Кемчиликсиз Кан Айлануу Тармагы Жана Эволюция Туюгу

Адам денесинде «кан» деп аталган кызыл бир суюктук бар экени, албетте, илгерки замандан бери белгилүү эле. Бирок кандын дене ичинде бир жерде турбашы, «айланып тураары» көп кылымдардан кийин белгилүү болду. Бул Ислам дүйнөсү илим, искусство жана ойчулдук тармактарында дүйнөнүн лидери болгон Ортоңку кылымда ачылды: Мусулман врач Ибн аль-Нафис биринчи жолу кан айланууну терең түшүндүрүп берди. Бул чындыкты европалыктар болсо 17-кылымдын биринчи жарымында Уильям Гарвейдин (William Harvey) ачылыштары натыйжасында билишти. Гарвей Anatomica de Motu Cordis et Sanguinis in Animalibus (Жаныбарларда жүрөктүн жана кандын кыймылы жөнүндө анатомиялык бир изилдөө) аттуу китебинде кандын жүрөк тарабынан насостолуп бүт денени айланаарын далилдери менен көрсөткөн.

Эгер сиз да денеңизде аккан бир кан бар экенинен мурда эч кабарыңыз болбосо жана бир күнү муну кокустан түшүнсөңүз, өтө таң калмаксыз. Сизди биринчи таң калтырган нерсе териңиздин астын кызыл бир түстүн курчап турганы болмок. Бул суюктуктун өтө ылдам эч тынымсыз агып жатканын билгениңизде болсо андан да көбүрөөк таң калмаксыз. Сыртка чыгып жаткан кандын белгилүү убактан соң «өзүнөн-өзү» токтоп уюп, кан чыгып жаткан жерди толугу менен башка көрүнүшкө алып келгенине күбө болмоксуз жана таң калууңуз андан да өсмөк. Бул суюктуктун эмне үчүн мындай «өзгөчө» экенин жана денеңизге эмне үчүн жана кантип жайгаштырылганын билгиңиз келип баштамак.

Blood coagulates

Blood coagulates when it leaves the body and quickly loses its animated properties, as if it were now dead. That is why scientists are unable to investigate all of blood's features in the laboratory, and why the world of science is still a long way from making a blood-like fluid.

Бир аз тереңирээк изилдегенде болсо кансыз денеңиздин жашай албашын, бирок балким андан да кызыгы «денеңиз болмоюнча кандын да жашай албашын» түшүнмөксүз. Мына ушул себептен эмне гана кылбаңыз, кайсы гана лабораторияда изилдебеңиз, бул кемчиликсиз түзүлүштүн детальдарын толугу менен аныктай алмак эмессиз.

Бул жагдай азыркы учурга да тиешелүү. Илимпоздор канды бүт майда-бараттары жана бүт функциялары менен алигече толук изилдей алышкан жок. Муну бүгүнкү күндө кыла алышы мүмкүн эместей көрүнүүдө, себеби кан адам денесинде гана жандуу касиетин көрсөтө алат. Адам денесинен чыкканда заматта «өлгөндөй» болуп, уюп баштоодо. Кан жөнүндө жалпы маалымат ала алышыбыздын себеби болсо – бул канды түзгөн клеткалардын кандан бөлүп изилдей алынышы... Илимпоздор ичиндеги клеткалар алынган плазманы да сактоого аракет кылышууда, бирок аны сактай алуу үчүн химиялык процесстер талап кылынууда. Микроскоп астында белгилүү бир жашоо жана кыймыл формасын көрсөткөн клеткалар адам денесинде да дал ошондой касиеттердеби же андай эмеспи деген суроонун жообу да белгисиз. Мына ушул себептен сансыз илимпоз чогулуп дүйнөнүн эң алдыңкы лабораторияларында эң алдыңкы системалар менен канды туурай алышкан жок. Учурдагы изилдөөлөр жок дегенде кычкылтек ташый алчу запас бир суюктук жасоо багытында жүргүзүлүүдө.

Берилген бул маалыматтардын баары бул темада бир аз токтоп ойлонуу үчүн. Кээ бир медиа, билим берүү мекемелери же «илимий популярдык» тасмалар аркылуу бир «эволюция» процесси бар деген пропаганда жашыруун жана ачык жасалууда. Бул ушундай «тыкан» жасалып, эволюция жактоочулары адамдардын бул темада көп ойлонушун каалашпайт. Илим тонун жамынып чындыгында өтө күлкүмүштүү бир жомок айтып беришип, аны бир канча химия формуласы менен кооздошот. Буларга бир канча спекуляциялар, ал тургай, көз бойомочулуктар да кошулган соң ортого өтө олуттуу кабыл алынган, илимий мекемелерде окутулган, ал жөнүндө конференциялар жасалган бир эволюция теориясы жомогу келип чыгат. Негизи мынча күчтүү пропаганда аркылуу бир нерсе айтылгысы келет: бул керемет аалам, кемчиликсиз адам денеси, бир-биринен түрдүү жаныбар жана өсүмдүктөр, кыскасы бар болгон нерселердин баары «кокустан» пайда болгон. Бул көз-караш ушунчалык акылсыз жана уялта турган болгондуктан, эми кээ бир илимпоздор муну апачык айтпай, илимий терминдер колдонуп өтүп кетүүгө аракет кылышууда.

Бул тема жөнүндө адамдардын көп ойлонушун каалабашынын себеби ушунда. Себеби жер жүзүндөгү «кандайдыр бир нерсе» бир аз тереңирээк изилденгенде, эволюция теориясынын канчалык чоң жаңылыштык экени апачык көрүнүп калат. Алдыңыздагы ар бир система ушунчалык детальдуу жана акылдуу болгондуктан, кокустуктар натыйжасында пайда болуу мындай турсун, бир эле кокустуктун системанын ишин бузаары көрүнүп турат. Изилденген нерсенин бир жандыктын дене механизми же бир гүлдүн комплекстүү түзүлүшү болушу да зарыл эмес. Бир даана белоктун аминокислота тизмеги жандыктардын жаратылганын түшүнүүгө жетиштүү болот. Бул китепте карап чыккан кан айлануу системасын жалпысынан бир эстегенге аракет кылыңыз. Эволюция теориясы ушул детальдуу, өтө комплекстүү жана эң негизгиси өтө маанилүү механизмдин сансыз мүчөлөрү арасынан «бир даана макромолекуланын келип чыгышын да» түшүндүрө албайт. Түшүндүрүшү да мүмкүн эмес, себеби бул укмуш уюштурулган системага жасалган бир эле туш келди кийлигишүү системаны толугу менен талкалаганга жетиштүү. Дарвинисттик маанайдагы Bilim ve Teknik (Илим жана техника) журналында бул чындык мындайча моюнга алынган:

«Канда жүргөн процесстердин баары өтө татаал жана бир-бири менен байланыштуу. Бүт баары, эң майда-баратына чейин кемчиликсиз тартипке салынган. Канда ушунчалык кемчиликсиз бир иштөө системасы бар; кичине эле бир бузулуу өтө олуттуу натыйжаларга алпарышы мүмкүн.»125

Кан денеде гана жандуу, тирүү. Дене да кан болгондо гана жашайт. Ошондуктан кан, мурда да, кийин да эмес, дал өз убактысында, б.а. кан айлануу системасы менен жашаган алгачкы жандык менен бирге пайда болушу керек. Бар болушу эле жетиштүү эмес, кыймылдашы да зарыл. Демек жүрөк да аны менен бирге пайда болушу керек. Жүрөк менен кан ээнбаш кыймылдай алышпайт. Бир маршруттары болушу шарт. Ошондуктан кан тамырлары да дал ошол учурда төшөлүшү керек.

landscape

Everything in the heavens and everything in the Earth belongs to Him. God is the Rich Beyond Need, the Praiseworthy. Do you not see that God has made everything on the earth subservient to you and ...

...the ships running upon the sea by His command? He holds back the heaven, preventing it from fallingto the Earth-except by His permission.God is All-Compassionate to humanity, Most Merciful." (Surat al-Hajj: 64-65)

Эволюционисттердин пикирлерин эске алганда, кокустуктар натыйжасында жер жүзүндөгү биринчи кан айлануу системасы бар организмдердин пайда болгонун кабыл алуу керек. Фоссилдер (калдыктар) мындай өзгөчөлүктөгү организмдердин башка бүт комплекстүү жашоо формалары менен бирге, кембрий доорунда пайда болгонун көрсөтүүдө. Кембрий жандыктарынын көпчүлүгүндө кан айлануу системасынын бар экени белгилүү. Андан мурдакы фоссил калдыктарында бир клеткалуулар менен өтө жөнөкөй кээ бир көп клеткалуулар кездешип жатканда, кембрийде кан айлануу кантип бир заматта, кандайдыр бир баштапкы этаптарысыз пайда болгон деген суроого эволюция теориясынын жообу жок. Көп клеткалуу бир жандык жашай алышы үчүн аны түзгөн миллиондогон клеткалар «өз-өзүнчө» жашатылышы керек. Демек кан тамырлары ар бир клеткага бара турган кемчиликсиз транспорт тармагы менен бирге дене биринчи жашап баштаган кезде толугу менен бар болушу керек. Кычкылтекти киргизе турган дем алуу механизмдери, көрсөтмөлөрдү бере турган мээ, канды өндүрө турган органдар, тамырлар, кыскасы денедеги башка механизмдер болмоюнча, бул системанын бар болушунун эч бир мааниси болбойт. Бул кемчиликсиз түзүлүштүн арасынан бир эле бөлүктүн кийинчерээк пайда болуп, ишке жараш үчүн башка бөлүктөрүнүн пайда болушун күтүп отурушу мүмкүн эмес. Тамырлардын «убакыттын өтүшү менен акырындап» пайда болуп, миллиондогон жыл бою алардын ичинде айлана турган кандын пайда болушун күтүшү же кандын кокустан аны кыймылдата турган бир насостун пайда болушун күтүп бир бурчта эч ишке жарабай турушу сыяктуу бир ыктымалдык, албетте, өтө логикасыз нерсе. Бирок эволюция теориясы «дал ушуну» жактайт.

blood cells

Демек эволюционисттерден сураш керек: кокустан пайда болгон кан учурда жасалма жол менен эмне үчүн жасала албай жатат? Алардын ою боюнча, кокустуктар эч кыйынчылыксыз жасай алган жана эч ката кетирбеген бул өндүрүш эмне үчүн 21-кылымдын технологиясы жана илимдүү илимпоздору тарабынан жасала албай жатат? Ал кокустуктар, табигый шарттарда туш келди ишке ашкан окуялар болуп туруп, кантип канды жандыктын денесинде гана жашай ала тургандай «өзгөчө бир өндүрүш менен» иштеп чыга алышкан? Клеткаларга бир-бирден иштерди бөлүштүрүп берген, алар үчүн белгилүү бир маршрут белгилеген, жүрөк клеткаларына кысылуу көрсөтмөсүн берген кайсы кокустук болду экен? Ал кокустуктардын баары кан айлануу системасын түзгөн механизмге пайдалуу бир нерселерди кошкон болушу шарт, себеби катасыз жана кемчиликсиз бир система пайда болсо да, бир эле туура эмес кийлигишүү системаны толугу менен жок кылууга жетет. Андай болсо, толугу менен пландуу, аң-сезимдүү ишке ашкан бул окуяларды «кокустук» деп айтууга болобу? Системанын ар бир бөлүгүндө, ар бир деталында аң-сезим бар. Адам бул аң-сезимдин детальдарын бир кылым мурда гана жана үстүртөн гана түшүнө алды. Булардын баарын бүт нерседен жогору, чексиз Кудуреттүү Улуу Аллах жараткан.

Эволюционисттердин бул чындыкты танышынын жалгыз себеби – бул Аллахтын бар экенин кабыл албаш үчүн өздөрүн шарттап алганы. Чындыгында жандыктын комплекстүүлүгүнө байкоо жасаган бир илимпоздун буларды кокустуктар пайда кылган деп ойлошу жана ага ишениши мүмкүн эмес. Эволюционисттердин эч бир илимий таянычы жок бул теорияны жактаганга аракеттенишинин жалгыз себеби – бул Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун көрмөксөн болушу. Дүйнө жүзүндөгү ар бир детальда апачык көрүнүп турган жаратылуу чындыктарына көздөрүн жумуп, туш келди кокустуктарды өздөрүнө кудай тутунушу.

Кээ бир эволюция жактоочулары чоң ката кетиргенин байкап, бүт нерселердин бийик акылдуу бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын кабыл алууга мажбур болушкан. Жаратуучунун бар экени көзүбүздү айландырып караган бүт тарапта көрүнүп турат. Аллах ушунчалык кемчиликсиз бир аалам менен табият жараткандыктан, ар бир жаңы ачылыш, ар бир илимий деталь сөзсүз Раббибиздин Улуу Затын көрсөтөт. Булардын баары кемчиликсиз жаратуучу Аллахтын теңдешсиз чыгармаларынан. Буларды көрүп түшүнө алган ааламдын эң чоң сырын аңдап, бүт жандыктардын жана өзүнүн жаралуу максатын түшүнгөн болот. Жана ар бир далилди көргөн сайын Аллахка көбүрөөк жакындайт. Бүт бул далилдерге карабастан чындыкты танган болсо дүйнөдө текке кеткен аракеттери үчүн кайгырып, акыретте болсо чоң бир азапка туш болот. Аллах бир Куран аятында бул чындыкты төмөнкүдөй кабар берет:

Раббилерин уккандарга андан да жакшысы бар. Аны укпагандар болсо жер жүзүндөгүлөрдүн баары жана ага кошо дагы бир ошончосу алардыкы болсо сөзсүз (кутулуу үчүн) аны садака кылып беришмек. Сурактын эң жаманы ошолорго болот. Алардын бараар жери тозок, кандай жаман жаралган нерсе ал!.. (Рад Сүрөсү, 18)

tree

Those who respond to their Lord will receive the best. But as for those who do not respond to Him, even if they owned everything on the Earth and the same again with it, they would offer it as a ransom. They will receive an evil Reckoning. Their shelter will be Hell. What an evil resting-place! (Surat ar-Ra'd, 18)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)

Footnotes

127 Bilim ve Teknik Dergisi ("Journal of Science and Technics"), Tubitak Yayinlari, February 1998, vol. 363, p. 67.lam