Дем алуунун негизги максаты – бул дене клеткаларындагы көмүр кычкыл газынын сыртка чыгарылышы жана анын ордуна кычкылтек алынышы. Бул процесстер дене кыртыштарынан абдан алыс жерде, өпкөдө ишке ашат. Демек өпкөдөн денеге кирген кычкылтектин кандайдыр бир жол менен кыртыштарга ташылышы жана кыртыштарда пайда болгон көмүр кычкыл газынын да ошол сыяктуу өпкөгө жеткирилиши керек. Бул ташуу жумушу кандайча ишке ашырылат?
Кычкылтек жана көмүр кычкыл газынын адамдын денесиндеги чарчоону билбеген ташуучулары – бул кан суюктугундагы эритроциттер. Өпкөдө аба менен жолуккан эритроциттер клеткалардан алып келген таштанды болгон көмүр кычкыл газын көбүкчөлөрдүн ичине таштап, көбүкчөлөрдүн ичиндеги кычкылтекти сиңирип алышат. Бул процесс абдан өзгөчө бир кабыкча боюнча ишке ашат. Бул кабыкчанын бир тарабы көбүкчө -альвеол- ичиндеги кычкылтектүү абадан турса, экинчи тарапта болсо ичинен бир гана жалгыз эритроцит өтө ала турган кеңдиктеги капиллярдуу чыбыкчалар бар. Ушундайча кычкылтек молекуласы эч көйгөйсүз эритроциттер менен байланыш курат.
a. oxygen |
Figure 73: Hemoglobin in the red blood cells releases the oxygen the cells need. |
Кычкылтек молекуласы эритроциттердин ичиндеги гемоглобин аттуу бир молекула тарабынан клеткаларга ташылат. Гемоглобин молекуласы абдан өзгөчө бир жаратылышка ээ. Сырткы көрүнүшү кычкылтек же көмүр кычкыл газын ташууга абдан ылайыктуу, бир чыны койгучка окшош. Өпкөдө кычкылтекке байланган гемоглобин кан айлануусу аркылуу дененин тереңдиктерин көздөй сапарга чыгат. Кычкылтекке муктаж кыртыштарга жеткенде бир керемет ишке ашат. Абдан өзгөчө бир долбоор менен жаратылган гемоглобин молекуласы чөйрөдөн химиялык таасирленет жана кычкылтек экөө арасындагы химиялык байланышы үзүлөт. Гемоглобин мунун натыйжасында жүгүн, т.а. кычкылтекти таштайт. Мына ушул кычкылтек молекуласы ал жердеги клеткаларга жашоо берет(Figure 73.)
Гемоглобиндин милдети ал жерде бүтпөйт. Гемоглобин чөйрөдөн алыстатылышы керек болгон көмүр кычкыл газынын өпкөлөргө ташылышында да абдан маанилүү бир рол ойнойт. Бул окуяны кыскача мындай баяндоого болот:
a. hemoglobin |
Figure 74: The hydrogen ion released is held by the hemoglobin molecule, and carbon dioxide is thus brought to the lungs by way of the veins. |
Клетканын дем алышы менен пайда болгон көмүр кычкыл газы клеткалардан кыртыш суюктугуна, кыртыш суюктугунан капиллярларга өтөт. Көмүр кычкыл газынын бир бөлүгү эритроциттерде гемоглобин менен биригип, карбаминогемоглобин абалында ташылат. Бир бөлүгү болсо карбоангидраз энзиминин таасири натыйжасында суу менен биригип, карбон кислотасын пайда кылат. Андан соң карбон кислотасы бикарбонат жана суутек иондоруна бөлүнөт. Ачыкка чыккан суутек иону гемоглобин тарабынан кармалат. Көмүр кычкыл газы мына ушундайча кыртыш капиллярларынан веналар аркылуу жүрөккө алып келинет. Жүрөктөн болсо өпкөгө ташылат. Өпкөлөрдө ишке ашкан бир топ процесстерден соң көмүр кычкыл газы дем алуу аркылуу сыртка чыгарылат(Figure 74).
Гемоглобиндин түзүлүшүндө маанилүү бир өзгөчөлүк бар. Гемоглобин кычкылтекти ташый ала турган өзгөчөлүккө ээ болгон сыяктуу, ошол эле учурда ташыган кычкылтекти керектүү убакта керектүү жерге таштай алуу өзгөчөлүгүнө да ээ. Муну кыла алышынын сыры кычкылтек жана гемоглобин арасында курулган химиялык байланышта сакталуу. Гемоглобиндин мындай өзгөчөлүгүнүн маанисин толук түшүнө алуу үчүн мындай бир анализ жасоо туура болот:
a. Way to Lungs |
Figure 75: Carbon dioxide reaching the heart is pumped from there to the lungs. |
-Эгер гемоглобин жана кычкылтек арасындагы байланыш бираз алсызыраак болгондо, гемоглобин кычкылтекке байлана албайт эле жана кыртыштарга кычкылтек жеткире алмак эмес. Мындай абал жандык үчүн сөзсүз өлүмгө себеп болмок.
-Тескерисинче болгондо жана гемоглобин менен кычкылтек арасында курулган байланыш бираз күчтүүрөөк болгондо, анда гемоглобин- кычкылтек жубу кыртыштарга жеткенде бири-биринен бөлүнө алмак эмес. Мындай абалда клеткалар кайра эле кычкылтексиз калмак жана жандыктар бир канча мүнөт ичинде өлүшмөк.
Бул абал гемоглобинде атайын бир долбоор бар экендигинин апачык бир далили. Адамдын денесинде кычкылтектин ташылышы үчүн кемчиликсиз бир система жаратылган. Бул система ичиндеги ар бир деталь бизге Улуу Аллахтын илиминин жана күчүнүн чексиздигин көрсөткөн далилдердин бирөөсү гана.
Figure 76: The carbon dioxide reaching the heart undergoes several processes before being expelled from the body by way of exhalation. The three-dimensional structure of hemoglobin is shown above. |