12. Кереметтүү Тактыктагы Тең Салмактуулук

Тироксин гормонунун чыгарылган саны, жогоруда айтылгандай таң калтырган системалар аркылуу гарантияга алынган. Бирок бүт бул нерселер менен бирге, кандайдыр бир кризис учуруна карата кандагы тироксиндин санын туруктуу кармаган кереметтүү дагы бир система бар.

Тироид бези тарабынан канга чыгарылган тироксин молекулалары атайын ушул жумуш үчүн пландалып жаратылган бир ташуучу молекулага байланышат жана канда ушул абалда айланышат. Жана бул молекулага байлануу болгон кезде милдеттерин аткара алышпайт. 10 миң тироксин молекуласынан 4 даанасы гана канда эркин абалда болот. Клеткалардын метаболизм ылдамдыктарына таасир берген тироксиндер да мына ушул ар бир 10000 тироксин молекуласынын 4 даанасы.12

hipotalamus

1. Thyrotropin releaser hormone
2. Hypothalamus
3. Pituitary gland
4. Thyroid-releasing hormone
5. Thyroid hormone
6. Reduced TRH secretion
7. Reduced TSH secretion
8. Negative reaction
9. Excess thyroid hormone
10. Increased TRH hormone
11. Increased TRH hormone
12. Weakened reaction
13. Low level of thyroid hormone

When the need arises for the hormone thyroxin, the hypothalamus sends an instruction to the gland. Realizing that the thyroid has to be activated, the pituitary gland immediately sends a command to the thyroid, which produces the hormone thyroxin and distributes it throughout the body.

Эркин тироксин молекулалары клеткалардын ичине кирген сайын, алардын ордуна ташуучуларынан бөлүнгөн жаңы тироксин молекулалары өтүшөт. Ушундайча ташуучуларына байланган тироксин молекулалары бир кампа катары колдонулат жана керектүү тироксин дайыма даяр абалда кармалып турган болот (Figures 61 and 62).

Клеткаларга таасир этиши керек болгон тироксин санынын канчалык назик бир тең салмактуулук менен жөнгө салынгандыгы, эгер клеткаларга таасир берген тироксин саны көбөйсө же азайса мунун натыйжасында кандай зыяндар келип чыгаарын жогоруда айткан элек. Мына ушул назик өлчөмдүн ичинде ошол эле учурда бираз мурдараак айтылган 10000де 4түк катыш да бар. Мындай абалда сөзсүз төмөнкүдөй суроолор туулат:Триллиондогон молекула кантип саналат жана бул молекулалардын болгону 10000де 4түк бөлүгүнүн адамдын ден-соолугу үчүн ылайыктуу экендиги эмнеге карап чечилген? Калган 9996 молекуланын пассивдүү абалда күтүшү керек экендиги кантип эсептелген?

Кан тамырлардын ичинде 4 молекулада азайуу болгондугу жана башка молекулар эркин койо берилиши керек экендиги кантип билинген? Мындай кереметтүү математикалык эсеп жана бул эсепке ылайык курулган жана жер жүзүндө жашап өткөн бардык адамдарда бар болгон бул система миңдеген жылдар бою эч кемчиликсиз кантип иштеп келүүдө?

Албетте, бул мисал – Улуу Аллахтын көзүбүз менен көрө алган жана көрө албаган бүт ааламдардын өкүмдары экендигинин, бүт нерсени ороп-курчаганынын далилдеринин бирөөсү гана:

... (Аллах) алардын абалдарын ороп-курчаган жана бүт нерсени сан жагынан да санап-белгилеп койгон. (Жин Сүрөсү, 28)

hipotalamus

a. Cell
b. Thyroxin

Figure 61 and 62: When free thyroxin molecules enter the cells, they are replaced by new thyroxin molecules separating from the transporters. Thus thyroxin molecules bonded to transporters are used as a reserve, and the requisite thyroxin is always ready to hand.

 

Footnotes

12-Op cit, , p. 521.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • 1. Кандагы Суюктуктун Көлөмүн Текшерген Көзөмөлдөөчүлөр
  • 2. Денедеги Кемчиликсиз Коргонуу Системасы
  • 3. Эненин Сүтү Жана Окситосин Гормону
  • 4. Кальций Өлчөгүчтөр
  • 5. Шекер Фабрикасы
  • 6. Тез Жардам: Адреналин Гормону
  • 7. Денени Тазалаган Лизосома Энзимдери
  • 8. Кандын Басымын Көзөмөлдөгөн Кемчиликсиз Система
  • 9. Чоңойуу Гормону
  • 10. Денебиздеги Жаңылбаган Саат
  • 11. Дененин Температурасын Жөнгө Салган Кереметтүү Молекула
  • 12. Кереметтүү Тактыктагы Тең Салмактуулук
  • 13. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -1
  • 14. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -2
  • 15. Эркектин Көбөйүү Системасындагы Гормондор
  • 16. Тестостерон Гормонунун Башка Өзгөчөлүктөрү
  • 17. Кычкылтек Ташыган Кереметтүү Молекула: Гемоглобин
  • 18. Клеткадагы Байланыш Системасы
  • 19. Кабарчы Гормондун Клетка Ичиндеги Сапары
  • 20. Клеткадагы Байланыштын Көзөмөлдөнүшү
  • 21. Клеткадагы Протеиндердин Жолу
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 24. Эндотелий Клеткасы = NO (Азот-Оксид) Өндүрүү Борбору
  • 25. Денебиздеги Мунайзат (Нефть) Тазалоочу (Иштетүүчү) Борбор
  • 26. Боорго Жайгаштырылган «Бактерия Жок Кылуу Машиналары»
  • 27. Днкнын Көчүрүлүшү (Копияланышы)
  • 28. Оңдоочу Энзимдер
  • 29. Протеин Өндүрүшү
  • 30. Протеин Өндүрүшүнүн Акыркы Баскычы
  • 31. Клетканын Кабыкчасы Жана Уюшулган 100 Триллион Жумушчу
  • 32. Угуу Учурунда Кандай Процесстер Жүрөт?
  • 33. Кандын Уюшу
  • 34. Коргонуу Системасы
  • 35. B12 Витамининин Сапары
  • 36. Адам Денесинин Химиги: Уйку Бези (Панкреас)
  • 37. Клетканын Кабыкчасындагы Жүк Ташыгыч Молекулалар
  • 38. Денени Коргоого Милдеттендирилген Комплеман Протеиндери
  • 39. Кислотага Каршы Формула Чыгарган Молекулалар
  • 40. Жумуртка Клеткаларынын Акылдуулугу
  • Жыйынтык