Матрица (The Matrix)

Өткөн жылдары –кийинчерээк экинчи бөлүгү менен бирге- эң көп көрүлгөн жана жактырылган кинотасмалардын бири болгон Матрицада (The Matrix) жасалма мээ (artificial intelligence) деп аталган машиналардын дүйнөнү басып алганы жана адамзатты энергия булагы катары гана колдонуп, адамдарга элестүү бир дүйнөнү жашатып жатканы сценарийлештирилген. Андан соң экинчисинин жарык көрүшү менен бирге көптөгөн адамдар тарабынан көрүлгөн «Матрица» - бул виртуалдык реалдуулукту жасаган бир компьютер программасынын абдан өнүккөн бир түрүнүн аты.

matrix

«Нео» аттуу тасманын башка каарманы – бул системанын ичинде, чоң бир программа жазуу фирмасынын бир компьютер программисти. Жашаган жерин жана 20-кылымдын акыркы жылдарында өтүп жаткан өмүрүн чындык деп ойлоодо. Чынында болсо чыныгы денеси 2199-жылдарда ичи суюктук менен толтурулган, сырты бир кабык менен оролгон капсулага окшош бир жерде турган болот. Ал жерде ага эмне көрсөтүлсө ошону көрүп, эмне сездирилсе ошону сезип, жашап жаткан болот. Чындыгында денеси такыр башка бир чөйрөдө жана убакытта болгонуна карабастан, өзүн шаардагы көп адамдар арасында жумушуна барып келген, компьютер программасын түзүү менен алектенген бир адаммын деп ойлоодо. Кыскача айтканда, «Матрица» деп аталган жасалма бир дүйнөдө өзүн чыныгы бир жашоодо жашап жатам деп ойлоп жаткан болот.

Чындыктарды –Неонун элестүү (жасалма) бир дүйнөдө жашап жатканын- билген «Морфиус» аттуу каарман тасма бою Неого чындыктарды айтып берүүдө. Мисалы, ага ушуга чейин көргөн, уккан, жыттаган, даамын сезген, денеси менен сезген нерселеринин материалдык бир реалдуулугу жок экенин; булардын ага мээсинин ичинде көрсөтүлгөн элестүү сүрөттөлүштөр экенин далилдери менен түшүндүрүп берүүдө. Эмки бөлүмдөрдө тасманын каармандарынын бул жөнүндөгү маектеринен мисалдар берилет.

Виртуалдык Реалдуулук Жана Электрдик Сигналдардан Турган Дүйнө

simulator

The person in the picture thinks he is skiing, even there is no snow around, because he is being given the impression of skiing through artificial signals. Moreover, even though he knows he is experiencing a virtual environment he still cannot stop himelf feeling in that way.

Учурдагы технологиянын өнүгүшү урматында «сырткы дүйнө» же «зат» болбостон туруп, кабылдоолордун чындыктай сезилиши мүмкүн экени жөнүндө көптөгөн мисалдар алынды. Өзгөчө акыркы жылдары абдан өнүккөн «виртуалдык реалдуулук» түшүнүгү бул багытта абдан ынандыраарлык далилдерди берүүдө.

Виртуалдык (санариптик) реалдуулук – бул бир сөз менен айтканда, компьютерде жасалган үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдүн кээ бир каражаттардын жардамы менен адамдарга «чыныгы бир дүйнө» сыяктуу көрсөтүлүшү. Учурда көп тармактарда ар кандай максатта колдонулуп жаткан бул технология, ушул себептен, «жасалма реалдуулук», «виртуалдык дүйнөлөр», «виртуалдык чөйрөлөр» сыяктуу аттар менен да аталууда. Виртуалдык реалдуулуктун эң маанилүү өзгөчөлүгү – бул атайын каражаттарды колдонгон бир адамдын көргөн сүрөттөлүштү чындык деп ойлоп, алданышы. Ушул себептен, акыркы жылдары виртуалдык реалдуулук сөзүнүн англис тилиндеги аталышынын башына «immersive» сөзү да кошулуп айтылууда жана бул сөздүн мааниси – «кирип кетүү, өзүн алдыруу» (Immersive Virtual Reality: өзүңдү алдыруучу виртуалдык реалдуулук).

Виртуалдуу дүйнөнү жасоо үчүн керектүү болгон каражаттарда колдонулган система беш сезимибизге тиешелүү болгон системанын дал өзүндөй. Мисалы, колдонгон адамдын колуна кийген мээлейдин ичиндеги механизмдин таасири менен манжасынын учтарына кээ бир сигналдар берилет жана бул сигналдар мээге жиберилет. Мээ бул сигналдарды жоромолдогондо, бул адам, жок эле бир жибек кездемеге же бети одур-бодурлуу сүрөтү бар бир вазага тийген сыяктуу сезимге кабылууда.

holographic

Technology has revealed that we can experience very realistic perceptions without the external world: People can feel themselves in places they are not, and can feel themselves doing things while they are actually lying inert.

Виртуалдык реалдуулук колдонулуп баштаган маанилүү тармактардын бири – бул медицина. Мичиган университетинде иштеп чыгылган бир ыкма менен келечектеги докторлор жана өзгөчө тез жардам кызматкерлери жасалма бир операция чөйрөсүндө билим алышууда. Бул тажрыйбада бир бөлмөнүн таманына жана дубалдарына операция бөлмөсүнө тиешелүү сүрөттөлүштөр, бөлмөнүн ортосуна болсо бир операция столу жана бир «оорулуунун» сүрөттөлүшү чагылдырылууда. Келечектеги докторлор болсо үч өлчөмдүү көз айнектерин тагып, бул санариптик оорулууга операция жасоону башташууда. Сүрөттөрдө да көрүнгөндөй, бул сүрөттү көргөн бир адам кайсынысынын чыныгы, кайсынысынын санариптик экенин айырмалай албайт.

simülatör

Technology developed by Michigan University permits the training of doctors and particularly, emergency ward personnel in a virtual operating room. Practitioners wear 3-D glasses and operate on a virtual patient.

Матрица аттуу тасмада да тасманын эки каарманына бир креслодо чалкалап жаткан абалында нерв системаларына бир компьютер туташтырылганда, өздөрүн такыр башка бир жерлерде көрүшүүдө. Бир кадрда чыгыш спорттору менен машыгып жатканын, башка бир кадрда болсо өздөрүн такыр башка бир кийимдерди кийип, көчө толгон адамдардын арасында басып баратканын көрүшүүдө. Тасманын каарманы Нео көрүп жаткандарынын реалдуулугун көрүп, булардын бир компьютер тарабынан жасалган сүрөттөлүштөр экенине ишене албаганын айтканда болсо, компьютердеги сүрөттөлүш токтотулуп коюлууда жана бул адам чындык деп ойлогон дүйнөнүн чындыгында бир сүрөттөлүш экенине ишенүүдө.

neo

Тасманын бир сахнасында чындыгында башына кабельдер туташтырылган абалда, жаман кийимдерди кийип, абдан эски бир креслодо жаткан Нео компьютер программасы жүктөлгөн соң өзүн такыр башка кийим кийген абалда, башка бир жерде көрүүдө. Жаман көрүнүштөгү кийимдери өзгөрүп, чачы өсүп калган. Симуляция чөйрөсүндө чыныгы абалынан такыр башка бир көрүнүштө болуп калган болот.

Морфиус : Бул биздин жүктөө программабыз. Бүт нерсени жүктөй алабыз. Кийим, каражаттар, курал-жарак, окутуу симуляцияларын, муктаж болгон бүт нерсебизди.
Heo : Азыр бир компьютер программасынын ичиндебизби?
Морфиус : Буга ишенүү өтө кыйынбы? Кийимдериң башка. Колдоруңдагы жана башыңдагы туташуулар жоголуптур. Чачың өзгөрүптүр. Азыркы көрүнүшүң убактылуу бир өздүк көрүнүшүң. Виртуалдык өздүгүңдүн мээдеги бир чагылуусу.
neo - morpheus

Сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, тасмадагы Нео аттуу каарман көргөндөрүнүн элес деп айтууга эч мүмкүн болбогондой реалдуу болушунан улам чындыкты кабыл алгысы келбей жаткан болот. Андан соң чындыктарды билген Морфиус экөө арасында мындай бир маек болот:

Heo : Бул чындык эмеспи? (креслону көрсөтүп)
Морфиус : Чындык деген эмне? Чындыкка кандай аныктама бересиң? Эгер сезгендериң, жыттап, даамын сезип, көрө алган нерселериң жөнүндө айтып жатсаң, анда чындык – мээге жөнөтүлгөн электрдик сигналдардын жоромолдонушу.
neo - morpheus

Морфиус аттуу билерман киши тарабынан Неого чындык деп ойлогон дүйнөнүн чындыгында симуляция гана экени көрсөтүлөт. Бул бүт көргөн нерселерине тиешелүү. Автоунаалар, шаардагы ар түрдүү үндөр, жол, бийик имараттар, океан, адамдар, кыскача айтканда, бүт нерсенин баары компьютер программасы аркылуу мээде пайда кылынган сүрөттөлүштөр гана. Көңүл бурулган болсо, Морфиус аттуу каарман жогорудагы сөздөрүндө чындык деп кабыл алынган кабылдоолордун мээге жиберилген электрдик сигналдардын жоромолу экенин илимий тараптан айтып берүүдө.

Бул жөнүндө китептерибизде орун алган түшүрдүрмөлөрдүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

algı

Everything we perceive is specially recreated for us in our brains. Therefore, when we say, "We are aware of the world around us," we are talking about copied images of colors and shapes, of sounds and smells.

• Биз жашап жаткан дүйнө жөнүндөгү бүт маалыматтар бизге беш сезимибиз аркылуу келет. Б.а. биз көзүбүз көргөн, колубуз тийген, мурдубуз жыттаган, тилибиз даамдаган, кулагыбыз уккан бир дүйнөнү тааныйбыз. Төрөлгөндөн бери ушул сезүү органдарынан көз-каранды болгондуктан, «сырткы дүйнөнүн» сезүү органдарыбыз бизге тааныткандан башкача болушу мүмкүн экенин эч ойлогон эмес болушубуз керек. Чындыгында болсо, учурда көптөгөн илим тармагындагы изилдөөлөр такыр башка бир түшүнүктү алып келип, сезүү органдарыбыз жана сезген дүйнөбүз жөнүндө олуттуу шектенүүлөрдүн пайда болушуна себеп болду. Мындай жаңы түшүнүктүн чыгуу чекити болсо төмөнкүдөй: биз «сырткы дүйнө» катары кабылдаган нерселерибиз – электрдик сигналдардын мээдеги таасирлери гана. Алманын кызылдыгы, тактайдын катуулугу, ал тургай, апаңыз, атаңыз, үй-бүлөңүз, бүт мал-мүлкүңүз, үйүңүз, жумушуңуз жана бул китептин саптары – болгону мээңиздеги электрдик сигналдар гана. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 198)

• Биз «көрүп жатабыз» дегенде, чындыгында көзүбүзгө келген сигналдардын электрдик сигналга айланып мээбизде пайда кылган «таасирин» көрөбүз. Б.а. «көрүп жатам» дегенибизде, чындыгында мээбиздеги электрдик сигналдарды көрөбүз. Өмүр бою көргөн нерселерибиздин баары бир канча см кубдук көрүү борборунда пайда болот. Окуп жаткан бул саптарыңыз да, алдыңызды караганда көргөн учу-кыйырсыз пейзаж да ушул кичинекей жерде пайда болууда. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 200)

• Биз көргөн, тийген, уккан жана «зат», «дүйнө» же «аалам» деп атаган түшүнүктөр – болгону мээбизде пайда болгон электрдик сигналдар гана. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 203)

• Бул жерде дагы бир таң калыштуу чындыкка кезигебиз: мээбизде чындыгында түстөр да, үндөр да, сүрөттөлүштөр да жок. Мээбизден бир гана электрдик сигналдарды таба алабыз. Бул философиялык бир көз-караш эмес, сезүү органдарыбыздын (кабылдоолорубуздун) иштеши жөнүндөгү илимий түшүндүрмө. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 16)

• Көрүү кубулушу абдан көп баскычта ишке ашат. Көрүү учурунда кандайдыр бир заттан келген жарык бөлүкчөлөрү (фотондор) көздүн алдыңкы тарабындагы линзанын ичинен сынуу менен өтөт жана көздүн арткы тарабындагы торчого тескери абалда түшөт. Ал жердеги клеткалар тарабынан электрдик сигналга айландырылган көрүү импульстары нервдер аркылуу мээнин арткы тарабындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир аймакка жетишет. Бул электрдик сигнал бир катар процесстен соң мээдеги бул борбордо сүрөттөлүш катары кабылданат. Б.а. көрүү кубулушу чындыгында мээнин арткы тарабындагы кичинекей, жарык эч кире албаган, капкараңгы бир чекитте ишке ашат. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 199-200)

görme

No matter how realistic our perceptions, they are our minds' interpretations. Someone watching dolphins perform in the sea is, in reality, watching the vivid and colorful three-dimensional images in his brain.

Көрүнүп тургандай, Матрица тасмасындагы тема китептерибизде айтылган илимий чындыкка абдан окшошот. Тасмадагы маектерде да, жогорудагы китептерден алынган сүйлөмдөрдө да айтылгандай, биз мээбизде көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөрдү гана көрөбүз. Канчалык чындыктай көрүнсө да, бүт кабылдоолорубуз – бул мээбиздин жоромолдору гана. Ошондуктан, биз көргөн, өзүбүз да анын бир бөлүгү болгон сүрөттөлүштөрдүн жасалма сигналдар менен жасалып, жасалбаганын эч качан так айта албайбыз. Башкача айтканда, чындык менен элестин арасындагы айырманы эч айта албайбыз.

Эми бул теманы тасмадан бөлүмдөргө орун берүү менен дагы тереңирээк карайлы.

Элестер Менен Чындыктардын Арасындагы Окшоштук

izlediğimiz dünya

Кинотасмадан алынган кадрлардан көрүнүп тургандай, тасманын каарманы Неого чындыктарды көрсөткөн Морфиус анын бир элестүү дүйнөдө жашаганын жана башынан өткөрүп жаткандарын чындык деп ойлогонун эми телевизордо көрсөткөн сүрөттөлүштөр аркылуу айтып берүүдө. Нео матрицанын ичинде көргөн бийик имараттар, автоунаалар, заманбап көрүнүш жана башка детальдардын баары мээсинде ага көрсөтүлгөн кабылдоолор (сүрөттөлүштөр) гана. Дүйнөнүн ошол учурдагы чыныгы абалы болсо такыр башкача; талкаланып, кыйраган бир планета. Бирок Нео ага айтып берилгенге чейин дайыма чыныгы бир дүйнөдө жашап жатам деп ойлогон жана жашоосунун чындык экендиги жөнүндө эч күмөндө болбостон, бул элестүү дүйнөгө алдануу менен көп жылдар бою жашаган.

Морфиус : Бул сен билген дүйнө - 20-кылымдын аягындагы дүйнө. Учурда болгону мээге таасир берген бир симуляциянын бөлүгү. Муну «Матрица» деп атайбыз. Бир элес (жасалма) дүйнөсүндө жашап жаткан элең.
Heo : Бул учурдагы абалы менен чыныгы дүйнө... Чындыктын чөлүнө кош келдиң...

Тасманын бул кадрлары менен байланыштуу китептерибизде мурда айтылган жоромолдордун кээ бирлери төмөнкүдөй:
... «Сырткы дүйнөгө» эч качан жете албайбыз, демек бул дүйнөнүн чындап бар экенин кантип биле алабыз?

Албетте, биле албайбыз. Тескерисинче, бүт нерселердин баары болгону кабылдоолордун жыйындысы гана болгондуктан, кабылдоолор болсо мээде гана болгондуктан, биз үчүн бар болгон – бул кабылдоолор (элестер) дүйнөсү. Биз тааныган жалгыз дүйнө - бул мээбиздин ичиндеги, ал жерде тартылган, үн кошулган жана түркүн түстүү кылынган, кыскача айтканда, мээбизде пайда болгон бир дүйнө, жана биз бар деп так айта алган жалгыз дүйнө да мына ушул.

Мээбизде көрүп жаткан сүрөттөлүштөрдүн материалдык (заттык) бир оригиналынын бар экенин болсо эч качан далилдей албайбыз. Бул кабылдоолор (сүрөттөлүш ж.б.лар) «жасалма» бир булактан келип жаткан болушу да ыктымал.

Муну мындай бир мисал менен элестетүүгө болот:

simülatör

Алгач мээңизди денеңизден сыртка чыгарып, айнек бир идиштин ичинде жасалма жол менен жашата алдык деп элестетели. Анан мунун жанына ар түрдүү электрдик сигнал өндүрө алчу бир компьютерди койолу. Анан кандайдыр бир жерге тиешелүү сүрөттөлүш, үн, жыт сыяктуу маалыматтарды жасалма жол менен бул компьютерде өндүрүп, бул жерде сакталган сигналдарды мээңизге жөнөтөлү. Бул сигналдарды кабылдоону уланткан сайын мээңиз (башкача айтканда «сиз») бул сигналдарга тиешелүү жерди көрүп, жашай берет.

Бул компьютерден мээңизге сизге тиешелүү электрдик сигналдарды да жөнөтө алабыз. Мисалы, бир столдо отурганда, сиз кабылдаган бардык көрүү, угуу, тийүү сыяктуу сезимдерге тиешелүү электрдик сигналдарды мээңизге жөнөткөнүбүздө, мээңиз өзүн бөлмөсүндө отурган бир ишкер элестетет.

Компьютерден келген сигналдар уланып турса эле, бул элестүү дүйнө да улана берет. Болгону бир мээ гана экенин болсо эч качан түшүнбөйт. Себеби мээнин ичинде бир дүйнө пайда болушу үчүн мээдеги тиешелүү борборлорго керектүү сигналдардын жетиши жетиштүү. Бул сигналдар жасалма бир булактан, мисалы, бир эске сактоочу каражаттан же башкача бир булактан келип жаткан болушу мүмкүн. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 206-207)

Кабылдоолорубуздун Чындыктай Туюлушу Сырткы Дүйнөдө Заттык Бир Оригиналы Бар Экенин Далилдебейт

Neo - kung fu yükleme

Кабылдоолорубуздун (мээбиздин сыртында) заттык бир оригиналы бар экенин эч качан далилдей албайбыз. Себеби мээбизде кабылдоолор пайда болушу үчүн сырткы дүйнөгө муктаждык жок. Учурда –китептин башында да айтылгандай- симуляторлор сыяктуу көптөгөн технологиялык жетишкендиктер бул чындыктын эң маанилүү далилдери. Тасманын каарманы Неого да үйрөнүү максатында кирген симуляция чөйрөсү чындыктай туюлууда. Натыйжада мушташуу учурунда ийгиликке жетүү үчүн булчуң күчтүү болушу керек, жана ал чөйрөдө чындап эле абадан дем алып жашап жатамын деп ойлоодо. Чындыгында болсо чыныгы денеси бир креслодо компьютер системасына туташкан абалда жаткан болот.

Тэнк : Мушташты үйрөнүү жөнүндө кандай дейсиң?
Heo : «Джиу-джитсу». Джиу-джитсу үйрөнөмүнбү?
Жүктөлүп бүткөн соң...
Heo : Кунгфу билемин.
Морфиус : Мага көрсөт.
Морфиус : Бул бир мушташ программасы. Матрицанын программаланган чындыгына окшош. Ошондой негизги эрежелери бар. Жердин тартылуу күчү сыяктуу. Бул эрежелер бир компьютер системасынын эрежелеринен айырмасыз. Кээ бир эрежелер өзгөрүшү мүмкүн. Кээ бирлерин бузууга болот.
neo - kung fu yüklemesi sonrası

Учурда да тасмадагыга окшош бир технология колдонулуу менен адамдарга ар башка жерлерде жашаган сыяктуу сезим берилүүдө. Жана бул адамдар көргөн, уккан, кылган нерселерине чындык сыяктуу реакция беришүүдө. Кээде бир бөлмөдөй чоңдуктагы бир имараттын бүт дубалдарына жана таманына стерео сүрөттөлүштөр чагылдырылып, бул бөлмөгө кирген адамдар кийген стерео көз айнектер менен бөлмөнү кыдырып, өздөрүн такыр башка жерлерде, мисалы, бир шаркыратманын жээгинде, бир тоонун чокусунда, деңиздин ортосундагы бир кеменин бортунда көрө алышат. Башка кийилген каскалар үч өлчөмдүү, перспектива жана мейкиндик сезимин берген сүрөттөлүштөрдү пайда кылышат. Сүрөттөлүштөр адамдын боюна жараша берилет жана мээлей сыяктуу кээ бир каражаттар аркылуу тийүү сезими камсыз кылынат. Ошентип бул каражаттарды колдонгон адам көргөн виртуалдык дүйнөдөгү буюмдарга тийе алат, аларды ордунан жылдыра алат. Бул жерлерде адам көргөн сүрөттөлүштөгү үндөр да абдан чындыкка окшош. Үн ар тараптан, ар кандай перспективага жараша бериле алат. Кээде дүйнөнүн ар кайсы тарабындагы бир канча адамга бир эле виртуалдык чөйрө көрсөтүлөт. Ушундайча, мисалы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн, ал тургай, ар кайсы материктен үч адам өздөрүн беркилер менен бирге ылдам жүргөн бир унааны айдап бараткандай же чогулуштан соң ойлорун айтып, маектешип жаткан абалда көрө алышат.

morpheus - kung fu

Бул мисалдар биз өзүбүздү бир жерде көрө алышыбыз үчүн сырткы дүйнөнүн бар болушунун шарт эмес экенин көрсөтүүдө. Биз дүйнө жөнүндө кабылдаган сезимдер, сүрөттөлүштөр, даамдар жана жыттардын баары жасалма бир булактан келсе да, чындап бар болсо да, биз буларды бир-биринен айырмалай албайбыз. Биз кандай болгондо да, баары бир мээбиздин ичинде гана жашайбыз жана сырттагы заттын оригиналына эч жете албайбыз.

manzara

Сүрөттөлүштөгү Сапат, Детальдардын Көптүгү Сизди Жаңылтпасын!

Тасманын башка бир сахнасында болсо симуляция чөйрөсүндө Неого Матрица аттуу виртуалдык дүйнө тааныштырылат. Бүт нерсе чындыкка абдан окшош. Нео көчөдө бараткан адамдардын светофорлордо токтогонун, анан жашыл жанганда болсо басышын улантканын көрөт. Ал тургай, көпчүлүктүн арасынан бирөөнүн анын мүрүнөн түртүп кеткенин, денесинин чайпалганын сезет.

Морфиус : Матрица бир система, Нео... Ичинде, айлананы караганыңда эмне көрүп жатасың? Бизнесмендер, мугалимдер, адвокаттар, жыгач усталар. Куткарууга аракет кылган адамдардын мээлери. Аларды куткарганга чейин системанын бир бөлүгү бойдон кала беришет... Түшүнүшүң керек, бул адамдардын көпчүлүгү системадан чыгууга даяр эмес. Араларынан көпчүлүгү системага ушунчалык үмүтсүздүк менен көз-каранды болгондуктан, аны коргоо үчүн согушушат...

Нео чөйрөнү чындыктай кабыл алып, айлананы каранып жатканда, Морфиус «токтот» буйругун берет жана бир заматта айланасындагы сүрөттөлүш катып, токтоп калат. Адамдар кандай абалда болсо, дал ошол абалында катып калышат, бассейндин агып жаткан суусу токтойт, канаттуу асманда турган жеринде катып калат. Бул сүрөттөлүштүн ичинде бир гана Морфиус менен Нео маектерин улантышат. Нео абдан таң калат, ошондо гана айланасындагы бүт нерсенин ал жашап жаткан элестердин бир бөлүгү экенин, чындыгында жок экенин жакшыраак түшүнөт.

Морфиус : Токтот.
Heo : Бул матрица эмеспи?
Морфиус : Сага бир нерсе үйрөтүү үчүн даярдалган бир программа.
neo - morpheus caddede

Бул тасмадагы окуялардын адам жашоосунда да ушул сыяктуу эмес экенин далилдөө мүмкүн эмес. Бир адам канчалык ынандыраарлык детальдарга толгон бир жерде болсо да, буларды мээсинде гана жашап жатат. Өзүнүн сыртында бул окуялардын, жерлердин, адамдардын оригиналдары бар болсо да, аларга жете албайт. Муну түшүндүргөн түшүндүрмөлөрүбүздүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

• Адам бир экран сыяктуу жерде 3 өлчөмдүү, туптунук, абдан реалдуу бир тасма көрүүдө. Бул экранга жабышып тургандай абалда болгондуктан, кадрлардан (тасмадан) бери чыгып, өзүнүн абалын көрө албайт. (Sonsuzluk Başlamış Durumda (Түбөлүк жашоо башталды), s. 43)

• ... заттар дүйнөсү болсо да, болбосо да, адам мээсиндеги элестер дүйнөсүн гана көрөт. Заттардын оригиналына эч качан кезиге албайт. Болгондо да, ар бир адамга копиясын көрүп жатканы жетиштүү. Мисалы, түркүн түстүү гүлдөргө толгон бир бакчаны кыдырган бир адам чындыгында бул бакчанын оригиналын эмес, мээсиндеги копиясын көрөт. Бирок бул бакча ушунчалык реалдуу болгондуктан, ар бир адам мээсинде пайда болгон бакчадан чыныгы бир бакча сыяктуу ырахат алат. Ал тургай, ушул күнгө чейин миллиарддаган адам ушул бакча сыяктуу, көргөн бүт нерселеринин оригиналын көрүп жатам деп ойлогон... (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 48)

• Аллах кемчиликсиз жана сансыз көп детальдарга ээ болгон ааламды дайыма, эч кемчиликсиз жаратууда. Болгондо да бул жаратуу ушунчалык кемчиликсиз болгондуктан, жер бетинде ушул күнгө чейин жашап өткөн миллиарддаган адамдар бул ааламдын жана көргөн бардык нерселеринин элес экенин түшүнө алышкан эмес жана дайыма заттын өзүн (оригиналын) көрүп, кармап жатабыз деп ойлошкон. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 91)

• Кээ бир адамдардын чоң жолдон бат өткөн бир автобусту же бул автобус себеп болгон бир кырсыкты заттын материалдык оригиналын көрүп, ага тийип жаткандыгыбыздын апачык бир далили деп ойлошунун себеби – бул сүрөттөлүштүн адамды жаңылта турганчалык реалдуу көрүнүшү жана сезилишинде. Сүрөттөлүштөгү, мисалы, чоң жолдогу тереңдик жана перспективанын кемчиликсиздиги, ал сүрөттөлүштө (б.а. бир чөйрөдө) көрүнгөн заттардын түс, форма, көлөкө жагынан кемчиликсиздиги, үн, жыт жана катуулук сезимдеринин абдан даана болушу жана сүрөттөлүштүн («жашоо тасмасынын») ичинде бир логикалык бүтүндүктүн болушу кээ бир адамдарды жаңылтууда. Жана кээ бир адамдар ушулардын натыйжасында алардын элес экенин унутуп коюшууда. Бирок мээде пайда болгон элестер канчалык кемчиликсиз болбосун, баары бир алар элес бойдон кала берет. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 178-179)

…"Surely your Lord encompasses the people with His knowledge" (Surat al-Isra: 60)

bahçe

Физика Мыйзамдары Да Кабылдоолорубуздун (Мээбиздин) Бир Жоромолу

Морфиус Нео заттын чыныгы жүзү жөнүндөгү чындыктарды түшүнүшү үчүн көптөгөн ыкманы колдонуп көрөт жана ага көп далилдерди берет. Мурдакы бөлүмдө үйрөтүүнүн бир бөлүгү катары Матрица аттуу системасынын бир копиясында сүрөттөлүштүн катытып коюлганын, ушундайча чындыктай көрүнгөн бүт нерсенин чындыгында виртуалдык бир реалдуулук экенин көрсөткөнүн айттык эле. Неонун ал жердеги таалими төмөнкүдөй маек менен уланат:

Heo : Алар эмне?
Морфиус : Сезимдик программалар. Системадан көз-каранды абалда ар түрдүү программага кирип, чыга алышат. Системадан чыгарбагандарыбыздын баары потенциалдуу бир агент. Матрицанын ичинде дээрлик баары бир агент же эмес. Алардан жашынуу менен жана качуу менен жашап келдик, бирок алар эшик кароолдору. Бүт эшиктерди ээлешкен. Ачкычтар аларда. Эртеби, кечпи бирөө алар менен согушушу керек.
Heo : Бирөөбү?
Морфиус : Сага калп айтпайм. Бир агентке каршы чыгып, аны менен согушкандардын баары каза болушту. Алардын колунан келбегенди сен жасайсың.
Heo : Эмнеге?
Морфиус : Бир дубалдын ичинен муштум урган агенттерди көрдүм. Адамдар аларга бир магазин ок коротушту; бирок абаны гана атышты. Күчтөрү жана ылдамдыктары эрежелерге таянган бир дүйнөгө көз-каранды. Ошондуктан сенчелик ылдам жана күчтүү боло алышпайт.
Heo : Эмне дегиң келип жатат? Окторду кармай аласың дейсиңби?
Морфиус : Жок Нео. Менин айтайын дегеним мындай: даяр болгонуңда мунун кажети болбойт.

Бул маектерде да Морфиус Неого физика эрежелери менен ойлонбошун кайра кайра айтууда. Матрица аттуу системада «агент» деп аталган коопсуздук кызматкерлери системадагы виртуалдык каармандардын денелерин колдонуу аркылуу бүт нерсени башкара алышууда. Бирок бул система мээлерге көрсөтүлгөн жасалма бир дүйнө болгондуктан, Неонун эч мүмкүн эместей көрүнгөн нерселерди да жасай алаары баяндалууда.

Кийинки сахналарда болсо тасмадагы каармандар керек болгондо адамзаттан жогору бир кубаттуулук көрсөтө алаары көрсөтүлөт. Муну абдан реалуу жашашат. Бирок бул чындыгында компьютер тарабынан мээде көрсөтүлгөн элестер гана. Тасманын каарманы Нео мындай толкундатуучу окуяларды жашап жатам деп ойлоп жатканда, чындыгында креслосунда гана отурган болот.

atlama

Ал эми, Морфиус болсо Неонун мээсин өмүр бою аң-сезимине сиңген ойлордон куткарууга –тасмадагы сөз менен айтканда мээсин эркин кылууга- аракет кылат. Ушул максатта эки каарман тең бир секирүү программасына туташышат. Ал жерде Морфиус бир-биринен алыс жана абдан бийик имараттар арасында учуп бараткандай болуп секирет жана Нео мээсин эркин кылганда (б.а. аң-сезимин тазалаганда) муну кыла алаарын айтат. Бирок Нео бир компьютер программасында экенин билсе да, өзүн физика эрежелеринен көз-карандысыз кылып ойлоно албайт. Башкача айтканда, реалдуу болбогон бир чөйрөгө абдан маани берип, секиргенде кулайм деп коркот.

Көрсөтүлгөн кадрларда Нео бул чоң имараттар арасында секирем деп аракет кылып жатып, секире албайм деп корккондуктан, бетон жерге түшкөнүн көрөбүз.

Тасмада илимий фантастикалык элементтер бар болуу менен бирге, тасмадагы ишараттардын терең мааниси бар. Мисалы, заттын жана мейкиндиктин элес экенин түшүнгөн бир адам башка адамдар билбеген абдан маанилүү дагы бир сырды түшүнөт: дүйнөдөгү учурдагы себеп-натыйжа байланыштары заттын физикалык өзгөчөлүктөрү натыйжасында же адамдар арасындагы байланыштардын натыйжасында пайда болуп жаткан жок. Зат бир элес болгондуктан, физикалык таасири болушу мүмкүн эмес. Ар бир физикалык таасир өз-өзүнчө жаратылат. Мисалы, ыргытылган бир таш терезени сындырбайт; таштын ыргытылышы менен терезенин сынуу сүрөттөлүштөрү өз-өзүнчө жаратылат. Кемелерди сууда сүздүргөн «суунун көтөрүү күчү» же канаттууларды асманда кармаган «абанын көтөрүү күчү» да элестер катары жаратылышат. Ошондуктан негизи ушул сыяктуу «күчтөрдүн» баары чындыгында буларды жараткан Аллахка тиешелүү.

Тасмада да бул чындыктарды түшүнгөн башкы каарман компьютерге туташкан бир креслодо жатып, Матрица деп аталган виртуалдык дүйнөгө киргенде, физика мыйзамдарынан тышкары кыймылдарды жасай алганын көрөт. Мисалы, кадрларда көрүнүп тургандай, өзүн октордон кача ала турганчалык ылдам кыймылдай алаарын көрүүдө. Болгондо да баары ушунчалык чындыктай болгондуктан, актер көзүн креслодо ачканда, дагы эле таң калып жаткан болот. Бул дагы бир дүйнөнү адамдарга жашатуу үчүн сырттагы чыныгы (реалдуу) заттарга муктаждык жок экендигинин абдан маанилүү бир далили.

Заттын чыныгы жүзүн түшүндүргөн эмгектерибизде бул жөнүндө да айтканбыз жана физика эреже, мыйзамдарынын да мээде пайда болоорун мындайча түшүндүргөнбүз:

neo - kurşun

• Аллах биз жашаган сүрөттөлүштөрдү бизге бир себеп-натыйжа байланышы ичинде, кээ бир мыйзамдарга көз-каранды сыяктуу көрсөтөт. Мисалы, түн менен күндүз – биздин мээбизде пайда болгон сүрөттөлүштөр. Жана биз түн менен күндүздүн күнгө жана жердин кыймылдарына жараша алмашкан сыяктуу кабылдайбыз. Мисалы, мээбиздин ичиндеги сүрөттөлүштө күн төбөдө турганда, күн түш болду деп билебиз жана күн батып баратканда болсо айлананын караңгылап баратканына күбө болобуз. Аллах ааламга тиешелүү элестерди жаратканда, мындай себеп-натыйжа байланыштарын да бирге жараткан. Эч качан күн батканда, күндүз болбойт. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 199)

• Мээбиздин ичиндеги элесте колубуздан койо берген калемибиз дайыма жерге түшүүдө. Буга себеп болгон себеп-натыйжа байланышынын изилдениши натыйжасында «жердин тартылуу күчү мыйзамын» табабыз. Аллах рухубузга көрсөткөн сүрөттөлүштөрдү белгилүү себептерге жана мыйзамдарга көз-каранды сыяктуу көрсөтүүдө. Бул себептердин жана мыйзамдардын жаратылышынын бир себеби – бул жашоонун сыноо үчүн жаратылган болушу. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 200)

Do you not see how your Lord Streches out shadowa? If He had wished He Could have made them stationary, Then We appoint them sun to be the Pointer to them. (Surat al-Furqan:45)

bahçe

• Аллахтын бүт бул элестерди эч кандай мыйзамга жана себепке муктаж болбостон жаратууга күчү жетээрин унутпоо керек. Мисалы, Аллах бир урук болбостон, гүлдү жарата алат, булут болбостон жамгыр жаадыра алат же күн болбостон туруп көлөкөнү, түндү жана күндүздү жарата алат. Аллах Фуркан Сүрөсүнүн 45-45-аяттарында алгач көлөкөнү жараткандыгын, андан соң күндү ага далил кылганын билдирүүдө. Түштөрүбүз бул жаратууну жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Түшүбүздө күндүн заттык бир оригиналы болбостон туруп, күндөн келген нурду, ысыкты, жарыкты чыныгы жашоодогу сыяктуу сезебиз. Бул тараптан караганда, түштөр – Аллахтын күн болбостон туруп күнгө тиешелүү сезимдерди мээбизде жарата алышынын көрсөткүчтөрүнүн бири. Бирок Аллах Өзү жараткан сыноо чөйрөсүндө адамдар үчүн бүт нерсенин бир себебин да жараткан. Күндүздүн себеби – күн, жамгырдын себеби болсо – булут. Булардын баары мээбизде Аллах өз-өзүнчө жараткан сүрөттөлүштөр. Бир себептин натыйжадан мурун жаратылышы аркылуу Аллах бул сыноо чөйрөсүндө «бүт нерсе белгилүү мыйзамдар менен иштейт» деп ойлошубузга жана натыйжада илимий изилдөөлөр жасашыбызга шарт түзүүдө. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 202-203)

• Аллах жараткан сүрөттөлүштөрүн белгилүү себептерден көз-каранды сыяктуу көрсөтөт. Мисалы, бир алма бутагынан үзүлгөндө, дайыма жерге түшөт, эч качан асманга көтөрүлүп кетпейт же абада туруп калбайт. Аллах жараткан бул себептердин жана мыйзамдардын изилдениши болсо илимдин темаларын түзөт... (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 201)

• Аллах себеп болбостон да натыйжаны жаратууга кудуреттүү. Мисалы, бир адамдын түшүндө күн жок болсо да, күндүн нурлары менен жылынганын сезиши – мунун бир далили. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 202)

Everyone on ir will pass away; but the Face of your Lord will remain, Master of Majesty and Generasity.(Surat ar-Rahman:26-27)

elma

Мээбиздин Ичиндеги Сүрөттөлүштөрдөн Сыртка Чыга Албайбыз

Төрөлгөндөн бери беш сезимибизге көз-каранды болгондугубуз үчүн, «сырткы дүйнө» сезимдерибиз бизге тааныткандан башкача болушу мүмкүн экенин эч ойлонгон эместирбиз.

Адам өз жашоосу жөнүндө билгендеринин баары көзү менен көргөн, кулагы менен уккан, колу менен тийгендеринен, кыскача айтканда, сезүү органдары менен кабылдагандарынан турат. Б.а. адам дайыма өзүнүн «жеке дүйнөсүндө» жашайт. Космостогу жылдыздар, биз жашап жаткан дүйнө, дүйнөдөгү миллиарддаган адамдар, айланабызда көргөн жандыктардын баары, үйүбүз, үйүбүздүн ичиндеги буюмдарыбыз, азыр биз отурган кресло, колубуздагы китеп жана дагы миллиондогон детальдарга өмүрүбүздө миңдеген жолу кезиккен болушубуз керек. Бирок булардын баары биздин «жеке дүйнөбүзгө» тиешелүү сезимдер (элестер). Эч бир адам ушул күнгө чейин көрүп жаткан ушул дүйнөсүнүн сыртына чыга алган эмес. Адам эмне гана кылбасын, бүт жашоосунун жана денесинин бир элес экендиги, булардын оригиналдарын көрүп, аларга тийип, сезе албашы жөнүндөгү чындыкты өзгөртө албайт...

Тасмадагы кадрларда Неонун Матрицанын эмне экенин билүү максатындагы Морфиус менен болгон маеги көрсөтүлөт. Морфиус бул маек учурунда Неого Матрицанын эмне экенин сүрөттөп жатып, бул система жөнүндө «чындыкты көрүшүнө тоскоолдук кылган бир парда» деп айтат:

Морфиус : Эмне үчүн бул жерде экениңди айтып берейин. Бир нерсе билгениң үчүн ушул жердесиң. Билгениңди түшүндүрө албайсың. Бирок сезип жатасың. Өмүр бою сездиң. Дүйнөдө бир нерселер тескери болуп жатат. Эмне экенин түшүнө албайсың, бирок ал жерде мээңде сөңгөк сыяктуу тынчсыздандырган бир нерсе. Сени мага алып келген нерсе ушул сезим эле. Эмне жөнүндө сөз кылып жатканымды билесиңби?
heo : Матрицабы?
Морфиус : Эмне экенин билгиң келеби? Матрица бүт жерде. Айланабызда. Ушул учурда, ушул бөлмөдө. Терезеден сыртты караганыңда көрөсүң же телевизорду күйгүзгөнүңдө. Жумушка барганыңда сезесиң... Салык төлөп жатып. Чындыкты көрбөшүң үчүн дүйнө бир парда сыяктуу алдыңа тартылгандай.

Тасманын каарманы Нео чындыкты билүү үчүн денеси турган капсуладан чыгарылып, ойготулганга чейин өзүнө көрсөтүлгөн элестүү дүйнөнү байкаган эмес. Себеби жашоосунун ар бир көз ирмеминде бул система менен абдан тыгыз байланышта жашаган жана айланасындагы бардык адамдардан «бул жашоо чындык» деген сөздөрдү уккан. Ушул себептен Неонун ынандырылышы, ошол күнгө чейин чындык деп ойлоп өткөргөн өмүрүнүн бир элес гана экенин түшүнүшү убакыт алган.

Бул абал учурда заттын чыныгы жүзүн уккан бир катар адамдарга да тиешелүү. Зат чындап (абсолюттук мааниде) бар деп ойлогон жана көргөндөрүнүн сырткы дүйнөдөгү оригиналдарын көрүп жатам деп толук ишенген адамдар бир катар логикасыз каршы пикирлерди айтышууда. Бирок бул жерде айтылгандар, ким канчалык каршы чыкса да, бир физика мыйзамы же бир химия формуласы сыяктуу анык чындыктар.

Матрица тасмасынын жогорудагы кадрларына окшогон биздин түшүндүрмөлөрүбүздүн кээ бирлери мындай:

• Дүйнөдөгү өмүрүбүздүн бир бөлүгү болгон бүт окуялар, адамдар, имараттар, шаарлар, автоунаалар, кызматтык даражалар, кыскача айтканда, өмүр бою көргөн, кармаган, тийген, жыттаган, даамын таткан, уккан нерселерибиздин баары чындыгында мээбизде пайда болгон сүрөттөлүш жана сезимдер (элестер).
Биз ар жактан уккандарыбыздын негизинде булар мээбиздин сыртындагы дүйнөдө дайыма турушат, ар бири бир материалдык зат деп ойлойбуз, жана ушул себептен заттардын, нерселердин оригиналдарын көрүп, сезип жатабыз деп ишенебиз. Чындыгында болсо, биз эч качан бир нерсенин оригиналын көрө албайбыз жана бул нерселердин оригиналдарына эч тийе албайбыз. Кыскача айтканда, биз өмүр бою зат деп ойлогон нерселердин баары чындыгында бир элес катары мээбизде пайда болгон сүрөттөлүштөрдөн турат.
(Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 8)

• Эгер жакшыраак ойлонсоңуз, көргөн, уккан, бир нерселерге тийген, ойлонгон жана ушул учурда бул китепти окуп жаткан акылдуу жандыктын болгону бир рух экенин жана бир парда бетинен «зат» деп аталган элестерди көрүп жатканын сезе аласыз. Муну түшүнгөн адам адамзаттын көпчүлүгүн алдаган заттык (материалдык) дүйнө чен-өлчөмүнөн алыстап, чыныгы бар болгон чен-өлчөмгө кирген болот... (Sonsuzluk Başlamış Durumda (Түбөлүк жашоо башталды), s. 46)

sinirler

A: When nerves reaching the brain are severed, signals can no longer reach us.
B: A pitch –dark world without smells, sights, sounds, tastes, or feelingsof touch.
1: Hearing, 2: Sight, 3: Smell, 4: Touch, 5: Taste

Көргөн Көздөрүбүз Эмес, Сүрөттөлүш Мээбизде Пайда Болот

Мурда да айтылгандай, өмүр бою бизге айтылгандар себебинен, бүт дүйнөнү көздөрүбүз менен көрүп жатабыз деп ойлойбуз. Ал тургай, «көзүбүз – дүйнөгө ачылган терезелерибиз» деп билебиз. Чынында болсо, көрүүнүн илимий түшүндүрмөсү боюнча, чындык мындай эмес; себеби биз көздөрүбүз менен көрбөйбүз. Көздөрүбүз жана көздөрүбүзгө туташкан миллиондогон нерв клеткабыз «көрүү кубулушу» ишке ашышы үчүн мээге кабар жөнөтүүчү кабель кызматын гана аткарышат.

Матрица аттуу тасмада да башкы каарман чындыгында кабельдер менен машинага туташып, көздөрү жумук абалда бир креслодо жатса да, чыныгы бир жашоону жашап жатам деген сезимге кабылууда. Бирок ага чейин көргөн бүт түркүн түстүү, жаркыраган, жандуу сүрөттөлүштөр ага заттык бир көзгө муктаждык болбостон эле көрсөтүлгөн. Ошол сыяктуу чуркадым, кыймылдадым, уруштум деп ойлогон сүрөттөлүштөрү да булчуңдарын колдонбостон, бир креслодо жаткан абалда көргөн.

neo

Тасманын каарманы чыныгы жашоого кайтып чындык деп ойлогон нерселерди чындыгында элестүү бир дүйнөнүн ичинде көрүп, жашаганын түшүнгөндө болсо абдан таң калат. Ошол күнгө чейин чоң бир айнек идиштин ичинде, мээсине берилген электрдик сигналдардан турган элестүү бир дүйнөдө жашап жатканына карабастан, өзүн бир компьютер программистимин деп ойлоп келген, жана сүрөттө көрүнүп турган жерде уктап жаткан болот. Б.а. жашоом деп ойлогонунун баары чындыгында бир элес гана.

Heo : Эмне кылып жатасың?
Морфиус : Булчуңдарың алсыз болуп калды, аларды кайрадан иштетип жатабыз.
Heo : Көздөрүм эмне үчүн ачышып жатат?
Морфиус : Аларды эч колдонгон эмессиң. Эс ал Нео. Жооптор келатат.

Бул маектен көрүнүп тургандай, Нео көздөрүн же дене булчуңдарын колдонбостон, ага мээсине жиберилген жасалма сигналдар менен чыныгы бир жашоону жашап жатам деп ойлогон. Көздөрүн эч колдонбосо да, абдан түркүн түстүү, жаркыраган жана жандуу бир дүйнөнү көргөн; ошол сыяктуу булчуңдарын колдонбосо да, өмүр бою өзүн кыймылдап жүргөндөй сезген.

Бул абал бүт адамдарда да ушул сыяктуу. Мисалы, бир адам базарда соода кылып жаткан адамдарды караганда, бул адамдарды жана базарды көздөрү менен көрбөйт; себеби бул көрүнүшкө тиешелүү сүрөттөлүш көзүнүн алдында эмес, мээсинин арткы тарабында пайда болот. Ошондуктан, көз жок болсо деле, мээсинин тиешелүү аймагына жөнөтүлгөн жасалма сигналдар аркылуу ушул эле сүрөттөлүштү көрүшү мүмкүн болот.

Both East and West belong to Allah, so wherever you turn, the Face of Allah is there. Allah is All-Encompassing, All-Knowing (Surat al-Baqara: 115)

manzara

Китептерибизде орун алган тасманын жогорудагы кадрларына окшош түшүндүрмөлөрбүздүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

• Бөлмөңүздүн терезесинен сыртты караганыңызда, өмүр бою ар жактан уккандарыңызга таянып, бул көрүнүштү көздөрүм менен көрүп жатам деп ойлойсуз. Бирок, чындык мындай эмес. Себеби, сиз көздөрүңүз менен сырттагы көрүнүштү көрбөйсүз. Сиз мээңиздин ичинде пайда болгон пейзаж сүрөттөлүшүн көрөсүз. Бул бир божомол же бир философия эмес, бул илимий чындык. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 10)

• Белгилүү болгондой, көзүбүздөгү клеткалардан келген электрдик импульстар мээбизде сүрөттөлүшкө айландырылат. Мисалы, мээ көрүү борборуна келген кээ бир электрдик импульстарды бир күнкарама талаасы катары жоромолдойт. Андай болсо көргөн – көз эмес.

Көргөн – көздөрүбүз эмес болсо, анда мээнин арка тарабында, капкараңгы бир жерде бир көзгө, торчого, карекке, көз нервдерине, көздүн чечекейине муктаж болбостон, электрдик импульстарды түркүн түстүү бир күнкарама талаасы кылып көргөн, бул көргөн пейзаждан ырахат алган ким?

... мээнин ичинде пайда болгон бул сүрөттөлүштөрдү бир телевизор экранынан көрүп жаткандай көргөн, көргөндөрүнө сүйүнгөн, кайгырган, толкунданган, ыраазы болгон, тынчсызданган, кызыккан ким? Бүт көргөндөрүн жана сезгендерин жоромолдой турган аң-сезим кимге тиешелүү?

Өмүр бою капкараңгы, үнсүз баш сөөгүнүн ичинде ага көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөрдү көргөн, ойлонгон, жыйынтык чыгарган, чечим алган аң-сезимдүү жандык ким?

Бүт бул нерселерди кабылдаган, аң-сезимди пайда кылган жандыктын аң-сезимсиз атомдордон турган, суу, май, протеин сыяктуу заттардан турган мээ эмес экендиги анык. Мээден башка, такыр башка бир жандык, нерсе болушу керек.

... Мээсинин ичиндеги сүрөттөлүштү «көрүп жатам» деген, мээсинин ичинде уккан үндөрдү «угуп жатам» деген, өзүнүн бар экенин туюп-билген жана «мен менмин» деген бул жандык – Аллах адамга берген рух. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 79-80)
yemek

All Eyes Are Blind, All Ears Are Deaf

Adnan Oktar: For one thing, in order to conduct a scientific study a person would have to step outside his brain, in order to see the original of everything. The original of matter on the outside is very different. For example, there is no sunlight. Scientists themselves say that. In addition, matter is invisible on the outside. It is invisible because of the spaces between its parts. But the eye sees it in visible form. For instance, there is no color outside. We see 7 colors and their various hues. There is no color on the outside. There are wavelengths. That is why when a scientist says he has conducted a study in the laboratory he is doing the research in the laboratory shown him by Allah. He can never establish direct contact with the outside. Allah also creates the outside. That is another issue. But nobody is in direct contact with the outside world. Neither can they hear the originals of sounds. There is in any case no sound on the outside, just waves. All ears are deaf. The ear is just a tool that turns sound waves into electricity. All ears are deaf. They forward electric current to the brain. The ear in the brain does the listening. All eyes are blind. People say that their eyes see. Not at all. Everyone's eyes are blind. The eye just works like a camera, the eye sees to the same extent that a camera or video recorder sees. The same goes for the one as for the other. Eyes are blind. The eye simply takes electricity, the image, and forwards it to the brain. The brain in the eye does the seeing. There is an eye that people cannot see. And an ear they cannot see. That does the hearing. And it is the soul. People are unaware of this. The whole is completely metaphysical. And it has an extraordinary structure. (From Mr. Adnan Oktar's Kral Karadeniz TV interview, 23 March 2009)

Даамдардын Баары Мээде Пайда Болот

neo yemek yerken

Даам алуу кабылдоосу да башка сезүү органдарына окшош. Адамдын тилинин алдыңкы тарабында төрт түрдүү химиялык кабылдагыч бар; булар туздуу, таттуу, кычкыл жана ачуу даамдарына туура келет. Даам кабылдагычтарыбыз бир катар процесстен соң бул сезимдерди электрдик сигналдарга айлантып, мээге жиберишет. Жана бул сигналдар мээ тарабынан даам катары кабылданат. Бир тортту, сырды, апельсинди же жактырган бир тамагыбызды жегенде сезген даамыбыз – бул чындыгында электрдик сигналдардын мээ тарабынан жоромолдонушу.

Матрица тасмасында да бул чындык тамактануу учурундагы маектерде мындайча берилет:

Тэнк : Кел досум. Чемпиондордун эрте мененки тамагы. (Неого пюре сыяктуу бир тамак сунулат.)
Маус : Көздөрүңдү жумсаң жумуртка жеп жаткандай болосуң... Мага эмнени элестетти билесиңби? Даамдуу буудай. Даамдуу буудай жеген белең?
Свич : Жок, бирок негизи сен да жеген эмессиң.
Маус : Менин айтайын дегеним да ошо. Машиналар даамдуу буудайдын даамын кайдан билет деп ойлоп жатсаң керек. Балким туура эмес жасашты. Балким даамдуу буудайдын даамы овсянка же тунец балыгы сыяктуу эле. Анда адамдын оюна көп нерсе келет. Мисалы, тоок, балким тооктун даамын чече албай коюшту, ошондуктан тоок этинде бүт нерсенин даамы бар.
Дозер : Жегендериң синтетикалык аминокислоталар, витаминдер, минералдарга аралаштырылган. Дене муктаж болгондордун баары.

Тасманын башка бир сахнасында болсо чындыктарды -Матрица аттуу система аларга элестүү дүйнөнү жашатканын- билген каармандардын бири жеген тамагын мындайча сүрөттөйт:

Мистер Риган : Билесиңерби, бул бифштекстин жок экенин билем. Муну оозума салганда, Матрица мээме мунун суулуу жана даамдуу экенин айтаарын билем...
çilek suyu

If nerves connecting the taste buds to the brain were severed, someone drinking strawberry juice would not taste anything at all..

Бул кадрларда сүйлөгөн киши бүт жашоосунун ага бир компьютер программасы тарабынан чындыктай көрсөтүлгөнүн билет. Ушул себептен, жеген бифштексинин чындыгында жок экенин, муну мээсинде гана кабылдаганын (сезип жатканын) айтууда, бирок ошентсе деле бул даамдан ал тамак чындап бар сыяктуу ырахат алганын белгилеп жатат. Биздин эмгектерибизде орун алган бул маектерге окшош түшүндүрмөлөрдүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

• Биз көргөн, тийген, уккан жана «зат», «дүйнө» же «аалам» деп атаган түшүнүктөр – болгону мээбизде пайда болгон электрдик сигналдар гана. Мисалы, бир мөмөнү жеген адам чындыгында мөмөнүн мээсиндеги кабылданышын сезет, оригиналын эмес. Адам «мөмө» деп атаган нерсе - мөмөнүн формасы, даамы, жыты жана катуулугуна байланыштуу электрдик маалыматтын мээде кабылданышы гана. Эгер мээге баруучу көрүү нервин үзүп койсоңуз, мөмө сүрөттөлүшү да ошол замат жок болот. Же мурундагы кабылдагычтардан мээге созулган нервдин үзүлүшү жыт сезүүбүздү толугу менен жок кылат. Себеби мөмө - бул бир катар электрдик сигналдарды мээнин жоромолдошу гана. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 203-204; Zamansızlık ve Kader Gerçeği (Убакыттын жоктугу жана тагдыр), s. 24)

• Мээңизде пайда болгон бир торт сүрөттөлүшүнө мээңизде пайда болгон таттуу даам кошулат жана торт жөнүндөгү бүт нерсе сизге жаккан абалга келет. Сиз аппетит менен тортуңузду жегенде сезген даамыңыз – чындыгында электрдик сигналдардын мээңизде пайда кылган бир таасири гана. Мээңиз сырттан келген импульстарды кандай жоромолдосо, сиз ошону гана билесиз. Ал эми сырттагы нерсеге болсо эч жетип, даамдай албайсыз; мисалы шоколаддын өзүн көрүп, жыттап, даамдай албайсыз. Же мээңизге баруучу даам сезүү нервдери үзүлсө, ошол учурда жеген нерсеңиздин даамы мээңизге жетпей калып, даам сезүү сезимиңизден толук ажырайсыз. Сезген даамдарыңыздын абдан чындыктай болушу, анын үстүнө аларга тиешелүү сүрөттөлүштөрдү да көрүп жатышыңыз сизди эч жаңылтпасын. Бул теманын илимий түшүндүрмөсү мына ушундай. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 40)

• Ошол сыяктуу, ушул күнгө чейин эч бир адам мятанын оригиналынын даамын тата алган эмес. Мята катары сезген даамы мээсинде пайда болгон сезим гана. Себеби мятанын оригиналына тийе да албайт, анын оригиналын көрө да албайт, оригиналынын жытын же даамын сезе да албайт. Жыйынтыктасак, биз өмүр бою бизге көрсөтүлгөн копия сезимдер менен жашайбыз. Бирок бул копиялар ушунчалык реалдуу (чыныгыдай) болгондуктан, эч качан копиялары менен жашап жатканыбызды байкабайбыз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 46)

... Бир шоколадды же жактырган бир мөмөңүздү жегенде сезген даамыңыз – бул электрдик сигналдардын мээ тарабынан жоромолдонушу. Сырттагы затка (нерсеге) болсо эч качан жете албайсыз; шоколаддын өзүн көрүп, жыттап, даамдай албайсыз. Мисалы, мээңизге баруучу даам сезүү нервдери үзүлсө, ошол учурда жеп жаткан нерсеңиздин даамы мээңизге жетпей калып, даам сезүү сезимиңизден толугу менен ажырайсыз. Бул жерде дагы бир чындыкты көрөбүз: бир нерсени жегенибизде, башка бирөө ал тамактан сезген даамдын же бир үндү укканыбызда башка бирөө уккан үндүн биздики менен бирдей экенин эч качан ишенимдүүлүк менен айта албайбыз. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 202-203)

Any blessing you have is from Allah...
(Surat an-Nahl:53)

bahçe

Smells from the external world, which we've known since birth, are simply electrical signals received through our nostrils.

Жыттардын Баары Мээнин Ичинде Пайда Болот

Биз сезген жыттар да чындыгында бизге алыс жерден келбейт. Жыт алуу борборуңузда пайда болгон таасирлерди сырттагы заттардын жыты деп ойлойсуз. Чынында болсо, бир гүлдүн сүрөттөлүшү көрүү борборунун ичинде болгон сыяктуу эле, ал гүлдүн жыты да жыт алуу борборунун ичинде. Сыртта гүлдүн да, ага тиешелүү бир жыттын да бар же жок экенин биле албайсыз. Себеби сезимдерибиз бизге тааныткан сырткы дүйнө чынында мээбизге жеткен «электрдик сигналдардын жыйындысы» гана. Мээбиз өмүр бою бул сигналдарды анализ кылат. Биз болсо заттын «сырттагы» оригиналын көрүп, сезип жатам деп ойлоп, жаңылганыбызды сезбестен өмүрүбүздү өткөрөбүз.

ayna

Матрица тасмасынын бир сахнасында да жыттын реалдуулугунан күмөн саналууда, бирок ошол эле учурда кабылдоонун реалдуулугуна көңүл бурулууда.

Агент : : Мен бул жерди жек көрөм. Бул жаныбарлар бакчасын, бул абакты, бул реалдуулукту же эмне деп атасаңар ошону. Мындан ары чыдай албайм. Эң көп жыт, эгер мындай бир нерсе бар болсо. Муну ашыкчасы менен сезип жатам.

Тасмадагы Матрица аттуу компьютер системасында «коопсуздук кызматкери агент» каарманынын жогорудагы сөздөрүнөн да көрүнүп тургандай, башка бүт сезимдерибиз сыяктуу, жыттын да оригиналы болуп болбогонун биле албайбыз. Бул тема китептерибизде мындайча орун алган:

• Ванилла жыты, гүлдүн жыты сыяктуу учуучу молекулалар мурундун эпителий деп аталган аймагындагы титирөөчү түкчөлөрдөгү кабылдагычтарга келишет жана бул кабылдагычтар менен реакцияга киришет. Бул реакция мээбизге электрдик сигнал абалында жиберилет жана жыт катары сезилет. Натыйжада биз сонун же жаман деп атаган жыттардын баары – учуп жүргөн молекулалардын реакцияга киришинин электрдик сигналга айлантылган соң, мээдеги сезилүү формасы гана. Бир атырды, бир гүлдү, жактырган тамагыңызды, деңиздин жытын, көңүлүңүзгө жаккан же жакпаган ар түрдүү жытты мээңизде сезесиз. Бирок жыт молекулалары мээге эч качан жете алышпайт. Үн жана сүрөттөлүштөгү сыяктуу мээбизге электрдик сигналдар гана жетет. Жыйынтыктасак, төрөлгөнүңүздөн бери сырттагы нерселерге тиешелүү билген жыттарыңыздын баары сезүү органдарыңыз аркылуу сезген электрдик сигналдар гана. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 202)

• ... бир сүрөттөлүш мээңизде пайда болушу үчүн сыртта бир булактын болушу кажет эмес. Бул абал жыт сезүүгө да тиешелүү. Түшүңүздө же кыялыңызда жок эле бир жытты сезе алган сыяктуу, чыныгы жашоодо да жытын сезген нерселериңиздин сиздин сыртыңызда бар же жок экенин так биле албайсыз. Сыртыңызда бул нерселер бар деп ойлосоңуз да, алардын оригиналдарына эч жете албайсыз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 38)

Азыр Түш Көрүп Жатпаганыңызды Кантип Далилдей Аласыз?

Адамдар түштөрүнөн ойгонгондо, ошол кезге чейин көргөндөрүнүн элес экенин түшүнүшөт, бирок «ойгонуу» сүрөттөлүшү (кадры) менен башталган жана адамдар «чыныгы жашоо» деп аташкан жашоонун бир элес болушу мүмкүн экени жөнүндө эмнегедир эч күмөн санашпайт. Бирок чындыгында болсо, «чыныгы жашообуз» деп атаган сүрөттөлүштөрдү кабылдоо (көрүү) формабыз менен түштөрүбүздү кабылдоо формабыз бипбирдей. Экөөсүн тең мээбизде көрөбүз. Жана түшүбүздөн ойготулмайынча, алардын бир элес экенин түшүнө албайбыз. Бирок ойгонгонубузда «демек көргөндөрүм бир түш экен да» дейбиз.

beyinde oluşan görüntü

Андай болсо азыр көрүп жаткандарыбыздын бир түш эмес экенин кантип далилдей алабыз? Али ойготула элек болгондуктан, азыркы жашап жаткан көз ирмемибизди чындык (реалдуу) деп ойлоп жаткан болушубуз мүмкүн эмеспи? Ар түнү көргөн түштөрүбүздөн көбүрөөккө уланган бул түштөн бир күнү ойготулганыбызда, бул чындыкка туш келишибиз толук мүмкүн. Жана мунун мындай эмес экенин далилдей ала турган бир дагы далилибиз жок.

Түштө «колуңуз менен кармап, көзүңүз менен көрөсүз», бирок чындыгында колуңуз да, көзүңүз да жок, көрүп-кармай турган нерсе да жок. Булардын баарын мээден сырткары (сырттан) камсыз кылып турган материалдык (заттык) бир нерсе жок. Апачык алданасыз. Андай болсо чыныгы жашоо менен түштүн эмне айырмасы бар? Чыныгы жашоонун үзгүлтүксүз болуп, түштүн үзүк-үзүк болушу же түштө башкача себеп-натыйжа байланыштары болушубу? Булар түпкүрүндө маанилүү айырмалар эмес. Себеби акыр аягында эки жашоо (түш менен чыныгы жашоо) тең мээнин ичинде пайда болот. Түш көрүү учурунда чыныгы болбогон бир дүйнөдө кадимкидей жашап жаткан сыяктуу, ушул эле нерсе жашап жаткан дүйнөбүзгө да тиешелүү болушу толук мүмкүн. Түштөн ойгонгонубузда «чыныгы жашоо» деп атаган узунураак бир түштү көрүп баштабагыныбызды так ишеним менен айта албайбыз. Түштү элес, дүйнөнү болсо чыныгы деп ойлошубуздун себеби – бул көнгөн адатыбыз жана коомдон уккан сөздөрүбүз гана. Жана бул абал балким бир күнү азыр жашап жатабыз деп ойлогон дүйнөбүздөн түштөн ойгонгон сыяктуу ойготулушубуз мүмкүн экенин көрсөтөт.

Матрица аттуу тасмада да бул маанилүү жагдай айтылат. Тасманын башкы каарманы Нео көп жолу түш менен чыныгы жашоо арасында дилеммага түшөт. Тасманын бир сахнасында Нео күзгүнү караганда күзгүдөгү сыныктардан улам жүзүн үч бөлүк абалда көрөт. Андан соң күзгүдөгү сынык жоголуп, сүрөттөлүштүн оңолгонун көрөт. Буга таң калуу менен айланасындагыларды карап, алардан муну көрдүңөрбү деп сурайт. Чындык болуп болбогонун текшерүү үчүн күзгүгө тийгенде болсо күзгү жабышчаак болуп калат жана денесин металл бир каптамай сыяктуу ороп баштайт, ал тургай бул каптамайдын муздактыгын да сезе алат. Бул көргөн, сезген нерселеринин баарын чындык эмес деп ойлосо да, ал окуялар денесинин тең салмактуулугун буза турганчалык реалдуу болот. Акылман киши ролундагы Морфиус болсо Неого көргөн, башынан өткөргөндөрүнүн реалдуулугуна алданбашы үчүн чыныгы дүйнө менен элестүү дүйнө арасындагы айырманын эмне экенин сурайт:

Морфиус : Чындык экенине ишенген бир түш көргөн белең Нео? Ал түштөн ойгонбой калсаңчы? Элес дүйнөсү менен чыныгы дүйнөнүн арасындагы айырманы кантип түшүнмөк элең?
Heo : Болушу мүмкүн эмес!
Морфиус : Эмне болушу мүмкүн эмес? Чындыкпы?

Төмөндө бул жөнүндө китептерибизде орун алган мисал жана түшүндүрмөлөр берилген:

• Түшүндө бийик бир жерден төмөн кулаган бир адам муну бүт денеси менен сезет. Чынында болсо ал учурда керебетинде эч кыймылдабастан жаткан болот. Же түшүндө буту тайып, көлмөнүн ичине түшкөнүн көргөн бир адам кийимдеринин баарынын суу болгонун, соккон шамалдын себебинен үшүгөнүн сезиши мүмкүн. Бирок жаткан жеринде көлмө да, шамал да жок. Ал тургай, абдан ысык бир бөлмөдө уктап жатканына карабастан, суу болгонун жана үшүгөнүн ойгоо кезиндегидей сезет. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 60)

• Адам чындыгында үйүндө бейпил гана уктап жатканда, түшүндө лунапаркта ылдам айланган вагондорго түшкөнүн көрүшү мүмкүн. Вагондордун ылдамдыгын, кээ-кээде тескери бурулганын, соккон шамалды кадимкидей сезе алат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 61)

Түш менен чыныгы жашоо арасындагы окшоштукка көңүл бурулган, тасманын башка бир сахнасы төмөнкүдөй: (Компьютер чипин сатып алуу үчүн эшигине келген кардарларга)

Heo : Түш көрүп жатканың же ойгонгонуң жөнүндө шектенгениң болду беле?

Көрсөтүлгөн кадрда Нео ойгонуп ойгонбогонун так биле албай жатат. Ойгонгондо сааттын коңгуроосун угуп, өзүн бөлмөсүндө жатканын, столун, компьютерин көрөт; бирок түшүндө көргөндөрү ушунчалык реалдуу болгондуктан, алардын элес экенине ишене албай калат. Ушуга таң калган көрүнүшүнөн улам компьютер чипин сатып алуу үчүн анын үйүнө келген кардарлар «көрүнүшүң жакшы эмес» дешет. Нео болсо жогорудагы сөзү менен дилемма абалын үйүнө келген адамдар менен бөлүшкүсү келет.

Нео башынан өткөргөн мындай дилемма негизи толук табигый көрүнүш. Негизи ойлонгон ар бир адам мындай парадокс ичинде экенин байкай алат. Китептерибизде бул темага көңүл бурган көп тексттерибиз бар. Булардын бири төмөнкүдөй:

Түшүңүздөн эч ойгонбостон, жашооңуз улана берсе, түшүңүздө көргөндөрүңүздүн эч бирөөсүнүн оригиналын көрүп, сезип жатпаганыңызды түшүнө аласызбы? Албетте, жок. Ойгонуп, өзүңүздүн керебетте уктап жатканыңызды көрмөйүнчө, эч качан түш көрүп жатканыңызды түшүнө албайсыз жана чыныгы жашоодо жашап жатам деген ой менен өмүрүңүздүн баарын өткөрөсүз. Демек, чыныгы жашоо деп атаган жашообуздун да бир түш эмес экенин кантип далилдей аласыз? Бир күнү бул көрүп жаткан жашообуздан чыгып, өзүбүздү такыр башка бир жерде, бул жашообузга тиешелүү сүрөттөлүштөрдү (кадрларды) көрүп жаткан абалда көрбөйбүз деген так бир маалыматыңыз барбы? (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 65)

Матрица тасмасында чындыктарды билген Морфиус Неого «көргөндөрүңө ишенбе», «чындыкты түшүнүү үчүн изилде» деген кеңештерин көп айтат. Тасмага тиешелүү төмөндөгү саптарда да Морфиус Неого көргөндөрүнө ишенүүдөн мурда ой жүгүртүшү керек экенине мындайча көңүл бурууда:

Морфиус : Көздөрүңөн билинип турат. Сенде көргөндөрүн кабыл алчу адамдын көздөрү бар. Ойгонууну күтүп жатканың үчүн. Кызыктай, бирок булар чындыгында көп алыс эмес.

Адамдар да жашап жаткан дүйнөбүздүн чыныгы жүзү жөнүндө ойлонушу зарыл. Адам «сыртымда бар» деп ишенген дүйнөнүн оригиналына эч качан жете албашын түшүнүшү зарыл жана бул чындыкка таянуу менен дүйнөдөгү максаты жөнүндөгү чындыктарга жетиши керек.

Кинотасмада да көп жолу басым жасалган, заттын өзүн көрүп, сезбегенибиз жөнүндө китептерибизде берилген мисалдардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

... адамдар көбүнчө «сырткы дүйнө» түшүнүгүнүн ичине бүт нерсени кошушпайт же кошкулары келбейт. Бул темада бир аз чын пейилден жана эр жүрөктүк менен ойлонсоңуз, үйүңүздүн, ичиндеги буюмдарыңыздын же антикалык буюмдарыңыздын, дачаңыздын, жаңы алган унааңыздын, офисиңиздин, баалуу жасалгаларыңыздын, банктагы эсебиңиздин, гардеробуңуздун, түгөйүңүздүн, балдарыңыздын, кесиптештериңиздин жана карамагыңыздагы бүт нерселериңиздин да сизге көрсөтүлгөн бул «элестүү сырткы дүйнөгө» тиешелүү экенин байкайсыз. Айланаңызда көргөн, уккан, жыттаган, кыскача айтканда, беш сезимиңиз менен сезген нерселериңиздин баары ушул «элестүү дүйнөгө» тиешелүү; эң жактырган ырчыңыздын үнү, отурган отургучуңуздун катуулугу, жыты көңүлүңүзгө жаккан бир атыр, сизди жылыткан күн, түркүн түстүү бир гүл, терезеңиздин сыртынан учкан бир канаттуу, деңизде ылдам сүзүп бараткан бир катер, көп түшүм берген бакчаңыз, жумуштагы компьютериңиз же дүйнөдөгү эң сапаттуу музыкалык борборуңуз... Чындык ушундай. Себеби бул дүйнө адамды сыноо үчүн гана жаратылган бир сүрөттөлүштөр жыйындысы. Адамдар бул кыска өмүрү боюнча чындыгында реалдуулугу жок сезимдер (элестер) менен сыналышат. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), s. 213-214)

Айланаңыздагы мал-мүлктү катуу эңсеген адамдардын эң көп эмнелерге баа бергенин бир ойлоп көрүңүз: жакшы бир үй, люкс буюмдар, кооз баалуу жасалгалар, жаңы модельдеги унаа, банктарда көп өлчөмдө акча, яхта... Мына ушул себептен мындай адамдар ээ болгон бүт байлыктарын (заттарды) мээлериндеги бир экрандан көрүп жатканы жана оригиналдарын (өзүн) эч көрө албашы жөнүндөгү чындыктан абдан коркушат. Бирок кабыл алгылары келбесе да, мээлеринде пайда болгон бир копия дүйнө ичинде жашап жатышат. Сырттагы дүйнөнү көрүп, аны кармай алышпайт. Себеби үндү, жарыкты жана жытты эч өткөрбөгөн баш сөөктөрүнүн ичине бул заттардан келген электрдик маалыматтар гана кире алат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 104)

Бир адам ээ чыккан бүлө, мүлктөрүнүн баары, үйү, унаасы, үй-бүлөсү, жумушу жана досторунун баары мээсинин ичинде пайда болгон сезим жана сүрөттөлүштөр гана. Бул чындыкты түшүнгөн адам бүт нерсенин жалгыз ээсинин бул сүрөттөлүштөрдү мээсинде жараткан Аллах экенин түшүнөт. Дүйнө жашоосуна ач көздүк менен жабышкан адамдар ушул себептен бул чындыктан абдан коркушат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 103)

zaman

1. Past, 2. Present, 3. Future

Убакыттын Жоктугу

Убакыт – биздин башыбыздан өткөн окуялар арасында жасаган салыштыруубуздан келип чыккан түшүнүк. Мисалы, бир адам автоунаага түшөт. Анан унаанын ачкычын бурайт жана газ баскычын басып, унаасын кыймылдатат. Бир саам жол жүргөн соң унаасын тротуардын четине токтотот. Ал адам бүт ушул кыймылдар арасында салыштыруу жасап, ар биринин арасында бир убакыт өттү деп ойлойт жана ушундайча убакыт сезимине ээ болот.

Бүт окуялар бизге белгилүү бир катар ыкмасы менен көрсөтүлгөндүктөн, убакыт дайыма алдын көздөй агат деп ойлойбуз. Мисалы, бир жалбырак дарактан дайыма төмөн көздөй түшөт, жогору көздөй чыкпайт же жамгыр тамчылары дайыма асмандан түшөт, жамгырдын тамчылар абалында асманга чыкканын эч көрбөйбүз. Бул учурда бир жалбырактын дарактагы абалы өтмүш болсо, жерге түшкөн абалы келечек. Бирок эгер эс тутумубуздагы маалыматтар бир тасманын артты көздөй түрдүрүлүшү сыяктуу тескери көздөй көрсөтүлүп баштаса, биз үчүн келечек, б.а. жалбырактын жерде жаткан абалы өтмүш, ал эми дарактагы абалы болсо келечек болмок.

Бул мисалдан да көрүнүп тургандай, убакыт кабылдаган адамга жараша өзгөрүүчү бир сезим. Убакыттын салыштырмалуулугу, б.а. өзгөрмөлүгү ушунчалык ар түрдүү болгондуктан, биз үчүн миңдеген жылга созулган бир убакыт аралыгы башка бир чен-өлчөмдө бир секундага созулушу да мүмкүн. Ал тургай, ааламдын башынан аягына чейин өткөн абдан чоң убакыт аралыгы башка бир чен-өлчөмдө бир секунда да эмес, бир «көз ирмемге» гана созулушу мүмкүн.

He will say, "How many years did you tarry on the earth?"
They will say, "We tarried there for a day or part of a day.
Ask those able to count!" He will say,
"You only tarried there for a little while if you did but know!"
(Surat al-Muminun:112-114)

bahçe

Матрица тасмасында да бүт сезимдер менен бирге, убакыттын да салыштырмалуу экендигине басым жасалат жана Неого убакыт жөнүндө да жаңылганы айтып берилет. Төмөнкү кадрларда тасманын каарманы Нео 2060-жылы АКШда жасалган, аба жана жерде жүрүүчү унаа катары колдонулган бир кеменин ичинде. Андан мурда Матрицанын ичинде кийген жарашыктуу кийимдери же жашаган шаарынын заманбап көрүнүшү эми жок. Анын ордуна эскирген кийимдерди кийген жана адам жашабаган сыяктуу бир жерде турган болот.

Heo : Морфиус, мага эмне болду? Бул жер эмне?
Morpheus : Эмне эмес, качан?
Heo : «Качанбы»?
Morpheus : 1999-жылдабыз деп ойлоп жатасың, бирок 2199-жылга жакынбыз. Канчанчы жылда экенибизди так айта албайм, себеби биз да так билбейбиз. Азырынча бул жөнүндө эчтеке айта албайм.

Бир адамга бүт жашоосу сыяктуу убакыт сезими да жасалма сигналдар менен такыр башкача сезилиши мүмкүн. Убакыттын жоктугу жөнүндө китептерибизде орун алган түшүндүрмөлөрдүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

The Matrix and Matrix Reloaded created great controversy. Many TV channels, magazines, and newspapers discussed the scientific facts of matter in relation to these films' subject. One of the foremost reasons why the film attracted the interest of millions, is their awareness of—and pondering on—this subject's importance.
Newsweek; Dec, 30, 02/Jan, 6, 03

• Убакыт бир кабылдоо (элес) болгондуктан, толугу менен кабылдагандан көз-каранды, б.а. салыштырмалуу бир түшүнүк. Убакыттын агуу ылдамдыгы аны өлчөп жатканда колдонгон булактарыбызга жараша өзгөрөт. Себеби адамдын денесинде убакыттын агуу ылдамдыгын туптуура ченей ала турган табигый бир саат жок... Убакыттын салыштырмалуулугу түштө апачык көрүнөт. Түшүбүздө көргөндөрүбүз бир топ саатка созулгандай сезилсе да, чындыгында бүт баары бир канча мүнөт, ал тургай бир канча секундага гана созулган болот. (Zamansızlık ve Kader Gerçeği (Убакыттын жоктугу жана тагдыр), s. 70-71)

... убакыттын салыштырмалуу бир түшүнүк экендиги, материалисттер кылымдар бою ойлоп келгендей, өзгөрбөс жана туруктуу эмес экени, өзгөрүүчү бир сезим экендиги да ушул кылымда аныкталды. Убакыттын жана мейкиндиктин салыштырмалуулугу Эйнштейндин «Салыштырмалуулук» теориясы менен далилденген жана бул чындык учурда заманбап физиканын негизин түзөт. Жыйынтыктасак, убакыт жана мейкиндик – абсолюттук эмес, башталышы бар, Аллах жоктон жараткан түшүнүктөр. Убакытты жана мейкиндикти жараткан Аллах, албетте, булардан көз-каранды эмес. Аллах убакыттын ар бир көз ирмемин убакыт жок учурда аныктаган жана жараткан... (Zamansızlık ve Kader Gerçeği (Убакыттын жоктугу жана тагдыр), s. 10))

Адамдар убакыттан көз-каранды болгондуктан, мындай нерсе аларга алыс сезилет, бирок Аллах Кабатында убакыт жок, мурда да айтылгандай, өтмүш менен келечек бир көз ирмем гана. Бир видео кассетадагы кадрлардын бир эле учурда бар болгону сыяктуу... Биз бир тасманы көргөн соң ал тасманы артка түрдүрүп, кайрадан көрө алган сыяктуу, биз үчүн өтмүш болгон (өтүп кеткен) окуяларды Аллахтын каалоосу менен кайрадан көрүшүбүз мүмкүн. Эң негизгиси – бул Аллахтын ошол учурда бизге ошол окуяларга тиешелүү элестерди (сезимдерди) кайрадан сездириши. (Sonsuzluk Başlamış Durumda (Түбөлүк жашоо башталды), s. 90)

Time And Space are Completely Relative;
All Eternal Life Comes and Goes in a Single Moment

Adnan Oktar: When I knocked my cup against the table you heard a noise. I knock it again; two times. You compared the one with the other in your head. You call the difference between the two time. In other words, it is a belief; in fact there is just one moment, and these things happened within it. It is completely a belief. There is no such thing as time in outer space. Einstein says as much. Time and space are totally relative, things dependednt on perception. Since there is no time, only a single moment, everything is created and over with in that one moment. In other words, all eternal life is over and done with in a single moment. But Allah gives it to us as a belief, a perception. It is a belief of the brain's, a system resulting from the brain's logic and from comparison. Otherwise, there is no time. It is technically impossible for time to exist. There is a single moment. Everything happens in that. Our past, the Big Bang, the passage of 15 billion years... Fifteen billion years is less than 15 seconds in the Sight of Allah, not even 15 micro-seconds; it is all over with... It relies on perception. There may be entities at this moment who are seeing Hitler. People may just be witnessing Hitler's birth. There may be people who have just seen Napoleon and his armies. It is something entirely based on perception, on what is shown those entities... yes, we definitely cannot comprehend it. I mean, we can say everything. For example, if we put soneone to sleep artificially and tell them 4 years have gone by. If we show them newspapers from 4 years later and say, 'you were in a coma.' They will definitely believe it. They will see it as reasonable.

Fifteen billion years ago, scientists say, "there was no time or space." But they describe the first matter as follows; zero volume. Non-existent, in other words. They say there was something of infinite density. They say the universe came into being when that exploded. So they agree with the account in the Qur'an. Almighty Allah says the universe was created from nothing in the Qur'an. They have finally arrived at what the Qur'an says. And it came about in a moment. Time and space also formed with that explosion. In other words, the universe took shape in seconds, or less, in micro-seconds. Time began after that. There was no time or space before. (From Mr. Adnan Oktar's Kanal 35 interview, 25 January, 2009)

Эсибиздеги Окуялар Да Негизи Элестер Гана

Тасманын башкы каарманы Нео чындыктарды, б.а. ошол күнгө чейин чындык деп ойлогон жашоосунун бир элес экенин билген соң, кайрадан Матрица аттуу виртуалдык дүйнөгө барганда айланасын таң калуу менен карайт. Унаадагы сапары боюнча өтмүшүнө тиешелүү бир катар нерселерди эстейт; бирок булардын эч биринин чындыгында болбогонун ойлоп таң калат. Нео өтмүшүмө тиешелүү эскерүүлөрүм деп ойлогон окуялардын баары эс тутумуна жасалма жол менен берилген сүрөттөлүштөр гана.

Морфиус : Таң калыштуу ээ?
HNeo : Аллахым.
Тринити : Эмне болду?
Heo : Тигил жерде тамак жечүмүн. Керемет макарон даярдашат. Жашоом менен байланыштуу эскерүүлөрүм бар. Эч бири болгон эмес.

Бул темада китептерибизде орун алган түшүндүрмөлөрүбүз төмөнкүдөй:

•Биз, ар жактан уккан-көргөндөрүбүзгө таянып, өтмүш, учур чак жана келечек сыяктуу бөлүктөргө бөлүнгөн убакыт тилкелерин жашайбыз деп ойлойбуз. Чындыгында болсо, «өтмүш» деген бир түшүнүккө ээ болушубуздун жалгыз себеби – бул, мурда да айтылгандай- эс тутумубузга кээ бир окуялардын берилиши гана. Мисалы, биринчи класска кирген учуруңуз сиздин эс тутумуңузда бар болгон бир маалымат жана биз ушул себептен муну өтмүш бир окуя катары кабыл алабыз. Келечек менен байланыштуу окуялар болсо эс тутумубузда жок. Ушул себептен биз али кабардар боло элек бул окуяларды «келечекте боло турган» окуялар катары кабыл алабыз. Чындыгында болсо, өтмүш биз үчүн кандай жашалган, башыбыздан өткөн, көрүлгөн окуялар болсо, келечек да ошол сыяктуу эле жашалган. Бирок бул окуялар биздин эс тутумубузга берилбегендиктен, биз аларды биле албайбыз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 139)

• 5 жашыңызда дүкөндөн алган бир токочту жеп жатканыңызда сезген таттуу даамыңыз, 7 жашта биринчи сабагыңыз баштала турган күнү эрте менен толкунданып ойгонушуңуз, жогорку класста география сабагында сыгылганыңыз, математика мугалимиңиз доскага жазган узун теңдемелер, бир жакыныңыздан айрылган жол кырсыгындагы сезимдериңиз, жумушуңуздагы бир ийгиликтен улам пайда болгон мактануу сезими, көп жылдар бою күсөгөн бир буюмуңузду алууга бараткандагы кубанычыңыз, кыскача айтканда, башыңыздан өткөн жана сезген бул окуяларыңыздын баары негизи ошол бойдон турат, сиздиң мээңизде гана сакталуу эмес. Сакталгандар да сизге эскерүү сыяктуу, б.а. өтмүштө болгон сыяктуу сездирилүүдө. Ушул учурда бар, сакталуу турган ал окуяларды мээңиз кабылдабай, сезбей жатат... Адамдар агып турган бир убакыттан көз-карандыбыз деп ойлошот, өмүрүбүз өтмүш, учур чак жана келечек болуп бөлүктөргө бөлүнөт дешет... Бирок жаратылган ар бир жандыктын, ар бир окуянын жана бүт нерсенин дал бир кинотасма лентасынын кадрлары сыяктуу бир-бирден түбөлүктүү кылып жана бир учурда жаратылганын билүү муну түшүнүүгө жардам берет. (Sonsuzluk Başlamış Durumda (Түбөлүк жашоо башталды), s. 74-75)

...We have stripped you of your covering and today your sight is sharp
(Surah Qaf: 22)

Return to your Lord, well-pleasing and well-pleased!
(Surat al-Fajr: 28)

manzara

Бул Чындыктын Кереметтүү Жыйынтыгы

Адам мээсинин сыртында зат деп аталган, сүрөттөлүштөн турган жана бекемдик сезими берилген бир аалам бар. Бирок сиз бул ааламга эч качан сезүү органдарыңыз аркылуу жете албайсыз. Ар бир адам мээсинде пайда болгон ааламды көрөт, мээсинде пайда болгон ааламды кармайт, мээсиндеги ааламдын үнүн угат.

Аллах жараткан зат ааламын ар бир адамга мээсинде бир сүрөттөлүш абалында көрсөтүүдө жана бул сүрөттөлүшкө бекемдик, катуулук берип, сүрөттөлүштү чындыктай сездирүүдө. 20-кылымда илимий ачылыштар менен далилденген бул чындык кылымдар мурда жашаган улуу Ислам аалымы Имам Раббани тарабынан үстүртөн түшүндүрүлгөн. Имам Раббани эмгектеринин биринде мындай дейт:

Сыртта жана акыйкатта Аллах Тааладан башка мевжуд (бар нерсе) жок. Аллах Таала кудурети менен өз ысымдарынын жана сыпаттарынын кемалин (кемчиликсиздигин) мүмкинат сүрөттөрүнүн пардасында көрсөткөн, башкача айтканда, буюмду өз кемчиликсиздигине ылайыктуу абалда, сезим жана элес даражасында жараткан. Ушундайча буюм (зат) элесте көрүнүүдө, кыялда уланууда. Демек буюмдар (заттар) кыялда көрүнгөн үчүн бар. Бирок Аллах Таала бул көрүнүштү уланткан үчүн, жок болуудан сактаган үчүн, буюмдун түзүлүшүнө бекемдик берген үчүн жана түбөлүк мамилени да булардан көз-каранды кылган үчүн элестеги нерсе жана кыялдагы уланган нерсе чыныгы бар нерсе болгон. (İmam-ı Rabbani, İkinci Cilt, 44. Mektup)

Бул жерде айтылган нерсе – ар бир адам терең ойлонушу керек болгон абдан маанилүү бир акыйкат. Себеби бул чындыкты көрмөксөн болгон ар бир адам өмүр бою кичинекей бир чекитте пайда болгон сүрөттөлүштү чындык деп ойлоп жаңылат. Мисалы, мээсиндеги бир чекитте пайда болгон имараттардын ээсимин деп ойлогон бир адам бул сүрөттөлүштөн улам бой көтөрүп, көөп, бир күнү өлөөрүн унутуп өзүн чексиз күчтүү элестетет. Же мээсиндеги бир чекитте пайда болгон жакыр жашоо сүрөттөлүшү башка бир адамдын басынган, бактысыз же үмүтсүз жашашына себеп болот. Мээсинин ичиндеги кичинекей бир жерде пайда болгон акча сүрөттөлүшүн жоготкон адамдын маанайы аябай чөгөт. Мээсинин ичиндеги унаа сүрөттөлүшүнүн чийилгенин көргөн бир адам болсо ачууланып, ач көздүгүнөн улам катуу жинденет. Бирок бул адамдардын баарынын түшүндө бай же жакыр болгон, же түшүндө унаасы чийилген бир адамдан айырмасы жок. Чийилген унаа мээбиздин ичинде пайда болгон бир унаа сүрөтү. Бул унаанын өзүн, сырттагы чыныгы абалын эч ким, эч качан биле жана көрө албайт. Муну бир гана мээбиздеги жана сырттагы ааламды жараткан Улуу Аллах билет.

Мына ушул чындыкты билбеген же апачык болуп турса да, бул чындыкты кабыл алгысы келбеген адамдар өмүр бою дайыма жаңылыштыкта, чындыктарды билмексен болуп жашашат. Бул адамдардын абалы бир кинотасманы же театр оюнун чындык деп ойлоп бул тасманын же оюндун ичинде жашагысы келген бир адамдын абалына окшошот. Айланасындагы адамдар бул адамды канчалык ынандырганга, ага чындыктарды көрсөткөнгө аракет кылса да, бул адам муну түшүнмөксөн болот.

Бирок бир да адам калбастан, бүт адамдар бул чындыкты түшүнүп, кабыл ала турган бир күн бар. Мына ошол күн ар бир адамга өлүм менен бирге келет. Өлүм менен бирге адамдын мээсинде көргөн дүйнө жашоосуна тиешелүү сүрөттөлүш өзгөрүп, анын ордуна өлүм учурунун, сурак күнүнүн жана акыреттин сүрөттөлүшү пайда болот. Аллах Куранда билдиргендей, өлүм менен бирге адам уйкудан ойгонгондой болот, түшүнөн чыныгы дүйнөгө (бул дүйнөгө) өткөн сыяктуу, чыныгы жана түбөлүк жашоосуна өтөт. Ал жашоонун болсо сүрөттөлүшү тунугураак жана чыныгы болот. Түшүндөгү бозомук сүрөттөлүштөн ойгонуп, тунугураак болгон бул дүйнө жашоосуна өткөн сыяктуу. Аяттарда бүт ааламдардын Рабби Аллах бул чындыкты мындайча билдирүүдө:

Айтышкан эле: «Кыйроо болсун бизге, уктап жаткан жерибизден бизди ким тирилтип-тургузду? Бул Рахман (болгон Аллах)тын убадасы, (демек) жөнөтүлгөн (пайгамбар)лар туура айтышкан экен». (Йасин Сүрөсү, 52)

Ант болсун, сен мындан капылетте элең; мына Биз сенин үстүңдөгү тосукту ачып-алып салдык. Эми бүгүн көрүү-күчүң так, даана. (Каф Сүрөсү, 22)

Ар бир сөзү ишенимдүү, илими жана хикматы менен өрнөк болгон Пайгамбар Мырзабыз (сав) да бир куттуу хадисинде «адамдар уйкуда, өлгөндө ойгонушат» (İmam Gazali, İslam Klasikleri 2, Bedir Yayınları, 18 s. 36152) деп бул чындыкка көңүл бурган.

Чыныгы жашоо – бул өлүмдөн кийинки жашоо. Дүйнө жашоосу болсо – түш сыяктуу, адамга мээсиндеги кичинекей бир чекитте көрсөтүлгөн бир сүрөттөлүш ааламы. Бир адамдын бул сүрөттөргө алданып, чыныгы жана түбөлүк жашоосун унутушу, ойлонбошу болсо чоң бир капылеттик жана жаңылуу. Бул чындыкты бул дүйнөдө көрбөгөндөр акыретте абдан бушайман болушат. Өмүр бою байланган, чындык деп ойлоп артынан кууган, Аллахты жана акыретти унутуу менен Ага шерик (ширк) кошкон адамдардын, мал-мүлктөрдүн, кызматтык орун-даражалардын чындыгында бир элес экенин, мээлериндеги бир сүрөттөлүш экенин түшүнгөндөр бул бушаймандыктарын айтышат. Эч жок болбойт деп ойлогон нерселеринин бир-бирден жок болгонун көрүшкөндө, абдан кайгырышат. Аллах мындай адамдардын акыреттеги моюнга алууларын Куранда мындайча кабар берет:

Анан аларга: «Силер шерик кошкондоруңар кана? Аллахтан башка (сыйынгандарыңар)» деп айтылат. «Бизди таштап-жоголуп кетишти. Жок, биз мурдалары эч нерсеге сыйынган эмес экенбиз» дешти. Аллах каапырларды мына ушундайча адаштырып (жолдон) чыгарат. (Момун Сүрөсү, 73-74)

... Аягында элчилерибиз жанын алуу үчүн аларга келишкенде, аларга: «Аллахтан башка сыйынгандарыңар кайда?» дешет. «Алар бизди таштап-жоголушту» дешет. (Ушундайча) Булар чындап каапыр экенине өздөрүнүн зыянына күбөгө өтүштү. (Аьраф Сүрөсү, 37)

Бул дүйнөдө бул чындыктарды байкамаксан болуп, ойлонбогон ар бир адам акыретте ушул сөздү айтышы мүмкүн, ушундай орду толгус бушаймандыкка кабылышы мүмкүн. Аллах бир түш сыяктуу көрсөткөн дүйнө жашоосуна алданып берилгендер, өлүмдү чыныгы жана жалгыз өмүрүбүздүн аягы деп ойлошкондор өлгөндө бул капылеттик уйкусунан ойгонуп, түштөрүнөн айрылышат жана мына ошондо чыныгы чындыкты көрүшөт. Акылын жана абийирин колдонгон, чын ыкластан жана көңүл коюп ойлонгон ар бир адам болсо бул дүйнөдө эле чындыктарды түшүнүп, акырет жашоосу үчүн көп аракет кылат.

Truly it is to you Lod that you willreturn.
(Surat al-Alaq: 8)

bahçe