3-Бөлүм: Аз. Иса (aс) Крестке Асылган Деген Жаңылыштык

Аз. Иса (ас) крестке асылган деген көз-караш жөнүндө төрт Инжилдеги карама-каршылыктар

Учурдагы Христиан дини Аз. Иса (ас) крестке асылган жана крестте өлгөн, кийин кайра тирилет деген ишенимге таянат. Чындыгында болсо булар туура эмес. Куранда да терең түшүндүрүлгөндөй, Аз. Иса (ас) крестке асылган эмес, жана ошондуктан өлтүрүлгөн эмес, тирүү абалында асманга алып чыгылган, акыр заманда кайрадан жер жүзүнө жөнөтүлүү үчүн Аллахтын Кабатына алынган. Учурда Христиан ааламынын Аз. Иса (ас) крестке асылган деген ишенимди жакташынын себеби – бул төрт Инжилдеги кээ бир карама-каршы баяндар. Бирок бул баяндар – жогоруда да айтып кеткендей, Аз. Иса (ас) Аллах Кабатына алынган соң 3-кылымда Инжилге кошулган же туура эмес чечмеленип, өз ара өтө олуттуу карама-каршылыктарды камтыган баяндар.

Инжилде Аз. Иса (ас)дын крестке асылышы, андан мурдакы жана кийинки окуялар 4 китепте айырмачылыктарды камтыйт. Алгач 4 Китептеги бул карама-каршы баяндарды карайлы:

Аз. Иса (ас)дын крестке асылышы жөнүндөгү Инжилдеги карама-каршы баяндар

jesus_katedral_kapisi

Крестти ким көтөрүп барды?

Марк 15:21, Матфей 27:32 жана Лука 23:26да крестти Киренеялык Шымон көтөрүп барган деген баяндар орун алат:

Сыртка чыгышканда Сымон аттуу Киренеялык бир адамды кезиктиришти. Исанын крестин ага мажбурлап көтөртүштү. (Матфей 27:32)

Иоанн Инжилинде болсо крестти Аз. Иса (ас)дын өзү көтөрүп барганы айтылат:

Аскерлер Исаны алып кетишти. Иса крестин өзү көтөрүп Баш –Иврит тилинде Голгофа- деген жерге чыкты. (Иоанн 19:17)

Крестке асылган кылмышкерлер (уурулар):

Марк 15:27-28, Матфей 27:44, Лукман 23:39-42 бөлүмдөрүндө Аз. Иса (ас) эки кылмышкер (ууру) менен бирге крестке асылган деп айтылат. Бул жердеги карама-каршылык Римдиктердин эч качан ууруларды кретске аспагандыгында.

Иса менен бирге бири оң жагында, экинчиси сол жагында болуп эки кылмышкерди да крестке асышты. (Марк 15:27-28)

Иса менен бирге крестке асылган кылмышкерлер да Ага ошондой акарат кылышты. (Матфей 27:44)

Аз. Иса (ас)дын крестке асылыш сааты менен байланыштуу карама-каршы маалыматтар:

Матфей 27:45-46, Лука 23:44-46, Иоанн 19:14-15 тексттеринде Аз.Иса (ас)дын крестке асылышы жөнүндө саат он экиден үчкө чейинки бир убакыт айтылса, Марк 15:25те бул убакыттын саат тогуз экени айтылат.

Түштө он экилер чамасында күн карарды, үчкө чейин бүт өлкөнүн үстүн караңгылык басты. Ибадатканадагы көшөгө ортосунан айрылды. Иса бийик үн менен «Раббим, рухумду колдоруңа тапшырам!» деди. Муну айткан соң акыркы демин чыгарды. (Лука (Лукман) 23:44-46)

Исаны крестке асышканда саат тогуз эле. (Марк 15:25)

Аз. Иса (ас)дын «акыркы сөздөрү»:

kilise

Аз. Иса (ас) крестке асылгандагы акыркы сөздөрү жөнүндө да төрт Инжилде карама-каршы маалыматтар бар. Марк 15:34-37 менен Матфей 27:46-50 тексттеринде Аз. Иса (ас)дын мындай деп айтканы кабар берилет:

Саат үчтө Иса бийик үн менен «Элохи, Элохи, лема шевактани», б.а. «Теңирим, Теңирим, мени эмне үчүн таштадың?» деп кыйкырды. [Аллахты аруулайбыз.] (Марк 15:34)

Лука Инжилинде болсо Аз. Иса (ас)дын «акыркы сөздөрү» башкача айтылган:

Иса бийик үн менен «Аллахым, рухумду колдоруңа тапшырам!» деп үн салды. Муну айткан соң акыркы демин чыгарды. (Лука 23:46)

Иоанн Инжилинде болсо бул такыр башкача:

Иса шарапты таткан соң «Бүттү!» деди жана башын ийип рухун тапшырды. (Иоанн 19:30)

Аз. Иса (ас)дын «көмүлүшү» учурунда жер титирөө болушу:

Бул сөз Матфей Инжилинде кездешет:

Ошол кезде ибадатканадагы көшөгө жогорудан төмөн көздөй айрылып экиге бөлүндү. Жер чайпалды, аска таштар жарылды. Мазарлар ачылды, өлгөн бир топ ыйык кишинин денелери тирилди. Алар мазарларынан чыгып Иса тирилген соң ыйык шаарга киришти жана көп адамдарга көрүнүштү. (Матфей 27:51-53)

Марк, Лука жана Иоанн Инжилдеринде болсо Аз. Иса (ас)дын «көмүлүшү» жөнүндө ар кандай сүрөттөөлөр жасалат, бирок болуп өткөн болсо эч унутулбай турган мындай бир жер титирөө окуясы жөнүндө эч сөз болбойт.

Аз. Иса (ас) «көмүлгөн» соң болгон окуялар:

Аз. Иса (ас) «көмүлгөн» соң ишке ашкан деп айтылган окуялар төрт Инжилде ар башкача айтылат:

Ошол кезде ибадатканадагы көшөгө жогорудан төмөн көздөй айрылып экиге бөлүндү. Жер чайпалды, аска таштар жарылды. Мазарлар ачылды, өлгөн бир топ ыйык кишинин денелери тирилди. Алар мазарларынан чыгып Иса тирилген соң ыйык шаарга киришти жана көп адамдарга көрүнүштү. (Матфей 27:51-53)

Баштарын көтөрүп карашканда ал чоң таштын бир тарапка тоголонгонун көрүштү. Мазарга кирип оң тарапта ак кафтан кийген жаш бир кишинин отурганын көрүп өтө таң калышты. (Марк 16:4-5)

Таштын мазардын кире беришинен тоголонгонун көрүштү. Бирок ичкери киргенде Исанын денесин таба алышпады. Алар буга таң калып турушканда, чагылгандай жаркыраган кийимдерге оронгон эки киши жандарында пайда болду. (Лука 24:2-4)

Ошондо Петир менен ошол шакирт сыртка чыгып мүрзөгө бет алышты. Экөө бирге чуркап баратышты. Бирок берки шакирт Петирден батыраак чуркап мазарга биринчи жетти. Эңкейип ичкери карады, кепиндин жайылып жатканын көрдү, бирок ичкери кирген жок. Артынан Шымон Петир келип, мазарга кирди. Ал жерде жайылган кепинди жана Исанын башына оролгон орогучту көрдү. Орогуч кепин менен бирге эмес, оролуу боюнча бөлөк жаткан эле. (Иоанн 20:3-8)

Аз. Иса (ас) «крестке асылаардан» мурда алып барылган башкаруу макамдарынын башка башка болушу:

ceylan

(İsa) Dedi ki: "Şüphesiz ben Allah'ın kuluyum. (Allah) Bana kitabı verdi ve
beni peygamber kıldı."
(Meryem Suresi, 30)

Марк 14:53, Матфей 26:57 жана Лука 22:54 Инжилдеринде Аз. Иса (ас) алып барылган башкаруу макамы башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапа деп айтылса, Иоанн Инжилинде бул макам башкы ыйык кызмат кылуучунун кайнатасы Анас (Ханан) деп айтылат.

Исаны жооптуу башкы ыйык кызмат кылуучуга алып барышты. (Марк 14:53)

Исаны кармагандар аны башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапага алып барышты. (Матфей 26:57)

Исаны кармашты, алып башкы ыйык кызмат кылуучунун үйүнө алып барышты. Петир аларды алыстан акмалап турду. (Лука 22:54)

Аны алгач ошол жылы башкы ыйык кызмат кылуучу болгон Кайапанын кайнатасы Анаска (Ханан) алып барышты. (Иоанн 18:13)

Аз. Иса (ас)дын «кылмыштар» менен соттолушу:

Төрт Инжилде Аз. Иса (ас)дын «соттолушу» жөнүндөгү баяндардын баары бир-бирине карама-каршы келет.

Иоанн Инжили боюнча Аз. Иса (ас)ды башкы ыйык кызмат кылуучу гана суракка алат:

Миң башы менен аскерлер жана жүйүт (еврей) башчыларынын кызматчылары Исаны кармап алып, байлашты да, адегенде Анаска алып барышты. Ал ошол жылы башкы ыйык кызмат кылуучу болуп турган Кайапанын кайнатасы эле. «Эл үчүн бир адамдын өлгөнү жакшы», – деп, жүйүт башчыларына кеңеш берген ошол Кайапа эле. ... Башкы ыйык кызмат кылуучу Исадан шакирттери жана окутуусу (таалими) жөнүндө сурады. (Иоанн 18:12-14, 19)

Марк, Лука жана Матфей Инжили боюнча Аз. Иса (ас) Эл аксакалдарынын баары тарабынан соттолот:

Күн чыкканда элдин алдыңкылары жана дин аалымдары чогулушту. Иса алардан турган Улуу кеңештин алдына чыгарылды. Ага «Сен Месих болсоң, бизге айт» дешти. (Лука 22:66-67)

Исаны жооптуу башкы ыйык кызмат кылуучуга алып барышты. Бүт башкы ыйык кызмат кылуучулар, алдыңкылар жана дин аалымдары да ал жерге чогулушту. ... Башкы ыйык кызмат кылуучулар жана Улуу кеңештин башка мүчөлөрү Исаны өлүм жазасына тартуу үчүн күбө издеп, бирок таба алышкан жок. Көп киши ага карата жалган күбөгө өтүшсө да, айткан сөздөрү бир-бирине дал келбеди. (Марк 14:53-56)

Исаны кармагандар аны башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапага алып барышты. Дин аалымдары менен алдыңкылар да ал жерге чогулушкан эле. Петир Исаны алыстан башкы ыйык кызмат кылуучунун короосуна чейин карап турду. Аягын көрүү үчүн ичкери кирип күзөтчүлөрдүн жанына отурду. Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен Улуу кеңештин башка мүчөлөрү Исаны өлүм жазасына тартуу үчүн жалганчы күбөлөрдү издеп жатышты. (Матфей 26:57-59)

hz_isa_kalabalik

Аз. Иса (ас)дын Ирод тарабынан «суракка алынышы»:

Лука Инжилинде Аз. Иса (ас)дын Ирод тарабынан «суракка алынганы» айтылат:

Пилат муну укканда: «Эмне, бул Адам галилеялыкпы?» – деп сурады. Исанын Ирод башкарган аймактан экенин билгенде, Пилат Аны Иродго жөнөттү. Анткени ошол күндөрү Ирод Иерусалимде жүргөн эле. Ирод Исаны көргөндө, аябай кубанып кетти, анткени Ал тууралуу көп уккандыктан, кандайдыр бир керемет көрүүгө үмүттөнүп, Аны көптөн бери көргүсү келип жүргөн. Ал Исага көп суроо берди. Бирок Иса ага эч кандай жооп берген жок. Ал жерде турган башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Аны аябай айыпташты. Ирод болсо өзүнүн аскерлери менен Аны кордоп, мазактады да, Ага жылтылдаган кийим кийгизип, кайра Пилатка жөнөтүп жиберди. Буга чейин бири-бири менен касташып жүргөн Ирод менен Пилат ушул күнү дос болуп калышты. (Лука 23:6-12)

Матфей, Марк жана Иоанн Инжилдеринде болсо Аз. Иса (ас)дын Ирод тарабынан «суракка алынышынан» сөз кылынбайт.

Бул карама-каршылыктар - Аз. Иса (ас)дын «крестке асылышы» жөнүндөгү баяндардын толугу менен негизсиз маалыматтарга таянгандыгынын, ал учурга жана шарттарга байланыштуу баяндардын эч биринин бир-бирине дал келбегендигинин ачык далили. Эгер Христиандар Аз. Иса (ас)дын өлтүрүлгөнүнө далил катары Инжилди булак көрсөтүшсө, Инжилдин төрт башка китебинен бул жөнүндө анык жана так маалыматтарды алуу мүмкүн эместигин көрүүлөрү зарыл. Чындыкты түшүнүү үчүн Аллах Инжилди тастыктоочу катары жөнөткөндүгүн билдирген Куранды карашы зарыл. Улуу Аллах Куранда Аз. Иса (ас)дын крестке асылбаганын, эч качан өлтүрүлбөгөнүн, бирок каапырлар ошондой деп ойлой турган бир абал жаратканын билдирет. Раббибиз Куранда Аз. Иса (ас) жөнүндөгү мындай сөздөрдүн жараксыз экенин, мүнафык жана каапырлардын Аз. Иса (ас)га курган тузагынын текке кеткенин жана Аз. Иса (ас)ды Өз Кабатына алганын кабар берет. Бул Инжил тексттериндеги карама-каршылыктарды Куран аяттарына таянып караганыбызда, төрт Инжилдин бул жөнүндөгү өз ара карама-каршылыктарын заматта түшүнөбүз: Аз. Иса (ас) өлгөн эмес, бирок баары крестке асылды деп ойлой турган атайын бир көрүнүш көрсөтүлгөн.

Аз. Иса (ас) өлгөн эмес, Аллах Кабатына көтөрүлгөн

Инжилде карама-каршы баяндар менен баяндалган Аз. Иса (ас)дын крестке асылышы жөнүндөгү туура маалыматтарга Куран аркылуу жете алабыз. Аллах Куранда Аз. Иса (ас)га курулган тузактардын бузулганын жана аны эч өлтүрүшпөгөнүн апачык билдирген:

Жана: «Биз Аллахтын пайгамбары Мариям уулу Месих Исаны чындап өлтүрдүк» дегени себептүү да (аларга ушундай бир жаза бердик). Чындыгында болсо аны өлтүрүшкөн жок жана аны асышкан жок. Бирок аларга (ошого) окшош көрсөтүлдү. Чындап ал жөнүндө талашка түшкөндөр анык бир күмөн ичинде. Алардын күмөндөн башка бул жөнүндө эч кандай маалыматтары жок. Аны өлтүрүшпөгөнү анык. (Ниса Сүрөсү, 157)

Куранда Аз. Иса (ас)дын өлтүрүлбөгөнү бир эле аятта эки жолу атайын баса белгиленүүдө жана Аз. Иса (ас) өлтүрүлгөн деген ишенимди жактагандардын «күмөнгө ишенишкени» айтылууда. Бул жерде апачык айтылууда жана муну башкача чечмелөө эч мүмкүн эмес.

Аз. Иса (ас)га окшогон башка бирөө крестке асылган

Куранда ушул эле аятта Аллах «Чындыгында болсо аны өлтүрүшкөн жок жана аны асышкан жок. Бирок аларга (ошого) окшош көрсөтүлдү.» (Ниса Сүрөсү, 157) деп крестке асылган кишинин Аз. Иса (ас)га окшогон башка бир киши экенин бизге кабар берүүдө.

Аз. Иса (ас)дын ордуна крестке асылган киши – бул Аз. Иса (ас)га чыккынчылык кылган Иуда Искариот (Judas Iskariot). Аллах өтө улуу бир керемет жаратып Иуда Искариотту Аз. Иса (ас)га окшоштуруп койгон. Аз. Иса (ас)ды крестке асуу үчүн алып кетүүгө келишкенде ал жерде турган Иуда Искариотту Аз. Иса (ас) деп ойлошуп, алып барып крестке асышкан. Ошондой эле Иуда Искариоттун жүзү канга бойолгондуктан, эл да крестке асылган ал кишинин Аз. Иса (ас) эмес экенин түшүнүшкөн эмес. Ниса Сүрөсүнүн 157-аятынын уландысында Аллах «Алардын күмөндөн башка бул жөнүндө эч кандай маалыматтары жок.» деп билдирүүдө. Тузак кургандар да, айланадагылар да күмөнгө гана ишенишкен, андан башка аятта айтылгандай эч бир маалыматтары жок.

Бул жерден Инжилде Аз. Иса (ас)дын акыркы сөздөрү деп айтылган сөздөрдүн да («Элохи, Элохи, лема шевактани», б.а. «Теңирим, Теңирим, мени эмне үчүн таштадың?) (Аллахты аруулайбыз) мааниси түшүнүктүү болууда. Ыйман алсыздыгынын анык бир далили болгон бул сөздөрдүн, албетте, Аз. Иса (ас) тарабынан айтылган болушу мүмкүн эмес. Бул сөздөр бүт тузактары бузулган жана Аз. Иса (ас)дын ордуна крестке асылган Иуда Искариотко тиешелүү. Мына ушул себептен Аллахка баш көтөргөн маанайда айтылган. Аллахты чын жүрөктөн сүйгөн, бүт нерсенин Аллахтан келгенин билген, Аллахка чын көңүлдөн моюн сунган бир кул болгон Аз. Иса (ас)дын мындай сөздөрдү эч айтпашы анык. Мындай Аллахка баш көтөргөн сөздөрдүн Иуда Искариот сыяктуу бир мүнафыктан чыккан болушу болсо табигый көрүнүш.

Инжил боюнча Иуда Искариоттун жоголуп кетиши

sutun_ceylan

Куран аяттарында баяндалгандарга жана ар кайсы булактар тарабынан да колдоо көргөн бул баяндарга параллелдүү абалда, Аз. Иса (ас)дын ордуна ага кыянаттык кылган Иуда Искариоттун кретске асылганына далил боло турган Инжил тексттери да бар. Ал тексттерде крестке асуу окуясынын артынан эле Иуда Искариоттун бүтүндөй жоголуп кетиши көңүл бурат. Инжилди жазгандар муну ар кандай жол менен түшүндүрүүгө аракет кылышып, Иуда Искариот өлгөн дешкен, бирок бул сөздөрүндө да карама-каршылыктарга түшүшкөн. Себеби Аз. Иса (ас) ордуна Иуда Искариоттун крестке асылганын билишкен эмес. Инжилдеги Иуда Искариоттун жоголуп кеткени жөнүндөгү бир-бирине карама-каршы келген баяндар төмөнкүдөй:

Эртең менен бардык башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар чогулуп, Исаны өлүм жазасына тартуу үчүн, кеңешме өткөрүштү. Алар Аны байлап алып, башкаруучу Понтий Пилатка алып барышты. Исага чыккынчылык кылган Иуда Анын айыпталганын көргөндө өкүнүп, отуз күмүш тыйынды башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдарга кайта алып келди да: «Күнөөсүз кандын төгүлүшүнө себепкер болуп, күнөө кетирдим», – деди. Алар: «Биздин ишибиз эмне! Өзүң бил», – деп коюшту. Иуда күмүш тыйындарды ибадатканага ыргытып жиберип, ал жерден чыкты да, барып, асынып өлдү. (Матфей 27:1-5)

Ошол күндөрдүн биринде, жүз жыйырмага жакын киши чогулган жыйналышта Петир шакирттердин ортосуна чыгып, мындай деди: «Бир туугандар! Исаны кармап кеткени келгендерге жол көрсөткөн Иуда туурасында Давуд аркылуу Ыйык Жазуунун алдын ала билдирген сөзү орундалууга тийиш болчу. Иуда да биз сыяктуу эле элчилик кызматка тандалып алынган эле. Бирок ал адилетсиздик менен тапкан акчасына жер сатып алды. Ал башы менен жерге кулап түшкөндө, курсагы жарылып, бүт ичеги-карыны чубалып түшүп калды. (Ыйык элчилердин иштери 1:15-18)

Инжилдеги кээ бир баяндар бир-бирине карама-каршы келсе да, бул темада Иуда Искариоттун крестке асылуу окуясынын соң толук жоголуп кетишинде бир пикирдүүлүк бар. Иуда Искариот жоголуп кеткен, себеби чындыгында крестке асылган жана өлтүрүлгөн киши Иуда Искариот болгон. Бул окуянын алдында болсо Аз. Иса (ас) Аллахтын буйругу менен периштелер тарабынан асманга, Аллах Кабатына алынган. Мына ушул себептен Аз. Иса (ас)ды крестке асуу үчүн ал турган бөлмөгө келген кызматкерлер ал жерде Иуда Искариотту гана көрүшкөн.

Куранда Аллах Аз. Иса (ас)га карата жасалган тузактын «бузулганын» кабар берет

Белгилүү болгондой, мүнафыктык кылган Иуда Искариоттун башчылыгы менен каапырлар Аз. Иса (ас)га каршы бир тузак курушкан. Тузактын максаты Аз. Иса (ас)дын өлүшү эле. Бирок Аллах Куранда Аз. Иса (ас)га курулган тузактын бузулаарын билдирген. Эгер Аз. Иса (ас)дын өлүмү кандайдыр бир жол менен ишке ашса, бул каапырлар курган тузак бузулган жок, алар каалаган натыйжасын алышты деген мааниге келет, бул болсо мүмкүн эмес. Себеби Аллахтын убадасы бар. Аз. Иса (ас)ды өлтүрүүнү көздөгөн ал тузак бузулган. Аз. Иса (ас) эч өлгөн эмес жана өлтүрүлгөн эмес. Аллах Куранда бул чындыкты мындайча кабар берет:

Иса аларда каапырдыкты сезгенде: «Аллах үчүн мага жардам бере тургандар ким?» деди. Шакирттер: «Аллахтын жардамчылары бизбиз; биз Аллахка ишендик, биздин чындап Мусулмандар экенибизге күбө бол» дешти. «Раббибиз, биз (Сенин) түшүргөнүңө ишендик жана элчини ээрчидик. Бизди күбөлөр (шахиддер) менен бирге жаз.» Алар (ишенбегендер) бир план курушту. Аллах да (буга каршы) бир план курду. Аллах план куруучулардын эң жакшысы. (Али Имран Сүрөсү, 52-54)

Эгер каапырлардын тузагы ишке ашкан болгондо, бул Куранда албетте кабар берилмек. Бирок Куранда Аз. Иса (ас)га карата курулган тузактардын текке кеткени жана Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатына көтөрүлгөнү билдирилген.

cicek_su_damlasi

Аз. Иса (ас)га карата курулган тымызын тузактын бузулушу чындап ыйман кылгандар үчүн чоң бир немат-жакшылык

Апачык далилдерге карабастан, Аз. Иса (ас) өлтүрүлгөн деп өжөрлөнгөндөр акыл калчап ойлонушу жана Куранды ар кандай стереотиптерден арылып, толук абийир ачыктыгы менен кайра окушу зарыл. Аз. Иса (ас) өлгөн эмес, кадыр-баркы менен асманга алынган. Чын ыкластуу бир Христиан үчүн Аз. Иса (ас) өлгөн деп өжөрлөнүүнүн эч бир мааниси жок. Бир Христиан үчүн Аз. Иса (ас)дын өлбөгөнүн, Аллахтын мээрими менен каапырлардын тузактарынан кутулганын жана Раббибиздин Кабатында экенин билүү, буга ишенүү бир немат-жакшылык. Бул пикирди жактаган Христиандар Христиандыктын негизги ишенимдеринин бири болгон «Аз. Иса (ас) Христиандардын күнөөсүнүн кечирилиши үчүн өлүмдү тандаган» деген ишенимди таштагылары келбейт. Чындыгында болсо бул жерде да көп жаңылыштыктар бар. Буга бир аздан кийин токтолобуз.

Кээ бир Христиандар Аз. Иса (ас) өлгөн деген ишенимге Мусулмандар бир пайгамбарга азап тартууну жараштыра албаганы үчүн каршы чыгышат дешет. Чындыгында болсо Мусулмандар буга Куранда айтылганы үчүн ыйман кылышат. Бул жерде белгилей кетчү маанилүү жагдай мындай: албетте Аллах пайгамбарларды ар кандай азап, кыйынчылык жана сыноолор менен сынаган. Кээде Аллах сыноонун бир шарты катары каапырларга убактылуу бир жеңиш да берген. Бирок Аллах эч качан Пайгамбарларды каапырлардын көз алдында алсыз көрсөтө турган бир жагдайга мүмкүндүк берген эмес. Ошондуктан мындай абалдын Аз. Иса (ас)да болушу да мүмкүн эмес. Аз. Иса (ас)дын өлбөгөнүнө ишенүү Христиандар үчүн жакшыраак. Ансыз да акыр заманда Аз. Иса (ас) кайрадан жер жүзүнө жөнөтүлгөндө Христиандар анын колдорунда жана буттарында эч кандай жарааттын изи жок экенин көрүшөт. Биз жашап жаткан бул доордо Аз. Иса (ас) 2000 жыл мурдакы кийимдери, өзүндөгү жеке буюмдары жана 2000 жыл мурдакы акча менен жер жүзүнө келет. Мына ушул чоң далил Христиандардын толук ишенишине шарт түзөт.

Христиандардын Аз. Иса (ас)дын каны менен бүт күнөөлөрдөн тазаланабыз деген ишеними чоң бир жаңылыштык

Аз. Иса (ас) бүт Христиандардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн өлгөн жана негизи бүт күнөөлөрдүн кечирилишинин куну өлүм деген ишеним – түп-тамырынан өтө туура эмес бир ишеним. Бул ишенимдеги жаңылыштыкты көрө алышы үчүн Христиан бир туугандарыбыз Аллахтын адилеттигин, жаратуу максатын акыл менен, абийирге салып кайрадан ойлоп чыгышы жана төмөнкү абалдарга көңүл бурушу зарыл:

gunah_cikarma

Giuseppe Molteni'nin La confessione tablosu, 1838 (Fondazione Cariplo) Hz. İsa (as)'ın tüm Hristiyanların günahlarının kefareti için öldüğü inancı büyük bir yanılgıdır. Bir insanın bir başkasının günahlarını yüklenmesi ve bundan dolayı azap çekmesi Allah'ın adaletine aykırıdır. İnsan günahsız olarak doğar ve yaşamı boyunca yaptığı hatalardan kendisi sorumludur. Fakat elbette bu dünyada daima tevbe etme ve Allah'ın merhametine sığınma imkanı vardır.

Адам күнөөкөр төрөлөт деген көз-караш Аллахтын чексиз адилеттүүлүгүнө карама-каршы келет:

Бул дүйнөгө ар бир адам сыноо үчүн келет жана ага берилген чектүү мөөнөт ичинде акылы жеткен ар секундада Аллахка кул болуу жана Аллах ыраазылыгы үчүн гана жашоого милдеттүү. Аллах бир Куран аятында мындайча билдирет:

Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал улуу жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)

Ошондуктан Аллах жоктон бар кылган адам бул дүйнөгө келгенден баштап сыналат жана бул дүйнөдө кылгандарынан суракка алынат. Адамдын күнөөсү менен сообу бул дүйнөдөгү чын көңүлдөн кылган иш-аракеттерине жараша болот. Али сыноосу баштала элек, өзүнүн бар экенин да түшүнүп-аңдабаган, дүйнөгө көздөрүн жаңы гана ачкан, эч нерседен кабарсыз бир наристенин Аллахтын мыйзамы боюнча күнөөкөр болушу эч мүмкүн эмес.

Бир адамдын башка бирөөнүн күнөөлөрүн көтөрүшү жана мындан улам азап тартышы Аллахтын чексиз адилеттигине карама-каршы келет:

Аллах жараткан сыноо системасында ал киши Аз. Иса (ас) болсо дагы, эч кимдин башка бирөөнүн күнөөдөн тазалануу кунун төлөшү мүмкүн эмес. Эң биринчиден, дүйнөдө жашап жаткан же жашап өткөн ар бир киши өзүнөн гана жооптуу. Анын күнөөсүнүн жүгүн эч ким, апасы-атасы да, эң жакындары да, ал үчүн Аз. Иса (ас) да көтөрбөйт. Эч ким башка бирөөнүн кылгандары үчүн жооп бербейт. Эч ким башка бирөөнүн күнөөдөн тазаланышы үчүн кун төлөй албайт. Өлүм убагы келгенде Христиандар да кошо адамдардын баары Аллахтын Алдында ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ, БИР ӨЗҮ –бул дүйнөдө кылгандарынын- сурагын берет. Аллах Куранда бул чындыкты бизге төмөнкүчө кабар берген:

Асмандарда жана жердегилердин (бүт жандык, нерселердин) баары Рахман (болгон Аллах)ка бир гана кул болуп келишет. Ант болсун, алардын баарын курчаган жана алардын санын санап койгон. Жана алардын баары кыямат күнү Ага «жападан жалгыз, бир өзү» келишет. (Мариям Сүрөсү, 93-95)

Улуу Аллах Куранда, ошондой эле, эч кимдин башка бирөөнүн күнөө жүгүн көтөрө албашын кабар берген:

Айткын: «Ал бүт нерсенин Рабби болсо, мен Аллахтан башка бир Рабби издейинби? Эч бир напси өзүнөн башканын зыянына (күнөө) топтобойт. Күнөөкөр болгон башка бирөөнүн күнөө жүгүн көтөрбөйт. Аягында Раббиңерге кайтып барасыңар. Ал силерге талашкан нерселериңерди кабар берет.» (Энъам Сүрөсү, 164)

Чындыгында эч бир күнөөкөр башка бирөөнүн күнөө жүгүн көтөрбөйт. Күмөнсүз, адамга өз эмгегинен башка эч нерсе жок. Күмөнсүз, өз эмгеги (же аракети) көрүлөт. Кийин ага эч кемчиликсиз акысы берилет. (Нежм Сүрөсү, 38-41)

Аз. Иса (ас) – Аллахтын сүйүктүү кулу жана пайгамбары. Ар бир коомдогу жана ар бир диндеги сыяктуу, Христиандар арасында да чын ниеттүүлөр да бар, жаман мүнөздүү адамдар да. Ошондуктан Улуу Раббибизди өтө сүйгөн куттуу кулунун жанын андан кийин келе тургандардын бир бөлүгүнүн жоопкерчиликсиз иш-аракеттери, күнөөлөрү жана чектен чыгуулары үчүн алган деп айтуу – чоң бир абийирсиздик; Аллахты таанып, түшүнбөөчүлүк.

Аз. Иса (ас) өлгөн эмес

Бул пикирди тамырынан жок кылган башка бир маанилүү чындык болсо – жогоруда терең каралгандай Аз. Иса (ас)дын өлбөгөнү жөнүндөгү чындык. Аз. Иса (ас) Аллахтын Кабатына көтөрүлгөн. Денеси жана руху менен тирүү жана уктаган абалында асманга алынып корголгон. Бул чындык «Аз. Иса (ас) күнөөлөрдүн куну үчүн өлгөн» деген пикирди тамырынан жок кылат.

Өз ойлорунда Аз. Иса (ас)дын өлүмү биздин күнөөлөрүбүздүн куну деп ойлоп күнөөлөрдөн жакшылып сактанбагандар, Аллахтын арамдарына көп маани бербегендер же өз дининин талаптарын аткаруу анчалык маанилүү эмес деп ойлогондор чоң жаңылыштыкка түшүшөт. Бүт адамдар сыяктуу алардын да ар бир кылганы жазылууда. Кылгандарынын баары акыретте сөзсүз аларды тосуп алат.

Күнөөлөр өлүм менен эмес, тообо жана бушаймандык менен тазаланат

Дүйнө бетинде адамдарды жараткан, алар үчүн бир тагдыр белгилеген жана бир сыноо чөйрөсүн жараткан – бул Улуу Аллах. Аллах албетте кулдарын эң жакшы билет. Дүйнөдөгү сыноонун талабы катары алар үчүн сынала турган себептер менен окуяларды да жараткан.

Адам болсо табиятынан алсыз жана жахил (сабатсыз, караңгы). Бат эле ката кетирип, бир нерсени туура эмес кылышы, туураны билип туруп унутуп калышы мүмкүн, Аллахтан өтө корксо дагы каалабастан ката кетириши мүмкүн. Себеби адам дүйнөдө сыналууда. Каталарынан сабак чыгарып, алсыздыгын көрүүдө, күнөөлөрүнөн тообо кылууда. Аягында булардын баары абийирлүү бир адам үчүн Аллахка көбүрөөк багытталышына себепчи болууда.

Бул Раббибиздин дүйнөдө жараткан сыноо чөйрөсүнүн талабы. Улуу Аллах дүйнөдө мындай бир системаны жаратып, кулдарына «кечиримдүү жана боорукер» экенин кабар берген жана аларга тообо эшиктерин ачкан. Аллах мээримдүүлөрдүн эң мээримдүүсү. Адам билип же билбестен бир ката кетиргенде, чоң же кичине бир күнөөгө киргенде бушайман болуп Аллахка тообо кылуу, Анын кечиришин суроо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ар кандай күнөөнүн жазасы өлүм деп айтуу – бул Аллахтын өтө мээримдүү, өтө боорукер жана тооболорду кабыл алуучу сыпатын түшүнүп, билбестик. Бул сөз адамдын бул дүйнөдө жашоо жана бар болуу максатына толугу менен карама-каршы келет. Мындай сөз ошондой эле Аллахтын адилетине, сыноонун талабына да карама-каршы. Эгер бүт адамдардын кылган күнөөсүнүн жазасы өлүм болгондо жана эгер Улуу Аллах Өз мээрими менен адамдарды кечирип аябаганда, бүт дүйнөнүн бузулаарын Аллах Курандын бир аятында мындайча билдирген:

Эгер Аллах адамдарды зулумдуктары үчүн (ошол замат) суракка тарткан болгондо, анын бетинде (жер жүзүндө) жандуулардан эчтеке калбайт эле; бирок аларды белгиленип коюлган бир мөөнөткө чейин кечиктирүүдө. Алардын ажалдары жеткенде, бир саат кечиктирилбейт да, эртерээкке да жылдырылбайт. (Нахл Сүрөсү, 61)

Ошондой эле Куранда Аллахтын улуу берешендиги, мээрими жана тооболорду кабыл кылуучу экендигинин адамдарга бир жакшылык экени да билдирилет:

Эгер силерге Аллахтын пазилети жана ырайымы болбогондо жана Аллах тооболорду кабыл кылуучу, Даанышман болбогондо (эмне кылаар элеңер)? (Нур Сүрөсү, 10)

Эгер Аллахтын силерге пазилети жана ырайымы болбогондо жана Аллах чындап Рауф (боорукер жана) Рахим болбогондо (эмне кылат элеңер?) (Нур Сүрөсү, 20)

Аллахтын тооболорду кабыл кылуучу жана кечиримдүү экени Инжилде да билдирилген. Христиан бир туугандарыбыздын Инжилдеги ал туура жана акыйкат өкүмдөргө көңүл бөлүшү өтө маанилүү:

... (Аллахтын) берешендигинин молдугу урматында... кутулууга, кылмыштарыбыздын кечирилишине жетиштик. (Павелдин Эфестиктерге каты, 1:7-8)

Буларды уккан соң көңүлдөрү жай алды. Аллахты улуулап мындай дешти: «Демек Аллах тообо кылуу жана жашоого жетүү мүмкүнчүлүгүн башка калктарга да берген.» (Ыйык Элчилердин иштери, 11:18)

Ал (Аллах) бизди караңгылыктын өкүмдарлыгынан куткар(ышы менен)... кутулууга, күнөөлөрүбүздүн кечирилишине ээбиз. (Павелдин Колосалыктарга каты, 1:13-14)

Бирок күнөөлөрүбүздү мойнубузга алсак, ишенимдүү жана адилеттүү Аллах күнөөлөрүбүздү кечирип бизди ар бир жамандыктан тазалайт. (Иоанндын биринчи каты, 1:9)

Ыйман менен кылынган дуба ооруну айыктырат жана Теңир аны бутка тургузат. Эгер оорулуу күнөө кылган болсо, күнөөлөрү кечирилет. (Жакыптын каты, 5:15)

«Бизге карата кылмыш кылгандарды кечиргенибиз сыяктуу, Сен да биздин кылмыштарыбызды кечир. Туура жолдон адашышыбызга жол бербе. Бизди жамандан куткар. Себеби өкүмдарлык, күч жана улуулук түбөлүккө чейин Сеники! Амин.» Башкалардын күнөөлөрүн кечирсеңер, Аллах да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирет. Бирок силер башкалардын күнөөлөрүн кечирбесеңер, Аллах да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт. (Матфей, 6:12-15)

Иса аларга «Дуба кылганда мындай дегиле» деди: «Аллах, Атың ыйык кылынсын... Күнөөлөрүбүздү кечир. Себеби биз дагы бизге карата кылмыш кылгандардын баарын кечирүүдөбүз. Туура жолдон адашышыбызга жол бербе.» (Лука, 11:2-4)

Башка бирөөнү сындабагыла, силер да сындалбайсыңар. Айып такпагыла, силерге да айып тагылбайт. Башкаларды кечиргиле, силер да кечирилесиңер. Бергиле, силерге берилет. Жакшылап бастырылган, жаңыланган жана ашып-ташкан, кучак толо берилет. Канча көлөмдө берсеңер, ошончо көлөмдө аласыңар. (Лука, 6:37-38)

Демек, күнөөлөрүңөрдүн өчүрүлүшү үчүн тообо кылгыла жана Аллахка кайткыла. Теңир силерге жаңылануу мүмкүнчүлүктөрүн берсин... (Ыйык Элчилердин иштери, 3:19-20)

Бул жамандыгыңдан тообо кыл жана Теңирге жалбар, жүрөгүңдөгү бул ой балким кечирилет. (Ыйык Элчилердин иштери, 8:22)

Аллах бизге кечирүүсүн сурануу мүмкүнчүлүгүн берип, бизге тообо эшиктерин ачып, кечиримдүү, сүйүүчү жана тооболорду кабыл кылуучу экендигин кабар бергенине карабастан, ар кандай күнөөгө өлүм менен жаза берилет жана бул Аллахтын өкүмү деп айтуунун жоопкерчилиги чоң болушу мүмкүн. Ошондой эле, бул Инжилде айтылган Аллахтын кечиримдүү жана тооболорду кабыл кылуучу сыпаттарына да толук карама-каршы келүүдө. Чын ниеттүү Христиандар Христиан динине бул ишенимдин эмне максат менен кошулганын жакшылап ойлоп, абийирлери менен чечим чыгарышы зарыл.

ibadet_eden_hristiyanlar

Бир жагынан Христиандык сүйүү дини деп жатып, экинчи жагынан күнөө өлүм менен тазаланат деп айтуу чоң карама-каршылык:

Бүт Христиандар Христиандык бир сүйүү дини дешет жана кылгандарыбыз сүйүү үчүн дешет. Христиандык Аллах жөнөткөн акыйкат бир дин болгондуктан, албетте, бул туура жана бул башка бүт акыйкат диндерге да тиешелүү. Улуу Аллах кулдарынан сүйүү каалайт жана чыныгы сүйүү Аллахты чындап сүйүү менен гана –Раббибиздин бүт буйрук жана тыюуларын сактоо менен гана- мүмкүн болот.

Бирок бул чындык кээ бир Христиандардын күнөө өлүм аркылуу тазаланат деген туура эмес ишенимине толугу менен карама-каршы келет. Аллах кулдарын сүйөт жана Аллах кулдарын кечиргиси келет. Куранда Аллах мындайча билдирет:

Ал өтө кечиримдүү, өтө сүйүүчү. (Бүруж Сүрөсү, 14)

Аллах тооболоруңарды кабыл алгысы келет; каалоолорун ээрчигендер болсо силердин чоң адашуу менен жолдон чыгышыңарды каалашат. (Ниса Сүрөсү, 27)

Инжилде да Улуу Раббибиздин сүйүүчү жана боорукер экени билдирилген:

... Теңирдин өтө боорукер жана сүйүү менен мамиле кылаарын көрдүңөр. (Жакыптын каты, 5:11)

Бирок мээрими көп Аллах бизди өтө сүйгөндүктөн... жашоо берди. Анын берешендиги менен кутулдуңар. (Павелдин Эфестиктерге каты, 2:4-5)

Аллахтын Аны сүйгөндөр жана максатына ылайык чакырылгандар үчүн бүт нерсенин жакшылык менен болушун камсыздаганын билебиз. (Павелдин Римдиктерге каты, 8:28)

Бирок Куткаруучубуз Аллах жакшылыгын жана адамга болгон сүйүүсүн ачык көрсөтүп бизди куткарды. Муну чынчылдык менен кылган иштерибизден улам эмес, Өз мээрими менен... кылды. (Павелдин Титке каты, 3:4-6)

Сүйүктүү бир туугандарым, Аллах бизди ушунчалык катуу сүйөт, демек биз да бир-бирибизди сүйүүгө милдеттүүбүз. (Иоанндын биринчи каты, 4:11)

Кулдарын сүйгөн, коргоп караган, аларга боорукердик кылган жана аларды сүйүп кечирген Улуу Аллахтын мындай бийик сыпаттарын өтө жакшы түшүнүү Христиан бир туугандарыбыз үчүн өтө маанилүү. Себеби Аллахтын сыпаттарын жакшылап түшүнө алган адамдар гана бул чоң жаңылыштыктын канчалык кооптуу экенин көрө алышат.

kuzular yamaç

Христиандар да ар бир көз ирмеминен, кылган ар бир ишинен жооптуу жана Аллахтын алдында суракка алынышат:

Дүйнөдө жашап өткөн, жашап жаткан жана жашай турган бүт адамдар сыяктуу Христиандар да кылган иштеринен суракка алынышат. Эч биринин күнөөлөрүнүн кечирилүү акысы төлөнгөн эмес. Ар бир Христиан, башка адамдар сыяктуу, кылгандарынан өзү гана жооптуу жана кылган ар бир күнөөсү жана ар бир сообу сөзсүз акыретте алдынан чыгат. Аллахтын алдында эч ким «менин күнөөлөрүмдүн акысы төлөнгөн эле, Аз. Иса (ас)дын каны менен тазаланган эле» дей албайт. Аллах Кабатында эч ким күнөөсүзмүн дей албайт, «ыйман келтирдим» деп айтып эле кутулууга жете албайт. Акырет күнү ар бир адамдын алдына кылган иштери жазылган китеп коюлат жана кылгандарынын баары ага көрсөтүлөт.

Кээ бир Христиандар канчалык күнөөлөрүнүн жазасы төлөнгөн деп ойлосо да жана Аллахтын алдындагы жоопкерчиликтеринен качууга аракет кылышса да, сурак күнүнөн кача алышпайт. Бул дүйнөдө өжөрлүк менен жактаган ишеними Аллах Кабатында жараксыз. Мына ушул себептен чын ыкластуу Христиан бир туугандарыбызды бул багытта эскертүү жана алардын чындыктарды көрүшү өтө чоң мааниге ээ. Бул алардын акыреттеги абалы жана түбөлүк кутулушу үчүн өтө маанилүү.

Курандан Аз. Иса (ас)ды өзгөчө кылган ишараттар

Муну унутпаш керек: Аз. Иса (ас) жөнүндө Курандагы маалыматтар же түшүндүрмөлөр башка пайгамбарлар үчүн айтылган эмес.

-Эч бир пайгамбардын көз жумушу жөнүндө тевеффа сөзү (жандын алынышы) колдонулган эмес.

-Эч бир пайгамбар жөнүндө «... Китепти, даанышмандыкты, Тооротту жана Инжилди үйрөттүм...» (Маида Сүрөсү, 110) деп үч Аллахтан келген китептин ага үйрөтүлгөнү кабар берилген эмес.

-Эч бир пайгамбар жөнүндө «Ал кыямат үчүн бир илим (алаамат)» (Зухруф Сүрөсү, 61) деп айтылган эмес.

-Эч бир пайгамбар жөнүндө Аз. Иса (ас)дын асманга көтөрүлүшү маанисинде бир көтөрүлүү кабар берилген эмес.

-Эч бир пайгамбар жөнүндө ага ишенгендердин кыяматка чейин үстөм болоору (Али Имран Сүрөсү, 55) айтылган эмес.

-Эч бир пайгамбар жөнүндө өлбөстөн мурда ага ишенбей турган эч кимдин калбашы (Ниса Сүрөсү, 159) кабар берилген эмес.

Булардын баары Аллахтын Аз. Иса (ас) үчүн өзгөчө бир тагдыр белгилегенин жана ал тагдырга ылайык Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатында тирүү экенин жана кайрадан дүйнөгө келээрин көрсөткөн маанилүү далилдер.

Аз. Иса (ас) өлгөн эмес. Азыр Аллах Кабатында. Биз жашап жаткан акыр заманда бул куттуу пайгамдарыбыздын жер жүзүнө жөнөтүлөөрү кабар берилген жана Аз. Иса (ас) ЖӨНӨТҮЛДҮ. Азыр дүйнөдө жашап жатат жана көрүнөөр убактысын күтүүдө. Ыймандуулардын баары Аз. Иса (ас)ды бооруна баса турган, сүйүп кучактай турган убак өтө жакын. Христиан бир туугандарыбызга арналган жол көрсөтүүчү баяндардын баары ошол убакка жакшылап даярдануу үчүн жасалууда. Бул китепти окуган Христиан бир туугандарыбыз бул маанилүү чындыкты эсинен чыгарбашы зарыл.

kilise_ibadet