19. Кабарчы Гормондун Клетка Ичиндеги Сапары

Кандайдыр бир орган бир протеиндин өндүрүлүшүн каалаганда, клеткаларга кабар жөнөтөт. Кабарчы молекула клеткага жеткенде клетка кабыкчасындагы антеннага байланат. Мындай байлануу учурунда ташыган кабарын антеннага берет. Антенна болсо алган кабарын клетканын ички тарабындагы куйругуна өткөрөт. Мунун натыйжасында башында жалгыз турган антенналар эки-экиден топтошушат. Дене бөлүгүндөгү энзимдердин куйрук бөлүгүнө фосфат кошушу натыйжасында куйрук бөлүгүнүн абалы өзгөрөт. Бул процесс «фосфатташтыруу» деп аталат. Бул процесстердин баары клетканын ичиндеги байланыш модулу катары таанылган протеиндерге бир чакыруу болуп саналат(Figure 81).

Бул системага көптөгөн молекула жана протеин да техникалык колдоо көрсөтөт. Мисалы, GTP аттуу молекулалардын жана кыскача «G» деп аталган протеиндердин да бул баскычта маанилүү таасири болот. Системанын иштеши үчүн көптөгөн факторлордун эң туура убакта ишке киришиши зарыл(Figure 82).

Бир катар татаал процесстердин натыйжасында SH2 аттуу байланыш модулу кыймылга келип, тирозинкиназ антеннасы менен байланыш курат жана кабардын клетка ичиндеги жеткирилиши ушундайча башталат.

Бул жерде алгачкы баскычы жалпысынан баяндалган бул байланыш системасынын клетканын ичинде өзүнөн-өзү пайда болбогондугу, клетканы түзгөн аң-сезимсиз атомдордун болсо мындай бир системага акылы жетпеши айдан ачык бир чындык. Мындай кемчиликсиз системаны жоктон жараткан – бул Улуу Аллах. Аллах – бүт жандыктарга жасашы керек болгондорду илхам кылуучу жана аларды дайыма көзөмөлдөп туруучу.

hipotalamus

1. Protein
2. Message-sending cell
3. Receptor cell
4. Messenger molecules

5. Signal paths
6. Secreted protein
7. DNA in the nucleus
8. Activated gene

Figure 81: Communications inside the cell begin with molecules such as hormones that bear messages. Receptors in the cell membrane receive the message and forward it to the molecules inside the cell responsible for communications. This leads to the activation of various genes in the DNA and the production of whatever protein the message specified.

Figure 82: Many proteins and molecules provide technical assistance when the message regarding protein production reaches the cell, and then the DNA. The way that molecules—devoid of any awareness, intelligence or consciousness—behave with such marvelous harmony and collaboration is one of the clear manifestations of God's matchless creation and omniscience. God is the Almighty, the Sublime and Powerful.

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР