлчөмдүү абалга келишинен пайда болушат. Мындай абалда протеин молекулалары эндоплазмалык ретикулумдун кабыкчасынан өтө албайт. Себеби эндоплазмалык ретикулумдун кабыкчасынын үстүндөгү өтүү каналынын кеңдиги 0.000000002 метр. Бирок бул жерде алдын ала долбоорлонгон кемчиликсиз бир план бар экендигин көрөбүз, себеби бул көйгөй өндүрүш баскычында эле чечилген. Протеинди өндүргөн рибосома протеинди оролбогон (жыйрылбаган) бир тизмек абалында өндүрөт. Тизмектелген түзүлүш протеиндин каналдан өтө алышын камсыздайт. Каналдан өтүү процесси бүткөн соң эмки өтүүгө чейин канал жабылат. Протеин эндоплазмалык ретикулум бөлүмүнө кирген соң код бөлүмүнүн милдети аяктайт. Ошондуктан, бул бөлүм белгилүү энзимдер тарабынан протеинден бөлүнөт; андан соң протеин жыйрылып үч өлчөмдүү акыркы абалына келет. Бул абал кат ээсине жеткен соң бетинде почта коду жазылуу конверттин милдетинин бүткөнүнө окшошот. Бул энзимдердин протеиндин үстүндөгү жүздөгөн, кээде миңдеген амино-кислотадан кайсынысын үзүп алышын билиши жана ушундай аң-сезим менен аракет кылышы өзүнчө эле бир керемет. Себеби кодду түзгөн амино-кислоталардын ордуна протеинди түзгөн амино-кислоталардын кандайдыр бирөөсү үзүп алынган болсо, протеин ишке жарабай турган абалга келмек. Байкалгандай, ар бир баскычта, көптөгөн бөлүкчө кемчиликсиз бир төп келүүчүлүк менен кыймылдашууда. Мындай төп келүүчүлүктүн себебинин кичинекей молекулалардагы аң-сезим жана жоопкерчилик сезими эмес экендиги болсо ачык бир чындык.
Протеин, SRP бөлүкчөсү, протеин почта коду, рибосома, рецептор, протеин өтүүчү канал, энзимдер, органикалык кабыкча жана бул жерде сөз кылынбаган башка татаал процесстер учурунда кызмат кылган молекулалардын бардыгы арасындагы кызматташтыктын кемчиликсиз экендиги чындык. Бир эле клеткадагы почта коду системасы да – Аллахтын кереметтүү жаратуусунун бир далили. Адамзат акыркы 40 жылдан бери колдонуп келаткан бир система миллиарддаган адамдын денесинин тереңдиктериндеги триллиондогон клетканын ичинде иштеп келүүдө.

Албетте, атомдордон молекулаларга, протеиндерден клеткаларга чейин бүт нерсени чексиз боорукер жана мээримдүү Аллах жараткан жана кызматыбызга берген. Демек, биздин милдетибиз – бул Раббибиздин чексиз берешендиктерин терең ойлонуу менен Ага абдан көп шүгүр кылуу.

 

Footnotes

16- Gunter Blobel, “Intracellular Protein Traffic,” 2000, http://www.hhmi.org/research/investigators/blobel.html

17- Blobel, op. cit., , http://www.hhmi.org/research/investigators/blobel.html

18-The Nobel Foundation, Press Release: “The 1999 Nobel Prize in Physiology or Medicine,” 1999, http:// www.nobel.se/medicine/laureates/1999/press.html

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • 1. Кандагы Суюктуктун Көлөмүн Текшерген Көзөмөлдөөчүлөр
  • 2. Денедеги Кемчиликсиз Коргонуу Системасы
  • 3. Эненин Сүтү Жана Окситосин Гормону
  • 4. Кальций Өлчөгүчтөр
  • 5. Шекер Фабрикасы
  • 6. Тез Жардам: Адреналин Гормону
  • 7. Денени Тазалаган Лизосома Энзимдери
  • 8. Кандын Басымын Көзөмөлдөгөн Кемчиликсиз Система
  • 9. Чоңойуу Гормону
  • 10. Денебиздеги Жаңылбаган Саат
  • 11. Дененин Температурасын Жөнгө Салган Кереметтүү Молекула
  • 12. Кереметтүү Тактыктагы Тең Салмактуулук
  • 13. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -1
  • 14. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -2
  • 15. Эркектин Көбөйүү Системасындагы Гормондор
  • 16. Тестостерон Гормонунун Башка Өзгөчөлүктөрү
  • 17. Кычкылтек Ташыган Кереметтүү Молекула: Гемоглобин
  • 18. Клеткадагы Байланыш Системасы
  • 19. Кабарчы Гормондун Клетка Ичиндеги Сапары
  • 20. Клеткадагы Байланыштын Көзөмөлдөнүшү
  • 21. Клеткадагы Протеиндердин Жолу
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 24. Эндотелий Клеткасы = NO (Азот-Оксид) Өндүрүү Борбору
  • 25. Денебиздеги Мунайзат (Нефть) Тазалоочу (Иштетүүчү) Борбор
  • 26. Боорго Жайгаштырылган «Бактерия Жок Кылуу Машиналары»
  • 27. Днкнын Көчүрүлүшү (Копияланышы)
  • 28. Оңдоочу Энзимдер
  • 29. Протеин Өндүрүшү
  • 30. Протеин Өндүрүшүнүн Акыркы Баскычы
  • 31. Клетканын Кабыкчасы Жана Уюшулган 100 Триллион Жумушчу
  • 32. Угуу Учурунда Кандай Процесстер Жүрөт?
  • 33. Кандын Уюшу
  • 34. Коргонуу Системасы
  • 35. B12 Витамининин Сапары
  • 36. Адам Денесинин Химиги: Уйку Бези (Панкреас)
  • 37. Клетканын Кабыкчасындагы Жүк Ташыгыч Молекулалар
  • 38. Денени Коргоого Милдеттендирилген Комплеман Протеиндери
  • 39. Кислотага Каршы Формула Чыгарган Молекулалар
  • 40. Жумуртка Клеткаларынын Акылдуулугу
  • Жыйынтык