Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (9/10)

Пландуу Долбоордун Кемчиликсиз Мисалдарынын Бири: Кандын Уюшу

Darwin

Had Darwin known of the clotting mechanism that took place when he cut himself, no doubt he would have been faced with another terrible dilemma for his theory. Present-day Darwinists are well aware of this. Yet the way that they still support the theory shows that Darwinism is not a theory as much as an ideology developed in opposition to belief in God and the fact of creation.

«Чарльз Дарвин Галапагос аралдарынын боорлорунда жүргөндө –анын атынан атала турган чымчыктарды (зяблик) анализдеп жүргөндө- сөзсүз колун тыттырып же тизесинен жараат алган болушу керек. Жаш авантюрист Дарвин буга көп маани берген эмес болуш керек. Бир аралда изилдөө жүргүзгөн илимпоздор үчүн жарааттар жашоонун кадимки бир бөлүгү болот жана жумушту бүтүрүү керек болуп жатса ага маани да бербеш керек болот.

Аягында аккан кан токтойт жана жараат айыгат. Дарвин муну байкаган болгондо, негизи эмнелер болуп өткөнү жөнүндө көп нерсе айта алмак эмес. Кандын уюу системасын билбегендиктен, анын негизиндеги механизмдердин кандай болушу мүмкүн экенин болжой да алмак эмес; молекулярдык деңгээлде жашоонун механизмдерин түшүндүрүү үчүн жүз жыл өтүшү керек эле.»61

Бир эволюционист үчүн табиятта түшүндүрүлө албаган көп нерселер бар. Эгер бир механизм өзүнөн-өзү пайда боло албай турганчалык комплекстүү болсо жана ошол эле учурда иштей алышы үчүн бүт бөлүктөрүнүн баары чогуу бойдон бар болушу керек болсо, бул жагдай эволюционист үчүн жактаган теориясын четке какканга жетээрлик чоң бир далил болот. Дарвин да кошо өмүр бою эволюционисттер «кемитүүгө мүмкүн болбогон комплекстүү» көптөгөн механизмдерди көрүшкөн. Булардын балким эң негизгилеринин бири – бул денебизде өтө табигый жол менен ишке ашкан кандын уюу кубулушу.

Укмуш комплекстүүлүгүнөн улам «көздү ойлонуу мени теориямдан алыстатты» деген Дарвин жашаган доордо кандын уюшу сыяктуу ал билбеген дагы көптөгөн комплекстүү системалар бар эле. Профессор Майкл Бихи да айткандай, эгер Дарвин колун тыттырып алганда ал жарааттын бетинде кандын кандай этаптар менен уюганын билгенде, албетте бул анын теориясы үчүн дагы бир чоң туюк болмок. Бүгүнкү күндө бул маанилүү чындыкты көргөн, лабораторияларда бул укмуштуу механизмдин этаптарына күбө болгон эволюционисттер да бар. Бир этабы да эволюция менен түшүндүрүлө албаган бул кереметтүү кубулушка карабастан, дагы эле эволюцияны жактагандардын бар болушу дарвинизмдин динге каршы иштеп чыгылган бир идеология, бир Жараткандын бар экенин жокко чыгаруу үчүн чыгарылган бир догма экенин дагы бир жолу далилдөөдө.

Бир Жарааттан Соң Денеде Болуп Өткөн Окуялар

Epidermis

1. Tissue damage
2. Epidermis
3. Skin

4. Germs
5. Phagocytes going into action
6. Capillary

When you cut yourself, some 40 different substances responsible for coagulation go into action. Within seconds, all the nerves and repair systems in your body have been stimulated. We are once again seeing a perfect control mechanism created in our bodies by God.

Бир идишке белгилүү көлөмдө суюктук куюп, ал идиштин астын тешип коюңуз. Суюктук, кандай болбосун, сөзсүз идиштин астындагы ал тешиктен төгүлүп баштайт жана идиште эчтеке калбаганга чейин төгүлө берет. Ал суюктукту токтотуу үчүн тешикти кандайдыр бир жол менен тосушуңуз керек болот. Болбосо токтото албайсыз. Дүйнө жүзүндө бир тор өрүп, пайда болгон тешикти өз башынча тосо алган жалгыз суюктук – бул кан. Мунун дагы бир кереметтүү тарабы болсо – кандын аны өтө тездик менен жасашы.

Бир жериңизде жараат алганыңызда жараат алган жерде жүргөн процесстерди сезбейсиз дагы. Ал жерден аккан кандын белгилүү убакыттан соң токтошунан жана бир канча жумада жарааттын толугу менен айыгаарынан эч күмөн санабайсыз. Кан токтоп, жараат айыгышы үчүн сизден көп деле нерсе талап кылынбайт. Ансыз да кан эгер муну өз башынча жасабаса, кан кетүүнү токтотуп жараатты тосо турган бир жолуңуз да жок. Эмне кылсаңыз да, кандын чыгышын токтото албайсыз. Канды токтотуу үчүн канды уюта турган факторлорго муктаждык бар. Ал кайсы факторлор?

Кан менен кыртыштарда кандын уюшун камсыз кылган 40тан ашуун зат бар. Алардын кээ бирлери кандын уюшун баштатат, кээ бирлери ылдамдатат, кээ бирлери болсо кандын уюшун токтотот. Денеде кандын уюшу аны ылдамдатуучу факторлор менен кандын уюшуна тоскоол болуучу факторлор арасындагы тең салмактуулуктан көз-каранды. Кадимки шарттарда кандын уюшуна тоскоол болуучу факторлор аны ылдамдатуучулардан күчтүүрөөк болушу зарыл. Натыйжада денеде контрольсуз бир кан уюбайт. Ылдамдатуучу фактор тоскоол болуучу фактордон күчтүүрөөк болгон жалгыз учур – бул бир тамыр жабыркаган учур.62

Тамыр жабыркаганда денеде өтө көп иш-чаралар башталат. Бир канча секундадан соң денедеги бүт нервдер менен оңдоочу системаларга кабар жеткен болот. Канды уютуучу механизмдер, жогоруда тромбоциттер бөлүмүндө каралгандай, жоготулган кан көлөмүн азайтат. Жараат турган жерде чыгарылган химиялык заттар кандайдыр бир инфекцияга каршы лейкоциттерди ишке киргизет. Эгер пайда болгон жараат өтө чоң болсо, коңгуроо жеткен мээ менен ички секрециялык бездер канга химиялык зат менен гормон армиясын чыгарып тең салмактуулугу бузулган дененин иш-аракеттерин жөнгө салганга аракет кылышат. Бул – Аллах денеде жараткан кереметтүү бир контроль механизми.

Оор жаракат алганда чоң чаралар көрүлүп, жараатта кандын уюу процесси тездик менен башталышы керек. Муну камсыз кылуу үчүн кереметтүү ылдамдыктагы бир байланыш системасы шарт. Нервдер мээге жарааттын масштабы жөнүндө маалымат жөнөткөндөн болгону 50 миллисекунда өткөн болот. Бул чындыгында өтө кереметтүү бир ылдамдык. Адам, балким, али денесинде жараат алганын сезе да элек болот.

Эгер кан кетүү токтотулбаса, денедеги кан басымынын төмөндөшү жана суюктук көлөмүнүн азайышы мээ баш болуп бүт дене органдарына зыян тийгизет. Кан жоготуу себебинен мээнин функциялары токтогондо, алгач эстен тануу, болжол менен 30 секунда ичинде өзүн жоготуу келип чыгат. Андан соң кадимки бир кан басымы менен иштей алчу бөйрөктөр кан басымынын төмөндөшү натыйжасында өз функцияларын аткара албай башташат. Мына ушул себептен канаганды тездик менен токтотуу өтө маанилүү.

Алгачкы чаралар болсо абдан маанилүү. Тамыр кесилгенден кийинки эки секунда ичинде тамырдын дубалы (тону) күтүлбөгөн бир карышма (спазма) менен, б.а. бир рефлекс кыймылы менен жыйрылат. Дубалы (тону) калың болгон артерия болсо башка бир чара көрөт жана автоматтык түрдө жабылып денеге кандын агышын минималдаштырып баштайт. Тамырда каноо канчалык көп болсо, спазма да ошончолук көп болот. Бул рефлекс кыймылы 20-30 мүнөткө чейин созулушу мүмкүн. Бул чарадан соң тромбоциттер ишке киришет. Көп кан кетип жаткан болсо 10-15 секунда ичинде, көп эмес болсо 1 же 2 мүнөт ичинде тромб пайда болот жана кан кетүү бир топ токтотулат.63

Эми жараат толук жабылып, дене функциялары мурдакыдай ишин улантышы керек болот. Ушул себептен эми ишке кан уюу механизми киришет.

Кереметтүү Өзгөчөлүктөгү Бир Балык Тору

rain

Stopping any bleeding in the body is of the greatest importance. If bleeding is not halted, then vital organs such as the brain and kidneys will suffer damage due to reduced blood pressure and fluid loss. But when you damage a vein, the factors that comprise this extraordinary clotting network go right to work.

Канда тромбго таасир эткен 40 факторду бир китепте терең карап чыгуу мүмкүн эмес. Ушул себептен, кандын уюу системасын жалпысынан гана тааныштыруу туура болот. Жогоруда плазма темасын карап жатканда, плазманын ичиндеги белоктордун бирөөсүнүн фибриноген экенин айткан элек. Фибриноген кандын уюу механизминин эң негизги мүчөлөрүнөн жана тромб материалынын кандагы туруктуу абалы. Туздун сууда ээриши сыяктуу, ал да плазма ичинде ээриген абалда болот. Денеде кандайдыр бир жараат пайда болгонго чейин тынч гана айланып жүрө берет.

Денеде бир жараат пайда болгондо, тромбин аттуу башка бир белок фибриноген чынжырындагы үч шакектин экөөсүн үзөт. Эми ал белок фибриноген эмес, «фибрин» жана мындан соң активдүү болуп калат. Фибриндин кесилген беттери жабышчаак бөлүктөргө ээ. Ал жабышчаак бөлүктөр болсо башка фибриндердин келип ага жабышышына себеп болот. Фибриндердин бир-бирине жабышышынан келип чыккан бул масса кандын кетишин токтотуу үчүн пайда кылынган алгачкы тромб болот. Биринчи этапта детальдуу иш-чара жасалбастан ушул алгачкы тромбду пайда кылуу үчүн аракет кылынат. Бул жердеги максат – канды токтотуу, жана ошондой эле эң аз белок колдонуп биринчи жардам көрсөтүү, б.а. белокту сарамжалдуу колдонуу.

Денеде жараат пайда болоор замат ишке киришкен тромбин алдынан чыккан бүт фибриногендердин чынжыр шакектерин кесип баштайт. Бирок тромбин муну тынымсыз же жараат турган жерден башка бир жерде кылбашы зарыл, себеби эгер мындай ээнбаш иш-аракет жүргүзсө, кескен бүт фибриндер бир-бирине жабышат жана кан айлануу ичинде контрольсуз тромбдор пайда болот. Ал тромбдор болсо тамырлардын тыгындалышына (окклюзияга) себеп болот. Демек тромбин кандайдыр бир жол менен «кысымчылык астында кармалышы» жана керектүү учурда керектүү багытта иш-аракет жасашы үчүн бир ультиматум алышы зарыл.

Бул этапта бул механизмдин бир «кемитүүгө мүмкүн болбогон комплекстүүлүк» экенин далилдеген дагы бир байланышты көрөбүз: тромбинди ишке киргизген башка бир белок Стюарт фактору. Стюарт фактору кандагы протромбинди кесип аны активдүү бир тромбинге айландырат. Бирок бул жерде бир маселе жаралат. Эгер Стюарт фактору максатсыз эле көргөн бүт протромбиндерди тромбинге айландыра берсе, кайра эле контрольсуз иш-аракеттер келип чыгат жана кан айлануу ичинде тромб пайда болуу ыктымалдыгы жогорулайт. Демек Стюарт фактору да канда дайыма активдүү абалда болбошу жана иш-аракет жасоо үчүн ультиматум күтүшү зарыл.

thrombocytes

When damage occurs in a vein (A) the particles known as thrombocytes (B) release chemicals that initiate a string of reactions in order to prevent blood loss. One of these reactions is the production of fibrin, which forms a network that blocks the way for blood cells and plasma (C). Thus an emergency measure is taken to prevent blood loss.

Стюарт фактору ишке киришиши үчүн ультиматум акцелерин аттуу башка бир белоктон келет. Бирок акцелерин да канда өз башынча айланып жүргөн бир белок. Канда өз башынча айланып жүргөн бул белок да активдешиши зарыл. Жана, албетте, бул үчүн да бир белокко муктаждык бар. Бирок эң таң калыштуусу, акцелеринди ишке киргизүүчү белок – бул «тромбин». Бирок, эсиңизде болсо тромбин бул катарда акцелеринден кийин турат. Бул кандайча болушу мүмкүн?

Денеде бул үчүн чара көрүлгөн. Кадимки шарттарда канда дайыма белгилүү көлөмдө тромбин болот. Ошондуктан кандагы бул иш-чараларды канда даяр турган ошол тромбин молекулалары баштатышат. Бирок, анткен менен, кандын уюу процессинде катары менен келип чыккан бул активдешүүлөрдүн кантип камсыздалаары жана башында тромбиндин кантип ишке киришээри алигече толук чечиле элек.64

Бул жерге чейин айтылган этаптарда негизги жагдай – бул денедеги мындай теңдешсиз системанын укмуш комплекстүүлүгү. Болгондо да, али бул жерде терең карала элек дагы көптөгөн белок менен ферменттер бар. Бир эле тромбинди өндүргөн 16 түрдүү фермент бар экенин эске алганыбызда, бүт бул этаптарда кызмат кылган бир эле ферментти алып салуунун механизмди толугу менен токтотуп койоору анык.65 Мисалы, эгер Стюарт фактору протромбинди кесип аны тромбинге айландырбаса, тромбин фибриногендин жанынан жөн гана өтүп кетип, натыйжада жаракат алган киши кан жоготуудан өлөт болушу керек. Активдешкендер, активдештиргендер жана кандын уюшун камсыздоочулардын баары бир учурда, чогуу бар болушу керек. Бир бөлүгүн да алып салуу мүмкүн эмес болгон «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүк» деген мына ушул.

Дарвинисттер кабылган кыйынчылык бул түшүндүрмөлөрдөн соң жакшыраак көрүнөт. Эволюция теориясы боюнча, ишке киришкен сансыз белоктун бир даанасы сөзсүз биринчи пайда болгон болушу жана арадан көп убакыт өткөн соң калгандары катары менен пайда болушу керек. Бирок, албетте, мындай күтүү процессине эч бир жандык чыдай албайт. Система толугу менен бар болмоюнча, «ортоңку баскычтар» пайда бербейт, натыйжада негизи бир «ортоңку баскыч» пайда болбойт. Бул кереметтүү система, эч күмөнсүз, бүт системалары, ферменттери, механизмдери менен бирге, бир учурда пайда болуп, иштеп баштаган. Бул системаны бүт керемет өзгөчөлүктөрү жана комплекстүүлүгү менен Улуу Аллах жараткан. Ал жерлерди жана асмандарды жаратып, жараткан нерселеринин баарында Өз илимин көрсөткөн. Дарвинисттер кабыл алгысы келбеген чындык мына ушул.

What Happens When You Bleed?
bleed

1. A blood vessel is injured.
2. Wall of vessel contracts.
3. Thrombocytes adhere to collagen fibers of the vessel wall.
4. Damaged cells and thrombocytes release substances that trigger clotting factors.
5. Blood flow decreases in the damaged vessel.
6. Thrombocyte plug
7. A series of reactions involving the clotting factors in the blood
8. 1st Step
9. Prothrombin activator
10. Prothrombin
11. Prothrombin activator, Ca2+
12. 2nd Step
13. Thrombin
14. Fibrinogen
15. Thrombin, Ca2+
16. Fibrin threads
17. Clot: Blood cells are trapped among the fibrin threads and help reinforce the clot.
18. 3rd Step
A. An electron micrograph of part of a blood clot. The red blood cells are trapped in the fibrin net.

Clot formation in the injured vessel is a miraculous phenomenon. A great many factors and enzymes are involved in the clotting process, working in a chain. For example, there are 16 different elements producing thrombin alone. For just one of them to be left out of the equation will halt the clotting process. According to the theory of evolution, one of the countless proteins involved must have emerged first, with the others then appearing in sequence over very long periods of time. However, no living thing could afford even a brief waiting period. Such a system can only function when everything exists, fully formed. This shows us that these perfect systems are examples of God's creation.

Кемчиликсиз Уюштурууда Акылдуу Чаралар

blood-coagulating

It is very important that blood should clot only over the site of the wound. The protein known as antithrombin stops the blood-coagulating proteins one by one, ensuring that the blood clots in the right place and in the right amount. A single hitch in this system will cause blood to coagulate in the vessels, which in turn will lead to death.

Денени коргоо үчүн талап кылынган бир процесстеги чаралар да таң калаарлык. Кандын уюшу денени коргоочу өзгөчөлүктөрдүн бирөөсү гана. Ишке киришкен жана чара көргөн миңдеген клетканын иш-аракеттери болсо чындыгында өтө татаал.

Денеңиздин кандайдыр бир жеринде пайда болгон уюган кандын (жаранын) белгилүү убакыттан соң тырышканын байкайсыз. Мунун себеби – уюган кандын бир-эки мүнөт өткөн соң кысылып башташы жана 30-60 мүнөт ичинде ичиндеги суюктуктун чыгып кетиши. Мындай тырышуу туш келди келип чыкпайт, денеңиздеги акылдуу тромб клеткалары алган кемчиликсиз бир иш-чаранын мисалы. Жаранын тырышышы учурунда кайрадан тромбоциттер ишке киришет. Тромбоциттер жара тырышышы үчүн жогоруда айтылган кичирейтүүчү белокторду чыгарышат. Кичирейген жара кан тамырларынын айрылган бурчтарын бир жерге тартат жана алардын бир-бирине эртерээк уланышын камсыз кылат. Башкача айтканда, батыраак айыгууга көмөкчү болот. Тромбоциттер кайра ишке киришкенде, тромб жипчелери бекемделиши үчүн ал жипчелердин улануучу жерлерине жабышышат. Ошондой эле, чыгарган бир заты менен пайда болгон кайчылаш байланыштар арасындагы фибринди да жакшылап бекемдейт.66

Кан ар кандай себептерден улам жара турган жердин үстүндө гана уюйт. Миллиметрдин миңден тогузундай жоондуктагы капиллярларды эске алганыбызда, мунун кемчиликсиз бир уюштуруунун жана өтө так бир математикалык эсептин натыйжасы экенин апачык түшүнөбүз. Себеби, кандын каерде кандай көлөмдө уюшу керек экенин билиши жана жетиштүү деңгээлге жеткенде чечим алып уюганды токтотушу шарт. Бул этапта ишке киришкен бир белок бар: антитромбин. Антитромбин кан уюшу үчүн активдешкен бүт белокторду бир-бирден токтотот. Албетте, антитромбиндин ишке киришишинде да сансыз ферменттер кызмат кылышат. Бул процесстерди үстүртөн карайлы.

Жара алгач айыгып баштаганда канчалык назик болоорун баарыбыз билебиз. Кичине эле бир нерсеге тийип кетсе жара кайра ачылып, кан чыгып баштайт. Денеде бул үчүн да бир чара көрүлгөн. Фибрин бекемдөөчү фактор деп аталган бир белок тромбду түзгөн фибриндерди бир-бирине жакшылап кысып байланыштырат. Эгер мындай бекемдөөчү фактор болбогондо, жара биздин күнүмдүк кадимки кыймылдарыбыз учурунда да ачылып кетмек жана жара эч айыкмак эмес. Кандын уюшу учурунда жараны жок кылуу чарасы да көрүлөт. Жара айыккан соң тромбду бузуу керек болот. Плазмин деп аталган бир белок бул кызматты аркалаган. Плазмин фибриндердин жанына барып, аларды бир-бирден кесип тромбду бузат. Негизи плазмин бул ишти фибриндер биринчи пайда болгондо эле жасап баштайт. Башкача айтканда, фибриндер чогулуп тромб пайда кылууга аракеттенип жатканда, плазмин болсо бир тараптан пайда болгон ал фибриндерди кесүү менен алек болот. Бул эки процесстин убакыттары ушунчалык кылдат белгиленгендиктен, плазмин фибриндерди кесип жок кылууга аракеттенип жаткан кезде жара айыгат. Жаранын пайда болушунда фибриндин пайда болушу канчалык бат болсо, анын плазмин тарабынан жок кылынышы ошончолук жай болот жана процесстер дал керек учурда бүтөт.67

sea

Good is my Lord and your Lord so worship Him. This is a straight path. Surah-Maryam: 36

Бул механизмдин жогоруда жалпысынан айтып берилген бөлүгүн билген бир адам да мындай системада туш келди болгон кандайдыр бир окуянын кандай зыянга себеп болоорун оңой эле болжой алат. Демек эволюционисттерден суроо керек, кайсы кокустук кандын уюшу үчүн өтө маанилүү болгон бир белокту өндүрүп аны кандын ичине жайгаштырган болду экен? Кайсы кокустук аны кыймылга келтириш үчүн башка бир белок өндүрүү керек деп ойлонуп, анан ошого карап бир-биринен көз-каранды бир чынжыр түзгөн болду экен? Кайсы кокустук белокко дал дене жаракат алган кезде ишке киришиши керек экенин үйрөтүп, кайсы кокустук жаракат айыкканда ишин токтоткон болду экен? Ал кокустуктар миллиондогон адамда кантип бирдей катар менен кемчиликсиз келип чыгат жана эч качан кандын уюу системасындагы бул өзгөчө тартипти бузушпайт? Эмне үчүн тромбин акцелеринден мурда ишке киришпейт, эмне үчүн фибриноген туруп туруп өзүнөн-өзү эле тромб пайда кылып баштабайт? Бул бир-биринен көз-каранды иштеген, кереметтүү системанын бир эле этабы кокустан пайда болушу мүмкүнбү?

Албетте, мынчалык терең детальдуу жана өтө так убакытта иштеген, тең салмакка салынган системанын бир этабындагы бир ферменттин да пайда болушу кокустан болгон эмес. Бүт системаны, системадагы бүт детальдарды жараткан – бүт нерселердин ээси, бүт иштерди башкарып турган Ракыб Аллах. Аллах денебиздеги бүт системаларды өтө комплекстүү жана кемчиликсиз жараткан. Бул сыяктуу далилдер эволюционисттердин жандыктарды кокустуктар пайда кылган деген көз-карашынын жараксыз экенин апачык көрсөтүү жана аларды Аллахтын жаратканын далилдөөгө жетиштүү болот. Бул негизи дарвинисттер да апачык көргөн жана кээ кээде мойнуна алган улуу бир акыйкат. Бирок алар ошого карабастан каапырдыкта өжөрлөнүшөт. Аллах Куранда төмөнкүчө билдирет:

Эми алардан сурачы: аларды жаратуу кыйыныраакпы, же Биздин жараткан нерселерибиздиби? Чындыгында Биз аларды жабышчаак бир ылайдан жараттык. Жок, сен (бул кереметтүү жаратууга жана алардын каапырдыгына) таң калып калдың; алар болсо шылдыңдаганын улантышууда. (Саффат Сүрөсү, 11-12)

Толук Жана Кемчиликсиз Иштеген Система

Жогоруда баяндалган бир-бири менен байланыштуу бул кереметтүү системанын бир эле бөлүгү кем болсо эмне болот? Бул өтө маанилүү жана эволюционисттердин бул темадагы бүт көз-караштарын толугу менен жараксыз кылуучу бир суроо. Бул «чынжырдын» бир «шакегин» алып койсок, кан уюу функциясын аткара албай калат.

Бул кандай натыйжаларга алып келиши мүмкүн? Кадимки шарттарда бир адам денесинде бир Стюарт факторунун же башка бир белоктун кем экенин сезбейт. Бирок дененин кандайдыр бир жери канап баштаганда бул кемчилик заматта белгилүү болот, ал тургай, мунун натыйжалары өтө олуттуу болушу мүмкүн. Канаган жер эч токтобойт жана кичине эле кесилген бир жер өтө чоң маселеге айланышы мүмкүн. Сырттан көрүнгөн натыйжасы ушундай болот. Ичте болсо кокустан башталган ички каноолор муундарга жана кемирчектерге өтө чоң зыяндар берип баштайт жана каноо токтотула албаса, бул сөзсүз өлүм менен аяктайт.

Гемофилия оорусу буга эң маанилүү мисал болот. Бул ооруда кандагы кан уюу системасынын «бир эле мүчөсү» функциясын аткара албай калат. Бул кандын уюшуна толугу менен тоскоол болот. Уюй албаган кан кандайдыр бир жараат алганда токтобой сыртка ага берет. Сырттан бир басым менен тосулса да, жараат эч жабыла албайт. Бул маселени чечүү үчүн көбүнчө кишиге жаңы плазма менен колдоо көрсөтүлөт же жетишсиз болгон кан уюу фактору канаган аймакка берилет.68 Бир эле фактордун кем болушу системаны толугу менен ишке жараксыз кылып койууда. Жана эгер мындай медициналык кийлигишүүлөр жасалбаса, канаган жерди токтотуунун башка жолу жок.

Кыялдагы эволюция процессинин эч болбогондугунун дагы бир далили – бул кан уюу системасындагы кемчиликсиздик жана комплекстүүлүк. Дарвинисттердин ою боюнча, ар бир фактор баскыч баскыч келип чыккан, жана мындай жагдайдар баскычтардын эч бири өз башынча эч бир ишке жарабайт. Кан уюу системасы миллиондогон жыл өтүп, бүт мүчөлөр «кокустуктар натыйжасында» чогула алганда, өз кызматын аткара баштайт... Албетте, жандыктар муну күтө албайт. Ушул чындыктын өзү эле эволюциянын толугу менен ойдон чыгарылган бир пикир экенин көрсөтүүгө жетиштүү.

flowers

...Say: Are the blind and seeing equal?Or are darkness and light the sarne?Or have they assigned partners to God who create as He creates so that all creating seems the same to them? ''Say: God is the Creator of everything.He is the One, the Al-Conquering." (Surah-Ra'd:16)

Mechanisms in Blood Coagulation, Fibrinolysis and the Complement System (Кандын уюшундагы механизмдер, фибринолиз жана комплемент системасы) аттуу китептин автору Torben Halkier кан уюу системасындагы кемитүүгө мүмкүн болбогон комплекстүүлүк жөнүндө мындай деген:

«Мындай бир системаны өз башына таштап коюуга болбойт. Кан уюу процессиндеги ийгилик – ар процесстеги өтө кылдат модуляция менен жөнгө салуунун бир натыйжасы. Бир азга азыраак же бир азга көбүрөөк иш-чаралар организм үчүн бирдей деңгээлде зыян берет. Кандын уюшунда негизги нерсе – бул тартип.»69

Кан уюу «чынжырындагы» бир эле «шакектин» (бөлүктүн), ал тургай, «шакекти» түзгөн бир даана гендин да эволюционисттер айткандай кокустан пайда боло албашын Leigh университети биохимия профессору Майкл Бихи болсо мындайча баяндайт:

«Канды уюткан белоктордун гендеринин мындай бир аралаштырылышы натыйжасында пайда болгон деп айтуу – тартиптүү жана мааниси бар бир абзац текстти түзүү максатында энциклопедиядан туш келди тандалган сүйлөмдөрдү чогултууга окшошот.»70

Бул системанын туш келди пайда болуу ыктымалдыгынын жок экени болсо төмөнкүдөй эсептелген:

«Кан уюу системасы бар жаныбарлардын болжол менен 10000 гени бар дейли. Алардын ар бири орточо үч башка бөлүккө бөлүнгөн. Бул болсо жалпысынан 30000 ген бөлүгү дегенди билдирет. TPA'нын (кан уюуда роль ойногон белоктордун бирөөсү) төрт түрдүү баскын гени бар. «Ар кандай комбинациялар» жолу менен бул төрт баскын генди бириктирүү ыктымалдыгы 300004кө барабар. Бул болсо болжол менен 1/109 дегенди билдирет. Бир миллион адам жыл сайын лотерея ойнойт деп кабыл алынса, кандайдыр бирөөсүнүн (белгилүү бир киши эмес) оюнду утканга чейин болжол менен миң миллиард жыл өтүшү керек болот. Миң миллиард жыл учурда ааламдын болжолдонгон жашынын жүз эсесине барабар.»71

Профессор Бихи да айткандай «дүйнөдө эч кимдин кан уюу шаркыратмасынын кантип пайда болгону жөнүндө так бир пикири жок.»72 Бул жерде негизгиси системанын кокустуктар натыйжасында пайда боло албай турганчалык комплекстүү, кемчиликсиз, Жаратуучу тарабынан гана жаратыла тургандай кемчиликсиз экенин көрө алуу керек. Дүйнө жүзүн каптаган жаратуу чындыгын түшүнүү, денебиздеги көзгө көрүнбөгөн системалардын ар бир этабындагы теңдешсиз бир «акылдын» улуу көрүнүшүн аңдап-түшүнүү зарыл. Акылын колдоно алган эч бир адам бул чындыктарды көрбөй койбойт. Аллахтын чындап бар экени бүт улуулугу менен апачык көрүнүп турат. Аллах адамдын теңдешсиз жаратылганын бир аятында төмөнкүчө кабар берет:

Ал силерди топурактан, анан бир тамчы суудан, анан бир алактан (эмбрион) жаратты; анан силерди бир наристе кылып чыгарып, анан күчтүү (жетилген) чакка жетишиңер, анан улгайышыңар үчүн силерге (белгилүү бир өмүр берүүдө). Силердин кээ бирлериңердин эртерээк өмүрү аякталууда; белгиленген бир ажалга жетишиңер жана балким акылыңарды колдонушуңар үчүн (Аллах силерди ушинтип жашатат). (Момун Сүрөсү, 67)

Эволюция Теориясы Кандын Уюу Системасын Түшүндүрө Албайт

Майкл Бихи «кемитүүгө мүмкүн болбогон комплекстүүлүк» түшүнүгүн биринчи жолу сөз кылганда кандын уюу механизмин негизги мисал катары берген эле. Денедеги сансыз кемитүүгө мүмкүн болбогон комплекстүүлүк мисалы арасынан атайын бул системаны тандашы системаны түзгөн бөлүктөрдүн өз-өзүнчө да, чогуулай да көрсөткөн кереметтүү жаратуу мисалдары эле.

Көп өтпөстөн Бихинин кандын уюу системасы жөнүндөгү бул сөздөрүнө эволюционист чөйрөлөр тарабынан көп сындар айтылды. Мындай комплекстүү системанын өзгөчөлүктөрүнүн жарыяланышы жана алардын бир-биринен көз-карандысыз эволюциялашышынын мүмкүн эместигинин илимий жактан көрсөтүлүшү эволюция теориясына чоң бир сокку эле. Кечикпей сын айткандардын эң башында 35 жылдык карьерасынын адистик темасы «кандын уюшу» болгон Калифорния университетинин биохимия профессору күчтүү эволюционист Рассел Дулитл (Russel Doolittle) турган.

Дулитл жаңы бир лаборатория изилдөөсү менен чычкандарда кандын уюу системасындагы эки элементти алып салууга болоорун далилдегенин айткан. Дулитлдин айтышы боюнча, ал эки элемент (бөлүк) кан уюу механизминде болбосо да, чычкандар кыйынчылыксыз жашай беришкен. Бирок чындыгында абал эч Дулитл айткандай эмес эле. Дулитл же изилдөө жыйынтыктарын толугу менен туура эмес окуган же болбосо адамдарды туура эмес тарапка буруу үчүн маанилүү бир канча жагдайды көрмөксөн болуп койгон эле. Изилдөө жыйынтыктары жарыяланган булакта (Bugge et al., "Loss of Fibrinogen Rescues Mice from the Pleiotropic Effects of Plasminogen Deficiency," Cell 87, 1996: 709-19) ал чычкандардын олуттуу ден-соолук маселелери бар экени жана функционалдуу бир кан уюу механизминин жоктугу апачык айтылган эле. Б.а. Дулитл айткандын тескерисинче, чычкандардын кан уюу системасы «кемитүүгө мүмкүн» эмес эле.73

duck

He is the Originator of the heavens and theEarth.How could He have a son when He has no wife?He created all things.That is God your Lord.There is no god but him... (Surat-al-An'am: 101-102)

Дулитлдин дагы бир көз-карашы болсо кан уюуну пайда кылган белоктордун окшоштугуна таянат.74 Белоктордогу аминокислота тизмегиндеги окшоштук алардын орток бир атадан келгендигинин бир натыйжасы деген Дулитл системанын ушундайча миллиондогон жыл ичинде эволюциялашканын айткан. Бул эволюционист спекуляция боюнча, кан уюу системасына салым кошкон белоктордун тизилиши бир-бирине, ал тургай, процесске катышпаган башка белокторго да окшошот. Ошондуктан булар бир гендин копияланышы натыйжасында келип чыккан болушу керек. Мунун мааниси болсо: баары «орток бир атанын» копияларынан келип чыгышкан. Бул кыялдагы «атанын» копияларынан келип чыккан белоктор убакыттын өтүшү менен майда-чүйдө өзгөрүүлөргө кабылып, бир-бирине окшош, бирок функциялары ар башка болгон кан уюу белокторунун баарын пайда кылышкан.

Майкл Бихи кандын уюу механизминин кыялдагы «эволюциясы» жөнүндө айтылган бул көз-карашка төмөнкүдөй жооп берет:

«Кандын уюшундагы белокторго жаңы бир белок кошуу процесси өтө күмөндүү. Бири экинчисинин алдында, башка бирөө кийинкисинен мурда кызмат аткарат жана бир белокту копиялоо үчүн бул шаркыратмада сизге жапжаңы бир этапты пайда кылбайт. Копияланган белоктун эки копиясы тең активдештире турган бир эле белокко багытталышат. Жана алардын экөө тең алардын алдындагы бир белок тарабынан активдештирилишет. Бул шаркыратманын кантип пайда болгонун түшүндүрүү үчүн бир илимпоз копияланган белоктун жаңы бир максат жана жаңы бир активатор менен бирге шаркыратмадан жапжаңы бир этапка айланган узун жолун сүрөттөп бериши керек. Болгондо да, кан уюу оңой эле бузулуп калышы мүмкүн жана контрольсуз болгондо өтө олуттуу маселелерге себеп болушу мүмкүн. Кандын уюшунун эволюциясы үчүн сунуштала турган олуттуу бир модельде кандын канча көлөмдө уюй турганы, канчалык басымга туруштук берээри, ылайыксыз кан уюунун канча убакытта болуп тураары жана ушул сыяктуу көптөгөн суроого жооп берилиши керек.

Профессор Дулитл бул суроолордун эч бирин түшүндүргөн эмес. Эмгегин кайсы белок кайсысынын атасы деген темага таяган жана колдорун көтөрүп «бул системалар сөзсүз табигый тандалуу аркылуу кандайдыр бир жол менен чогулган болушу керек» деген сыяктуу бир жыйынтыкка барган. (...) Эмгегинде (белоктордогу) тизмектерди салыштыруулар гана орун алган. Дулитлдин кандын уюу шаркыратмасынын табигый тандалуу аркылуу пайда болушунун мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө эч кандай пикири жок.»75

Белоктор арасындагы окшоштуктар, албетте, эволюцияга эч кандай далил болбойт (Бул темада терең маалымат алуу үчүн караңыз: Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), Harun Yahya). Мындан тышкары, Дулитл айткан копияланган ген мурдакынын дал өзүндөй, б.а. мурдакы менен бирдей бөлүктөрү бар бир ген болот. Копиялануу аркылуу эле жаңы өзгөчөлүктөргө ээ болушу мүмкүн эмес.

landcape

Is then He Who creates like one that creates not? Will ye not receive admonition? If ye would count up the favours of Allah, never would ye be able to number them: for Allah is Oft-Forgiving, Most Merciful. (Surat an-Nahl: 17-18)

Кандын уюу системасындагы атайын милдеттүү белоктордун учурдагы абалын түшүндүрүү үчүн бул илимпоз копияланган бир гендин кантип жаңы жана башка өзгөчөлүктөргө ээ болгонун түшүндүрүшү керек. Бирок 35 жылдык карьерасын кандын уюшу темасына арнаган Дулитл муну да түшүндүрө албайт.

Дулитлдин катасын кетирген Brown университети клетка биологиясы профессору Кеннет Миллер (Kenneth Miller) да копияланган гендер бул өзгөчө системанын «эволюциясын» көрсөтөт деп айткан. Миллер илимден өтө алыс бул пикирин бир китебинде төмөнкүдөй айткан:

«... Копияланган гендердин бирөөсү жаңылыштык менен кан айлануу ичине кирген. Ал жерде активдештирүүчү протеазга кабылган белоктун өндүрүш функциясы токтогон. Активдештирилиши болсо тамырлардын бирөөсү жабыркаганда гана мүмкүн болот. Мындан соң механизмдин ар бир майда-бараты табигый тандалуу тарабынан аныкталат. Системанын көп этаптуу комплекстүүлүгү кантип келип чыккан? Мунун жообу да кайра эле гендин копияланышы. Кандын уюшу протеаз гендеринен бирөөсүнүн копиясы пайда болгондо, табигый тандалуу бар болгон протеазды активдештире турган кичине өзгөрүүлөрдү пайда кылат. Шаркыратманын кылдаттыгын жогорулатуу үчүн кошумча дагы бир контроль кошулат.»76

Бул системанын кантип иштеши жөнүндө эч нерсе айтпаган бул сөздөргө илимий жооп кандын уюу механизминдеги кереметтүүлүктү көрүп, бүт майда-бараттарындагы кемчиликсиздикти көз жолу айткан Бихиден келет:

blood vessel

When a blood vessel is damaged (A), certain blood cells begin secreting a number of chemical substances (B), and cause a number of reactions to halt blood flow. One of these reactions forms the protein fibrin, which forms a fibrous mesh to impede the flow of blood (C).

«Профессор Миллер маселени чечүү үчүн «гендин копияланышы» терминин бул жерде апачык эле бир сыйкырдуу таяктай колдонгон, бирок маселе эч чечилген эмес. Миллердин табигый тандалуу бүт баскычтарды аныктаган деген гипотезасы өтө күмөндүү, себеби кандын уюшундагы ар бир этап өтө кылдат тартипке салынышы керек, антпесе өтө кооптуу болуп калат. (...) Миллердин сөздөрү жаңы копияланган протеаздардын кыймыл-аракеттеринин кантип аныкталганын түшүндүрбөйт. (...) Бул кыска икая кандын уюу шаркыратмасындагы кемитүүгө мүмкүн болбогон комплекстүүлүктүн табигый тандалуу менен кандай байланышы бар экенин түшүнүүдө такыр пайдасыз. Бул мага мындай ой алып келди: икаянын негизги максаты – негизи бизге кандын уюшунун кантип келип чыкканын көрсөтүү эмес, биохимиялык комплекстүүлүктөрдү билбеген кишилерди дарвинизмдин бүт нерсени контролу астына алганына ынандыруу. Бирок дарвинизмдин мындай контролу жок.»77

Мурда көп жолу каралган эволюционисттердин жомок сымал баяны, Майкл Бихи да көңүл бургандай, бул тема жөнүндө жакшы маалыматы жок кишилер үчүн кызыктуу болушу мүмкүн. Бирок учурда бул багыттагы изилдөөлөр көбөйгөн сайын, билим деңгээли жогорулаган сайын адамдар жер жүзүндөгү керемет дизайндын детальдарын барган сайын жакшыраак түшүнүп, Жараткандын бар экенин апачык көрүшүүдө. Эволюционисттердин салттык ыкмалары жакынкы жылдары азыркы «жарактуулугун» да жоготот. Бүт бул чындыктарга, адам денесиндеги жана жандыктардагы керемет комплекстүүлүктүн детальдарын баяндаган илимий бүт далилдерге карабастан, эволюционисттер бир-биринин сөздөрүн башпаана кылып, дагы эле теорияларына бир жол издешүүдө.

erythrocyte

Дарвинисттер жомок сымал пикирлерин алдыңкы планга чыгара турган шартты күтүшүп, жер жүзүндөгү кереметтүү тартип ичинде өз пикирлерине негиз боло турган бир «катанын» же бир боштуктун чыгып калышын үмүт кылышууда. Бирок, бир Куран аятында айтылгандай, жер жүзүндө карап изилдеген бүт жерде кемчиликсиздик орун алган, ошол себептен эч бир кемчилик таба алышпайт.

Улуу кудуреттүү, ар кандай жаратууну билген Улуу Раббибиз Анын жаратышында карама-каршылык табууга аракеттенгендер жөнүндө Мүлк Сүрөсүндөгү аяттарда төмөнкүдөй кабар берет:

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (болгон Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)

bird

Those who remember God,standing sitting and iying on their sides,and reflect on there creation of the Earth:"Our Lord You have not created this for nothing.Glory be to You!So safeguard us from the punishment of the Fire." (Surah Al-Imran:191)

Footnotes

61 Michael J. Behe, Darwin's Black Box, New York, The Free Press, 1996, pp. 77-78.

62 Textbook of Medical Physiology, p. 77.

63 http://people.a2000.nl/aalan/vucut/bolum4.html, Yusuf Alan, "Saniyeler içinde vucutta olup bitenler," ("The Activities Happening in the Body in a Second")

64 Darwin's Black Box, pp. 81-83.

65 Bilim ve Teknik, p. 63.

66 Textbook of Medical Physiology, p. 78.

67 Darwin's Black Box, p. 88.

68 The Human Body: An Intelligent Design, p. 117.

69 http://www.arn.org/docs/behe/mb_indefenseofbloodclottingcascade.htm, Ken Miller and Keith Robison, "In Defense of the Irreducibility of the Blood Clotting Cascade: Response to Russell Doolittle"

70 Darwin's Black Box, p. 93.

71 Ibid., pp. 93, 94.

72 Ibid., p. 97.

73 Bugge et al., "Loss of Fibrinogen Rescues Mice from the Pleiotropic Effects of Plasminogen Deficiency," Cell 87, 1996: pp. 709-719.

74 http://www.arn.org/docs/behe/mb_indefenseofbloodclottingcascade.htm

75 http://bostonreview.mit.edu/br22.1/doolittle.html, Russell F. Doolittle, "A Delicate Balance"

76 http://www.arn.org/docs/behe/mb_brrespbr.htm, Michael J. Behe, Letter to the Boston Review

77 Kenneth R. Miller, Finding Darwin's God, New York: Cliff Street Books, pp. 156-157

78 http://www.arn.org/docs/behe/mb_indefenseofbloodclottingcascade.htm