Үч кудай жаңылыштыгы китепте үч бөлүмдө каралат:
Биринчи бөлүмдө Чиркөө 1870-жылы чыгарган үч кудайлуулук бир «акыл жана логиканын темасы эмес, ал жөнүндө ойлонбош керек болгон бир сыр» деген чечим жөнүндө сөз болот. Үч кудай башаламандыгынын кантип убакыт ичинде «ойлонбош керек болгон» бир догмага айлантылганы баян кылынып, чын ыкластуу Христиандар Аллахтын сыпаттары жөнүндө терең ойлонууга чакырылат.
Экинчи бөлүмдө кээ бир Христиандардын үч кудай пикиринин динге жана логикага туура келбешине Инжил жана Тоороттон далилдер келтирилип, бул темада Христиандар терең ойлонушу керек болгон ар кандай логикалар сунулат.
Үчүнчү жана акыркы бөлүмдө болсо Христиандарга заттын чыныгы жүзү темасында өтө маанилүү маалыматтар берилет. Заттын чыныгы жүзү менен байланыштуу берилген ал маалыматтар үч кудай жаңылыштыгы таянган бүт пикирлерди толук жоюп, Христиан бир туугандарыбыздын жашоосун өзгөртө турган, ушул күнгө чейинки көз-караштарын толугу менен кайра карап чыгышына шарт түзө турган жаңы бир акыл, жаңы бир түшүнүктү сунат.
Bu, Rabbinin dosdoğru yoludur. Öğüt alıp düşünmesini bilen bir topluluk için ayetleri böyle birer birer açıkladık. Onlar için Rableri Katında barış yurdu vardır ve O, yapmakta oldukları dolayısıyla onların velisidir. |
Колдорубуздун, клеткаларыбыздын, ДНК, белок, фермент сыяктуу түзүлүштөрдүн; ар кандай жаратылган жандыктардын, канаттуулардын учушунун, балыктардын сүзүшүнүн, жалбырактардын фотосинтез кылышынын, асмандардын, жылдыздардын, планеталардын, күндүн, айдын, дарактардын жазда жашылданышынын, жандыктардын кышкы уйкуга жатышынын, күндөрдүн 24 саат болушунун, жамгырлардын, карлардын, кыскасы, биз көрүп билген, уккан, бар экенинен кабардар болгон бүт нерсенин бир максаты бар. Булардын баарын ойлонбостон, эмне үчүн бар экенин түшүнбөстөн, алардын карап өтүп кетип жашай берүү оңой. Кээ бир адамдарды башкалардан айырмалаган эң негизги айырмачылык – бул оңойду ээрчибеши, жаратылган бүт нерсе жөнүндө терең терең ойлонушу. Аллах Куранда да, Инжилде да терең ойлонуу өзгөчөлүгүнүн ыймандууларга тиешелүү бир өзгөчөлүк экенин билдирген.
Эгер адам ойлонбосо, өзүнүн да жашоосунун да жаратылуу максатын түшүнбөйт. Эгер ойлонбосо, каяктан келгенин, кандай жоопкерчиликтери бар экенин жана кайда бараарын билбестен, өмүрүн бош, максатсыз өткөрүшү мүмкүн. Бирок адамдын башка жандыктардан айырмаланып, акылы, абийири, ойлонуу жана сындоо жөндөмү бар. Ошондуктан маанилүү бир жоопкерчилиги бар. Кантип жана эмне үчүн жаратылганын ойлонуу, Жаратканды түшүнүү жана Анын алдындагы жоопкерчиликтерин орундатууга милдеттүү. Адам бул жоопкерчилигин билмексен болуп жашашы да мүмкүн. Бул анын тандоосу. Адамдар мына ушул тандоосуна жараша бөлүнүшөт. Ыйман келтиргендерди, акыл жүгүрткөндөрдү жана акыретте утукка жете тургандарды башкалардан айырмалаган эң чоң айырмачылык – бул Жаратуу далилдери жана аяттар жөнүндө терең ойлонушу жана Жаратуучубузду талап кылынгандай түшүнө алышы.
Инжилде жана Тооротто да терең ойлонуунун маанисине көңүл бурулат:
... Ойлонбойсуңарбы? Түшүнбөйсүңөрбү? Жүрөгүңөр ошончолук катуулаштыбы? (Марк, 8:17)
Менин айткандарым жөнүндө ойлон. Теңир болсо сага бардыгын түшүнүүгө жардам берет. (Павелден Тиметейге 2-каты, 2:7)
Бир туугандарым, алган чакырыгыңарды ойлонгула... (Павелдин Корунттуктарга 1-каты, 1:26)
... Асмандагы баалуулуктардын (Аллахтын Кабатында баалуу болгон нерселердин) артынан түшкүлө... Жер жүзүндөгү эмес, асмандагы (Аллахтын Кабатындагы) баалуулуктарды ойлонгула... (Павелдин Колосалыктарга каты, 3:1-2)
Теңирдин иштери улуу, алардан ырахат алгандар дайыма аларды ойлонот. (Псалтирь (Забур), 111:2)
Ошентип булардын баарын ойлонуп калчадым жана мындай жыйынтыкка бардым: чынчылдар, билгелер жана кылгандарынын баары Аллахтын колунда... (Насаатчы, 9:1)
... алдында ойлонгон сайын корком Андан (Айуб, 23:15)
Төшөгүмө жатканда Сени эстеймин, түнү бою терең терең Сени ойлойм. (Псалтирь (Забур), 63:6)
Ырахатын Теңирдин Мыйзамынан гана алат жана түнү-күнү ал жөнүндө терең терең ойлонот. (Псалтирь (Забур), 1:2)
Теңирдин иштерин эстейм, Ооба, өтмүштөгү кереметтерин эстейм. Кылгандары жөнүндө терең терең ойлоном, бүт иштери жөнүндө көңүл коюп токтолом. (Псалтирь (Забур),77: 11-12)
Алдыңкылар топтолуп мени жамандашса да, мен кулуң Сенин эрежелериңди терең терең ойлоном. Кеңештериң менин ырахатым, мага акыл берет. (Псалтирь (Забур), 119: 23-24)
Канчалык сүйөм Мыйзамыңды! Күн бою ойлоном ал жөнүндө. Буйруктарың мени душмандарымдан билге кылат, себеби дайыма акылымда алар. Бүт мугалимдеримден акылдуумун, себеби кеңештериң жөнүндө ойлоном. (Псалтирь (Забур), 119: 97-99)
Аллахтын кылганын ойлон: Анын ийгенин ким түздөй алат? Жакшы күндө бактылуу бол, бирок жаман күндө жакшылап ойлон... (Насаат, 7: 13-14)
Ук, Айуб, токтоп ойлон Аллахтын укмуш иштерин. (Айуб, 37:14)
Мыйзам Китебинде жазылгандарды тилиңден түшүрбө. Баарын көңүл коюп орундатуу үчүн түнү-күнү аны ойлон. Ошондо ийгиликтүү болосуң жана максатыңа жетесиң. (Джошуа, 1:8)
Өткөн күндөрдү эстеп, бүт кылгандарын терең терең ойлонуп, колдорунун ишин карап катып жатам. Колдорумду Сага ачып жатам, жаным кургак топурак сыяктуу Сага суусады. (Псалтирь (Забур), 143:5-6)
Теңирден гана корккула, Ага жакындык менен жана бүт жүрөгүңөр менен кулчулук кылгыла. Анын силер үчүн кандай чоң иштерди жасаганын бир ойлонгула! (Биринчи Шемуел, 12:24)
Сенин буйруктарыңдан ырахат алып, аларды сүйөм. Урмат жана сүйүү сезем буйруктарыңа, терең терең ойлоном эрежелериңди. (Псалтирь (Забур), 119: 47-48)
Кылгандарың урпактан урпакка шүгүрчүлүк менен эскерилет, күчтүү иштериң жарыяланат. Керемет иштериңди ойлоном; адамдар улуулугуңду, улуу бийиктигиңди сүйлөшүшөт. (Псалтирь (Забур), 145:4-5)
Улуу Аллах Куранда да Ага кайрылып ыйман келтиргендердин Жаратуу далилдери жөнүндө ойлонгон адамдар экенин жана ушундайча Аллахтын улуу кудуретин талап кылынгандай түшүнө алаарын кабар берген:
Чыныгы бир динчил боло алуу үчүн терең ойлонуу маанилүү. Чыныгы диндин үстүртөн жана ойлонбостон жашалышы мүмкүн эмес. Терең ойлонуу – ыймандуу Мусулмандар да, Иудейлер да, Христиандар да терең концентрация болушу керек болгон бир ыйман шарты. Терең ойлонгондо гана Аллахтын улуулугун жана бийиктигин терең түшүнүүгө болот жана ошондо гана Ыйык китептердеги сахих жана терең сөздөрдүн жашыруун жана руханий маанилерин байкоого болот. Дин үйрөнүп жана жаттап ала турган гана бир жашоо формасы эмес.
Аллахтын бар экенин терең ойлонуу зарылдыгын Христиан бир туугандарыбызга айтышыбыздын өзгөчө бир себеби бар. Бул себеп – Чиркөөнүн Христиандарга сунуштаган «ойлонбоо» доктринасынын канчалык туура эмес экенин көрсөтө алуу.
Эске сала кетсек, 4-кылымдан бери эч бүтпөгөн жана сансыз жыйындарда талкууланып аягына чыгууга аракет кылынган үч кудай темасы акыркы жолу 1868-1870-жылдары арасында уюштурулган Биринчи Ватикан соборунда (жыйынында) эч түгөнбөгөн талаштарды токтотуу максатында мындайча жыйынтыкталган: «Үч кудайлык бир акыл жана логиканын темасы эмес, ошондуктан бир сыр бойдон калышы керек».
Чиркөө белгилеген дагы бир догма Аз. Иса (ас) пайгамбар кылып жер жүзүнө жөнөтүлгөндөн болжол менен 1900 жылдан кийин ыйман шарты катары Христиандыкка кошулган. Чиркөөнүн бул чечимине моюн сунган Христиандар учурда үч кудай темасын эч ойлонбош керек болгон бир ыйман сыры деп кабыл алууну туура көрүшүп, ал тургай муну апачык жакташууда.
Чиркөөнүн ойлонбоо жөнүндөгү фатвасынын (өкүмүнүн) жалгыз себеби үч кудайлыктын чоң бир жаңылыштык болушунан келип чыккан. Аллах, албетте, ар бир ойдон чыгарылган жана жалган нерсени логикасыздыктар, акылсыздыктар, карама-каршылыктар жана жеңилүүлөр менен жаратат. Үч кудайлык да ушундай. Мындай логикасыздыктарды билген Чиркөө ушул себептен кайра эле догма салтын уланткан. Себеби Христиандыктын башталышынан бери бир азга акылын жана логикасын колдонгон жана ушул себептен расмий макамдар тарабынан «жолдон чыккан» деп жарыяланган Христиандар бүт бул логикасыздык жана акылсыздыктарды билишкен. Же үч кудайлыкты толугу менен четке кагышкан же болбосо башкача түшүнүп өзгөртүшкөн. Ошондуктан Чиркөө ойлонуп акылын иштеткенде үч кудай ишенимине каршы чыга турган топтордун пайда болоорун билет.
Vatikan'da 2. Vatikan konsilinin 50. yıldönümü kutlamaları |
Учурда «үч кудайлык – ал жөнүндө ойлонбош, түшүнүү үчүн аракет кылбаш, жана түшүнбөстөн баш ийиш керек болгон бир сыр» деп ишенген көптөгөн Христиандар бар. Бизди ойлонбошко үндөгөн бир динибиз бар деп ойлошуп, Аллахты түшүнбөстөн жашообузду уланта алабыз деп ойлошууда. Муну көбүнчө ачык айтышпайт. Бирок бул жердеги «түшүнө албастыкты» кадыресе көрүшүп, бүт нерсени түшүнүүгө күчүбүз жетпейт, ошондуктан ойлонуп жооп табууга аракеттенүүдөн бир майнап чыкпайт деп айтуудан тартынышпайт.
Албетте бүт нерсени түшүнүүгө кудуреттүү болуп жаратылган эмеспиз. Бирок Аллах бизге Өзүнүн Кудуретин апачык көрсөткөнүн жана муну ыйман менен ойлонуп түшүнүү мүмкүн экенин билдирген. Бизди жараткан Улуу Кудуретти түшүнүү биздин бир милдетибиз. Бир адам аны жараткан Аллахты тааныбастан кимге кантип ибадат, кимге кантип дуба кылаарын билбестен, кандай бир дин түшүнүгүнө ээ болот? Жаратылыштагы сырларды кантип ачат, акыретти кантип түшүнө алат? Аллахтын дайыма аны угуп, көрүп тураарын кантип түшүнө алат? Динчил болуу үчүн ойлонуу, Аллахты түшүнүү, Аллахтын улуулугун түшүнө алуу шарт. Бул ыймандын тереңдешинин эң негизги элементтеринин бири.
Göklerde ve yerde olanlar Allah'ındır ve (bütün) işler Allah'a döndürülür. |
Үч кудайлыкты жактаган кайсы гана Христианга жолукпаңыз, ага үч кудайлык жөнүндө узатылган суроолорго сөзсүз өтө логикасыз, түшүнүксүз, кызыктай логикадагы башаламан жоопторду берет. Болгондо да ар бир Христиан үч кудайлыкты ар башкача түшүндүрөт. Себеби үч кудайлык жөнүндө эмне айтып жатканын көбүнчө өздөрү да билишпейт. Үч кудайлыкты акыл жана логика менен түшүндүрүүгө аракеттенген Христиандар үч кудай деп сүрөттөгөн нерсесинин да тышына чыгышат. Кээ бирлери түшүнүүгө аракет кылышат, бирок эч натыйжа чыкпайт. Кээ бирлери бир логика курууга, аны болсо формулалар менен түшүндүрүүгө аракеттенишет. Көпчүлүгү болсо эч аракет кылышпайт. Чиркөө аларга таңуулаган «ойлонбоо» жолун тандашып, сурагандарга «бул тема бир сыр, ошондуктан ал жөнүндө ойлонууга милдеттүү эмеспиз» дешет.
Албетте, ойлонбой койсок баары өтө оңой. Анда жоопкерчиликтер да сыртынан караганда жоголот. Ойлонуунун кереги жок деген бир адам түшүнүү мүмкүн болбогон бир Аллахтын (Аллахты аруулайбыз) кантип жаратканын, кантип жараткан нерселерин башкараарын, Аллахтын алдындагы жоопкерчиликтерин, Аллахка кантип сурак берээрин да ойлонуунун зарылчылыгы жок дейт. Анда жашоо өтө жөнөкөйлөшөт. Чындап эле учурда Христиандардын көпчүлүгү ушундай абалда жашашууда. Бул албетте бир катар Мусулмандарга жана Иудейлерге да тиешелүү. Бирок өзгөчө үч кудайлык темасында Христиандарга сиңирилген аң-сезим аларды толугу менен Аллах жана Анын жараткандары жөнүндө терең ойлонуудан тоскондуктан, алар үчүн абал кооптуураак. Көпчүлүгү жекшемби күндөрү чиркөөгө баруу жана Аз. Иса (ас)дын Аллахтын уулу экенине ишенүү менен гана Аллахтын ыраазылыгына жана бейишине жете алабыз деп ойлошууда. Бул болсо Христиандардын көпчүлүгүн байкабастан ширк ичинде жашоого; дүйнөгө берилүүгө; адал-арамдарды карабашына; Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн дуба кылуу жана чиркөөгө баруудан тышкары эч нерсе кылбоого; атеизм, дарвинизм, коммунизм, материализм, терроризм сыяктуу Аллах ишенимине каршы чыгарылган агым жана идеологияларга каршы күрөш жасабашка; дүйнөдө динчилдерге, байкуш адамдарга болгон кол салуулардан бейкапар жашоого жана бүт дүйнөгө көздөрүн жумуп өз үйүнүн кичинекей дүйнөсүндө гана өмүрүн улантышына түртүүдө. Албетте анча-мынча мындай эместер да бар. Бирок Христиандардын көпчүлүгүнүн ушундай абалда экенин эч ким тана албайт жана буга эч ким каршы чыга албайт. Кандайдыр бир Христиан дүйнөдөгү орточо бир Христиандын жашоо калыбынын түпкүрүндө ушундай экенин өтө жакшы билет. Ойлонбостон жашоо алып келген динчилдик мына ушундай динчилдик болот. Христиандар мындай бир дин түшүнүгүнүн кооптуулугун көрүшү зарыл.
... Allah Kendi (dini)ne yardım edenlere kesin olarak yardım eder. |
Үч кудай темасы менен байланыштуу эң чоң алдамчылыктардын бирөө, балким эч чоңу – бул кээ бир Христиандардын үч кудай аты менен негизи Бир Аллах айтылып жатат деген сөздөрү. Өзгөчө үч кудайлыктын путпарасттык ишеним менен байланыш курулушунан тынчсызданган кээ бир Христиандар «биздин айтайын дегенибиз үч элементте бириккен жалгыз Кудай» дешет. Көбүнчө бул сөздү өздөрү да жакшы түшүнө беришпейт жана түпкүрүндө апачык үч кудай ишенимин сүрөттөшөт.
Кээ бир үч кудайчылар «үч элементте бир даана баалуу таш биригет, ошондуктан үч элемент кудай» дешсе; кээ бирлери «ата эң чоң, башкалары атадан келет»; кээлери «үч кудай арасында бир эмгек бөлүшүү бар»; кээ бирлери болсо «уул атадан, Ыйык Рух болсо уулдан келет» дешет. Үч кудайлык жөнүндө ушуга окшогон сөздөрдүн саны өтө көп. Бирок баары башаламан кылып айткан бул үч кудайлык догмасы менен негизи Жалгыз Аллахты айтып жатабыз дешет. Эгер чындап эле жалгыз Аллах ишениминде болушса, албетте бул жакшы, бирок бул үчүн жасаган жогорудагыдай түшүндүрмөлөрү такыр туура эмес.
Бир нерсе өтө маанилүү: Инжил толугу менен Христиандарга Аллахтын Жалгыз экенин айтат. Инжилде Аллахтын Жалгыздыгын айткан жана Жалгыз Аллахка кул болууга буйруган өтө көп тексттер бар. Жана ал тексттердин баары апачык. Ал эми экинчи тараптан, Инжилдин эч бир жеринде үч кудай сөзү кездешпейт, жана үч кудайлыкка далил көрсөтүүгө боло турган бир сөз дагы жок. Далил катары көрсөтүлгөн тексттердин баары – бурмаланып жоромолдонгон, кашаанын ичине Аллахтын уулу жана Ыйык Рух сөздөрү кошулган, толугу менен башка маанидеги сөздөрдү атайылап үч кудайга далилдей кылып жоромолдогон тексттер. Инжилде Жалгыз Аллах ачык жана так айтылат, үч Кудай болсо Инжилдин эч бир жеринде жок.
Үч кудайчылар өздөрү чыгарган үч кудайлыктын үч элементи болгон ата, уул жана Ыйык Рухтун бир жагынан өз-өзүнчө заттар, экинчи жагынан жалгыз «баалуу буюм» экенин, кандайча болуп үчтүн үч дагы, бир дагы экенин эч түшүндүрө алышкан эмес. Бул чоң парадоксту дайыма билип келишкен. Жана ошол сыяктуу үч кудайдын кантип ар башка кызматтарды аркалашын; жаратуу иши атага тиешелүү болсо, кантип башкаларынын бул өзгөчөлүккө ээ боло албаганын; төрөбөгөн, төрөлбөгөн, убакыт менен мейкиндиктен көз-карандысыз болгон жалгыз Кудайдын кантип убакыт менен мейкиндик ичинде ар башка заттарга бөлүнгөнүн эч түшүндүрө алышпайт. Жана түшүндүрүшү да мүмкүн эмес.
Ludwig Kilisesi İncil'de Allah'ın bir olduğunu bildiren çok fazla pasaj bulunmaktadır. Üçleme inancı Hristiyanlık inancına zorlama olarak dahil edilmiş ve zorlama olarak ayakta tutulmaya çalışılan bir inançtır. |
Үч кудайчылар айткандай эгер үч кудай бүт тарабынан тең болсо –муну үч кудайлыкты жактаган көпчүлүк Христиандар жакташат- анда ритуалдарда бирөөсүнө сыйынуу алардын логикасы боюнча жетиштүү болушу керек. Бирок үч кудайчы Христиандар үчөөсүнө бирдей сыйынуу керек деп ишенишет. Бул дагы үч кудайлыктын (троица) үч башка кудай тутунуудан көп айырмасыз бир ишеним экенин көрсөтөт.
Үч кудайдын жалгыздыгы пикири укмуш логикасыз бир сөз. Бүт нерсеге кудуреттүү, бүт баарынын Ээси болгон, алардын баарын жоктон жараткан Аллахтын үч башка зат болуп көрүнүшүнүн кандай муктаждыгы бар? (Аллахты аруулайбыз) Болгондо да жалгыз Кудайга ишенээрин айткан үч кудай тараптарлары Мусулмандар менен Иудейлердин тавхид ишеними болгон «Аллахтын абсолюттук Бирөөлүгү жана Жалгыздыгы» сыпатын толук түшүнүшпөөдө. Тавхид ишениминде Аллах Абсолюттук Бирөө, Жалгыз, БИР ТЕҢДЕШИ, ӨЗҮНӨ ОКШОШУ ЖОК. ЭЧ НЕРСЕ АГА ТЕҢ КЕЛЕ АЛБАЙТ, ЭЧ НЕРСЕ АГА ОКШОЙ АЛБАЙТ. Аллахтын Жалгыздыгы ушундай. Ошондуктан үч кудай ишеними эч качан тавхид ишеними боло албайт. Үч кудайлык (троица) менен Бир Аллахка ишенээрин айткандар же алданып калышкан, же жалган айтышууда.
Ludwig Kilisesi İncil'de Allah'ın bir olduğunu bildiren çok fazla pasaj bulunmaktadır. Üçleme inancı Hristiyanlık inancına zorlama olarak dahil edilmiş ve zorlama olarak ayakta tutulmaya çalışılan bir inançtır. |
Бирок эң негизгиси – бул мындай башаламандыктын эмне кереги бар деген суроо. Жалгыз Аллахка ишенүүнүн көңүл тынчтыгы, бейпилдиги жана бакыты турганда, мынчалык татаал, бир-бирине туура келбеген жана укмуш башаламан сөздөрдү айтуунун кандай кажети бар? Бүт бул башаламандыктын ордуна түздөн-түз Бир жана Жалгыз болгон Улуу Аллахка ишенүү, Бир жана Жалгыз Кудай катары Ага кайрылуу бир топ жакшы. Баарын көрүп турган жана билген Жалгыз Аллахтын бар экени бир бакыт. Дайыма биз менен болгон, дуба кылганыбызда бизде уккан, ал тургай көкүрөктөрдөгү жашыруун сырларды да билген жана ага жооп берген, баарын башкарып турган Улуу Раббибиздин бар болушу канчалык чоң бир немат-жакшылык. Үч кудай ишениминин башаламандыгы ичинде сыгылган кээ бир Христиан бир туугандарыбыз тавхид ишениминин мындай сонундугун билишпейт. Аллахка мынчалык жакын болуунун сонундугун билишсе, үч кудайлыктын аларды кантип Жараткандан алыстатканын түшүнүшөт. Аллахтын улуулугун билүү, Аллахка Бир жана Жалгыз Кудай деп ыйман кылуу, Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнүү эң чоң бакыт.
Айткын: «Мен болгону бир эскертүүчүмүн. Жалгыз, каардуу Аллахтан башка бир Кудай жок.» «Асмандардын, жердин жана экөөсү арасындагылардын Раббиси, улуу жана кудуреттүү, кечиримдүү.» (Сад Сүрөсү, 65-66)
Аллах жараткан акыйкат диндердин баары өтө оңой. Диндин өкүмдөрү ойлонуу кыйын болгон, түшүнүксүз, сыр катары кала турган абалда эмес. Улуу Раббибиздин бар экени апачык. Аллахтын бар экени, Аллахтын жаратуу чеберчилиги, Аллахтын жараткан нерселерине жакындыгы жана өкүмдарлыгы да оңой гана түшүнүлө турган нерселер. Динде эч татаалдык жок. Абийири жана акылы менен караган бир адам Улуу Жаратуучунун бүт нерсенин Ээси жана бүт нерсенин Өкүмдары болгон Жалгыз Жаратуучу экенин, «бүт нерсеге кудуреттүү» сыпатынын бир шарты катары уулдуу болууга муктаж эмес экенин, бүт нерсе-жандыктарга эң жакын экенин, Андан башка эч бир Күч жок экенин толук түшүнө алат. Ошондуктан үч кудай ишенимин жактагандар жана аларды ээрчигендер жаңылышууда.
Эгер динде үч кудайчылардагы сыяктуу бир башаламандык бар деп айтылса анда аны күмөн менен караш керек. Ал жерде акыйкаттын ордун жалган ээлеген болот. Эгер Өзүнүн улуу эмгектерин эң кичинекей атомдо, ири көлөмдөгү ааламда же бир атомдун тереңдиктеринде да апачык көрсөткөн Улуу Аллахтын сыпатын түшүндүрүү жана түшүнүү мынчалык татаал абалга жеткен болсо, анда ал жерде шайтандын оюнунан күмөн саноо керек.
Бир гана Жаратуучу бар жана ааламдагылардын баары ал Улуу Жаратуучунун чеберчилигине ишарат кылат. Аларды жоктон жараткан Аллах аларды дайыма башкарып, көзөмөлдөп турууга да, албетте, кудуреттүү. Раббибизге жетүү үчүн ортомчулардын кереги жок. Башка ойдон чыгарылган кудайларга да муктаждык жок (Аллахты аруулайбыз). Аллах бизди бизден жакшыраак билет, бизди дайыма көзөмөлдөп турат. Ошондуктан чын ыкластуу Христиандар бир башаламандык ичинде экенин байкап, акыйкат диндин тунук, түшүнүктүү жана өтө ырахаттуу тавхид (жалгыз кудай) ишенимине жүрөктөрүн ачышы керек. Куранда мындан башка бир жолдун «карама-каршылык» экенин Аллах билдирген:
Үч кудайлык ишенимин Чиркөөнүн өзгөртүлгүс доктринасы катары көрүп учурда ага моюн сунган Христиандардын балким эч чоң көйгөйлөрүнүн бири – бул алардын Аллахты талап кылынгандай тааный албашы, Аллахтын сыпаттарын толук түшүнө албашы. Улуу Аллах ири чоңдуктардагы жана изилдеп түшүнүү да өтө татаал болгон кичинекей бүт ааламдарды, бүт ааламды ЖОКТОН жараткан. Жоктон учу-кыйырсыз бир ааламды жараткан, анын ичиндегилердин баарын бир тең салмактуулук жана тартип ичинде пайда кылган, адамды жана бүт башка жандыктарды бул кереметтүү система ичинде кемчиликсиз жараткан, адамга бир тагдыр берген Аллах, албетте, жараткан ар бир жандыгын көзөмөлдөп коргоого да кудуреттүү. Раббибиз бүт нерсени билет. Ал бүт нерсени көрөт, бүт нерсени угат. Андан эч нерсе жашыруун эмес. Анын кабары болбостон бир даана жандык бир демин дагы ала албайт, бир даана жалбырак да кыймылдай албайт, бир электрон дагы ордунан жыла албайт. Аллах кааласа, булардын баарын жок кылууга жана кайрадан эч белгисиз жаңы бир сулуулукта жоктон жаратууга кудуреттүү. Аллах үчүн бул албетте өтө оңой. Раббибиздин бир гана «Бол» буйругу менен бүт нерсе болуп калат.
Аллах ар бир көздүн көргөнүн көрөт, ар бир үндү угат. Ар бир көздүн көрө турганын да, ар бир кулактын уга турганын да негизи Ал жараткан. Куран бизге көрсөткөн Исламды толук түшүнө албаган кээ бир Христиандар Исламда Аллах адамдардан алыс деген бир түшүнүк бар дешип, үч кудайлык догмасын өз ойлорунда туура көрсөтүүгө аракеттенишет. Чындыгында болсо Аллах бизден алыс эмес, дайыма биз менен. Аллах бүт тарапта жана Ислам бул чындыкты Куран аяттары аркылуу адамдарга кабар берет. Тескерисинче үч кудайлык ишеними Аллахты алыс көрөт. Ушул себептен Аллах Аз. Иса (ас)ды ортомчу (себепчи) кылып гана кулдарына жете алат деген пикир үстөмдүк кылат. Мына ушул көз-караш Аллахты жакшы түшүнө албоодон, жакшы тааный албоодон келип чыгат.
Аллах бизден алыс деп ойлогон кээ бир Мусулмандар албетте бар. Бирок алардын булагы Куран эмес, өздөрү чыгарып алган жалган ишенимдер. Ошондуктан алар жактаган нерсе Исламда жок. Чындыгында Аллах бизден алыс деп ойлогон кээ бир Мусулмандар менен Аллах бизге ортомчулар аркылуу жете алат деп ойлогон үч кудайчы Христиандардын түшүнүгү окшош. Улуу Раббибиз Куранда;
«Ант болсун, адамды Биз жараттык жана напсисинин ага кандай азгырыктарды берип жатканын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан жакыныраакпыз.» (Каф Сүрөсү, 16)
«Эми Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл; себеби чындыгында сен Биздин көз алдыбыздасың...» (Тур Сүрөсү, 48)
«...Кургактыкта жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт; кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун (бардыгынын кабары) Анык китепте бар.» (Энъам Сүрөсү, 59)
«...Ал жашыргандарыңды да, ачыкка чыгаргандарыңды да билет. Себеби Ал көкүрөктөрдөгү жашыруун сырларды билүүчү.» (Худ Сүрөсү, 5)
«...Жерде жана асманда эч нерсе Аллахтан жашыруун калбайт.» (Ибрахим Сүрөсү, 38)
Şayet onlar da, sizin inandığınız gibi inanırlarsa, kuşkusuz doğru yolu bulmuş olurlar; yok eğer yüz çevirirlerse, onlar elbette bir (çelişki ve) aykırılık içindedirler. Sana onlara karşı Allah yeter. O, işitendir, bilendir. |
аяттарында жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн аятта кабар бергендей, адамга ЭҢ ЖАКЫН экенин апачык билдирген. Эч ким, эч бир нерсе адамга Аллахтан жакыныраак эмес. Ар бир көздөн Аллах көрөт, ар бир кулактан Аллах угат. Аллах бир катар Мусулмандар менен Христиандар ойлогондой асманда эле эмес, БҮТ ТАРАПТА. Бир жалбырак түшкөндө, аны көргөн эч ким болбосо да, Аллах аны сөзсүз көрүп, билет. Жердин астындагылар, деңиздин канчалаган километр тереңиндегилер, клеткаларыбыздын ичиндегилер жана эч көрүнбөс бир аалам болгон атомдор, электрондор, кварктар бизге белгисиз болсо да, Аллах алардын ар бирин ар дайым билет жана ар дайым көрүп турат.
Бир-биринен айырмалуу, ар кандай сыпаттагы үч кудай бар деген үч кудайчылар Аллахтын мына ушул саптарда баяндалган улуулугун, бийиктигин, кудуретин билишпейт. Муну билишсе, Аллах бизге ар кандай ортомчулар менен жетет деген пикиринин туура эместигин заматта түшүнө алышат. Аллах ортомчуларга, себептерге муктаж эмес. Ал жаратылганды али жаратыла электе билет, көкүрөктөрдөгү сырлардан кабардар.
Бул чындыкты жакшыраак түшүнүү үчүн «көрүнүү (чагылуу) түшүнүгүн, ал үчүн болсо заттын чыныгы жүзүн билүү керек. Ошондо Христиандар бул айтылгандардын баарынын метафизикалык бир ишеним эмес экенин, Аллах апачык адамдарга билдирген бул чындыктын илимий жактан далилденгенин жакшыраак түшүнүшөт. Бул тема үчүнчү бөлүмдө терең каралат.
Улуу Аллах бүт нерселердин Өкүмдары, жаратылган бүт нерселердин Ээси. Аллах бүт себептерден жогору, көз-карандысыз, себеби ишке ашкан бүт окуяларды жана ал окуялардын ишке ашуу себептерин да Өзү жаратат. Дүйнөдөгү бүт нерселер белгилүү себептерден көз-каранды ишке ашат. Бирок Раббибиз ал себептерге муктаж эмес. Аталык, балалык, балалуу болуу сыяктуу адам жашоосуна тиешелүү нерселерди да Раббибиз жараткан. Ошондуктан «Аллах балалуу болду» (Аллахты аруулайбыз) дегендер Аллахтын улуулугун жана сыпаттарын түшүнбөй жатышат. Улуу Раббибиздин кандайдыр бир нерсени жаратуу, кандайдыр бир нерсени жасоо үчүн каалашы гана жетиштүү. Эч нерсе Андан алыста эмес. Ал жаратылганды эң жакшы билүүчү, жаратаардан мурда тагдыр кылып аныктоочу.
Аллахка уул таңуулагандар – Раббибиздин бул сыпаттарын билбегендер же жакшы түшүнбөгөндөр. Мурда да эске салып кеткендей, Аллах Куранда Раббибизди түшүнө албагандардын мындай мамилесинин олуттуулугун төмөнкү аяттары менен билдирген:
Аяттардан апачык көрүнүп тургандай, Аллахка бала ыйгаруу бүт ааламды талкалай турганчалык оор, Раббибиздин каарына себеп боло турган өтө чоң бир кылмыш. Куранда Раббибиздин балалуу болбогонуна көп аятта басым жасалган. Аяттарда Раббибиздин балалуу болуудан аруу-таза экени, «төрөбөгөн жана төрөлбөгөндүгү», эч нерсенин Ага тең келе албашы апачык айтылат. Бул жөнүндөгү аяттар төмөнкүдөй:
Айткын: Ал Аллах жалгыз. Аллах Самад (бүт нерсе Ага муктаж, Ал түбөлүктүү, эч нерсеге муктаждыгы жок). Ал төрөгөн эмес жана төрөлгөн эмес. Жана эч нерсе Ага тең эмес. (Ихлас Сүрөсү, 1-4)
Көңүл бургула; чындыгында алар ойлоп чыгарган жалганынан улам «Аллах төрөдү» дешет. Алар, эч күмөнсүз, албетте жалган сүйлөп жатышат. (Саффат Сүрөсү, 151-152)
«Аллах балалуу болду» дешти. Ал (мындан) улуу; Ал эч нерсеге муктаж эмес. Асмандардагы жана жердегилердин баары Аныкы. Силерде бул жөнүндө бир далил да жок. Аллах жөнүндө билбеген бир нерсеңерди айтып жатасыңарбы? (Йунус Сүрөсү, 68)
Эгер Аллах балалуу болгусу келгенде, жараткандарынан каалаганын албетте тандамак. Ал улуу; Ал жалгыз, каардуу Аллах. (Зүмер Сүрөсү, 4)
Улуу Раббибиз бүт ааламдын абсолюттук Өкүмдары, Раббибиз эч бир ортокко же жардамчыга муктаж эмес (Аллахты аруулайбыз). Ал каалаганда «Бол» дейт жана ал болот. Аллах аяттарында мындай дейт:
Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат. (Фуркан Сүрөсү, 2)
Жана айткын: «Мактоолор (хамд) балалуу болбогон, мүлктө шериги жок жана алсыздыктан улам жардамчыга да (муктаж) болбогон Аллахка.» Жана Аны такбир кыла алышыңча такбир кыл. (Исра Сүрөсү, 111)
Аллахтын балалуу болушу эч мүмкүн эмес. Ал улуу. Бир иштин болушун чечсе, ага: «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Мариям Сүрөсү, 35)
Hayır, sizin Mevlanız Allah'tır. O, yardım edenlerin en hayırlısıdır. |
Улуу Аллах «Аллах балалуу болду» дегендерди КУРАН менен эскертип-коркутаарын билдирүүдө. Демек үч кудайлык жаңылыштыгын жасаган Христиандарга Куран туура жолду көрсөтөт. Аллах аларды Куран аркылуу бул маанилүү катадан тосууда:
Жогорудагы аяттарда, мындан тышкары, Аллах балалуу болду дегендердин бул жөнүндө өздөрүнүн да, алардан мурдакылардын да эч кандай маалыматы жок экени, б.а. мунун толугу менен бир алдамчылык экени айтылууда. Аллах сабатсыз-илимсиздик менен чыгарылган бул сөздүн кооптуулугун Куранда «ооздорунан чыккан сөз канчалык олуттуу» деп эскертүүдө.
Раббибиз балалуу болбогонун билдирген бир аятта, ошондой эле, Аллах менен бирге башка бир кудайдын жок экенин кабар берүүдө:
Бул аят үч кудай тараптары болгон Христиандардын эки сөзүн тең –Аз. Иса (ас) Аллахтын уулу жана Аз. Иса (ас) кудайлык сыпатына ээ деген сөздөрүн тең- толугу менен четке кагууда.
Улуу Аллах Куранда Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)га бул сөздү айтып келген кишилерге мындай деп айтышын вахий кылган:
«Аллахты талап кылынгандай тааный албоо» сөзү менен Аллахтын аяттарда айтылган улуу сыпаттарын түшүнбөөчүлүк айтылууда. Себеби бир адам үч кудай ишенимин кабыл алышы үчүн Аллахтын бүт нерсенин Өкүмдары экенин; жаратуу жана жашатуу үчүн эч бир себепке, жардамчыга муктаж эместигин; Аллах кааласа балалуу болууга кудуреттүү экенин, бирок мындан аруу-бийик экенин; бир нерсени каалаганда «Бол» деген буйрукту беришинин гана жетиштүү экенин; жердин, асмандын, бүт нерселердин Анын буйругуна моюн сунаарын түшүнө албай жаткан болушу керек. Аллахтын эч нерсе үчүн Өзүнөн башка кудайларды жаратууга муктаждыгы жок. Аллах али төрөлө электе төрөлө турганды, али айтыла электе айтыла турганды, али карала электе көрүлө турганды, көкүрөктөрдөгү жашыруун сырларды, КЫСКАСЫ БААРЫН түбөлүк мурдатан түбөлүк чексизге чейин билет. Раббибиз бир аятында мындай деп билдирет:
Аллахтын чексиз күч-кудуреттүүлүгү Инжил тексттеринде болсо мындайча айтылат:
... Ал бүт нерсенин үстүндө өкүм сүрүүчү, түбөлүккө чейин мактала турган Аллах. (Павелдин Римдиктерге каты, 9:5)
... Күчү бүт нерсеге жетүүчү Раб Аллах, сенин иштериң улуу жана таң калыштуу иштер... (Аяндар, 15:3)
Аллах кыла албаган эч нерсе жок. (Лука (Лукман), 1:37)
...Аллахтан (Аллахка тиешелүү) болбогон башкаруу жок. Бар болгондорду Аллах курган. (Павелдин Римдиктерге каты, 13:1)
Бүт нерсенин булагы Ал; бүт нерсе Ал тарабынан жана Ал үчүн бар болду. Түбөлүккө чейин Ага улуулук болсун. (Павелдин Римдиктерге каты: 11-36)
Бүт нерсе Ага моюн сунган. Эч нерсе эркин, өз-алдынча эмес. Ар бири сөзсүз Раббибизге моюн сунууга милдеттүү. Аллах мына ушундай каршы тургус, улуу жана жогорку бир кудуретке ээ:
Инжилде Раббибиз мындай деп буюрат:
Аллах силерди жаман жолдоруңурдан кайтарып ыйыктоо үчүн кулун (Аз. Иса (ас)ды) ортого чыгарып алгач силерге жөнөттү. (Ыйык элчилердин иштери, 3:26)
Аллах бир Куран аятында болсо мындай деп билдирет:
Инжил менен Куран аяттарында апачык белгиленгендей, Аз. Иса (ас) Аллахтын бир кулу. Жана Куран аятында баса белгиленип айтылгандай, Аз. Иса (ас) Аллахка кул болуудан ырахат алган, Аллахка өзүн тапшырган, Аллахка терең бир сүйүү менен жакындык сезген өтө сонун бир пайгамбар. Анын Аллахты терең сүйүү менен орундаткан кулчулук милдети кээ бир Христиандар үчүн кабыл алынгыс жагдай. Анын сүйүү жана терең ырахат алуу менен орундаткан Аллахка кул болуу милдетин өз ойлорунда туура эмес көрүшүп, четке кагышууда.
Куран аяттарына жана төмөндө терең карала турган Инжил тексттерине карабастан, Аз. Иса (ас)дын бир кул катары гана жаратылганын кабыл албагандардын көпчүлүгү чоң ыктымалдык менен сабатсыздыктан ушундай катага түшкөн болуш керек. Аз. Иса (ас)га болгон сүйүүлөрүнөн, эгер анын «кул» экенин кабыл алсак, анда анын баркы түшөт, ага керектүү урматты көрсөтпөгөн болобуз деп ойлошууда. Чындыгында болсо Аз. Иса (ас)дын чын көңүлдөн, сүйүп жана бактылуулук менен, бир ибадат катары орундаткан кулчулук милдети Аз. Иса (ас) үчүн өтө чоң бир немат-жакшылык жана албетте анын баркын эч түшүрбөйт. Тескерисинче мындай бир сүйүү менен Аллахка кулчулук барктуу пайгамбарыбыз Аз. Иса (ас)ды эсе эсе барктуураак кылып, анын бейиштеги макамын жогорулатып, аны өтө көп адамдардын сүйүктүүсү кылган. Аллахты ыраазы кылууга аракеттенген бир кул жана пайгамбар болуу, өмүр бою Аллахты улуулаган жана Аллахка кошумчасыз ыйман келтирген мынчалык терең акылдуу бир адам болуу – Аз. Иса (ас) үчүн немат-жакшылыктардын эң чоңу.
Аз. Иса (ас)дын Аллахка бир кул катары гана жаратылганы башка аяттарда да билдирилген бир чындык:
Башка бир аятта болсо Аз. Иса (ас)дын өлүмдүү экени, башка адамдар сыяктуу өлгөн соң акыретте кайрадан тирилтилээри билдирилген:
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Аз. Иса (ас) Аллах белгилеген убакыт келгенде кайрадан жер жүзүнө түшөт жана Аллах буйругандай Аз. Мехди (ас) менен бирге элчилик милдетин толуктайт. (Буга китептин алдыңкы бөлүмдөрүндө токтолобуз.) Аз. Иса (ас) бул дүйнөдө өз милдетин аяктаган соң бүт өлүмдүү адамдар сыяктуу көз жумуп, руху бейишке алынат. Бүт адамдардыкы сыяктуу, анын да бүт тагдырын; өмүр бою анын башына келген бүт окуяларды Аллах жараткан. Көрсөткөн бүт кереметтерин да Аллах жараткан. Аз. Иса (ас) аларды өзү эмес, Аллахтын ага болгон мээрими натыйжасында жасаган. Аз. Иса (ас) дүйнөдөгү өмүрү бою Аллахка болгон күчтүү ыйманын билдирип, адамдарды Аллахтын туптуура жолуна чакырган. Аз. Иса (ас)дын адамдарды Аллахка ыйман келтирүүгө жана Ага кулчулук кылууга чакырышы Инжилде да айтылган анык бир чындык:
Иса ага мындай жооп берди: «Аллахың болгон Раббиге сыйын, бир гана Ага кулчулук кыл» деп жазылган.» (Лука (Лукман), 4:8, Матфей (Матай), 4:10)
Куранда болсо Аз. Иса (ас)дын адамдарды Аллахка ыйман кылууга чакырганы мындайча кабар берилет:
Тооротто айтылган «уул» сөздөрүн чечмелеп жатканда кээ бир чын ыкластуу Христиандар түшкөн эң чоң ката – бул алардын ал сөздөрдү түз мааниси менен алышы, сырына карап чечмелей албашы. Инжил сөздөрүн, ал тургай Тооротту чечмелегенде да ушул эле катаны кетиришет. Чындыгында болсо сырдуу чечмелөө – Аллахтын сөзүн түшүнүү үчүн маанилүү бир сыр жана терең ойлонууга шарт түзүүчү маанилүү бир муктаждык.
Аллахтын сөздөрү ачык, түшүнүктүү, маңыздуу жана терең маанилүү. Бирок Улуу Раббибиз Өз сөздөрүндө кээде мухкем (мааниси жана баяны түз), кээде болсо мутешабих (бирден көп мааниге келген, белгилүү деңгээлде чечмелөө жана жоромол талап кылган баян) маанилерди жашырат. Мутешабих маанилерди көрө алуу үчүн ал терең маанилүү сөздөрдөгү терең маани жана сырларды ыйман көзү менен баалаш керек. Сырдуу (батын-и) чечмелөө мына ушул.
Улуу Раббибиз бул терең маанилерди кээде салыштыруулар аркылуу кабар берген. Мисалы, бир Куран аятында Аллах «Аллахтын жибин бекем кармангыла. Бөлүнүп жарылбагыла...» (Али Имран Сүрөсү, 103), башка бир аятта болсо «Күмөнсүз аяттарыбызды жалганга чыгаргандар жана аларга карата бой көтөргөндөр, алар үчүн асмандын эшиктери ачылбайт жана трост (же төө) ийненин тешигинен өткөнгө чейин бейишке киришпейт...» (Аьраф Сүрөсү, 40) деп айтылат. Бул аяттар кээ бир кишилер тарабынан түз мааниси менен алынып чечмелениши да мүмкүн. Бирок чындыгында эки аятта тең жасалган салыштыруулар өтө терең маанилүү бир баян формасы, жана адамдар ал жөнүндө ойлонгон сайын тереңдей ала турган маанилер жашырылган. Раббибиз «Аллахтын жиби» салыштыруусу менен адамдардын Аллахка жана Ал көрсөткөн жолго бекем карманышын, анда чечкиндүү болууларын кеңеш кылууда. Ошондой эле Раббибиз «трост ийне тешигинен өткөнгө чейин» салыштыруусу менен болсо аятта айтылган кишилердин –Аллах каалабаса- бейишке эч качан кире албашын таасирлүү бир салыштыруу менен кабар берүүдө. Бул өтө кооз жана терең бир баян. Бирок муну туура түшүнүү үчүн бул жерде сырдуу чечмелөө жасоо керек.
Бул абал, Курандагы сыяктуу, Тоорот жана Инжилге да тиешелүү. Мисалы, Инжилдеги бир текстте сырдуу мааниси жагынан жоромолдонушу керек болгон, терең маанилүү бир баян төмөнкүдөй:
Аларга салыштыруулар менен сүйлөшүмдүн себеби мындай. Себеби «көрүп туруп көрүшпөйт, угуп туруп угушпайт жана түшүнүшпөйт.» Ышайанын алар жөнүндө айткан бул пайгамбарчылыгы аткарылып жатат: “Кулагыңар менен угуп турасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр; көзүңөр менен карап турасыңар, бирок көрбөйсүңөр. Анткени бул элдин көкүрөгү сокур болуп калган, кулагын жаап, көзүн жумуп алган, ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, түшүнүшпөйт жана Мага кайрылышпайт. Кайрылышканда, аларды айыктырмакмын”. (Матфей (Матай), 13: 13-15)
Ушуга окшош мисалдарды Тоороттон да берүүгө болот:
Дүлөйлөр, уккула, сокурлар, көрүш үчүн карагыла!... Сен көптү көрдүң, бирок байкаган жоксуң, кулагың ачык болду, бирок эч нерсе уккан жоксуң. (Ышайа, 42: 18, 20)
Анан мага Теңирден сөз болду: «Адам уулу! Сен козголоңчул тукумдун арасында жашап жатасың. Алардын көрө турган көзү бар, бирок көрүшпөйт, алардын уга турган кулагы бар, бирок угушпайт, себеби алар – козголоңчул тукум. (Жезекиел, 12: 1-3)
Куранда мындай окшоштуруу төмөнкүчө орун алат:
Андай болсо дүлөйлөргө сен угузмак белең же көр жана апачык бир адашууда жүргөндү хидаятка (туура жолго) жеткирмек белең? (Зухруф Сүрөсү, 40)
Дүлөй, дудук, көр. Ошондуктан кайтышпайт. (Бакара Сүрөсү, 18)
Куран, Инжил жана Тоороттогу бул баяндарда айтылган, албетте, физикалык бир сокурлук же физикалык бир дүлөйлүк эмес. Бул жерде руханий сокурлук, руханий дүлөйлүк жана руханий дудуктукка басым жасалууда. Бул сөздөрдө айтылган адамдар – Аллахтын бар экендигинин бүт далилдери көз алдыларына тартылып, маңдайында турса да аны көрө албаган, Аллахты тааный албаган адамдар. Руханий сокурлук менен дүлөйлүккө жеткен андай адамдарга Аллах каргыш айтууда.
Эгер бул жердеги маани кадимки маанидеги сокурдук же дүлөйлүк маанисинде алынса, албетте, ал өтө туура эмес жоромолдорго себепчи болот. Андай туура эмес жоромолдордон качынуу үчүн сырдуу чечмелөө жасоонун мааниси чоң. Себеби Аллах бул терең маанилер аркылуу адамдарга өтө чоң жана маанилүү кабарларды берип, аларды туура жолго жеткире турган сырларды жашырууда.
Эң биринчиден муну баса белгилеш керек: сырдуу чечмелөө кемчилиги Исламда да, Иудейликте да, Христиандыкта да ар кандай формада кездешүүчү бир абал. Ошондуктан муну кээ бир Христиандарга гана тиешелүү бир кемчилик катары кабыл албаш керек. Бирок бул жерде темага ылайык Христиан бир туугандарыбызга тиешелүү жагы гана каралууда.
Сырдуу чечмелөө жасай алуу кээ бир Христиан бир туугандарыбыздын жаңылыштыкта болушунан улам өтө чоң мааниге ээ болууда. Себеби көп жылдардан бери уланып келген Аз. Иса (ас) Аллахтын уулу деген жалган ишеним (Аллахты аруулайбыз) – сырдуу чечмелөө кемчилигинен келип чыккан өтө маанилүү жана кооптуу бир туура эмес чечмелөө. Инжилдеги жана жогоруда айтылгандай Тоороттогу «Аллахтын уулу» сөздөрү ал сөздөрдөгү түз маанилери менен алынып, терең маанилери эске алынбастан кандай турса ошол бойдон чечмеленген.
Чындыгында болсо ал жердеги «уул» сөзү, мурда да айтканыбыздай, Аллахка руханий жакындыкты, сүйүүнү, тандалган болууну, достукту билдирет. Аллах сүйүктүү жана тандалган кулу үчүн белгилеген өтө терең бир баян.
Христиандар «Аллахтын уулу» сөзү аркылуу физикалык бир маанинин айтылбаганын, бир кулдун Аллахка руханий жакындыгына басым жасалганын түшүнүшү керек. Терең мааниси жагынан караганда бул кайрылуу формасы аркылуу терең бир маанинин берилгенин жакшы түшүнүшөт.
Кээ бир Христиандар Аз. Иса (ас)дын бир кул гана болгону Куранда гана кабар берилген деп ойлошу мүмкүн. Чындыгында болсо Христиандардын өз китеби Инжил Аз. Иса (ас)дын сыналган, дуба кылган, тамак жеген, чарчаганда уктаган, Аллахка кулчулук кылган бир адам экенин апачык жана ар кандай түрдө кабар берген. Үч кудай тараптары Христиандар канчалык Мусулмандар берген үч кудайлыкка каршы далилдерге каршы чыгышпасын, Аз. Иса (ас)дын Аллахтын уулу эмес экенин өздөрүнүн китеби, б.а. Инжил айтууда. Пропаганда жана стереотиптерден тазаланган ар бир акыл жана ар бир абийир Инжил сөздөрүнүн ачык, чечмелөөсүз, таза маанилеринин ушундай экенин заматта түшүнөт.
Аз. Иса (ас)дын Аллахтын уулу эмес экенине, анын Аллахка кул гана болгон бир адам экенине байланыштуу Инжилден далилдер төмөнкүдөй:
Аз. Иса (ас)дын төрөлүшү, ата-бабасы, жакындары
Белгилүү болгон тарыхый маалыматтар боюнча, Аз. Иса (ас) Аз. Давуд (ас)дын урпактарынан. Аз. Иса (ас) эл арасында таанылган бир киши болгон. Элдер анын кимдин урпактарынан экендигин, каерде төрөлүп чоңойгонун билишкен. Аз. Иса (ас)дын үй-бүлөсүн да элдер жакшы таанышкан. Ошондуктан ал дагы, башка бүт адамдар сыяктуу санжырасы жана төрөлүшү белгилүү болгон бир адам:
Байыртадан бери ыйык пайгамбарлардын оозу аркылуу билдиргендей, кулу Давуддун (Дөөт) тукумунан биз үчүн бир куткаруучу чыгарды; душмандарыбыздан, бизди жек көргөндөрдүн баарынын колунан куткарды. (Лука (Лукман) 1: 69-71)
Ибрахим уулу, Давуд уулу Иса Месихтин санжырасы жөнүндө маалымат мындай... (Матфей (Матай) 1: 1-2)
Алдынан жүргөн жана арттан келген топтор мындай деп кыйкырып жатышты: «Давуд уулуна даңк! Раббинин аты менен келгенге мактоолор болсун, эң жогорудагыга даңк!» Иса Иерусалимге киргенде бүт шаар «Бул ким?» деп кыймылга келди. Эл болсо «Бул – Галилеянын Назарет шаарынан чыккан Иса пайгамбар», – деп жооп берип жатты. (Матфей (Матай) 21: 9-11)
Мариямдин уулу, Жакып, Жусуп, Жүйүт жана Шымондун бир тууганы жыгач уста эмеспи бул? Кыз бир туугандары бул жерде, арабызда жашайт го?.. (Марк 6:3)
Аз. Иса (ас)дын бир адам болушу – үч кудайлуулукту түбүнөн жыгуучу маанилүү бир жагдай. Канчалык үчтүү бирдик (троица) жактоочулары Аз. Иса (ас) жер жүзүндө материалдык бир зат, б.а. бир адам кейпинде көрүнгөн, ушундайча адамдарга кол жеткизген деген сыяктуу үстүртөн бир логика сунушпасын, бул Аз. Иса (ас)дын башка адамдар сыяктуу адамдык өзгөчөлүктөрүнүн болушунун үч кудайлык ишенимин толугу менен жокко чыгарганын жаба албайт. Периштелер да адам кейпинде көрүнө алышат. Бирок жогорку табиятынын бир чагылуусу катары тамактануу, чарчаганда дем алуу сыяктуу муктаждыктардан алыс. Демек бир кудай мындай адамдык муктаждыктар менен жер бетинде көрүнгөн деп айтуу такыр туура эмес (Аллахты аруулайбыз).
Инжилде Аз. Иса (ас) менен байланыштуу берилген маалыматтардан бул куттуу адамдын «Аллахтын уулу эмес, Аллахтын куттуу бир элчиси катары баяндалганы» апачык көрүнүп турат. Анын да башка адамдар сыяктуу өмүр сүргөнү көрүнүп турат. Ал да башка адамдар сыяктуу төрөлүп, наристелик, балалык жана жаштык доорлорунан өткөн. Тамактануу муктаждыгын сезгенде жанындагы шакирттери менен бирге Аллахка шүгүр кылып тамак жеген, кеч киргенде башка адамдар сыяктуу чарчап, уктоо муктаждыгын сезген. Мындан тышкары, Аз. Иса (ас)дын жуунуу, тазалануу сыяктуу физикалык муктаждыктарынын бар экени Инжилде айтылат. Бүт мындай адамдык муктаждыктар үч кудайлык пикирин толугу менен четке кагат. Аз. Иса (ас) бир кул, бир пайгамбар болгондуктан жана ар бир адам сыяктуу сыналгандыктан, адамдык өзгөчөлүктөр жана муктаждыктар менен жаратылган. Муктаждыктар менен кемчиликтер алынып салынган жер болсо – албетте бейиш гана.
Аз. Иса (ас)дын адамдар айткан кудайлык сыпатын четке каккан адамдык өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу Инжил тексттеринин кээ бирлери төмөнкүдөй:
Иса жетилип, акыл-эске толду, Аллах жана адамдардын сүймөнчүгү болду. (Лука (Лукман) 2:52)
Алар менен дасторкондо отурганда Иса нан алып, шүгүр кылды жана нанды бөлүп аларга берди. (Лука (Лукман) 24:30)
Кубанычтан дагы эле ишене албаган, таң калган шакирттеринен: «Силерде жей турган бир нерсе барбы?» деп сурады. Ага бир кесим куурулган балык беришти. Иса аны алып алардын алдында жеди. (Лука (Лукман) 24:41-43)
Ачыткысыз нан майрамынын биринчи күнү шакирттер Исанын жанына келип: «Пасах тамагын сага кайсы жерге даярдап берүүбүздү каалайсың?» – деп сурашты. (Матфей (Матай) 26: 17)
Андан соң Иса Левинин үйүндө тамак жеп жатканда... (Марк 2:15)
Иса андан соң үйгө кетти. Кайра ушундай бир көпчүлүк чогулгандыктан, Иса менен шакирттери тамак да жей алышпады. (Марк 3: 20)
Дасторконго отуруп тамак жеп жатышканда Иса «Силерге туурасын айтайын» деди, «силерден бирөө, мени менен тамак жеген бирөө мага чыккынчылык кылат.» (Марк 14:18)
Бир фарисей Исаны тамакка чакырды. Ал фарисейдин үйүнө барып, дасторконго отурду. (Лука (Лукман) 7:36)
... Иса сапардан чарчагандыктан кудуктун жанына отурган эле. Саат он эки чамасы эле. Самариялык бир аял суу алганы келди. Иса ага «Мага суу бер, ичейин» деди. (Иоанн (Жакан) 4: 6-7)
Иса кайыктын уч тарабында бир жаздыкты жазданып уктап жаткан эле... (Марк 4: 38)
Иса аларга «Келгиле, өзүбүз жалгыз ээн бир жерге барып, бир аз эс алалы» деди. Келген кеткендер ушунчалык көп болгондуктан, алардын тамактанганга да убактысы жок эле. (Марк 6: 31)
...Сапардан чарчаган Иса кудуктун жанына отурду... (Иоанн (Жакан), 4: 4)
Hz. isa (as) ve havarilerini tasvir eden "Son Yemek" tablosu. (Il Cenacolo or L'Ultima Cena) |
Инжилде Аз. Иса (ас)дын Аллах тарабынан сыналган, сыноого алынган бир адам экени ачык айтылат. Аллах сыноого алып, сыноолордон өткөргөн бир адамдын Аллах болушу, албетте, мүмкүн эмес (Аллахты аруулайбыз). Шайтан жолдон адаштыруу үчүн аракет кылган бир адамдын андай сыпатка ээ болушу мүмкүн эмес. Аллах Инжилде Аз. Иса (ас)дын сыналган жана Аллахка кулчулук кылган бир адам экенин кабар берген:
(Аз. Иса (ас):) «Мен сыналган кезде мени менен бирге сабыр кылгандар силерсиңер.» (Лука (Лукман) 22: 28)
Анан Иблис (шайтан) Исаны бийикке чыгарып бир заматта ага дүйнөнүн бүт өлкөлөрүн көрсөттү. Ага «булардын баарынын башкаруусун жана байлыгын сага берем» деди. «Булар мага тапшырылды, мен болсо каалаган кишиме берем. Мага сыйынсаң, баары сеники болот.» Иса ага мындай деп жооп берди: «Теңириң Раббиге сыйынып, бир гана Ага кулчулук кыласың» деп жазылган.» (Лука (Лукман) 4: 5-8)
Иблис Исаны ар тараптан сынаган соң белгилүү убакытка анын жанынан кетти. (Лука (Лукман) 4: 13)
Үч кудайлык тараптары Христиандар өз пикирлерине далил катары Аз. Иса (ас)дын атасыз кереметтүү төрөлүшүн көрсөтүшөт. Чындыгында болсо муну күчтүү бир далил деп ойлоп жатышканда, Аз. Адам (ас)дын апасыз да, атасыз да жаратылганын ойлонушпайт. Аз. Адам (ас) эч кандай себеп жана ортомчусуз Раббибиздин «Бол» буйругу менен бейиште жаратылган. Мындай жаралуу баарынан кереметтүү. Бирок анткен менен эч бир Христиан Аз. Адам (ас)га кудайлык сыпатын таңуулаган эмес. Ошондуктан кээ бир Христиандар үч кудайлыкка далил катары айткан бул логика толугу менен жараксыз. Эч качан жана эч качан Аз. Иса (ас)га таңуулоого аракет кылынган кудайлык сыпатына далил болбойт.
Аз. Адам (ас)дын жаратылуусу Инжил менен Тооротто мындайча айтылат:
Себеби алгач Адам, анан Обо (Хавва) жаратылды. (Биринчи Тиметей 2: 13)
РАББИ Теңир Адамды топурактан жаратты жана мурдуна жашоо демин үйлөдү. Ошентип Адамга жан кирди. (Башталыш 2: 7)
Инжилде көп жерде «Аллахтын баласы» же «Аллахтын балдары» деген сөздөр колдонулат. Кийинчерээк терең карала тургандай, Аллахтын баласы сөздөрү сүйүүнү билдирүү үчүн колдонулган. Бир адамдын куттуу, ишенимдүү, сөзүнө бекем жана Аллахтын сүйүктүү кулу экендигин көрсөткөн бир сөз. Ошондуктан эч качан чыныгы –физикалык- бала маанисине келбейт. Бул сөз Инжилде өтө көп жерде жана көп кишиге карата колдонулган, бирок эч биринде бул сөз физикалык мааниде кабыл алынган эмес. «Тынчтыкка чакыргандар кандай бактылуу! Себеби алар Теңирдин балдары деп аталышат.» (Матфей (Матай) 5: 9) деп айтылгандай, тынчтыкка чакыргандар Аллахтын сүйүктүү жана барктуу кулдарынан болот. Муну эч бир Христиан чыныгы бала маанисинде түшүнбөйт, муну башка бир мааниде чечмелебейт.
Бирок Инжилде Аз. Иса (ас) үчүн колдонулган «Аллахтын баласы» сөздөрү гана физикалык мааниде алынган. Бир эле сөздөр болгонуна, башкача бир сөз колдонулбаганына карабастан, Аз. Иса (ас)га гана чыныгы баласы сыяктуу бир сыпат таңууланган. Бул абал Аллахтын баласы сөзүнүн чыныгы маанисинен бурмаланганын жана атайылап Аз. Иса (ас) жөнүндө гана башка мааниде колдонулганын көрсөтүүдө. Инжилде Аллахтын баласы же балдары сөзү кездешкен кээ бир тексттер төмөнкүчө:
(Аз. Иса (ас):) «Бирок силер душмандарыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, эч нерсе күтпөстөн карыз бергиле. Ала турган сыйлыгыңар чоң болот, Улуулар Улуусунун балдары болосуңар. Себеби Ал жакшылыкты билбеген жана жаман кишилерге карата ырайым кылат.» (Лука (Лукман) 6: 35)
Бүт нерсеге кудуреттүү Рабби айтат «Силерге Ата болом, силер болсо балдарым, кыздарым болосуңар.» (Корунттуктарга экинчи кат 6: 18)
Бул жерде, ошондой эле, ыйык тексттерде Аз. Иса (ас)дын адам баласы деп сыпатталышынын 80 жолу кездешээрин да белгилеп кетүү керек. Үч кудай тараптары Христиандар аны ар кандай жол менен бурмалоого аракеттенгени менен, адам баласы сөзү Аз. Иса (ас)дын эне тили болгон арамий тилинде «барнаша», б.а. «адам» маанисине келген өзгөчө бир сөз. Ошондуктан адам баласы сөзү ал тилде адам сөзү менен бирдей мааниге келет. (Prof. Dr. Mehmet Bayrakdar, Bir Hristiyan Dogması Teslis, Ankara Okulu Yayınları, Eylül 2007, s. 168)
Инжилде бала сөзүнөн тышкары «Ата» сөзү да колдонулат. Ал жердеги Ата сөзү мээрмандык, сүйүү жана боорукердик маанилерине келип, ал сөз аркылуу Аллахтын рухун алып жүргөн, бейиш менен сүйүнчүлөнгөн жана Аллахка руханий жакын кишилер максатталат жана, албетте, эч качан бул сөз түз, чыныгы мааниде колдонулган эмес. Бирок үч кудайчылар Инжилде мааниси ушунчалык ачык болгон бир сөздү ал Инжил тексттеринде салыштырмалуу мааниси менен алышып, Аз. Иса (ас)га кайрылган тексттерде болсо Аз. Иса (ас)дын биологиялык атасы маанисинде алышууда. Бул – ачык бир адаштыруу жана мааниси так нерсени бурмалоо гана.
Инжилде «ата» сөзү колдонулган жана салыштырмалуу мааниде колдонулганы апачык болгон тексттердин кээ бирлери төмөнкүдөй:
Демек, берген садакаңар жашыруун калсын. Жашыруун жасалганды көрүүчү Атаңар силерге сыйлык берет... Себеби Атаңар эмнеге муктаж экениңерди силер Андан али сурай электе билет. (Матфей (Матай) 6:4, 8)
«Чынчылдыгыңарды адамдарга мактануу максатында көрсөтүүдөн качынгыла. Болбосо асмандардагы Атаңардан сыйлык ала албайсыңар. (Матфей (Матай) 6: 1)
Бирок силер дуба кылаарыңарда ички бөлмөңөргө кирип эшикти жапкыла жана жашыруун болгон Атаңарга дуба кылгыла. Жашыруун жасалганды көрүүчү Атаңар силерге сыйлык берет. (Матфей (Матай) 6: 6)
Инжилде көп текстте орун алган «Теңирдин балдары» сөзү аркылуу ыймандуулар айтылат жана руханий жана салыштырмалуу бир жакындыкка ишарат кылынат. Ал адамдардын куттуу, Аллах Кабатында барктуу, Аллахтын ыраазылыгына жетээри үмүт кылынган кишилер экенине басым жасалат. Ал жерде эч качан кудайлык сыпаты жөнүндө сөз болбойт. Инжилдеги «ата», «бала» жана «Теңирдин балдары» сөздөрүн стереотипсиз карагандардын баары ал сөздөрдүн салыштырмалуу мааниде колдонулганын, Аллахтын жакындыгын, боорукердигин, сүйүүсүн жана мээрмандыгын көрсөтүү үчүн атайын ушул сөздөрдүн колдонулганын оңой гана түшүнө алат. Инжилде көп колдонулган бул сөздөрдүн Аз. Иса (ас)га келгенде эмне үчүн башкача чечмелениши болсо түшүнүксүз. Маани албетте өзгөрбөйт, сөздөр ошол эле салыштырмалуу мааниде колдонулат, бирок үч кудайчылар атайылап башкача чечмелешет.
Инжилде «Теңирдин балдары» сөздөрү кездешкен тексттер төмөнкүдөй:
Аны кабыл алып атына ыйман кылгандардын баарына Теңирдин балдары болуу акысын берди. (Иоанн (Жакан), 1:12)
Сүйүктүү бир туугандарым, азыртан эле Теңирдин балдарыбыз, бирок эмне болоорубуз али бизге көрсөтүлө элек. Бирок Месих (Машайак) көрүнгөндө ага окшош болоорубузду билебиз. Себеби аны бүтүндөй көрөбүз. (Иоанндын (Жакандын) биринчи каты, 3:2)
Теңирди сүйүп, буйруктарын орундатуу менен Теңирдин балдарын сүйөөрүбүздү түшүнөбүз. (Иоанн (Жакан), 5:2)
Инжилде Аз. Ибрахим (ас) ыймандуулардын «атасы» деп таанытылат. Бул жерде да ата сөзүнүн салыштырмалуу мааниде колдонулганы анык, жана ал сөз аркылуу Аз. Ибрахим (ас)дын лидерлигине, мээрмандыгына, аны ээрчигендерге жол көрсөтөөрүнө басым жасалган.
Ушул себептен убада Теңирдин берешендигине таянуу жана Ибрахимдин бүт урпактары коопсуздукка алынуу үчүн ыйманга көз-каранды кылынган. Ибрахимдин урпактары Ыйык Мыйзамга баш ийгендер эле эмес, ошондой эле Ибрахимдин ыйманына ээ болгондор да. «Сени көп улуттардын атасы кылдым» деп жазылгандыктан, Ибрахим ыйман кылган Теңирдин –өлүктөргө өмүр берүүчү, бар эмести буйругу менен бар кылуучу Теңирдин- көзүндө баарыбыздын атасы.(Римдиктерге кат, 4:16)
«Биздин атабыз Ибрахим» деп жооп беришти. Иса «Ибрахимдин балдары болгонуңарда, Ибрахимдин кылганын кылмаксыңар» деди. (Иоанн (Жакан), 8:39)
Инжилде бул жөнүндөгү тексттер өтө маанилүү. Ал доордун адамдарынын Жаратуучу ордуна жаратылганга, б.а. өлүмдүү бир адамга сыйынганын, аны кудай тутунганын баяндайт. Үч кудайчы Христиандардын азыркы абалы дал ушундай. Алар да бир адамды кудай тутунушуп, жаратылган бир кулду өз ойлорунда жаратуучу деп жарыялашкан. Аллах аларды Инжилде эскерткен:
Кудайды таанып билип туруп, Аны Кудай катары даңкташкан жок, Ага ыраазычылык билдиришкен жок, тескерисинче, куру кыялдарга батышты, алардын эч нерсени түшүнбөгөн жүрөктөрү караңгыланды. Өздөрүн акылдуу эсептеп, акылынан ажырашты. Өлбөс Кудайдын даңкын жок боло турган адамга, канаттууларга, жаныбарларга жана сойлоп жүрүүчүлөргө окшогон путтарга (идолдорго) алмаштырышты. Ошондуктан Кудай алардын өз жүрөктөрүндөгү кумардуу каалоолору менен бузуктукка батуусуна жол берди. Ошентип, алар өз денелерин өздөрү булгашты. Алар Кудайдын чындыгын жалганга алмаштырышты, Жаратканга табынуунун, кызмат кылуунун ордуна жаратылган нерсеге табынышты, кызмат кылышты. Ал эми Кудай түбөлүккө даңкталууга татыктуу! Оомийин. (Римдиктерге кат, 1:21-25)
Аллах Бирөө. Аз. Иса (ас) Инжилде муну апачык айткан. Инжилде Аллахтын Бирөө жана Жалгыз экени, Ага гана кулчулук кылынышы жана Ага шерик кошпостон ыйман кылынышы керек экени көп текстте апачык белгиленет. (Инжилдеги Аллахтын Жалгыздыгы жөнүндөгү тексттердин баарын алдыда берилген.) Ал сөздөрдө үчтүү бирдик (троица) жөнүндө да, үч башка кудайдын бир кудай маанисине келээри жөнүндө да, өзөктө жалгыз бирок затта үч сыяктуу логикасыз сөздөр жөнүндө да айтылбайт. «Аллах Бирөө» деп гана айтылат. Инжил аяттарында анык айтылган бир чындык – бул Андан башка Кудай жок экендиги. Муну көрүү ушунчалык оңой болгондуктан, мынчалык көп сандагы Христиандын Инжил тексттериндеги ачык баяндарга карабастан башаламан бир үч кудай ишенимин чыгарганы чындап таң калаарлык бир көрүнүш.
Алардын талаштарын тыңдаган жана Исанын аларга сонун жооп бергенин көргөн бир дин аалымы жакындап ага «Буйруктардын эң негизгиси кайсы?» деп сурады. Иса мындай деп жооп берди: «(Аллахтын буйруктарынын) эң негизгиси бул: «Ук, эй Израил! Аллахыбыз Рабби жалгыз Рабби... Дин аалымы Исага «Жакшы айттың, мугалимим» деди. ««Аллах жалгыз жана Андан башкасы жок» деп чындыкты айттың.» (Марк, 12:28-32)
Куткаруучубуз Жалгыз Аллахка улуулук болсун... (Иуданын (Жүйүттүн) каты, 1: 24)
Сен Аллахтын Бирөө экенине ишенип, туура кыласың. Жиндер да буга ишенет жана (Аллах коркуусунан) титирешет! (Иаковдун (Жакыптын) каты, 2: 19)
Инжилде Аз. Иса (ас) андан эмес, бир гана Аллахтан коркууну насаат кылат. Кээ бир Христиандар үчтүү бирдик (троица) бар, ошондуктан Аз. Иса (ас) бул буйрук аркылуу өзүн да айтып жатат деши мүмкүн. Албетте, бул башаламандык үч кудайлыкты жактоочулар гана чыгара турган жана адамдарды жаңылтуу үчүн колдоно турган бир логика. Абийири күчтүү эч ким андай бурмалоого алданбашы керек. Аяттын мааниси анык жана так. Аз. Иса (ас) эч кимди өзүнө сыйынууга чакырган эмес, тескерисинче бир гана Жалгыз Кудай болгон Аллахка чакырат.
(Аз. Иса (ас):) «Денени өлтүрүүчү, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула. Жанды да, денени да тозокто кыйрата алган Аллахтан корккула.» (Матфей (Матай), 10:28)
Ошондой эле Инжилде Аз. Иса (ас) адамдарды тынымсыз Жалгыз Аллахка чакырып, Аны сүйгүлө деп талап кылат.
Иса мындай деп жооп берди: «Эң негизгиси бул: «Ук, эй Израил! Аллахыбыз Рабби жалгыз Рабби. Аллахың Раббини бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен жана болгон күчүң менен сүй.»» (Марк, 12:29-30)
Үч кудайлык тараптарларынын ою боюнча, дуба кылуу керек болгон киши – бул Аз. Иса (ас). Жана учурда үч кудайлыкты жактаган Христиандар Аз. Иса (ас)га дуба кылышат. Чындыгында болсо Инжилде Аз. Иса (ас)дын өз оозунан дубанын Аллахка кылынышы керек экени айтылат. Өкүмдө эч кандай башаламандык жок. Аз. Иса (ас) эч бир жерде Аллахка жалбаруу үчүн адамдардын ага (өзүнө) кайрылышы керек экенин айтпайт. Түздөн-түз Аллахка жалбаргыла деп насаат кылат. Дуба кылуу үчүн ортомчулар бар, Аз. Иса (ас) болбостон дуба Аллахка жетпейт деген сыяктуу башаламан жана чалды-куйду пикирлер үч кудайчылардын чыгарганы гана. Жүрөгү жана логикасы менен караган бир адам үчүн Инжил тексттери апачык.
Ошондо Иса шакирттерине «Түшүм мол, бирок жумушчу аз» деди, «Ушул себептен түшүмдүн ээси Раббиге жалбаргыла, түшүмүн көтөрө турган жумушчуларды жөнөтсүн.» (Матфей (Матай), 9: 37-38)
Аз. Иса (ас) Инжилде адамдарды өзүнө эмес, Аллахка кулчулук кылууга чакырат. Аз. Иса (ас) ал сөздөрүндө негизи өзүн айткан деген сыяктуу чоймо маанилерди издегендер – кайра эле үч кудайлыкты Инжилге киргизүүгө аракеттенгендер. Аят ачык; Аз. Иса (ас), дал Аз. Ибрахим (ас), Аз. Муса (ас) жана Аз. Мухаммед (сав) сыяктуу, Аллахтын сүйүктүү пайгамбары катары өзүнө жиберилген динге чакыруу милдетин аткарууда жана адамдарды Аллахка кулчулук кылууга чакырууда.
Иса ага мындай деп жооп берди: «Аллахың болгон Раббиге сыйын, Ага гана кулчулук (кызмат) кыл» деп жазылган.» (Лука (Лукман), 4:8, Матфей (Матай), 4:10)
Аз. Иса (ас) Инжилде өзүнө түшүрүлгөн пайгамбарлык милдетин аткарып, адамдарды Аллахка ыйман кылуу чакырат.
Иса аларга мындай деп жооп берди: «Теңирге ыйман кылгыла.» (Марк, 11:22)
Аз. Иса (ас) Инжилде адамдарды өзүнүн ыраазылыгына эмес, Жалгыз Аллахтын ыраазылыгына үндөйт. Демек ыраазы кылууга аракет кылына турган зат – Аз. Иса (ас) эмес, Улуу Аллах.
Аягында, эмне жеп эмне ичсеңер, эмне кылсаңар, баарын Аллахтын улуулугу үчүн кылгыла. (Павелдин Корунттуктарга биринчи каты, 10:31)
Күндү куттуктаган Рабби үчүн куттуктайт. Бүт нерсени жеген Аллахка шүгүр кылып аны Рабби үчүн жейт. Кээ бир нерселерди жебеген да Рабби үчүн жебейт жана Аллахка шүгүр кылат. Эч бирибиз өзүбүз үчүн жашабайбыз, эч бирибиз өзүбүз үчүн өлбөйбүз. Жашасак Рабби үчүн жашайбыз; өлсөк Рабби үчүн өлөбүз. (Павелдин Римдиктерге каты, 14:6-8)
Раббиден мурас сыйлыгын алаарыңарды билип, эмне кылсаңар дагы, адамдар үчүн эмес, Рабби үчүн чын жүрөктөн жасагыла... (Павелдин Колосалыктарга каты, 3:23-24)
Hz. İsa (as), tüm insanlar gibi bir kuldur. İncil'de pek çok pasajda Hz. İsa (as)'ın bir insan olduğuna ve Allah'a kulluk vazifelerini yerine getirdiğine dair ifadeler yer almaktadır. Dolayısıyla, Hz. İsa (as)'a atfedilen -Haşa- İlahlık vasfını İncil pasajları ortadan kaldırmaktadır. |
Аз. Иса (ас) айланасындагы адамдарды дайыма жалгыз мактала турган жана улуктала турган Улуу Раббибиз Аллахка үндөгөн жана Аны улуктап мактоого чакырган. Инжил тексттеринде Аз. Иса (ас) өзүн айткан эмес. Мындай чечмелөө тексттердин ичинде эч жерде жок. Аз. Иса (ас) илиминин өзүнөн эмес, Аллахтын экенин айтат жана түздөн-түз Улуу Раббибиз Аллахка адамдарды үндөйт.
Иса жолго чыгып жатканда бирөө чуркап жанына келди. Алдында тизелеп ага «Жакшы мугалимим, түбөлүк жашоого жетүү үчүн эмне кылышым керек?» деп сурады. Иса ага «... жакшы бирөө гана бар, Ал Аллах.» (Марк, 10:17-18)
Аз. Иса (ас) Инжилде Аллахтын бир кулу экендигин, бир пайгамбар кылып жөнөтүлгөнүн жана пайгамбарлык сыпатынын талабы катары Аллахтын ага буйругандарын жасоого милдеттүү экенин белгилейт. Өз оюнан эч нерсе кылбашын жана Аны жөнөткөн Улуу Аллахтын буйруктарын орундатып жатканын айтат.
Чексиз кудуреттүү бир Кудай Курандын «...Ал бир иштин болушун чечсе, ага «Бол» деп гана айтат, ал заматта болуп калат.» (Бакара Сүрөсү, 117) аятында билдирилгендей, жараткандарына өкүм берет. Аз. Иса (ас) да бул чындыкты билген жана Аллахка моюн сунган бир кул.
Көңүл бурулган болсо дээрлик ар сөзүндө Аз. Иса (ас) аны жараткан Аллахтын улуулугун мактоодо жана Анын буйруктарын орундатып жатканын айтууда. Ошондуктан Аз. Иса (ас)дын бул боюнча Инжилдеги сөздөрүндө да үч кудайлыкты колдой турган бир дагы сөз жок.
(Аз. Иса (ас):) «... өз каалоомду эмес, мени Жөнөткөндүн (Аллахтын) каалоосун орундатуу үчүн келдим.» (Иоанн (Жакан), 6:38)
(Аз. Иса (ас):) «Мен өз оюм менен эч нерсе кыла албайм. Укканымдай соттойм жана менин сотум адилеттүү. Себеби максатым өзүмдүн каалаганымды эмес, мени Жөнөткөндүн (Аллахтын) каалаганын жасоо.» (Иоанн (Жакан), 5:30)
Жалгыз Өкүмдар – албетте, Аллах. Жана бүт нерсенин Өкүмдары Аллах – албетте, бир пайгамбар кылып жөнөткөн Аз. Иса (ас)дын да Өкүмдары. Аз. Иса (ас) кылган нерселеринин баарын Раббибиздин уруксаты менен жасаганын албетте билет. Инжил сөздөрүнүн көп бөлүгүндө Аз. Иса (ас)дын муну билүү менен сүйлөгөнү, Аллахты улук тутканы жана адамдарды Аллахка чакырганы апачык көрүлөт.
...Иса Теңирдин күчү урматында ооруларды айыктырып жаткан эле. (Лука (Лукман), 5:17)
Иса Аллахтын бүт нерсени өз колуна бергенин жана Аллахтан келип, кайра Аллахка бараарын билчү. (Иоанн (Жакан), 13:3)
Кээ бир Христиандар Инжилдеги бул сөздөрдү төмөнкүчө бурмалашы мүмкүн: «Аз. Иса (ас) адам сыпатын да, теңир сыпатын да көрсөтчү. Ошондуктан адам сыпаттарын көрсөтүшү кадыресе көрүнүш». Мындай чечмелөө үч кудайлык ишениминин түбүндөгү терең логикасыздыкты көрсөтүүдө. Адам өзгөчөлүктөрүн көрсөткөн, дүйнө жашоосунун талабы катары алсыздыктар менен жаратылган бир зат кантип кудай болушу мүмкүн? Мындай сөздү Аллахты сүйөм деген адамдар кантип кабыл алышы мүмкүн?
Аллах улуу, дүйнөдөгү кемчиликтерди бир сыноо катары жараткан, бирок Өзү бүт кемчиликтерден аруу-таза. Буга чейин көп жолу токтолгондой жана алдыда да карала тургандай, маселе Аллахтын улуулугун жакшылап түшүнө албоо, Аллахты тааный албоодо болуп жатат.
Бул жерде Инжилге таянып айтылган бүт түшүндүрмөлөр Аз. Иса (ас)дын Аллахка берилген, туруктуу жана моюн сунуучу бир кул жана адам экенин апачык көрсөтүүдө. Инжилде ачык айтылган бул сөздөр убакыттын өтүшү менен үч кудайлык логикасыздыгынын сүзгүчүнөн өткөрүлүп, Инжил сөздөрү башаламан чечмелөөлөр менен үч кудайлык ишенимине ылайыкташтырылууга аракет кылынган. Чындыгында болсо бул алдамчы пропаганданы албаган бир киши Инжилди караганда Аз. Иса (ас)дын адам жана кул катары сыпатын оңой гана түшүнө алат. Ал киши үч кудайлык пикиринин канчалык бурмаланган бир сөз экенин да оңой гана көрө алат. Ал тургай, мынчалык ачык сөздөрдөн үч кудайлык сыяктуу бир логиканын чыгышына да өтө таң калат. Демек тунук бир мээ жана стереотипсиз көз-караш менен каралганда, ар бир Христиан Инжилде үч кудайлык ишенимине байланыштуу эч кандай эч нерсе жок экенин, болгондо да, жогорудагы Инжил сөздөрүнөн да көрүнүп тургандай, тескерисинче бул ишенимди четке кага турган сөздөрдүн бар экенин көрөт.
De ki: O Allah, birdir. Allah, Samed'dir |
Аллах Куранда Аз. Иса (ас)дын жана апасы Аз. Мариям (ас)дын адамдык сыпаттарга ээ бир элчилер экенин белгилейт. Аяттагы «тамак жешчү» сөзү бул маанилүү чындыкка басым жасоо үчүн атайын колдонулган:
Мариям уулу Месих болгону бир элчи. Андан мурда да элчилер келип кетти. Анын апасы өтө чынчыл, экөөсү тең тамак жешчү. Бир кара, аларга аяттарды кантип түшүндүрүп жатабыз? (Кайра) бир кара, алар болсо кантип бурулуп кетишүүдө? (Маида Сүрөсү, 75)
Улуу Аллах Аз. Иса (ас)дын төрөлгөнүн, балалык доордон өткөнүн жана Аллахтын уруксаты менен кереметтерди көрсөткөнүн да белгилейт:
Аллах минтип айтат: «Эй, Мариям уулу Иса, сага жана энеңе болгон нематымды эстегин. Мен сени Рухул-Кудүс менен кубаттадым, бешикте (жаткан) кезиңде да, жетилген кезиңде да адамдар менен сүйлөшчү элең. Сага Китепти, хикматты, Тооротту жана Инжилди үйрөттүм. Уруксатым менен ылайдан канаттууга окшош (бир нерсени) жасап (кайра эле) уруксатым менен ага үйлөгөнүңдө бир канаттууга айланган эле. Тубаса көрдү, ала оорусун уруксатым менен айыктыргансың, (дагы) Менин уруксатым менен өлүктөрдү (жашоого) чыгарчусуң. Исраил урпактарына апачык далилдер менен келгениңде алардан каапырлыкка адашкандар «күмөнсүз, бул апачык бир сыйкыр» дешкен (эле), Исраил урпактарын сенден алыстатканмын.» (Маида Сүрөсү, 110)
Улуу Аллах башка бир аятында үч кудайлык тараптарларына бүт башка адамдар сыяктуу Аз. Иса (ас)дын да Аллахтын каалоосу болмоюнча эч нерсеге ээ боло албашын эскертүүдө.
Ант болсун, «Күмөнсүз, Аллах – Мариям уулу Месих.» дегендер каапыр болушту. Айткын: «Ал эгер Мариям уулу Месихти, анын апасын жана жер жүзүндөгүлөрдүн баарын жок кылгысы келсе, Аллахтан (муну тосууга) кимдин бир нерсеге күчү жетет? Асмандардын, жердин жана алардын арасындагылардын баарынын мүлкү Аллахтыкы; каалаганын жаратат. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. (Маида Сүрөсү, 17)
Аз. Иса (ас) – албетте, Аллах өтө сүйгөн, кадыр-баркка жеткирген, тандаган бир адам; Анын пайгамбары. Бирок кандай болсо да бир кул. Куранда Аз. Иса (ас)ды кудайлаштыргандарга каршы Аз. Иса (ас) Исраил урпактарын Жалгыз Аллахка ибадат кылууга чакырат:
Ант болсун «Күмөнсүз, Аллах – Мариям уулу Месих» дегендер каапыр болушту. Чындыгында болсо Месихтин айтканы (мындай:) «Эй Исраил урпактары, МЕНИН ДА РАББИМ, СИЛЕРДИН ДА РАББИҢЕР БОЛГОН АЛЛАХКА ИБАДАТ КЫЛГЫЛА. Себеби Ал Өзүнө шерик кошконго бейишти арам кылган, анын бара турган жери от. Зулумдук кылгандарга жардамчы жок.» Ант болсун, «Аллах – үчтүн үчүнчүсү» дегендер каапыр болушту. Чындыгында болсо Жалгыз бир Кудайдан башка кудай жок. Эгер айтып жаткандарынан кайтышпаса, алардан чындыкты тангандарга сөзсүз (оор) бир азап жетет. Дагы эле Аллахка тообо кылып, кечирүүсүн сурашпайбы? Чындыгында Аллах кечиримдүү, боорукер. (Маида Сүрөсү, 72-74)
Куранда бир аятта Аз. Иса (ас) Исраил урпактарына мындай чакырыкты жасаган:
«Менден мурдакы Тооротту тастыктоо жана силерге арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылуу үчүн Раббиңерден бир аят менен келдим. Эми Аллахтан коркуп мага моюн сунгула. Чындыгында Аллах МЕНИН ДА РАББИМ, силердин да Раббиңер. Демек Ага ибадат кылгыла. Туптуура жол мына ушул.» (Али Имран Сүрөсү, 50-51)
Аз. Иса (ас) Улуу Аллахтын өзүнүн да, бүт жаратылгандардын да Раббиси экенин айтып динге чакырууда. Аз. Иса (ас)дын бул чакырыгына жооп берген аз сандагы шакирт (хаварий) Аз. Иса (ас)дан «элчи» деп сөз кылышат:
... Хаварийлер: «Аллахтын жардамчылары бизбиз; биз Аллахка ишендик, биздин чындап Мусулмандар экенибизге күбө бол» дешти. «Раббибиз, биз (Сенин) түшүргөнүңө ишендик жана элчини ээрчидик. Бизди күбөлөр (шахиддер) менен бирге жаз.» (Али Имран Сүрөсү, 52-53)
Улуу Аллах жер жүзүнө эскертүүчүлөр кылып «элчилер» жөнөткөнүн жана ал элчилердин «Аллахты коюп мага кулчулук кылгыла» дешинин мүмкүн эместигин бир аятында апачык билдирген:
Эч бир адам Аллах ага Китепти, өкүмдү жана пайгамбарлыкты берген соң адамдарга: «Аллахты коюп мага кулчулук кылгыла» деп айтууга (акысы жана укугу) жок. Ал «Үйрөткөн жана сабак берген Китебиңерге ылайык Раббанилер болгула» (дегенге милдеттүү.) (Али Имран Сүрөсү, 79)
Жогорудагы аяттар сыяктуу көптөгөн аяттарда далилдери берилгендей, Аз. Иса (ас) – Аллах жараткан куттуу бир элчи, Аллахтын сүйүктүү досу жана пайгамбары жана Аллахка кул бир адам. Жана эч кандай Аллахтын баласы эмес; эч качан мен кудаймын деген эмес жана мындайдан Аллахка корголонгон. Динге чакырып жатканда дайыма Аллахка бир кул экенин эскертип, адамдарды Аллахка ыйман кылууга үндөгөн.
Раббибиз Куран менен Инжилдеги ачык далилдерге карабастан «Аллах – үчтүн үчүнчүсү» дегендерди «каапыр болушту» деп сыпаттоодо. Үч кудайлык жаңылыштыгы – Куранда өтө каршы чыгылган, Улуу Раббибиз көп аяттар аркылуу эскерткен өтө терең жана чоң бир коркунуч. Учурда көп Христиан бир туугандарыбыз чоң ыктымалдык менен бул чоң коркунучту билбестен, аларга үйрөтүлгөндөрдү ээрчип жашап жатышат. Ал Христиандар бул чоң коркунучту сөзсүз көрүшү керек.
Куран акыркы китеп, Инжилди тастыктоочу кылып жөнөтүлгөн жана ошондуктан Христиан бир туугандарыбыз да Куранда билдирилген чындыктарды эске алууга милдеттүү. Куранды жол башчы кылууга ачык болуулары керек. Бул алар үчүн улуу бир шыпаа жана мээрим болот.
(Бул жөнүндө терең маалымат алуу үчүн караңыз: Hz. İsa (as) Allah'ın Oğlu Değildir, Allah'ın Peygamberidir (Аз. Иса (ас) Аллахтын уулу эмес, Аллахтын пайгамбары), Harun Yahya)
Тооротто көп жерлерде Аллахтын баласы сөзү жана кээ бир жерлерде болсо Аллах Өз Заты үчүн колдонгон «Биз» сөзү кездешет. Кээ бир Христиандар бул сөздөрдү үч кудайлык ишениминин булагы деп кабыл алышат. Чындыгында болсо бул чоң бир жаңылыштык.
1. Иврит тилинде Аллахтын ысымдарынын бири «Элохим». Иврит тилинде көбүнчө аяк жактагы «им» мүчөсү көптүк санды билдирүү үчүн колдонулат («байит» - үй, «батим» - үйлөр деген сыяктуу). Элохим ысмындагы «им» мүчөсү себебинен кээ бир Христиандар бул жерде Аллахтын ысмы көптүк мааниде айтылган деп ойлошуп, Тоорот боюнча Исраил урпактары үч кудайлык ишениминде болушкан деп айтып чыгышкан. Бирок иврит тилинде жалгыз нерсе же түшүнүктү билдирген, бирок аягы «им» менен бүткөн көп сөздөр бар: «паним» жүз, «схамайим» асман же асмандар, «рахамим» мээрим же боорукердик, «майим» суу, «пним» ич дегенди билдирет жана көп ушуга окшогон сөздөр бар. Ушул себептен Тооротто ушуга таянып үч кудайлык бар деп айтуу толугу менен сабатсыздыктын натыйжасы.
Ансыз да иврит тилинде заттын көптүк же жекелик санда болушуна жараша этиш өзгөрөт. Ошондуктан этишти карап, сүйлөмдүн жалгыз кишигеби же көпчүлүккөбү ишарат кылып жатканын оңой гана түшүнүүгө болот. Эгер Элохим сөзү, кээ бир Христиандар айткандай, көптүк мааниге келген болгондо, анда иврит тилинде «вайомру Элохим» (кудайлар айтышты) деп айтылышы керек эле. Бирок бүт Тоорот тексттеринде бул сөз айкашы «вайомер Элохим» (Аллах айтты) деп кездешет.
2. Ушул эле жагдай иврит тилиндеги Инжилде Аллахтын башка бир ысмына да тиешелүү. «Адонаи» сөзүн кээ бир Христиандар туура эмес айтышат. Бул негизи «Менин Мырзаларым» маанисине келет. Бирок бул иврит тилиндеги туура айтылышы эмес. Иврит тилинде бул сөз «Адоной» деп окулат жана бул сөз эч качан көптүк маанини билдирбейт.
3. Христиандар Тоороттун Башталыш (Бытие) бөлүмүндө кездешкен бул сөздөрдү үчтүн бирдиги (троица) пикирине далил көрсөтүүгө аракеттенишет:
Теңир «Адамды өз келбетибизде, өзүбүзгө окшош жараталы» деди, «Деңиздеги балыктарга, асмандагы куштарга, үй жаныбарларына, сойлоочуларга, жер жүзүнүн баарына бийлик кылсын.» Теңир адамды өз келбетинде жаратты. Ошентип адам Теңир келбетинде жаратылды. Адамдарды эркек жана аял кылып жаратты. (Башталыш (Бытие), 1: 26-27)
Тоорот бөлүмдөрүнөн Башталыш 1: 26-сөздө орун алган Аллах Өз Заты үчүн айткан «адамды өз келбетибизде, өзүбүзгө окшош жараталы» сөзүнүн көптүк мааниде болушун жана кийинки текстте Аллахтын Өз Заты жөнүндө бул жолу жекелик санда сөз кылышын Христиандар үчтүү бирдикке маанилүү бир далил деп сунууга аракеттенишет. Чындыгында болсо бул өтө бурмаланган бир чечмелөө. Үч кудайлык аң-сезимине сиңирилбеген кандайдыр бир адам, ал тургай, бир жаш бала дагы бул жердеги көптүк маанилердин Аллахтын кудуретине жана улуулугуна басым жасоо үчүн колдонулган өзгөчө бир баян жана кайрылуу формасы экенин заматта түшүнөт. Раббибиз Өз Заты үчүн колдонгон «Биз» сөзү үч кудайлык же үчтүү бирдик логикасын өтө катуу каргаган Куранда да көп аятта кездешет:
Силердин араңарда өлүмдү белгилеген Бизбиз жана Биздин алдыбызга өтүлө албайт. (Вакыа Сүрөсү, 60)
4. Христиандар Тооротто орун алган төмөнкү текстти да өз максаттарына ылайык чечмелешет:
«Жакындагыла мага, уккула айта тургандарымды: башынан бери ачык сүйлөдүм, ошол кезден ушуга чейин ал жактамын.» Эгемен РАБ (Теңир) азыр мени жана Рухун жөнөтүүдө. (Ышайа, 48:16)
Бул Тоорот тексти Христиандар тарабынан кашаанын ичинде бурмаланган түшүндүрмөлөр менен үч кудайлыкка далил катары сунууга аракет кылынууда. Бул аркылуу Христиандар үч кудайлыктагы үч элемент бул текстте айтылат дешет. Чындыгында болсо бул жерде Аллахтын баласы деген сөз эч жок жана Ыйык Рух деп жоромолдонгон бөлүк болсо Аллах адамга үйлөгөн Өз руху. Аллах адамды Өз рухунан жаратканын Куранда да билдирет:
Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. Кийин анын урпагын бир маңыздан (сүлаледен), болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «түздөп бир калыпка салды» жана ага Рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр жаратты. Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Сажда Сүрөсү, 7-9)
Аллахтын рухунан үйлөшү ар бир адамдын Аллахтын рухун алып жүрөөрүн жана эч нерсенин Аллахтан бөлөк, өзүнчө эмес экенин көрсөтөт. Мунун Христиандар тарабынан кантип Ыйык Рух деп жоромолдонгону жана бул жерде Аллахтын баласынын кантип чыгарылганы түшүнүксүз.
5. Забурдун төмөнкү тексти кээ бир Христиандар тарабынан туура эмес чечмеленүүдө:
Теңирдин кабарын жарыялайм: Мага «Сен менин уулумсуң» деди, «Бүгүн Мен сага ата болдум. Сура менден, мурас кылып сага элдерди, мүлк кылып жер жүзүнүн төрт бурчун берейин. ...» (Забур, 2:7-8)
Тоороттун башка тексттеринде да белгиленгендей, бул жерде «бала» деп Израил айтылууда. Аллахтын динчил Израил элине болгон мээрмандыгы бир салыштырма мааниде айтылууда. Бир атанын балдарына болгон мамилеси жана мээрмандыгы мисал берилүүдө жана бул жердеги сөз Аллахтын сүйүктүү кулдары маанисине келүүдө.
6. Тооротто Даниел 7:13-14 бөлүмдөрүндөгү «адам баласы» сөзү Инжилдеги туура эмес сыпаттоого ылайыкташтырууга аракет кылынган жана Аз. Иса (ас) жөнүндө айтылган теңир сыпатына ишарат кылат деп айтылган. Чындыгында болсо бул толугу менен туура эмес бир чечмелөө:
«Мен түнкү көрүнүштөрдө адам баласына окшогон бирөөнүн асман булуттары менен келе жатканын көрдүм. Ал Күндөрү Байыркыга келди, Аны Күндөрү Байыркынын алдына алып келишти. Ошондо бардык элдер, уруулар жана улуттар Ага кызмат кылышы үчүн, Ага бийлик, даңк жана падышачылык берилди. Анын бийлиги – өтүп кетпей турган түбөлүктүү бийлик, Анын падышачылыгы – кулагыс падышачылык. (Даниел, 7:13-14)
Бул жерде өлүмдүү бир адам айтылууда жана Тоорот аалымдары бир ооздон кабыл алгандай бул жерде айтылган падыша – акыр заманда келе турган Падыша Месих, б.а. Мехди. Падыша Месих бүт элдерге бийлик жүргүзөт, бүт элдер жана калктар андан ыраазы болушат.
Бир нерсени айта кетүү керек: иудейлер Аз. Муса (ас) доорунда да, кийин да эч качан бул Тоорот тексттерин үч кудай катары түшүнүшкөн эмес. Тоорот алгач түшүрүлгөн убактарда да бул сөздөр эч качан үч кудай маанисинде түшүнүлгөн эмес. Иудейлер Тоороттогу бул багыттагы сөздөрдүн чыныгы жана терең маанисин өтө жакшы билишет, муну үч кудай маанисинде колдонуудан Аллахка корголонушат. Бул жердеги сөздү сырдуу мааниде чечмелешип, Аллахтын кулуна болгон сүйүүсүнө, мээрмандыгына, жакындыгына басым жасаганын түшүнө алышат. Иудейлер да кээ бир Христиандардын түз чечмелеп, Тоороттогу тексттерден чыгарууга аракет кылган туура эмес маанилерге каршы чыгышууда.
Ал тексттерди үч кудай логикасы менен кароого аракет кылган кээ бир Христиандар Тооротко да моюн сунушкандыктан ал пикирлерине Тоороттон да өкүм чыгарууга аракеттенишүүдө. Чындыгында болсо бүт Тоорот менен Забур тексттеринде жалгыз ыйман шарты катары тавхид (жалгыз Кудай) ишеними айтылат. Инжил дагы Тооротту тастыктоочу катары ал тавхид ишенимин бийик тутат. Христиан бир туугандарыбыз Инжилдеги бул чындыкты сөзсүз көрүшү керек.
Berlin'de bir Sinagog Teslisçiler, teslis inancının temelde Tevrat kaynaklı olduğunu iddia ederler. Hristiyanlık inancı Eski Ahid'in de kabulünü gerektirdiği için, Tevrat'tan kendilerince delil çıkartmaya çalışır ve bir kısım Tevrat sözlerini olduğundan farklı yorumlarlar. Fakat Musevi din adamları, teslisçilerin yaptıkları bu zorlama açıklamaları daima reddetmişlerdir. Tevrat da, tıpkı İncil gibi teslis inancını kesin olarak reddeder. |
Чын ыкластуу Христиандар түз пейилдүү болушуп, бир адамга кудайлык таңуулоонун Аллахтын мыйзамына, Аз. Иса (ас) алып келген Христиандык динине, Инжил менен Тоороттун өкүмдөрүнө карама-каршы келээрин; ошондой эле акыл менен логикага да карама-каршы келээрин түшүнүшү керек. Чыныгы жана акыйкат Инжилге бир канча кылымдан соң кошулган мындай бир ишеним олуттуу бир коркунуч болушу мүмкүн деп ойлоп, бул жөнүндө терең ойлонуулары зарыл. Аллахтын улуу сыпаттарын бир адамга таңуулоого аракет кылуунун жана алсыздыктар менен жаратылган бир адамды кудай деп көрүүнүн жана көрсөтүүнүн кандай мааниси жана пайдасы болушу мүмкүн? Улуу Аллах, күмөнсүз, буга муктаж эмес. (Аллахты аруулайбыз.) Мындай пикирди жактоо –көп жолу айтып кеткендей- АЛЛАХТЫН КУДУРЕТИН ЖАНА УЛУУЛУГУН ЧЫНДАП ТҮШҮНӨ АЛБОО ДЕГЕН МААНИГЕ КЕЛЕТ.
Ошондой эле, Улуу Аллах жер жүзүндө адам абалында Заты менен көрүнгөн деген сыяктуу бир пикирди Христиандар кабыл албашы керек. Муну Улуу Аллахтын даңкына жараштырбашы керек. Аллахтын улуулугу, бийиктиги, кудурети жана чексиз күчү Христиандар үчүн бир жакшылык-немат. Чексиз кудуреттүү бир Аллахка ишенүү жакшыбы; же уктаган, тамак жеген, муктаждыктары бар бир адамды кудай тутунуубу? Албетте мунун жообун бүт Христиандар оңой гана көрө алышат.
Аллах Өзүнүн улуу Затын адамдарга таанытуу үчүн өлүмдүү жана муктаждык ичиндеги бир жандыкта көрүнүүгө муктаж эмес. (Аллахты аруулайбыз.) Христиан бир туугандарыбыз Инжилге да, Тооротко да акыл менен карап, булардын баарын Аллахтын кудуретине ылайык баалашы керек.
Аз. Иса (ас)дын адамдык өзгөчөлүктөргө ээ болушу анын бир пайгамбар катары, албетте, баркын түшүрбөйт. Аз. Иса (ас) Улуу Раббибиздин баалуу жана өтө куттуу бир пайгамбары. Аллахтын Кабатында бүт башка пайгамбарлар сыяктуу эң бийик жана эң куттуу даражада. Аллахтын сүйүктүү досу, улуу элчиси. Ошондуктан анын бир адам кылып жаратылышы анын баркына, жогорулугуна жана пайгамбар катары бийиктигине, албетте, эч зыян тийгизбейт.
Эң негизгиси – бул Аллахка –бирөө жана жалгыз болгон Жаратуучубузга- ыйман кылуу. Аллах адамдардан Өзүнө шерик кошпостон ыйман жана кызмат кылышын каалайт. Адамдар кызмат (кулчулук) кылышы үчүн Аллахтын жер жүзүндө бир адам кейпинде көрүнүшү зарыл эмес. Христиан бир туугандарыбыз, эгер чындап чын ыкластуу мамиледе болушса, төмөнкү суроону өздөрүнө узатышы керек:
Аллахтын Аз. Иса (ас)да Заты катары көрүнбөшү Улуу Аллахтын сыпаттарына кандай залакасын тийгизет? (Аллахты аруулайбыз)
Адамда Аллахтын Заты катары көрүнбөшү Аллахтын сыпаттарын, улуулугун, сулуулугун азайта турган нерсе эмес. Тескерисинче, бул Аллахтын сулуулугуна сулуулук кошот, Анын улуу сыпаттарын жакшыраак түшүнүүгө шарт түзөт. Өлүмдүү, уктаган, тамак жеген, алсыздыктар жана муктаждыктар ичиндеги бир адамда Аллах Заты катары көрүндү деп таңуулаган соң Аллахтын улуу сыпаттарын кантип жакшылап түшүнүүгө болот? Албетте бул мүмкүн эмес.
Алардын талашын тыңдаган жана Исанын аларга жакшы жооп бергенин көргөн бир дин аалымы анын жанына келип: «Эң негизги буйрук кайсы?» – деп сурады. Иса ага мындай деп жооп берди: « (Аллахтын буйруктарынын) эң негизгиси мындай: “Кулак сал, эй Исраил! Биздин Кудай-Теңирибиз – жалгыз Теңир... Дин аалымы Исага: «Жакшы айттың, устат! Кудай бирөө, Андан башка Кудай жок» деп туура айттың.» (Марк,12: 28-32)
... Аллах бирөө. (Павелдин Галатиялыктарга каты, 3: 20)
... Теңир бирөө. Ар кандай иш-чаралар бар, бирок бүт баарында баарын натыйжалуу кылган бир Аллах. (Павелдин Корунттуктарга биринчи каты, 12: 5-6)
Жалгыз Аллах бар... (Павелдин Тиметейге биринчи каты, 2: 5)
Иса ага мындай деп жооп берди: «... Аллахың Раббиге сыйынып, Ага гана кулчулук кыласың» деп жазылган. (Матфей (Матай), 4: 10)
Куткаруучубуз Жалгыз Аллахка улуулук болсун... (Иуданын (Жүйүттүн) каты, 1: 24)
Сен Аллахтын бирөө экенине ишенип, туура кыласың. Жиндер да буга ишенишет жана (Аллах коркуусунан) титирешет! (Иаковдун (Жакыптын) каты, 2: 19)
Чексиз доорлордун Өкүмдары, өлүмсүз, көзгө көрүнбөс жалгыз Аллахка доорлор бою бийиктик жана улуулук болсун. (Павелдин Тиметейге биринчи каты, 1: 17)
Бир-бириңерди бийик тутуп жана жалгыз Аллахтан келген бийиктикти издебеген силер мага кантип ыйман кыла аласыңар? (Иоанн (Жакан), 5:44)
Иса жолго чыгып жатканда бирөө чуркап жанына келди. Алдына тизелеп ага: «Жакшы мугалимим (устатым), чексиз жашоого жетүү үчүн эмне кылышым керек?» деп сурады. Иса ага «... жакшы бирөө гана бар, Ал Аллах.» (Марк, 10: 17-8)
... Путтун (идолдун) дүйнөдө чындыгында бар болбогон бир нерсе экенин билебиз жана бирден башка кудай жок... Биз үчүн жалгыз Аллах бар: бүт баары Андан пайда болгон Аллах. Биз да Ал үчүн жашап жатабыз... (Павелдин Корунттуктарга биринчи каты, 8: 4-6)
... Жалгыз бир Аллахыңар бар... (Матфей (Матай), 23: 9)
Иса «Мага эмне үчүн жакшылык жөнүндө суроо сурап жатасыңар?» деди. «Жакшы бирөө гана бар. Жашоого жеткиң келсе, Анын (Аллахтын) буйруктарын орундат.» (Матфей (Матай), 19: 17)
Жерде же асманда кудай деп аталгандар болсо да... (Аллахты аруулайбыз) биз үчүн жалгыз бир Аллах бар. Ал бүт баарынын булагы, биз Ал үчүн жашайбыз. (Павелдин Корунттуктарга биринчи каты, 8:5)
... Теңир бирөө, ыйман бирөө... Бүт баарынан өйдө, бүт нерсе менен жана бүт нерседе болгон бүт баарынын Аллахы... бирөө. (Павелдин Эфестиктерге каты, 4: 4-6)
Ар бир үйдүн бир жасоочусу бар, бүт нерсенин жасоочусу болсо Аллах. (Эврейлерге кат, 3:4)
Дүйнөдө адамдардын көпчүлүгү маанилүү бир чындыкты билбей жашашат. Адамдардын бүт жашоосун, дүйнө жашоосуна жана акыретке көз-караштарын тамырынан өзгөртө турган ал сыр – мээбиздин ичинде гана жашап жаткандыгыбыз жөнүндөгү чындык. Башкача айтканда, эч ким ага мээсинин ичинде рухуна көрсөтүлгөн дүйнөдөн сыртка чыга албайт, сырттагы заттын өзүн көрүп, биле албайт.
Муну мындайча түшүндүрүүгө болот: бизге тышкы дүйнөдөн сүрөттөлүш катары келген маалыматтар – белгилүү көлөмдөгү жарык гана. Эгер бир алманын сүрөттөлүшүн көрүп, жытын, даамын сезип, ага колубуз менен тийе алып жатсак, булардын баары бизге бир жарык бөлүкчөсү менен келет. Башкача айтканда, сырттагы алмадан бизге ал жарык бөлүкчөсүнөн башка эч нерсе келбейт. Алманын өзүнө эч качан жете албайбыз. Мисалы, алмадан көзүбүзгө келген фотондор көзүбүздө электрдик зарядга айлантылат жана мээбизге жиберилген электрдик заряд ал жерде бир алма көрүнүшү катары жоромолдонот. Тагыраак айтканда, сырттагыдан өзүнчө, такыр башка бир сүрөттөлүш пайда болот жана биз мээбиздеги ал алманы гана көрүп, сезебиз. Сырттагы алма менен мээбиздегинин эч байланышы жок.
Бул көргөн, даамын таткан, тийген, жыттаган жана уккан нерселерибиздин баарына тиешелүү. Мээбизде пайда болгон сүрөттөлүштүн эч бири сырттагы сүрөттөлүштүн өзү эмес. СЫРТТА ЗАТТЫН ӨЗҮ БАР, бирок ал заттын өзү толугу менен ТУНУК (ТҮССҮЗ) ЖАНА КАРАҢГЫ. Сырттагы ал тунук жана караңгы затка болсо кандайдыр бир жол менен эч качан жете албайбыз. Бул илимпоздор аныктаган жана бир ооздон кабыл алып көрсөткөн илимий бир чындык. (Атомдун ичинде 99,9999%дык бир боштук бар экендигинин жана кванттык физика менен атом-асты бөлүкчөлөрдүн бөлүкчө касиетинен тышкары, толкун касиетин да көрсөтөөрүнүн далилдениши менен сырттагы заттын чыныгы маңызы жана сыртта жарык менен түстүн жок экени аныкталган. Бул темада терең маалымат үчүн караңыз: Дарвиндин туюгу: рух, Харун Яхья)
Бул жерде төмөнкүгө басым жасоо керек: заттын өзүнө эч качан жете албашыбыз жөнүндөгү чындык – илим тарабынан далилденген, талашсыз так бир жыйынтык; эч кимдин жеке бир ишеними эмес. Илим бүт жашообуздун мээбиздин ичинде кемчиликсиз майда-бараттары менен жана тунуктукта жаратылып жатканын, сырттагы дүйнөгө болсо эч качан жете албашыбызды, сырттагы заттын болсо толугу менен тунук (түссүз) экенин далилдеди.
Көп адамдар бул чындыкты илимий жактан билсе дагы, сырттагы дүйнөнү көрүп, сезип жатам деген сезимден эч кутула алышпайт. Сүрөттөлүштүн үзгүлтүксүз тунуктугу жана сапаты алардын бул багытта ойлонушуна тоскоол болот. Мунун себеби болсо – мээбизде жаратылган жана электрдик сигналдардан гана турган сүрөттөлүштүн укмуш ынандырарлык, кереметтүү жандуу, түркүн түстүү, кыймылдуу жана кемчиликсиз болушу. Бул албетте бүт ааламдардын Жаратуучусу болгон, бир атомдун ичинде жана учу-кыйырсыз космосто таң калаарлык ааламдарды жараткан, бүт баарын кемчиликсиз бир тартип жана укмуш сулуу жаратууга кудуреттүү болгон, Өзү бүт сулуулуктардын Ээси жана бүт кемчиликтерден аруу-таза Улуу Аллах үчүн өтө оңой. Раббибиз ар бир адамдын мээсинде ага гана тиешелүү жана укмуш детальдар менен жабдылган бир ааламды жаратууга кудуреттүү.
Бул маалымат мындай мааниге келет: сыртта биз учу-кыйырсыз деп ойлогон планеталар, саманчынын жолу галактикасы, жылдыздар, күн, жер бетиндеги бүт адамдар, миллиондогон жандык түрлөрү, алардын жашоосу, жердин астындагылар, клеткалар, белоктор, атомдор жана атомдун ичиндеги бүт башка ааламдар, булардын баары Аллахтын уруксаты менен мээбизде буурчакчалык бир аймактын ичинде жаратылууда. Сүрөттөлүш жаратылган ал кичинекей жер да негизи биз үчүн бир сүрөттөлүш гана. Мээнин ичинде ал сүрөттөлүштөрдү көргөн, ал сезимдерди кабылдаган болсо – рухубуз. Аллахтын рухубузга жашатып, сездиргендерин биз «жашообуз» же «тышкы дүйнө» дейбиз негизи.
Рухтун мээси да, кулагы да жок, бирок аларга муктаж болбостон мээге келген сигналдарды жагымдуу бир музыка, бир көчөнүн үндөрү же бир досуңуздун үнү катары угасыз. Ошол сыяктуу рухтун көзү да жок, бирок рухубуз электрдик заряд абалында мээге келген сигналдарды көзгө муктаж болбостон кооз бир пейзаж же тааныган бир адамдын жүзү абалында көрөт. Ошондуктан дүйнө метафизикалык, аалам метафизикалык. Адамдар бул чындыкты ойлонгулары келбесе да, түшүнмөксөн болушса да, Аллах рухтарына көрсөткөн дүйнөнү гана көрүп-сезишет жана –Аллах кааламайынча- ал дүйнөнүн сыртына эч ким чыга албайт, чыныгысы сыртта болгон затты көрүп-сезе албайт.
Бүт нерсенин мээбизде бир сүрөттөлүш абалында гана жаратылганы жөнүндөгү чындык «көрүнүш (чагылуу)» түшүнүгүн да жакшы түшүнүшүбүзгө шарт түзөт. Бүт нерсе биз үчүн бир сүрөттөлүш гана жана заттын сырттагы чыныгысы түссүз жана караңгы, демек мээбизде жаратылган түркүн түстүү, кыймылдуу жана жарык сүрөттөлүштүн баары маңызы жагынан бирдей. Башкача айтканда, биз көрүп-сезген дүйнөгө тиешелүү бүт нерсе – мээбизде пайда болгон элестер. Биз мээбиздеги бир экрандын ичинде баары элестер болгон ал сүрөттөлүштөрдү көрөбүз. Бул Аллах жараткан мыйзам. Аллахтын мыйзамы боюнча, ЗАТ СЫРТТА БАР, БИРОК БИЗДИН анын сыртына чыгып заттын өзүнө жетишибиз, мээбиздеги ал сүрөттөлүштөрдүн сыртына чыгышыбыз мүмкүн эмес.
Ошондуктан «БҮТ НЕРСЕ», мээбиздин ичинде биз көргөн, кармап-сезген НЕРСЕЛЕРДИН БААРЫ – Аллахтын көрүнүшү. Бүт апалар менен аталар – Аллахтын көрүнүштөрү. Бүт балдар – Аллахтын көрүнүштөрү. Бүт көпөлөктөр, куштар, дарактар, гүлдөр, мөмөлөр – Аллахтын көрүнүштөрү. Планеталар, күндөр, жылдыздар, учу-кыйырсыз аалам – Аллахтын көрүнүшү. Аллах Аз. Муса (ас)га бадалдан сүйлөгөндө, Аллах бадалда көрүнгөн. Эч нерсе бөтөнчө эмес, бүт баары Аллахтын көрүнүшү. Себеби бүт нерселер – сыртта бар болгон заттын мээбизде жаратылган сүрөттөлүшүнүн бир бөлүгү. Ал сүрөттөлүштүн ичинде сулуу адамдар, үй-бүлөбүз, кооз үйлөр, имараттар, куштар, бир-биринен бийик тоолор болгон сыяктуу, таштанды үйлөр, тар көчөлөр, согуштар, киши өлтүрүүлөр, уруштар, жаман нерселер, оорулар да бар. Сулуу, жакшы нерселер ал сүрөттөлүштүн кандай бөлүгү болсо, жаман нерселер да ошол эле сүрөттөлүштүн бир бөлүгү. Себеби баары бул дүйнө жашоосун түзүү үчүн мээбизде бир элес катары жаратылат жана ошондуктан баары Аллах жараткан сүрөттөлүштөр, б.а. көрүнүштөр (чагылуулар).
Кээ бир Христиандар заттын мээбизде бир сүрөттөлүш абалында гана жаратылганын билбегендиктен же толук түшүнбөгөндүктөн «Аллахтын дүйнөдөгү көрүнүштөрү (чагылуулары)» сөзүн да туура эмес чечмелешүүдө. Ал Христиандар Аз. Иса (ас) гана Аллахтын көрүнүшү деп ага кудайлык сыпатын беришип, башкаларды болсо Аллахтан көз-карандысыз, өзүнчөдөй көрүшүүдө.
Bizim beynimizdeki görüntülerin dışına çıkarak dışarıdaki maddenin aslına ulaşabilme imkanımız yoktur. Bizler, sadece bize seyrettirilen renkli ve hareketli dünyadaki görüntüleri izleriz. Dolayısıyla her şey, beynimizde bir hayal olarak yaratılır. Dolayısıyla bunların tümü Allah'ın yarattığı görüntüler ve tecellilerdir. Tecelli konusundaki bu açıklama, "Allah"ın tecellisi demek, Allah'n Zatı demektir" iddiasını ortadan kaldırır. Hz. İsa (as) da yalnızca Allah'ın güzel bir tecellisidir, fakat Allah'ın Zatı değildir. |
Аз. Иса (ас) албетте Аллахтын рухун алып жүрөт жана албетте Аллах анда эң Рахмандык (Мээримдүү) абалда көрүнүүдө. Бирок дүйнөдөгү эч бир нерсе Аллахтын көз-карандысыз, өзүнчө эмес; баары Аллахтын жаратканы жана Аллахтын чагылуусу. Сулуу, сулуу эмес, жакшы, жаман, кыскасы бүт баары Аллахтын жаратуусу менен, Аллахтын уруксаты менен. Бирок ал Христиандар Аллахтын көрүнүшү болууну Аллахтын Заты деп жоромолдошуп чоң жаңылыштык кылышууда. «Аз. Иса (ас) гана Аллахтын бир көрүнүшү; жер жүзүндөгү башка нерселерди, өзгөчө жамандыктарды, жаман нерселерди эч көрүнүш катары кабыл алууга болбойт» дешүүдө.
Аллахтын көрүнүшү (чагылуусу) деген Аллахтын Заты маанисине келбейт. Адамдар эч качан Аллахтын Улуу Затын көрө алышпайт, бирок Анын көрүнүштөрүн дайыма көрүп-сезишет. Көргөндөрүбүздүн баары сырттагы затка тиешелүү бир сүрөттөлүш, жана ал сүрөттөлүш жалгыз бир экран ичинде бүтүн. Биз үчүн бүт дүйнө мээбиздеги ошол сүрөттөлүштөн гана турат, себеби биз сырттагы материалдык дүйнөнүн өзүн эч качан көрүп-сезе албайбыз. Мээбиздеги ал копия сүрөттөлүштөр болсо Раббибизден өзүнчө эмес (Аллахты аруулайбыз), өзүнчө боло алышы мүмкүн эмес. Ошондуктан Аз. Иса (ас) да, бүт башка нерселер, жандыктар да бир эле сүрөттөлүштүн бөлүктөрү жана баары Аллахтын көрүнүштөрү.
Жогоруда илимий жактан баяндалган заттын маңызы темасы Христиандардын Аз. Иса (ас) жөнүндөгү туура эмес ишенимин толугу менен жоготот. Ошондуктан чын ыкластуу Христиан бир туугандарыбыз бул жөнүндө терең ойлонушу керек. Бул чындык, жогоруда да айтылгандай, бир жоромол же бир ишеним формасы эмес. Бул далилденген, илимий бир чындык жана азыркы 21-кылымда муну тана турган бир илимпоз дагы жок. Муну тануу «дүйнө түз» деп айтуу сыяктуу илимге каршы бир пикирди жактаган менен бир. Ошондуктан материалдык бир дүйнө бар деп Аз. Иса (ас)га кудайлыкты таңуулоого аракеттенгендер тамырынан кыйратылган материализмдин таасири астында алданышууда.
1. KOKLAMA | 2. GÖRME | 3. DOKUNMA | 4. DUYMA | 5. TAT ALMA |
Аз. Иса (ас) – күчтүү Аллах коркуусу жана сүйүүсү, бийик адеп-ахлагы, өрнөк мамилелери, Раббибиз ага тартуу кылган кереметтери менен албетте Аллахтын өзгөчө бир көрүнүшү. Аллахтын сүйүктүү бир кулу, Рахман ысмы өтө күчтүү чагылган куттуу бир пайгамбары. Кээ бир Христиандар Аллахтын куттуу кулу жана пайгамбары болгон Аз. Иса (ас)ды Раббибиздин бүт башка көрүнүштөрү сыяктуу бир көрүнүшү деп кабыл алганда, ага кыянат кылган болобуз же ага болгон сүйүүбүзгө зыяны тийет деп ойлошу мүмкүн. Чындыгында болсо Аллахтын куттуу Пайгамбарын кудайлаштыруу эч качан бир сүйүүнү билдирүү болбойт. Тескерисинче бул Аллах сүйүүсүн түшүнө албоодон келип чыккан чоң бир жаңылыштык. Мындай түшүнүктөн Аллахка корголонуу керек. Сүйүү бүт нерсенин Жаратуучусу жана Жалгыз Ээси болгон Аллахка багытталат. Раббибиздин эң куттуу көрүнүштөрү (чагылыштары) да мына ушул себептен өтө сүйүлөт. Биздин Аз. Иса (ас)га болгон сүйүүбүз – Аллахка болгон сүйүүбүздөн келип чыккан бир сүйүү. Аллахты канчалык көп сүйсөк, Аз. Иса (ас)га сүйүүбүз да ошончолук күчтөнүп өсөт.
Аз. Иса (ас)дын Аллах жараткан бүт көрүнүштөр сыяктуу бир көрүнүш болушу анын кадыр-баркын албетте түшүрбөйт. Ал – Аллахтын сонун адеп-ахлактуу жана чын ыкластуу бир кулу, Раббибиздин тандаган сулуу пайгамбары. Аны ошол бийик сыпаты менен Аллах ыраазылыгы үчүн сүйүү – бир топ баалуу жана жакшы. Аллах ыраазы боло турган, чыныгы жана туура сүйүү да мына ушундай болот.
Ант болсун, адамды Биз жараттык жана напсисинин ага кандай азгырыктар берип жатканын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз. (Каф Сүрөсү, 16)
Кээ бир Мусулмандар менен Христиандар аяттагы «Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз» деген сүйлөм физикалык эмес, бир руханий жакындыкты билдирет дешип, Аллахтын бүт тарапта экенине каршы чыгууга аракеттенишет. Ал Христиандар өздөрүнүн туура эмес ишеними боюнча Исламда «алыстагы бир Аллах ишеними» бар, Аллахка жетүү мүмкүн эмес (Аллахты аруулайбыз) дешет. Ушундайча «Аллахтын уулу» түшүнүгүнө да өз ойлорунда негиз табууга аракет кылып, Исламдагы өз ойлорундагы «алыс» бир Аллах ишениминин (Аллахты аруулайбыз) ордуна, Христиандыкта Аллах Аз. Иса (ас) аркылуу кулдарына жетет дешет. Бул өтө чоң бир жаңылыштык, жана ал Аллахтын Заты жана Аллахтын көрүнүшү болуу арасындагы айырманы толук түшүнө албоодон келип чыгууда.
Bir deniz kıyısında çok fazla şey algılarız. Denizin kokusu, rüzgarin serinliği, dalgaların sesi, çakılların ıslaklığı, karşımızdaki ufkun uzaklığı vs. bütün bunlar gerçekte beynimizde yalnızca algı alarak yaratılan bir bütündür. Gerçekte bunların hiçbirinin dışarıdaki gerçekliklerine ulaşamayız. Yalnızca görüntüler vardır ve bu görüntülerin tümü Allah'ın tecellisidir. Dolayısıyla Allah bize elimizle hissettiğimizi sandığımız çakıl taşlarından bile daha yakındır. |
Аяттагы «Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз» сүйлөмү руханий жакындык менен бирге физикалык бир жакындыкты да айтат. Жогоруда түшүндүрүлгөндөй, бүт баары мээбиздеги сүрөттөлүштүн бир бөлүгү болгондуктан жана бүт жашообуз мээбизде пайда болгон ал сүрөттөлүштөрдүн бир жыйындысы болгондуктан, биздин денебиз, клеткаларыбыз, менчигибиздеги бүт нерсе жана көрүп-сезгендерибиздин баары – сүрөттөлүш, жана сырттагы затка тиешелүү бүт ал копия сүрөттөлүштөр сыяктуу алар да Аллахтын бир көрүнүштөрү. Ошондуктан Аллах бизге эң жакыныбызда деп ойлогон бир кишиден да жакыныраак. Бул толугу менен физикалык бир жакындык, себеби Аллах адамды ичинен, сыртынан, бүт тараптан толук ороп-курчаган.
Аллахтын Заты албетте башка. Бирок Аллахтын көрүнүштөрү бүт тарапта. Бир киши бир бөлмөгө кирип, ал жерде Аллах жок десе, динден чыккан болот. «Бүт баары Аллахтын көрүнүшү, бирок бул кичинекей кутудан тышкары» десе да динден чыккан болот. Ал сөзү менен өз оюнда чексиз Аллахтын улуулугун чектеп, Аллахтан көз-карандысыз башка нерселер бар деп айтып жаткан болот. (Аллахты аруулайбыз) Аллахтан көз-карандысыз деп ойлогон кичинекей бир куту болсо дагы, Аллах сактасын, байкабастан Аллахтын чексиз улуулугун танган болот. Чындыгында болсо чексиз жана абсолюттук Зат бир гана Аллах. Ошондуктан бир адам бир бөлмөгө киргенде, Аллахтын көрүнүштөрү ал бөлмө да кошо ал көргөн жана көрбөгөн бүт тарапта болот. Бир адам кайсы жакка бурулбасын Аллахтын көрүнүшү ошол жакта болот.
Аллахтын бүт тарапты ороп-курчаары, кайсы тарапка бурулсак Аллахтын ал жакта экени көп Куран аяттары аркылуу билдирилген. Ал аяттардагы сүйлөмдөр мухкем, т.а. түз аяттар. Мисалы, Аллах Бакара Сүрөсүнүн 255-аятында «... Анын күрсүсү бүт асмандарды жана жерди ороп-курчаган...» деп билдирүүдө. Худ Сүрөсүнүн 92-аятында болсо «... Күмөнсүз менин Раббим кылып жаткандарыңарды ороп-курчаган.» деп Аллахтын адамдарды да, алардын кылгандарын да ороп-курчап тураары билдирилүүдө.
Аллах бул чындыкты Инжилде да апачык билдирген:
Аллах көрбөгөн эч нерсе жок. Ага сурак бере турган Аллахтын көз алдында бүт нерсе ачык-айкын. (Павелдин Эврейлерге каты, 4:13)
Жогоруда түшүндүрүлгөн, сырттагы заттын өзүн эч качан көрүп-сезе албашыбыз, биздин мээбиздеги копия сүрөттөлүштөр, элестерди гана көрүп-сезээрибиз жөнүндөгү чындыкты толук түшүнгөндө, Аллахтын бүт тарапта жана жалгыз абсолюттук Зат экенин да толук түшүнүүгө болот. Аллах асмандарда гана эмес. Аллах бүт тарапты ороп-курчап турат. Бул маалымат бизге Куран аркылуу берилүүдө. Биз дуба кылганыбызда Аллах бизди бүт жакта, дайыма угат. Аллах бизге бүт тарапта көрүнүштөрү аркылуу Өзүн көрсөтөт. Аллах бизди сүйөт жана бизге эң жакын. Эч нерсе бизге Аллахтан жакыныраак эмес. Аллах менен арабызда эч кандай аралык жок. Заттын сырттагысын эч качан көрүп-сезе албашыбызды түшүнгөн адамдар Аллахтын дайыма бүт тарапта экенин, дайыма аларды көрүп тураарын жана угуп тураарын, бүт нерсеге күбө экенин жана аларга күрөө тамырларынан да жакын экенин, ар бир дуба кылгандын дубасын угаарын, ошондуктан руханий жана физикалык мааниде адамга эң жакындын бир гана Улуу Раббибиз Аллах экенин толук түшүнүшөт.
Биз убакыт жана мейкиндиктен көз-каранды болгонубуз үчүн Аллахтын асмандарды, жерди жана бүт нерселерди ороп-курчаарын жакшы түшүнө албашыбыз мүмкүн. Чындыгында болсо Аллахтын ороп-курчашы бир адамды клеткаларына, атомдоруна чейин ороп-курчашы маанисине келет. Эч бир атом Аллахтан көз-карандысыз эмес. Баары Анын көрүнүшү жана Аллах алардын баарын билет. Аллах болбогон эч бир жер жок.
Жогоруда түшүндүрүлгөн заттын маңызы темасын билбеген же толук түшүнө албаган кээ бир Христиандар Аз. Иса (ас)га кудайлык таңуулоонун себебин кээде төмөнкүдөй бир логика менен түшүндүрүшөт: «Биз бир материалдык жандык болгонубуз үчүн жана дүйнө дагы материалдык бир жер болгондуктан, биз жана бүт дүйнө кутулууга жетүү үчүн материалдык бир затка муктажбыз». Мындай пикир Аллахтын бүт тарапта жана дайыма бизге эң жакын экенин, каалаганда, каалаган абалда, ар бир кулуна жете алаарын жакшылап түшүнө албоодон жана заттын чыныгы маңызын билбестиктен келип чыккан абдан үстүртөн караган бир ойдун натыйжасы. Эң биринчиден биз көрүп, кармап, сезген нерселердин эч кайсынысы зат эмес. Анын ичинде биз да барбыз. Биз эч качан чыныгысына жете албаган сырттагы зат дагы негизи биз билген мааниде материалдык мааниге ээ эмес: тунук (түссүз) жана караңгы. Биз мээбизде көргөн, сырттагы оригиналын эч качан көрүп, кармай албаган копия сүрөттөлүштөрдөн, б.а. элестерден гана турган бир ааламда жашайбыз. Беш сезимибиз менен сырттагы дүйнөгө жетебиз деп ойлойбуз. Чындыгында болсо бүт баары электрдик сигналдар гана. Мээге баруучу электрдик сигналдардын баары токтотулса, биз материалдык дүйнө деп ойлогон дүйнө да толугу менен жок болот. Кыскасы, биз көргөн дүйнөдө эч нерсе материалдык зат эмес. Сырттагылардын баары мээбизде биз кабылдаган копия сүрөттөлүштөрдөн гана турат. Ошондуктан элестерден турган мындай бир дүйнөдө материалдык бир кудай болушу керек деген пикир такыр логикага сыйбайт. Мээбиздеги бул дүйнөдө материалдык эч нерсе жок.
Doğu da Allah'ındır, batı da. Her nereye dönerseniz Allah'ın yüzü (kıblesi) orasıdır. Şüphesiz ki Allah, kuşatandır, bilendir. |
Бул Христиандар айткан Аллах бизге жетиши, сүйүүсүн жана жакындыгын көрсөтүшү үчүн бир адамда гана көрүнүшү керек деген пикир – чындыкка жатпаган, ойдон чыгарылган бир ишеним. Аллах мындайга муктаж эмес, Улуу Раббибиз ар кандай кемчиликтен аруу, таза. (Жогоруда да айтып кеткендей, бул жердеги көрүнүү эч качан Аллахтын Заты маанисинде эмес.) Аллах бүт тарапта. Дайыма биз менен бирге. Ал бүт нерседе көрүнөт.
Негизи үч кудайлык ишениминдеги акылга жана логикага карама-каршы келген жоромолдор Аллахты кулдарынан алыс көргөн түшүнүк болот. Ал Христиандар бүт тарапта жана бүт жерде көрүнгөн, бүт нерсени ороп-курчаган жана кулдарына эң жакын болгон Аллах ишенимин бир тарапка таштап, алыстагы бир Аллах ишенимин жакташууда. Ал жалган ишенимде Аллах алардан ушунчалык алыс болгондуктан, бир адам аркылуу гана кулдарына жете алууда (Аллахты аруулайбыз). Бул – Аллах Өзүнүн көрүнүшү катары жөнөткөн адамдан тышкары бүт жандык жана нерселерди Аллахтан көз-карандысыз, өзүнчө нерселер деп кабыл алууга барабар, б.а. Аллахка шерик кошуу (ширк) болот. Аллахка шерик кошуу, Аллахтан башка жандык жана нерселерге көз-карандысыз, өзүнчө бир күч таңуулоо – Аллах Кабатында чоң күнөө жана Аллахты таанып биле албоо болуп саналат.
Аллах кулдарына болгон жакындыгын Инжилде да апачык билдирген:
Силер аларга окшобогула! Себеби Аллахыңар эмнелерге муктаж экениңерди силер Андан сурай элегиңерде билет. (Матфей (Матай), 6:8)
Аллах көрбөгөн эч нерсе жок. Ага сурак бере турган Аллахтын көз алдында бүт баары ачык-айкын. (Павелдин Эврейлерге каты, 4:13)
[Аллах Кабатында] Белгисиз кала турган жашыруун эч нерсе жок, билинбей кала турган жана ачыкка чыкпай кала турган жашыруун эч нерсе жок. (Лука (Лукман), 8:17)
... Асманда жана жерде, көрүнгөн жана көрүнбөгөндүн баары – тактылар, кол алдыдагылар, башкаруулар, өкүмдарлыктар- Анда жаратылды. Бүт баары Ал тарабынан жана Ал үчүн жаратылды. Баарынан мурда бар болгон Ал жана бүт баары Ал себептүү бар. (Павелдин Колосалыктарга каты, 1:16-17)
Бирок силер дуба кылаарыңарда ички бөлмөңөргө кирип эшикти жапкыла жана жашыруун болгон Аллахка дуба кылгыла. Жашыруун жасалганды көрүүчү Аллах силерге сыйлык берет. (Матфей (Матай), 6:6)
Беш таранчы эки ассарийге эле сатылат эмеспи. Ошондой болсо да Кудай алардын бирин да унутпайт. Силердин башыңардагы чачыңар да бир-бирден саналуу... (Лука (Лукман), 12:6-7)
Улуу Аллах Куранда болсо мындайча билдирген:
«... жашыруун сактаганыңарды жана ачыкка чыгарганыңарды да Мен билем.» (Бакара Сүрөсү, 33)
Инжил тексттеринде жана Куран аяттарында апачык айтылгандай, Аллахка жетүү үчүн бир адамдын ичинен чын ыкластан дуба кылышы жетиштүү болот. Каерде гана болбосун, Аллах адамды сөзсүз угат, көрөт жана кааласа анын дубасына жооп берет.
Ошондуктан Исламда алыс бир Аллах ишеними бар деп үч кудайлык ишенимине негиз түзүүгө аракеттенген кээ бир Христиандар чоң жаңылыштыкка түшүшкөн. Ал кишилер Улуу Аллахтын Жалгыз Кудай катары бүт нерсенин Жаратуучусу экенин жана бүт тарапты жана бүт нерсени ороп-курчаарын түшүнгөндө, заттын маңызын түшүнгөндө, мына ошондо Аллахтын аларга канчалык жакын экенин түшүнө алышат.
Үч кудайлык жаңылыштыгы себебинен Аллахты туура эмес таанып, Аллахтын улуулугун түшүнө алышпоодо. Себеби эгер түшүнүшсө, Аллахтан башка, Аллахтын көрүнүшү болбогон заттар бар деп айтышмак эмес жана Аллахка шерик кошуудан абдан качынышмак.
Бүт нерсени жараткан, бүт нерсеге жана бүт жерге Өкүмдар болгон бир Раббибиз бар. Христиандар бул чындыктарды акыл менен баалап, Аллахтын Улуу Кудуретине жараша турган бир дин түшүнүгүн кабыл алуулары зарыл. Аллах асманда, жерде, адам жашаган, көргөн, көрбөгөн бүт тарапта. Мээбизде жаратылган жана биз «жашообуз» деп атаган сүрөттөлүштүн баары Аллахка тиешелүү. Демек, бир адам кантип Аллахка жетүү үчүн бир ортомчу керек деп айта алат? Бир адам ичинен ойлоп койгондо эле Аллах анын дубасын угат. Аллахтын бизге мынчалык жакын болушу бүт Христиан бир туугандарыбызды кубантышы керек. Чын ыкластуу Христиандар заттын чыныгы маңызын, Аллахтын улуулугун жакшылап түшүнүп, андай логикасыз жана керексиз сөздөргө Аллахтын уруксат бербешин билиши керек.
Göklerin ve yerin mülkü O'nundur; çocuk edinmemiştir. O'na mülkünde ortak yoktur, herşeyi yaratmış, ona bir düzen vermiş, belli bir ölçüyle takdir etmiştir. |
Кээ бир Христиандар жактаган үч кудайлык жана үчтүү бирдик (троица) ишеними өтө олуттуу бир жаңылыштык, Аллахка жана Аз. Иса (ас)га жабылган чоң жалаа, жана ошондой эле өтө маанилүү бир коркунуч. Христиандардын үч кудайлык ишеними алып келген жана алып келе турган ал коркунучтарды билиши өтө маанилүү. Ал коркунучтардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Инжил менен Тооротто да, Куранда да Аллахка шериктерди кошуу «ширк» маанисине келет. Ошондуктан чын ыкластуу Христиандар үч кудайлык ишеними менен байкабастан Аз. Иса (ас)ды Аллахка шерик кошуп (Аллахты аруулайбыз) бул чоң ширк коркунучунун ичине түшүшүүдө. Бул ширк коркунучу байкамаксан болуна турган бир жагдай эмес. Улуу Аллах Куранда бул чоң коркунучтан улам дээрлик «асмандар талкаланып, жер жарылмак жана тоолор бузулуп көчмөк» деп билдирүүдө (Мариям Сүрөсү, 90). Ширк Аллах Кабатында чоң бир кылмыш. Аллах Куранда бул күнөөнү кылгандарга мындайча эскертүү берет:
Чындыгында Аллах Өзүнө ширк кошулушун кечирбейт. Мындан башкаларды болсо, каалаганын кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо, чындыгында чоң бир күнөө менен жалаа жапкан болот. (Ниса Сүрөсү, 48)
Аллах Инжилде да Христиандарга ширкке тыюу салган:
Өлүмсүз Аллахтын улуулугу ордуна өлүмдүү адамга, канаттууларга, төрт буттууларга, сойлоочуларга окшогон путтарды (идолдорду) тутунушту (Аллахты аруулайбыз)... Алар Аллах жөнүндө чындыктын ордуна жалганды коюшту. Жаратуучунун ордуна жаратылганга сыйынып кулчулук кылышты. (Аллахты аруулайбыз.) Чындыгында болсо Аллах түбөлүккө чейин мактоого ылайыктуу... (Павелдин Римдиктерге каты, 1:23-25)
Иса ага мындай деп жооп берди: «Аллахың болгон Раббиге сыйын, Ага гана кулчулук кыл» деп жазылган.» (Лука (Лукман), 4:8)
Үч кудайлык аты менен негизи жалгыз Кудайга сыйынабыз; (Аллахты аруулайбыз) бир зат дене, рух жана аң-сезим сыяктуу үч түрдө көрүнөт деген Христиандар өздөрүн бул ширк коркунучунан тышкарыбыз деп санабашы керек. Бүт нерсенин Жаратуучусу болгон жана дайыма биз менен бирге болгон Бир Аллахты кабыл алуунун ордуна мындай башаламандыктын ичинде жашоо акыйкат динден алыстоо дегенди билдирет. Жалгыз Аллахка жүрөктөн баш ийүүнүн ордуна үчтүү бирдик сыяктуу жоромолдор менен путпарасттардын жалган динин эске салган башкача бир динде жүрүү чоң бир адашуу. Мындай жоромолдордун артына жашынып Жалгыз Аллахка ыйман кылам дегендер да жакшылап ойлонушу керек. Үч кудайлыкка ишенген бир Христиан жалгыз Аллахка ишенгиси келип жаткан болушу мүмкүн, өзүн ошондой көрүшү да мүмкүн жана бул жакшы нерсе. Бирок үч кудайлык ишеними эч качан Жалгыз Аллах ишеними болбойт. Бир Христиан кабыл алса да, албаса да үч кудайлык аркылуу башка бирөөлөрдү да кудай деп атоодо жана натыйжада ширкке кирүүдө.
Раббибиз бир Куран аятында Христиандардын үч кудайлык жаңылыштыгы ичиндегилерин мындайча эскертет:
Эй китеп берилгендер, диниңер жөнүндө чектен чыкпагыла, Аллахка карата чындыкты гана сүйлөгүлө. Мариям уулу Месих Иса Аллахтын элчиси жана сөзү гана. Аны («БОЛ» сөзүн) Мариямга жөнөткөн жана Андан бир рух. Демек Аллахка жана элчисине ишенгиле; «үчөө» дебегиле. (Мындан) качынгыла, силер үчүн жакшы. Аллах жалгыз Кудай гана. Ал балалуу болуудан Улук. Асмандар менен жердегилердин баары Аныкы. Өкүл катары Аллах жетет. (Ниса Сүрөсү, 171)
Үч кудайлык жаңылыштыгы менен чын ыкластуу Христиан бир туугандарыбыз туш боло турган эң чоң коркунучтардын бири – бул Аллах үчүн кылып жатабыз деген бүт эмгектеринин текке кетүү ыктымалдыгы. Эскертүүлөргө кулак салбастан, ушул жаңылыштыктан улам гана ширк ичинде жашаган, бул жөнүндө абийирин укпаган, бирок өзүн туура жолдомун деп ойлогон Христиандар үчүн бул чоң бир коркунуч. Мындай коркунучту маанисиз көрбөш керек. Аллах Куранда «иштеп, пайдасыз чарчагандар» жөнүндө кабар берген. (Гашия Сүрөсү, 3). Дагы бир Куран аятында «Алардын дүйнө жашоосундагы бүт аракеттери текке кеткени менен, өздөрүн жакшы иш кылып жатабыз деп ойлошууда» деп билдирүүдө (Кехф Сүрөсү, 104). Тооротто болсо чын ыкластан ыйман келтиргендердин дубалары мындайча:
«Теңирибиз Кудай бизден ыраазы болсун. Колдорубуздун эмгегин текке кетирбе. Ооба, колдорубуздун эмгегин текке кетирбе.» (Забур 90:17)
Ошондуктан Раббибиз алдын ала эскерткендей акыретте өзүн туура жолдомун деп ойлогон, иштеп эмгеги текке кеткен адамдар болот. Чын ыкластуу бир динчил адам мындай коркунучту өзүнөн алыс көрбөшү, абийирин угушу шарт. Көп жылдар бою үч кудайлык ишеними туура деген пикир аң-сезимине сиңирилген Христиан бир туугандарыбызды Аллах азыр ушул эскертүүлөр аркылуу абийирдик эсеп-кысап жүргүзүүгө чакырууда.
Үч кудайлык ишеними алып келген эң чоң коркунучтардын дагы бирөөсү болсо – бул туура эмес ишенимдин жашыруун динсиздикке жол ачышы же адамдарды атеизмге түртүшү. Инжилди жакшы билген кандайдыр бир адамдын үч кудайлык ишениминин логикасыздыгын түшүнүшү, албетте, оор эмес. Негизи Христиандардын дээрлик баары бул чындыкты билишет. Бирок ар кандай бурмалоолор менен өздөрүн буга ишендиришүүдө же «ишенбесең динден чыгасың» деген коркутуулар себебинен көпчүлүгү унчукпай келишүүдө.
Кээ бирлери болсо ичинен ишенбеген бул ишенимден улам динсиздикке түртүлүүдө. Мына ушул өтө чоң бир коркунуч. Христиандык дининин ичинде үч кудайлык ишениминин жараксыздыгын билип туруп динчил көрүнүүгө мажбур болгон жашыруун динсиздер бар болууда. Бул жалган ишенимден улам ыйманын жоготкон жашыруун динсиздер Христиандык ичиндеги мүнафыктык коркунучун пайда кылууда. Мүнафыктар болсо – Мусулмандык менен Иудейликтеги сыяктуу, Христиандык ичинде фитна менен бөлүнүүлөргө себеп болуу; аларды алсыздантуу, ибадаттардан алыстата алуу үчүн чыккан кооптуу бир коом жана жалган ишенимдердин булагы.
Мындан тышкары, кылымдар бою барган сайын көбүрөөк Христиан акыл менен логикага карама-каршы келген үч кудайлык ишеними себебинен толугу менен каапырдыкка адашып атеист болушкан. Ал атеисттер ыймансыздыктын себеби катары Христиандыктын ичиндеги карама-каршылык менен мажбурлаган логикаларды көрсөтүшүүдө. Үч кудайлык тараптары Христиандар да бул абалды, албетте, билишет.
Христиандыкка чакырыкты тыңдаган кишилердин үч кудайлыкка ишене албашынын аларды жашыруун динсиздикке, мүнафыктыкка же атеизмге түртүү ыктымалдыгы, албетте, чоң коркунуч. Албетте, бир адам эгер чындап чын ниеттүү болсо Аллахка жүрөктөн багытталып эң туураны көрүүгө, түшүнүүгө аракет кылуу жана абийири ага көрсөткөндү аткарууга милдеттүү. Бирок ошентсе да бул коркунучту эч көрмөксөн болбош керек.
Үч кудайлык ишеними алып келген динсиздик коркунучунун канчалык чоң пикирдик жана физикалык уруштарга жол ачканын Христиандык тарыхынан да түшүнүүгө болот. Бул уруштар учурда дагы эле уланууда. Акыйкат бир ишенимдин мынчалык чоң башаламандык жана фитналардын булагы болушу мүмкүн эмес. Кээ бир Христиандар бул чоң коркунучтун масштабын алигече көп байкабаган болушу мүмкүн. Инжилдин өкүмү деп аталарынан келген бир ишенимди билбестен сактап калууга аракеттенип жатышы мүмкүн. Бирок бул толугу менен Аллахтын буйругуна карама-каршы бир ишеним. Инжилди акыл жана абийир көздөрү менен карашканда жана бул жалган ишеним алып келген фитналарды көрүшкөндө, муну өтө жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан чын ыкластуу Христиандарды Аллахка корголонуп, бүт пропагандалардан жана Христиан дүйнөсүнө орноп калган туура эмес ишенимдерден тазаланып акыл менен ойлонууга жана бул темада таза абийирлери менен чечим чыгарууга чакырабыз.
Gerçek şu ki, Allah benim de Rabbim, sizin de Rabbinizdir. |
Иса ага мындай жооп берди: «Аллахың болгон Раббиге сыйын, бир гана Ага кулчулук кыл» деп жазылган.» (Лука (Лукман), 4:8)
Иса аларга мындай жооп берди:... «Аллахың болгон Кудайга сыйын, Ага гана кулчулук кыл» деп жазылган. (Матфей (Матай), 4:10)
... Сүйүктүү бир туугандарым, путпарасттыктан (идолдорго сыйынуудан) качынгыла. (Павелдин Корунттуктарга биринчи каты, 10:14)
Бүт баары бизди канчалык жакшы тосконуңарды айтышууда. Жашаган чыныгы Аллахка кулчулук кылуу... үчүн путтардан Аллахка кантип кайтканыңарды сөз кылышууда. (Павелдин Тесалоникалыктарга биринчи каты, 1: 9-10)
[Аз. Иса (ас):] «Эч бир кызматчы эки кожоюнга кызмат кыла албайт... Силерге Аллахка да, акчага да кулчулук (кызмат) кыла албайсыңар [Аллахты аруулайбыз]. (Лука (Лукман), 16:13)
... Ичиңердеги «нур» караңгы болсо, канчалык коркунучтуу ал караңгылык! Эч ким эки кожоюнга кулчулук (кызмат) кыла албайт. Же бирөөсүн жек көрүп экинчисин сүйөт, же болбосо бирөөсүнө жакын болуп экинчисин жаман көрөт. Силер Аллахка да, акчага да кулчулук кыла албайсыңар. (Матфей (Матай), 6: 23-24)
... Дагы эле путпарасттык адат-салттардын таасиринде калган кээ бирөөлөр жеген этин путка арналды деп ойлошот. Абийирлери алсыз болгон үчүн так түшүүдө. Тамак бизди Аллахка жакындатпайт. Жебесек эч нерсе жоготпойбуз, жесек да бир пайда таппайбыз. (Павелдин Корунттуктарга биринчи каты, 8: 7-8)
Путпарасттар курмандыктарын Аллахка эмес, жиндерге арнашууда. Жиндер менен орток болууңарды каалабайм. Теңирдин да, жиндердин да идишинен бирдей иче албайсыңар; Теңирдин да, жиндердин да дасторконуна бирдей орток боло албайсыңар. (Павелдин Корунттуктарга биринчи каты, 10:20-21)
Путтарга арналган курмандык этин жеш маселесине келсек, биз билебиз «Дүйнөдө пут эч нерсе эмес» жана «Бирден көп Аллах жок». (Павелдин Корунттуктарга биринчи каты, 8: 4)
Балдарым, өзүңөрдү путтардан сактагыла. (Иоанндын (Жакан) биринчи каты, 5: 21)
Артта калган адамдар, б.а. бул балээлерден өлбөгөндөр өз колдору менен жасаган путтардан кайтып тообо кылышпады. Жиндерге жана көрө албаган, уга албаган, баса албаган, алтын, күмүш, коло, таш, жыгач сыяктуу путтарга (идолдорго) сыйынууну токтотушкан жок. (Аяндар, 9: 20)
(Bu Kur'an) "Allah çocuk edindi" diyenleri uyarıp-korkutur. Bu konuda ne kendilerinin, ne atalarının hiçbir bilgisi yoktur. Ağızlarından çıkan söz ne (kadar da) büyük. Onlar yalandan başkasını söylemiyorlar. |