14. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -2

Фолликул өндүргөн молекулалар, т.а. эстрогендин аялдын денесиндеги милдеттери Аллахтын жаратуу кереметтеринин дагы бирөөсүн көрсөтүүдө. Эми бул милдеттердин кээ бирлерин кыскача карайлы:

1. «Эстроген» гормонунун максаттарынын бири – бул «жатын». Жатын – бул төлдөнгөн жумуртканын көмүлө турган жана бөлүнүп чоңойо турган уясы. Эстроген гормонунун таасиринде жатында бир даярдык башталат. Жатындын дубалдарынын калыңдыгы 3-5 эсе өсөт жана капиллярлар тарабынан оролот. Эгер төлдөнүү ишке ашса, жумуртка муктаж болгон азык ушул тамырлардан алынат.

Бул чыныгы бир керемет. Себеби али жетилип бүтө элек фолликул ичиндеги жумуртка клеткасынын келечегин ойлонгон сыяктуу, жумуртканын келечекте азыктанышы үчүн керектүү чараларды көрүүдө, жана жумуртка келечекте жашай турган жатындын даярданышын камсыздоодо.

hipotalamus

a. estrogen
b. womb muscle

Figure 66: Under the effect of estrogen, the womb's muscles start to expand and muscle power increases. This precautionary measure protects the womb in the event that fertilization takes place and the egg settles there.

Бул жерде кээ бир суроолор жаралат:

1. Фолликул жумуртка клеткасынын чыгарылган соң жатынга бараарын жана ал жерде жашаарын кайдан билет? Жатындагы капиллярдын жумуртка клеткасына азык берээрин кантип билүүдө? Бул капиллярдын көбөйүшүн камсыздаган формуланы кайдан үйрөнгөн? Булардын баары – албетте, Улуу даражалардын ээси болгон Аллахтын жаратуу чеберчилигинин бир көрүнүштөрү.

hipotalamus

a. estrogen hormone

Figure 66: Thanks to the hormone estrogen, the adult female body assumes its own unique, distinct characteristics.

2. Эстрогендин таасири менен жатын булчуңдары да өрчүп баштайт жана булчуңдун күчү өсөт. Бул дагы кокус төлдөнүү ишке ашып калса, жумуртка жайгаша турган төшөктү коргоо үчүн алынган бир чара.13 Кичинекей бир фолликул өндүргөн химиялык молекула бир адамдын денесин баштан аяк калыптандырууда, ошол эле учурда келечекте жаңы бир адамдын төрөлүшү үчүн керектүү жөнгө салууларды жасатууда. Чынында болсо, эстроген гормону – атомдордун катарга тизилишинен келип чыккан аң-сезимсиз бир зат. Аң-сезимсиз клеткалар тарабынан өндүрүлүүдө жана аң-сезимсиз клеткаларга таасир берүүдө. Бирок бул окуялардын баары улуу бир план ичинде ишке ашууда жана бул пландын аягында адам жыныстарынын бири кемчиликсиз бир абалда ортого чыгууда.

Бул жерде төмөнкү чындык дагы бир жолу көрүнүүдө:Эстроген гормону бүт бул баскычтарды эч качан өз башынча кыла албайт. Ага бүт мындай иштерин илхам кылган – бул ааламдардын Рабби Улуу Аллах. Ал – бүт ааламды теңдешсиз абалда жоктон жаратуучу:

Эй адамдар, силерди жалгыз бир напсиден (Адамдан) жараткан, андан түгөйүн жараткан жана ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана аял жаратып-тараткан Раббиңерден коркуп-сактангыла. Жана Аны(н аты) менен бири-бириңерден нерсе сурай турган Аллахтан жана тууганчылык (мамилелерин үзүү)дөн сактангыла. Албетте, Аллах силерди Көзөмөлдөөчү. (Ниса Сүрөсү, 1)

hipotalamus

a. estrogen hormone
b. epithelial cell
c. womb

Figure 67: When estrogen molecules reach the epithelial cells in the womb, these cells begin secreting acid. This acidic environment is ideally suited for beneficial microbes to multiply in, and also helps prevent infection.

 

Footnotes

13- Oguz Kayaalp, Rasyonel Tedavi Yonunden Tibbi Farmakoloji (“Pharmacology”), p. 2750.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР