Теңдешсиз Жашоо Суюктугу: Кан (2/10)

Кандын Кызыл Түсү: Эритроциттер

kırmızı kan hücreleri

Кызыл кан клеткалары, б.а. эритроциттер – канда эң көп кездешкен клеткалар. Кызматы болсо – клеткалар жашашы үчүн эң керектүү болгон материалды, б.а. кычкылтекти ташуу. Муну менен эле чектелбей, денени тазалоо үчүн клеткаларда чогулган көмүр кычкыл газын да жүрөккө кайра жиберишет.

Бир тамчы кандын 99%ын кызыл кан клеткалары, б.а. эритроциттер түзөт. Денебизде болжол менен 25 триллион кызыл кан клеткасы (эритроцит) бар. Бул сан Саманчынын жолу галактикасындагы жылдыздардын санынан жүздөгөн эсе чоң.8 Денеде айланып жүргөн эритроциттердин бир футбол талаасын оңой гана толтура алаарын билүү бул чоңдукту түшүнүүгө, албетте, жардамчы болот.9 Бир-бирине катары менен уланышты деп элестеткенибизде, бул клеткалар 47000 километрлик бир мунараны түзө алышат.10 Жана денебиздеги эритроциттерди бир килемдей жерге төшөө мүмкүнчүлүгүбүз болгондо, бул клеткалардын 3800 км2тык бир аймакты ээлегенин көрмөкпүз. Бул болсо болжол менен төрт гектарлык бир аянтка барабар.11 Денедеги эритроциттердин саны ушунчалык көп болгондуктан, өлгөндөрдүн ордун ээлеши үчүн секундасына 3 миллиондой жаңы эритроцит клеткасы канга аралашат.12

Эритроциттер денедеги эң чоң жиликтердин губка сыяктуу кыртыштарында, б.а. чучуктарында жайгашкан сөңгөк клеткалар тарабынан өндүрүлүшөт. Бир даана эритроцит клеткасы 4 айлык өмүрүн аяктап, жилик чучугуна кайра кайтканга чейин өпкө менен башка дене кыртыштары арасында 75000 толук цикл жасайт. Сиз бул бетти барактаганга чейин денеңиздеги болжол менен 3 миллион кызыл кан клеткаңызды жоготосуз. Бирок ошол эле учурда жилик чучугуңузда сиз үчүн ошончо санда жаңы эритроцит алда качан өндүрүлгөн болот.13

Бул тең салмактуулук өтө маанилүү. Өмүрү бүткөн кан клеткаларынын орду сөзсүз жаңылары менен толукталат. Жилик чучугу эч тынымсыз өндүрүш жасап турат. Алган химиялык сигнал натыйжасында катуу ишке киришет. Муктаждык толукталганда болсо ишин токтотот.

Муну камсыздаган химиялык байланыш өтө татаал. Клеткалар денеде жүздөгөн түрдүү молекула аркылуу байланыш түзүшөт. Сөңгөк клеткага жетиши керек болгон кабар бир белок менен пакеттелип жөнөтүлөт. Максат клетка келген сигналды таануу үчүн бир белок рецепторун чыгарат. Ал рецептор химиялык сигналды алып келген белокко туташканда, маалымат максат клеткага жетет.

Бир канча сүйлөм менен түшүндүрүлгөн бул процесстин негизи өтө комплекстүү детальдары бар. Илимпоздор учурда дагы эле бул сигналдашуу системасынын сырларын чечүүгө аракет кылышууда. Сөңгөк клеткалардын өндүргөн клеткаларды дененин муктаж болгон бөлүктөрүнө кайсы чечим менен жөнөтөөрү болсо бүгүнкү күндүн эң негизги изилдөө темаларынын бири болууда.14 Денебиздеги бул системанын адамзат сырын чече албаган бир комплекстүүлүктө болушу – анын бийик акыл менен жаратылганын көрсөткөн апачык далилдердин бири.

Денеде секунда сайын керектүү санда эритроциттин өндүрүлүшү жана жаңы клеткалардын муктаждык болгон чекитти көздөй эч күмөн санабастан багыт алышы кандайча болууда? Дененин бир жеринде, жилик чучугунда жайгашкан бир даана көз-карандысыз клетканын дененин калган тарабында болуп жаткандардан кабардар болушу, албетте, мүмкүн эмес. Ал үчүн жаратылган сигналдашуу системасы болсо мүмкүн болгон эң кемчиликсиз байланыш тармагы болуп саналат. Бул кемчиликсиз түзүлүш – албетте, денеде болуп жаткан бүт процесстерди эң майда детальдарына чейин билген, аларды жаратып, курган Аллахтын чыгармасы.

blood cells

Various enzymes report to the stem cell in the bone marrow that blood cells have completed their life spans. The stem cell then begins producing new blood cells in line with the body's needs.

Эритроциттер – өтө кичинекей клеткалар. Мунун себеби: бул клеткалар канга аралашаардан мурда өзүнүн ядросун, митохондриясын, рибосомасын жана башка органеллдерин сыртка чыгарып салышат. Эритроциттер муну атайын билип туруп жасагандай; себеби өз ичине алдыда терең карала турган кереметтүү бир молекула болгон «гемоглобинди» киргизиши керек. Эритроциттер органеллдердин көпчүлүгүн сыртка чыгарып таштап, гемоглобинди ичтерине киргизип, бул молекуланын болжол менен 4 айлык өмүрүндө коопсуз бир абалда өз кызматын аткарышын камсыздашат. Эритроциттердин клетка мембранасы кадимки шарттарда бир клетка мембранасы (кабыкчасы) болбогон жана коркунучтарга карата өтө коргоосуз болгон гемоглобин үчүн өтө маанилүү бир тон (кийим) болот. Гемоглобин бул коргоочу катмардын ар кандай ферменттери урматында кандын ичинде бузулуудан да корголот.15

Эритроциттер өз ичинде гемоглобин үчүн өтө кенен бир орун даярдашы керек. Себеби бир даана эритроцит клеткасынын ичине 300 миллион гемоглобин жайгашат.16 300 миллион гемоглобин молекуласы бир эритроциттин 90%ын ээлейт. Канда ядролорунан ажыраган клеткалар эритроциттер гана. Алар сыртка чыгарып салган органеллдер болсо дененин тазалагычтары болгон лейкоциттер тарабынан заматта жок кылынышат. Таң калыштуусу, эритроциттер бүт маалыматтарын алып жүрчү бир ядродон ажыраганына карабастан, 120 күндүк жашоосун эч көйгөйсүз улантышы үчүн керектүү болгон фермент менен белокторду сактап калышат. 4 ай бою алар үчүн алынган бул өзгөчө чара урматында жашай алышат. Бирок эми бөлүнө албаган, жана натыйжада көбөйө албаган бир «идиш (алып жүргүч)» кызматын аткарышат.

Бул мисалдан да көрүнүп тургандай, адам денесин түзгөн системалар эң майда детальдарына чейин өтө комплекстүү. Бул китепте кан жана аны кыймылдаткан системалар жөнүндө көп санда таң калыштуу жана «акылдуу пландалган» детальдарды көрөсүз. Бир эритроцит клеткасынын өзүнүн ичиндеги органеллдерди сыртка чыгарып салышы, өзү жөнүндө бүт маалыматтарды камтыган –натыйжада «өмүрүн улантышы» үчүн сөзсүз болушу керек болгон- ядросун курмандыкка чалышы жана өмүрүн белгилүү бир убакытка созуу үчүн керектүү ырыскысын гана алып калышы – бул акылдуу детальдардын бир канчасы гана. Булардын баарын жасай алуу үчүн эритроцит кыска өмүрүндө керектүү жана керексиз органеллдерди таанышы, гемоглобинди ичине киргизиши керек экенин билиши жана эң негизгиси гемоглобиндин адам өмүрү үчүн канчалык маанилүүлүгүн билиши зарыл. Эгер бул детальдардын бирөөсү эле жасалбаса, мисалы эритроцит ичине гемоглобин киргизе албаса, денеге кычкылтек таратыла албайт.

Эритроциттин «өзүн-өзү өлтүрүшү» деген мааниге келген мындай кыймыл-аракетинин Дарвиндин эволюция теориясына маанилүү бир сокку урганына да көңүл буруу керек. Дарвинизм «бүт жандыктар өз урпагын улантуу үчүн согушат» деген гипотезага таянат. Дарвинизмдин бүгүнкү күндөгү жактоочуларынын бири болгон Ричард Доукинс бул жашоо күрөшүн гендерге түшүрүп, ар бир жандык «гендерин сактап калуу үчүн» күрөшөт деп айтууда. Бир жандуу клетка болгон эритроцит болсо ядросун жана натыйжада гендерин таштап, бул гипотезага толугу менен карама-каршы иш-аракет жасап, өзүн-өзү курмандыкка чалууда. Себеби дарвинизм айткандай, «жашоо күрөшү» учурунда кокустан пайда болгон эмес, атайын бир кызмат үчүн жаратылган.

Өмүрүбүз бою бул система такыр бузулбайт. Бүт нерсени кемчиликсиз жараткан Аллах бул өзгөчө клетканы да сансыз жаратуу далилдеринин бирөөсү кылып жараткан. Куранда Аллахтын бүт нерсени башкарып тураары төмөнкүдөй кабар берилет:

«Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым. Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргоодо).» (Худ Сүрөсү, 56)

kemik iliği

a. Starting its life in the bone marrow, the young erythrocyte releases its nucleus and absorbs the hemoglobin that it will be responsible for carrying

b. This erythrocyte later assumes a disclike form for traveling through the blood vessels, as shown in the picture.

c. The erythrocytes leaving the lung and carrying oxygen are bright red.

d. After depositing their oxygen in the tissues, they turn a darker red hue.

Footnotes

8 Seymour Simon, The Heart:Our Circulatory System, First Mullberry Edition, 1999, p. 9.

9 Bilim ve Teknik, February 1998, Vol. 363, p. 61.

10 The Heart: "Our Circulatory System, p. 9.

11 http://www.diyanet.gov.tr/DIYANET/nisan2001/dinsaglik.htm, Hacettepe University, Medicine Faculty, Professor Alparslan ÖZYAZICI

12 Simon, op. cit., p. 9.

13 The Incredible Machine, National Geographic Society, p. 100.

14 http://www.ri.bbsrc.ac.uk/library/research/cloning/glossary.html

15 http://garildi.cumhuriyet.com.tr/cgi-bin/sayfa.cgi?w+30+/cubilim/9810/24/t/ b0703.html+hemoglobin

16 http://www.nsbri.org/HumanPhysSpace/focus3/bloodcomponents.html