Ванилла Асман (Vanilla Sky)

Vanilya Gökyüzü filmi

Ванилла асман аттуу тасмада адам өз жашоосундагы окуялардан кайсысынын түш, кайсысынын чыныгы жашоо экенин ажырата албай адашышы мүмкүн экенине көңүл бурулат. Тасманын каарманы да, көрармандар да тасма бүткөнчө бул багытта күмөндө болушат. Тасманын башкы каарманы Дэвид Аамез айланасындагы адамдар идеалдуу деп ойлогон мактанаарлык бир өмүр сүрөт. Атасы дүйнөдөн кайткан соң ага мураска калган ири бир басмакана фирмасынын башчысы. Сырткы көрүнүшү, материалдык абалы, социалдык чөйрөсү жагынан айланасындагылардын баары көз артып суктанган бир жашоодо жашайт.

Бирок бир күнү бир жол кырсыгына кабылып, өңү жаман болуп калат жана кыймылдуу жашоосу токтойт. Бир заматта мурдакы досторунун баары таштап кетет. Өзүн жалгыз жана бактысыз сезген ушундай бир учурда өтмүш жашоосун «ойгоо түш» (lucid dream) деп аталган сонун кыялдар менен жашатышы үчүн бир фирма менен келишимге кол койот. Ошентип бул адамдын мээсинде каалаган куракта, каалаган сырткы көрүнүштө, каалаган адамдар менен жасалма бир жашоо жашатылат. Бирок бир түштөгү сыяктуу адам ага көрсөтүлгөндөрдүн бир элес экенин сезбестен, чыныгы бир жашоодо жашап жаткандай сезимде болот.

Түшпү Чыныгы Жашообу?

Түшүңүздө окуялар толугу менен сиздин башкарууңуздан тышкары болот. Ордун да, убактысын да, сценарийин да сиз чечпейсиз. Уйкуңуздун бир жерлеринде өзүңүздү кокустан бир катар окуялардын арасынан табасыз. Башкача логикалык тизмектер, түшүнүксүз табият мыйзамдарына жолуксак да, булардын көпчүлүгү сизге кызыктай сезилбейт. Чындыгында колуңуз да, көзүңүз да, көрүп-кармай турган бир нерселер да жок болгонуна карабастан, айланадагы бүт нерселер сиз үчүн чыныгы, кол менен кармоого, көз менен көрүүгө мүмкүн болгон нерселер болот.

Андай болсо, биз чыныгы деп кабыл алган азыркы жашообуздун түштөн айырмасы кандай? Чыныгы жашоонун үзгүлтүксүз болуп, «түштүн үзүк-үзүк болушу» же «түштө башкача себеп-натыйжа байланыштарынын болушу» десеңиз, анда булар түпкүрүндө маанилүү айырмалар эмес. Себеби эки жашоо тең мээде пайда болот. Түш учурунда чыныгы болбогон бир дүйнөдө чыныгыдай жашап жатсак, ушундай эле абал бул дүйнөгө да тиешелүү болушу толук ыктымал. «Түштөн ойгонгонубузда чыныгы жашоо деп аталган узунураак бир түштү көрүп баштадык» деп айтууга тоскоол боло турган эч бир логикага сыярлык себеп жок.

Ванилла асман аттуу тасмада да ар бир адам күмөнгө түшүшү мүмкүн болгон ушул парадокс сценарийдин негизин түзгөн. Мисалы, тасманын алгачкы сахналарында башкы каарман Дэвид электрондук саатынын «көздөрүңдү ач, көздөрүңдү ач» деген коңгуроосу менен ойгонот. Саатынын 9:05 болгонун көргөн соң, жүзүн чайкайт жана күзгүдөн өзүн каранып, чачынан бир тал жулат. Андан соң жумушуна баруу үчүн унаасы менен жолго чыгат. Бирок күн сайын өтүп жүргөн Нью-Йорк жолдорунун ал күнү бош экенин көрөт. Имараттар, унаалар, баары өз ордунда турат, бирок айланада эч адам жок. Мындан коркуп жатканда, саатынын «көздөрүңдү ач, көздөрүңдү ач» деген коңгуроосу менен кайрадан ойгонот. Түшүндө көргөндөрүн эми чыныгы жашоосунда жасайт. Саатын карап, 9:05 болгонун көрөт, жүзүн чайкап, күзгүдөн өзүн каранат да, түшүндө кылганындай чачынан бир тал жулат. Анан унаасына түшүп, жумушуна баруу үчүн жолго чыгат. Түшүнөн бир гана айырма катары шаардын көчөлөрүндө болушу керек болгон адамдар жүргөн болот.

Тасманын кадрларынан көрүнүп тургандай, түшүндө да адам чыныгы жашоодо кылып жаткандарын көрүшү, ал тургай, булардын чыныгы экенинен эч күмөн санабашы толук мүмкүн.

Vanilya Sky Filmi

Бул жөнүндө китептерибизде төмөнкүдөй түшүндүрмөлөрдү жолуктура аласыз:

• Адам түшүндө чындыкка абдан окшош окуяларды көрүшү мүмкүн. Тепкичтен кулап, бутун сындырып алганын, олуттуу бир жол кырсыгына кабылганын, бир автобустун астында калганын, курсагы ачканда бир торт жеп тойгонун көрүшү мүмкүн. Күнүмдүк жашоодо кездешкен окуяларга окшош окуялар түштө да ошондой реалдуулукта, ошондой сезимдер менен болууда. Түшүндө аны автобус сүзүп кеткенин көргөн бир адам кайра эле түшүндө кырсыктан соң көзүн ооруканада ачышы мүмкүн; жаракат алганын түшүнөт, бирок чындыгында бул бир түш... Түшүндө көргөн бүт окуялардын сүрөттөлүштөрүн, үндөрүн, катуулук сезимин, ооруну, жарыкты, түстөрдү, ар түрдүү сезимди бир топ тунук көрүп, сезет. Түшүндөгү сезимдеринин баары чыныгы жашоодогудай кадыресе реалдуу. Түшүндө жеген бир торту болгону бир элес болсо да, курсакты тойгузат. Себеби тойуу – бул бир сезим (кабылдоо). Чындыгында болсо ал адам төшөгүндө жаткан болот. Ал жерде эч тепкич да, жол да, автобус да, торт да жок. Түш көрүп жаткан адам сырткы дүйнөдө эч бир материалдык оригиналы (заты) болбогон кабылдоо жана сезимдерди жашап, көрүп жатат. Түштө «сырткы дүйнөдө» эч бир материалдык оригиналы (заты) болбогон окуялардын жашалып, көрүлүп, сезилип жатышы «сырткы дүйнөнүн» толугу менен элестерден турганын апачык көрсөтөт. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. Baskı, s. 218; Zamansızlık ve Kader Gerçeği (Убакыттын жоктугу жана тагдыр), s. 39)

• Адамга бир ит кол салса да, булардын баарын мээсинде көрүп жаткан болот. Себеби адам ушундай эле окуяны түшүндө бул жашоодогунун өзүндөй көрүшү мүмкүн, түшүндө да коркуп, качышы мүмкүн. (Hayalin diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 178)

Vanilya Sky Filmi

Тасманын башка бир сахнасында Дэвид курдашы Софиага көргөн түштөрүнөн кандай таасирленгенин мындайча айтып берет:

Vanilya Gökyüzü filmi
Дэвид : Кандай десем, абдан коркунучтуу бир түш көрдүм... Ылдый машинама бараткам, досум бар болчу... ал жакта, анан жаныма келди... Машинаны абдан коркунучтуу айдап бараткан. Ал капалуу эле, кандай десем... машинаны көпүрөнү көздөй айдады...
Софиа : Жумушка бараткан белең?
Дэвид : Болушу мүмкүн. Анан колум менен жүзүм бырчаланды. Бирок андан да жаманы... ойгоно албай жатам... Түштөрүм мага заалым тамашаларды кылып жатты. Мени кыйнашты. Кээде түшүмдөн чындыкка ойгонгум келген учурлар да болду. Бирок кайра түшүмө кайта албай жаттым. Колуман келбейт. Түштөрүм дайыма жакшы болчу эмес...

Эмненин чыныгы, эмненин түш экени жөнүндө кайчы пикирге түшүүнүн себеби – экөөсүндө тең көрүлгөн жашоонун мээде болушунда. Чыныгы деп атаган жашообуз да китеп бою айтып келе жаткандай, мээге жеткен электрдик сигналдар пайда кылган таасирлер гана. Жана көргөн-сезгендерибиздин бизге реалдуудай сездирилиши да эч качан бир көрсөткүч боло албайт. Биз кабылдоолорубуздун мээбиздеги жоромолдорун гана көрүп-сезебиз жана сыртта бул кабылдоолорубуздун заттык (материалдык) оригиналынын бар же жок экенин так биле албайбыз. Түшүбүздөгү сыяктуу...

• Түш жөнүндө бир мисал муну түшүнүүгө жардам берет: ушуга чейин айтылгандарга ылайык мээбиздин ичинде бир түш көрүп жатабыз дейли. Түшүбүздө элестүү бир денебиз болот. Элестүү бир колубуз, элестүү бир тулку-бойубуз, элестүү бир көзүбүз жана элестүү бир мээбиз. Түшүбүздө бизге «каерде көрүп жатасың?» деген суроо узатылса, «мээмде көрүп жатам» деп жооп беребиз. Бирок ал жерде чыныгы бир мээ жок. Элестүү бир дене, элестүү бир баш жана элестүү бир мээ гана бар. Түшүңүздөгү сүрөттөлүштү көргөн эрк болсо - түштөгү элестүү мээ эмес, андан «жогору» турган бир нерсе.
Түштөгү дүйнө менен биз чыныгы жашоо деп атаган дүйнө арасында кандайдыр бир физикалык айырма жок экенин билебиз. Анда, бизге чыныгы жашоо деп аталган бул дүйнөдө «каерде көрүп жатасың?» деген суроо узатылганда да, жогорудагы мисалда айтылгандай, «мээмде» деген жоопту берүүнүн эч бир мааниси жок. Эки учурда тең көргөн жана кабылдаган эрк – бул бир кесим эт болгон мээ эмес.
Мээни анализ кылганда, башка жандуу органдарда да болгон протеин жана май молекулалары сыяктуу молекулалардан башка бир нерсе көрбөйбүз. Б.а. мээ деп аталган бир бөлүк этте сүрөттөлүштөрдү көрүп, жоромолдой турган, аң-сезимди түзө турган, кыскача айтканда, «мен» деп атаган нерсени түзө турган эч нерсе жок. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 208-209)
futbol rüyası

For a sleeping child, the football match in his dream is totally real. He could be seeing his friends just as their voices and appearances really are. He could feel the exhaustion of chasing the ball, or his heart racing with the excitement of winning the game. But these are all perceptions with no physical cause or reality.

Кийинки беттеги сахнада болсо тасманын башкы каарманы Дэвид доктору менен сүйлөшүп жатканда, доктору андан элес менен чындыкты айырмалай аласыңбы деп сурайт. Дэвид алгач ишенимдүүлүк менен айырмалай алам дейт. Бирок өтмүшүнө тиешелүү эс тутумундагы эскерүүлөрүн эстегенге аракет кылган сайын, эң аягында күмөнгө түшүп, чындыкты айырмалай албаганын айтат. Болгондо да тасманын каарманы бул сөздөрдүн баарын айтып жатканда да, ага көрсөтүлгөн элестүү бир дүйнөнүн ичинде жашап жаткан болот.

Vanilya Gökyüzü filmi
Доктор : Ким эле ал ресторандагы адам? Ким эле?
Дэвид : Билбейм.
Доктор : Элес менен чындыкты айырмалай аласыңбы?
Дэвид : Албетте? Сенчи?
Доктор : Муну ойлончу, эмне келишимге кол койгонуңду жакшылап эсте. Кол койдуң беле?
Дэвид : Бир кол койгонум эсимде.
Доктор : Ресторандагы адам да ошол жерде беле? Бир каршылык сезишиң мүмкүн, бирок жооп башыңда.
Дэвид : Ооба бар. (Ошол кезде кол койгон кагазы жана техникалык кызматкер бир саамга эсине келе түшөт.)
Доктор : Жакшы. Аллей ким?
Дэвид : Мен эмненин чындык экенин билбейм.

Тасманын бул бөлүмдөрү да ойго салгандай, адам көргөн сүрөттөлүштөрүнүн реалдуулугуна алданып, элестүү бир дүйнөнү чындык деп ойлоп жашашы мүмкүн. Тасмада ага көрсөтүлгөн жасалма түштөр ичинде жашаган Дэвид көргөндөрүнүн реалдуулугуна чындап ишенүүдө. Бул көп адамдардын азыр жашап жаткан жашоосуна да тиешелүү. Себеби адамдар сүрөттөлүш, үн же сезимдердин оригиналдарын көрүп, угуп, сезип жатам дешет. Чынында болсо булардын баары мээлериндеги копиялар, б.а. оригиналдарына эч жетүүгө мүмкүн болбогон элестер.

Китеп бою айтылып келе жаткан бул логика жөнүндө мурдакы китептерибизде айтылгандардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

•... заттык оригиналдары болбогон элестерди реалдуу (чыныгы) деп ойлоп алданышыбыз абдан оңой. Бул чындыкты түшүбүздө көп сезебиз. Түшүбүздө толугу менен чындыктай сезилген окуяларды, адамдарды, буюмдарды, жерлерди көрөбүз. Бирок баары элестер гана. Түш менен «чыныгы жашоонун» арасында болсо түпкүрүндө бир айырма жок; экөөсү тең мээде жашалат. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 208)

• Жасалма жол менен алынган сигналдар натыйжасында сыртта кандайдыр бир заттык реалдуулук жок болсо да, мээбизде оригиналындай реалдуу жана жандуу бир заттык дүйнө пайда болушу мүмкүн. Берилген жасалма сигналдар натыйжасында бир адам чындыгында үйүндө отурса да, өзүн учак айдап бараткандай сезиши мүмкүн. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 207)

Оригиналына Жете Албаган Бир Дүйнөнүн Көрүүчүсү Экениңизди Унутпаңыз

Башыңызды көтөрүп, турган бөлмөңүзгө көз жүгүртсөңүз, «сыртымда бир бөлмө бар, мен ошол бөлмөнүн ичинде бир жерде отурам» деген ойго келесиз. Бутуңуз турган жердин бутуңуздун астында экенинен, айланаңызда болсо аба менен курчалган бир боштуктун бар экенинен эч күмөн санабайсыз. Бирок бул сезимдер көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөрдүн реалдуулугу, кемчиликсиз гармониясы, үч өлчөмдүү болушу сыяктуу себептерден улам сизди жана миллиарддаган адамды жаңылтууда.

Чынында болсо үй-бүлөңүз, университетиңиз, фирмаңыз, баары сиз үчүн мээңизде жаратылат. Күн, ай жана жылдыздар да сиздин ичиңизде айланууда. Кыскача айтканда, сиз дүйнөнүн ичинде эмес, дүйнө сиздин ичиңизде.

Тасмадагы «ойгоо түш» (lucid dream) деп аталган элестүү дүйнө да бул теманы түшүнүүгө жардам берүүчү бир мисал боло алат. Төмөндөгү саптар адамдарга бир түш сыяктуу элестүү бир дүйнө сунган бир фирманын рекламалык сөздөрү. Булар бир тасмада орун алган сөздөр бирок учурда өнүккөн илим урматында бул нерселер толугу менен реалдуу. Учурдагы техникалык мүмкүнчүлүктөр менен каалаган адамга жасалма бир дүйнөнү жасап, чыныгы бир жашоо сезимин берүүгө болот.

Vanilya Gökyüzü filmi
Реклама : Программадагы модель эркек, америкалык... Төрөлүү жана өлүм... Өзүңүз каалаган жашыңызда өмүрүңүздү каалагандай уланта аласыз... Өмүрүңүздү каалаган жаштан уланта аласыз. Ушул заманда же келечектеги каалаган бир заманда жашай аласыз. Эсиңиздегилер менен. Жашооңуз реалдуудай бир дүйнөдө уланат. Мүнөт мүнөт. Оюңузга келген бүт нерсе. Эгер кааласаңыз бир жайкы каникулда... Кереметтүү бир кинодо, же жактырган поп ырыңыздын клибинде. Кайсынысын тандасаңыз да, баары абдан таасирдүү. Көйгөйлөр болгондо техникалык колдоо көрсөтөбүз. Уктайсыз, анан өмүрүңүздүн калган бөлүгү чыныгы бир түштө уланат.
Айым : Ойгоо бир түш. Жана кандай гана болбосун бул бир түш. Бейпилдиктин түшү, ийгиликтин түшү, дүйнө менен байланыштуу жактыргандарыңыз бар бир түш. Муну чыныгы мааниде айтып жатам. Ойлон Дэвид. Толук бир өмүр. Эмне кааласаң баары... Бул мээнин төңкөрүшү.

Жогоруда көрүнүп тургандай, тасманын каарманы Дэвид ага чыныгы жашоо сезимин берүүчү, бактылуу боло турган бир түш көрсөтүлүшү үчүн келишимге кол койгон. Бирок бул элестүү дүйнөнүн бир талабы катары түзгөн келишимин эстей албайт жана жашап жаткан бактылуу көз ирмемдерин чындык деп ойлойт. Чынында болсо ал кезде денеси атайын бир жерде сакталып турат жана ага атайын, ал каалагандай сүрөттөлүштөр чыныгыдай көрсөтүлөт.

Тасманын бир сахнасында бир катар техникалык кемчиликтерден улам, келишим түзгөн фирманын бир кызматкери Дэвидге абалды түшүндүрүүгө мажбур болот. Бир элес дүйнөсүндө жашап жатканын кабыл алгысы келбеген Дэвид катуу каршылык көрсөтөт. Бирок фирманын кызматкери алар турган жердеги сүрөттөлүштү катырып коюу менен көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөрдүн алардын башкаруусунда экенин далилдейт.

Кызматкер : Проблемаларың барбы?
Дэвид : Эч кимдин жакшылыгына муктаж эмесмин.
Кызматкер : Булардын баарынын бир түшүндүрмөсү бар, Дэвид. Бир-бирибизди тааныйбыз. Мени интернеттен тапкансың. Сага жардам берүү үчүн бул жердемин, Дэвид.
Дэвид : Кимсиң сен? Эмне үчүн мени ээрчип жатасың?
Кызматкер : Эң биринчиден жана эң негизгиси өзүңдү карма.
Дэвид : Өзүңдү карма. Өзүмдү кармашым керек экен.
Кызматкер : Сезимдериңе алдырба... Мага ишен.
Дэвид : Мен жакшымын. Уктуңбу?
Кызматкер : Дэвид, мобул адамдардын баарын бир кара. Баары кайдандыр бул жерге келген туурабы?
Дэвид : Албетте.
Кызматкер : Башкача айтканда, сени менен байланышы жок.
Дэвид : Жок.
Кызматкер : Ошондойбу? Балким алар сен бул жерде болуусун каалаганың үчүн ушул жердедир. Сен күчтүүсүң. Баарын жакшы же жаман кылышың мүмкүн.
Дэвид : Баарынын оозун, өзгөчө сеникин жапкым келсечи?
Кызматкер : Көрдүңбү? Мени менен бир келишим түзгөнсүң, Дэвид.
Дэвид : Андай болсо менин чыныгы жашоомдо эмне болгон? Кантип силерге келгенмин?
Кызматкер : Чындап билгиң келеби?
Дэвид : Мага баарын көрсөт. Булардын баары элеспи ошондо? Мисалы Мак Кабенин (докторунун аты) бул жерге келишин кааласам?
Vanilya Gökyüzü filmi

Көрүнүп тургандай, адам жасалма жолдор менен чындык деп ойлошу мүмкүн болгон, айланасындагы нерселерге тийип, жегендеринин даамын сезе алган, күлүп көңүлүн көтөрө турган абдан жандуу бир дүйнөнүн ичинде жашашы мүмкүн, жана тасманын негизги темасы да ушул чындык.

Бул чындыкты түшүнүү абдан маанилүү. Себеби заттын артындагы бул сырды түшүнгөн адамдар такыр башка бир руханий абалда болушат. Баарынан мурда, заттын чыныгы жүзүн түшүнүү менен адамдар Аллахтын каерде экендиги, бейиш жана тозоктун бар экендиги, рухтун маңызы, өлүмдөн кийинки жашоо, түбөлүктүүлүк сыяктуу темаларды оңой гана түшүнө алышат. Мисалы, мурдалары материалисттик бир дүйнө көз-карашына ээ болгон же бул көз-караш менен тарбияланып чоңойгон адамдар бул темаларды түшүнө албай келишсе, заттын бир элес катары кабылданышын түшүнгөн соң, Аллахтын жалгыз абсолюттук Зат экенин апачык түшүнө алышууда.

Мунун натыйжасында дүйнө жашоосунда байланган бүт нерселеринин, ач көздүктөрдүн маанисиз экени көрүлүп; бой көтөрүү жана текебердиктин ордун жөнөкөйлүк менен жумшак пейилдүүлүк, сараңдык жана өзүмчүлдүктүн ордун берешендик менен жардамдашуу, ишенбөөчүлүк жана тынчсыздануунун ордун бейпилдик менен тобокелдүүлүк (моюн сунуучулук) алат. Себеби заттын бир элес экенин, Аллах «сезим жана элес даражасында жараткан» бир дүйнөдө жашап жатканын түшүнгөн бир адам Аллах жараткан окуялар менен жандыктар арасында күрөшүүдөн кутулат. Бүт жакшылык жана жамандыктын Аллахтан экенин билет жана ар бир ишинде Аллахка дуба кылып, Андан жардам сурайт. Адамдар абдан маани берген кызматтык даражалардын, акчалардын, мүлктөрдүн –сарайдай үйлөрдүн, люкс машиналардын, кымбат баалуу кийимдердин- болгону элестер гана экенин жана Аллах буларды сыноо үчүн жаратканын билгендиктен, буларга маани бербейт.

Ошондой эле, заттын жана мейкиндиктин бир элес экенин түшүнгөн адам Аллахтан башка кандайдыр бир жандыктан коркуудан да кутулат. Көргөн бүт нерселеринин Аллах жараткан элестер экенин жана Аллахтын каалоосу болмоюнча эч кимдин ага эч нерсе кыла албашын билет. Адамдар өздөрүнүн жана абдан маани берген адамдарынын бир көлөкө жандыктар экенин түшүнгөндө, Аллахка шерик кошпостон ыйман келтирет жана дүйнө жашоосунун алдамчы кооздуктарына алдырбастан, бир гана Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн жашайт.

Заттын элес экенин түшүнүүнүн адамдардын руханий абалында кандай оң өзгөрүүгө себеп болооруна китептерибизде көп орун бергенбиз. Булардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Жалгыз абсолюттук Зат болгон Аллах, албетте, жараткан адамын толугу менен билет. Бул Аллахка абдан оңой. Бирок кээ бир адамдар сабатсыздыгынан улам муну түшүнүүдө кыйналышат. Чынында болсо биз «сырткы дүйнө» деп ойлогон элестерди көрүп жатканыбызда, б.а. өмүр сүрүп жатканыбызда, бизге эң жакын болгон нерсенин, кандайдыр бир элес эмес, Аллахтын Өзү экени апачык чындык. Курандын «Ант болсун, адамды Биз жараттык жана напсисинин ага кандай азгырыктарды берип жатканын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан жакыныраакпыз» (Каф Сүрөсү, 16) аятынын сыры да ушул чындыкта жашырылган. Бирок бир адам менин денем «заттан» турат деп ойлогондо, бул маанилүү чындыкты түшүнө албайт. Себеби «мага эң жакын нерсе – бул менин денем» деп ойлойт. Мисалы, бир адам өзүн «мээм» деп ойлосо, ага күрөө тамырынан да жакыныраак бир Зат болушу мүмкүн экенин элестете албайт.

dünya hayatı

With the realization that everything is a copy or image in the brain, it becomes clear that cravings for material goods, the children that people feel proud of, and the superiority they feel because of their rank, are all really illusions.

• ... бүт нерсенин мээсинде көрүп-сезген копиялар экенин түшүнгөндө, сырт тарап, ич тарап, алыс, жакын сыяктуу түшүнүктөрдүн эч мааниси калбайт. Күрөө тамыры да, мээси, колу, буту да, менин сыртымда деп ойлогон үйү, машинасы жана ал тургай абдан алыста деп ойлогон күн, ай, жылдыздар да бир эле экранда. Аллах аны толук ороп-курчаган жана ага «чексиз жакын». (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 95)

• ... бүт нерсенин бир сүрөттөлүш экени жөнүндөгү чындык болсо мындай ач көздүк, берилүүлөрдү маанисиз кылганы үчүн абдан маанилүү. Себеби бул чындыкты түшүнүү адамдар ээ болгон жана ээ болууга аракет кылган бүт нерсенин, ач көздүк менен чогулткан мүлктөрүнүн, мактанган балдарынын, мага эң жакын деп ойлогон жубайларынын, досторунун, эң жакшы көргөн денелеринин, эң жогору деп ойлогон кызматтык орундарынын, окуган университетинин, өткөргөн эс алууларынын элестер гана экенин көрсөтөт. Демек, булар үчүн ач көздүк кылуу, убакыт коротуу, эмгек коротуу текке кеткен болот.
Натыйжада кээ бир адамдар колундагы мал-мүлктөрү менен, «яхталары менен, вертолеттору менен, заводдору менен, холдингдери менен, сарайлары менен, жерлери менен» булар чындап эле бар сыяктуу мактанганда, уят болушкан болот.
... Ушуларга окшошторду түштөрүндө да көп жолу көрүшөт. Түштөрүндөр да үйлөрү, абдан ылдам машиналары, абдан баалуу кооздук буюмдары, ууч ууч долларлары, топ топ алтын жана күмүштрү болот. Түшүндө да чоң бийликтүү болушат, миңдеген адамдар иштеген бир заводдору болот, көп адамдарга буйрук бере турган күчтөрү болот, бүт адамдарды таң калтырган кийимдерди кийишет... Бирок түшүндөгү байлык-бийлиги менен мактануу аларды күлкүмүштүү абалга салган сыяктуу эле, бул дүйнөдөгү аларга көрсөтүлгөн сүрөттөлүш менен мактануу да ошондой күлкүмүштүү. Түпкүрүндө, түшүндө көргөндөрү да, бул дүйнөдө көргөндөрү да мээлериндеги сүрөттөлүштөр гана. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 215-216)

• Ири бир холдингдин ээси, үйлөрү, эң кымбат машиналары, алдында ийилген, ага урмат көрсөткөн кызматкерлери бар бир адам чындыгында кожоюндук кылган бүт нерселеринин баарын мээсинин ичинде бир сүрөттөлүш катары көрөт. Анын аброй, даңкы да кайра эле анын мээсинде пайда болууда. Абдан олуттуу жана маанилүү деп ойлогон, убактысынын көп бөлүгүн короткон жумушу, кесиптештери менен жасаган чогулуштары, алган чечимдери да мээсинде пайда болгон сүрөттөлүштөр. Ушул эле адам акчасын ач көздүк менен санап жатканда, чынында мээсиндеги акчаларды санайт. Бой көтөрүп, өзүн көрсөтүү менен яхтасында баратканда, мактанып жаткан адамдардын, яхтасынын жана көргөн пейзажынын да мээсинде пайда болгон сүрөттөлүштөр экенин байкабайт. Ага бул чындык түшүндүрүлгөндө болсо, колундагы бүт байлык жана абройун жоготпош үчүн бул чындыкка катуу каршы чыгат. Бирок бул адам түшүндө да булардын баарына ээ болушу мүмкүн жана түшүндө булардын реалдуу экени жөнүндө эч күмөн санабайт. Түшүндө да ага булардын чыныгы ээси эмессиң деп айтылса, буга каршы чыгат. Бирок ойгонгондо баарынын бир элес экенин түшүнөт. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 108-109)