Азыр сиз колумда кармап турам деп ойлогон бул китеп жазуу жана сүрөттөрү, жаркыраган түстөрү менен бирге чындыгында сиз мээңизде көрүп жаткан үч өлчөмдүү бир сүрөттөлүш... Китептин сыртын колуңуз менен сүрткөндө, сиз сезген тамга издери да, ошол сыяктуу, мээңизде тийген китебиңизге тиешелүү...
Китепти караганыңызда китеп беттеринен чагылып чыккан нур көзүңүздүн торчо клеткалары тарабынан электрдик сигналдарга айландырылат. Оптикалык нервдер аркылуу өткөрүлгөн бул сигналдар китептин формасы, түсү, калыңдыгы сыяктуу өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды мээнин көрүү борборуна жеткиришет. Ал жерде жоромолдонгон сигналдар мааниси бар бир бүтүн нерсеге алып келинет; ошентип китептин көрүнүшү сиз үчүн башыңыздын ичиндеги караңгылыкта куралган болот. Ошондуктан, «көзүм менен көрүп жатам», «китеп алдымда турат» сыяктуу сөздөр чындыкка коошпойт. Көз ага келген нурду электрдик сигналга айландыруу милдетин гана аткарат. Сиз көргөн китеп сүрөттөлүшү, сиз ойлогондой, маңдайыңызда эмес, тескерисинче сиздин ичиңизде. Болгондо да мээңизде пайда болгон бул сүрөттөлүштүн чындыкты чагылтып чагылтпаганын же заттык бир оригиналынын болуп болбогонун эч качан анык биле албайсыз.
Балким барактардын жылмакайлыгын колуңуз менен сезгендиктен «китеп менин сыртымда» деп ойлошуңуз мүмкүн. Чындыгында болсо, бул жылмакайлык сезими да, көрүү сезими сыяктуу, мээңизде пайда болууда. Териңиздеги нервдер стимулданганда, бул импульстар электрдик сигнал абалында мээге жөнөтүлүшөт. Мээдеги тийүү борборуна жеткен бул кабарлар тийүү, басым, катуулук-жумшактык, ысыктык-муздактык сыяктуу сезимдер катары кабылданат. Жана сиз мээңизде китепке тийдим, китептин катуулугун, барактарынын жылмакайлыгын же сыртындагы тамга издерин сезип жатам деген сезимдерди туясыз. Чынында болсо эч качан бул китептин оригиналына тийе албайсыз. Тийдим деп ойлогонуңузда, чынында мээңиздин ичиндеги китептин беттерин барактап, мээңиздин ичиндеги барактардын ичкелигин, жылмакайлыгын сезесиз.
You may think that the book is outside of you because your hand can feel the smoothness of its pages. But in reality, when you believe you're touching the book, you are turning its pages inside your brain, and feeling their thin smoothness there. |
Бул көрүнүш башка сезүү органдарыңызга да тиешелүү. Чертилген бир гитара кылы абада басым толкундарын пайда кылат. Бул толкундар ички кулактагы түкчөлөрдү стимулдайт жана бул толкундар электрдик импульстар абалында мээңиздин тиешелүү борборуна жөнөтүлөт. Бул сигналдардын мээде жоромолдонушу натыйжасында болсо сизде гитара үнүн угуп жатам деген сезим пайда болот.
Жыт алуу сезими да ушул сыяктуу мээңизде пайда болот. Бир лимондун кабыгынан чыккан химиялык молекулалар мурундагы жыт кабылдагычтарды стимулдашат. Ал жерден электрдик сигнал катары жоромолдонуу үчүн мээге жеткирилишет.
Кыскача айтканда, көргөн, уккан, даамын сезген, тийген жана жыттаган нерселериңиздин баары мээңизде сиз үчүн атайын кайрадан пайда кылынат. Ошондуктан, «айланамдагы дүйнөнү кабылдап жатам» дегенде, мээбизде пайда болго копия түстөр, сүрөттөр, үндөр жана жыттар жөнүндө сөз кылган болобуз.
Дүйнөнү кабылдоо (сезүү) формабыз ушунчалык кемчиликсиз болгондуктан, «сыртта», т.а. денебиздин айланасында бир сүрөттөлүш (дүйнө) бар деп ишенебиз; бирок биз жашап жаткан дүйнөнүн түнкүсүн көргөн түшүбүздөн көп деле айырмасы жок. Түштөрүбүздө айланабыздагы окуяларды, үндөрдү жана сүрөттөлүштөрдү байкап-билебиз; ал тургай, денебизди да... Ойлонобуз жана сын-пикир жүргүзөбүз; коркобуз, ачууланабыз, ыраазы болобуз жана жактырып-сүйөбүз. Башка адамдар менен сүйлөшүп, баарыбыз бир эле нерселерди көрүп жатабыз деп ойлоп, айланадагы нерселер жөнүндө маектешебиз. Кыскача айтканда, түшүбүздө да айланабызда материалдык (заттык) бир дүйнө бар деген ойдо болобуз. Ойгонуп, жашап жатабыз деп ойлогон нерселерибиздин мээбизде болуп жатканын түшүнгөнгө чейин...
We perceive the world so perfectly that we believe it to lie outside us, all around our bodies. There is no disruption in the flow of the images, from a vivid, colorful world formed by countless details. This can make us forget that we are living in a world of perceptions and imagery that, in reality, all takes place inside our brains. |
Ойгонуп, «бүт баары бир түш экен» дегенибизде болсо, башыбыздан өткөн окуялардын чындыгында материалдык бир чындыкка таянбаганын (б.а. жок экенин); бүт болуп өткөндөрдүн мээбизде жаратылганын айткан болобуз. Ойгоо жүргөн кезибизде болсо дүйнөдө көрүп, угуп, кармап жаткан нерселерибиз чындап бар деп ойлойбуз. Бирок ойгоо кезибизде башыбыздан өткөргөндөрүбүз, т.а. жашообуз да, түшүбүздөгү сыяктуу, мээбизде болуп жатат.
Ойгоомун деп ойлошуңуздун себеби окуп жаткан бул китебиңизди колуңузда кармап сезип жатышыңыз, окугандарыңызды жоромолдошуңуз, бүт окуялардын абдан логикалуу уланып жатышы сыяктуу себептер болсо керек. Бирок булардын баары –китепти кармаган колуңуз, барактап жаткан китебиңиз, айланаңыздагы буюмдар, бөлмөнүн ичиндеги көрүнүшүңүз- бул сиз мээңизде көргөн копиялар. «Азыр ойгоосузбу, же түш көрүп жатасызбы?» деген бир суроого «албетте, ойгоомун» деп жооп бересиз. Балким бул суроону түшүңүздө да көп жолу сурагандырсыз. Бирок бул суроого түшүңүздө берген –ойгоомун деген- жообуңуздун ойгонгон соң туура эмес экенин көргөн болушуңуз керек. Азыр да ушундай жаңылууга түшүп жаткан болушуңуз мүмкүн эмеспи? Азыр да түш көрүп жатпаганыңызга, ал тургай, бүт жашооңуздун түш эмес экенине ким кепилдик бере алат? Мына ушул себептерден улам өзүңүз жашап жаткан дүйнөнү чындык деп кантип так айта аласыз?
Китептин эмки бөлүмдөрүндө бул дүйнөнү чындык деп толук ишенүүгө эч мүмкүн эмес экенин көрсөткөн илимий чындыктар орун алган тасма бөлүмдөрүн жана булар жөнүндөгү көптөгөн китептерибиздеги түшүндүрмөлөрдү окуй аласыз.
Көңүл бурулган болсо, учурда заттын чыныгы жүзү жөнүндөгү жоромолдордон абдан тынчсыздангандар материалисттер болууда. Материалисттер абдан көп сөз болуп жаткан «жашап жаткан дүйнөбүз түшүбүздөгү сыяктуу элес болушу мүмкүн» деген темага каршы өз ойлорунда маани бербеген сыяктуу болушуп; «өзүңөрдү идеализмдин пропагандаларына алдырбагыла, материализмге болгон бекемдигиңерди коргогула» дешүүдө. Бирок мындай реакциянын түпкүрүндө алардын бул тема жөнүндө сөз болушунан тынчсызданышы турат.
Бул адамдардын кеңеши болсо аларга Россиядагы кандуу коммунисттик төңкөрүштүн лидери Владимир И. Ленинден мураска калган. Ленин бир кылым мурда жазган Материализм жана ампириокритицизм аттуу китебинде төмөнкүдөй сөздөр орун алган:
Сезимдерибиз менен кабылдаган заттык чындыкты бир жолу эстедиңби, шектенүүгө (агностицизм) жана субъективдүүлүккө жылгандыктан, фидеизмге (диний ишенимге) каршы колдоно турган бардык куралдарыңды жоготосуң; бул болсо фидеизмдин каалаган нерсеси. Манжаңды алдырдыңбы, алгач колуң, анан өзүң кетесиң. Сезимдерди заттык дүйнөнүн бир көрүнүшү катары эмес, атайын бир мүчө катары алганда, башкача айтканда, материализмден орун бергениңде, өзүңдү (өздүгүңдү) фидеизмге алдырасың. Кийин сезимдер эч кимдин сезимдери болот, акыл эч кимдин акылы, рух эч кимдин руху, каалоо эч кимдин каалоосу болот.
Бул сөздөр Ленин чоң бир коркуу менен байкаган жана өзүнүн да башка «жолдошторунун» да мээсинен өчүргүсү келген чындыктын материалисттерди канчалык тынчсыздандыраарын көрсөтүүдө. Бирок учурдагы материалисттер Ленинден да көбүрөөк тынчсызданышууда; себеби бул чындык мындан 100 жыл мурункуга караганда бир топ ачык, так жана күчтүү далилдер менен ортого койулууда. Бул тема бүт дүйнө тарыхында биринчи жолу ушунчалык далилдүү баяндалууда.
Материалисттердин «эч бул тема жөнүндө ойлоно көрбөгүлө, болбосо материализмди жоготосуңар жана өзүңөрдү динге алдырасыңар» деген сымал эскертүүлөрү заттын маңызы жөнүндөгү чындыктардын материалисттик философияны тамырынан жыгып, эч бир талашып-талкуулоо мүмкүнчүлүгүн калтырбай коюшунда. Материалисттер эч ойлонбостон, далилсиз ишенген, бел байлаган заттык (материалдык) дүйнөнүн жок экенин көрүүнүн натыйжасында кабылган тынчсызданууларынан улам «материалист болгудай заттын оригиналын көрүп, кармоо мүмкүнчүлүгүбүз жок го» деген чындыкты кабыл ала албай жатышат.
Илимпоз Lincoln Barnett (Линкольн Барнетт) бул теманы «сезип койуунун» эле материалисттик илимпоздорду канчалык коркуу жана тынчсыздануусуна себеп болоорун мындайча баяндоодо:
Философтор бардык заттык чындыктарды элестердин бир көлөкө дүйнөсү абалына алып келип жатышканда, илимпоздор адам сезимдеринин чектерин коркуу жана кооптонуу менен сезишти. (Lincoln Barnett, "Evren ve Einstein", Varlık Yayınları, 1980, s. 17-18)
Өлкөбүздө жана бүт дүйнөдө бул темага жолуккан ар бир материалистте мындай «коркуу жана тынчсыздануу» абдан күчтүү байкалууда.
Бирок 21-кылым бул чындык бүт адамдар арасында жайыла турган, материализм болсо жер бетинен өчө турган тарыхый бир бурулуш болот. Бул чындыкты байкай алган адамдардын өтмүштө эмнеге ишенгени, эмнени эмне үчүн жактаганы эч маанилүү эмес. Эң негизгиси – чындыкты көргөн соң ага каршы тирешпөө, өлгөндө ансыз деле апачык түшүнүлө турган бул чындыкты кеч боло электе түшүнүү.
1. V. I. Lenin, Materialism and Empirio-criticism, Moscow:Progress Publishers, 1970, pp. 334-335.
2. Lincoln Barnett, The Universe and Dr. Einstein, New York:William Sloane Associates, 1948, pp. 17-18.
Жок, Биз чындыкты батылдын (жалгандын) үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)