Заалым хандык (Harsh Realm) деген ат менен жарык көргөн бир сериалда Пентагон (Америка коргонуу министрлиги) иштеп чыккан бир согуш оюндары симуляциясы тартылган. Аскердик согуш даярдыгындагы жаңылыктарды сынап көрүү максатында жасалган бул виртуалдык реалдуулук оюну жашыруун бир долбоор. Системага кирүүчү адамдар аскердик ордонун көзөмөлүндө жана бул адамдардын денелери баштарына кабельдер туташкан абалда атайын бир жерде кармалышат.
Заалым хандык деп аталган бул оюндун эң маанилүү өзгөчөлүгү – бул виртуалдык бир шартта абдан реалдуу бир жашоонун жасалгандыгында. Виртуалдык дүйнөдө да аскерлер, душмандар, курал-жарактар жана адамдардын коомдук жашоосу сыяктуу бүт детальдар чындыктан эч айырмасыз көрүнүштө. Долбоорлонуп жасалган бул оюнда эки түрдүү адамдар бар. Булардын биринчиси виртуалдык каарман деп аталган жасалма адамдар; экинчиси болсо оюнга кире алчу чыныгы адамдар, б.а. оюнчулар. Жасалган дүйнө абдан чындыкка окшош. Ошондой эле, виртуалдык каармандар да чыныгы адамдарга айырмалоого мүмкүн болбогончолук окшош.
Бирок тасманын сценарийинде Омар Сантиаго аттуу качкын бир аскер системага жашыруун кирип, виртуалдык дүйнөнү башкарып алган. Эч ким анын оюнга каяктан кирип чыкканын биле албагандыктан, бул адамдын виртуалдык дүйнөнү башкарышына да кийлигише албайт. Сантиагону колго түшүрүү жана анын дүйнөдөгү жаман ниеттүү пландарына тоскоол болуу үчүн тасманын башкы каармандарынын бири Том Хоббс милдеттендирилген.
Бир полковник тасманын каарманы Том Хоббске Harsh Realm жөнүндө маалымат берип, ал жердин согуш стратегиясын үйрөтүү үчүн долбоорлонгон «виртуалдык реалдуу согуш оюну» экенин жана анын милдетинин Омар Сантиагону жеңүү экенин айтат. Буга көңүлдөнбөгөн Том Хоббсту көндүрүү үчүн башына наушникке окшогон бир каражат тагылып, Заалым хандык симуляциясынын максатын түшүндүргөн бир видео кассета көрсөтүлөт. Бул видеодо Заалым хандык долбоорунда колдонулган жер көрүнүштөрүндө адамдардын чыныгы жашоосун тууроо үчүн 1990-жылкы эл каттоодон, спутник тарткан карталардан жана башка жашыруун маалыматтардан пайдаланылганы айтылат. Андан соң таанытуу тасмасы кокустан токтотулат жана Хоббс бул кассетаны көрүп жаткан кезде эле оюнга кошулуп калганын түшүнөт.
Том Хоббс эми виртуалдык бир дүйнөдө. Заалым хандык деп аталган бул жерде өзү сыяктуу аскердик күч мурдараак милдеттендирген Пиноккио аттуу бир аскер менен таанышат.
Бул виртуалдык дүйнөдөгү кабылдоолор (элестер) ушунчалык реалдуу болгондуктан, тасма бою Том Хоббс бул реалдуулукка алданып, компьютер оюнунун бир бөлүгү гана болгон виртуалдык каармандарга жардам берет, ал тургай, аларды коргоо үчүн өз жашоосун аябайт. Эмки бөлүмдөрдө тереңирээк каралгандай, адамдар көргөн сүрөттөлүштүн сапатына жана детальдарына алдануу менен кыялдарында (элес катары) жашаган окуяларын чындыктай кабыл алышы толук мүмкүн.
Үч өлчөмдүү тасма тартылып жатканда, эки башка бурчтан тартылган сүрөттөлүш бир эле экранга чагылтылат. Көрүүчүлөр түс фильтри же полярдаштырылган фильтрдик атайын көз айнектерди кийишет. Көз айнектин айнегиндеги фильтрлер эки сүрөттөлүштүн бирин кармайт, мээ буларды бириктирип үч өлчөмдүү сүрөттөлүшкө айлантат. Чынында болсо көрүүчүлөрдүн алдында 3 өлчөмдүү бир сүрөттөлүш жок, бул атайын бир ыкма менен алынат.
Ошол сыяктуу адамдардын дүйнө жашоосу жөнүндө көргөн сүрөттөлүштөрү да эки өлчөмдүү гана. Б.а. узуну жана туурасы бар. Бирок үч өлчөмдүү тасманы көрүп жатканда колдонулган ыкмага окшоп, адам көргөн сүрөттөлүштөр да ага 3 өлчөмдүүдөй сездирилет. Мына ушул нерсе – адамдар мээлеринде көргөн сүрөттөлүштөрдү чындык деп ойлоп жаңылышынын эң негизги себептеринин бири. Биз көргөн сүрөттөлүштө алыстык, тереңдик, түс, көлөкө, жарык сыяктуу элементтер ушунчалык кемчиликсиз колдонулгандыктан, мээбизде пайда болгон үч өлчөмдүү, түстүү жана жандуу сүрөттөлүш бизге абдан реалдуу сезилет. Детальдардын көптүгү, сүрөттөлүштөгү үзгүлтүксүз сапат бизге өмүр бою реалдуу бир жашоону жашап жатабыз деген сезимди берет. Бирок үч өлчөмдүү, тереңдиги бар бир перспективаны көрүп жатышыбыз булардын сырткы дүйнөдө заттык оригиналы бар экенин эч качан далилдебейт.
Заалым хандык аттуу бул сериалда да иштеп чыгылган жасалма дүйнө чындыктарга канчалык окшош болсо да, оюнга туташкан адамдардын денелери бир керебетте кабельдерге туташкан абалда жатат. Көрүп жаткандары канчалык реалдуу болсо да, бүт болуп жаткандар мээге келген жасалма электрдик сигналдардын жоромолу гана. Берилген кадрларда тасманын рекламасына тиешелүү сүрөттөлүш жана жазуулар көрсөтүлгөн:
Женерик | : | Чыныгы дүйнөбүз сыяктуу дагы бир дүйнө бар. Сиз ушул дүйнөдө жашайсыз. Үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен. Али силер муну биле элек болсоңор да, мен силерди куткаруу үчүн жөнөтүлдүм. Бул бир оюн. |
---|
Төмөндөгү саптарда болсо тасманын каарманы Том Хоббстун виртуалдык дүйнөдө өткөргөн алгачкы күндөрүндөгү сөздөрү орун алган. Сөздөрүнөн да байкалгандай, Том Хоббс турган дүйнөсүнүн реалдуу эмес экенин билсе да, ушундай ойлонуудан өзүн ала албай жатат.
Том Хоббс | : | ... Булардын баарынын чындык эмес экенин, ичинде жашап жаткан бул дүйнөнүн виртуалдык бир реалдуулук экенин билсем да... күндөлүк тутуп жатам, башыман өткөргөндөрдү анализ кылууга жана күчүмдү сактоого аракет кылып жатам. Өлбөш үчүн бүт чараларды көрүп жатам. |
---|
Тасманын каарманы төмөндөгү саптарда болсо өзү кошулган элестүү дүйнөнүн чындыкка окшоштугун кайра кайра айтууда. Ал тургай турган чөйрөсү ушунчалык чындыктай сезилгендиктен, башыма келгендер бир оюндун бөлүгү болуп калсын деп дуба кылууда.
Том Хоббс | : | Омар Сантиагодон качып жүрөбүз. Бул дүйнөнү башкарган компьютер программасын басып алган качкын бир аскер. Аскер күчү мени өлтүр деп жөнөткөн киши Сантиаго эле. Эгер булардын баары чындык эмес болсо, али себебин түшүнбөсөм да, андан чындап жана абдан коркушууда... Бул жер чыныгы дүйнөнүн бир копиясы деп айтышууда. Бүт адамдар менен бирге баарыбыздын Заалым хандыктын виртуалдык реалдуулугунда жашай турган жана өлө турган бир копиясы бар... Бирок программага туташкан биздер гана чындыкты билебиз: бул бир оюн. Мунун бир оюн экендигинин чын болушу үчүн дуба кылам... |
---|
Жогоруда тасмадан берилген мисалдар азыр бир жашап жаткан жашообузга да тиешелүү. Себеби баарыбыз биздин рухубузга көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөрдү көрүп, ошолорду сезебиз. Сыртыбызда чыныгы бир дүйнө бар болсо да, ага жетишибиз, анын оригиналына жолугушубуз эч мүмкүн эмес. Муну Эволюция калпы аттуу китебибизде орун алган төмөнкү сүйлөмдөр менен кыскача баяндоого болот:
• Зат – бир элес, демек «жасалма» бир нерсе. Б.а. бул элес башка бир күч тарабынан жасалышы, тагыраак айтканда, жаратылышы керек. Болгондо да үзгүлтүксүз. Эгер тынымсыз бир жаратуу болбосо, биз зат деп атаган элестер да жок болуп кетет. Бул бир телевизор экранындагы сүрөттөлүш уланышы үчүн телеберүүнүн да тынымсыз уланышына окшош.
Андай болсо, ким биздин рухубузга жылдыздарды, дүйнөнү, өсүмдүктөрдү, адамдарды, денебизди жана көзүбүзгө көрүнгөн бардык нерселерди тынымсыз көрсөтүүдө?
Биз жашап жаткан бүт заттык ааламды, б.а. элестер жыйындысын жараткан жана тынымсыз жаратууну уланткан жогорку бир Жаратуучунун бар экени айдан ачык. Бул Жаратуучу ушунчалык көркөмдүү жаратканына караганда чексиз кудуреттүү жана илимдүү. Ал Жаратуучу бизге Өзүн тааныштырат. Жол көрсөтүүчү катары жөнөткөн Курани Керим аркылуу бизге Өзүн, ааламды жана биздин эмне үчүн жаратылганыбызды кабар берген. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 210)
Адамдардын заттын чыныгы жүзүн түшүнүшүнө жолтоол болгон бир фактор – бул алардын өз денеси жөнүндө жаңылышуусу. Төмөн көздөй караганда көздөрүнө көрүнгөн дене жана бул дененин бүт тарабынан аларга жеткен тийүү сезимдери алардын дүйнөнү жаңылыштык менен кабылдашына себеп болот. Бул дене жаңылткандыктан улам, бир «сырткы дүйнөнүн» ичинде жашагандай сезимге кабылышат.
Чынында болсо денебиз да сырткы дүйнөгө тиешелүү бүт кабылдоолорубуз сыяктуу биз үчүн копия бир сүрөттөлүш. Ошондуктан биз көрүп-сезген дене сырттагы оригиналы эмес, мээбиздин ичинде пайда болгон жана кабылдоолорубуздун бир жоромолу болгон бир элес.
Ушуга байланыштуу Заалым хандык аттуу сериалдагы маектердин кээ бирлери төмөнкүчө:
Том Хоббс | : | Оюнду жеңүү үчүн буйрук алдым. |
---|---|---|
Миңбашы Уоттерс | : | Бул бир оюн эмес. Чыгуу жок. Үйгө кайтуу жок. Менин да милдетим ошондой болчу. |
Том Хоббс | : | Анда эмне үчүн чыныгы дүйнөдө Сантиагону жок кылышпайт? |
Миңбашы Уоттерс | : | Каерде экенин билишпейт. Каерден чыгып киргенин. Бүт программаны уурдады. |
Пиноккио | : | Эгер бул жерде өлсөң, алар виртуалдык бир каарманды жок кылган болбойт, сени жок кылган болот. Чыныгы дүйнөдө бир жерде бир ташыгычтын үстүндө жаткан сенин мээң, аң-сезимиң, башың. |
Бул сөздөрдөн да көрүнүп тургандай, Заалым хандык оюнуна катышкан адамдар бир компьютер оюнундагы сыяктуу виртуалдык көрүнүштөрү менен жүрүшөт. Чыныгы денелери болсо оюнга тиешелүү сүрөттөлүш компьютерлер аркылуу мээлерине берилген такыр башка жерлерде турат.
Мисалы, кийинки бетте ордо кызматкери Инга Фосса аттуу бир аялдын бул виртуалдык дүйнөгө өтүшү берилген. Фосса электрондук бир бөлмөдө креслого жатып, башына атайын бир каражатты тагат жана денеси сканерленген соң симуляцияга өтөт. Кийинки кадрларда болсо өзүнүн Заалым хандык оюнунун ичинде Сантиаго шаарынын өкмөт имаратында турганын көрөт.
Төмөнкү сүрөттөрдө болсо тасманын башкы каармандарынын бири Пиноккионун жүзү жаракат алган абалда кабельдерге туташкан денеси берилген. Бирок Заалым хандык оюнунун ичинде жүзүндө мындай жаракат жок. Бул мисалдан да көрүнүп тургандай, жасалма сигналдар аркылуу бир адам сырткы көрүнүшүн чыныгы абалынан такыр башкача кабылдашы мүмкүн.
Бул жөнүндө китептерибизде мындай түшүндүрмөлөрдү жасаганбыз:
The serial's hero Pinocchio, with his facial injuries |
• Бир адам чынында үйүндөгү диванында бейпил гана уктап жатканда, түшүндө өзүн бир согуштун ичинде көрүшү мүмкүн. Ал тургай, согуштун бүт ызы-чуусун, коркуу жана паникасын абдан реалдуу жашашы мүмкүн. Бирок ошол учурда жалгыз, тымтырс бир жерде жаткан болот. Түшүндө көргөн абдан реалдуу сүрөттөлүш жана үндөр болсо мээсинде пайда болууда. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 60)
• Бул саптарды окуп жатканда, ичинде отурам деп ойлогон бөлмөңүздүн негизи ичинде эмессиз; тескерисинче бөлмө сиздин ичиңизде. Денеңизди көрүшүңүз сизди бөлмөнүн ичинде экениңизге ынандырат. Бирок бир нерсени унутпаңыз; денеңиз да мээңизде пайда болгон бир сүрөттөлүш. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 205)
Бир адам бир даракты көргөндө, ал дарактын өзү деп ойлосо, өзүн алдаган болот. Себеби мээбиздин сыртына чыгып дарактын өзүнө жетишибиз эч мүмкүн болбойт. Китеп бою көп жолу айтып кеткендей, адам көрүп-тийген дарак мээсиндеги электрдик сигналдардын жоромолу гана. Муну башка тараптан мындай бир мисал менен да түшүндүрүүгө болот:
Физикалык реалдуулуктун (заттын) өзүн көрүп, өзүн кармайбыз деген гипотезабыз бир компьютер экранындагы сүрөткө болгон мамилебизге окшошот. Компьютердин баскычтарын кыймылдатканда, экрандагы курсордун кыймылдаганын көрөбүз. Чындыгында компьютер негизги (эне) процессорго бир маалымат толкунун жөнөтөт. Бул маалымат толкуну курсордун жаңы ордун ченейт жана экрандагы сүрөттөлүштү жаңылайт. Эски компьютерлерде бир буйруктун берилиши менен экрандагы таасиринин көрүнүшү арасында көзгө байкалаарлык бир кечирүү бар эле. Бирок учурда компьютерлер абдан ылдам болуп калгандыктан, секунданын кичинекей бир бөлүгүндө өзгөргөн сүрөттөлүштү да кайрадан эсептей алууда. Ошондуктан, компьютер баскычтарын кыймылдатышыбыз менен экрандагы курсордун кыймылынын бирдей болушу бизге курсорду кыймылдатып жатам деген сезимди берет.
Someone sleeping silently can see himself, in a dream, in the midst of a war, with bombs exploding all around. |
Күнүмдүк жашоодогу тажрыйбаларыбыз да жогорудагы мисалга окшош. Бир ташты тепкибиз келгенде, бутубузду кыймылдатуу каалоосу денебиздин тиешелүү аймактарына жиберилет жана бутубуз ташка тийүүнү багыттап кыймылдайт. Мээ дененин кайра жөнөткөн маалыматтарын –мисалы, таштын катуулук сезими, бутубузду пайда болгон ооруну- алат жана реалдуу бир сүрөттөлүштү сунуу үчүн жаңылайт. Негизи компьютердеги сыяктуу биздин кыймылдарыбызда да бир кечигүү бар. Бирок мээбиздин сезимдерибиз менен байланыштуу маалыматтарды жоромолдошу секунданын бештен бириндей кыска убакытта ишке ашат. Ушул себептен, бул кечигүүнү байкабайбыз жана заттык дүйнө менен түз байланышта болуп жаткандай сезимге кабылабыз.
Эгер биле алгандарыбыздын баары мээбизде түзүлгөн сүрөттөлүштөр гана болсо, анда кабылдоолорубуздун артында бир реалдуулук (бир зат) бар деп кантип кесе айта алабыз? Бул болгону бир гипотеза эмеспи? Ооба, бул болгону бир гипотеза. Бирок далилдөө эч мүмкүн эмес. Себеби физикалык (заттык) бир дүйнөнүн бар экенине ишенгендердин колдорундагы жалгыз далили – бул кайра эле мээлеринде пайда болгон элестер.
«Биз заттын оригиналын көрүп-сезип (тийип, даамдап, жыттап) жатабыз» деп ишенген адамдардын абалы виртуалдык бир дүйнөдөгүлөрдү чындык (реалдуу) деп талашкан сыяктуу эле логикасыз. Сериал бою Пиноккио аттуу бир каарман Том Хоббстун айланадагы сүрөттөлүштөрдү чындыктай кабыл алып мамиле кылганынын туура эмес экенин айтат.
Сериалдын бир бөлүгүндө Том Хоббс чыныгы жашоодогу сөйкөлүүсүнүн виртуалдык каарман абалындагы копиясын көрөт жана эч бир реалдуулугу жок бул виртуалдык копияны коргоо үчүн өз жанын аябай аракет кылат. Ошол сыяктуу жакшы көргөн ити чыныгы жашоодогусунун бир копиясы катары оюнда бар, жана аны коргоо үчүн да көп жолу рисктерге кирет.
Тасманын башка бир сахнасында Том Хоббс оюндун согушка үйрөтүү үчүн атайын жасалган бир аймагында кичинекей бир баланы көрөт. Балага боору ооруп, ага артка кайт, бул жер кооптуу дейт. Бирок жанындагы аскер Том Хоббско ал жаш баланын компьютер оюнунун бир бөлүгү гана экенин эстетет жана алардын арасында мындай маек жүрөт:
Том Хоббс | : | Сен бул жерде эмне издеп жүрөсүң. Үйүңө кайт. (жаш баланы эскертет) |
---|---|---|
Эрик Соммерс | : | Ал балага көп жакын болбо. |
Том Хоббс | : | Эмнеге жакын болбойун? |
Эрик Соммерс | : | Мунун ойнолгонун 100 жолу көрдүм. Бул жаш бала бир жолу да 28-күндөн кийинин көргөн жок. |
Том Хоббс | : | Бирок дагы эле бул жерде. |
Эрик Соммерс | : | Ал болгону бир оюн фигурасы. Сени менен мен сыяктуу эмес ал. Кайра келип, бул жерде өлүшсүн деп симуляция аларды кайрадан программага жүктөйт. |
Том Хоббс виртуалдык бир дүйнөдө жүргөнүн билсе да жана ага көргөн виртуалдык каармандарынын симуляциянын бир бөлүгү экени кайра кайра эскертилсе да, сүрөттөлүштүн реалдуулугуна алданып, мамиле кылат. Мисалы, согуш кызыган бир маалда душмандардан коргонууга аракет кылып жатышканда, душмандар тарапты көздөй баскан жаш баланы көргөндө, өзүн кармана албастан аны куткаруу үчүн өз жанын коркунучка салат.
Пиноккио | : | Сен эмне кылып жатасың? |
---|---|---|
Эрик Соммерс | : | Ал болгону бир жаш бала. |
Пиноккио | : | Соммерстин бул жер жөнүндө айткандарын уктуң. Эч нерсени өзгөртө албайсың. |
Том Хоббс | : | Мен буга ишене албайм. |
Башка бир сахнада болсо кайра эле душмандардан качып бараткан бир кезде жаш баланын атылганын көрөт. Жардам берүү үчүн колуна алганда болсо денеси жоголуп кетет. Ага мурда да эскертилгендей, жаш бала оюндун бир бөлүгү катары атылган жана оюн кайра башынан башталганга чейин оюнга кошула албайт.
Жогоруда тасмадан берилген мисалдар мээсиндеги копия дүйнөнү көрүп-сезип жатканын кабыл ала албаган адамдардын абалына окшош. Албетте, биз жашап жаткан дүйнөнү бир кинотасма менен салыштырууга болбойт. Себеби биз жашап жаткан дүйнөнү бир компьютер оюну же технологиялык бир өнүгүү менен түшүндүрүүгө болбойт. Бул дүйнөнү ичиндеги жандуу-жансыз бүт нерселери менен бирге Улуу Аллах жараткан. Жана жашообуздун жаратылуу максатын бизге Куранда мындайча билдирген:
Мен жиндерди жана адамдарды бир гана Мага ибадат кылышсын деп жараттым. (Зарият Сүрөсү, 56)
Мына ушул себептен биз өмүр бою Аллах бизге буйрук кылгандарды аткарууга жана Ага ибидат кылууга милдеттүүбүз.
Бул тасмаларга болгон окшоштук болсо жашообуздун илимий реалдуулугу менен байланыштуу: «көзүм менен көрүп жатам, кулагым менен угуп жатам, демек мен жашап жаткан дүйнө чындык» деп өзүн алдаган көп адамдар чындыгында бул сөздөрүн да мээлеринин ичиндеги жымжырттыкта айтышат. Бул илимий чындыктар – учурда бүт физиология китептеринде же орто мектептин жогорку класстарынын биология китептеринде орун алган апачык чындыктар. Сүрөттөлүштүн жана сезимдердин мээде кандайча пайда болоору учурда медицина факультеттеринде детальдуу окутулууда.
Өнүккөн илим менен бирге физика, квантум физикасы, психология, неврология, биология, медицина сыяктуу илим тармактары бул чындыктын илимий тараптарын апачык ортого койду. Ошондуктан, учурда заттын оригиналына эч качан жете албашыбыз илимий бир чындык жана сырткы дүйнөнүн оригиналын көрүп, кармап жатам деген бир адам бул илимий чындыктан жүз бурган болот. Адамдын милдети болсо – ушул илимий чындыктарды кабыл алуу жана мээбизде жашап жаткан дүйнөбүздүн ичинде Улуу Аллахка болгон жоопкерчилигибизди билип жашоо. Китептерибизде бул жөнүндө айткандарыбыздын кээ бирлери төмөнкүлөр:
• ... чын көңүлдөн ойлонгон бир адам сыноо үчүн заттын оригиналын көрүүнүн шарт эмес экенин абдан ачык түшүнөт. Аллах сыноо чөйрөсүн сүрөттөлүштөр ааламында жараткан. Бир адамдын намаз кылышы, адал жана арамга көңүл бурушу үчүн заттын оригиналын билүүсү керек деп айткандардын эч кандай аргументтери жок. Мындан тышкары, эң маанилүү нерсе – бул рух. Акыретте жазаландырылган же бейиш нематтары менен ырыскы тартууланган да – рух. Аллах сынаган нерсе да – адамдын руху. Ошондуктан, заттын мээбиздеги бир элесин көрөөрүбүз жөнүндөгү чындык адал жана арамдарга карап жашоого жана ибадаттарды аткарууга эч кандай тоскоол болбойт. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 208)
...I have only been ordered to worship Allah and not to associate anything with Him. I summon to Him, and to Him I will return. |
---|
|
•Аллах бизди бир элестер дүйнөсүндө жашатып жаткан болсо да, бизге бул дүйнөнү белгилүү себептерге көз-каранды кылып көрсөтүүдө. Мисалы, биз курсагыбыз ачканда, «кандай болсо да элес, эчтеке болбойт» дебейбиз, тамак жейбиз. Тамак жебесек арыктап, бир мөөнөттөн кийин жашообуздан айрылышыбыз мүмкүн. Аллах каалаганда, каалаган адамы үчүн, каалаган нерсесин себепчи кылып бул себептерди жок кылышы мүмкүн. Биз муну биле албайбыз. Бирок төмөнкү нерсе маанилүү бир чындык: Аллах бизди Курандан толук милдеттүү кылган жана биз Курандагы ибадаттарды жана ыкластуу амалдарды аткаруу үчүн бул себептер чөйрөсүндө жашоого мажбурбуз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 221)
• Жыйынтыктасак, бир адам эң алгач Аллах Куранда ага жүктөгөн милдеттерди көңүлү (абийири) тынчтанганга чейин жасашы, аткарышы керек. Заттын маңызын билүү жана дүйнөгө бул акыйкатка жараша бир көз-караш менен кароо болсо адамдын Аллах ыраазылыгы үчүн жасаган аракеттерин мындан да күчтөндүрөт, чечкиндүүлүгүн эсе эсе жогорулатат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 222)
Adnan Oktar: But some people sometimes misinterpret free will. As if we could have any knowledge of our own independent of Allah. In other words: "Allah leads us to a path, but then we take a new decision without Allah's knowing. And Allah only learns of that decision later on."
That is polytheism. It is out of the question. All of eternal life, all of timelessness and eternity, is over and done with in the Sight of Allah. In other words, saying that Allah will provide an image in a space the size of a lentil, which we will experience in our consciousness, but Allah will be unaware of what we do. The illogicality of that is obvious. It is polytheism. But we do also have free will. I mean, when we want to decide on a thing we decide for ourselves. But we decide because that is in destiny, because Allah so ordains. I mean, Allah says, "you will not will unless Allah wills." (Surat al-Insan, 30) First Allah wills, then us. Insha'Allah. (From Mr. Adnan Oktar's Kanal 35 interview, 21 February, 2009)
Жогоруда бир бөлүмдө убакыттын салыштырмалуу, кабылдоочуга жараша өзгөргөн, туруктуу эмес бир түшүнүк экенин айткан элек. Бул чындыкты билүү тагдырды түшүнүү үчүн да абдан маанилүү. Себеби тагдыр – бул Аллахтын өтмүш жана келечектеги бардык окуяларды «бир көз ирмемде» жаратканы. Бул болсо Аллах Кабатында ааламдын жаратылышынан кыяматка чейинки бүт окуялар жашалып бүткөн дегенди билдирет.
Адамдардын көпчүлүгү Аллахтын али боло элек окуяларды кантип билээрин, Аллах Кабатында өтмүш жана келечектеги бардык окуялардын кантип жашалып бүткөнүн жана тагдырдын чындык экенин эч түшүнө алышпайт. Чынында болсо «боло элек окуялар» - биз үчүн боло элек окуялар. Себеби биз Аллах жараткан убакыттан көз-каранды абалда өмүрүбүздү улантабыз жана эс тутумубузга маалымат берилмейинче эч нерсени биле албайбыз. Аллах болсо убакыт жана мейкиндиктен көз-каранды эмес, ансыз да булардын баарын Өзү жоктон жараткан. Ошондуктан Аллах үчүн өтмүш, келечек жана учур чактын баары бирдей, жана баары болуп бүткөн.
Өтмүш жана келечектин чындыгында Аллах Кабатында жаратылган жана болуп бүткөн, сакталуу, даяр турган окуялар болушу бизге абдан маанилүү бир чындыкты көрсөтөт: бүт адамдардын баары сөзсүз тагдырына баш ийген. Адам өтмүшүн өзгөртө албаган сыяктуу эле, келечегин да өзгөртө албайт. Себеби өтмүшү сыяктуу, келечеги да болуп бүткөн; келечегиндеги бардык окуялар, качан, каерде, эмне тамак жей турганы, ким менен эмнени сүйлөшөөрү, канча акча табаары, кайсы ооруларга чалдыгаары, аягында качан, кантип, каерде өлөөрү, баары белгилүү, жана буларды өзгөртө албайт. Себеби булар ансыз деле Аллах Кабатында, Аллахтын илиминде болуп бүткөн абалда турат. Болгону булар жөнүндөгү маалыматтар али адамдын эс тутумуна бериле элек.
Ошондуктан, башына келген окуяларга кайгырган, ачууланган, кыйкырып өкүргөндөр, келечеги үчүн тынчсыздангандар, ач көздүк кылгандар чындыгында өздөрүн керексиз эле кыйнашууда. Себеби кандай болот деп кайгырып, корккон келечеги ансыз деле болуп бүткөн. Жана эмне гана кылбасын аларды өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жок.
Заалым хандык сериалынын бир бөлүгүндөгү Экинчи дүйнөлүк согуш менен байланыштуу сахналар да бул теманы түшүнүүгө жардамчы боло алат. Сериалдын бул бөлүгүндө тасманын башкы каармандары токойлуу бир жерде баратышканда, компьютер оюнундагы бир катадан улам бир заматта тынымсыз кайталана берген бир согуш симуляциясында болуп калышат.
Том Хоббс | : | Бул эмне болуп кетти эми? Программа катасыбы? |
---|
Оюндун бул бөлүгүндө Экинчи дүйнөлүк согуштагы Арденнадагы кармашуу жандандырылган. Бир көпүрөнүн эки башында турган немец жана америкалык аскер ордолорунун кичинекей алдыңкы топтору арасындагы согуш 1 айдан ашуун убакытка созулган бир курчоо күрөшүн чагылдырат.
Том Хоббс | : | Ал жактагы көпүрө. Мен офицерлердин мектебинде окуп жүргөндө Экинчи дүйнөлүк согуштагы Арденна майдан согушун изилдегенбиз. Немец жана американын аскердик күчтөрүнүн эки кичинекей алдыңкы тобу арасында, Бельгиядагы Хоттенде курчоо бар эле. 1 айдан ашыкка созулган. Бул көпүрөнүн дал ошол экенине ант иче алам. |
---|---|---|
Пиноккио | : | Бул бир согуш симуляциясы. |
Том Хоббс | : | Бир эмне? |
Пиноккио | : | Виртуалдык согушуу симуляциясы. Заалым хандык программасынын бета тестин кылып жатышканда, илгерки согуш сценарийин жүктөшкөн: Pork Chop Hill, Picket's Charge сыяктуу. |
Том Хоббс | : | Анда бул дагы бир оюн. |
Пиноккио | : | Бул бир согуш аянты үйрөтүү программасы. Заалым хандыктын иштеп чыгылышынын негизги себеби. |
Том Хоббс | : | Бул бул жерде эмнесин жоготкон? |
Пиноккио | : | Ким билет? Унутулуп байкалбай калса керек. Чыныгы дүйнөдө бирөө «өчүр» баскычын басканды унутуп койгондур. |
Башка бир убакытка барып калган тасманын каармандары бир немец аскер тарабынан өлтүрүлөөрдө, америкалык бир аскер тобу аларды куткарат. Бирок убакыттагы айырмадан улам башка нерселерди айтышкандыктан, америкалык аскерлер тарабынан колго түшүрүлүшөт.
Сериалдын алгачкы сахналарында Эрик Соммерс деген ат менен жүргөн жана чыныгы дүйнөдө бар болгон бир аскердин жарылууларды тоготпой жүрүшү көңүл бурат. Бул жер тынымсыз кайталануучу бир согуш үйрөтүү симуляциясы болгондуктан, бүт нерсе программалангандай болот. Муну билген бул аскер жерге жатып, үчкө чейин санаганда жанына бир граната түшөт, ал болсо гранатаны алып жашынган жеринин сыртына ыргытат. Андан соң чайын ичүүнү улантат. Кыскача айтканда, бүт нерсе программанын бир бөлүгү катары ишке ашкандыктан жана оюн кайра кайра башына кайтып бир эле окуялар кайталана бергендиктен, бул аскер согуш учурунда да бейпил гана жүрүүдө.
Эрик Соммерс | : | Үч... эки... бир. (Гранатаны алып, сыртка ыргытат. Анан чайын алып ичүүнү улантат.) Граната. |
---|
It is predetermined and destined where which leaf will fall in autumn and what flower will blossom in spring. |
It is predetermined that the gardener waters a rose, that its first flower blossoms, that the owner picks it and places it in a basket—even before it is even planted. |
Эрик Соммерс аттуу бул аскер да тасманын каармандары Том Хоббс жана Пиноккио сыяктуу чыныгы дүйнөдө компьютерлерге туташып, оюнга кошулган бир адам. Ошондуктан ал да жашап жаткан убакыт жана мейкиндиктин реалдуу эмес экенин билет. Бирок оюндун бул бөлүгүнөн чыгуу жолун таба алган эмес. Жана бул жерге алгачкы жолу келген Том Хоббс менен Пиноккиого 4 км квадраттык бул согуш майданындагы окуялардын дайыма программалангандай ишке ашаарын айтат. Мисалы, курчоонун ар жолкусунда 34 күнгө, каршы кол салуунун 28 күнгө созулаары, аскер батальонундагылардын кайсы күнү, кандай окуя менен өлөөрүнүн белгилүү болушу сыяктуу.
Сериалдын бул бөлүктөрү тагдыр темасын түшүнүүгө бир мисал боло алат. Бир адам бүт өмүрүн бир кинолента сыяктуу элестетсе, биз бул лентаны видео кассетадан көргөндөй көрөбүз жана кассетаны алдыга түрдүрүү мүмкүнчүлүгүбүз жок. Кассетаны кайра кайра көрсөк да, мурдатан даяр болгон бир кинонун эч бир нерсесин өзгөртө албайбыз. Бизге өзүбүз өзгөртүп жаткан сыяктуу сезилген кездер да чындыгында тасмада алдын ала аныкталып коюлган.
Бирок бул тасманы (тагдырды) бүт детальдары менен бирге аныктаган, жараткан жана реалдуулук сезими менен жашаткан – бул Аллах. Жана бул кинолентанын баарын бир эле учурда көрүп, билип турат. Биз бир сызгычтын башын, ортосун жана аягын бир караганда эле көрө алган сыяктуу, Аллах биз көз-каранды болгон убакытты башынан аягына чейин жалгыз бир көз ирмем катары ороп курчаган. Адамдар болсо убактысы келгенде гана бул окуяларды башынан өткөрүп, Аллах алар үчүн жараткан тагдырга күбө болушат. Бул чындык дүйнөдөгү бүт адамдардын тагдырларына тиешелүү.
• ... Аллах бизге окуяларды белгилүү бир ирээт менен, кичинеден чоңду көздөй ага турган абалда, өтмүштөн келечекти карай аккан бир убакыт бар болгон сыяктуу кабылдаткан үчүн, бизге келечегибиз менен байланыштуу окуяларды билдирбейт, булардын маалыматын эс тутумубузга бербейт. Келечек биздин эс тутумубузда жок, бирок Аллахтын чексиз хыфзында бүт адамдардын өтмүшү жана келечеги бар. Бул, мурда да айтылгандай, бир адамдын жашоосун буга чейин эле бар болгон бир тасмадан көрүшү сыяктуу. Тасма мурда эле тартылган жана бүткөн. Бирок бул тасманы алдыга түрүү мүмкүнчүлүгү болбогон адам кадрларды бир бирден көргөн сайын жашоосун көрөт. Али көрө элек кадрларды болсо «келечегим» деп ойлоп жаңылат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 142)
• ... тагдырга ыйман келтирген бир адам башына келген эч бир окуяга капаланбайт, үмүтсүздүккө түшпөйт. Тескерисинче, абдан тобокелдүү, баш ийген абалда жана дайыма бейпил, бактылуу болот... Адам жолуккан кыйынчылыктар да, жетишкен ийгилик жана байлыктары да Аллахтын буйругу менен. Булардын баары – Раббибиз адамдарды сыноо үчүн тагдырында мурдатан белгилеген окуялар... Бир гана адамдардын эмес, бүт жандуулардын, буюмдардын, Күндүн, Айдын, тоолордун, дарактардын, бүт нерсенин Аллах Кабатында белгиленген бир тагдыры бар. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 148)
• ... ар бир көз ирмеми Аллах Кабатында жашалган, көрүлгөн жана ушул учурда Аллахтын хафызасында («эс тутумунда») даяр турган бир жашоо үчүн тынчсыздануу, коркуу, кайгыруу – чоң бир капылеттик... Чындыгында ар бир адам ансыз деле Аллахка өзүн тапшырган жана моюн сунган абалда жаратылган. Себеби, кааласа да каалабаса да Аллах ал үчүн жараткан тагдырга моюн сунуп жашайт... Аллахка өзүн тапшырган, Аллах жараткан тагдырдын ал үчүн эң жакшысы (кайырдуусу) экенин билген бир адамды кайгыга сала турган, коркута турган, тынчсыздандыра турган эч нерсе жок. Бул адам колунан келген бардык аракетин жасайт, бирок бул аракеттин да тагдырында экенин, эмне гана кылбасын тагдырында жазылганды өзгөртүүгө күчү жетпешин билет.
•Момун (ыймандуу) Аллах жараткан тагдырга өзүн тапшырат, муну менен бирге туш болгон ар бир окуяда колунан келишинче себептерди жасайт, чара кабыл алат, окуяларды жакшы, кайырдуу тарапка багыттоо үчүн аракет кылат, бирок бул нерселердин баарынын тагдыры ичинде ишке ашканын жана Аллахтын эң жакшысын башынан аныктап, белгилеп койгондугун билүү менен бейпилдик ичинде болот. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 150-151)
Adnan Oktar: Almighty Allah is timeless and eternal, apparent and hidden. He exists eternally, before and after. We had already had this conversation when my great, great-grandfather was still a child, down to the tiniest detail. That question had been asked. These things were long finished with in the Sight of Allah. All right, we said these things of our free will, but it had already happened word for word in the Sight of Allah. But it as if we were speaking as we wish. As if we were speaking of our own free will. But we had already had this conversation before the world was made, and it was already over and done with. Almighty Allah describes the lives of the people of paradise in the Qur'an, and the lives of those in hell. The situation of Abu Jahil, for instance. He was in hell before he was even born, before his father was born. He was living in hell. There is a verse about it in the Qur'an, about Abu Lahab. "Ruin to the hands of Abu Lahab" (Surat al-Masad, 1), says Almighty Allah. "...his wife, the firewood carrier" (Surat al-Masad, 4). The man is alive, but in hell, together with his wife, and that is their destiny. This is a law of Almighty Allah that people cannot understand and are baffled by. In other words, Allah created time subsequently. Space was also ceated subsequently. That is what the Big Bang, the first explosion was. Time and space are things belonging to us. People who are unaware of this truth of course think differently. But people who think deeply and honestly will immediately understand it. These are explicit statements in the Qur'an, and we are subject to destiny. We do whatever Allah commands, insha'Allah. (From Mr. Adnan Oktar's Çay TV interview, 27 August 2009)
Тасманын каармандарынан Том Хоббс бир лагерьдин жооптуулары тарабынан колго түшүрүлөт жана жыгач иштеринде иштетүү максатында лагерьге камалат. Ал жерде апасынын виртуалдык дүйнөдөгү копиясына кезигет. Апасынын өлүмгө себеп болчу бир рак оорусуна чалдыкканын билгенде, көргөн сүрөттөлүштөрүнүн виртуалдык реалдуулук экенин унутуп, ага жардам берүүгө аракет кылат. Досу Пиноккио болсо лагерьдеги кароолдор тарабынан жараланган. Том Хоббс ага пландары жөнүндө айтканда, алардын арасында мындай сүйлөшүү жүрөт:
Someone who falls asleep while fishing at the beach could, in his dream, see himself on a sinking ship and experience quite realistic fear and panic. While he was seated on his beach chair, his dream could make him believe, mistakenly, that he's in a material world. |
Том Хоббс | : | Өзүңдү кандай сезип жатасың? |
---|---|---|
Пиноккио | : | Эгер булар чындык эмес болсо, кантип мынча ооруп жатат?... |
Том Хоббс | : | Бул жерден чыгышыбыз керек... Абал мындан да татаал. |
Пиноккио | : | Кандайча? |
Том Хоббс | : | Апамды таптым. Ал ушул жерде. |
Пиноккио | : | Хоббс. Бул жерде көп адамга жолуктум. Чыныгы дүйнөдөгү тааныштарыма |
Том Хоббс | : | Ал менин апам. |
Пиноккио | : | Жок. Болгону ага окшош көрүнүүдө. Дүйнөдөгүлөрдүн баарынын бул жерде бир копиясы бар. Бүт нерсе ушундай жасалган. Бирок алар болгону виртуалдык каарман папкалары, чыныгы адамдар эмес. |
Том Хоббс | : | Мени тааныды. Менин ким экенимди билет экен. |
Пиноккио | : | Билбейт, ал оюндун бир бөлүгү гана. Сага эмне болгонун билбейт. Булардын баарын чындык деп ойлойт. |
Том Хоббс | : | Оору сезип жатат. Бул сен сезгенден башкачабы? |
Тасманын бул бөлүгүнөн көрүнүп тургандай, тасманын каармандары чындыгында бир креслодо жатышканына карабастан, өздөрүн жараланган, денеси ооруп жаткан абалда көрүшүүдө. Бул оору чыныгы менен бирдей деп ойлошууда. Бирок чындыгында бул сезимдер аларга жасалма берилүүдө.
Эмгектерибизде да адамдар сезген сезимдер себебинен, -мисалы күчтүү оору сезүү, коркуу ж.б.- заттын оригиналын көрүп-кармап жатам деп ойлоору айтылган. Бирок чындыгында бул бир жаңылыштык. Адам эч качан заттын оригиналын көрүп кармай албайт. Бул жөнүндө китептерибиздеги сүйлөмдөрдүн кээ бирлери төмөнкүчө:
• Бир адам колун кесип алганда сезген оорусу, аккан кандын ысыктык жана суюктук сезими да мээсинде пайда болот. Бул адам түшүндө да колун кескенин көрүп, ушул эле сезимдерди сезиши мүмкүн. Бирок түшүндө бир элести гана көрөт, бычак да, канаган жара да жок болгон болот. Демек оору сезими бүт жашообузду мээбиздин ичинде бир сүрөттөлүш катары көрүп жаткандыгыбызды өзгөртпөйт. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 182)
• ... бир гана көрүү эмес, тийүү, сүзүү, сокку, катуулук, оору сезүү, ысыктык, сууктук, нымды сезүү сыяктуу бардык сезимдер - көрүү сезими сыяктуу эле адамдын мээсинде пайда болгон кабылдоолор. Мисалы, автобуска отуруу үчүн автобустун эшигинин муздак темирин колунда сезген адам чынында бул «муздак темир сезимин» мээсинде кабылдайт. Бул абдан ачык жана белгилүү бир чындык. Тийүү сезими, мурда да айтылгандай, бир адамдын, мисалы манжаларынан келген нерв сигналдарынын, мээсинин белгилүү бир чекитинде пайда кылган бир сезим. Сезген – манжаларыбыз эмес. Адамдар муну илимий түшүндүрмөсү да ушундай болгондуктан, кабыл алышууда. Бирок автобустун эшигин кармоо эмес, автобустун адамды сүзүшү жөнүндө сөз болгондо болсо, башкача айтканда, бул тийүү сезими күчтүү жана оору берүүчү болгондо, бул чындык жараксыз деп ойлошууда. Чынында болсо, оору сезүү жана сокку да мээде кабылданат. Бир автобус сүзгөн бир адам соккунун күчүн жана оорунун баарын мээсинде сезет.
... Адам түшүндө да аны автобус сүзгөнүн, кырсыктан кийин көзүн ооруканада ачканын, операция жасалганын, докторлордун сөздөрүн, үй-бүлөсүнүн шашып-бушуп ооруканага келишин, майып болуп калганын же жанынын аябай ооруганын көрүшү мүмкүн. Түшүндө көргөн бардык бул окуялардын сүрөттөлүштөрүн, үндөрүн, катуулук сезимин, ооруну, жарыкты, ооруканадагы түстөрдү, ар түрдүү сезимди абдан даана сезип, башынан өткөрүүдө. Жана булардын баары чыныгы жашоодогу сыяктуу табигый жана ишенимдүү. Ошол учурда түшүндөгү бир адам ага «түш көрүп жатасың, көргөндөрүң бир элес» деп айтса, ага ишенбейт. Чынында болсо көргөндөрүнүн баары бир элес жана автобус да, оорукана да, түшүндө көргөн денеси да сырткы дүйнөдө материалдык бир зат катары бар эмес. Түшүндө көргөн денеси жана автобус материалдык зат катары жок болгонуна карабастан, «чыныгы бир денеге» «чыныгы бир автобус» сүзгөндөй сезимге кабылууда. (Matter: The Other Name for Illusion, p.178)
• ... Катуу бир сокку, жаныңды ооруткан иттин тиштери – заттын оригиналын көрүп жатканыңыздын далили эмес. Себеби жогоруда айтылгандай ушул сыяктуу нерселерди түшүңүздө да, зат катары жок болсо да, сезип жашашыңыз мүмкүн. Ошондой эле, бул сезимдин күчтүү болушу ал сезимдин мээде пайда болгондугу чындыгын өзгөртпөйт. Бул – илимий тараптан далилденген абдан так бир чындык. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s.176-178)
• ... кыйынчылыктар, азаптар, коркуу пайда кылган окуялар да – адамдын мээсинде пайда болгон элестер. Көргөн сүрөттөлүштөрүнүн чыныгы маңызын билген бир адам кабылган кыйынчылыктан улам кыйналбайт, арызданбайт. Же абдан ачуулуу жана коркунучтуу душманынын алдында да, мээсиндеги элестерди көрүп жатканын билүү менен коркуу жана үмүтсүздүккө кабылбайт. Баарынын Аллах пайда кылган сүрөттөлүштөр экенин жана Аллахтын буларды терең максаттуу жаратканын билет. Кандай нерсеге жолукпасын, Раббибизге болгон өзүн тапшыруусу жана ишениминин бейпилдигинде болот. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 117-118)