11. Дененин Температурасын Жөнгө Салган Кереметтүү Молекула

Ар бир адамдын нормалдуу дене температурасы 36,5-370С. Денеңиздин температурасынын булагы эмне экенин жана бул температураны дайыма бирдей сактаган эмне экендиги жөнүндө ойлондуңуз беле? Үйлөрдү жылытуу үчүн көбүнчө жылыткыч системасы колдонулат. Бул системанын температура даражасын жөнгө салган термостаты да бар. Үй ээси термостатты каалаган даражасына коюу менен үйдүн жылуулугун камсыздайт. Адамдын денесиндеги жылыткыч система кандай жана термостат кантип жөнгө салынат?

hipotalamus

a. thyroxin

Figure 56: The hormone thyroxin regulates the body's temperature, just like a thermostat.

Дененин температура булагы – бул адамдын денесиндеги 100 триллион клетка. Клеткалардын иш-аракеттери убагында белгилүү бир ысыктык чыгат жана бул ысыктык дененин жылынышына себеп болот. Мына ушул микро жылыткычтардын ар биринин канчалык ысыктык бериши керек экенин жөнгө салуучу, б.а. денебиздеги термостатты Аллахтын илхамы менен жөнгө салуучу болсо – бул кичинекей бир молекула болгон тироксин гормону?

Клетка иштеп жатканда белгилүү бир ысыктык чыгарышы, 100 триллион клетка чыгарган температуранын суммасынын адамдын жашоосу үчүн эң ылайыктуу даражада болушу эле өзүнчө бир керемет. Тироксин молекулаларынын клетканын канчалык ысык чыгарышы керек экенин жана бул температураны кандайча көтөрүүгө болоорун билиши – бир жаратылуу керемети(Figure 56).

Тироксин гормонунун чыгарылышы да өзүнчө бир жаратылуу керемети. Тироксин гормонуна муктаждык болгондо, гормоналдык системанын мээси гипоталамус гормоналдык системанын оркестра шефи болгон гипофиз безине бир буйрук (TSH- Тироид чыгаруу гормону) жөнөтөт. Буйрукту алган гипофиз бези тироид безинин кыймылдашы керек экенин түшүнөт. Ал да ошол замат тироид безине бир буйрук (Тиротропин- Тироид безин кыймылдатуучу гормон) жөнөтөт. Буйрук-команда тизмегинин акыркы чекити болгон тироид бези болсо ага келген бул буйрукка ылайык ылдам тироксин гормонун өндүрөт жана кан аркылуу муну денеге таркатат(Figure 57).

Тироксин гормонунун кызматы эле эмес, чыгарылган өлчөмү да абдан маанилүү. Андай болсо, бул молекуланын чыгарылган өлчөмү кантип аныкталат? Кандайча болуп, бул гормон -ооруган абалдан башка учурларда- муктаждыктан ашыкча же кем чыгарылбайт?

Тироксин гормонунун чыгарылган өлчөмү да Аллах чексиз илими менен жараткан атайын бир система урматында аныкталат. Бул система эки түрдүү өлчөө жана кайра-жооп алуу (feedback) механизмдеринен турат. Бул механизмдердин ар бири теңдешсиз инженерия мисалдары.

hipotalamus

a. thyroxin
b. pituitary gland
c. thyroid gland

Figure 57: The thyroxin molecules know how much heat the cell must give off and how that heat is to be increased—yet another miracle of God's creation.

Figure 58: When the pituitary gland sends a command to the thyroid, the thyroid immediately begins producing thyroxin and distributes this hormone to the entire body via the bloodstream.

Кандагы тироксин көлөмү нормалдуу деңгээлден жогору болгондо, тироксин гормону гипофиз безине абдан кызыктуу бир таасир берет: гипофиз безинин TSH, т.а. тироид чыгаруу гормонуна карата көрсөткөн ийкемдүүлүгүн азайтат.
Эгер бираз тереңирээк ойлонсок, абдан кереметтүү бир түзүлүш бар экенин көрөбүз. Себеби TSH гормонунун милдети – бул гипофиз безин кыймылдатуу жана тироид безине бир буйруктун жөнөтүлүшүн камсыздоо. Бул буйрук тироксин гормонунун өндүрүлүшү үчүн куралган буйрук-команда тизмегинин экинчи баскычын түзөт.

Система ушунчалык детальдуу пландалган; көбөйгөн тироксин аны өндүргөн булактын андан да көп өндүрүш жасабашы үчүн абдан акылдуу бир чара көрүүдө жана анын өндүрүшү үчүн куралган буйрук-команда тизмегин үзгүлтүккө учуратууда. Натыйжада кандагы тироксин нормадан өйдө болуп кеткенде, тироксин өндүрүшү автоматтык түрдө жайлап калууда.
Тироксин гормонунун өндүрүш көлөмүн аныктаган экинчи бир система да бар. Көбөйгөн тироксин гипоталамус клеткаларына таасир берет. Бул клеткалар болсо TSH өндүрүшүн азайтышат. Натыйжада тироксин өндүрүшү жайлайт.

hipotalamus

a. Thyroxin hormone
b. barrier
c. Pituitary gland

Figure 59: When the level of thyroxin in the blood rises above normal, this hormone erects a literal barrier in front of the pituitary gland.

Кандагы тироксин көлөмү азайганда бул система тескерисинче иштейт. Тироксин гормонунун санынын азайганын байкаган гипоталамус көбүрөөк TSH гормонун өндүрөт. Бул болсо тироксин гормонунун өндүрүшүн көбөйтөт. Бул жерде мындай суроолорду сурашыбыз керек; тироксин гормону өндүрүштүн токтошу үчүн буйрук-команда тизмегинин токтотулушу керек экенин кайдан билүүдө? Гипоталамустагы клеткалар тироксин көбөйгөндө, гормон чыгарууну токтотуу керек экенин, тироксин азайганда гормон чыгарууну көбөйтүү керек экенин кайдан билишет? Мындай кемчиликсиз система кантип пайда болгон?

Мынчалык так пландаштырылган бир системаны кокусунан пайда болду деп ойлоо бир компьютерди же телевизорду кокусунан, өзүнөн-өзү пайда болду деп ойлоодон бир топ эсе акылсыз бир догма болот. Себеби бул система иштей алышы үчүн азыр бул жерде детальдары баяндалбаган, бирок молекулярдык деңгээлде ишке ашкан атайын пландалган жүздөгөн майда-бараттары бар. Бул системанын жаратуучусунун улуу бир акыл жана күч-кудурет ээси болгон Улуу Аллах экендиги абдан даана бир чындык. Аллахтын илими бүт жерди ороп-курчаган:

...Раббим илим жагынан бардык нерселерди курчап турат. Дагы эле сабак алып-ойлонбойсуңарбы? (Энъам Сүрөсү, 80)

hipotalamus

Figure 60: When the level of thyroxin in the blood rises above normal, the production process is automatically halted.

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР