Бул китепте 100 триллион клетканын кичинекей, аң-сезимсиз молекулалар тарабынан кантип бир-бирден башкарылып, жөнгө салынаарын, гормон деп аталган бул молекулалардын клеткаларды кантип башкараарын карап чыктык. Клеткалардын ортосундагы байланыш тармагын, бири-биринен абдан алыста жайгашкан, көзү, кулагы жок эки клетканын бири-бири менен кантип байланыш түзөөрүн көрдүк. Ошентип адамдын денесинде курулган системанын кереметтүү өзгөчөлүктөрүнө жана Аллахтын жаратуу чеберчилигинин таң калаарлык мисалдарынын дагы бирине күбө болдук.
Сиз бул саптарды окуп, гормондордогу кереметтерди карап жатканда, сиз окуган кереметтер денеңиздин ичинде уланып жатты. Сиз китепти окуп жатканда денеңиздеги клеткалар укмуш акылдуу иш-аракеттерди жасашты. Мисалы;
Кээ бир клеткалар каныңыздагы суунун көлөмүн өлчөштү.
Кээ бир клеткалар каныңыздагы канттын көлөмүн канчалаган жолу эсептешти. Канттын көлөмүн тең салмакта кармоо үчүн миңдеген клеткаңыз өз-өзүнчө иш алып барды.
Кээде сөөктөрүңүздөн канга кальций берилди. Кээде болсо, тескерисинче, каныңыздагы ашыкча кальций сөөктөрүңүзгө топтолуп коюлду.
Өлгөн тери клеткаларыңыздын ордуна жаңы клеткалар жасалды. Ал үчүн кээ бир клеткалардын бөлүнүп көбөйүшүнө стимул берилди.
Денеңиздин температурасын жөнгө салуу үчүн триллиондогон клетка микро-жылыткыч кызматын аткарды.
Ар бир клетканын иштөө ылдамдыгы бир-бирден текшерилип, көзөмөл астына алынды.
Каныңызда канчалык натрий бар экени да клеткалар тарабынан текшерилип, табуу керек болгон натрийдин көлөмү атайын механизмдер аркылуу камсыздалды.
Кан басымыңыздын кооптуу деңгээлге жогорулашына же төмөндөшүнө бөгөт коюу үчүн клеткалар кан басымын өлчөп турушту жана керектүү чараларды көрүү үчүн күнү-түнү иштешти.
Тамырларыңыздын айланасындагы булчуң клеткалары кээде жыйрылып тамырларды кысышты (ичкертишти), кээде бошоңдоп тамырларды кеңейтишти.
Бөйрөктөрүңүздөгү кээ бир клеткалар заара суюктугунун ичинен кээде суу, кээде болсо натрий молекулаларын алып канга кошушту...
Жана ушул сыяктуу миңдеген иш-аракеттер гормондоруңуз аркылуу аткарылды.
Кыскасы, денеңиздин ар бир чекити, сиздин өмүрүңүздү улантуу үчүн, бир-бирден текшерилип, кемчиликтер жоюлду жана тартипке салынды. Сиз гормон жөнүндө бир китеп окуп жатканыңызда, гормон молекулалары өзүңүздүн денеңиздин ичиндеги бүт бул кереметтүү иштердин аткарылышына шарт түзүштү.
Мына ушул жерде адамга маанилүү бир милдет жүктөлөт: ой жүгүртүү.
Себеби асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Аллахтын бар экенин далилдейт. Жана бул далилдерди чындап түшүнүүнүн бир гана жолу бар: ойлонуу.
Жаратылган нерселер жөнүндө ойлонуу акылдуу адамдарды Аллахка жакындатат, Аллахтын кудуретин жакшыраак түшүнүшүнө жана Аллахка болгон урмат жана коркуусунун өсүшүнө себепчи болот. Асмандарда жана жерде Аллахтын аяттарынын (кереметтери) бар экени жана ыймандуу адамдардын ал аяттарга карата мамилеси Куранда төмөнкүчө кабар берилген:
Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана мындай дешет:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)
Бизге эч билинбей денебиздин ичинде иштеп жаткан гормон системасы да Аллах көрсөткөн кереметтүү аяттардын бири. Ошондуктан бул китепте жазылгандарды биологиялык маалыматтар катары гана көрүү, албетте, чоң жаңылыштык болот.
Адамдын өзүнүн денесинде болуп жаткан бул кереметтүү окуялар жөнүндө ойлонушу, «бул процесстер кантип ишке ашат жана бул системалар кантип пайда болгон» деп ой жүгүртүшү, албетте, аны Аллахка андан да жакындатат.
Гормон системасы жөнүндө ойлонуунун дагы бир маанилүү пайдасы бар. Бул система жөнүндө ойлонуу Аллахтын бар экенин четке кагып, чоң жалаа жапкан «эволюция теориясынан» адамды көбүрөөк кабардар кылат. Бири-бири менен тыгыз байланыштагы, бирөөсү эле кем болсо иштебей кала турган көптөгөн субсистемалардан түзүлгөн кереметтүү гормоналдык система эволюция теориясы жактаган кокустук жомогунун жараксыз экенин да көз алдыга тартуулайт.
Бул китепти окуган адам, ошондой эле, мындагы айтылган кереметтерди колунан келишинче башка адамдар менен бөлүшүп, айланасындагы ар бир адамга Аллах көрсөткөн бул чеберчиликтерди чын ниеттүү, жылуу бир маанай менен айтып бериши керек. Ошондо гана колуңуздагы китеп чыныгы максатына жетет, б.а. Аллахтын жаратуу чеберчилигин көрсөткөн маалыматтар мүмкүн болушунча көп адамга жеткирилген болот.
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)