Дененин ичинде татаалдыгы жагынан дээрлик адамдар арасындагы социалдык жашоодон айырмасыз бир система бар. Ортодогу жалгыз айырма – бул сырттагы социалдык жашоодо каармандардын адамдардан, дене ичинде болсо клеткалардан турушу. Бирок, колдонулган ыкмалардын, тактикалардын, алынган чаралардын бир-бирине өтө окшош экенин көрөбүз. Клеткалардын да аң-сезими бар адамдар сыяктуу өздөрүн коргоо, акылдуу иш-аракет жасоо, чара көрүү сыяктуу жөндөмдөрү бар. Мунун эң негизги мисалдарынын бирөөсү кайра эле иммундук клеткалар арасында байкалат.
Кээ бир микробдор дененин ичинде аларга кол сала турган лимфоциттерден кантип коргонууну билишет. Микроб дене ичиндеги бир клеткага жайгашып, көздөн кайым болот. Мисалы, кургак учук (туберкулез) микробу өтө куу: атайын келип аны жок кыла турган макрофагдардын ичине жайгашат.
Аллах жараткан системалардын баарында чексиз бир акылдын чагылуулары (белгилери) бар. Бир клеткалуу бир микро жандыктын адам денесинде аны күтүп турган коркунучтардан кабардар болушу жана өзүнө бийик аң-сезимди талап кылган бир ыкманы белгилеши бул акылдын чагылууларынын бир канчасы гана. Бир кургак учук микробунун эмнеге карап мындай кылаары, кантип коркунучту байкаары, кандай окуя натыйжасында макрофагдардын ичине кирүүнү ойлоп тапканы жана ушул сыяктуу жүздөгөн суроолор булардын баарын кокустуктар, туш келди мутациялар менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюция теориясы жана тараптарлары үчүн жоопсуз. Эволюция тараптарлары бул микро ааламдагы аң-сезимдүү иш-аракеттерди кокустуктар менен түшүндүрө алышпайт. Бул Аллахтын жаратуусу.
Бир клетка ичинде көрүнгөн теңдешсиз акылдын дагы көптөгөн далилдери бар. Мисалы, микробдор канчалык клетка ичине жашынышпасын, дененин душмандын жашынган жайын аныктоочу бир иммундук системасы бар. Бактерия макрофагдын ичине кирген соң макрофагдын ичиндеги өзгөчө бир молекула бактериядан бир бөлүк алат жана аны клетка бетине алып чыгат. Жардамчы Т клеткалары болсо муну таанышып, макрофагдардын өз ичинде бир жаттын бар экенин түшүнүшүн камсыздай турган бир зат чыгарышат. Орду аныкталган душман оңой гана жок кылынат.
Killer T-Cells Deal a Lethal Blow... | |
1. Antigen | 5. Processed antigen (foreign) |
9. Helper T-cells 11. Killer T-cells 13. Delayed type hypersensitivity T-cells 15. Suppressor T-cells 17. Memory T-cells | 10. They release the proteins that permit killer T-cells to multiply, increase phagocytosis and permit B-cells to develop into plasma cells. 12. They destroy antigens by damaging their DNA. 14. They secrete chemicals important in allergies and tissue transplants. 16. They inhibit helper T-cell and killer T-cell activity, phagocytosis and antibody production by plasma cells. |
A. As the above diagram shows, T-cells fulfill their different roles to perfection, providing a flawless defense. | |
19. Killer T-cell | |
Like human beings, cells also possess abilities such as self-defense and intelligent behavior. They develop tactics and take precautionary measures. Among them there is an astonishing division of labor and regulation, thanks to which they identify enemies, kill them, and pass their "experience" on to subsequent generations. The killer T-cell seen at the above left recognizes and attaches to the tumor. It then secretes proteins that will perforate the tumor membrane. To the right, a tumor perforated by the proteins secreted by the killer T-cell. This hole will soon lead to the eradication of the tumor. |
Дененин башка клеткаларына кирген душмандар болсо өлтүргүч Т клеткалары тарабынан аныкталып жок кылынат. Ал жерде клетканын ичине бир жат нерсенин кирип алганын болсо клетканын ичиндеги кызматкер өзгөчө молекулалар кабар берет. Клетканын ичине кирген вирустун бөлүктөрүн сырткы бетке чыгарып Т клеткаларын жардамга чакырышат. Өлтүргүч Т клеткалары вирусту сүзүп, вирус басып алган клетканы толугу менен жок кылышат.50 Бул жерде негизи вирус кирип алган клетка кандайдыр бир мааниде өз жанын сайууда. Денени коргоо үчүн өлтүргүч Т клеткаларынын өзүн жок кылышына даяр болууда.
Көңүл бурулган болсо, бул процесстердин эч биринде туш келди же аң-сезимсиз бир дагы этап жок. Ал тургай, болуп өткөн окуялар – көзгө көрүнбөгөн бир клеткадан эч күтүүгө болбой тургандай жогорку бир аң-сезимдин көрсөткүчү. Айтылган бул иштердин баары – миллиметрдик аймактын ичинде, көлөмдөрү микрондор менен ченелген бир клеткалуу жандыктардын бир-бири менен болгон күрөштөрү. Мээси, нерв системасы, чечим механизми жок бир клеткадан акыл колдонушун күтүүгө болбойт жана жасалган аң-сезимдүү иштерди анын жогорку жөндөмүнүн бир натыйжасы дегенге болбойт, демек акылдын жалгыз ээсине таң калуу керек. Бул жогорку кудуреттин жана акылдын ээси – албетте, бүт нерсени кемчиликсиз жараткан Аллах.
T Cells Carry the War to it's Conclusion |
1. Activated helper T-cells produce lymphokines. 2. Lymphokines are released. 3. Lymphokines draw macrophages to the infection zone. 4. Lymphokines stimulate the T-cells bound to the antigen to multiply. 5. When infection calms down, suppressor T-cells multiply rapidly and accelerate the shutting down of the immune response. 6. The killer T-cells recognize and destroy the body's damaged cells. 7. Infected body cell 8. A small number of T-cells continue to live on as memory cells. |
The cell-mediated immune response consists of three stages: 1) the activation and attack by the T-cells, 2) proliferation of the suppressor cells that shut down the immune response, and 3) the persistence of the memory cells. After completing the active defense, the time has now come to withdraw. For this, the suppressor T-cells rapidly begin to multiply and accelerate the halting of the response. |
Жогоруда терең каралган иш-чаралар дененин өзгөчө кырдаалдагы абалын көрсөтөт. Эгер ал иш-чаралар көзөмөлсүз улана берсе, б.а. оорудан кийин да В клеткалары көбөйүүнү улантып, Т клеткалары бир жерден бир жерге чуркап бүт коргонуу клеткаларын согушка чакыра берсе, башкаруусуз жана максатсыз бир согуш улантылган болот. Бул болсо ден-соолугу жайында болгон клеткалардын да зыян тартышына, дененин ашыкча чарчашына жана кыйроого себеп болот. Мунун алдын алуу үчүн согуш бүттү деген кабар бүт денеге жайылышы керек. Бул кызмат да башка бир кан клеткасына, «токтоткуч Т клеткасына» жүктөлгөн. Бул клетка иммундук клеткаларды жоошутуп, иммундук системанын кайра кадимки абалына кайтышын камсыз кылат. Токтоткуч Т клеткалары чыгарган заттары аркылуу В клеткаларынын иштерин жайлатышат. Өлтүргүч Т клеткаларынын согушту токтотушун камсыз кылышат. Жардамчы Т клеткаларынын санын азайтып, денени тынчтандырышат.
Defense by Means of Cells or Antibodies | |
A. STIMULUS: | 1. If a primary contact: |
12. MAIN TARGET: Intracellular (viruses, some fungi and protozoans), cancer cells, graft cells 15. MAIN TARGET: Extracellular (bacteria, viruses' extracellular phases, some fungi and protozoans) | |
The human immune system is extraordinarily complex. Even this diagram omits many details, and many processes are not shown. The working of the system, even in general terms, is exceedingly detailed and rational. |
Согуш эми бүткөн болот. Ортодо көптөгөн өлүү клеткалар, бактерия калдыктары менен урандылар калат. Мына ушул этапта фагоциттер ишке киришет. Фагоциттер согуш майданына жайылып, канча калдык, өлүү клетка бар болсо, алардын баарын тазалайт. Тазалоо учурунда айланада жабыр тарткан кыртыштарга да бир катар биринчи жардам көрсөтүшүп, жабыр тарткан бөлүктөрүн жаңылашат.
Согуштан соң Т жана В клеткаларынын көпчүлүгү бир канча күн ичинде өлүшөт. Калган кичинекей бир топ болсо көпкө чейин жашашат. Бул клеткалар денедеги окуялардын «күбөлөрү» жана өз урпактарынын уланышы үчүн аман калышы өтө маанилүү. Алар согуштун башталышына себеп болгон кол салуучунун «таанылуу белгисин», б.а. антигенин таанышат жана ушул өзгөчөлүгүнөн улам эми иммундук клетка эмес, «эске тутуучу клетка» болуп калат. Мурда кол салган бир вируска карата «иммунитеттин» пайда болушу ушул эске тутуучу клеткалар урматында болот. Эске тутуучу клетка денеге басып алуу максаты менен кирген ошол эле клетканы кийинки жолкусунда эшиктен тосуп алат жана анын күчтөнүшүнө мүмкүндүк бербей туруп жок кылынышын камсыз кылат.
Бул жерде айтылып жаткан эки душман – бир-биринен кабарсыз эки түрдүү клетка. Бирөөсү дененин ичинде жашайт, экинчиси болсо сырттан келген бир конок. Бул клеткалар бир-бирин «таануу» механизмине кантип ээ боло алышы мүмкүн? Бир клетка кооптуу деп ойлогон башка клетка жөнүндөгү маалыматтарды кандай чечим менен жана кантип өзүндө сактап калат? Бүт башка достору өлүп жатканда, ал эмне үчүн жана кантип тирүү калат? Жогоруда сансыз майда-бараттары карап чыгылган иммундук системанын кокустук окуялар, көзөмөлсүз жана сокур кокустуктар натыйжасында пайда боло алаарына ишене аласызбы? Мынча далилдер турганда буга ишенүү, албетте, мүмкүн эмес. Бул жерде болуп жаткан окуялар – аң-сезимдүү окуялар, аң-сезими бар бир адам да башкара албай турганчалык кемчиликсиз жана контрольдуу. Бул жагдай бизди дайыма бир эле чындыкка алып барат: кокустук мутациялар мындай турсун, аң-сезими бар адамдардын кийлигишүүсү менен да пайда болбой турган бул система бир Жаратуучунун бар экенин апачык көрсөтөт.
Бүт нерсени «Бол» деген буйругу менен жараткан Аллах бул кичинекей жандыктарды жоктон бар кылып, аларга кемчиликсиз бир төп келүүчүлүк менен тартип берген жана жасашы керек болгон иштерди аларга илхам кылган. Мына ушул себептен бул иммундук клетка дененин душманын таанып, аны эсинде сактап калып, анын кийинки урпактарга зыян тийгизишинин алдын алуу үчүн кароолдо турууда. Аллах улуу бир илим менен жараткан бул жандыктардын өзү эле бир адамдын ыйман кылышына жетиштүү бир себеп болот жана Аллахтын Улуу кудуретинин бир далили.
Аллах Куранда төмөнкүдөй билдирет:
Андай болсо мактоолор асмандардын Рабби, жердин Рабби жана ааламдардын Рабби Аллахка тиешелүү. Асмандарда жана жерде улуулук Аныкы. Ал – улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Жасия Сүрөсү, 36-37)
1. Membrane attack complex (MAC) forms A. The activated complement attaches to the pathogen's membrane in stages and forms the membrane attack complex (MAC). B. MAC, inserted into the cell membrane, initiates the destruction of the cell. |
Өтө көп түрдүү клетка тиби бар ак кан клеткалары, б.а. лейкоциттер дем алып баштаган кезиңизден баштап сиз үчүн зыяндуу боло турган бүт нерсе менен согушууга программаланган. Сиздеги бул кемчиликсиз механизмдин кичинекей бир бөлүгүнүн эле кем болушу жөнөкөй эле бир оорудан өлүп калышыңызга себеп болушу мүмкүн.
Денеңизде бул кемчиликсиз механизмден тышкары, сиз оорубасаңыз да иштеп жаткан коргоочу кызматкерлер бар. Ал коргоочу кызматкерлер сиз төрөлгөндөн өлгөнгө чейин денедеги «ар бир клеткага» кол салууга программаланган. Бул чындыгында өтө таң калыштуу, милдети денени коргоо болгону менен, денени түзгөн бүт клеткаларды душман көрүшөт. Булар түзгөн система «толуктоочу (комплементардык) система» деп аталат. Толуктоочу молекулалар – бул 20 түрдүү белоктон турган молекулалар. Боордо өндүрүлөт жана кан айлануу системасына ошол жерден кошулушат. Кадимки шарттарда кандын ичинде туш келди жана эч нерсеге тийишпей айланып жүрүшөт. Бирок сигнал алганда заматта көргөн бүт клеткаларын жок кылууну чечишет.
Бул сигнал бир толуктоочу клетка аркылуу денедеги системанын баарына тарайт. Сигнал аркылуу денеде дос душман деп айырмалоо жасашпайт. Ушул себептен, дененин өзүнүн клеткаларына да жабышып аларды жок кылууга аракет кылышы мүмкүн. Бирок дене клеткаларын өлтүрүшүнө уруксат берилбейт. Себеби дене клеткалары өздөрүн коргонуу жөндөмү бар, өтө акылдуу клеткалар. Толуктоочу молекулаларды көргөндө «таанышат». Толуктоочу молекулалар дененин клеткаларына тийер замат дененин клеткалары аларды таасирсиз кылат. Ошентип дене өзүнүн аскерлери тарабынан өлтүрүлбөйт. Денеге кирген жат организмдер болсо эч күтпөгөн бул коргоочу кызматкерлердин чабуулуна сөзсүз дуушар болушат. Толуктоочу молекулалардын бирөөсү жат организмге уланганда, формасы өзгөрөт. Андан соң толуктоочу молекуланын биринчи белогу бактерияга уланат. Анан толуктоочу системага тиешелүү башка белоктор да бактерияга бир-бирден уланышат жана толуктоочу аңчылары кол салган бактериянын бетин ороп калат. Толуктоочу (комплементардык) системанын акыркы мүчөсү болсо клетка мембранасына чабуул жасоого милдеттүү. Бул акылдуу молекула коргоосуз калган бактериянын жалгыз коргоосу болгон клетка мембранасында бир тешик ачат.51 Чабуулдан соң бактериянын ичине суу кирип жарылат. Кээде болсо толуктоочу молекулалар башка бир ыкма колдонушат. Душмандарын ичке бир кабыкча менен ороп, аларды башка жегич клеткалар үчүн белгилеп коюшат.
1. Lesion |
Complement cells cause lesions by perforating the invader cell's membrane. Any further harm from the invader cell is thus prevented. |
Бул мисалдан да көрүнүп тургандай, адам денесинин ар бөлүгүндө кереметтүү бир акыл бар. Бул акыл денени коргогон, өмүрүн сактаган ар бир организмде бар. Дене клеткаларынын комплементардык чабуулчуларды таанышы шарт. Антпесе бир эле чабуул адам өмүрүн бүтүрүшү мүмкүн. Бул күчтүү коргоочулар дайыма кызматта болушу керек. Эми бир ойлоп көрөлү:
Адам денесинде мындай кемчиликсиз комплементардык системанын бар экенин канча киши билет? Бул темада адистешкен илимпоздордон тышкары бул механизмди билгендердин саны, албетте, өтө чектүү. Бирок, анткен менен, бүт адамдарда бул кемчиликсиз система орнотулган. Бул система дайыма эч тынымсыз иштеп турат. Себеби аларды Раббибиз Аллах жаратат жана аларга денеде согушуу же коргонуу маалыматын Аллах берет. Каерде кимге каршы күрөшөөрүн аларга Аллах илхам кылат. Кызматтарын Аллах аныктайт жана алардагы кемчиликсиздик Аллахтын бир берешендиги. Жана сиз Аллах каалаганы үчүн жана Ал каалаган ыкма менен денеңизге кирген чабуулчулардан корголосуз. Бул жерде баяндалган бул кемчиликсиз система – бүт детальдары менен, чексиз кудуреттүү Раббибиздин жараткан эмгеги.
Дене ичиндеги согуш дайыма эле жеңиш менен аяктабашы мүмкүн. Толуктоочу молекулалардан да жөндөмдүүрөөк бактериялардын денеге кириши ал молекулалардын бүт системасын астын-үстүн кылышы мүмкүн. Мындай жагдайдагы эки тараптуу акыл демонстрациясы болсо өтө таң калыштуу. Мисалы, өпкө инфекцияларына себеп болгон пневмококк бактериялары аларга кол сала турган жоокер молекулаларды денеге кире электе эле таанышат. Аларга ал молекулаларды эки организмдин тең сыпаттарын билген, аларды жараткан, аларды дайыма көзөмөлдөп башкарып турган Улуу Раббибиз тааныткан. Денеге инфекция максатында кирген бул бактериялар аларды комплементардык молекулалар тааныбай кала турган жылмакай бир мембрана менен оронушкан. Мунун урматында комплементардык молекулалар ал бактериялардын чакырылбаган жана зыяндуу коноктор экенин билбей калышат.
Throughout the human body, a perfect intelligence prevails. Cells charged with defending the body are equipped with perfect systems with which to recognize the enemy. |
Бактерия андан соң денеде каалагандай жолун уланта алат деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок кемчиликсиз механизми бар адам денесинде биринчи тузактан кутулган жат нерселер экинчи чоң тоскоолдукка жолугушат. Ири макрофагдар бактериянын таанылышына тоскоол болгон жылмакай тонду айрып, аны узун колдору менен тутуп жешет. Бул ыкманы колдонбогондо болсо бактерияларды белгилеп коюучу бир зат чыгарышат. Бактериялар белгиленгенде толуктоочу молекулалар жана башка жегич клеткалар аларды таанып, жок кылышат.52
Булардын баары денеге кирген жат бактериянын да, дене ичинде аны менен согушкан молекулалардын да бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын көрсөтүүдө. Бактериялар кандай коркунучка туш болоорун алдын ала билишет. Дене клеткалары болсо денеге кире турган ыктымалдуу бир бактерияга каршы аны менен тааныша электе эле чараларды көрүп коюшат. Бул, албетте, бүт нерсени бүт ааламдын Ээси жана абсолюттук Өкүмдары, Малиги болгон Аллахтын жараткандыгын көз алдыга тартуулоо үчүн денебизде жаратылган мисалдардын бирөөсү. Куран аяттарында бул чындыкка төмөнкүдөй көңүл бурулат:
The HIV virus knows what it will fight against in a body it has never previously entered. Therefore, instead of attacking all the cells in the body one by one, it infects the very defense cells that would otherwise declare war on it, and installs itself inside them. A defense system whose elements have been damaged can no longer function. |
Айткын: Адамдардын Раббисинен коргоо тилеймин. Адамдардын Малигинен (Ээсинен), Адамдардын (чыныгы) Кудайынан. (Нас Сүрөсү, 1-3)
Чыныгы Малик Аллах өтө Улуу, Андан башка кудай жок; Керим, Арштын Рабби. (Мүминун Сүрөсү, 116)
Алигече чарасы табыла элек, өлтүрүүчү бир оору болгон СПИД болсо чабуулчунун да, коргонуучунун да бир Жаратуучу тарабынан жаратылганына дагы бир мисал болот. Бул оорунун себеби болгон ВИЧ вирусу дененин иммундук механизмине каршы пландалган бир тактика менен чогуу денеге кирет. Мурда көрө элек бир денеде ага каршы кимдин согушаарын билгендей иш-аракет жүргүзөт. Мына ушул себептен денеге кирээр замат башка вирустар сыяктуу кандайдыр бир клетканын ичине кирүүнүн ордуна, түз барып денедеги жаттарды жок кылып, аны башка иммунитет мүчөлөрүнө кабар берүү кызматын аткаруучу «кабарчы Т» клеткасынын ичине кирет. Клетканы бузуп, анын коркунучту кабар беришине жолтоо болот. Мүчөлөрү жабыр тарткан иммундук система эми мурдакыдай өз функциясын аткара албай калат. Мунун натыйжасында дене эми жөнөкөй бир грипп микробу менен да согуша албай турган абалга келет. ВИЧ вирусунун иммундук системаны кыйратуучу таасири себебинен бир грипп вирусу да адамды өлтүрө алат.
Killer T-Cells Deal a Lethal Blow... | |
1. Tobacco mosaic virus (TMV) 2. Influenza virus 3. Adenovirus 4. Lambda bacteriophage Remove just one element from the immune system, and that system can serve no purpose. The leukocytes comprising the system are irreducibly complex. They represent a perfect example of the superior works created by God. |
Иммундук системаны түзгөн клеткалар комплекстүү бир тармак аркылуу бир-биринен көз-каранды иш алып барышат. Алардын кээ бирлери коркунучту байкайт, кээ бирлери биринчи токтотуу аракетин баштайт, кээ бирлери башка иммундук клеткаларга кабар берет, кээ бирлери чыныгы өлтүрүүчү соккуну урат, кээ бирлери болсо келечектеги коркунучтарга карата эске салуучу катары бир тарапта күтөт. Бул тармактын бир бөлүгүн эле алып койсоңуз, эми иммундук системаңыз жок болуп калат. Мисалы, эгер бул системадан жардамчы Т клеткаларын алып салсаңыз, денеде өлтүрүүчү клеткалар болгону менен, алар коркунучту сезбей да калышат. В клеткалары менен өлтүрүүчү Т клеткаларын алып салсаңыз, жардамчы Т клеткалар коркунучту кабар бере турган кандайдыр бир жогорку бөлүк жок болуп калат. Бул системадан табигый өлтүргүчтөрдү алып койсоңуз, денеге кирген чыдамкай душмандар жок кылына албай калып, бир даана күчтүү бактерия дененин эч нерсе кыла албай калышына себеп болот. Эске сактоочу клеткаларды алып салсаңыз, дененин жат организмдерге каршы иммунитети жоголот жана денедеги иммундук клеткалар денеге кирген бир эле душман менен кайра кайра согуша берүүгө мажбур болот. Бул болсо кыска убакыт ичинде иммундук системанын алсызданышы деген мааниге келет; дене жаңы ооруларга чыдамкай боло албай калат жана, ошондой эле, бир эле оору менен кайра кайра ооруй беришиңизге себеп болот.
Ошондуктан кан айлануунун коргонуу системасын түзгөн лейкоциттер «кемитүүгө болбой турган комплекстүүлүктө». Мунун мааниси мындай: бул механизмдеги кандайдыр бир бөлүктү кемитип коюуга, алып салууга болбойт. Эгер бөлүктөрдүн бирөөсү жок болсо, система толугу менен ишке жараксыз болуп калат. Система ишке жараксыз болуп калганда болсо, жөнөкөй бир суук тийүү вирусу да кыска убакыт ичинде адамды өлүмгө алып барат. Денеге кирген вирус эч бир тоскоолдукка туш болбогону үчүн каалаган клеткага жайгашып, каалагандай көбөйөт. Кадимки шарттарда дене клеткаларынын өндүрүшү өтө кылдат көзөмөлдөнүп турат. Ал эми вирустун өз механизминде мындай көзөмөл жок болгондуктан, вирус ичине кирген клетканын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, кыска убакыт ичинде денени басып алат. Иммундук системасы «химиотерапия» сыяктуу дарылоо ыкмалары менен жок кылынган кишилердин жана СПИД оорулууларынын ар кандай ооруга оңой чалдыгышынын себеби ушунда.
Иммундук клеткалар жок болсо, денеге коргой турган бир системаны кошуу шарт болот. Эгер кошуу мүмкүн болбосо, анда бул сөзсүз өлүм менен аяктайт. Лейкемия оорусу да иммундук клеткалардын деформациясынан келип чыккан СПИД сыяктуу өлтүрүүчү бир оору. Бул ооруда кандагы лейкоциттердин формалары бузулуп, өзгөрөт. Формасы өзгөргөн лейкоциттер натыйжада өз кызматын аткара албай калышат жана бул жалпы иммундук механизмдин артта калышына себеп болот. Дээрлик бүт лейкемияларда контрольсуз көбөйгөн клеткалар айланадагы кыртыштарга тарап, алардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонушат. Натыйжада кыртыштар кыска убакыт ичинде мурдакы функцияларын аткара албай бузулушат.
Лейкемиялуу кыртыштардын өтө тездик менен жаңы клеткаларды өндүрүп башташы дене суюктуктарында өтө көп көлөмдө азыкка, өзгөчө аминокислота менен витаминдерге муктаждыкты пайда кылат. Мунун натыйжасында дененин энергиясы барган сайын азайат. Ашыкча аминокислота колдонулушу кадимки дене белокторунун түгөнүшүнө себеп болот. Ошентип лейкемиялуу кыртыштар чоңойуп, башка кыртыштар алсыздайт. Системанын ушундай уланышы да кыска убакыт ичинде өлүмгө алып барышы мүмкүн.53 Ооруну айыктыруунун эң натыйжалуу жолу ага бекем жана ден-соолугу жайындагы кан клеткаларын өндүрө ала турган жаңы бир жилик чучугун коюу болуп саналат.
It is God Who created the seven heavens and of the Eart the same number,the command descending down through all of them,so that you might know that God Has power over all things and that God encompasses all things in His knowledge. Surat at-Talaq:12 |
Көрүнүп тургандай, бул системанын эволюция менен келип чыккан болушу мүмкүн эмес, себеби бүт элементтери менен чогуу иштегенде гана ишке жарайт. Бул система – бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге жаратылган жана бүт бөлүктөрдүн чогуу координациясы менен иштеген бир кемчиликсиздик мисалы. Мына ушул себептен бир Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгынын маанилүү бир далили. Бул жерде да Аллахтын кемчиликсиз жаратуу мисалын көрүп турабыз. Бир аятта Аллах жаратуу чындыгын төмөнкүчө кабар берет:
Бул Аллахтын жаратышы. Демек, Андан башкалардын жараткандарын Мага көрсөткүлөчү. Жок, зулумдук кылгандар апачык бир адашууда. (Локман Сүрөсү, 11)