Баш Сөз

Акыркы бир канча жылдан бери көрсөтүлүп жаткан кинотасмаларды караганыбызда, сценарийлериндеги орток темалардын бири көңүлүбүздү бурууда. Бул тасмаларда чындык катары кабыл алынган, адамдар чындап эле бар деп ишенген дүйнө жашоосу каралып; түштөрдө пайда болгон же симуляция сыяктуу жасалма сигналдар аркылуу пайда кылынган чөйрөлөрдүн канчалык чындыкка жакын экенине басым жасалууда.

Матрица (The Matrix), Матрица 2 (The Matrix Reloaded), 13-кабат (The Thirteenth Floor), Заалым хандык (Harsh Realm), Ванилла асман (Vanilla Sky), Чындыкка чакырык (Total Recall), Труман шоу (Truman Show), Кызыктай күндөр (Strange Days), Сырдуу шаар (Dark City), Ач көзүңдү (Open Your Eyes), Жыштык (The Frequency), Бар болуу (Existenz), Жалгыз (The One) сыяктуу көптөгөн кинотасма жана сериалда адамдардын эмненин чындык, эмненин элес экени жөнүндө канчалык жаңылыштыкта болушу мүмкүн экени каралууда.

Ошондой эле, бул кинотасмаларда ушул күнгө чейин илимий тараптан гана айтылып келген бир катар жоромолдордун жашообузга кандайча таасир бериши мүмкүн экени тасмага түшүрүлүп, адамдардын бул темада тереңирээк ойлонушуна шарт түзүлүүдө. Мисалы, Матрица кинотасмасында мындай сөздөр орун алган:

Чындык деген эмне? Чындыкка кандай аныктама бересиң? Эгер сезе алган, жыттап, даамын татып, көрө алган нерселериң жөнүндө сөз кылып жатсаң, «чындык» - бул мээге жиберилген электрдик сигналдардын жоромолдонушу.

Илимий түшүндүрмөлөргө таянып тартылган бул кинотасмалардын бүт дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдын көңүлүн бурушунун эң маанилүү себептеринин бири – албетте, адамдардын эми сырткы дүйнөнүн чыныгы жүзү жөнүндөгү көз-караштарды сын-пикир менен карап баштаганында.

Кинотасмаларга тема болгон бул чындыктар өтмүштө көптөгөн философ ой жүгүрткөн темалар болгонуна карабастан, 20-кылымдын акыркы жылдарына чейин көп маани берилбей келген эле. Бирок учурда илим бул китептин темасы болгон түшүндүрмөлөрдү эми философиялык бир көз-караш эмес, илимий чындыктар экенин ортого койууда.

Жакынкы жылдарга чейин жымжырттык ичинде баа берилген заттын чыныгы жүзү жөнүндөгү чындыктар 10 жылдан ашуун убактан бери көптөгөн китептерибизде илимий далилдери менен орун алып келүүдө жана дагы деле чоң маани берилип, актуалдуулугун улантууда. Бул темага Элестин башка бир аты: зат (Hayalin Diğer Adı: Madde), Убакыттын жоктугу жана тагдыр (Zamansızlık ve Kader Gerçeği), Түбөлүк жашоо башталды (Sonsuzluk Başlamış Durumda), Чындыкты билүү (Gerçeği Bilmek), Мунарадагы кичинекей адам (Kuledeki Küçük Adam), Зат бар деп элестетели бирок баары бир элести көрөбүз (Farz Edelim Madde Var Yine Hayali Seyrederiz), Заттын артындагы сыр (Maddenin Ardındaki Sır) аттуу китептерибизде атайын орун берилген. Бул китептерден тышкары, эң башта Эволюция калпы (Evrim Aldatmacası) китеби кошо, көптөгөн китебибизде «КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!» деген кириш сөзү менен атайын бир бөлүм берилген. Мындан тышкары, www.harunyahya.org, www.maddeninardindakisir.com, www.belgeseller.net сайттарында, аудио, видео тасмалар менен CDлерде да бул темалар илимий түшүндүрмө, таамай мисалдар менен окурман, көрармандарга сунушталган.

Бул эмгектер Индиядан Америкага, Англиядан Индонезияга, Польшадан Босния-Герцеговинага, Испаниядан Бразилияга чейин дүйнөдөн көптөгөн өлкөлөрүндө жактыруу менен окулууда. Англис, француз, немец, италия, испан, португалия, урду, арап, албан, орус, казак, азербайжан, бошнак, уйгур, индонезия, малай, фарс тилдери сыяктуу көп тилдерге которулган эмгектер чет өлкөлөрдө көптөгөн окурмандар тарабынан окулуп келет. Дүйнөнүн төрт тарабында кереметтүү суктануу жараткан бул чыгармалар Түркия сыртындагы өлкөлөрдө да барган сайын көп сөз кылынууда; көп адамдар бул китептердеги темаларды баяндоо стилин өрнөк алышууда.

Учурда бүт дүйнөдө чоң ажиотаж жараткан Матрица жана Матрица 2 кинотасмалары да тасмадагы заттын чыныгы жүзү жөнүндөгү жоромолдор себептүү абдан чоң кызыгуу жараткан. Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы) аттуу китебибиздин англис тилинде жарык көрүшү менен бирге бул китеп Матрица тасмасынын сценарист жана режиссерлорунан болгон Andy жана Larry Waschoski'лердин колуна тийген эле. (Өздөрү да китепти алганына ыраазычылыктарын айтышкан). 10 жылдан ашуун убактан бери абдан көп маани берген бул теманын таасирлерин учурда көптөгөн кинодо, телевизор каналдарында, гезит-журналдарда жана 1000ден ашуун интернет сайттарында көрүүгө болот...

Бул китепте адамдарга таасир берген жана бир катар чындыктар жөнүндө ойлонууга түрткөн тасмалардан кээ бир бөлүмдөрүнө, ошондой эле мурда китептерибизде орун алган жана бул тасмалардагы түшүндүрмөлөргө абдан окшогон сүйлөмдөргө орун берилмекчи. Ошентип бул китепке тема болгон түшүндүрмөлөрдүн бүт дүйнө тарабынан кабыл алынган анык бир илимий чындыкты сүрөттөп жатканы жана адамдардын каршы чыгышынын, кабыл алып-албашынын заттын чыныгы жүзү жөнүндөгү чындыктарды өзгөртпөшү дагы бир жолу көз алдыга тартылмакчы.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Баш Сөз
  • Киришүү: Копиясын Көрүп Жаткан Жашообуз
  • Матрица (The Matrix)
  • 13-Кабат (The Thirteenth Floor)
  • Заалым Хандык (Harsh Realm)
  • Ванилла Асман (Vanilla Sky)
  • Чындыкка Чакырык (Total Recall)
  • Заттын Чыныгы Жүзү Жөнүндөгү Илимий Жетишкендиктер
  • Жыйынтык: Жалгыз Абсолюттук Зат – Аллах