Кыз менен эркек балдардын денелери төрөлгөндөн баштап белгилүү бир кезге чейин бири-бирине окшош болот. Бирок бир канча жылдар өткөн соң эки дене бири-биринен өзгөчөлөнүп баштайт. Эркектерге сакал-мурут чыгып, үнү жоонойуп, далысы кеңейет жана кадимки эркек денесине окшошуп калат. Кыздардын денеси болсо кадимки бир аялдын денесине окшошо баштайт. Жыныстык аймактардан тышкары, бири-бирине абдан окшошкон эки дененин көрүнүшү өспүрүм кезде бул гормондор чыгарылган соң бири-биринен абдан айырмаланып баштайт.
Аял менен эркектин денесин эки түрдүү кылган – бул, Аллах улуу бир тартип менен жараткан жыныстык гормондор.
Жыныстык гормондор эркекте тестостерон, аялда болсо эстроген менен прогестерон. Бул гормондордун бөлүп чыгарылуу механизмдеринен да көптөгөн кереметтерге күбө болобуз.
Жыныстык гормондор эркекте урук безинен, аялда энелик бездерден бөлүп чыгарылат. Бирок бул гормондорду бөлүп чыгартуучу система бул органдардан бир топ алыста жайгашкан. Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, жыныстык гормондордун бөлүп чыгарылышы гипофиз бези менен гипоталамус аймагы тарабынан башкарылат.
Жыныстык гормондор адам төрөлгөндөн баштап бир топ жылга созулган бир күтүүдөн соң гана ишке киргизилет. Бул өтө улуу бир керемет. Себеби мээнин гипоталамус аймагы адам төрөлгөндөн кийин бир топ жылга чейин «жыныстык гормондор бөлүп чыгарылсын» деп буйрук бербейт. Өз учуру келгенде гана, башкача айтканда, бала өспүрүм жашка жеткенде гана гипоталамус гипофиз безине бир буйрук жиберет. Ал буйрук GnRH гормону (гонадолиберин). Гипоталамустун миллиарддаган адамда убакыттан эч жаңылбашы өтө кереметтүү көрүнүш. Кичинекей бир эт түйдөгү күндөрдү, айларды, жылдарды эсептеп, колунда бир жылнаамасы жок туруп, аныгыраагы жылнааманы түшүнө турган акылы жана аң-сезими да жок туруп, убакытты мынчалык так кантип аныктай алат? Бул акыйкат гипоталамустун Аллах тарабынан убакытты ушинтип аныктай ала турган кылып долбоорлонгондугун толук далилдейт.
Бул буйрукту алган гипофиз бези эки гормон (LH: лютеотропин жана FSH: фоллитропин) бөлүп чыгарат. Бул гормондордун көздөгөнү аялдарда энелик без, эркектерде болсо урук бези. Гормондор канчалаган жылдан бери бош турган бул органдарга «иштеп баштагыла» деп буйрук берет.
Урук бези менен энелик бездер, бир жагынан, эркек менен аялга тиешелүү жыныстык клеткаларды жасап, экинчи жагынан болсо, жыныстык гормондорду бөлүп чыгарып башташат.
Бул жерде өтө таң калаарлык бир жагдай бар. LH жана FSH гормондорунун молекулалык түзүлүшү аял менен эркекте бирдей болот. Бирок экөө тең аял менен эркектин денесинде башка башка өзгөрүүлөргө себеп болушат.
Бул гормондордун ар кандай таасирлерге себеп болушунун жана көп жыл бою бөлүп чыгарылбай күтүп турулушунун канчалык улуу бир керемет экенин «Убакытты пландап, жынысты айырмалай алган гормондор (FSH жана LH)» аттуу бөлүмдө карадык.
Эми эркек менен аялдын жыныстык системаларынын кантип өрчүй турганын карайлы жана Аллахтын жаңы бир адам дүйнөгө келиши үчүн кандай система жаратканын көрөлү.
Sex hormones give shape to the male and female bodies with the expertise of a sculptor. |
Аялдын жыныстык системасынын эң негизги органы – бул, ар биринин салмагы 10-20 грамм болгон энелик бездер. Энелик бездер төрөлө турган бир адамдын жарымы деп кабыл алынган энелик клетканы жасашат. Төрөлө турган адамдын экинчи жарымы болсо эркектин денесинен келе турган сперма клеткасы болот.
Энелик бездердин экинчи милдети – бул, жыныстык гормондорду чыгаруу. Бул өтө маанилүү бир милдет, себеби жыныстык гормондор жаш баланын денесин аялдын денесине айлантат. Бул процесс бир айкелчинин (скульптор) бир айкелди жасашына окшошот. Бирок гормондор ал айкелди айкелчи сыяктуу сырттан эмес, айкелдин, б.а. дененин ичинен жасашат.
Мисалы, аялда чыгарылган жыныстык гормондор жамбаш сөөктөрүн кеңейтет. Бул атайын бир пландын бөлүгү жана кош бойлуу кезде жатындагы наристеге орун болушу үчүн жасалган.36
Бул жерде кайрадан ойлонуу керек. Аял гормондорун чыгарган клеткалар келечекте аялдын кош бойлуу болушу мүмкүн экенин жана наристеге кененирээк орун керек болоорун кайдан билишет? Муну кайдандыр билип калышты дейли. Анда жамбаш сөөгүн түзгөн клеткаларга канчага бөлүнүп, жамбаш сөөгүн канчалык кеңейтүү керек экенин кантип айтышат? Жамбаш сөөгүнүн канчалык чоңдукта болушу керек экенин кайдан билишет?
Ошондой эле, аялдарда майлардын жамбаш менен сандарда топтолушуна да эстрогендин таасири себеп болот. Эркекте болсо өспүрүм кезде май эмес, скелеттик булчуң массасы өсөт. Аялдарда май запасынын көбөйүшү келечекте кош бойлуулук жана сүт берүү учурунда керек боло турган энергияны топтоп коюу үчүн атайын пландалган.37
Жыныстык гормондор аялда ичке үндү өрчүтсө, эркекте жоон үндүн өрчүшүнө себеп болот.38 Гормон молекулалары эркектин үнү менен аялдын үнүнүн ортосундагы айырманы кайдан билишет? Эркектин үнүнүн жоон, аялдын үнүнүн болсо ичке болушу керек экенин кантип чечишет? Жана формуласы бирдей болгон гормондор кантип аялда ичке, эркекте жоон үн жасай алышат?
Аялдык гормондордун белгилүү бир жашка чейин бөлүп чыгарылбашынын дагы бир өтө маанилүү себеби бар. Анткени аялдын денеси акыл жана дене жагынан жетилгенде, б.а. денеси жетилип бир наристени көтөрө ала турган болгондо, акылы болсо аны чоңойто ала турганчалык жетилген жашта аялдык гормондор ишке кирип баштайт.39 Албетте, бул адамдын белгилүү бир план менен жаратылгандыгынын дагы бир далили.
Ovaries produced by female sex hormones. |
Ден-соолугу жайында бир аялдын денеси төрт жумада бир кеңири масштабдуу даярдык көрөт. Бул даярдык жаңы бир адамды бул дүйнөгө алып келүү үчүн аялдын денесиндеги клеткалар тарабынан жасалат.
Бир эненин наристесинин бүт муктаждыктарын ойлонуп, анын ден-соолугуна, чоңоюшуна абдан көңүл коюп, баласынын келечеги үчүн пландарды түзүшү сыяктуу; эненин жыныстык органдарын түзгөн клеткалар да энелик клетканы абдан «бөпөлөшөт». Энелик клетка уруктанышы үчүн аларга үйрөтүлгөн узун мөөнөттүү планга баш ийишет. Ал планды ишке ашырууда негизги ролду, албетте, гормондор ойнойт.
Төрт жумалык периоддун башында гипофиз бези LH (лютеотропин) гормонун чыгарат. Бул гормон баш сөөгүнөн жолго чыккан соң узун жол жүрүп кан аркылуу энелик бездерге жетет. Натыйжада энелик бездер ишке кирет.
Энелик бездердин ичинде миңдеген жетилбеген (ядро) энелик клетка болот. Гипофизден келген LH гормонунун таасири менен бул ядро клеткалардын бир бөлүгү жетилип баштайт. Жетилип жаткан клеткалардын бирөөсү гана толук жетилип, энелик клеткага айланып энелик безден сыртка чыгарылат. (Эки клетка чыгарылып, экөө тең уруктанганда «эгиз» балдар төрөлөт.)
Жетилип жаткан энелик клетка менен анын айланасындагы азыктандыргыч катмар фолликул деп аталат. Гипофиз безинен жиберилген FSH (фоллитропин) гормону фолликулга өтө кызыктуу бир таасир берет жана фолликул күтүүсүздөн өзгөчө бир молекуланы чыгарып баштайт. Ал молекула – «эстроген» аттуу гормон.
A sperm—the male reproductive cell. |
Өзү да толук жетиле элек болгон фолликул кантип бир гормон чыгарып баштайт? Бул өндүрүштүн максаты эмне? Бул суроолордун жообу бизге дагы бир жаратылуу далилин көрсөтөт.
Фолликул чыгарган молекулалардын, б.а. эстрогендин аялдын денесинде аткарган кызматтары да өзүнчө бир керемет. Эстрогендин бул кызматтарын кыскача карайлы:
1. Эстроген гормонунун көздөгөн жерлеринин бири – бул жатын. Жатын уруктанбаган жумуртканын жайгашып, бөлүнүп чоңойо турган уясы болуп эсептелет. Эстроген гормонунун таасири менен жатында бир даярдык башталат. Жатындын капталдарынын калыңдыгы 3-5 эсеге өсүп, капиллярлар менен оролот. Эгер уруктануу ишке ашса, энелик клеткага керектүү азыкты ушул тамырлар камсыз кылышат.
Бул чыныгы бир керемет. Себеби өзү эми гана жетилип жаткан фолликул ичиндеги энелик клетканын келечегин ойлонуп, энелик клетканын азыктанышы үчүн керектүү чараларды алдын ала көрүп баштайт. Энелик клетканын келечекте жашай турган жерине, б.а. жатынга даярдык көрдүрөт.
Бул жерде кээ бир суроолор туулат;
1. Фолликул энелик клетканын бөлүп чыгарылган соң жатынга бараарын жана ошол жерде жашай турганын кайдан уккан? Жатындагы капиллярлардын энелик клеткага азык берээрин кайдан билет? Ал капиллярларды көбөйтө турган формуланы кимден үйрөнгөн?
2. Эстрогендин таасири менен жатындын булчуңдары да өрчүп, күчтүү болуп баштайт. Бул дагы уруктануу болуп калчу болсо энелик клетканын жайгаша турган жерин коргоо үчүн көрүлгөн бир чара.40
3. Аялдардын жетилүү учурунда көкүрөк аймагынын чоңоюшу да түздөн-түз эстроген гормонунун таасиринен көз-каранды. Эстроген көкүрөккө майдын чогулушун өстүрөт жана, ошондой эле, көкүрөктүн ичиндеги сүт бездерин да көбөйтөт.41 Бул даярдыктардын баары эненин келечекте төрөлө турган наристени эмизиши үчүн көрүлөт.
4. Аялдын дене түзүлүшүнүн башка бөлүктөрүнүн калыптанышына да эстроген себепчи болот. Бул жерде да өтө кызыктуу бир көрүнүшкө күбө болобуз. Мисалы, эстроген аялдын көкүрөк аймагын кеңейтет. Бирок эч качан бул гормон барып ийин сөөктөрүн кеңейтип, аялдын көрүнүшүн эркекке окшоштуруп койбойт.
Аялда ичке үндүн өрчүшүн да эстроген камсыз кылат. Эстроген аялдын үнүн эркектикиндей кылбайт. Ар дайым кандай үн жасоо керек экенин, б.а. аялдын үнүн жасаганды эң жакшы билет. Аял денесинин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрүн жасаган скульптор – бул, эстроген гормону.
5. Эстроген, ошондой эле, уруктанууну да оңойлоштурат. Экинчи жуманын аягында, энелик клетка уруктануу үчүн эң ыңгайлуу абалга келгенде, кандагы эстрогендин көлөмү да абдан көбөйөт. Бул болсо жатындан вагинаны көздөй белгилүү бир суюктуктун бөлүп чыгарылышына себеп болот. Ал суюктук эркектин көбөйүү клеткасы болгон сперманы өзүнүн ичине камап, жогору көздөй жылдырат. Ал суюктук сперманын кыймылдуулугун жогорулатып, анын жогору көздөй, б.а. энелик клетканы көздөй жылышына көмөкчү болот.
6. Жатын, эгер атайын чара көрүлбөсө, абдан микробдуу бир жер болуп саналат. Бул эненин жана төрөлө турган наристенин ден-соолугуна чоң коркунуч туудурат. Бул коркунучтун алдын алуу үчүн кандай чара көрүү керек? Эстроген гормону кереметтүү бир жол менен бул коркунучтун жоюлушуна шарт түзөт. Эстроген молекулалары жатындагы эпителий клеткаларына жеткенде, ал клеткалар кислота бөлүп чыгара башташат. Ал кислоталар пайдалуу микробдордун (Додерлейн таякчаларынын) көбөйүшүнө ыңгайлуу шарт түзөт жана, ошондой эле, вагинаны инфекциялардан коргойт.42
Кичинекей бир фолликул чыгарган химиялык молекула бир адамдын денесин толук калыптандырат жана, мындан тышкары, келечекте жаңы бир адам төрөлүшү үчүн бир катар жөнгө салууларды жасайт. Негизи, эстроген гормону – атомдордун белгилүү бир тартип менен тизилишинен келип чыккан, аң-сезимсиз бир зат. Аң-сезимсиз клеткалар тарабынан чыгарылат жана аң-сезимсиз клеткаларга таасир тийгизет. Бирок бул процесстердин баары белгилүү бир пландын негизинде ишке ашып, ал пландын аягында адам жыныстарынын бири толук калыптанууда.
Бул жерден кайра эле төмөнкү чындыкты көрөбүз:
Эстроген гормонундагы акыл аң-сезимсиз атомдорго да, аң-сезимсиз клеткаларга да, кокустуктарга да тиешелүү эмес. Ал акыл адамды эркек жана аял кылып жараткан, жана адамды өрнөксүз кылып жоктон пайда кылган Аллахка тиешелүү.
Эй адамдар, силерди жалгыз бир напсиден (адамдан) жараткан, андан түгөйүн жараткан жана ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана аял жаратып-тараткан Раббиңерден коркуп-тартынгыла. Жана Аны менен бири-бириңерден бир нерселер сурай турган Аллахтан жана тууганчылык (мамилелерин үзүү)дөн сактангыла. Албетте, Аллах силерди көзөмөлдөөчү. (Ниса Сүрөсү, 1)
1. Corpus luteum 7. Mature vesicular (Graafian) follicle |
The structure of an ovary where female sex hormones are produced... |
Төрт жумалык периоддун экинчи бөлүгүнө, б.а. болжол менен 14-күнгө келгенде, жетилген энелик клетка энелик безден сыртка чыгарылат. Мындан соң энелик клетканын жатынды көздөй сапары башталат. Ал сапар учурунда уруктанса жаңы бир жашоо башталат, уруктанбаса өлүп, денеден сыртка чыгарылып салынат.
Энелик клетка энелик безди таштап, сапарга чыгат. Бирок артта калган энелик бездин ичинен жана абдан алыста жайгашкан гипофиз безинен ага чоң колдоо көрсөтүлөт.
Гипофиз бези койо берилген энелик клеткага жардам керек экенин билгендей болуп, LTH (лютеотроптук гормон) аттуу атайын бир гормонду бөлүп чыгарат. Ал гормон кан аркылуу энелик бездерге келип, анын ичиндеги «сары телого» (korpus luteum) таасир берет. Сары тело болсо прогестерон гормонун бөлүп чыгарат.
Прогестерон гормону да атайын долбоорлонгон жана көп максаттар үчүн чыгарылган. Энелик безден эч сыртка чыкпаган жана сырткы чөйрөнү эч көрбөгөн сары телонун клеткалары чыгарган бул гормон алыс жактагы көптөгөн клеткаларга таасир берет. Ал клеткалардын белгилүү бир пландын негизинде иш-аракет жүргүзүшүнө шарт түзөт. Бул кубулуш адам денесиндеги кереметтердин дагы бир мисалы.
Прогестерон молекулалары жатынга жеткенде, дал эстроген сыяктуу энелик клетканы тосуп алууга даярдык көрдүрүшөт; кандайдыр бир мааниде эстрогендин күчүнө күч кошушат.
Прогестерон гормону, ошондой эле, өзү ичинен чыккан энелик безге да таасир берет. Энелик безден дагы бир энелик клетканын койо берилишине тоскоол болот. Антпесе, эне курсагында бир эмбрион чоңоюп жатканда, экинчи бир энелик клетка да уруктанып, бул өрчүп жаткан эмбрионго да, энеге да чоң коркунуч жаратат.
Прогестерон молекулалары уруктануу ишке ашкан соң, экинчи уруктануу болбошу керек экенин, ал үчүн энелик бездин иш-аракетин токтотуу керек экенин кайдан билишет? Жөнөкөй бир молекула болгон прогестеронго бул жөндөмдөрдү ким берген? Албетте, бул суроолор жөнүндө терең ойлонуу керек.
Прогестерондун дагы бир касиети болсо – гипофизден чыгарылган окситоцин гормонунун таасирин азайтуу. Бул дагы өзүнчө пландалган бир керемет. Окситоцин гормону, мурдакы бөлүмдөрдө каралгандай, төрөт жакындаганда жатындын булчуңдарын жыйрылтуучу бир гормон. Мындай жыйрылуулар наристенин эне курсагынан чыгышын жеңилдетет.
1. Hypothalamus secretes releasing hormones |
a. Uterus |
A diagram showing the structure of the hormonal system in females. With the secretion of FSH and LH from the hypothalamus, the hormonal system is activated. The estrogen and progesterone secreted as a result of this causes a female to enter puberty. |
Эгер уруктануунун башында окситоцин гормону жатындын булчуңдарына таасир тийгизсе, бул жыйрылуулар жатынга карманууга аракет кылып жаткан, уруктанган энелик клетканы сыртка чыгарып салып, эч качан эненин боюна бүтпөйт. Бул этапта прогестерон гормону окситоцин гормонунун таасирин жокко чыгарып, уруктанган энелик клетканын сыртка чыгарылып салынышына бөгөт койот. Прогестерондун окситоцин гормонунун таасирин жокко чыгара турган түзүлүштө болушу таң калыштуу.
Эми кайрадан ойлонуп көрөлү. Прогестерон энелик бездин ичиндеги клеткалар тарабынан чыгарылат. Окситоцин гормону болсо энелик безден өтө алыста, баш сөөгүнүн ичинде жайгашкан гипофиз безинен чыгарылат.
Прогестеронду чыгарган клеткалар окситоцин гормонунун бар экенин кайдан билишет? Окситоцин гормонунун жатындын жыйрылышына себеп болоорун жана мунун уруктанган энелик клетканы сыртка чыгарып салаарын кимден угушкан? Кайсы акылы менен буга жолтоо болуу үчүн прогестерон молекуласын долбоорлошкон?
Албетте, бул жердеги пландоо ал планды түзгөн бир акылдын бар экенин көрсөтөт. Жана бул планды түзө алуу үчүн адам денесине тиешелүү бүт маалыматтарды билүү керек. Адамды бүт өзгөчөлүктөрү менен жараткан Аллах прогестерон-окситоцин механизминдеги шайкештикти да эң идеалдуу кылып жараткан.
Прогестерон гормонунун дагы бир өзгөчөлүгү бар; ал өзгөчөлүк адамдын жараткан Аллахтын алдындагы алсыздыгын дагы бир жолу далилдейт.
Уруктанган энелик клетка жатындын капталына жетип, ал жерде чоңоюп баштаганда эненин денеси үчүн чоочун бир зат болуп эсептелет. Ошондуктан эненин денесиндеги иммундук клеткалар бөлүнүп, чоңоюп жаткан клетка тобуна сөзсүз чабуул жасашы керек. Бул чабуул адамдын жашоосун баштала электе токтотуп салгандыктан, эч качан бойго бүтпөйт.
Бирок прогестерон гормону иммундук клеткалардын жатындын капталындагы зиготага кол салышына бөгөт болот. Бул дагы өтө таң калыштуу көрүнүш. Прогестерон, башка көптөгөн кызматтарынан тышкары, өрчүп жаткан клетка тобун чабуулдардан да коргойт. Бул көрүнүш, албетте, прогестерондун улуу бир акыл, б.а. Аллах тарабынан жаратылгандыгын дагы бир жолу далилдейт.
Прогестерон, жогоруда да айтылгандай, төрт жумалык периоддун экинчи бөлүгүндө бөлүп чыгарылат. Бул убакыт тилкесинде эгер уруктануу ишке ашпаса, кандагы прогестерон менен эстрогендин көлөмү тездик менен азайат. Жаңы бир адамга жашоо тартуулоо үчүн көрүлгөн даярдыктар азырынча керек эмес болуп калат. Бул даярдыктар (уруктана турган энелик клетканы азыктандыруу үчүн жатындын капталына чогулган капиллярлар) денеден сыртка чыгарылып салынат жана бул аялдарда айыз (менструация) деп аталган көрүнүштү пайда кылат.
Төрт жумадан соң гипофиз безинин FSH (фоллитропин) гормонун бөлүп чыгарышы менен энелик бездин ичинде жаңы бир энелик клетка жетилип баштайт. Ошентип төрт жумалык жаңы бир даярдык периоду башталат.
a. Fimbriae | d. Fallopian tube |
(1) A maturated egg is ejected from the ovary in the direction of the fallopian tube. |
Эркектин жыныстык системасында да гормондор негизги рольду ойнойт. Төрөлгөндөн болжол менен 10 жылдан соң жетилүү периоду башталганда эркек гормондору толук ишке кирет. Ал гормондор да денеде курулган бир буйрук тизмегинин иштеп башташы менен ишке кирет. Бул буйрук тизмегинин эң жогорку башкаруучусу болсо гипоталамус.
Гипоталамус бала төрөлгөндөн кийинки жылдары ар 3-4 саатта бир LHRH аттуу бир гормон бөлүп чыгарат. Бирок бул гормондун бөлүп чыгарылган саны абдан аз. Болжол менен он жылдан соң гипоталамус эркектин денесин калыптандыруу убактысынын келгенин түшүнгөндөй болуп, LHRH гормонун кыскараак аралык менен (батыраак) чыгарып баштайт.43 LHRH гормону буйрук тизмегинин экинчи шакеги болгон гипофиз безине барат. Гипофиз бези бул буйрукту алаар замат LH аттуу башка бир гормонду бөлүп чыгарат. Бул гормон эркектин урук бездерине өндүрүштү баштагыла деп буйрук берет.
Бул процесстердин башталышы эмне үчүн көп жылдарга созулат жана бул механизмдин иштөө убактысы кантип аныкталат? Бул суроолордун жооптору илим дүйнөсү үчүн дагы эле белгисиз. Бирок адам баласы дагы эле сырларын түшүнө албаган бул система адамзат тарыхынын башынан бери адамдардын денесинде иштеп келе жатат.
LH гормону кан аркылуу урук бездерине жеткенде, ал жердеги клеткалар тестостерон аттуу гормонду чыгарып башташат. Тестостерон чыгарган клеткалар ал дененин балалыктан эркектикке өтүү убактысынын келгенин билген сыяктуу. Себеби алар чыгарган тестостерондун химиялык формуласы өсүп жаткан баланы бойго жеткен бир эркекке айлантат.
Тестостерон молекулалары денеге тарап, белгилүү жерлердеги клеткаларга эмне кылуу керек экенин кабар берет. Тестостерондун эркектин денесин калыптандыруучу кызматтарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:
1. Тестостерон молекулалары булчуң клеткаларынын көбөйүшүнө себеп болот. Ошондуктан эркектин денеси аялдын денесинен булчуңдуураак жана күчтүүрөөк болот. Булчуң массасынын көбөйүшү дененин көрүнүшүн кадимки эркектин денесине айландырат.
2. Тестостерон молекулалары, ошондой эле, түктөрдүн түбүндөгү клеткаларга таасир тийгизип, сакал жана муруттун чыгышына себеп болушат. Маңдайдагы чач сызыгы артты көздөй тартылат.
3. Тестостерон молекулалары үн байламталарына да таасир беришет. Эркектердин үнүнүн аялдардыкынан жоонураак болушу мына ушундан келип чыгат. Тестостерон молекуласы, мындан тышкары, эркектин денесине энелик клетканы уруктандыра алуу жөндөмүн берет.
Албетте, булардын баарын аң-сезимсиз бир молекуланын жасашы абдан таң калыштуу. Ал молекула эркектин денесине тиешелүү өзгөчөлүктөрдү билгендей болуп, эркектин денесин калыптандыруу үчүн триллиондогон клетканы башкарат.
Тестостерон гормонундагы план булар менен эле чектелбейт. Бул гормондун таасир тийгизүү механизминен да апачык бир планды көрүүгө болот. Тестостерон жогоруда айтылган таасирлерди тийгизүү үчүн көздөлгөн тканьга (эркектин жыныстык органдарына) жеткенде клеткалардын ичине кирет. Клетканын ичинде атайын тестостерон үчүн жаратылган бир фермент менен биригет жана натыйжада тестостерондун таасири бир топ жогорулайт.
A diagram of the male hormonal control. |
1. Hypothalamus secrets releasing hormones. |
a. Negative feedback inhibits hypothalamus. |
Долбоор жана пландоо дагы эле бүтө элек. Бул жаңы пайда болгон гормон да атайын өзү үчүн долбоорлонгон белгилүү бир кабылдагыч менен биригет. Мындан келип чыккан молекулалык комбинация клетканын ДНКсына туташып, ДНКдан алынган маалыматтардын негизинде жаңы бир белок синтезин пайда кылат. Бул кубулуш эркек менен аялдын денесин бири-биринен айырмалуу кылып, жыныстык функциялардын иштешине шарт түзөт.
Бул жердеги система укмуш кемчиликсиз жаратылгандыктан, тестостерон-фермент-кабылдагыч үчилтигинен турган механизм ДНКдагы миллиарддаган маалыматтын арасынан өздөрү үчүн жазылган бөлүктү таап, ал жердеги маалыматтардын негизинде өндүрүш жасайт. Мисалы, сакал чыгышы үчүн сакалдын тамырындагы клеткалардын ДНКларында кайсы аймакка таасир тийгизүү керек экенин билишет. Үндүн жооноюшу үчүн үн байламталарынын клеткаларындагы ДНКлардын кайсы бөлүгүнө таасир тийгизүү керек болсо, ошол жерге таасир беришет.
Бул маалыматтар абдан маанилүү. Тестостерон (C19H28O2) – белгилүү сандагы көмүртек, суутек жана кычкылтек атомдорунун биригишинен келип чыккан бир молекула. Бул жансыз, аң-сезимсиз зат ДНКда ага керектүү маалыматтын бар экенин кайдан билиши мүмкүн? Эң негизгиси, 3 миллиард тамгадан турган, миңдеген томдук энциклопедияны толтура алчу маалыматтын арасынан издеген бир канча тамгасын кантип жаңылбай, тездик менен таба алат? Бүгүнкү күндө Адам геному долбоорунун алкагында 10 жылдан бери иштеген жүздөгөн илимпоз дүйнөнүн эң алдыңкы технологиясын колдонуп, ДНКны араң гана окуй алышты. Бирок ДНКнын кайсы бөлүгүнүн адам денесинин кайсы органы, белогу же гормону менен байланыштуу экени дагы эле белгисиз бойдон калууда. Бирок C18H24O2 формулалуу эстроген менен C19H28O2 формулалуу тестостерон гормондору муну эң жакшы билишет жана миллиондогон жылдан бери, миллиарддаган адамдын денесинде билген жумушун эч жаңылбай жасап келе жатышат.
Албетте, бир эле ушул система дагы Аллахтын жаратуу чеберчилигин көрсөткөн улуу бир керемет.
Тестостерон гормону гипофиз безинен бөлүп чыгарылган LH гормонунун таасири менен иштеп чыгарылат. Бирок тестостеронду LH гормону контрольдогон сыяктуу, тестостерон да LH гормонун контрольдойт. Канда тестостерондун көлөмү көбөйүп кеткенде, тестостерон молекулалары гипофиз безин LH гормонунун өндүрүшүн азайтууга мажбурлайт. Тестостерондун көлөмү азайганда, LH гормонунун өндүрүшү кайрадан башталат. Чыгарылган LH гормону эркектин урук безин стимулдап, ага тестостерондун көлөмүн көбөйтүү үчүн кошумча өндүрүш жасоого буйрук берет.
Мындан төмөнкүдөй жыйынтык чыгат: гипофиз бези менен урук безинин ортосунда эки тараптуу бир маалыматтык байланыш бар. Аң-сезимсиз эки эт түйдөгү бири-биринин өндүрүшүн башкарып, өз ара кызматташып адам үчүн эң идеалдуу көлөмдөгү тестостеронду бөлүп чыгарышат жана тестостерондун аз же көп иштелип чыгышынан пайда боло турган зыяндардын алдын алышат. Тагыраак айтканда, эки бездин ичине тең экөөнүн бири-бири менен шайкеш иштешин камсыз кыла турган молекулярдык субсистемалар орнотулган. Бул кемчиликсиз долбоор, албетте, бул системалардын белгилүү бир максатты көздөп пайда кылынганын, б.а. Аллах тарабынан жаратылганын көрсөтөт.
Ал ортодо гипофиз бези бөлүп чыгарган FSH гормону болсо урук бездеринде сперма өндүрүшүн баштайт. Спермалар – бул атайын энелик клетканы уруктандыруу үчүн долбоорлонгон клеткалар. Бойго жетүү доорунун башталышы менен, эң туура убакта FSH гормонунун бөлүп чыгарылып, сперманын өндүрүлүп башташы да белгилүү бир пландын мисалы.
Эркек менен аялдын жыныстык гормондорунун жалпы бир өзгөчөлүгү бар. Эркек гормону тестостерон менен аял гормондору эстроген жана прогестерон бир эле чийки заттан жасалат. Бул гормондорду чыгарган клеткалар чийки зат катары холестерин молекулаларын колдонушат.
Клеткалар бир чийки затты колдонуп, кантип эки башка жынысты пайда кылышат? Эркектин урук бези ага берилген чийки заттан эркектик өзгөчөлүктөрдү аныктай турган бир затты жасаса, энелик без ошол эле чийки заттан аялдын өзгөчөлүктөрүн калыптандыра турган эстроген жана прогестерон гормондорун жасайт. Бир эле зат бир клетканын аны белгилүү бир формага салганы себептүү эркектин сакал-мурутун чыгарып, далысын кеңейтип, үнүн жоонойтуп, сперма өндүрүшүн камсыз кылат. Ошол эле зат башка бир клетканын аны башкача формага салганы себептүү жамбаш сөөгүн кеңейтип, көкүрөктөрүн чоңойтуп, үнүн ичкертип, бала төрөгөнгө керектүү даярдыктарды көрдүрөт.
Эч кандай акылы жок клеткалар бир эле чийки затты колдонуп, толугу менен башка башка максаттар үчүн колдонулган жана ар бири кемчиликсиз долбоорлонгон молекулаларды иштеп чыгышат. Бир эле ушул мисал дагы көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей клеткалардагы акылдын улуулугун көрүүгө жетиштүү.
Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, көрүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)
36. Intimate Universe, British Broadcasting Corporation- The Learning Channel Co-Production Video, 1998
37. Oğuz Kayaalp, Rasyonel Tedavi Yönünden Tıbbi Farmakoloji, s. 2751
38. Oğuz Kayaalp, Rasyonel Tedavi Yönünden Tıbbi Farmakoloji, s. 2723
39. Kemalettin Büyüköztürk, İç Hastalıkları, s. 369
40. Oğuz Kayaalp, Rasyonel Tedavi Yönünden Tıbbi Farmakoloji, s. 2750
41. Oğuz Kayaalp, Rasyonel Tedavi Yönünden Tıbbi Farmakoloji, s. 2750
42. Oğuz Kayaalp, Rasyonel Tedavi Yönünden Tıbbi Farmakoloji, s. 2750