5-Бөлүм: Аз. Иса (Ас)Дын Кудай Экенине Ишенгендер Бейишке Кирет Деген Жаңылыштык

Чыныгы ыймандуулар кыйынчылыктар менен сыналышат

Учурда дүйнөдө үч кудайлык ишенимин жактаган көп Христиандар, эч күмөнсүз, сөзсүз бейишке барабыз деген пикирге ишенишүүдө. Бул туура эмес ишеним боюнча, бейишке татыктуу болуу үчүн Аз. Иса (ас)дын кудай экенине ишенүү гана жетиштүү (Аллахты аруулайбыз). Албетте, бул туура эмес ишеним чыныгы Христиан дининде болбогон, Чиркөө кийин белгилеген ишенимдердин бири. Бирок Чиркөөнүн жазалары жана кысымчылыгы себебинен Христиандар бул туура эмес ишенимге моюн сунушубуз керек деп ойлошууда. Христиандар ушундайча Аз. Иса (ас) бүт күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн крестке асылган, папалар менен поптор күнөөлөрдү кечире алат деп ишенишет. Булардын баары бизди куткарат жана сөзсүз бейишке барабыз деп жаңылышат. Ал Христиандардын ою боюнча, акыретте бир жаза боло турган болсо, бул Аз. Иса (ас)ды кудай катары тааныбагандар үчүн гана болот. (Аллахты аруулайбыз)

Төмөнкү баяндарыбыз бул терең жаңылыштыктын ичине түшкөн Христиандарга арналат. Бул ишенимдеги Христиан бир туугандарыбызга төмөнкү суроолорду узатабыз:

  • Андай болсо сыноо эмне үчүн бар? Эмне үчүн адамдар сыналышууда?
  • Эмне үчүн кыйынчылыктар, кырсыктар, атеизм, коммунизм, сүйүүсүздүк, кыргындар, согуштар, жер титирөөлөр, бороондор, өлүмдөр жаратылууда?
  • Эмне үчүн арамдар менен адалдар бар?
  • Жакшылык менен жамандык кантип айырмаланат?
  • Дүйнөнүн максаты жеп-ичип отуруу жана «Аз. Иса (ас) кудай» деп өлүмдү күтүүбү?
  • Аллах ыраазылыгы үчүн аракет кылуу, кыйынчылыкка кабылуу, напсини эзүү, кыйынчылыктарга, ооруларга жана кырсыктарга сабыр кылуу бул ишенимдин кайсы жеринде?
  • Бейишке баруу мынчалык оңой болгон болсо, анда туруктуулук, жан аябастык, акысынан баш тартуу, сылыктык, достук, боорукердик сыяктуу сонун сыпаттарда болуунун кандай зарылдыгы болот?
  • Атеизм, динсиздик, коммунизм сыяктуу өтө коркунучтуу агымдар менен күрөшүү бул ишенимдин кайсы жеринде?
  • Мындай ишенимде ибадаттар барбы?
  • Мындай ишенимде Аллах ыраазылыгына жетүү үчүн аракет кылуу барбы?
church_kilisesi

12. yüzyıla ait Fransa'nın Tarascon bölgesindeki St. Gabriel kilisesi

Албетте, Аллах мындай бир дин жаратпайт.

Жер жүзүндөгү жашоонун бир себеби, Аллахтын бир мыйзамы бар. Улуу Аллах бул себепти бир Куран аятында мындайча билдирген:

Ал амал (иш-аракет) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал улуу жана кудуреттүү, өтө кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)

Инжилде да Христиандар дайыма бир үмүт ичинде аракет кылышы керек экени айтылат:

Үмүтүңөрдөн чыккан толук ишенимге жетишиңер үчүн ар бириңердин аягына чейин бирдей аракет кылышыңарды тилейбиз. Жалкоо болбошуңарды, убада кылынгандарды ыйман жана сабыр менен мурас алгандардын мисалын ээрчишиңерди каалайбыз. (Эврейлерге кат, 6:11-12)

Демек сүйүктүү бир туугандарым... кутулууңарды жыйынтыкка жеткирүү үчүн көбүрөөк аракет кылгыла. (Павелдин Филипиликтерге каты, 2:12)

Мына ушул себептен ар кандай аракетти кылып ыйманыңарга баатырдыкты, баатырдыкка илимди, илимиңерге өздүк текшерүүнү, өздүк текшерүүгө туруктуулук күчүн, туруктуулук күчүңөргө Аллах жолунда бекемдикти, бул бекемдикке бир туугандарды сүйүүнү, бир туугандарга сүйүүңөргө сүйүүнү кошкула. (Петирдин экинчи каты 1:5-7)

«Аллахтын Өкүмдарлыгына (бейишке) көп кыйынчылыктан өтүп киришиңер керек» дешчү. (Ыйык Элчилердин иштери, 14:22)

Жаратылуу максатыбыз – сыналуу. Бул сыноо Аллах үчүн жашаган адамдар менен ыйман кылбагандарды бир-биринен айырмалайт. Аятта айтылгандай, иш-аракет жагынан ар бир адам сыналат жана бул сыноодон өткөн бейишке жетет.

Инжилде болсо дүйнөдөгү кыйынчылыктардын сыры мындайча кабар берилген:

Карагыла бул азаптар, Аллахтын каалоосу менен тарткан бул азаптар (Аллахтын сыноосу катары жолуккан бул кыйынчылыктар) силерде канчалык чоң бир олуттуулук, тазалануу үчүн канчалык чоң каалоо жаратты!... (Павелдин Корунттуктарга экинчи каты, 7:11)

Дүйнөдөгү сыноолор оор. Мына ушул себептен пайгамбарлар дайыма кыйынчылыктарга туш болушкан. Ушул себептен өлүм менен коркутулушуп, мекендеринен сүрүлүшүп, адилетсиздик менен камалышкан. Аллах ыраазылыгы үчүн динге чакырган, Аллахтын бар экенин түшүндүргөн, учурда дүйнөнү курчаган бүт динсиз агымдарга каршы күрөшкөн ар бир адам ушул сыяктуу кыйынчылыктарга туш болот. Аллахка ыйман кылган, Анын кудуретин, улуулугун түшүндүргөндөрдүн баары ушул сыноонун кыйынчылыктарынан өтүшөт. Ушундайча Аллахка болгон чын ниетин көрсөтүшөт. Кыйынчылыктарга карабастан Аллахты сүйүү, кыйынчылыктарга карабастан ибадаттарды аткарууда чечкиндүү болуу бир адамды чындап динчил кылат. Аллахка болгон чын ниеттүүлүк жана сүйүү кыйынчылыктарга карата болгон бекемдик жана чечкиндүүлүк менен далилденет. Ошондуктан ыймандын өлчөгүчү – бул Аллах үчүн кыйынчылыктарга тирешүү, шарттар кандай гана болбосун ибадаттарды аткаруу жана дүйнө үчүн эмес, Аллах үчүн жашоо.

Аллах үчүн жашаган бир адам бул дүйнөдө бейпил жашоону көздөбөйт. Тескерисинче, башына кыйынчылыктардын келээрин билет. Кыйынчылык жана сыноолор менен сыналаарын билет. Аллахка болгон чын ниетин ушундайча көрсөтөөрүнө ишенген болот. Бул Аллах Куранда апачык билдирген бир чындык:

Же силерден мурда жашап-өткөндөрдүн абалы башыңарга келбестен бейишке киребиз деп ойлодуңарбы? Аларга ушундай бир жокчулук, ушундай оор бир кыйынчылык келип жана ушунчалык чайпалышкандыктан, аягында элчи айланасындагы ыймандуулар менен «Аллахтын жардамы качан?» деп жатты. Көңүл бургула. Күмөнсүз Аллахтын жардамы өтө жакын. (Бакара Сүрөсү, 214)

Аз. Иса (ас) бир пайгамбар жана динге чакыруучу болгондуктан, Аллахка ыйман кылууга чакырганы үчүн кыйынчылыктарга туш болгон. Бул чындык да бизге Инжилде көп текстте кабар берилет:

Ошондо Рух Исаны чөлгө жөнөттү. Иса чөлдө турган кырк күн бою шайтан тарабынан сыналды. Жапайы жаныбарлар арасында эле, периштелер ага кызмат кылып жатышкан. (Марк, 1: 12-13)

Бирок киши чыгып кетти, окуя менен байланыштуу кабарды бүт тарапка жайып угузуп баштады. Ошентип Иса эми эч бир шаарга ачык кире алгыс болду. Сыртта, адам жашабаган жерлерде гана жашап жатты. Жана адамдар бүт тараптан ага агып келип жатты. (Марк, 1: 45)

Иса андан соң үйгө барды. Кайрадан ушундай көп адам чогулгандыктан, Иса менен шакирттери тамак да жей алышпады. Жакындары муну укканда, «Акылын жоготуптур» деп аны алып кетүүгө келишти. Иерусалимден келген дин аалымдары болсо «Белзебул анын ичине кириптир» жана «Жиндерди жиндердин башчысынын күчү менен кууп жатат» деп жатышты. (Марк, 3: 20-22)

Мариямдын уулу, Жакып, Жусуп, Иуда жана Шымондун бир тууганы жыгач уста эмеспи? Кыз бир туугандары бул жакта, арабызда жашайт го?» Жана аны кабыл алышпады. Иса болсо аларга «Бир пайгамбар өз мамлекетинен, тууган чөйрөсүнөн жана өз үйүнөн башка жерде басмырланбайт» деди. (Марк, 6: 3-4)

«Адам баласы башкы диний кызматкерлердин жана дин аалымдарынан колуна тапшырылат. Алар болсо аны өлүм жазасына тартат жана башка калктарга тапшырат. Аны шылдыңдайт... (Марк, 10: 33-34)

Пасах жана Ачыткысыз нан майрамына эки күн калган эле. Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен дин аалымдары Исаны куулук менен кармап алуунун, өлтүрүүнүн жолун издеп жатышты. Бирок алар: «Майрам күндөрү болбойт, болбосо эл арасында козголоң чыгып кетет», – деп сүйлөшүштү. (Марк, 14: 1-2)

Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен Улуу кеңештин баары Исага өлүм жазасын өкүм кылуу үчүн, жалган күбөлөндүрүү издешти, бирок таба алышкан жок. Анткени көп адамдар Ага каршы жалган күбөлөндүрүшсө да, ал күбөлөндүрүүлөр бири-бирине карама-каршы эле. (Марк, 14: 55-56)

Иса алардын жаман ниетин билгендиктен, «Эй эки жүздүүлөр!» деди. «Мени эмне үчүн сынап жатасыңар? (Матфей, 22: 18-19)

Ушул учурда башкы ыйык кызмат кылуучулар менен калктын алдыңкылары Кайапа аттуу башкы ыйык кызмат кылуучунун сарайында чогулушту. Исаны алдамчылык менен кармап өлтүрүү үчүн план түзүштү. (Матфей 26: 3-4)

havuz_deniz

Gerçekten, Allah, Kendisi'ne şirk koşulmasını bağışlamaz.
Bunun dışında kalanı ise, dilediğini bağışlar. Kim Allah'a şirk koşarsa, doğrusu büyük bir günahla iftira etmiş olur.
(Nisa Suresi, 48)

Инжилде ошондой эле Аллах үчүн кыйынчылыктарга туруштук көрсөткөн шакирттердин абалы да баяндалат:

Ошондо Иса мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, (Аллахтын ыраазылыгы үчүн) Мен үчүн жана Жакшы Кабар (Аллахтын буйруктары) үчүн үй-жайын, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же энесин, же атасын, же аялын, же балдарын, же жерин таштаган адам азыр, бул дүйнөдө, куугунтук учурунда да жүз эсе көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, ата-энеге, балдарга жана жерге, ал эми келечекте түбөлүк өмүргө ээ болбой койбойт. Биринчилердин көпчүлүгү акыркы, акыркылардын көпчүлүгү биринчи болот». (Марк, 10:29-31)

(Аз. Иса (ас):) «(Аллахтын ыраазылыгы үчүн) менин атым үчүн үйлөрүн, бир туугандарын, эне же атасын, балдарын же мекенин таштагандардын баары булардын жүз эсесине ээ болот жана түбөлүк жашоону мураска алат. Биринчилердин көпчүлүгү акыркы, акыркылардын көпчүлүгү биринчи болот.» (Матфей, 19:29-30)

Бул үчүн Аллахтын каалоосу менен азап тарткандар жакшылык кылып жандарын ишенимдүү Жаратканга аманат кылышсын. (Петирдин биринчи каты, 4:19)

(Аз. Иса (ас):) Бирок силер өзүңөргө сак болгула. Анткени силерди сотко беришет... (жана) уруп-сабашат. Менден улам (Аллах ыраазылыгы үчүн мени ээрчигениңер үчүн) башкаруучулар менен падышалардын алдына алып барышат, ошентип аларга күбөлүк бересиңер. Баарынан мурда бардык элдерге Жакшы Кабар таратылышы керек. Силерди салып берүү үчүн алып бара жатышканда, эмнени айтабыз деп тынчсызданбагыла. Ошол саатта силерге эмне берилсе, ошону айткыла. Анткени силер эмес, Аллах сүйлөйт. Бир тууган бир тууганын, атасы балдарын өлүмгө кыят. Балдары ата-энелерине каршы көтөрүлүп, аларды өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн (Аллах ыраазылыгы үчүн мени ээрчигениңерден улам) бардыгына жек көрүндү болосуңар. Ал эми акырына чейин чыдаган адам куткарылат.» (Марк, 13:9-13)

Бирок адегенде силерге кол салышат. Силерди... түрмөлөргө камашат. Менин ысымым үчүн падышалардын жана башкаруучулардын алдына алып барышат... Силерди ата-энеңер, бир туугандарыңар, тууган-уругуңар жана досторуңар кармап беришет жана кээ бирөөңөрдү өлтүртүшөт. Менин ысымым үчүн (Аллах ыраазылыгы үчүн мени ээрчигениңерден улам) бардыгына жек көрүндү болосуңар. Бирок башыңардан бир тал чачыңар да жоголбойт. Чыдамдуулук менен жаныңарды сактап кала аласыңар.» (Лука, 21:12-19)

... Ал күнү Иерусалимдеги чиркөөгө оор бир кысымчылык доору башталды... Шабыл болсо ыймандуулар тобун кыйратып баштады. Үй-үй кыдырып, аял-эркек дебестен ыймандууларды сыртка сүйрөп, камакка камап жатты. Мунун натыйжасында чачыраган ыймандуулар барган жерлеринин баарында Аллах сөзүн сүйүнчүлөп жатышты. (Ыйык Элчилердин иштери, 8:1-4)

... (Пайгамбарлар) ишенимдери менен падышачылыктарды жеңишкен, адилеттикти орнотушкан, убадаланганды алышкан, арстандардын азуусунан аман калышкан. Жалындаган өрттү өчүрүшкөн, жалаңдаган кылычтан аман калышкан, алсыраганда бекемделишкен, согушта тайманбас болушкан, бөтөн аскерлерди кууп чыгышкан... Кээ бирөөлөрдү кыйнашканда, (акыретте) эң жакшы жашоого жетүү үчүн, эркиндикке чыгуудан баш тартышкан. Кээ бирөөлөр кордук көрүшкөн, таяк жешкен, кишенделишкен, түрмөгө камалышкан. Кээ бирөөлөрдү ишенгендиги үчүн таш бараңга алышкан, араалашкан, кыйнашкан, кылычтап өлтүрүшкөн; кээ бирөөлөр кой-эчкинин терисин жамынып, тентип күн өткөрүшкөн, жокчулуктун каарын тартышкан, кысымга алынышкан, азап тартышкан. Алар бул дүйнөнүн бүт адамдарынан жогору эле. Бирок алар чөлдөрдө, тоолордо, үңкүрлөрдө, капчыгайларда каңгып жүрүшкөн. (Эврейлерге кат, 11:33-38)

(Аз. Иса (ас):) «Буларды силерге сенделип кулабагыла деп айттым... Ооба, ушундай бир саат келе жатат; силерди өлтүргөндөрдүн баары Аллахкы кызмат кылып жатам деп ойлойт. Буларды Аллахты жана мени тааныбаганы үчүн жасашат. Буларды силерге азыртан айтып жатам. Сааты келгенде буларды силерге айтканымды эстейсиңер...» (Иоанн, 16:1-4)

(Бул жөнүндө бүт башка Инжил сөздөрү үчүн караңыз: İncil'den Güzel Sözler (Инжилден сонун сөздөр), 17-бөлүм, Harun Yahya)

Инжил менен Курандын бизге билдиргени мындай: ыймандуулар ыйман кылганы, Аллах жолунда жүргөнү жана динге чакырганы үчүн гана;

  • өлтүрүлүшүүдө
  • сүргүнгө айдалышууда
  • көңүлгө тийерлик сөздөр угушууда
  • сот алдына чыгарылышууда
  • камалышууда
  • сабалып, азап тартышууда
  • камчыланып, чынжырга байланышууда
  • жалганчы күбөлөр тарабынан айыпталышууда
  • жакырчылык ичинде жашашууда
  • жинди деп айыпталышууда
  • үй-бүлөлөрү тарабынан танылып, ал тургай үй-бүлөлөрү тарабынан өлтүрүлүшүүдө
  • тоолордо, үңкүрлөрдө, жер астындагы оюктарда жашашууда
  • жек көрүлүшүүдө
  • азап тартышууда

Булар Инжилде айтылган чыныгы ыймандуунун сыпаттары. Пайгамбарлар менен чын ниеттен ыйман кылгандар ушундай жашашкан. Сыналып, кыйынчылык тартышкан. Булар Аллахка ыйман кылганы жана динде бекем болгону үчүн гана баштарына келген. Демек, чыныгы ыймандуу – бул Аллах үчүн кыйынчылыктарга туруштук берген жана сыноосу оор болгон адам.

Биз бүт пайгамбарларды ушул себептен сүйөбүз. Иса пайгамбардын шакирттери менен сахабаларды ушул себептен сүйөбүз. Алар ыйманынын тереңдигин, Аллах сүйүүсүн, Аллах ыраазылыгы үчүн жашоону жана дүйнөнү эмес акыретти каалашканын көрсөтүшкөн. Алар мына ушул себептен бейиштин эң сонун үйлөрүндө жашашууда.

Чыныгы ыйман ушундай. Бул – Аллах үч Өзү жиберген китепте да билдирген жана пайгамбарлардын өмүр баяны менен далилденген бир чындык. Чыныгы ыйман – үйдө отуруп Аллахты сүйөм деп айтуу эле эмес. Аллахты сүйөөрүн айткандар ыймандын чыныгы маңызын билиши керек.

«Аз. Иса (ас)дын кудай экенине ишенсеңер, бейишке барасыңар» логикасы чоң бир коркунуч

corridor

Учурда евангелисттердин жана башка үч кудайлыкты жактаган Христиан мазхаптарынын көпчүлүгүнүн акырет түшүнүгү такыр туура эмес. Мындай бир ишенимде Аллах үчүн илимий күрөшүүнүн муктаждыгы жок. Атеизм, дарвинизм жана коммунизм сыяктуу динсиз агымдар менен күрөшүүнүн кереги жок. Мындай ишенимде ибадаттын да кереги жок. Киши ансыз да өз ишеними боюнча Аллахтын ыраазылыгына качан эле жеткем деп ойлойт. Бир жумада бир жолу чиркөөгө барышы жетиштүү. Кээ бирлери болсо мунун да кереги жок дейт. Мындай бир ишенимде Аллах үчүн кыйынчылык тартуу деген түшүнүк жок. Ал киши ансыз да кыйынчылыкка туш боло турган шарттарга жана темаларга кирбейт. Мындай шарттарда адамдын напсисине карама-каршы келген, напсисин эзиши жана тарбиялашы керек болгон, Аллах үчүн жан аябастык кылышы керек болгон, Аллахка карата сабыр, туруктуулук, чечкиндүүлүк жана бекемдик сыяктуу негизги ыйман өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшү керек болгон дээрлик эч кандай окуя жок. Киши дүйнөдө дүйнөнү жашайт; напсисине, үй-бүлөсүнө, жашоосуна терс таасир берген эч нерсеге жолукпайт; зулумдук кылса да, күнөөгө кирсе да бейишке барам деп ойлойт. Себеби Аз. Иса (ас)дын кудай экенине ишенет. Мындай дин түшүнүгүндө ушул жетиштүү.

Бул жерде албетте кээ бир Христиандарды бөлүп кароо керек. Албетте бүт Христиандар мындай ишенимде эмес. Бул жерде үч кудайлыкты жактаган жана туура эмес бир бейиш ишениминде жүргөн кээ бир Христиандар жөнүндө сөз болууда.

Мындай туура эмес бир дин түшүнүгүндө адилеттик системасы жок. Зулумдук кылган менен Аллах үчүн жакшылык кылгандын арасында айырма болбойт. Себеби адамдар арасында жалгыз айырмачылык үч кудайлык ишенимин кабыл алуу же албоо менен байланыштуу болот. Бир адам өмүр бою кыйынчылык тартса, жакшылык кылса, бүт өмүрү Аллах үчүн жан аябастыктар менен өтсө да үч кудайлыкты танганы үчүн бул ишеним боюнча тозокко кетет.

Чын ниеттүү Христиан бир туугандарыбызга төмөнкүдөй чакырык жасайбыз:

Ар бир акыйкат динге убакыт ичинде кошумчалар кошулган. Ар бир акыйкат динди бузууга аракеттенген ар кандай топтор болгон. Христиандыкка да мындай кошумчаларды кошкондор чыныгы динчилдер эмес. Ошондуктан аларды эч ойлонбостон ээрчүү аягында олуттуу бир бушаймандыкка себеп болушу мүмкүн. Чын ниеттүү Христиандар туура жолду Аллахты таанып, акыйкат болгон Инжилдин сөздөрүнө моюн сунуп, абийирлерине, акылдарына жана ыймандарына таянып табышы керек.

Динчил болуу үчүн Аллах коркуусу керек. Аллах сүйүүсүнөн келип чыккан терең Аллах коркуусу менен ибадаттар ырахаттануу менен жана үзгүлтүксүз жасалат, кыйынчылыктарга сонун бир сабыр менен сабыр кылынат, ар бир көз ирмем Аллах үчүн жашалат. Динчил адамдын жашоосу өзгөрөт. Чыныгы динчил Аллах менен бирге жашайт. Мына ушул себептен жашоосу көп адамдардан башкача болот. Албетте динчил бир киши да дүйнө жакшылыктарынан эң сонун пайдаланат, бирок дүйнөдөн эч нерсе күтпөйт. Кыйынчылыктар, оор окуялар, кырсыктар аны кайгыртпайт; себеби жакшылыктар сыяктуу ар бир кыйынчылыктын да Аллахтан келгенин билет. Кыйынчылыктарга көбүрөөк шүгүр кылат, кыйынчылыктар менен барган сайын күчтөнөт. Бул чындык Инжилде төмөнкүчө кабар берилген:

Бир туугандарым, ар кандай сыноолорго туш болгонуңарда аны өтө кубануу менен тосуп алгыла. Себеби билип койгула, ыйманыңардын сыналышы чыдамкайлык күчүн жаратат. Чыдамкайлык күчү болсо эч кемчиликсиз, бышып жетилген кишилер болушуңарга шарт түзсүн. (Жакыптын каты, 1:2-4)

Убакыт бүтүп баратканда ачыкка чыгарылууга даяр болгон кутулууга жетели деп ыйман урматында Аллахтын күчү менен коргонуудасыңар. Ушул себептен азыр кыска убакытка ар кандай сыноолор натыйжасында азап тартышыңар керек болуп жатса да, кубанып толкунданып жатасыңар. Ошентип ичтен далилденген ыйманыңар... силерге мактоо, бийиктик, аброй алып келет. Ыйманыңар от менен тазаланса да жок болуп кеткен алтындан да баалуураак. Месихти көрбөгөн болсоңор да (Аллах ыраазылыгы үчүн) аны сүйөсүңөр. Азыр аны көрбөй туруп ага (Аллахтын бир пайгамбары катары) ыйман кылып, сөз менен түшүндүргүс улуу бир кубаныч менен толкунданып жатасыңар. Себеби ыйманыңардын бир натыйжасы катары жандарыңардын кутулушуна жетүүдөсүңөр. (Петирдин биринчи каты, 1:5-9)

Аллахты сүйгөн бир адам мына ушул себептен Аллах үчүн дайыма баарын жасай турган күчтө болот. Аллах сүйүүсүндө чечкиндүүлүк, бекемдик, туруктуулук жана сонун кулк-мүнөз бар. Аллах сүйүүсү жан аябастыкты талап кылат. Ошондуктан бейишке татыктуу болуу аракетти талап кылат. Аллахты ыраазы кылуу Аллах үчүн жашоо, сыноого чыдамкай болуу жана керек болсо дүнүйөлүк бүт нерседен, жан жана мал-мүлктөн Аллах үчүн баш тартуу менен мүмкүн болот.

«Менин себебимден адамдар силерге зулумдук кылып, калп жерден силерге карата ар кандай жаман сөздөрдү айткан кезде силер кандай бактылуусуңар! Кубангыла, кубанычтан толкундангыла! Себеби асмандардагы (акыреттеги) сыйлыгыңар чоң. Силерден мурда жашап өткөн Пайгамбарларга да ушундай зулумдук кылышты.» (Матфей, 5:11-12)

Христиан, Иудей же Мусулман болсун, акыретте кайгырбай тургандар – бул Аллах Бирөө жана Жалгыз деп ыйман кылгандар жана чын ниеттүү иш-аракеттерди жасагандар. Куран аяттарында бул чындык кабар берилген:

Күмөнсүз, ыйман кылгандар (менен) Иудейлер, Христиандар жана Сабиилер(ден ким) Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылып, салих (чын ыкластуу) иш-аракеттерди кылса, эми алардын Аллах Кабатында сыйлыгы бар. Алар коркушпайт жана алар кайгырышпайт дагы. (Бакара Сүрөсү, 62)

Чындыгында, ыйман келтиргендер менен еврейлер, сабиилер жана Христиандардан Аллахка, акырет күнүнө ишенген жана салих (чын ыкластуу) амалдарды кылгандар; алар үчүн коркуу жок, алар кайгырышпайт дагы. (Маида Сүрөсү, 69)

Эгер чын ниеттүү Христиандар үч кудайлык ишенимине моюн сунуп, Аз. Иса (ас)дын кудай экенине ишенүү бизге бейиш эшиктерин ачат деп ишенүүнү улантышса, бул аларга түбөлүк акырет жашоосунда эч күтпөгөн бир бушаймандык алып келиши мүмкүн. Мына ушул себептен үч кудайлык жаңылыштыгындагы Христиандар бул китепте айтылган эскертүүлөргө көңүл буруп, Аллах чыныгы динчилдер үчүн белгилеген ыйман шарттарын жана ыраазы боло турган жашоо формасын башынан карап чыгып, чыныгы ыймандын кандай болушу керек экенин сөзсүз түшүнүүгө аракеттениши зарыл. Албетте чыныгы ыймандын эң негизги шарты – бул китептин башында да айтылгандай, ЖАЛГЫЗ АЛЛАХКА ыйман кылуу.

Бир нерсени эске салуу керек: бул жердеги эскертүү Христиан бир туугандарыбыздын жакшылыгы үчүн гана. Мындай бир эскертүү көрүнүп тургандай башка эч кимдин кызыкчылыгы үчүн эмес. Бүт адамдар акыретте өз кылгандарынан жооптуу. Бирок Куранда Мусулмандарга жүктөлгөн «жакшылыкка буюруу жана жамандыктан тосуу» буйругуна ылайык бул жердеги бул эскертүүлөрдүн жасалышы бир ибадат.

Бул китепте кээ бир Христиан бир туугандарыбыз балким өмүрүндө эч укпаган чындыктарды окуп жаткандыр. Аз. Иса (ас) көрүнгөндө, ал куттуу пайгамбарыбыз да Христиан бир туугандарыбызга алар түшкөн чоң жаңылыштыктарын, Христиандыктын ичине кошулган жалган кошумчаларды айтып берет. Себеби булардын баары Инжил менен Тооротту тастыктоо жана толуктоо үчүн жөнөтүлгөн жана ошондуктан Христиандардын да, Иудейлердин да ыйык китеби болгон Куранда жазылуу. Бул китепте көп мисалдар менен да көрсөтүлгөндөй, Куран аяттарына туура келген көптөгөн Инжил тексти да буларды тастыктоодо. Ошондуктан Христиан бир туугандарыбыз акыл менен абийирге туура келгенди кылышы керек. Бул куттуу доорду колдон келишинче аракет жасап, дүйнөдө зулумдуктун, башаламандыктын, азап жана кыйынчылыктардын ордуна тынчтыктын, бир туугандыктын жана сүйүүнүн келиши үчүн аракеттенип өткөрүүлөрү зарыл. Акыретте сонун бир сыйлыкка ошондо гана жете алышаарын унутпашы керек.

kediler köpekler