20. Клеткадагы Байланыштын Көзөмөлдөнүшү

Бири-биринен айырмалуу гормондор тиешелүү органдарды түзгөн клеткаларга өзүнө жараша таасир беришет. Мисалы, кандагы шекердин көлөмүн жөнгө салуучу инсулин жана глюкагон гормондору ташыган кабарлар толугу менен бири-бирине карама-каршы түзүлүштө; ошондуктан сөз болуп жаткан эки гормон клетканын ичинде ар башка байланыш каналдарын кыймылдатат. Байланыш станциясы сыяктуу иштеген кабылдагычтар кабарды бере турган кабардашуу модульдарын эч жаңылбастан табышат(Figures 83 and 84).

Бул баскычта жасалган туура эмес бир тандоо байланыш тизмегинин бузулушуна жана балким өлүм менен натыйжаланышы мүмкүн болгон олуттуу ооруларга жол ачат. Бирок клетка кабыкчасындагы кабылдагычтардын абдан күчтүү бир адистей кыймылдашы байланыштын кемчиликсиз уланышын камсыздайт.
Бул абал бизге жооптолушу керек болгон маанилүү суроолорду жаратат: башка башка гормондор тарабынан стимулданган кабылдагычтар биригиши керек болгон кабарчы протеиндерди эч жаңылбастан кантип тандашууда? Кабылдагычтар өлүмчүл бир катага жол ачпастан, өз милдеттерин кантип жаңылбай улантышууда?

hipotalamus

a. Messenger Protein
b. Communication Modules

Figures 83 and 84: Receptors working like a communication switchboard find communication modules to which they will transmit reports.

Акыркы илимий изилдөөлөр жогорудагы суроолордун жообун табышыбызга жардамчы болду; клеткадагы кемчиликсиз байланыш – бул клетканын Улуу Аллахтын кереметтүү жаратуусунун көрүнүшү болгон пландуу жаратышынын бир натыйжасы.

Модульдар арасында эң көп маалыматыбыз бар болгон SH2ни карап көрөлү. SH2нин бир бөлүгү – бул кабылдагычтын куйругуна абдан бекем жабышкан бөлүгү. SH2 бөлүкчөлөрүнүн түпкү мүнөзүн түзгөн болсо бул экинчи бөлүгү, бул бөлүк шифр окуучу бир каражат сыяктуу иштейт(Figure 85).

Рецептордун (кабылдагычтын) куйругундагы амино-кислоталардын саны жана тизилиши болсо клеткага алып келинген кабардын шифр кодун түзөт; мына ушул шифрди бир гана SH2 модулунун бир түрү жандырмагын таап, биригүүнү ишке ашырат. Бул модульдун экинчи бөлүгү болсо башка бир модуль менен биригет. Ушундайча клетканын кабыкчасы менен ядросу арасында өзгөчө бир байланыш сызыгы (линиясы) курулган болот. Кыскача айтканда, мындай татаал процесстердин баары кокустук эмес, белгилүү бир код системасына ылайык жөнгө салынууда. Мындай кереметтүү система – бүт нерсенин өлчөө менен жана бири-бирине ылайыктуу абалда жаратылгандыгынын дагы бир көрсөткүчү.

Эми бул төп келүүчүлүктүн бир мисалын көрүү үчүн адамдын колу кесилгенде, кесилген аймакты оңдоо үчүн ишке киришкен байланыш механизмин анализ кылалы. Мындай учурда PDGF деп аталган кабарчы молекула жаракат алган тамырдагы түз булчуң клетканын кабылдагычы менен биригет. Жабышуу натыйжасында кабылдагычтын клетка ичиндеги колу Grb2 аттуу протеинди өзүнө тартат. Grb2 протеини SH2 жана SH3 бөлүкчөлөрүнүн биригишинен түзүлгөн бир кабарчы жана протеиндер арасында байланыш куруу үчүн бир адаптер милдетин аткарат. Андан соң Grb2 цитоплазмада (клетканын ичиндеги суюктукта) жайгашкан жана энзим камтыган «sos» аттуу бир кабарчы протеинди өзүнө тартат. Sos болсо «ras» деп аталган башка бир протеинди кыймылдатат. Ушундайча бир катар процесстин аягында клетканын ядросундагы тиешелүү гендерге буйрук жеткирилет жана клеткалар жаракаттын айыгышы үчүн бөлүнүп башташат.

Илимпоздор изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына таянып, мындай жоромолду жасашууда: клеткадагы байланыш системасында ортого чыгышы мүмкүн болгон бузулуу, жаңылыштыктарды автоматтык түрдө оңдоочу механизмдер бар.15Мындай улуу жаратылуу өрнөгү болгон бул механизмдер бүгүнкү күндүн алдыңкы технологияларында колдонулган көзөмөл системаларынан бир топ алдыда. Ушундайча гормондор, рецепторлор, адаптерлер, протеиндер жана микроскопиялык бөлүкчөлөр адам жаралгандан бери кемчиликсиз бир төп келүүчүлүк жана кызматташтык ичинде жумуштарын аткарып келишүүдө.

Мынчалык комплекстүү бир системаны кокустан пайда болду деп айтуу эч мүмкүн эмес. Бул системадагы комплекстүүлүк – эл аралык бир фирманын дүйнөнүн төрт бурчундагы филиалдары, өндүрүш жана сатуу борборлору менен курган байланыш тармагынан бир топ эсе алдыда жана кереметтүү. Эң биринчиден, бул бири-бирине жабышкан бөлүктөрдөн турган кереметтүү тармакта милдет аркалагандар – бул аң-сезимдүү, билимдүү, илимдүү, мээлүү адамдар эмес, көз менен көрүнбөгөндөй кичинекей молекулалар. Молекулалардын өз башынча бири-бири менен мындай бир система курушу, албетте, эч мүмкүн эмес.

Бул системаны жоктон жараткан жана системанын бардык бөлүктөрүнө жасай турган жумуштарын илхам кылган – бул ааламдардын Рабби болгон Улуу Аллах.

hipotalamus

a. Message

Figure 85: The SH2 module consists of two main parts, the second region of which works like a decoding device. This is responsible for solving the code and decoding the message carried to the cell.

 

Footnotes

15-J.D. Scott, T. Pawson, “Cell Communication,” Scientific American, June 2000, pp. 54-61.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР