Өзүңүздү күзгүдөн бир караңыз. Жүзүңүз менен денеңиздин 2 миллиметр эле астында, өтө чоң бир ылдамдык жана басым менен агып жаткан кызыл суюктуктун бар экенин сезе алып жатасызбы? Миңдеген километрлик кереметтүү бир тамыр тармагынын, канды бир канча метр бийиктикке чачырата алаарлык зор бир күч менен насостоп айдаган жүрөктүн согуп жатканын байкап жатасызбы?
Жок, күзгүдөгү сүрөттөлүшүңүздө бул кереметтүү кыймылдардан эч нерсе сезилбейт. Сиз өтө бейпил өмүрүңүздү улантып жатканда, ал тургай, түнкүсүн уктап жатканыңызда да бул кыймылдар эч токтоосуз улана берет. Жүрөк чоң бир күч менен жана бийик үн менен канды насостойт, кан болсо чоң ылдамдык менен жана катуу үн чыгарып агат. Булардын баарын байкабашыңыздын себеби болсо – сиз үчүн атайын жаратылган жука териңиз. Сизге астындагы бул кереметтүү кыймылдарды жашырып, тартиптүү, сулуу жана бейпил бир көрүнүш тартуулайт.
Кан, жүрөк жана тамыр тармагынан турган жана денеңиздин ичинде өмүрүңүз бою эч кемчиликсиз иштеген бул система «кан айлануу» деп аталат. Кандын айлануу кубулушу – сансыз майда-бараттардан турган теңдешсиз бир жаратылуу (Аллахтын жаратуу) далили.
Кан денеде бир жагынан, ташуучулук, экинчи жагынан көзөмөлчүлүк кылат. Дененин ичинде тынымсыз айланып турат жана ал сапары учурунда дайыма сөзсүз жасай турган бир иш бар:
- Кан денедеги байланыш кызматын дээрлик толугу менен аркалайт.
- Клеткалар жана натыйжана дене энергия ала алышы үчүн керектүү чийки заттар кандын ичинде жеткирилет.
- Дененин температурасын бир кондиционер сыяктуу жөнгө салат. Дене температурабыз кандын урматында дайыма бирдей кармалат.
- Кан айлануу учурунда ичиндеги иммундук мүчөлөр дайыма кызматта болушат. Денеге кириши мүмкүн болгон микропторго каршы дайыма даяр турушат.
- Кан денени азыктандыруу ишин да аркалайт. Азыктар бүт клеткаларга кан аркылуу таратылат.
- Калдыктарды (таштандыларды) жана ууларды чогултуп ташый турган бир канализация системасы катары да кызмат аткарат.
- Кан бир оңдоо (ремонттоо) мүчөсүн да ичинде алып жүрөт. Тамырларда пайда болгон айрык менен жабыркоолор ушул оңдоо мүчөсү тарабынан заматта аныкталып, оңдолот. Ушунчалык ар түрдүү жана өтө керектүү иштерди ийгиликтүү жасаган бул механизм кантип иштейт? Бул система кандай бөлүктөрдөн турат? Бүт бул бөлүктөр менен айлануу тармагын гармониялуу кылган эмне? Кандагы кайсы молекула кайсы кызматты аткарат? Кызматын кантип орундатат жана кантип ишке киришет? Кайдан буйрук алат жана кантип уюштурулат?
Албетте, булардын баары – бир аздан соң жооптору терең карала турган өтө маанилүү суроолор. Жана бул суроолор бизди бүт жашообузду кызыктырган өтө маанилүү бир чындыкка алып барат: денебиз кокустуктар натыйжасында пайда болгон эмес. Эң майда детальдарына чейин пландалган жана өтө кылдаттык менен калыпка салынган бир денебиз бар. Мындай дененин, акыркы 150 жылдан бери илим дүйнөсүнө ар кандай калптар аркылуу өкүмдарлык кылууга аракеттенген дарвинизм айткандай, «кокустуктар» натыйжасында пайда болушу мүмкүн эмес. Биздин пайда болушубуз кокустуктарга таянган бир «эволюция» процесси эмес, бүт майда-бараттары пландалган бир «жаратылуу».
Бул жаратылуунун ээси болсо – биз адамдарды эле эмес, бүт жандыктарды, бүт ааламды, бар болгон бүт нерсени жараткан Улуу Аллах.
Бир аздан соң терең карала турган кан айлануудагы кемчиликсиздиктер – Аллахтын теңдешсиз жаратуу мисалдарынын бирөөсү гана. Бул китепте канды жана аны кыймылдаткан системалардагы майда-бараттарды, ал детальдардагы гармония менен кемчиликсиздикти көз алдыга тартуулап, Аллахтын жаратуу чеберчилигиндеги кемчиликсиздикти көрөбүз. Аллах теңдешсиз жаратаарын бизге жол көрсөтүүчү катары түшүргөн Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Асмандарды жана жерди жараткан Аллахтын алардын окшошун жаратууга күчү жетээрин көрбөй жатышабы жана алар үчүн күмөнсүз бир мөөнөт (ажал) белгилеген. Зулумдук кылгандар болсо каапырчылыкта гана өжөрлөнүштү. (Исра Сүрөсү, 99) |
A child who falls and cuts his knee actually loses millions of erythrocytes and thrombocytes, and thousands of leukocytes. All these cells in the blood are individually important to our lives. |
Кан жалпы жашоонун себеби эле эмес, ал ошол эле учурда кыска же узун жашоонун, уктоонун, көрүүнүн, жөндөмдүн, мээнин, күчтүн да себеби. Жашоо үчүн алгачкы жана өлүм үчүн болсо акыркы нерсе.1
Илимпоздор канга теңдеш боло турган бир суюктукту өндүрүү үчүн көп убактан бери аракет кылып, бирок ийгиликке жете албай келишүүдө.2 Мунун эң негизги себеби – кандын ичиндеги бир-биринен өзгөчө молекулалардын жана алар жасаган процесстердин «сырынын» али толук чечиле элек болушу. Бирок бир чындык бар: кандын сыпаттары толук аныктала алса да, андай өзгөчөлүктөрдөгү молекулаларды өндүрүү жана аларды чогуу иштей турган кылуу илимпоздор үчүн баары бир чоң бир туюк болот. Канды түзгөн мүчөлөрдү бир-бирден анализ кылганда, бул чындыкты жакшыраак түшүнөбүз. Ар бир молекулага атайын белгилүү бир ишти кылуу милдети жүктөлүп, белгилүү калыпта жасалган. Башкача айтканда, тамырлардын ичинде «атайын бир жаратуунун» бар экени анык.
Кан – бир суюктук эмес, негизи денебиздеги сөөк же булчуң кыртыштары сыяктуу бир кыртыш. Бирок, албетте, алардан айырмалуу, себеби сөөк же булчуң кыртыштарын түзгөн клеткалар бир-бирине бекем жабышып турат. Кан да бир кыртыш болгону менен, мындай өзгөчөлүккө ээ эмес. Кан суюктугу ичиндеги клеткалар бир-биринен көз-карандысыз, эркин кыймылдап жүрүшөт. Эритроцит, лейкоцит жана тромбоцит сыяктуу кан клеткалары кан плазмасы ичинде сүзүп жүрүшөт.
Кичине чийилип кеткени үчүн манжаңыздан сызып чыккан бир тамчы кандын ичинде негизи болжол менен 250 миллион эритроцит, 400 миң лейкоцит жана миллиондогон тромбоцит болот. Болгондо да, бул жоон топтун ар бир мүчөсү өтө маанилүү кызматтарды аркалайт.
Ар бир денеде 5 менен 6 литр арасы кан болот. Бул орточо дене салмагынын 7-8%ын түзөт. Кандын жарымы суюктук бөлүктөн, б.а. плазмадан турат. Калган жарымы болсо кандын ичинде ар кандай кызматтарды аркалаган клеткалар же молекулалар. Кандагы клеткалар денедеги кандын көлөмүнүн жарымын түзгөнү менен, катарга тизилгенде 96500 километрлик бир сызык түзө турганчалык көп санда. Бул дүйнөнү эки жолу орогонго жете турганчалык бир узундук.3
Болгондо да, бул клеткалар тынымсыз жаңыланып турушат. Денеде бир күндө 260-400 миллиарддай кан клеткасы өндүрүлөт. Бул чындыгында эбегейсиз чоң бир өндүрүш. Негизги борбор болгон жилик чучугунда жасалган бул өндүрүш «сөңгөк клетка (стволовая клетка)» деп аталган өзгөчө бир клетканын ар түрдүү бөлүнүү жөндөмдөрүнөн көз-каранды. «Сөңгөк клеткага» дене муктаж болгон кан клеткасын өндүрүү милдети жүктөлгөн. Бул клетканын өндүрүшү жана ал аркалаган кызмат болсо чыныгы мааниде таң калтыруучу көрүнүш.
The cells in the blood represent only half the volume of blood in the body. A drop of blood contains some five million red blood cells, 10,000 white blood cells and 250,000 thrombocytes. |
Жилик чучугунда сөңгөк клетканын белгиленүү процесси өтө таң калыштуу. Жилик чучугунда өндүрүлгөн ар бир он миң клетканын бирөөсү гана сөңгөк клетка касиетине ээ болот. Бул сан кээде жүз миңден бир ыктымалдыкка чейин азайат. Өндүрүлгөн сөңгөк клетка көрүнүшү жагынан башка клеткалардан эч айырмаланбайт. Бирок – негизи бул өтө өзгөчө бир клетка. Анын касиеттери – жашообузду кыйынчылыксыз улантышыбызды камсыз кыла турганчалык кылдат жана өтө маанилүү. Бул өзгөчө клетка эң алгач дененин ичиндеги муктаждыктарды аныктайт, андан соң өзгөчө бөлүнүү жөндөмү урматында муктаждыкка жараша кээде эритроциттерди, кээде болсо иммундук системанын негизги мүчөлөрү болгон лейкоциттерди пайда кылат.4
Эмне үчүн он миң клеткадан бирөөсү гана ушундай бир чечим алат жана ушундай бир жөндөмгө ээ? Сиз денеңизде мындай жөндөмдүү клетканын бар экенин байкабайсыз дагы. Сиз сыяктуу, сизди түзгөн ар бир клетка сыяктуу, бул өзгөчө клетка да Аллах каалаганы үчүн өзгөчө бир бөлүнүү касиетине, дененин муктаждыгын аныктоо жана ар башка клеткаларды пайда кылуу артыкчылыгына ээ. Бул кемчиликсиз уюштуруу жана бул өзгөчө клетканын жөндөмдөрү эч токтобогон кемчиликсиз бир кан айлануунун жүрүшүн камсыздайт. Кан суюктугу дайыма бирдей санда кан клеткасын ташып, сапарын улантат.
Сөңгөк клетка темасындагы эмгектери менен белгилүү Джон Хопкинс университетинин Онкология адиси, профессор Curt Civin бул өзгөчө клеткага төмөнкүдөй аныктама берет:
Ал ар бир клетканын ата-бабасы. (...) Бөлүнө алат жана өзүн көбөйтө алат, өзүн-өзү жаңылай алат же өзүн бир-биринен айырмалуу эки башка клеткага айланта алат. Бутактарга бөлүнгөн бир дарак сыяктуу.5
Аллах сөңгөк клетканы бул маанилүү кызматтарды аткарышы үчүн өзгөчө кылып жараткан. Мисалы, сөңгөк клетка айланасынан алган химиялык жана электрдик сигналдарга карап иш-аракет жасайт. Жабыркаган клеткалар сөңгөк клеткага жөнөткөн химиялык сигналдар аркылуу денеде клетка өндүрүү муктаждыгы пайда болгонун кабар беришет. Сөңгөк клеткада өндүрүлгөн жаңы клеткалар жабыркаган жерди көздөй жолго чыгат жана жабыркаган клеткалардын ордун ээлешет. Ушундай жол менен бир канча жума ичинде бир даана сөңгөк клетка ар кандай типтеги кан клеткаларынын баарын өндүрө алат. Бир кан кетүү натыйжасында жок болгон эритроциттер же бир инфекция натыйжасында өлгөн лейкоциттер, кем да эмес, ашыкча да эмес, керектүү санда жана керектүү убакта жаңыланып денедеги өз орундарына жайгашышат.
Биз жашап жаткан 21-кылымдын ушул күндөрүндө биологдор дагы эле сөңгөк клеткалардын башка клеткалар менен диалог түзүшүн камсыз кылган химиялык тилди түшүнүүгө аракеттенишүүдө.6 Адам денесинде бир даана сөңгөк клетканын көп жолу кайра кайра жасаган бул процесси адамзат үчүн дагы эле чоң бир суроо белгиси болууда.
Бул өндүрүштүн канчалык убакыт аралыгында жасалып турушу керек экени да маанилүү бир суроо. Лейкоциттер бир канча саат гана жашашат. Канга кирген бир бактерияны сиңирип, анан өлүшөт. Тромбоциттердин өмүрү эки жума, эритроциттердики болсо төрт ай. Бүт бул клеткалар тынымсыз жаңыланып турушу керек. Бир жума ичинде жилик чучугуңуз миллиарддаган клетка өндүрүүгө мажбур. Бул өндүрүш болсо бир даана негизги клетканын көзөмөлү жана иш-аракеттери натыйжасында жүрөт.7 Дене ичиндеги үзгүлтүксүз кыймылды жана дененин өтө кылдат түзүлүшүн эске алганыбызда, бир жагынан, кычкылтек ташып, экинчи жагынан, душмандар менен согушуп денени коргогон бул системанын бир даана клетканын көзөмөлүндө болушу, албетте, адамды ойлондурушу керек.
Бир даана клетканын бул өндүрүштүн бүт жоопкерчилигин аркалашы Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилигин көрө алуу жагынан өтө маанилүү. Бул сонун мисал ошол эле учурда Аллахтын жаратканын жокко чыгарууга аракеттенген дарвинисттердин сөздөрүнө каршы да четке кагылгыс бир далил болууда.
From Stem Cell to Blood Cell | ||
1. Multipotent stem cells 4. Erythroblast | 7. Megakaryocyte 10. Basophil | 14. B lymphocyte developing in bone marrow 16. Granular leukocytes |
The stages by which the various blood cells form in the red marrow. |
1 Alan L. Gillen, Frank J. Sherwin III, Alan Knowles, The Human Body: An Intelligent Design, Creation Research Society Monograph Series: Number 8, p. 120.
2 Bilim ve Teknik ("Journal of Science and Technics"), Tubitak Yayinlari, February 1998, Vol. 363, p. 67.
3 http://hes.ucf.k12.pa.us/gclaypo/circulatorysys.html
5 Elise Hancock, Johns Hopkins Magazine, "Stalking the Stem Cell," June 1996-http://www.jhu.edu/~jhumag/696web/stemcell.html
6 http://www.chicagotribune.com/technology/local/chi-0109040232sep04,0,1412918.story
7 Elise Hancock, "Stalking the Stem Cell," Johns Hopkins Magazine, June 1996. http://www.jhu.edu/~jhumag/696web/stemcell.html