Кемчиликсиз Транспорт Тармагы: Кан Тамырлары

Жүз триллион үйдү кенен бир аймакка жайгаштырганыңызды жана, жогоруда мисал келтирилгендей, алардын арасына бир суу түтүгү тартканыңызды элестетиңиз. Албетте, бул өтө машакаттуу жана оор бир жумуш болот. Ошентсе да муну кыла алдыңыз дейли. Бирок кандай гана кылбаңыз, бул суу түтүгү тармагына өтө чоң аймак керек болот. Мындай суу түтүк тармагын өтө кичинекей кылып адам денесинчелик бир аймакка жайгаштыра аласызбы? Же суроону мындайча узаталы, болжол менен 100 000 километрлик (96 600 км) бир тармакты формасын өзгөртүп, адам жашоосу үчүн эң керектүү, адам денесине бата турганчалык эсептүү, 100 триллион клетканын ар бирине бара тургандай масштабдуу кылып кура аласызбы? Муну эч качан кыла албайсыз. Сиздин колуңуздан келбеген мындай кан айлануу тармагы сиз үчүн денеңизде жасап коюлган. Али сиз дүйнөгө келе электе сиз үчүн жаратылган жана бүт клеткаларыңызга жашоо берген. Бул система денеңизде кемчиликсиз жаратуу кереметтери бар экендигинин эң маанилүү далилдеринин бири. Адам денесиндеги кан айлануу тармагынын мынчалык кереметтүү түзүлүштө болушунун бир эле өзү Аллахка ыйман кылуу (ишенүү) үчүн жетиштүү бир себеп.

human body

Жүрөк 96560 километрлик бир тамыр тармагына тынымсыз кан айдап турат. Бул дүйнөнү экватордон баштап эки жолу курчай ала турган бир узундук.97 Бир адам денесинин ичине жайгаштырылган мындай бир тармак, албетте, өтө таң калыштуу. Бул кереметти жакшыраак көрсөтүү үчүн дагы бир канча математикалык маалымат берели. Денеде жайгашкан жана кээ бирин микроскоп менен гана көрүүгө мүмкүн болгон капиллярлардын узундугу жалпысы 60000 километр.98 Бул тамырлардын жалпы үстүңкү бет аянты болсо 8000 м2ка жетет. Бир эле өпкөлөрдө 300 миллион капилляр бар. Булар биринин учуна экинчиси уланса 2400 километр узундукка жетет.99 Мээге тиешелүү капиллярлардын узундугу болсо болжол менен 650 км. Бул болсо Американын эки штатында жайгашкан эки шаардын, мисалы, Бостон менен Вашингтондун арасындагы аралыкка барабар.100

Берилген бул маалыматтар бир адам денесинде эч кандай кокустукка орун жок экенин көрсөткөн сансыз далилдин бир канчасы. Бул теманын дагы бир кереметтүү тарабы болсо 100 триллион клеткага созулган миңдеген километрлик бул керемет тармактын көбүнчө сезилбеши дагы. Күзгүгө караганда мунун бир белгисин көрбөйбүз, эч токтобогон бул кыймылдарды сезбейбиз жана система иштеп жатып чыгарган катуу үндөрүн байкабайбыз. Система ушунчалык кемчиликсиз жаратылгандыктан жана системада бир маселе жаралбагандыктан, бейпил өмүр сүрүп, майда-чүйдө маселелер биздин кабарыбыз да болбостон оңдолгондуктан, аларды байкабайбыз дагы. Дүйнө жүзүндөгү эч бир адам, эч бир коом, эч бир технология мынчалык тар бир жерде мынчалык кереметтүү, кемчиликсиз, ийкемдүү жана жандуу бир жашоо тармагын жасай албайт. Бул укмуш чеберчилик – бүт нерсени кемчиликсиз жараткан, жоомарт, ааламдардын Рабби Аллахтын чыгармасы.

«100 триллион клеткага жеткен» деп айтылган бул тамыр тармагын өтө терең ойлонуу керек. Бул кемчиликсиз түзүлүш көз кабагыбыздан бутубуздун манжаларына чейин, чачыбыздын түптөрүнөн кирпиктерибизге чейин бүт тарабыбызды каптаган. Эгер бул тармак бир эле аймакка же бир эле органга жетпей калса, ал орган куурап жок болот. Кайра эске салуу керек: кансыз дене дем ала албайт, б.а. өлөт.

Денедеги бул катасыз таратуу иши кантип жасалат? «Булар кокустан пайда болгон» деген көз-караштардын негизсиз экенин көрүү үчүн бул кан айлануу системасын тереңден билүү өтө маанилүү. Денедеги кан айлануу тармагы үч кызмат үчүн чогулган үч түрдүү тамырдан турат.

Кичинекей Эритроцит Клеткасынын Сапары

Жилик чучугунда өндүрүлгөн бир эритроцит клеткасы кан айлануу системасына кошулуу үчүн биринчи жүрөктүн сол дүлөйчөсүнө барат. Ал жер таза кан чогулган, кычкылтек менен азыктарга өтө бай бир бөлүм. Эритроцит клеткасынын ал жерде болуу максаты мындай: кычкылтекти алып, дененин башка клеткаларына жеткирүү. Эритроцит кан айлануу системасына кошула алуу үчүн алгач сол дүлөйчөдөн чыгат. Бул жерде алдынан чоң бир эшикке жолугат. Эшиктен өткөн соң эми кайра кайтпайт. Эми алда канча кенен бир бөлмөгө кирген болот. Ал жерде ал сыяктуу көп клеткалар бар жана кан кычкылтекке өтө бай. Бул чоң бөлмөдө өтө күчтүү насос натыйжасында дагы бир эшиктен өтүп, тар бир туннельдин ичине кирет.

Эми кичинекей эритроцит клеткасы кан айланууга кирген болот. Бул дененин «чоң кан айлануусу» же башкача айтканда «системалык кан айлануу». Чоң кан айлануу аркылуу кичинекей клеткабыз өпкөлөрдөн тышкары дененин бүт тарабын айланып чыгуучу бир туннель системасынын ичине кирген болот. Эритроцит клеткасы кирген биринчи туннель – бул дененин эң күчтүү тамыры болгон аорта артериясы.

Денеге Кычкылтек Таратылат

aorta

1. Aortic arc

2. Chest aorta

The aorta leaves the heart and divides in two: The upper branch goes to the head and arms, and the lower to various subsidiary vessels and organs. When the body is at rest, the oxygen is transported to the tissues in less than 10 seconds after it is picked up from the lungs. During exercise, this period is reduced to 2 to 3 seconds.

Аорта артериясы – бул кандын жүрөктөн чыгуу пункту. Ичинде өтө көп көлөмдө кан болот жана туурасы бойго жеткен бир адамда 2,5 сантиметрге жетет.101 Бул тамыр таза канды башка тамырларга таратуучу негизги тамыр болгондуктан, өтө бекем жана күчтүү болушу керек. Себеби кан бул тамырдан өтө жогору бир басым менен таратылат. Жана дал талап кылынгандай, өтө өзгөчө жаратылган.

Жүрөктөн чыккан аорта жана өпкө артериясы үч катмардан турган тамырлар болуп саналат. Эң сыртында жипчелүү бириктирүүчү кыртыштан турган бир сырткы катмар бар. Бул катмардагы бириктирүүчү кыртыш өтө зор мааниге ээ. Бул кыртыштагы ийкемдүү жипчелер ар кандай басымга карата бекемдикти камсыздайт. Эгер тамырлардын мындай өзгөчөлүгү болбогондо, жүрөктүн согуу күчү менен өтө чоң басымда келген кан бул тамырлардын түзүлүшүн сөзсүз бузмак жана, ал тургай, алардын айрылып кетишине себеп болмок. Аллах бул негизги тамырда жараткан өзгөчөлүктөр – Анын «өрнөксүз жаратуучу» деген мааниге келген Беди ысмынын дагы бир көрүнүшү. Жүрөктүн бир күндө жүздөгөн жолу согоорун эске алсак, тамырдын бир күн ичинде эле айрылуу ыктымалдыгы өтө жогору болмок. Бирок бул коргоочу система мындай ыктымалдыкты жоюп, узун бир өмүр бою тамырдын бул басымга чыдамкайлыгын камсыз кылган. Бул ошол эле учурда коргоочу Аллахтын кулдарына болгон боорукердигинин да бир көрсөткүчү.

Аорта тамырынын ортоңку бөлүгүндө түз булчуңдардан турган ийкемдүү жипчелер болот. Ал булчуңдар жөнөтүлгөн кандын көлөмүн жөнгө салууда чоң мааниге ээ. Булчуңдар кысылып ачылуу аркылуу артериянын диаметринин кичирейип-чоңоюшуна жарайт. Орган менен кыртыштарга барчу кандын көлөмү ушул ийкемдүү түзүлүш аркылуу жөнгө салынат. Аортанын жана өпкө артериясынын ички бетинде болсо бир катарлуу жалпак эпителий кыртыштан турган бир катмар бар.102 Бул кыртыштын өтө маанилүү бир өзгөчөлүгү бар. Бул кыртыш натыйжасында тамырдын ички бети лакталган сыяктуу болот. Бул лакталган жана майланган бет сүрүлүүнү азайтып, кандын оңой жана ылдам агышын камсыз кылат.

Аорта тамыры солду көздөй бир ок чийип экиге бөлүнөт. Жогору кеткен тамыр баш менен колдорго, төмөндү караган тамыр болсо көптөгөн жардамчы тамырлар аркылуу башка органдарга тарайт. Дем алып жаткан убакта артериялар өпкөлөрдөн кычкылтекти алган соң негизинен 10 секундадан аз бир убакыт ичинде аны орган-кыртыштарга жеткирет. Бирок оор машыгуулар жасалып жаткан убактарда артериялардагы кандын ылдамдыгы андан да жогорулайт. Кандагы клеткалар эми кычкылтекти 2-3 секундадай кыска убакыт ичинде жеткире алышат. Ушул себептен Аллахтан алган илхам менен дененин муктаждыгын өтө жакшы көзөмөлдөө жөндөмүнө ээ болушкан. Артериялардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү болсо – бул кан жүрөктөн тыныгуу менен келген учурда жогору басымдуу бир «суу сактагычты» пайда кылып, кандын бир бөлүгүн экинчи жүрөк сокконго чейин сактап турушу. Бул кызматын аткарууда жогоруда айтылган өзгөчө түзүлүштүн мааниси чоң. Артериялар кеңейе ала турган булчуң түзүлүшү урматында канды кампалай алышат. Бул өзгөчөлүк денеде дайыма кандын болушун камсыз кылат. Тамырлардын мындай ийкемдүүлүгү башка тараптардан да маанилүү. Артерия ийкемдүү болгону үчүн кан бул системага насостолгондо, басымдын ашыкча жогорулап кетишинин алды алынат. Ошол эле учурда ийкемдүүлүк жүрөктүн согушу учурунда жогору артерия басымын улантып кыртыштарга үзгүлтүксүз кандын агышын камсыздайт.103 Аллах тамырларга берген ийкемдүүлүк касиетин дененин тең салмактуулугун сактай турган көптөгөн детальдар үчүн зарыл кылган.

artery

A. ARTERY

B. Inner layer
C. Middle layer
D. Outer layer

1. Endothelium
2. Arteriole
3. Capillary
4. Venule

5. Endothelium
6. Elastic lamina
7. Smooth muscle and elastic tissue
8. Elastic and collagen fibers
9. Lumen

Elastic fibers on the outer layer of the artery provide resistance against pressure, such as the powerful heartbeat. The middle layer consists of elastic tissue and smooth muscles, which are important with regard to the regulation of the amount of blood dispatched. The flat epithelial tissue in the inner layer has a smooth, literally polished surface that permits the easy flow of blood by reducing friction.

Артериялар көбүнчө дененин кыртыштарынын астында ич тарапта болушат. Бирок кээ бир жерлерде, мисалы, кол билегинде, чыкыйларда, моюнда, буттун аркасында жана балтырдын тышкы капталында үстүңкү бетке жакын жайгашкан. Бул аймактарда ар бир жүрөк согушунда кандын артериянын дубалына басым менен уруп өткөнү сезилет. Басым ушунчалык жогору болгондуктан, теринин астынан да бул кыймылды оңой гана сезүүгө болот.

Артериялардын дененин кыртыштарынын астында жайгашышы өмүрүбүз үчүн алынган өтө маанилүү бир чара. Артерия бул чаранын натыйжасында адам жаракат алган учурда оңойчулук менен жабыркабайт. Тамырларды, алардын ичиндеги канды анын басымы менен бирге жараткан жана булардын баарын дайыма көзөмөлдөп турган Раббибиз бул кемчиликсиз тартип аркылуу адамды ар качан кабылышы мүмкүн болгон маанилүү бир коркунучтан коргогон. Ушул себептин өзү эле адамдын Аллахка кайрылып, Ага шүгүр кылышына жетиштүү.

Адам жаракат алган учурда көбүнчө веналар жабыркайт. Бул тамырлар, алдыда терең каралгандай, басымы жогору жана суюк кандуу эмес. Ушул себептен, жаракат алганда кан сыртты көздөй жай жана илээшкен абалда акканы үчүн кандын уюшу оңой болот. Ал эми артерия жабыркаганда болсо ачык кызыл өңдөгү, басымы жогору кан сыртты көздөй атырылып агат. Бул өтө кооптуу бир каноо, жана кыска убакыт ичинде чара көрүлбөсө кан жоготуудан өлүмгө себеп болот.

heart blood

1. Tissue cells
2. Superior vena cava
3. Systemic capillaries
4. Pulmonary artery

5. Right atrium
6. Pulmonary capillaries
7. Lung
8. Pulmonary veins

9. Right ventricle
10. Left ventricle
11. Left atrium
12. Inferior vena cava

13. Aorta
14. CO2
15. O2

A red blood cell begins its journey in the left atrium. It then travels through the whole body, from the toes to the brain, by way of blood vessels and capillaries measured in mere millimeters. It deposits oxygen at the tissues and takes up carbon dioxide, enabling it to be given off by the lungs when it completes its journey.

Артериянын Байланыш Чекити: Артериолдор

Кан негизги артериялардан баштап таратыла алышы үчүн артериялар бутактарга бөлүнүшү керек. Мына ушул себептен туурасы 2,5 сантиметрдей болгон негизги артериялар диаметри бир канча микрон гана болгон бир капиллярга айланганга чейин бутактарга бөлүнөт. Кичинекей эритроцит клеткабыз болсо бутактарга бөлүнгөн бул татаал жол менен сапарын улантат. Артериялардын ичиндеги күчтүү кан басымы себебинен эритроцит бир канча секунда ичинде денеде өтө алыс жолду басып өтөт. Кыртыштарга жетүү жана колундагы кычкылтек менен азыктарды берүү үчүн болсо капиллярларга жетүүнү максаттайт.

capillary network

A. Details of the capillary network
B. Arteriole structure

1. Outer coat
2. Smooth muscle over elastic layer
3. basement membrane
4. Endothelium
5. Smooth muscle cell

6. Arteriole
7. Capillary
8. Venule
9. From the heart

10. To the heart

The arteries divide into arterioles before leading into capillaries. They serve as control valves in the sending of blood to the capillaries. They therefore possess very special features: Thanks to their strong muscular walls, they control the blood flowing into the capillaries and prevent them from being damaged.

Артериолдор – артерия системасынын акыркы кичинекей бутактары. Башкача айтканда, артериялардын капиллярларга бөлүнөөрдөн мурдакы абалы. Бул тамырлар кандын капиллярларга жөнөтүлүшүндө текшерүүчү клапан сымал кызмат кылышат. Артериолдордун эң негизги касиети – бул өздөрүн толугу менен жаба ала турганчалык же бир канча эсе кеңейте ала турганчалык күчтүү бир булчуң системасына ээ болушу. Мунун эң негизги себеби болсо кыртыштарды азыктандырган капиллярларга жеткен канды контрольго алуу жана кыртыштарга «муктаждыгына жараша» кычкылтек менен азык жөнөтө алуу. Басымы жогору кандын түз капиллярларга өтүшүнө жолтоо болуп, өтө ичке бул тамырлардын жабыркашынын алдын алуу. Мына ушул себептен артериолдордун каршылыгы бүт каршылыктын болжол менен жарымын түзөт жана чоң кан айлануунун бүт аймактарында эң жогору болот.104

Кан агымы дээрлик бүт кыртыштарда кичине артериялардын жана артериолдордун тарайып-кеңейиши аркылуу жөнгө салынат. Бирок эң кичине тамырдын да агымга таасир тийгизүү жөндөмү бар. Ал тамырлар агымдын ылдамдыгына таасир тийгизип, ал тургай, толук токтошуна да себеп боло алышат. Себеби тамырлар кайсы клеткаларга өзгөчө мамиле кылынышы керектигин аныктай алышат. Муну аныкташ үчүн кан кичине артериялардан чыгып, узундугу бир канча миллиметр жана диаметри 8-50 микрон болгон артериолдорго өтөт. Ар бир артериол 10-100 капиллярды азыктандыра алаарлык бутактарга бөлүнөт.105

Кичине эритроцит бир артериолдун ичине кирип, андан соң азыктандыра турган кыртыш үчүн бөлүнүп чыккан болот. Кыртышка керектүү азык менен кычкылтекти жеткирүү үчүн бир капиллярдын ичине кириши керек. Ага жол көрсөтө турган күчтүү клапандардын, б.а. артериолдордун бирөөсүнөн өтөт. Эми кызматын орундата турган убакыт келген болот.

purple

Бир Тал Чачтан Ичке Акылдуу Капиллярлар

capillary

1. Capillary

2. Red blood cell

The capillaries are so narrow that they refuse to permit many substances to pass through. Even tiny red blood cells can pass through only in single file or by changing their shape.

Жашап жаткан үйүңүздүн чоңдугун бир ойлоп көрүңүз. Эгер орточо бир квартирада жашап жатсаңыз, үйүңүздүн аянты болжол менен 150 м2 болот. Денеңиздеги болжол менен 10 миллиард капиллярдын жалпы беттик аянты болсо үйүңүздөн 3,5 эсе чоң, б.а. болжол менен 500 м2.106 Бул салыштырууну жасаардан мурда бир нерсени эске салуу керек; капиллярлардын эң чоңунун диаметри 9 микронго барабар (9 микрон миллиметрдин миңден 9уна барабар). Ал тургай, микроскоп астында гана айырмалап байкоо мүмкүн болгон капиллярлар бар. Дененин бүт булуң-бурчуна жете тургандай жайгаштырылган бул ири тармак – кереметтүү бир жаратуу мисалы. Бул мисалды терең карап чыгуу Улуу Аллахтын улуктугун адамга кайра кайра эске салышы керек.

Бир органга кирген артерия капиллярлардын клапандарын түзгөн артериол абалына келгенге чейин алты же сегиз жолу бутактарга бөлүнүп ичкерет. Анан артериол да эки-үч жолу бутактанып диаметрин 9 микронго чейин кичирейтет жана жолун капилляр катары улантат. Кээ бир капиллярлар ушунчалык кичинекей болгондуктан, кээ бир чоң клеткалардын өтүшүнө мүмкүндүк бербейт. Эритроциттер да мындай тамырлардын ичинен бир-бирден же чоюлуп формасын өзгөртүп гана өтө алышат.

Артерияларда саатына 1,5 километр ылдамдыкта жүргөн кан капиллярларга киргенде миңден бирине чейин жайлайт. Дененин бүт тарабы укмуш масштабдуу бир капилляр тору менен өрүлгөн. Миңдеген километрге жеткен узундугу менен бир адамдагы капиллярлар Америка Кошмо Штаттарынын бир башынан экинчи башына чейин жете алат.107 Бул кемчиликсиз механизм денедеги бүт клеткаларды азыктандыруу үчүн жаратылган теңдешсиз бир жаратуу мисалы. Бир клетка бир капиллярдан максимум 20-30 микрон алыстыкта болушу мүмкүн. Башкача айтканда, бул алыстык 0,02 мм жана 100 триллион клетканы кыдырып чыккан бул кемчиликсиз тордун масштабын түшүнүү үчүн жетиштүү.

What is The Transport Mechanısm of Capillaries?
transport

1. Blood cell
2. Capillary

3. Interstitial fluid
4. Diffusion of molecules
5. Tissue cell

A. An exchange of substances between the blood and the tissue cells takes place by means of the interstitial fluid.

transport2

1. Intercellular cleft
2. Endothelial pore
3. Connective tissue
4. Direct diffusion

5. Diffusion through intercellular cleft
6. Vesicles
7. Diffusion through pore

B. This diagram shows the four different means of transport through the endothelial cell wall.

capillary

1. Tissue cells
2. Capillary's arterial end
3. Osmotic pressure
4. Capillary's venous end

5. Blood pressure
6. Interstitial fluid
7. Net pressure in
8. Net pressure out

C. Flow of fluid across the capillary walls generally depend on the difference between blood pressure and osmotic pressure at different points of the capillary bed. Blood pressure establishes an outward force. Osmotic pressure, on the other hand, draws the fluid back. As a result, fluid is expelled from the capillary by means of clefts at the arterial end, and is taken in the blood again in the venous end.

Бул жерде бир саамга токтоп ойлонуу керек. Адам бул өзгөчөлүктөрдүн майда-чүйдөлөрүн ойлонгондо гана бул жердеги жаратуу кереметин түшүнө алат. Антпесе, айтылгандар ар кайсы физиология китебинен табууга мүмкүн болгондордон айырмасыз болуп калат. Туурасы микрондордон ашпаган бул жаратуу кереметинин денедеги «ар бир» клеткага жете алышы чыныгы бир керемет. Укмуш жаратылган нерсе. Мындай бир ойлоп көрүңүз; колдоруңуз, жүзүңүз, буттарыңыз, билектериңиз, кыскасы денеңиздеги ар бир миллиметр квадрат жер сансыз капиллярлар торун камтыган кемчиликсиз бир түзүлүшкө ээ. Андан да таң калыштуусу бул торлордун баары сөзсүз бир-бири менен байланышта жана баары бир булактан азыктанат. Бир эле манжаңызда жүздөгөн капилляр бар экенин ойлосоңуз, мунун канчалык чоң бир керемет экенин жакшыраак түшүнө аласыз. Адам таң калуу менен көргөн бул кемчиликсиз система Аллахтын бир гана «Бол» деген буйругу менен пайда болгон жана, албетте, жерлер менен асмандардын жалгыз ээси ааламдардын Рабби Аллах булардын алда канча кемчиликсиздерин жаратууга Кудуреттүү. Аллах Куранда бул чындыкты адамдарга төмөнкүдөй кабар берген:

Албетте, асмандардын жана жердин жаратылышы адамдардын жаратылышынан жогорураак (татаалыраак). Бирок көп адамдар билишпейт. (Момун Сүрөсү, 57)

Аллах бул кичинекей тамырларда жараткан кереметтер муну менен эле чектелбейт. Капиллярлар кичинекей болгону менен өтө зор мааниге ээ. Бул тамырлар суюктук, азык заттар, гормондор жана башка заттардын кан аркылуу кыртыштарга өтүшүндө көпүрө кызматын аткарышат. Бул кызматка ылайык капиллярлардын кабыктары өтө ичке жана кичинекей молекулаларды өткөрө ала турган өзгөчө түзүлүшкө ээ. Кыскасы, кыртыштардын азыктануу жана кычкылтек менен камсыз болуу, жана ошол эле учурда ашыкчалардан кутулуу сыяктуу маанилүү процесстеринин баары капиллярлар аркылуу жүрөт.

Капиллярлардын кабыктары 0,5 микронго барабар. Ал кабыктардын бетинде киргизип-чыгаруучу ар кандай эшиктер бар. Клеткалар үчүн керектүү бүт заттар ал эшиктерден өтүшү керек. Бирок кандагы белоктор ал эшиктерге батпайт. Бул керектүү заттардын гана кыртыштарга жетишин, кандын ичинде калышы керек болгон башка молекулалардын болсо сапарын улантышына шарт түзөт. Бул, ошондой эле, кан суюктугунун, б.а. плазманын кыртыштардын ичине сиңип кетишине да жолтоо болот. Тамырлардын ичиндеги молекулалар суюктуктун өтүшүн токтотуп, кандын андан ары агышына шарт түзөт. Суюктук көлөмү өтө азга эле азайгандыктан, денедеги тең салмактуулукка терс таасирин тийгизбейт.108

Майда ээрүүчү заттар болсо капиллярлардын эшиктеринен өтүүгө мажбур эмес. Алар түздөн-түз капиллярлардын мембраналарынан ичкери кире алышат. Бул өтө маанилүү бир касиет, себеби капиллярлардын мембранасынын өзгөчөлүгүнөн келип чыккан мындай кыйынчылыксыз өтүү натыйжасында кычкылтек менен көмүр кычкыл газы көп санда жана тез өткөрүлө алат. Натыйжада бул газдардын кыртыштарга жетүү ылдамдыгы натрий, глюкоза сыяктуу суюктукта ээрибеген заттарга караганда бир канча эсе жогору болот. Бул кыртыштардын ал газдарга болгон муктаждыгы менен түздөн-түз байланыштуу. Башкача айтканда, алар муктаждык пайда болгондо өткөрүлүшөт.

Бир канча микрон болгон жана бир байланыш кыртышы менен булчуң кыртышынан турган бул акылдуу түтүктөр кыртыштын муктаждыгына жараша кандын агып-токтошун контрольдошот. Мындай контроль, албетте, Аллахтын чоң бир жакшылыгы. Бул маанилүү чара натыйжасында капиллярлардан кан дайыма акпайт. Капиллярларда агым секундалар же мүнөттөр ичинде токтоп-токтоп турат. Эгер кыртыш көп кычкылтекке муктаж болуп жатса, анда контроль механизми аркылуу капиллярлар булчуң кыртышынын таасири менен кеңейет жана агым уланган периоддорду созуктурушат. Натыйжада кыртышка көбүрөөк кан келип, ал аркылуу көбүрөөк кычкылтек жана азык келет.109

Бул акылдуу түтүктөрдүн ичине кирген кичинекей эритроцит клеткабыз бул тар жерде кыйынчылык менен жана токтоп токтоп кыймылдайт. Ичиндеги гемоглобин молекулалары менен сапары бою этияттык менен алып келе жаткан кычкылтекти берүүгө даяр турат. Кычкылтек муктаждыгы бар бир клеткага жакындап, өзүндөгү кычкылтек молекулаларын кычкылтек өзүнө же клеткага зыян тийгизбеши үчүн «акырын» койо берет. Жана анын ордуна клетка сыртка чыгарышы керек болгон көмүр кычкыл газын алат. Эми кайра кайтканга даяр. Башка жүк алган болот жана аны керектүү жерге жеткириши керек. Ал жер болсо жүгүн алып сапарга чыккан биринчи борбор, б.а. жүрөк.

Бул жерде бир капилляр жөнүндө сөз болуп жатат. Ал бир чара көрүп жатат, жана бул адам сыяктуу акылдуу бир жандык гана ойлонуп чече ала турган кыймыл-аракет. Бирок эң кызыгы дененин ичиндеги кубулуштардын көпчүлүгү биз адамдар үчүн да сыр бойдон калууда. Бул саптарды окугандардын көпчүлүгү капиллярларда ишке ашкан бул окуялар сыяктуу дененин ичиндеги көптөгөн процесстерди биринчи жолу угуп, ал жерде көрүлгөн чараларды биринчи жолу байкашууда. Демек бул чаралардын адамдар тарабынан көрүлбөгөнү анык.

blood flow

1. Blood flow
2. Arteriole
3. Red blood cell
4. Capillary
5. Oxygen and nutrients

6. Wastes
7. Venule
8. Interstitial fluid
9. Tissue cell

A red blood cell approaches the tissue cell in need of oxygen and deposits oxygen in it. With the carbon dioxide it has taken from the cell, its charge is now different and it now sets out through the veins toward the heart.

Аллах жер жүзүндө бир-биринен кемчиликсиз нерселер жаратат. Акылдын булагын түшүнүү үчүн буларды «көрүү» жетиштүү болот. Аллах «көргөн» менен «көрө албаган» адамды Куран аяттарында төмөнкүчө кабар берет:

Айткын: «Асмандар менен жердин Раббиси ким?» Айткын: «Аллах.» Айткын: «Андай болсо, Аны таштап өздөрүнө да пайда да, зыян да бере албаган бир катар досторду (кудайларды) тутунуп алдыңарбы?» Айткын: «Эч көрбөгөн (сокур) менен көргөн (парасаттуу адам) тең боло алабы? Же караңгылыктар менен нур тең боло алабы?» Же Аллахка Ал жараткан сыяктуу жаратуучу ортоктор табышып, бул жаратуу өз ойлорунда бир-бирине окшоштубу? Айткын: «Аллах бүт нерсенин жаратуучусу жана Ал жалгыз, каардуу (Каххар).» (Рад Сүрөсү, 16)

Сокур менен (баамдап) көргөн бир болбойт; ыйман келтирип ыкластуу амалдарды кылгандар менен жамандык кылган да. Канчалык аз сабак алып-ойлонуп жатасыңар. (Момун Сүрөсү, 58)

purple

"Why indeed should I not worship Him Who brought me into being, Him to Whom you will be returned? Am I to take as deities instead of Him those whose intercession, if the All-Merciful desires harm for me, will not help me at all and cannot save me?" (Surah Ya Sin: 22-23)

Ири Кан Айлануу Тармагынын Артка Кайтуу Жолу: Веналар

Көмүр кычкыл газын жүктөп алып кайра кайтууга даярданган эритроцит клеткасы капиллярдан узап баратканда барган сайын туннель кеңейе берет. Ага көптөгөн эритроцит клеткасы менен башка клеткалар кошулат. Жоон топ армияга сымал барган сайын кеңейген бир туннельди көздөй сапарын улантышат. Аларды кыймылдатуучу жогору басым эми төмөндөп калган болот. Эми жай жүрүшү керек болот. Алып бараткан жүгү болсо көмүр кычкыл газы. Кычкылтек берген ачык кызыл түс дээрлик толугу менен жок болгон. Ичиндеги көмүр кычкыл газы себебинен кандын өңү эми кызыл-көккө (сыя) жакын коюу болуп калат.

Эритроцит сапарын уланткан бул ири туннельдер – веналар. Бул тамырлар денени кыдырып чыккан клеткалардын үйгө кайтуу жолу. Эң жоон венанын жоондугу бир калемдей болот.110 Кандагы клеткалар кыртыштардан жыйнаган көмүр кычкыл газы менен башка калдыктарды денеден сыртка чыгаруу же кайра колдонуу үчүн негизги борборго алып жөнөшөт. Жүрөк ага кайткан эки чоң венаны тосуп алат. Алардын бирөөсү – мээ менен көкүрөктөн кайткан жогорку көңдөй вена (верхняя полая вена), экинчиси болсо – ашказан менен дененин төмөн тарабынан кайткан астыңкы көңдөй вена (нижняя полая вена). Жүрөккө кайткан бул веналар аркылуу көмүр кычкыл газы өпкөлөргө келип, ал аркылуу сыртка чыгарылып, анын ордуна алынган жаңы кычкылтек атомдору менен кан клеткаларынын эч бүтпөгөн бул сапарлары кайра башынан башталат. Кичинекей эритроцит клеткасы бир кызматты көп жолу кайра кайра жасайт. Бир күн ичинде бул узун жолду «толук 1000 жолу» эч чарчабастан жана дем албастан басып өтөт.111

Веналар – артериялар сыяктуу, өтө чоң тамырлар. Бирок булардын кабыктары булчуңдары болгону менен артериялардан ичке болот. Мунун эң негизги себеби – бул кандын кайра кайтканда күчтүү басымда болбой калышы. Веналардын басымга чыдамкай болуу мажбурлугу болбогонуна карабастан, булчуңдуу болушунун өтө маанилүү бир себеби бар. Веналар булчуңдар аркылуу кысылып-кеңейип көп көлөмдө канды кампалай алуу жөндөмүнө ээ. Кампалаган ал канды кан айлануунун кандайдыр бир жеринде муктаждык болгондо даяр кармап турушат.112

Бул жерде бир маанилүү маалыматты берип кетүү туура болот. Кан айлануу системасындагы бүт кандын 84%ы чоң кан айланууда колдонулат. Анын 64%ы болсо веналарда кайтуу сапарында болот. Артерияларда жүргөн кандын көлөмү болсо болгону 15%. Денеде 60000 километрлик аймакты ээлеген капиллярларда болсо 5% гана кан болот. Жүрөк кандын 5%ын, кичине айлануу болсо 9%ын колдонот.113 Бул маалыматтарда эң көңүл бурган нерсе – бул, албетте, веналарда көп кандын болушу жана капиллярларда өтө аз кан болушу. Веналар чоң кан айланууда артериялардагы жана капиллярлардагы жалпы кандын 3 эсесиндей кан алып жүрөт. Веналардын мынчалык көп кан ташышы, жогоруда айтылгандай, алардын бир кампа кызматын аткарышы себептүү. Капиллярлардын ичиндеги кан көлөмү болсо алардын кылган ишине салыштырганда өтө аз. Бул ичке тамырларга дайыма контрольдуу түрдө заттар келип турат.

body

1. Jugular vein
2. Carotid artery
3. Superior vena cava
4. Pulmonary vein
5. Inferior vena cava
6. Renal vein
7. Renal artery
8. Common iliac artery
9. Femoral artery

10. Great saphenous vein
11. Femoral vein
12. Common iliac vein
13. Mesenteric artery
14. Mesenteric vein
15. Aorta
16. Pulmonary artery
17. Subclavian vein
18. Subclavian artery

Veins are able to carry three times more blood than do the arteries and capillaries, thanks to their special structure.

Денеде кан жоготуу болуп, кан басымы төмөндөп баштаганда, кан айлануунун ар кайсы жерлеринде басым рефлекстери чыгат жана алар веналарга ар кандай сигналдарды жөнөтүшөт. Сигнал алган веналар ал маалыматтын негизинде кысылып баштайт. Веналар ушул касиети аркылуу денеде кан жетишсиздигин жоюуда. Денеде жалпы кан көлөмү 20%га азайса да, веналардын ушул өзгөчө кампасы аркылуу бул маселе тездик менен чечилет жана кан айлануу системасы өз функциясын нормалдуу улантат.

Vein structure
Vein structure

A. Vein structure
1. Outer coat
2. Smooth muscle, elastic fibers

3. Basement membrane
4. Endothelium
5. Valve

Unlike the arteries, the veins are not subjected to strong blood pressure, and therefore have different structures. Thanks to their muscular walls, the veins can store large quantities of blood by enlarging and constricting. Thus blood stored in the veins is available for immediate use in emergencies.

Басымы өтө төмөн болгон веналар ичиндеги кандын денеде кыймылдашы –өзгөчө өпкөгө, б.а. жогору көздөй кыймылдашы- оордой сезилет. Бирок бул маселе денедеги кемчиликсиз бир система менен чечилген. Биз кыймылдаганда денебиздеги булчуңдар веналарга басым жасап, ал тамырлардагы кандын кыймылдашына көмөкчү болушат. Бут тамырларыбыздан булчуңдар аркылуу кан жогору чыгышы үчүн жасалган басым жердин тартылуу күчү жерди көздөй тарткан күчкө барабар. Веналар бут кол сыяктуу кыймылдуу аймактардан өтүп скелет булчуңдарынан алыстаганда болсо ага дем алуу булчуңдары көмөкчү болушат. Өпкөнүн астында жайгашкан негизги венадагы кан ар дем алган сайын кыймылдайт. Натыйжада дем алып көкүрөк кеңейген сайын пайда болгон басым канды жүрөктү көздөй кыймылдатат.

Веналардын кандын агымын контрольдоо үчүн мындан башка механизмдери да бар. Булардын эң негизгиси артерияларда жок, веналарда гана кездешкен клапандар. Веналардагы ал клапандар, жүрөктөгү клапандар сыяктуу, кандын бир багытты көздөй гана агышына шарт түзүп, артынан жабылат. Натыйжада басымы аз болгон кандын артты көздөй агышынын алды алынат.114 Артерияларда мындай механизмге муктаждык жок. Себеби басым өтө жогору жана кандын артка кайтуу ыктымалдыгы жок. Аллах өтө кемчиликсиз жана детальдуу жараткан бул системада муктаждыкка жараша тамырлар эң керектүү системалар менен жабдылган. Тамыр тармагынын бул укмуш механизми, эч күмөнсүз, «бир тартип ичинде калып берген» (Аъла Сүрөсү, 2) жана «кемчиликсиз пайда кылган» (Хашр Сүрөсү, 24) Аллахтын бир чыгармасы. Аллах адамды жаратып, денесиндеги сансыз комплекстүү механизмди жаратканына далил кылган.

Басымдарда ушунча чоң айырма болгонуна карабастан, артериялардан да веналардан да ар секундада аккан кандын көлөмү бирдей. Дене мындай тең салмактуулукка муктаж, антпесе дененин белгилүү жерлеринде кан чогулуп баштайт. Веналарда басымдан улам артериялардагыдай кан «ылдам» акпайт. Б.а. веналардын артериялар менен бирдей деңгээлде кан ташышы мүмкүн эместей көрүнүүдө. Бирок эч мындай болбойт, веналар диаметри өтө чоң тамырлар болгондуктан, көп кан ташый алышат. Б.а. бирөөсүнөн ылдам, экинчисинен болсо тамыр кенен болгондуктан көп кан агат. Ушундайча эки негизги тамыр арасындагы барып-кайтуу көлөмү кемчиликсиз тең салмактуулукка салынат.115

vein

A. VEIN

a. Inner layer
b. Middle layer
c. Outer layer

1. Endothelium
2. Smooth muscle and elastic tissue
3. Elastic and collagen fibers
4. Lumen
5. One-way venous valves
6. Valve

As a requirement of the work the veins perform in our bodies, they possess a different structure. Valves in the veins can open and close as deoxygenated blood is carried back to the heart. Thanks to them, blood is prevented from flowing backwards and always forwarded to the heart.

How do the veins know that they need to possess such valves? This example once again shows us the superior knowledge and creation of our Lord, Who created us so perfectly.

Денедеги «тең салмактуулуктар» көп адамдар үчүн бейтааныш бир түшүнүк. Себеби бул тең салмактуулуктардын кандайдыр бирөөсү себепсиз жерден бузулбайт. Ушул себептен көп адамдар эч көйгөйсүз өмүр сүрүшөт. Чындыгында болсо, дененин ичинде кармалышы, эч бузулбашы, жабыркабашы керек болгон сансыз тең салмактуулуктар бар. Кандын денедеги айлануу системасы да бул тең салмактуулуктардын бирөөсү. Бул тең салмактуулукка терс таасир тийгизе турган көп факторлор бар, бирок тең салмактуулук сакталышы үчүн түзүлгөн тартип ушунчалык теңдешсиз болгондуктан, жүрөктөн чыккан кандын көлөмү менен жүрөккө кайткан кандын көлөмү бирдей. Бул тең салмактуулук бузулду деп элестетели; анда денеге жөнөтүлгөн кан кайра кайта албагандыктан дененин белгилүү жерлеринде чогулат. Бул болсо дененин ар кайсы жерлеринде шишиктердин жана тамырлардын жарылышынан келип чыккан жаралардын пайда болушуна себеп болот. Жүрөккө жетишсиз кан кайтканы үчүн тазаланган кан көлөмү да өтө аз болот жана жүрөктөн жаңы жөнөтүлө турган таза кан денени азыктандырууда жетишсиз болуп калат. Мындай тең салмаксыздык белгилүү убакытка созулганда болсо дене органдары азыктана албай өлүп башташат.

Келген кан менен кеткен кан арасындагы катыштын «бирдей» болушунун мааниси айтылганда, мунун сизге атайын жаратылган бир түзүлүш экенин апачык түшүнөсүз. Аллахтын жан тартуулоочу, ден-соолук берүүчү, тирилтүүчү жана жашатуучу маанилерине келген Мухйи сыпаты бул маанилүү мисал менен дагы бир жолу алдыбызга чыгууда. Көрүнүп тургандай, терең изилденген нерселердин баары бизди жараткан Аллахты жакшыраак таанышыбызга, Анын кудуретин түшүнүшүбүзгө шарт түзүүдө. Бүт нерсебизди Ага карыздар экендигибизди бизге көрсөтүүдө. Аллах жараткан бүт сый-жакшылыктар үчүн адам Аллахка дайыма шүгүр кылып, өмүрүн Ал ыраазы боло тургандай өткөрүшү керек. Каапырлар мындай кылбай, жандыктардагы өзгөчөлүктөрдү жаратылган эмес деп, башка жолдор менен түшүндүрүүгө аракет кылып, башка адамдарга да Аллахты жокко чыгарта алабыз деп ойлошот. Чындыгында болсо, Аллах улуу, кудуреттүү, күчтүү жана жеңилгис, жеңүүчү. Бул чындык бир аятта төмөнкүдөй айтылат:

Аллах жазып койгон: «Ант болсун, Мен жеңишке жетишем жана элчилерим да.» Чындыгында, Аллах – эң жогору күч-кубаттуу, күчтүү жана баарынан жогору. (Мүжаделе Сүрөсү, 21)

Веналардагы сапардан соң кан тазалануу үчүн өпкөлөргө алып келинет. Алып келинген көмүр кычкыл газы бул жерден сыртка чыгарылат. Денеде кычкылтек ташуучу жалгыз вена болсо – бул өпкө венасы. Өпкө венасынын эмне үчүн минтип башкача кызмат аткараарын болсо денедеги «кичине кан айланууну» караганда түшүнөбүз.

Өпкөлөрдө Кандын Тазаланышы Жана Кичине Кан Айлануу

circulatory system

1. CO2
2. O2

3. Lungs
4. Heart

5. Aorta
6. Vena cava

The circulatory system carries oxygen from the lungs to the tissues. Carbon dioxide, on the other hand, is transported from the tissues to the lungs. Glucose is absorbed by the intestines and stored in the liver temporarily in the form of glycogen. Later it is sent to the tissues. This flawless division of labor once again reveals the flawlessness in God's creations.

Эритроцит сапарга чыгып бүт денени кыдырып чыккан соң болжол менен 40 секунда өткөн болот. Эритроцит клеткасы эми сапарын баштаган жеринде, б.а. жүрөктө турат. Бул жолу көмүр кычкыл газына толгон булганган кан ичинде жүргөн болот. Бирок бул кандын тазаланышы шарт. Мына ушул себептен эритроцит клеткасы «кичине кан айлануу» деп аталган бул жаңы сапарды баштоо үчүн оң дүлөйчөдөгү ордуна барат. Сапарынын эң башында башынан өткөргөндөрүн эми жүрөктүн оң тарабында башынан өткөрүшү керек. Оң дүлөйчөдөгү клапандын ачылышы менен бирге жанындагы башка курбулары менен оң карынчага өтөт. Оң карынчага өткөн соң эшик жабылат. Артка кайта албайт. Оң карынчанын ичинде өтө кыска убакыт турат, артынан эле экинчи эшик өпкөлөргө барчу негизги жолду ачат. Экинчи сапар башталган болот. Бирок бул беркисинен кыскараак. Ушул себептен «кичине кан айлануу» деп аталат.

Оң дүлөйчөдөн насостолгон кан өпкө артериясына жетет. Өпкө артериясы жүрөктөн чыккан соң экиге бөлүнүп оң жана сол өпкөгө бутактар жөнөтөт. Өпкөлөргө кирген бул тамырлар өпкөлөрдүн ичинде кычкылтек менен көмүр кычкыл газы орун алмашкан аба чөйчөкчөлөрү-альвеолдордун капталында көптөгөн капиллярларга бөлүнөт. Ал жерде булганган кандагы көмүр кычкыл газы альвеолдорго, альвеолдордогу кычкылтек болсо канга өтөт. Тазаланган кан өпкө венасы менен жүрөктүн сол дүлөйчөсүнө, б.а. сапар биринчи башталган жерге алып келинет. Бир венанын биринчи жолу таза кан ташышы ушундайча болот.

Сырттан келген аба өпкөлөргө бронхтор аркылуу толот. Бронхтор өпкөгө киргенде болсо көп бутактарга бөлүнүшөт. Альвеолдор – мына ошол бутактар. Өпкөлөрдүн ичинде абага толгон 300 миллион альвеол бар. Булардын баарынын капталы кычкылтекти көмүр кычкыл газына алмаштыра турган капиллярлар менен капталган. Бул жерден бир эле өпкөлөрдөгү капиллярлардын канчалык чоң көлөмдө экенин болжолдоого болот. Альвеолдордун беттик аянты болжол менен 230 м2. Бул бир теннис кортунун аянтына барабар. Жоондугу миллиметрдин миллиондон бирине барабар болгон капталдары менен капиллярлар жана альвеолдор биз үчүн өтө маанилүү болгон кызматтарын аткарышат.116

Өпкөлөрдөгү бул газ алмашуу чындыгында бир керемет. Өпкө ар бир минутада 56х1021 (56 санынын жанына 21 нөл жазылып алынган сан – 56 септильон) кычкылтек атомун клеткаларга жеткирет.117 Биз дем алышыбыз гана керек. Күнүмдүк жашообузду улантып жатканыбызда ичибизге соргон белгилүү көлөмдөгү аба менен өпкөлөрүбүздө бул кереметтүү газ алмашуу укмуш тездик менен ишке ашат. Бул алмашуудан соң эми кычкылтек көтөргөн кичинекей эритроцит клеткабыз сапарынын башына кайтып, кыртыштарга кычкылтек ташуу үчүн сол дүлөйчөдөгү өз ордун ээлейт. Канчалаган бетте үстүртөн гана каралып чыккан бул керемет сапар болсо бир мүнөттөн да азыраак убакытка созулган болот.

barrier

A. CAPILLARY
B. ALVEOLUS

1. Oxygenated blood
2. Bronchia

3. Oxygen transported into the blood
4. Carbon dioxide transported to the alveolus
5. Deoxygenated blood
6. Alveolus
7. Oxygenated blood

8. Blood cells
9. Cell membrane
10. Cytoplasm
11. Air in lungs
12. Capillary cell

13. Basement membrane fibers
14. Alveolar cell
15. Active surface layer
16. Path of oxygen molecule

The barrier between the air in the alveoli and the blood in the capillaries is a total of 4 micrometers thick—equivalent to half the diameter of a red blood cell. The extreme fineness of this barrier shows how very swift and effective the two-way exchange of gasses across this barrier is.

Бир маанилүү чындыкты эске салуу туура болот. Эгер капиллярлар альвеолдордон бир аз алысыраак болушса, газ алмашуу жасалбай калат. Алардын альвеолдордун жанында жайгашышы китептин башынан бери көп жолу көрүп, таң калган кемчиликсиз жаратуу мисалдарынын бирөөсү гана. Туш келди бир кубулуш мындай турсун, план түзө алган, ойлонуп долбоорлогон, акылын колдоно алган бир адам да дененин бүт тарабында көрүнгөн мындай теңдешсиз өзгөчөлүктөрдү жасай албайт. Бул чыгарма – керемет бир Акылдын, Улуу бир Кудуреттин чыгармасы. Аллах бизге Өзүн мына ушундай жаратуу далилдери аркылуу таанытат. Ойлонуп түшүнө алган бир адам үчүн Аллахтын чыгармаларын көрүү өтө оңой. Аллах Куранда бул чындыкты төмөнкүчө кабар берген:

Аллах – бүт нерсенин Жаратуучусу. Ал бүт нерсенин үстүндө Өкүл. Асмандардын жана жердин ачкычтары Ага тиешелүү. Аллахтын аяттарын тангандар (жокко чыгаргандар) болсо; мына ошолор азапка туш болушат. (Зүмер Сүрөсү, 62-63)

rose

Кан Агымынын Контроль Механизми

mans

Жасала турган бир иштин пайда менен зыяндарын эсептеп ошого жараша чара көрүү адамга, б.а. «акылга» тиешелүү бир жөндөм. Бирок адам денесиндеги кан айлануу системасын эле караганыбызда да, адамдан «акылдуураак» көрүнгөн кээ бир жандыктардын чогуу укмуш бир уюшкандык менен иштеп жатканын көрөбүз. Алардын жоопкерчилиги болсо өтө зор: бир адамдын өмүрү! Мына ушул себептен эч тынымсыз, эч ката кетирбестен жана эң негизгиси ар кандай жагдай жана шартка карата чара көрүп, жолун улантышы керек.

Денедеги бул механизмдин «акылдуу» экенин далилдеген көп далилдер бар. Денеде, жогоруда бир канча жолу айтылгандай, «муктаждыктар аныкталууда». Мунун кайсы чечим менен жасалаары жана муктаждыктарды ким аныктап жатканы белгисиз. Бирок жүрөк, тамырлар, кандын ичинде жүргөн клеткалар баары чогуу укмуш акылдуу уюшкандык менен иш алып барышат. Шартка жараша жүрөк канды белгилүү санда насостойт, эритроциттер кычкылтекти белгилүү клеткаларга таратат жана эң негизгиси тамырлар белгилүү жерлерге канды агызышат.

Сиз уктап жатканда же эс алып жатканда жүрөгүңүздүн көп кан насостошу талап кылынбайт. Төшөгүңүздөн кокус тура калганыңызда энтигип калганыңыздын себеби ортодогу ушул айырмачылык. Жүрөк сиз уктап жатканда сиздин өмүрүңүздү уланта турганчалык гана кан насостойт. Бул, албетте, баалуу бир сарамжалдык. Төшөгүңүздөн туруп басып баштаганыңызда жүрөктүн кыймылы өсөт. Сиз көп кыйнала электе кабар керектүү жерге жеткирилет: дене кыймылдап жатат жана көбүрөөк канга муктаждык бар. Бир жерди көздөй чуркап баштаганыңызда болсо жүрөгүңүздүн кан насостоо ылдамдыгы жана көлөмү 6-7 эсе жогорулайт. Дене бул учурда өтө үнөмдүү иштейт. Дененин бүт тарабына дайыма бирдей көлөмдө кан барбайт. Кан тамак жегениңизде ашказаныңызга, сүзгөндө өпкөлөрүңүзгө жана булчуңдарыңызга, бир нерсе окуганыңызда мээңизде чогулат. Себеби ошол учурда азыктанышы жана дем алышы керек болгон эң негизги клеткалар ошол аймактарда болот.

Үнөмдөө ушундай учурларга эле тиешелүү эмес. Кадимки шарттарда дене булчуңдарды азыктандыруу үчүн ашыкча аракет кылбайт. Булчуңдар дененин 30-40%ын түзөт. Анткен менен, эс алуу учурунда булчуңдарга барган кан көлөмү таң калаарлык деңгээлде аз болот. Бирок булчуңдарыңызды иштетип баштаганыңызда, зат алмашуу активдүүлүгүңүз 50 эсеге, булчуңдарга кан агымы болсо 20-25 эсеге көбөйөт.118 Бул чындыгында таң калаарлык бир өзгөрүү. Бир машыгуу жасап жаткан учурда булчуңдар чындыгында ушунча көп канга муктаж болот. Эгер булчуңдар кадимки шарттарда да ушунча көп көлөмдө канга муктаж болгондо, албетте, жүрөктүн мынчалык зат алмашууга үлгүрүшү кыйын болуп калмак. Дененин акылдуу көзөмөлчүлөрү анын ордуна колдогу канды мээ сыяктуу көбүрөөк маанилүү жана керектүү жерлерде колдонууну чечишет.

Мээ – тынымсыз азыктанып, кычкылтек алып турушу керек болгон бир орган. Мунун жалгыз себеби – анын денеде болуп жаткандарды жана бүт органдарды контрольдоп турушу. Эң кызыгы болсо жүрөк, кан тамырлары жана кан клеткалары бул өтө маанилүү чындыкты билишет. Ушул себептен мээге кандын барышы кандай гана болбосун сөзсүз улантылат. Тамырлар мээге ар мүнөттө болжол менен 1 литр кан жеткириши керек. Дененин бир жери канаганда болсо денеде азайган кан бул кызматты аркалаган нервдер тарабынан мээни көздөй тартылат. Мээдеги тамырлар өздөрүн мындай өзгөчө кырдаалга карата жөнгө салып, ачылып же тарайышат. Абалдан кабардар болгон дененин башка бөлүктөрүндөгү кан тамырлары бул негизги борборду куткаруу үчүн өз жолдорун тосушат. Натыйжада мааниси азыраак органдарга кандын жолу жабылат. Бул жерде адам денесинин бүт тарабында көрүнгөн «акылды» дагы бир жолу көрүүдөбүз.

muscles

When we engage in sports, our muscles need 20 to 25 times more blood than normal. If our muscles needed that much blood even under normal conditions, the heart would be unable to match that extreme tempo. Yet our Lord, Who has created all things with a measure, has created our hearts and muscles to be compatible with one another.

Денедеги ар кыртышка кан агымы так муктаждыкка ылайык жөнгө салынат, көп да эмес, аз да эмес. Мисалы, эң негизги муктаждыгы кычкылтек болгон бир кыртышка ал кыртыш толук кычкылтек ала алаарлык көлөмдө, кээде бир аз көбүрөөк кан жиберилет. Бирок андан көп кан эч качан жиберилбейт. Бул укмуш контроль системасы кыртыштардын толук азыктана албай калышына жол бербейт жана жүрөктүн иш жүгүн минимум деңгээлде кармайт.119 Мааниси өтө зор бул контроль системасы болсо тамырлардын өткөрүү уруксатын берип-бербеши менен байланыштуу. Тамырлар муктаж болгон кыртыш үчүн гана жолдорун ачат, б.а. кеңейет, ал кезде канга азыраак муктаж болгон бир кыртыш үчүн болсо жолду жабат, б.а. кысылат. Тамырлардын булчуңдар менен оролгондугунун мааниси мына ушунда.

Мындай контроль механизми болбогондо жана денедеги бүт кыртыш менен органдар дайыма бирдей кан менен азыктанганда эмне болмок? Анда жүрөк азыркыдан эки эсе көбүрөөк кан насостошу керек болмок.120 Жүрөк мындай кыймылга үлгүрө албай, кыска убакыт ичинде чарчап калмак болушу керек эле. Денеңиз көп кычкылтекке муктаж болгон убактарды; бийик бир тоого чыкканыңызды же өтө оор бир спорт менен машыкканыңызды элестетип көрүңүз. Денеңиздеги кычкылтек муктаждыгын канааттандыруу үчүн канчалык бат дем аласыз жана жүрөгүңүз канчалык бат согот. Дененин бүт кыртыштарынын бирдей көлөмдө кан менен азыктанышы сизди 24 саат бою ушундай абалга, ал тургай, балким мындан да ооруна салмак. Бул салыштыруу дененин контроль механизминин сиз үчүн канчалык чоң мааниге ээ экенин көрсөтүүгө жетиштүү.

Тамырлар чындап эле бул кемчиликсиз контроль үчүн өзгөчө жаратылышкан. Өзгөчө кырдаалдарда эмне кылышы керек экенин билишет жана ошого жараша өтө акылдуу жана «адам өмүрүн куткара турган» чараларды көрүшөт. Мисалы, суук аба дене температурасын төмөндөтүп, мээнин жабыркашына себеп болушу мүмкүн болгон кооптуу шарт болуп саналат. Бирок адам тамырлардын жогорку жөндөмдөрү урматында катуу сууктарга чыдай ала турган бир метаболизмге (зат алмашууга) ээ. Муздак абага жолукканда бут менен кол манжаларындагы тамырлар биринчи чара көрүп тездик менен кысылышат. Натыйжада кол менен бут манжаларына кан агымы азайтылып, денедеги кандын муздашынын алды алынат. Белгилүү болгондой, кол менен буттардагы тамырлар үстүңкү бетке жакын тамырлар, жана ошондуктан денедеги кандын муздашына себеп болушу мүмкүн. Кандын муздашы болсо кан менен азыктанган жүрөк менен мээнин да муздашы деген мааниге келет; бул өтө чоң бир коркунуч.

Өтө муздак бир абага чыкканда болсо денеңиздеги тамырлар сизди тоңуудан, б.а. өлүмдөн куткаруу үчүн манжаларыңызды курмандыкка чалат жана ал аймакка кандын барышын толугу менен токтотушат. Ошол эле учурда мээ кабар жөнөтүп булчуңдардын бир-бирине тийип титирешине шарт түзөт. Мындай титирөө натыйжасында кыймылдаган тамырлар, жана натыйжада кан дене температурасынын бир азга көтөрүлүшүнө себеп болот.121 Кар жаап жатканда сыртка чыкканда сиз да денеңиздеги бул чаралардын таасирин заматта сезесиз. Денеңизде сууктан биринчи кезекте кол менен буттарыңыз үшүп баштайт. Сууктан улам денеңизде башталган титирөө болсо мээден келген ультиматумдун бир натыйжасы.

Тамырлардын кысылып-кеңейиши, албетте, мээнин контролунда. Мээ ар кандай нерв клеткалары жана гормондор аркылуу тиешелүү тамырларга кабарлар жөнөтөт. Ошого жараша, кайсы кыртыштын эмнеге муктаж экени аныкталат. Мисалы, толугу менен психологиялык бир кубулуш болгону менен, уялганыңызда же өтө кайгырганыңызда, нервдериңизден келген сигналдар артерияларды орогон булчуңдарга жетет. Артерия булчуңдарынын жумшарышы натыйжасында кандын агымы көбөйөт жана жүзүңүз заматта кызарат.122

brain

In the event of any kind of accident, the brain—as the main center in the body—is one of the organs most in need of protection. The blood vessels in our bodies act in the knowledge of the brain's priority. If the amount of blood reaching the brain declines, both the brain's own blood vessels and other blood vessels take precautionary measures. The brain blood vessels enlarge or constrict, and other blood vessels elsewhere in the body slow the flow of blood through them in order to divert more to this important organ.

Капиллярлар болсо бул багытта эң эркин тамырлар. Толугу менен муктаждыкка жараша кандын агышын улантат, керек болгондо агымды толугу менен токтотот, керек болгондо болсо кароолдой кандын өтүшүнө уруксат беришет. Мисалы, сиз эс алып жатканда, көп капиллярыңыздагы кан агымы токтойт. Бирок ичке ичегиңизде тамактан соң кандын агышы ылдамдайт. Кадимки шарттарда денеңиздин бүт капиллярларын толтура турганчалык каныңыз жок. Эгер дене бүт капиллярларыңызды кан менен толтурганда, мээңизге кан барбай калмак жана кыска убакыт ичинде эстен танмаксыз. Мунун бир аз көбүрөөккө созулушу болсо мээңиздин өлүмүнө себеп болмок.123

Капиллярлардын кандын агымын түздөн-түз контрольдой алуу жөндөмү – кан муздабашы жана натыйжада дене температурасынын туруктуу сакталышы жагынан өтө маанилүү бир өзгөчөлүк. Муздак абаларда өзгөчө териге жакын аймактардагы капиллярлардын кандын агымын токтотушу ал жерде жылуулукту жоготуунун алдын алат.124

Дене температурасынын тең салмактуу сакталышында суук сыяктуу, ысык да таасир берет. Ашыкча ысыкта денедеги тамырлар тескерисинче бир ыкма колдонушат. Ысык бир жерге киргениңизде териңизге жакын турган кан тамырлары кеңейет. Кан териңизге жакындап, үстүңкү бетке жакын жерлерге толот. Ушул себептен жүзүңүз кызарып чыгат. Кандагы жылуулук териңизди ысытат жана бул жылуулук териден абага берилет. Ошентип айланаңыз ысык болсо да, денеңиздин температурасы нормалдуу деңгээлде сакталат.

Дагы көптөгөн детальдуу бул керемет чараларды карап, акылын колдоно алган ар бир адам алдындагы маанилүү чындыкты түшүнөт. Алдыбызда адам акылынан жогору бир акыл, керемет бир кемчиликсиздик бар. Булардын баарына ачык акыл менен жооп издеген бир адам Раббибиз Аллахтын сөзсүз бар экенин жана бүт нерсенин өкүмдары экенин түшүнөт.

Китептин башынан бери айтылып келе жаткан бул кемчиликсиз системалар Аллахтын бар экенин, «бүт жерде» экенин көрсөтүп, Анын керемет чыгармаларынын өз денебизде да бар экенин көрсөтө алуу. Бул ачык чындыктарды көрө албаган же көрүүдөн баш тарткан кишилер чоң жаңылыштыкка түшкөнүн акыретте түшүнүшөт. Аларга көрсөтүлгөн сансыз далилди көрмөксөн болуунун, ал тургай, көрүп туруп булардын баары үчүн башка жооптор издөөнүн жазасы Аллах Кабатында өтө чоң болушу мүмкүн. Билип туруп чындыкты тангандар үчүн Аллах түбөлүк бир тозок жашоосун даярдаган.

Акылын колдонгон ар бир адам акырет жашоосунун чындык экенине ыктымал берип, бир аз ойлонушу жана тозок азабынан өтө коркушу зарыл. Аллах каапыр бойдон акыретке баргандардын абалын бир Куран аятында төмөнкүдөй кабар берет:

Акыйкат убада жакындады, мына ошондо каапырлардын көздөрү чанагынан чыгат: «Азап болсун бизге, биз мындан толугу менен капылеттикте (бейкапар) элек, жок, биз заалым кишилер элек» (дешет). (Анбия Сүрөсү, 97)

mountain

He cast firmly embedded mountains on the earth so it would not move under you, and rivers and pathways so that hopefully you would be guided and landmarks. And they are guided by the sears. Is He Who creates like him who does not create? So will you not pay heed? (Surat an-Nahl: 15-17)

Footnotes

99 http://hes.ucf.k12.pa.us/gclaypo/circulatorysys.html

100 John Farndon, Angela Koo, Human Body, Factfinder, Dempsey Parr, 1999, p. 53.

101 http://people.a2000.nl/aalan/sirlar/vuc.html

102 http://www.nature.com/cgi-taf/DynaPage.taf?%20file=/nbt/journal/v17/n8/full/nbt0899_753.html

103 David Burnie, Dorling Kindersley The Concise Encyclopedia of the Human Body, Dorling Kindersley; 1st ed., 1995, p. 90

104 http://efnt1.fedu.metu.edu.tr/SCE51998/binzat/damar.htm, "Kan damarlari" ("Blood Vessels")

105 Textbook of Medical Physiology, 7th Edition, p. 220.

106 Ibid., pp. 218, 219.

107 Ibid, p. 220.

108 Ibid.

109 Biology Today, p. 202.

110 Textbook of Medical Physiology, 7th Edition, pp. 220, 221.

111 Textbook of Medical Physiology, 7th Edition, Nobel Tip Kitapevi, Çapa, Istanbul, p. 507

112 The Heart - Our Circulatory System, p. 15.

113 Ibid., p. 19.

114 Textbook of Medical Physiology, 7th Edition, p. 221.

115 Ibid., p. 218.

116 The Heart - Our Circulatory System, p. 15.

117 Body Atlas - The Human Pump, Video by Pioneer Production for The Learning Channel, Discovery Communications, Inc., 1994.

118 The Incredible Machine, p. 119.

119 "The Circulatory System," The Encyclopedia of Health, p. 43.

120 Textbook of Medical Physiology, 7th Edition, Istanbul: Nobel Tip Kitapevi, p. 334.

121 Ibid.

122 Ibid.

123 http://www.newton.dep.anl.gov/askasci/bio99/bio99317.htm, "Ask A Scientist"

124 Biology Today, Sandra S. Gottfried, Mosby - Year Book, Inc., 1993, p. 202.

125 Ibid., p. 203.

126 Ibid., pp. 202, 203.