Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (5/10)

Дарвинисттердин Оозун Жап Кылган Кереметтүү Молекула

amino acid

A. Hemoglobin molecule
B. Amino acid sequence of the hemoglobin molecule

1. amino acid 1
2. Amino Acid 2

3. Amino Acid 3
4. Amino Acid 4

5. Amino Acid 5
6. Amino Acid 6

As in all other biochemical structures, the complex structure of hemoglobin is too sensitively balanced to tolerate any randomly occurring mutation. Any accidental chemical change in its structure would immediately turn this valuable protein into a functionless assortment of amino acids.

Дарвинизм жандыктар эки табигый механизм менен пайда болгон жана өнүккөн дейт: табигый тандалуу жана мутация. Иш жүзүндө бул эки механизмдин жаңы бир жандыкты пайда кылышы же бир жандыкка бир өзгөчөлүк кошушу эч качан мүмкүн эмес (караңыз: Harun Yahya, Hayatın Gerçek Kökeni (Харун Яхья, Жашоонун чыныгы келип чыгуу себеби), 2003). Бирок буга карабастан, дарвинист булактарда бүт жандыктар ушул эки сокур (кокустук) механизмдердин натыйжасында келип чыккан деп айтылат. Бирок бир аз көңүл коюп караганда, алардын сөздөрүндө бул механизмдердин эмнелерди жасай алаары жөнүндө эч бир маалымат айтылбайт.

Мына ушул себептен сиз китептен окуган же тасмадан көргөн эволюционист материалдардын баары көз бойомочулук. Мисалы, бир деңиз жандыгынын ар кандай мутациялар натыйжасында кургактыкта жашоочу жандыкка айланып баштаганын айткан бир даректүү тасмадагы же бир макаладагы узун сүйлөмдөр илимий терминдерге толо болушу мүмкүн. Бирок «мутациялардын каерде, эмне себептен пайда болгону, жандыкка кандайча таасир берип, кандай өзгөрүүлөргө себеп болгону, кандай этаптар менен жүргөнү» сыяктуу негизги жагдайларды эволюционисттердин сөздөрүнөн жолуктура албайсыз. Себеби эволюционисттер мындай кыялдагы баскычтарды түшүндүрүүгө аракет кылса, эволюция деген процесстин жок экенин моюнга алууга мажбур болуп калышаарын билишет.

Гемоглобин жөнүндө айтылган эволюционист түшүндүрмөлөр да ушундай. Гемоглобин сыяктуу бир керемет молекуланын кыялдагы бир эволюциясы жөнүндө көз бойомочулуктан башка илимий баркы бар бир сөздү да таба албайсыз.

Гемоглобин комплекстүү түзүлүшү жана ар башка жандыкта ар кандай формада болушу менен эволюционисттерге өтө чоң кыйынчылык жаратууда. Эволюционист генетик Гордон Реттрей Тейлор (Gordon Rattray Taylor) Great Evolution Mystery аттуу китебинде муну төмөнкүдөй мойнуна алат:

«Гемоглобин көптөгөн ар түрдүү типте көрүнүп, эволюция аңгемесинде туш келди пайда болууда. Paramecium деп аталган кээ бир түрлөрдө (дээрлик бүт биология сабагында окутулган өтө жөнөкөй бир клеткалуу жандык) кездешет. Курттарда, моллюскаларда, курт-кумурска, чымын-чиркейлерде жана ал тургай боб (буурчак) өсүмдүктөрүнүн тамырларында бар. Бүт мындай көп түрдүү жандыктардын баарында кантип бар экени болсо өтө түшүнүксүз. Бир нерсе анык белгилүү; ар жолкусунда, бир-биринен толугу менен көз-карандысыз абалда, бул молекула кайра кайра алдыбыздан чыгууда.»30

Өзү эволюционист болсо да, Гордон Реттрей Тейлор апачык кабыл алууга мажбур болгон бул чындык өтө маанилүү. Гемоглобиндин ар башка жандык түрүндө ар кандай формаларда болушу жана ал түзүлүштөрдүн кыялдагы эволюциялык схемалардын бирөөсүнө туура келбеши бул маанилүү молекуланын ар жандык тобу үчүн өз-өзүнчө жана өзгөчө кылып жаратылганын апачык көрсөтүүдө. Тейлор «бир-биринен көз-карандысыз пайда болгон» деп сүрөттөгөн бул чындык – бул жаратылуу.

Ушул эле чындыкты биохимия профессору Майкл Дентон Evolution: A Theory in Crisis (Эволюция: кризис ичинде бир теория) аттуу китебинде мындайча айтат:

«Молекулярдык деңгээлде балык, жерде сууда жашоочу, сойлоочу жана сүт эмүүчү тизмегинен турган салттык эволюция сериясынын кичинекей бир изи да жок. Таң калыштуусу болсо адам гемоглобини жагынан балыкка караганда миногго (жылан балыгына окшош бир суу жандыгы) көбүрөөк жакын.»31

alpha beta

1. Alpha chain
2. Beta chain

3. Heme

At least 120 mutations are necessary in order for the alpha and beta chains that comprise hemoglobin to turn into one another. However, a variation in just one amino acid in this sequence may destroy the blood cells. The cause of sickle cell anemia is just one such mutation.

Болгондо да, гемоглобиндин комплекстүү түзүлүшү, башка бүт комплекстүү организмдердеги сыяктуу, туш келди кандайдыр бир мутацияга эч мүмкүндүк бербей турган даражада кылдат. Гемоглобин белогун түзгөн аминокислота тизмеги өзгөчө тизмегин жоготкондо ишке жараксыз бир аминокислота тобу гана болуп калат. Бул молекуланын ал үчүн белгиленген өзгөчө аминокислота тизмегине кокустан ээ боло алышы 10950дөн 1 гана ыктымалдыкка барабар. Б.а., эч мүмкүн эмес.

Массачусетс технология институтунан (Massachusetts Institude of Technology – MIT) Мюррей Эден (Murray Eden) бул жөнүндө мындай дейт:

«Гемоглобин эки чынжырдан турат; альфа жана бета. Альфаны бетага айлантуу үчүн эң аз 120 мутация керек. Бул өзгөрүүлөрдүн эң аз 34ү 2 же 3 нуклеотид арасында орун которууларды талап кылат. Бирок эгер мутация учурунда бир гана аминокислота өзгөрсө, анда кан бузулат жана организм өлөт!»32

Эгер гемоглобинди түзгөн аминокислоталардын туш келди бирөөсүн алып же ал аминокислоталардын туш келди эки даанасынын ордун бир-бири менен алмаштырып койсоңуз, анда белок бузулушу же бүт функциясын жоготушу мүмкүн. Буга жогоруда каралган орок клетка анемиясы оорусу эң жакшы мисал болот. Орок клетка анемиясынын пайда болушунун бирден-бир себеби – бул гемоглобин тизмегин түзгөн эки аминокислотанын бир-бири менен орун алмашуусу гана. Өтө олуттуу натыйжаларга себеп болгон жана алигече дарысы табыла элек бул оору гемоглобинди түзгөн 287 аминокислота арасынан экөөсүнүн гана башка жерде болушу натыйжасында келип чыгат. Нобель сыйлыгынын ээси биология профессору Джордж Уолд (George Wald) бул жөнүндө мындай дейт:

«Кандайдыр бир түрдөгү БИР ГАНА мутациялык өзгөрүү гемоглобиндин жакшы иштебешине себеп болот. Мисалы, гемоглобиндеги 287 аминокислотадан бирөөсүнүн эле өзгөрүшү орок клетка анемиясына себеп болууда. Бул ооруда глутамин кислотасы бөлүгү валин бөлүгү менен орун алмашкан – жана натыйжа: бул ооруга кабылгандардын 25%ы өлүшүүдө.»33

Дарвинисттер эволюцияны күчтүү илимий далилдери бар бир теория, ал тургай, бир «чындык» катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Бирок Аллах теңдешсиз кылып жараткан бир даана гемоглобин молекуласы дагы, комплекстүүлүгү жана жандыктар арасында кыялдагы «эволюция дарагын» кыйраткан таралышы менен, теорияны туюкка такаганга жетиштүү болот.

Булчуңдардын Кычкылтек Булагы: Миоглобин

Two Marwels of Creation: Myoglobin and Hemoglobin
myoglobin and hemoglobin

1. Myoglobin

2. Hemoglobin

The muscles require less oxygen than other cells in the body. For that reason, a different molecule has been created to distribute oxygen to the muscles. While hemoglobin meets the tissues' needs with the four oxygen molecules it carries, myoglobin gives life to the muscles with its one oxygen molecule. This special organization is a flawless creation of God.

Денеде булчуңдарга кычкылтек ташуу кызматын аркалаган миоглобин аттуу башка дагы бир молекула бар. Бул молекула гемоглобинге абдан окшош, бирок гемоглобинден айырмаланып бир даана кычкылтек атомун ташый алат. Миоглобин булчуңдар үчүн жаратылган өзгөчө бир молекула. Себеби булчуңдардын кычкылтекке болгон муктаждыгы аз-аздан жана белгилүү сандарда. Миоглобин төрт эмес, бир даана гана кычкылтек атомун ташып, булчуңдардын муктаждыгына жооп берет. Бирок денедеги башка клеткаларда жагдай мындай эмес. Кандын башка кыртыштарга дээрлик секунда сайын көп көлөмдө кычкылтек жеткириши шарт. Кыртыштардын бул муктаждыгы гемоглобиндин төрт кычкылтек молекуласы менен байланыш түзө алышы аркылуу канааттандырылат.

Эгер бул кызмат бөлүштүрүү тескерисинче болгондо, миоглобин денеге жетиштүү көлөмдө кычкылтек тарата алмак эмес, гемоглобин болсо булчуңдарга ашыкча кычкылтек берип, алардын күйүшүнө себеп болмок. Бирок гемоглобин да, миоглобин да кычкылтекти денеде башка бир жерге алпарышпайт. Ааламдардын Улуу Рабби Аллахтын буйругу менен кыймыл-аракет жасаган бул молекулалар өз кызматтарын катасыз, кемчиликсиз орундатышат. Бир аятта төмөнкүдөй кабар берилет:

Алар Аллахтын дининен башка бир дин издеп жатышабы? Чындыгында, асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары – кааласа да, каалабаса да – Ага моюн сунат жана Ага кайтарылышууда. (Али Имран Сүрөсү, 83)

Миоглобин-Гемоглобин Жөнүндөгү Эволюционист Пикирлердин Негизсиздиги

Sperm Whale Myoglobin
Sperm Whale Myoglobin

1. Sperm whale myoglobin

The myoglobin molecule is especially created for distributing a single oxygen molecule. Any random interventions in that molecule will damage it and cause it to become nonfunctional.

Окшош кызматтарды аркалаган гемоглобин менен миоглобин молекулалары окшош молекулярдык өзгөчөлүктөргө ээ. Алардын гемо топтору бир-биринен такыр айырмаланбайт жана төрт чынжыр да бирдей кабатталат. Бул окшоштукту эволюционисттер өз теориялары үчүн бир далил катары кабыл алышып, 1959-жылы бул эки молекуланы «тууган» деп жарыялашкан.

Табиятта көптөгөн түзүлүштөр молекулярдык жактан окшош. Бир-биринен бир даана атом менен айырмаланган эки молекула бир-биринен толугу менен айырмалуу эки түзүлүштү пайда кыла алышат. Ал тургай, атомдору бирдей, бир-бири менен байланыш формалары ар башка болушу да эки молекуланын бирөөсүн даамдуу бир тамак, экинчисин болсо бир дарак бутагы кылууда. Гемоглобин менен миоглобин да – бирдей өзгөчөлүккө ээ болгон эки башка молекула. Бир-бирине окшош молекулярдык түзүлүштө экени туура. Бирок буга таянып гемоглобинди миоглобинден эволюциялашкан деп айтуу акылга сыйбайт. Бүт эволюционист пикирлер сыяктуу, бул пикирди да колдогон эч бир илимий далил жок.

Эволюционисттер бул темада миоглобин молекуласы убакыт ичинде мутациялар натыйжасында өзгөрүп «өнүгүп» гемоглобинге айланган дешет. Бирок гемоглобин да, миоглобин да өтө комплекстүү түзүлүштөгү жана өтө комплекстүү химиялык иштерди жасаган эки өзгөчө молекула. Бул молекулаларга болгон кандайдыр бир мутация таасири, кичинекей бир өзгөрүү бул түзүлүштү толугу менен бузат. Миоглобин молекуласынын тизмеги ушунчалык кылдат болгондуктан, туш келди мутациялар мындай турсун, тизмеге болгон пландуу кийлигишүү да, молекуланы ишке жараксыз кылып коюшу мүмкүн. Болгондо да, эволюционисттердин сөзүн далилдей алышы үчүн миоглобин менен гемоглобин арасындагы ар бир өтүү этабы функционалдуу (жана болгондо да мурдакы баскычтан пайдалуураак) болушу керек. Чындыгында болсо мындай бир «ортоңку (өткөөл) форма» сүрөттөлө албоодо.

Мындан тышкары, гемоглобинди миоглобиндин өнүккөн абалы деп айтуу да өтө туура эмес жана жаңылыштык. Миоглобин булчуңдарды азыктандыруу үчүн бир даана кычкылтек молекуласын ташый турган кылып жаратылган өзгөчө бир молекула. Гемоглобинден айырмаланып ушундай бир түзүлүштө болушу жана булчуңдарды күйүп кетүүдөн куткарышы – анын жаратылгандыгынын ачык далилдеринен. Мурда да айтып кеткендей, булчуңдарга денедеги башка клеткалардан башка көлөмдө кычкылтек жеткирилиши денедеги жаратуу мисалдарынын бирөөсүн түзөт.

Бул пикир менен байланыштуу дагы бир маанилүү боштук болсо – бул эволюционисттердин гемоглобинди пайда кылган деген миоглобиндин кантип пайда болгонун дагы эле түшүндүрө албагандыгы.

Эритроциттер Муктаждыкты Аныкташат

Эритроциттер кылган ишинин маанилүүлүгүн билгендей иш-аракет кылышат. Ушул себептен, тынымсыз дененин ичинде кыдырууга чыгып, муктаждыкты аныкташат жана өзгөчө кырдаалды көргөндө болсо чара көрүшөт. Мисалы, кычкылтекти калтыруу жумушун көп иштеп, кычкылтекке абдан муктаж болгон бир кыртыштын жанынан өтүп баратып жасашат. Ал жерде керектүү кычкылтекти кыртышка берип, дененин негизги азыгы болгон шекер күйгүзүлгөндөн чыккан көмүр кычкыл газын алып, аны өпкөгө алып барып, ал жерге калтырат жана кайрадан өздөрүнө кычкылтекти жабыштырышат.

Бул алып-берүү ишинде, жогоруда терең каралган, өтө кылдат бир тең салмактуулук бар. Эритроцит клеткалары каерде кычкылтек муктаждыгы бар болсо, сөзсүз ошол жакты көздөй жөнөшөт. Ошол эле учурда денеде эритроцит клеткасына муктаждык бар же жок экенин да текшерип, чечим алышат. Бул көзөмөл болсо өтө маанилүү. Клеткаларыңыздын жана денеңиздеги түзүлүштөрдүн кычкылтексиз калып өлүшү ушул кылдат көзөмөл аркылуу алды алынат.

Бийик бир тоого чыгып баратканда кездеги денеңиздеги өзгөрүүлөр да ушул кылдат көзөмөлдүн бир натыйжасы. Денедеги өзгөрүүлөргө бийиктик жогорулаган сайын мурдакыдай оңой кычкылтек таба албашыңыз себеп болот. Атмосферадагы 21%дык кычкылтек жердин тартылуу күчүнүн таасиринен астыңкы катмарларда тыгызыраак болот. Сиз азыраак тыгыздыктагы атмосферага киргенде башында ал чөйрөгө жакшы көнө албайсыз. Барган сайын алсырап, баса албай, чарчап, ал тургай, эсиңизди жоготушуңуз мүмкүн. Себеби денеңизде нормалдуу жашооңузду улантуу үчүн жетиштүү көлөмдө кычкылтек жок болуп калат. Бирок бул маселе Аллах адам денесине берген кээ бир колдоочу өзгөчөлүктөр натыйжасында чечилет.

snow

When God desires to guide someone, He expands his breast to Islam. When He desires to misguide someone, He makes his breast narrow and constricted as if he were climbing up into the sky. That is how God defiles those who have no faith. ."(Surat al-An'am: 125)

Эң биринчиден мындай башкача чөйрөдө дене коңгуроо кагат. Дененин биринчи чарасы өтө маанилүү кыртыштардын (тканьдардын), өзгөчө мээнин нормалдуу иштеши үчүн керектүү көлөмдө кычкылтек алып же албай жатканын текшерүү болот. Мээ дене алган кычкылтектин 20%ын колдонгондуктан, дененин негизги корголушу керек болгон аймагы болот. Дем алуу жана жүрөк тамырларын түзгөн система толугу менен ушул кызматты орундата турган кылып жаратылган. Жүрөккө жакын жайгашкан кан тамырларынын көпчүлүгү кычкылтек басымынын төмөндөшүнө карата өтө так биологиялык таразалар менен жабдылган. Алдыда терең карала турган бул жагдай – Аллахтын бүт нерсени улуу бир тең салмактуулук менен жараткандыгынын маанилүү бир далили. Нерв клеткаларынан сигнал жөнөтүлгөн өпкө булчуңдары иш-аракеттерин ылдамдатат жана өпкөлөргө көбүрөөк аба барышы үчүн дем алып-чыгарууну көбөйтөт. Бийик бир жерге алгач чыкканыңызда бат-бат дем алып калышыңыздын себеби ушул. Бул убакта өзгөчө химиялык эсептегичтер менен жабдылган мээ кычкылтекке бай кандын дене кыртыштарына батыраак жетиши үчүн жүрөккө күчтүүрөөк жана ылдамыраак согуу кабарларын жөнөтөт.

Булардын баары убактылуу чаралар. Эгер мындай чаралар көрүлбөгөндө, зат алмашуудагы мындай өзгөрүүгө көпкө чейин чыдай албай, өтө чарчап калмаксыз. Чыныгы узун мөөнөттүү чаралар болсо бул окуялардан соң арткы планда ишке ашат.

Төмөн басымдуу абада кычкылтек да аз болот. Бул чектүү кычкылтекти кармоо үчүн кошумча эритроцит өндүрүү иши өтө кыска убакыт ичинде башталат. Тоонун бийик боорлоруна чыкканда, демиңиз кысылып, ал тургай, эсиңизди жоготуп койо жаздаган кезиңизден болжол менен бир канча сааттан соң дене жаңы шарттар үчүн узун мөөнөттүү чаралар көрүү керек деген чечим алат. Бул чечимдин негизинде бөйрөк жана белгилүү деңгээлде боор тарабынан «эритропоэтин» аттуу бир гормон чыгарылып баштайт. Бул гормон жилик чучугуна көбүрөөк эритроцит өндүрүү керек деген кабарларды жөнөтөт. 3-5 күн ичинде «кошумча күчтөр» деп атоого мүмкүн болгон жаңы эритроциттер кандын ичине жайылышат. 15-күндөн соң эритропоэтин өндүрүшү төмөндөйт. Себеби эми дене ал шарттарга көнүгүп, денедеги өзгөчө кырдаал бүткөн болот.34

Мындай ыңгайлашуу чындыгында өтө таң калыштуу. Деңиз деңгээли менен 1800 метр бийиктик арасында жашагандардын бир тамчы канында болжол менен 5 миллион эритроцит клеткасы болсо, бийигирээк жерлерде, мисалы, 4200 метр бийиктикте жашаган адамдардын бир тамчы канында болжол менен 7 миллион эритроцит клеткасы болот.

Бийиктикке жараша өндүрүлгөн эритроциттердин түзүлүшү да өзгөрөт. Бийикке чыккан сайын денедеги эритроцит клеткалары да химиялык жактан өзгөрүүлөргө дуушар болот. Мындай химиялык өзгөрүүлөр натыйжасында жаңы чөйрөдө эритроцит клеткалар кадимки шарттарга караганда көбүрөөк гемоглобин алып жүрүшөт. Болгондо да, эритроциттердеги гемоглобиндер бийиктикке жараша батыраак кычкылтек алып-бере турган жаңы бир түзүлүштө өндүрүлүп баштайт. Башка орган жана кыртыштар да мындай акылдуу чараларга ыңгайлашышат. Булчуңдарга жеткирилген кычкылтек көлөмүн мүмкүн болушунча азайтуу үчүн булчуңдардын көлөмүндө байкалаарлык деңгээлде кичирейүү болот. Мындай кемчиликсиз система урматында кичине бир баш ооруудан соң 15-20 күн ичинде жаңы шарттарга көнүп каласыз. Жүрөгүңүздүн согушу эми нормалдуу абалына кайтат жана өзүңүздү жакшы сезишиңиз үчүн терең терең дем алышыңызга муктаждык калбайт.35

tree

We created you so why do you not confirm the truth? Have you thought about the sperm that you ejaculate? Is it you who create it or are We the Creator? We have decreed death for you and We will not be forestalled. ." (Surat al-waqi'a: 57-60)

Мындай кереметтүү көзөмөл системасын адам өзү башкарабы? Кычкылтек жетишсиздигине чыдабай өзүн жогото турган даражага келген көп адамдар өз денесиндеги мындай кемчиликсиз куткаруучулардан кабары да жок. Андай болсо, бул көзөмөлдү ким жасайт? Мындай өтө кылдат системанын куруучусу, дарвинисттер айткандай, туш келди бир убакта туш келди келип чыккан мутациялар болушу мүмкүнбү? Система ушунчалык кемчиликсиз жабдылып, ушунчалык акылдуу иш-аракет жүргүзгөндүктөн, акылын колдонгон ар бир адам бул жерде кемчиликсиз бир жаратуу бар экенин оңой гана түшүнөт. Өндүрүш жасаган органдар, чара көргөн кыртыштар, мээни коргоого аракет кылган жүрөк менен тамырлар, фермент өндүрүү буйругун берген кабарчылар, ферментти өндүргөн бөйрөк менен боор, бир-бири менен укмуштуу координация ичинде дайыма кыймылда жүргөн клеткалар, булардын баарындагы ар бир белок, ар бир фермент, ар бир молекула, ар бир атом өзүнчө бир керемет. Дененин ичинде бир дагы башаламандык жок.

alyuvar

1- At higher elevations—at 4,200 meters (13,780 feet), for example—the body will have 7 million red blood cells in one drop of blood. That increased number of red blood cells, much greater than normal, is a precaution taken to ensure the survival of humans in attitudes with low levels of oxygen.2-People living at 1,800 meters (5,900 feet) above sea level have only 5 million red blood cells in one drop of blood. This level in such oxygen-rich regions is sufficient for the body's normal functions.

2- People living at 1,800 meters (5,900 feet) above sea level have only 5 million red blood cells in one drop of blood. This level in such oxygen-rich regions is sufficient for the body's normal functions.

Бул кереметтин баары – Аллахтын теңдешсиз жана кемчиликсиз чеберчилиги. Ал бүт нерсени жараткан, бүт жердин жана бүт нерсенин Өкүмдары (Башчысы). Жер жүзүндөгү бүт жандыктарды, ал жандыктардын ичиндеги системаларды Ал билип, башкарып турат. Ал – көзөмөлдөөчү, башкаруучу, бүт жаратылгандарды тартип менен жана тең салмактуулук менен башкарып, бир-бирине жардамчы кылган, Мүдеббир Аллах. Жер жүзүндөгү бүт нерселер – Анын чагылуулары, жана Ага моюн сунат. Себеби Аллах ааламдын чыныгы ээси. Ал баарын Өзү жараткан жана баарын Өзү гана башкарат. Аллах аяттарында бул маанилүү чындыкты төмөнкүдөй кабар берет:

oxygen

The brain uses approximately 20% of the oxygen that the lungs take in. When oxygen deficiency occurs, the brain is the first organ that needs to be protected. The heart and respiratory system possess various features specially created to protect the brain as a matter of priority. By means of various precautions, the oxygen taken into the lungs is first sent to the brain via the bloodstream.

Мына Раббиңер болгон Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир Векил (Өкүл). Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрүп турат. Ал Латиф, (баарынан) Кабардар. (Энъам Сүрөсү, 102-103)

Өмүрү Бүткөн Эритроциттер

Кан суюктугу ичиндеги өмүрү 120-күнгө жакындаганда, эритроциттердин жашоо системалары барган сайын азыраак активдүү болуп калат. Клеткалар улгайган сайын назик боло башташат. Эритроциттердин назик болуп калган мембранасы кан айлануунун тар жерлеринен өтүп баратканда айрылып кетиши мүмкүн. Өзгөчө диаметри 3 микрометр болгон кызыл көк боор пульпасынан өтүп баратканда диаметри 8 микрометр болгон эритроциттер талкаланышат. Мындай тыгылуу натыйжасында көк боордун пульпасында көп санда эритроцит бөлүктөрү кездешет. (Денеден кандайдыр бир себеп менен көк боор алып салынганда, мындай талкалануу болбогондуктан, кандагы анормалдуу жана улгайган клеткалардын саны да көбөйөт.)

Өмүрү бүткөн эритроциттер дененин көп аймагында, өзгөчө боор, көк боор жана жилик чучугундагы макрофаг клеткалары тарабынан талкаланышат. Бул талкалануу учурунда эритроцит клеткасында жайгашкан гемоглобин эркин болуп калат. Анан бир канча саат ичинде макрофагдар гемоглобинден темирди бөлүп алат жана аны кан аркылуу же жаңы эритроцит жасоо үчүн жилик чучугуна же болбосо кийинчерээк колдонуу үчүн боор менен башка кыртыштардагы темир кампаларына алып барышат. Гемоглобин молекуласынын калганы болсо макрофагдар тарабынан бир өт пигментине айлантылат. Натыйжада талкаланган клетканын эч бир бөлүгү текке кетпей, дененин ар кайсы аймактарында кайра колдонулуу үчүн сактап коюлат.36

What Happens to Aged Red Blood Cells?
circulation

A. Circulation for about 120 days
B. Keys
C. in blood
D. in bile

a. Macrophage in spleen, liver or red bone marrow
b. Liver
c. Erythropoiesis in red bone marrow
d. Small intestine
e. Large intestine
f. Kidney

1. Death of a red blood cell and phagocytosis
2. Globin
3. Amino acids
4. Re-used for protein synthesis
5. Heme

6. Fe3+
7. Transferrin
8. Iron - Fe3+
9. Fe3+ - Transferrin
10. Fe3+
11. Globin + Vitamin B12 + Erythopoietin
12. Biliverdin
13. Bilirubin
14. Bilirubin
15. Bilirubin
16. Bacteria
17. Urobilinogen
18. Stercobilin
19. Feces
20. Urobilin
21. Urine

Red blood cells that come to the end of their lives are broken down by macrophage cells, particularly in the liver, spleen and bone marrow. Macrophages release the iron from the hemoglobin into the blood to be sent to storage. The rest of the hemoglobin molecule is turned into a bile pigment. None of the remnants of the cell are wasted, but are sent to various areas of the body for recycling.

Мындай сактап, чогултуп коюу системасына ким, эмне себептен муктаж болгон? Денени түзгөн бөлүктөр – молекулалар менен клеткалар гана. Булар калдыктарды жок кылышы жана темир сыяктуу дене үчүн баалуу заттарды кийинки өндүрүштөр үчүн сактап коюшу керек экенин кантип үйрөнүшкөн? Бул жерде апачык бир пландоо бар. Эритроциттердин белгилүү убактарда талкаланышы керек экенин чечкен, талкалоо ишин макрофагдарга берген бир Эрк бар экени анык. Мына ушул Эрк – жараткан нерселери аркылуу бизге Өзүн тааныткан Раббибиз Аллах. Аны таанышыбыздын жана Улуулугун түшүнүшүбүздүн бир жолу – бул Ал жараткан нерселердеги детальдарды ойлонуу. Адам денесиндеги каралган бул кереметтердин баары бизди Аллах жараткандыгынын далилдеринен.

Денедеги бул эмгек бөлүнүшүндө келип чыккан бир эле кемчилик да өтө олуттуу көйгөйлөргө, ал тургай, өлүмдөргө себеп болушу мүмкүн. Демек, булардын баарынын кокустук мутациялар аркылуу, баскыч баскыч пайда болгон болушу мүмкүнбү? Албетте, бул мүмкүн эмес. Темирдин кайра кайтарылышын камсыз кылуучу ферменттер жок болсо, денеде темир жетишсиздиги келип чыгат. Эритроциттердин өндүрүшүн камсыз кылган гормондор өз кызматын жасабаса, кандагы эритроциттердин саны барган сайын азайат. Ушул сыяктуу дагы көптөгөн системалар бир-бири менен өтө координациялуу иштеши керек. Ошондуктан, система кемчиликсиз иштей алышы үчүн бүт бөлүктөр кемчиликсиз бойдон, баары чогуу бар болушу шарт. Жана денебизде бир система иштеши үчүн керектүү бүт бөлүктөр кемчиликсиз бойдон баары бар. Бул Аллах Өз кудуретин бизге тааныткан кереметтердин бирөөсү.

Ошондуктан дарвинисттердин «жандыктар көптөгөн этаптар менен жана кокустук окуялар натыйжасында пайда болгон» деген тантык пикирлери, башка темалардагы сыяктуу, бул темада да колдоо тапкан жок. Дене клеткаларына жашоо жеткирчү бир эритроцит аны өндүргөн жилик чучугу, аны талкалоочу макрофагдар, ичине жайгашкан гемоглобин, кычкылтекти ташуучу темир, ичинде айлануучу кан суюктугу, аны бүт клеткаларга ташуучу кан тамырлары, кыймылын, көбөйүшүн, азайышын камсыз кылуучу сансыз фермент жана гормондор жана, албетте, сапарынын башталгыч чекити болгон жүрөк менен бирге бар болушу керек. Бул бөлүктөрдүн бирөөсүнүн эле кем болушу эритроцитти өз башынча, эч бир ишке жарабаган бир клетка жыйындысы кылып койот. Демек, мындай кемчиликсиз система иштеши үчүн кокустуктардан же кыялдагы бир эволюция процессинен сөз кылуу, албетте, мүмкүн эмес.

water

Recite: In the Name of your Lord Who created, created man from alaq. Recite : And your Lord is the Most Generous, He Who taught by the pen, taught man what he did not know." (Surat al-'Alaq: 1-5)

Денедеги ар бир процесс, ар бир эмгек бөлүнүшү, ишке киришкен ар бир фермент атайын жаратылган жана Аллахтын буйругуна баш ийет. Жашап өткөн бүт адамдарда бул ушундай болгон жана дүйнө жүзүндө ушул учурда жашап жаткан миллиарддаган адамдын ар биринде бул кереметтүү жаратуу далилдери орун алган. Бул апачык чындыкты эволюция сыяктуу башка жолдор менен түшүндүрүүгө аракет кылуу чоң бир акылсыздык жана натыйжасыз бир аракет болот. Себеби Аллахтын кемчиликсиз чеберчилиги апачык көрүнүп турат. Куранда бул чындык төмөнкүдөй кабар берилет:

Аллах – бүт нерсенин Жаратуучусу. Ал бүт нерсенин үстүндө Өкүл. Асмандардын жана жердин ачкычтары Ага тиешелүү. Аллахтын аяттарын тангандар (жокко чыгаргандар) болсо; мына ошолор азапка туш болушат. (Зүмер Сүрөсү, 62-63)

Footnotes

30 Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Secker and Warburg, London, p. 108.

31 "Scientists Speak about Similarities,"http://pathlights.com/ce_encyclopedia/15sim02.htm#Hemoglobin

32 "Wistar Destroys Evolution," http://pathlights.com/ce_encyclopedia/20hist12.htm

33 Ibid.

34 Bryce Brown , "The Facts of High Altitude Medicine," http://climb.mountainzone.com/everest/2002/html/dispatch_0505_brown.html

35 Nancy Prichard, "Climbing At New Heights," http://www.altrec.com/published/climb/healthfitness/climbingatnewheights/

36 Textbook of Medical Physiology, p. 48.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан
  • Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (2/10)
  • Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (3/10)
  • Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (4/10)
  • Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (5/10)
  • Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (6/10)
  • Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (7/10)
  • Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (8/10)
  • Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (9/10)
  • Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (10/10)
  • Дүйнөдөгү Эң Өндүрүмдүү Машина: Жүрөк
  • Кемчиликсиз Транспорт Тармагы: Кан Тамырлары
  • Кемчиликсиз Кан Айлануу Тармагы Жана Эволюция Туюгу