Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (8/10)

Клеткалардын Кыймылын Камсыз Кылган Кан Суюктугу: Плазма

Кан клеткалары, б.а. эритроцит менен лейкоциттер өз милдетин аткаруу үчүн бүт денени кыдырышы керек. Бирок муну өз алдынча кыла алышпайт. Клеткалардын аларды кыймылдатуучу ар кандай механизмдери болсо дагы, ичинде кыймылдай турган бир суюктук сөзсүз керек болот. Ичинде айланып жүрүүчү ар кандай клеткалар менен бирге денебиздин бүт тарабын секунда сайын басып өтүп турган бул суюктук – плазма.

Плазма кандын 55%ын түзөт. Плазманын курамында 90% суу, кандагы суу көлөмүн жөнгө салууда колдонулган альбумин, витаминдерди ташууда колдонулган глобулин, кандын уюшунда колдонулган фибриноген, глюкоза жана башка азыктар, клеткалар арасы суюктуктун PH'ын жана суюктук көлөмүн жөнгө салууда колдонулган иондор, майлар, аминокислоталар, витаминдер жана кычкылтек, көмүр кычкыл газы жана азот сыяктуу ээриген газдар бар.54

Плазма андагы заттар жана өзүнүн касиеттери менен дене үчүн маанилүү кызматтарды аркалайт. Алардын эң негизгиси – азыктар менен калдыктарды ташуу. Башка негизги өзгөчөлүгү болсо – бул кан басымын белгилүү бир деңгээлде турушун камсыз кылуу. Жылуулук таратуу да плазманын бир өзгөчөлүгү. Мындан тышкары, плазма кан менен башка кыртыштардын кислота деңгээлин белгилүү деңгээлде кармоо кызматын аткарат.

Плазма «кан суюктугу» болгондуктан, ашыкча терлөө учурунда плазманын көлөмү 50%га чейин азайып, көп суюктук ичилгенде кадимкинин 60%ы көлөмүнө көбөйө алат. Плазмадагы суу болсо кандын негизги элементи. Плазманын ичинде катуу заттар катары белоктор болот. Алар кандын уюшун камсыздоочу фибриноген (кандын уюшу бөлүмүндө терең каралат), кан клеткалары жана дене суюктугунун көлөмүн жөнгө салуучу альбумин жана антителого бай глобулиндер. Булардын арасынан биз үчүн өтө чоң мааниси бар альбуминдерди карап чыгуу туура болот.

plasma

a. Blood is extracted...
b. ... and placed in a tube.

c. Centrifuge
d. 55% PLASMA

A. Contents

B. Basic functions

1A. Water

1B. A solution for transporting other substances

2A. Salts (electrolytes)
Sodium
Potassium
Calcium
Magnesium
Chloride Bicarbonate

2B. Regulation of osmotic balance,
pH balance and membrane permeability

3A. Plasma proteins
Albumin
Fibrinogen
Globulins

3B. Osmotic balance,
pH balance Blood clotting Defense (antibodies)
and fat transportation

4A. Substances carried in the blood
Nutrients (glucose, vitamins, amino acids)
Metabolism wastes (urea, uric acid)
Respiratory gasses (CO2 and O2)
Hormones

Plasma, which makes up 55% of the blood, is exceedingly important because of the substances it carries and the properties it possesses. Many processes that keep the body in balance, from the transportation of nutrients and wastes to the regulation of blood pressure, depend on the characteristics and wide mobility of plasma.

Акылдуу Бир Ташыгыч: Альбумин

receptor

1. Transporter protein in the blood
2. Hormone

Transport in the body is carried out by means of the blood. The protein that carries various substances in the blood fluid is albumin. It transports cholesterol, fats and toxins such as bilirubin, as well as various hormones and nutrients. It deposits toxins in the liver, and carries nutrients and hormones to the relevant destinations.

Альбумин саны жагынан эң көп болгон плазма белогу жана ташыгыч кызматын аркалайт. Альбуминдин жөнөкөй бир ташыгыч эмес экенин белгилеп кетүү керек. Альбумин кандагы холестерол сыяктуу майларды, гормондорду жана өт чыгарган уулуу жана сары түстүү билирубинди ташыйт. Мындан тышкары, сымап, пенициллин жана башка дарыларды да өзүнө жабыштырат. Ууларды боордо калтырып, азык заттары менен гормондорду болсо керектүү жерге алпарат.

Майлардын денеде бир белок тарабынан ташылышынын өтө зор мааниси бар. Эгер майлар альбумин тарабынан ташылбаганда, бүт май молекулалары бир-бири менен биригип, канда шорпонун бетинде чогулган май топтору сымал көзөмөлсүз сүзүп жүрүшмөк. Бул болсо белгилүү убактан соң тамырларда тыгындалууга жана натыйжада өлүмгө себеп болмок.

Гормондор дене ичинде таратылышы керек болгон кабарлардан жооптуу. Алар үчүн да сөзсүз бир транспорт жолу керек. Гормондордун керектүү жерге жеткирилишинде да альбумин белогу кызмат кылат. Эгер альбуминдин гормондорду өзүнө жабыштыруучу мындай касиети болбогондо, чоңойуп өсүшүбүзгө чейинки биз менен байланыштуу бүт функциялар жоголуп, курсагыбыз ачуу, суусоо сыяктуу эч бир сигнал дененин тиешелүү бөлүктөрүнө жете албай калмак. Денеде суу муктаждыгы болуп жатса да, муну сезбей, кыска убакыт ичинде суу көлөмү азайып кетмек жана бул өлүмгө алып бармак. Альбумин – мына ушул укмуштуу кабарчылардын кызматтарын жасай алышы үчүн атайын жаратылган жана эмнени каерге алып баруу керек экенин «билчүдөй» болгон бир белок.

brain

1. Brain capillary
2. Endothelial cells
3. Water, oxygen or glucose
4. Astrocytes
5. Nerve cells
6. Cerebrospinal fluid
7. Blood flow

The brain is afforded very special protection. Substances in the blood pass through the socalled brain/blood barrier after being subjected to a special inspection. The endothelial cells in the capillary walls constitute a literally impassable barrier. Substances in the blood can reach the brain cells in question only if they are able to pass through it.

Альбуминдин кызматтары булар менен эле бүтпөйт. Артерияда бараткан азык заттары кыртыштардын ичине жете алуу үчүн кыртыш дубалынан өтүшү керек болот. Кыртыш дубалы болсо көп тешиктери болгону менен эч бир заттын өтүшүнө жол бербейт. Азыктардын кыртыштардын ичине киришин камсыз кылган эң негизги нерсе – бул кан басымы. Кан басымынын түртүүчү күчү менен азык керектүү жерлерге жете алат. Бирок кан басымы менен кыртыштарга жеткен заттардын көлөмүнүн ашыкча болуп кетүү ыктымалдыгы бар. Кыртыштарга ашыкча азык заттардын берилиши ал кыртыштарда шишикке себеп болот. Мунун алдын алуу үчүн кан басымынын суюктукту канга кайра тартуучу атаандашы альбумин ишке киришет. Альбумин канда жогору тыгыздыкта болгондуктан сууну бир губка сымал сорот. Альбумин болбогондо, дене сууда турган бир фасоль сымал шишип кетмек.

Мээде болсо кандагы заттардын кыртыш дубалынан өтүшү башкача болушу керек. Себеби мээ назик бир орган жана кандагы заттар эгер көзөмөлсүз мээдеги кыртыштарга өтсө, бул нейрондорго зыян тийгизиши мүмкүн. Ушул себептен мээ үчүн өзгөчө бир коргоо бар. Мээдеги кыртыштар өтө тыгыз клетка катмарлары менен жабылган. Кандагы заттар ичкери кире алуу үчүн бир «паспорт көзөмөлүнөн» жана бул клеткалардын өтүшү керек. Бирок кандагы заттар «паспорт көзөмөлүнөн» өтсө дагы, мээ кыртыштарынын ичине киргенде ээнбаш калбайт. Белгилүү мээ клеткалары тамырлар менен нерв клеткалары арасына кыпчылып жайгашып, өздөрүн кыртыш дубалдарына жабыштырышат. Кандагы заттар бул күчтүү көзөмөлдөн өтө алса гана мээ клеткаларына жете алышат.55

Дененин кээ бир органдары башкаларынан кылдатыраак корголушу керек. Жана денедеги «ар бир клетка» муну билген сыяктуу. Денеде биринчи кезекте коргоо керек болгон орган – бул мээ. Мээнин жабыркашы бүт денеге таасир берүүчү чоң маселелерди жаратат. Мээнин назик тартибин жана түзүлүшүн буза турган кандайдыр бир нерсе дененин тең салмактуулугун бузган болот. Мына ушул себептен бул назик орган сансыз майда-бараттуу комплекстүү механизмдер менен корголгон. Клеткалар мындай өзгөчө коргоону билгендиктен, этият мамиледе болушат. Жүрөк мындай назиктикти билгендиктен, канды мээге өзгөчө жана белгилүү өлчөм менен насостойт. Мээдеги коргоо кызматкерлери кылдат болуу зарылдыгын билгендиктен бир нерселердин өтүшүнө ошого жараша уруксат беришет. Кыскасы, денедеги бүт механизмдер бул негизги борборду коргоо милдетин сөзсүз аркалашат. Бул жерде да биз органдар менен түзүлүштөр «билет» деп айтып жаткан бул процесстердин баары – чындыгында Аллахтын жандыктарда көрүнгөн чексиз акылы менен илиминин бир көрсөткүчтөрү. Бул чындыкты эч качан унутпаш керек.

Мээдеги өзгөчө коргоо дененин ичинде контрольдуу бир системанын бар экенин дагы бир жолу далилдөөдө. Аң-сезими жок, бир үзүм эт болгон клеткалардын, албетте, мындай акыл-эси болушу мүмкүн эмес. Мээни жана аны түзгөн клеткаларды дайыма Аллах коргоп, сактап турат. Мындай кылдат көзөмөл үзгүлтүксүз уланат. Эгер терс бир жагдай болсо, андай көзөмөлсүздүк кыска убакыт ичинде өлүмгө алпарышы мүмкүн.

albumin

1. Smooth muscle cells
2. Venous gap
3. Fat
4. Cholesterol crystals

If fat molecules were not transported by albumin, they would stick together and float in the bloodstream in an uncontrolled manner. This would soon lead to blocked blood vessels, organ loss, or even death.

the brain

1. Blood vessels in the brain

Every cell in the body is seemingly aware that the brain must be better protected than the other organs, and accordingly, act with great care. For example, the heart pumps blood to the brain in a special and measured way. This is a very special and impeccable precaution created by God to preserve brain function.

Кандын Уюшунун Алгачкы Кадамдары: Тромбоциттер

yoursells

When you cut yourself, the clotting elements in your blood go right to work. Within 15 to 20 seconds, the coagulation process has already begun. The duties of each element in this mechanism are of vital importance. It is impossible to remove any one of them from the irreducibly complex sequence, or blood clotting does not occur.

Кандын дагы бир маанилүү мүчөсү болсо – бул тромбоциттер. Тромбоциттер – бир жарат алган учурда жарат алган аймакты биринчи болуп оңдоо жана ал аймакта тромб (уюган канды) пайда кылуу үчүн бир катар процесстерди баштатуу кызматын аркалаган клеткалар. Тромбоциттердин кандын ичиндеги өмүрү 7-9 күн. Кан айлануудагы жалпы көлөмү болсо өтө аз. Бир адамдагы тромбоциттердин саны бир чай кашыкты араң толтурат.56

Тромбоциттер негизи чыныгы клеткалар эмес. Түссүз жана ядросуз болушат. Себеби алар жилик чучугунун чоң клеткаларынан үзүлгөн бөлүктөрдөн турушат. Жана бар болушунун эң негизги себеби – бул кандын уюшу үчүн керектүү болгон алгачкы баскычты түзүү. Бул клеткалар уюу касиетинен улам көбүнчө сезилбеген жана күн сайын жүздөгөн жолу болуп турган тамырлардагы айрыктарды бүтөө кызматы үчүн өтө маанилүү.57

Тромбоциттер жилик чучугу клеткаларынан үзүлүп бөлүнүп, кан айланууга кошулган соң «тромбоцит» деп аталып калат. Жалпысынан эң негизги өзгөчөлүгү – бул бир жерге жабышуу тенденциясында болушу. Бирок пландуу жаратылгандыгынын бир далили катары тромбоциттер кан тамырларынын ичин каптаган кадимки эндотелий клеткаларына жабышышпайт. Эгер жабышканда, кан тамырларынын ичинде чогулмак, б.а. тамыр ичинде уюмак жана бул болсо тамырдын тыгындалышына (окклюзияга) себеп болмок. Жүрөккө же мээге барчу бир эле тамырдын тыгындалышы болсо көбүнчө өлүмгө алпарышы мүмкүн.

Бул клеткалардын жабышмай касиети тамырдын ичиндеги эндотелий кыртышы кандайдыр бир себеп менен жабыркаганда гана пайда болот. Эндотелий клеткалар жабыркаганда бул түзүлүштүн астындагы белок түзүлүш, б.а. коллаген ачылып калат. Коллаген түзүлүш – тромбоцит үчүн ал тамырды каптап турган клеткалардан башкача бир түзүлүш, ошол себептен тромбоциттин жабышуу касиети ошол замат алдыңкы планга чыгат.

Жараат пайда болгон соң 15-20 секунда ичинде уюу процесси башталат. Ал аймакка жеткен тромбоциттер ичиндеги заттарды ал жерге чыгарышат. Чыгарылган заттардын бири ADP тромбоциттердин түзүлүшүндө кээ бир өзгөрүүлөргө себеп болот. Тромбоциттер шишип баштап, формасы бузулат жана беттеринен сансыз бутактар чыгат. Жабышуу касиети өтө күчөйт. Тромбоциттердеги мындай өзгөрүү маанилүү, себеби плазманын ичинде ээнбаш айланып жүргөн башка тромбоцит клеткалары бул өзгөрүүнү байкаганда өзгөргөн тромбоциттердин жанына барып, ага жабышышат. Ал жерге чыгарылган ADP башка тромбоциттерге кабар берүүчү бир кабарчы кызматын аткарат.

Бул кубулуш өтө тездик менен жүрөт жана тамыр ичиндеги жараат тромбоциттердин мындай кызматташтыгы себебинен кыска убакыт ичинде жабылат. Эми детальдуу уюуга негиз түзүлгөн болот. Эгер тамырдагы жараат кичинекей болсо, тромбоцит тосмосу өзү эле канды токтото алат.58

Процесс муну менен эле бүтпөйт. Тамыр дубалдарын түзгөн эндотелий клеткалар мындай өзгөчө кырдаал түзүлгөндө, Виллебранд фактору (VWF) деп аталган бир белок чыгарышат. Ал белок тромбоциттердин жабыркаган тамыр дубалына жабышышын жеңилдетет жана алардын кырсык болгон жерди көрүп, өтүп кетпешине шарт түзөт. VWF алгач жабыркаган аймакты түзгөн коллагенге жабышат. Тромбоциттердин коллагенге жабышышына да ушинтип шарт түзөт. Демек, эндотелий клеткалар өтө акылдуу, алардан такыр башкача бир түзүлүш болгон коллаген түзүлүштү таанышат жана тромбоциттерге көмөкчү болуу үчүн план түзүшөт деп айтуу керек болот. Бирок булар болгону клеткалар гана.

Химия билишпейт жана жабышууну жеңилдете турган бир белок өндүрүү үчүн лабораториялары жок. Жабыркаган жерди аныктай турган, ага карата чара көрө турган жана ал чара аркылуу өмүрдү сактап кала турган бир аң-сезимдери жок. Бул клеткалар дүйнө жүзүндөгү бүт адамдарда ушул кызматты аткаруу үчүн даяр турушат. Бул комплекстүү клеткалар адам акылынын да, кыялдагы эволюция процессинин да натыйжасы болушу мүмкүн эмес. Булар жараткан нерселеринин баарына бир тартип менен кемчиликсиздик тартуулаган Аллах жараткан нерселер. Аллах – Заты бүт нерселердин бүт муктаждыктарына жетүүчү (Кафи), курчап туруучу (Мухит) жана каалаганын каалагандай жасаганга кудуреттүү (Кадир). Өзүнө гана шүгүр кылынуучу, бүт жандыктардын тили менен жалгыз макталуучу Зат (Хамид). Ал – өрнөксүз жаратуучу (Беди). Куранда бул чындык төмөнкүдөй айтылат:

Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «БОЛ» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Thrombocyte

A. Thrombocyte plug
B. Thrombocyte movement
C. Thrombocytes collecting together

1. Red blood cell
2. Thrombocyte
3. Collagen in damaged skin
4. Thrombocyte plug

Thrombocytes are one of the crucial elements in the clotting process. In the wake of damage to the body, a number of essential and miraculous changes in the thrombocytes' structure take place. The primary blocking of the wound, which takes place with various enzymes and proteins, is especially vital. It is impossible to remove any of the elements that comprise this mechanism from the equation.

Бүт кан уюу процессинин башталышы болгон тромбоциттердин кызматына кайра кайтканыбызда, бул өзгөчө клеткалардын тосуучу касиетинин дене үчүн өтө маанилүү бир алгачкы баскыч экенин көрөбүз. Бул механизмдеги ар бир мүчөнүн кызматы өтө маанилүү. Бирөөсүн да алып салганга болбойт. Мисалы, тромбоциттердин жабышышын жеңилдеткен жогоруда айтылган белок VWF'нин жоктугу же иштебеши кан уюу системасынын толугу менен бузулушуна себеп болот. Кан уюу системасынын бузулушу болсо учурдагы белгилүү шарттарда дарылоого мүмкүн болгон, ал тургай, кээде дарылоого мүмкүн болбогон олуттуу ооруларга жол ачат.

Бул кереметтүү жандыктар өтө маанилүү касиеттерге ээ. Бир клетка бөлүгүнөн гана турган бул куткаруучулар өз ичинде кысылуу жана бүгүлүүнү камсыз кылуучу өзгөчө бир белокту, кичирейтүүчү белокторду да өз ичинде камтышат. Бул белоктор жараат бетинде тромбоциттер пайда кылган тосмону бекемирээк кылганга жарайт.59 Тромбоциттердин кызматы алгачкы тромбду пайда кылуу менен эле бүтпөйт. Чыныгы тромб (уюган кан) пайда болгон соң да кызматтары уланат. Бул «Кандын уюшу» бөлүмүндө терең каралат.

Тромбоциттердин иш-аракети уланып жатканда дене да өз ичинде ар кандай чараларды көрөт. Жараат пайда болгон тамыр дубалындагы (тонундагы) түз булчуңдар жыйрылып баштайт. Мунун максаты – жараат пайда болгон аймакты көздөй барчу кандын көлөмүн жана кан басымын азайтуу. Натыйжада тромбоциттер иштеп жатканда ал жерге тромбду буза турганчалык көп кан барбайт жана дене көп кан жоготпойт.

Денеңиз кичине сызылып кетсе да денеңиздеги бүт тамырлар мындай акылдуу чараны сөзсүз көрүшөт. Бирок сиз муну сезбейсиз дагы, ал тургай, кээде колуңуздун кичине сызылып канап кетишине маани да бербейсиз. Чындыгында болсо ал кезде ал аймакта чоң масштабдуу иштер жасалып жаткан болот. Сезип да койбогон ал кичинекей жараат менен алектенип, ал жерден сызып чыккан канды токтотууга аракеттенишиңиз сизден талап кылынбайт. Ансыз да кааласаңыз да сызылып чыгып жаткан канды токтото албайсыз. Кандын уюшунда кызмат аркалаган акылдуу клеткаларыңыз болсо кемчиликсиз бир уюшкандык менен керектүү бүт чараларды сиз үчүн көрүшөт.

Бүт бул процесстер жүрүп жатканда, денеңиз үчүн ушул кезге чейин балким сиз эч ойлобогон бир коркунуч келип чыгат. Тромбоциттер бир-бирине жабышып, пайда болгон жараатты жаап жаткан болушат. Бирок мындай жабышуунун ал аймактан ашып кетүү жана диаметри миллиметр болгон тамырды тосуп калуу ыктымалдыгы да бар. Жараат пайда болгон жерде бул коркунучтун алдын алуу шарт. Албетте, бул кемчиликсиз системанын ичинде мындай көйгөйгө карата да бир чара көрүлгөн. Тамыр дубалы (тону) бул коркунучка каршы атайын бир белок (простациклин) синтездейт. Ал өзгөчө белок тромбоцит тосмосунун керектүү жерде гана болушун жана иши бүткөндө токтошун камсыз кылат.60

Тромбоциттер – клеткалар гана. Адамдын өлүмүнө себеп болушу ыктымал болгон өтө маанилүү бир катаны жасабашы ал клеткаларга тиешелүү бир өзгөчөлүк эмес, албетте. Бүт мындай координация менен уюштурууну клеткалар жасаган деп ишенүү акыл менен логикага сыйбайт. Денебиздеги бул кереметтүү системада Аллахтын бар экени жана буларды башкарып тураары апачык көрүнүп турат. Аллах бүт нерселерди кемчиликсиз жаратуучу жана улуу кудуреттүү.

Footnotes

54 http://efnt1.fedu.metu.edu.tr/SCE51998/binzat/Kan.htm, "Kan" (The Blood)

55 Bilim ve Teknik, p. 67.

56 The Human Body: An Intelligent Design, p. 114.

57 Textbook of Medical Physiology, p. 76.

58 Ibid., p. 77.

59 http://www.tip.gazi.edu.tr/akd/temel/fizyoloji/kan1.html

60 Ibid.