Учурдагы фабрикаларда жана заманбап өнөр-жай заводдорунда эң негизги маселе болуп «өндүрүмдүүлүк» эсептелет. Заводдун бардык бөлүктөрү идеалдуу ылдамдыкта иштеши керек. Бирок бөлүктөрдүн ылдам иштеши менен эле маселе чечилбейт. Бүт бөлүктөрдүн жумушу бири-бирине шайкеш болушу зарыл. Бир бөлүктүн башкалардан бир топ ылдам иштеши бир караганда артыкчылыктай көрүнгөнү менен, жалпысынан караганда пайда эмес, зыян да алып келиши ыктымал. Ошондуктан завод, фабрикаларда туура пландоо жасап, өндүрүмдүүлүккө жетүү үчүн өнөр-жай инженерлери, менеджерлер жана бул багытта билим алган адистер кызмат кылышат.
For a factory to achieve the highest level of productivity, the speed at which the workers do their jobs must be both organized and controlled. |
Эми баарыбыз чогуу дагы бир жолу ири бир заводду элестетели. Ал заводдо миллиондогон түрдүү продукция өндүрүлсүн. Завод 24 саат эч тыныгуусуз иштесин. Жана ал заводдо иштеген жумушчулардын саны адам баласы элестете албай турганчалык көп болсун: 100 триллион жумушчу.
Албетте, мындай заводдун өндүрүш планын түзүү, кайсы жумушчу тобунун кандай ылдамдыкта эң өндүрүмдүү иштей алаарын эсептөө үчүн инженерлер менен менеджерлердин армиясы керек болот.
Чыныгы жашоодо ушундай бир завод бар. Бирок ал заводдо менеджерлер менен инженерлер иштешпейт. Бул жумушту кичинекей бир тиштем эт менен ал бир тиштем эт бөлүп чыгарган гормондор аткарат.
Бул завод, албетте, адамдын денеси. Бул заводдун өндүрүмдүүлүгүн болсо калкан сымал без башкарат. Калкан сымал без өзү бөлүп чыгарган гормон аркылуу 100 триллион клетканын иштөө ритмин бир-бирден жөнгө салып, ылдамдыгын жөндөйт. Клеткалардын азыктарды энергияга айландыруу ылдамдыгын белгилейт. Бул болсо жеген тамактарыңызды кандай өндүрүмдүүлүк менен пайдаланаарыңызды аныктайт.
Children especially have a high rate of metabolism. This is because they obtain a higher energy production from the nutrients in their cells. It is the thyroxine hormone that determines and supervises the speed at which the body cells work. |
Мисалы, жаштардын, өзгөчө өсө турган жаштагылардын көпчүлүгүндө зат алмашуунун ылдамдыгы өтө жогору болот жана жеген тамак-аштары тездик менен энергияга айландырылат. Башкача айтканда, жеген тамактары оңой сарпталат жана ошондуктан семиришпейт. Адамдын жашы өткөн сайын көбүнчө табити көп өзгөрбөйт; бирок мурдакыдай эле тамак жегенине карабастан, жаш кезине караганда көбүрөөк семирет. Себеби жаш кезинде дененин клеткалары тамак-аштардан жогорку бир өндүрүмдүүлүк менен энергия алышат. Улгайып баштаганда болсо клеткалардын азыкты күйгүзүү өндүрүмдүүлүгү азайып, күйгүзүлбөй калган азыктар майга айланып, денеде чогулат.
Жогоруда айтылган завод мисалын кайра карайлы. Эгер бир заводдун кожоюну болгонуңузда, сизге иштеген жумушчулардын эң өндүрүмдүү иштешине жана ошол эле учурда ден-соолук жана коопсуздугуна көңүл бурушуна аракет кылмаксыз. Эгер заводуңузда иштеген жумушчулардын бир бөлүгү эч себепсиз жай иштесе, бул заводдун өндүрүмдүүлүгүнө, албетте, терс таасирин тийгизмек. Эгер жумушчуларга кайсы ишти кандай ылдамдык менен жасоо керек экенин айтып турчу бир башчы болбогондо, белгилүү убакыттан соң бул заводдун өндүрүшү үзгүлтүккө учурап баштамак.
Бул нерсе денебизге да тиешелүү. Эгер клеткаларыңызга кандай ылдамдыкта иштөө керек экенин айтып турчу бир башчы болбосо, бул денеңиз үчүн жакшы болбойт. Мунун натыйжасында клетканын иш-аракеттери басаңдап, жеген азыктарыңыз тездик менен майга айландырылат, колуңузду көтөргөнгө да чамаңыз келбей, бүт денеңиз иштей албай турган абалга келет. Ал тургай, бул кем акылдыкка да себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан калкан сымал бездин гормону аз бөлүнүп чыгарылганда, «микседема» аттуу бир оору келип чыгат жана жогоруда айтылган оору белгилери пайда болот.11
Бирок сиздин эч кабарыңызсыз сиз үчүн иштеген калкан сымал без тарабынан бөлүп чыгарылган тироксин гормону 100 триллион клеткаңыздын ар бирин бир-бирден таап, жалкоолук кылышына жол бербейт. Ошентип сиз күнүмдүк жашооңузду кадимки шарттарда уланта аласыз.
Тироксин гормону клеткаларыңыздын жалкоолук кылышына эле жолтоо болбостон, алардын ашыкча иштешине да бөгөт болот. Тироксин гормонунун белгилүү санда чыгарылышы денедеги клеткалардын иштөө ылдамдыгын дайыма тең салмакта кармайт. Эгер дененин клеткалары талап кылынгандан ылдамыраак иштесе эмне болот? Бул тироксин гормону ашыкча бөлүп чыгарылган «диффуздук-уулуу зоб (базедов оорусу)» оорусунда кездешет.12 Зат алмашуу активдүүлүгү жогорулап, дененин температурасы жана кан басымы көтөрүлөт, адам арыктап, көп тердейт жана көп ачуулуу болуп калат. Адамдын көз чанагы сыртты көздөйт чыгат. Бул оору күчөп кеткенде сокурдукка жана, ал тургай, жүрөк жетишсиздигинен улам өлүмгө да алып келиши мүмкүн.
One of the conditions caused by the malfunction of the thyroid gland is Grave's disease. This condition causes the eyes to bulge (near right). Goiter is a condition caused by the enlargement of the thyroid gland (far right) |
Адам денесин түзгөн тканьдар тынымсыз жаңыланып турат. Бир күндө болжол менен 200 грамм булчуң жана ткань клеткалары жаңыланат.13 Бул үчүн денебизде мүнөт сайын 200 миллион клетка пайда болуп, өлгөн клеткалардын ордун алмаштырат.14 Денебиздеги мындай калыбына келтирүү жана жаңылануу иш-аракеттеринин ылдамдыгын да тироксин гормону аныктайт.
Бул гормонду чыгарган калкан сымал без денебиздеги клеткалардын кандай ылдамдыкта иштеши керек экенин кайдан билет? Дененин клеткаларынын жаңылануу ылдамдыгын кантип аныктайт? Адам өзү дагы денесинин клеткаларынын кандай ылдамдыкта иштеши керек экенин билбейт. Ал тургай, көп адамдар дене клеткаларынын белгилүү бир иштөө ылдамдыгы бар экенинен да кабарсыз. Эгер адам өзүнүн клеткаларынын иштөө ылдамдыгына кийлигишүүнү кааласа, өз эрки менен клеткаларын эч качан башкара албайт. Бул үчүн же медициналык жардам же болбосо кандайдыр бир дары-дармекти колдонушу керек болот. Себеби клеткалардын иштөө ылдамдыгын адам өзү эмес, кичинекей бир тиштем эт, тагыраак айтканда, калкан сымал без башкарат.
Калкан сымал без менен тироксин гормону кантип мынчалык акылдуу болуп калган? Дене клеткаларынын эң идеалдуу иштөө ылдамдыгын калкан сымал без кантип тапкан? Клетканын ичиндеги, адамзат дагы эле кантип иштээрин изилдеп жаткан жүздөгөн түрдүү системанын кандай ылдамдыкта иштеши керек экенин кайдан билет? Адамзат бул системалардын кантип иштээрин түшүнүүгө аракет кылып жатканда, калкан сымал бездин гормону бул системанын бүт майда-чүйдөлөрүн жана, ал тургай, бул системанын ылдамдыгын жогорулатуу үчүн кантип кийлигишүү керек экенин да мыкты билүүдө. Ага ылайыктуу молекуланы чыгарып, клеткалардын баарына бир-бирден жиберүүдө. Демек, калкан сымал безди түзгөн жана тироксин гормонун чыгарган клеткалардын адамдан бир топ акылдуу экенин кабыл алышыбыз керек.
1. Thyroid gland | 3. Larynx end | 5. Sthmus of thyroid gland |
The thyroid hormones are responsible for the growth, metabolism, development and the organization of the activities in the nervous system. |
Бирок бул китепте көп жолу кайталанган, унутпаш керек болгон маанилүү бир жагдай бар. Денедеги бүт клеткалар сыяктуу эле, калкан сымал безди түзгөн клеткалардын да эч кандай акылы жана аң-сезими жок.
The structure of the thyroid hormone that determines the speed at which the body cells work. |
Сүрөттөн көрүнүп тургандай, тиреоид гормонунун молекуласы жансыз жана аң-сезимсиз атомдордон турат. Клеткалар ядролорунда жазылган жана адам акылы жетпеген кемчиликсиз бир генетикалык программанын негизинде иш-аракет жүргүзүшөт. Бул жерде жаратылуу керемети апачык көрүнүп турат.
Чексиз акыл жана илим ээси Аллах дененин клеткаларын, ал клеткалардын иштөө системаларын аныктоочу генетикалык программаны жана ал генетикалык программаны окуп, анализдөөчү клетканын ичиндеги системаларды эч кемчиликсиз кылып жараткан. Ошондой эле, калкан сымал безди түзгөн клеткалардын генетикалык программаларына башка клеткалардын иштөө системаларын ылдамдата турган гормондун молекулярдык формуласын жазып койгон. Бул жерден бири-бирине укмуш шайкеш бир системанын курулганын көрөбүз. Жана бул система Аллахтын кемчиликсиз жаратаарын дагы бир жолу далилдөөдө. Аллах Куран аяттарында жер жүзүнүн бүт тарабында көрүнүп турган бул шайкештик жана кемчиликсиздик жөнүндө мындай деп билдирген:
Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн үзүп чарчаган абалда сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)
Тироксин гормонунун дагы бир кереметтүү касиети бар: тироксин гормону өстүргүч гормон менен кызматташат. Бул абдан кызыктуу көрүнүш. Эки молекула орток бир максат үчүн бири-бири менен шайкеш иш алып барышат. Бул бир гана мааниге келет: бул эки молекула орток бир максат үчүн жаратылышкан.
Жогоруда айтылгандай, өстүргүч гормон – бул чоңойуу жашындагы бир баланын клеткаларына «бөлүнүп көбөйгүлө» жана «чоңойгула» деп буйрук берүүчү молекулалар. Өстүргүч гормон клеткалардын бөлүнүү санын жана көлөмүн аныктайт. Бирок пландоо керек болгон дагы бир өтө маанилүү нерсе бар: клеткалардын бөлүнүү ылдамдыгы. Тироксин гормону чоңойуу учурунда клеткалардын бөлүнүү ылдамдыгына да таасир тийгизип, чоңойуунун туура болушун камсыз кылат.
Тироксин гормонунун маанисин түшүнүү үчүн күзгүгө кароо жетиштүү болот. Тубаса бир оорусу эле болбосо, ар бир адамдын оозу, мурду, көздөрү, кыскасы, жүзүнүн жана денесинин баары дээрлик бүт адамдарда окшош бир пропорцияда болот. Денеңиздин мындай пропорционалдуу болушун Аллах кемчиликсиз бир функция менен жараткан тироксин гормонуна карыздарсыз. Эгер мындан көп жылдар мурда, өсүп жаткан жаштагы бир окурман болсоңуз ушул саптарды окуп жаткан кезиңизде, денеңиз өсүп жатканда, тироксин молекулалары бир-бирден клеткаларыңызга барып, кандай ылдамдык менен бөлүнүү керек экенин ал клеткаларга билдирбегенде, денеңиздин органдары абдан пропорциясыз чоңоймок. Ал тургай, бул кем акылдыкка да алып келиши мүмкүн эле. Наристе кезде тироксин гормонунун аз бөлүп чыгарылышынан келип чыккан кретинизм оорусунда кем акылдык байкалат. Бул ооруга чалдыккан адамдардын денеси чоңойуу периодунун аягында пропорциясыз, көбүнчө буту өтө кыска жана башы чоң болуп калат. Мындан тышкары, тироксиндин болбошу эргежээлдикке да алып келет.15
The three-dimensional structure of the thyroxine hormone. |
Күн сайын айланаңызда көргөн адамдар; классташ, группалаштарыңыз, кесиптештериңиз, көчөдө бараткан адамдар, үй-бүлөңүз... Бул адамдардын баарынын денеси Аллах кемчиликсиз кылып жараткан ушул эки кичинекей молекуланын, өстүргүч гормон менен тироксин гормонунун урматында пропорционалдуу болуп жетилген. Бул гормондор эң керектүү учурда, эң керектүү санда бөлүп чыгарылып, триллиондогон клетканын баарына бир-бирден буйрук берип, ал клеткаларга канчалык жана кандай ылдамдык менен көбөйүү керек экенин билдирген жана натыйжада келбеттүү адам денеси пайда болгон.
Ар бир адамда бул молекулалардын чыгарылган көлөмү абдан так, аз да, көп да эмес, жана ар бир адамдын денесине эң ылайыктуу кылып жөнгө салынган. Эгер бул гормондордун чыгарылган саны адамдардын арасында бир топ айырмаланганда эмне болмок? Анда адамдардын көрүнүшү бири-биринен абдан айырмаланмак. Миллиарддаган адамдын бою 2,5-3 метр болсо, миллиарддаган адамдын бою болгону 1 метр же андан да кыска болмок, адамдардын денеси менен жүзү пропорциясыз жана дээрлик баары кем акыл болуп жашамак. Миллиарддаган адам өспүрүм кезде эле көз жуммак.
Жыйынтык катары кайра кайталай кетсек, адам баласы сырткы көрүнүшү менен денесинин өзгөчөлүктөрү үчүн, Аллах кемчиликсиз кылып жараткан ушул эки кичинекей молекулага, өстүргүч гормон менен тироксин гормонуна карыздар. Бул болсо адамдын Аллах тарабынан канчалык так тең салмактуулуктар менен жаратылгандыгынын дагы бир далили:
Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты жана силерге тартиптүү бир калып (келбет) берди; келбетиңерди сулуу кылды. Ага кайтасыңар. (Тегабүн Сүрөсү, 3)
Cells, which act as micro-heaters, supply the heat needed by our bodies. |
Буларды окуй алышыңыз үчүн денеңиздин температурасы белгилүү бир деңгээлде болушу керек. Бул температуранын ашыкча төмөндөшү же көтөрүлүшү өлүмгө алып келет. Ошондуктан денеңиздин температурасынын белгилүү бир деңгээлде болушун жөнгө салуучу көптөгөн системалар жаратылып, төрөлгөндө эле денеңизге орнотулуп коюлган. Бул кереметтүү системалардын бири – тироксин гормону.
Денедеги клеткалардын иш-аракеттеринен белгилүү бир жылуулук бөлүнүп чыгат. 100 триллион клетканын иш-аракетинин натыйжасында болсо дене белгилүү бир температурага жетет. Ошондуктан клеткаларды денеңизди жылытуучу микро-жылыткычтарга салыштырсак болот. Бул микро-жылыткычтардын ар биринин канчалык жылуулук чыгарышы керек экенин жөнгө салуучу кереметтүү молекула да кайра эле тироксин гормону.
Клетканын иштеп жатканда белгилүү бир жылуулук чыгарышы, 100 триллион клетканын чыгарган жалпы жылуулугунун дал адам жашоосуна керектүү температураны бериши өзүнчө бир керемет. Болгондо да, тироксин молекулалары клетканын канчалык жылуулук чыгарышы керек экенин да билишет. Ошондой эле, клетканын зат алмашуу процессине кантип таасир этүүгө болоорун жана бул температуранын кантип көтөрүлөөрүн билиши да Жаратуучунун кереметтеринен.
1. Target tissues | 4. Anterior pituitary |
a. Hypothalamus detects low level of thyroid hormone in the blood. | |
When enough thyroid hormone has been produced, the hypothalamus stops the production of the thyroid-releasing hormone. |
Тироксиндин бөлүп чыгарылчу көлөмүн жана убактысын жөнгө салуу үчүн абдан жогорку технологиялуу, мыкты пландалган бир система курулган. Тироксин гормону белгилүү бир буйрук чынжырынын негизинде бөлүп чыгарылат. Аң-сезимсиз клеткалардын жыйындысынан турган кичинекей эттердин арасында абдан дисциплиналуу жана тартиптүү бир иерархия курулган.
Тироксин гормонуна муктаждык пайда болгондо, гормоналдык системанын мээси гипоталамус гормоналдык системанын оркестринин башкармасы гипофиз безине бир буйрук (TRH- Тиреотропин-рилизинг-гормон же Тиролиберин) жиберет. Буйрукту алган гипофиз бези калкан сымал безди ишке киргизүү керек экенин түшүнөт. Жана ошол замат калкан сымал безге бир буйрук (TSH- Тиреотроптук гормон же Тиротропин) жиберет. Буйрук чынжырынын акыркы шакеги болгон калкан сымал без бул буйруктун негизинде ошол замат тироксин гормонун чыгарып, кан аркылуу аны бүт денеге таратат.
Тироксин гормонунун аткарган кызматынын эле эмес, чыгарылган көлөмүнүн да абдан маанилүү экендиги жогоруда айтылды. Анда бул молекуланын бөлүп чыгарылчу көлөмү кантип аныкталат? Оору учурунан тышкары кадимки шарттарда, бул гормон кантип муктаждыктан көп же аз чыгарылбайт?
Тироксин гормонунун бөлүп чыгарылган саны да Аллах өтө улуу бир чеберчилик менен жараткан атайын система аркылуу аныкталат. Бул система эки башка өлчөө жана кайра билдирүү механизминен турат. Бул механизмдердин баары теңдешсиз инженериялык долбоорлорго мисал боло алат.
Кандагы тироксиндин саны нормадан ашып кеткенде, тироксин гормону гипофиз безине жана кээде түздөн-түз гипоталамуска абдан кызыктуу бир таасир берет: гипофиз безинин TRH гормонуна карата сезгичтигин азайтат.
Эгер көңүл коюп ойлонсок, бул жерде чыныгы бир керемет бар экенин көрөбүз. Себеби TRH гормону гипофиз безин ишке киргизип, калкан сымал безге бир буйрук (TSH- Тиреотроптук гормон же Тиротропин) жибертүү милдетин аткарат. Бул буйрук тироксин гормонун чыгаруу үчүн курулган буйрук чынжырынын экинчи шакегин түзөт.
Бул система ушунчалык терең пландалгандыктан, тироксин көбөйүп кеткенде аны өндүргөн булак андан да көп тироксин чыгарбашы үчүн өтө акылдуу чара көрүп, өзүнүн өндүрүшү үчүн курулган буйрук чынжырын үзгүлтүккө учуратат. Ошентип кандагы тироксиндин саны нормадан ашып кеткенде, тироксиндин өндүрүшү автоматтык түрдө басаңдайт.
1. Thyrotropin-releasing hormone (TRH) 7. Reduced TSH secretion |
When there is need for thyroxine, the hypothalamus sends a command to the pituitary gland (TRH). The pituitary gland that receives the command understands that the thyroid gland must be activated. The pituitary gland immediately sends a command to the thyroid gland (TSH). In compliance with the order it receives, the thyroid gland immediately produces thyroxine, and the thyroxine is distributed throughout the body by the blood stream. |
Муну төмөнкүдөй мисал менен жакшыраак түшүндүрүүгө болот: бир заводдо кичинекей, акылдуу машиналар жасалат деп элестетели. Ал машиналарды жасоо үч этаптан турсун.
1- Биринчи этапта А компьютери В компьютерине өндүрүш буйругун жиберет.
2- Экинчи этапта В компьютери бул буйрукту башка бир тилге которуп, С компьютерине жиберет.
3- Үчүнчү этапта С компьютери ага туташкан бир монтаж кылуучу робот аркылуу керектүү машиналарды өндүрүп баштайт.
Ал ортодо муктаждыктан ашыкча өндүрүш жасалып, ашыкча машина запасы чогула баштайт. Демек өндүрүштү токтотуу керек. Мына ушул этапта укмуш кереметтүү бир окуя болот. Запаста чогулган машиналардын бир бөлүгү В компьютерине барып, ал компьютер менен А компьютеринин арасындагы маалымат агымын камсыз кылуучу кабельди үзүп койот. Натыйжада В компьютери А компьютеринен буйрук ала албай калат. Ошондуктан С компьютерине машина жаса деп буйрук жибере албайт жана ошентип өндүрүш токтойт. Бул абал запастагы машиналар түгөнгөнгө чейин уланат. Запастар азайганда А компьютерин В компьютерине туташтыруучу кабель машиналар тарабынан кайрадан ордуна тагылып, өндүрүш улантылат.
Эгер өз өндүрүшүн жана өзүн өндүргөн машиналарды эң акылдуу жана эң өндүрүмдүү көзөмөлдөгөн ушул сыяктуу бир продукция жасалганда, бул өнөр-жай жана технология жагынан бир төңкөрүш болмок. Анткен менен, бүгүнкү күндө адамзат үчүн бир кыялдай көрүнгөн мындай өндүрүш системасы адамдын өз денесинде тынымсыз иштеп келе жатат.
Тироксин гормонунун өндүрүлгөн көлөмүн аныктоочу дагы бир система бар. Тироксин көбөйүп кеткенде гипоталамус клеткаларына таасир берет. Ал клеткалар болсо TRH өндүрүшүн азайтышат. Натыйжада гипофизден бөлүп чыгарылган TSH да азайат. Ошентип тироксиндин өндүрүшү басаңдайт.
Бул экинчи системаны жогорудагы завод мисалынын негизинде кароо туура болот. Өндүрүлгөн тироксиндин гипоталамуска таасир берип, TSH өндүрүшүн басаңдатышы заводдо өндүрүлгөн машиналардын А компьютерине да барып, ал компьютерден маалыматтын чыгышын басаңдатышына окшошот. Ошентип А менен В компьютерлеринин арасындагы байланышты үзүүдөн тышкары, А компьютеринин иши да басаңдатылып, В компьютерине буйрук жиберишине бөгөт коюлат.
Кандагы тироксиндин көлөмү азайганда болсо бул система тескерисинен иштейт. А компьютеринен көбүрөөк буйрук жиберилип, В компьютеринин бул буйруктарды алуу кубаттуулугу жогорулатылат. Башкача айтканда, гипоталамус көбүрөөк TRH гормонун чыгарат, гипофиз безинин келген буйрукка карата сезгичтиги жогорулайт жана TSH гормону да көбүрөөк чыгарылып баштайт. Натыйжада тироксин гормонунун өндүрүшү көбөйөт.16
Бул жерде төмөнкүдөй суроолор туулат: тироксин гормону өндүрүштү токтотуу үчүн буйрук чынжырын токтотуу керек экенин кайдан билет? Гипоталамустагы клеткалар тироксин көбөйгөндө гормон бөлүп чыгарууну токтотуу керек экенин, тироксин азайганда болсо гормон бөлүп чыгарууну көбөйтүү керек экенин кайдан билишет? Бул кемчиликсиз система кантип пайда болгон?
Ушунчалык кылдат пландалган бир системаны кокустан пайда болгон деп ойлоо бир компьютерди же бир телевизорду кокустан пайда болгон деп ойлоодон алда канча акылсызыраак болот. Себеби бул система иштеши үчүн бул жерде айтылбаган, молекулярдык деңгээлде ишке ашкан, атайын пландалган жүздөгөн процесстер бар. Бул системанын өтө улуу бир акыл, б.а. Аллах тарабынан жаратылгандыгы апачык чындык.
1. Computer A sends a production order to computer B. 2. Computer B understands the order, translates it, and sends it to computer C. 3. Computer C begins to produce the desired machines with the aid of a robot mounted on it | When too much stock has been accumulated, one of these machines goes to computer B and cuts its connection with computer A. As a result, computer A cannot give a production command. This situation continues until the stock is depleted. |
Тироксин гормонунун бөлүп чыгарылчу көлөмү жогоруда айтылган кереметтүү системалар аркылуу кепилдикке алынган. Бирок мындан тышкары, кандайдыр бир кризистик абалда кандагы тироксиндин көлөмүн туруктуу кармоочу дагы бир кереметтүү система бар.
Калкан сымал без тарабынан канга чыгарылган тироксин молекулалары атайын ушул жумуш үчүн долбоорлонгон бир ташыгыч молекулага байланып, канда ушул формада жүрүшөт. Жана бул молекулага байланып (чиркешип) жүргөн кезде өз милдетин аткара алышпайт. 10 миң тироксин молекуласынан төртөөсү гана канда эркин абалда жүрөт. Клеткалардын зат алмашуу ылдамдыгына ушул 10000 тироксин молекуласынын 4 даанасы гана таасир тийгизет.17
Эркин жүргөн тироксин молекулалары клеткалардын ичине кирген сайын, алардын ордун ташыгыч молекулалардан бөлүнгөн жаңы тироксин молекулалары ээлейт. Ошентип ташыгыч молекулаларга байланган тироксин молекулалары дайыма запаста даяр турат жана керек учурда колдонулат.
Клеткаларга таасир тийгизе турган тироксин көлөмүнүн канчалык так бир тең салмактуулук менен жөнгө салынганын, эгер клеткаларга таасир тийгизүүчү тироксиндин көлөмү көбөйүп же азайса мунун кандай зыяндарга себеп болоорун жогоруда карадык. Бул кылдат тең салмактуулукка жогоруда айтылган 10000ден 4түк катыш да кирет. Бул жерде сөзсүз түрдө төмөнкү суроолор пайда болот:
Ким триллиондогон молекуланын санын эсептеп чыгып, ал молекулалардын 10000ден 4түк бөлүгүнүн гана адамдын ден-соолугуна ыңгайлуу экенин аныктаган? Ким калган 9996 молекуланын пассивдүү абалда күтүп турушу керек экенин эсептеп чыккан? Кан тамырларынын ичинде 4 молекуланын кемигенин байкап, алардын ордуна башка молекулаларды эркин койо бердирткен ким? Бул кереметтүү математикалык эсепти, жана бул эсептин негизинде курулган жана жер жүзүндө жашап өткөн бүт адамдарда бар болгон бул системаны ким жараткан?
Эч күмөнсүз, бул мисал Аллахтын көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн бүт ааламды башкарып тураарынын, бүт баарын ороп-курчап тураарынын жана жер жүзүндөгү бүт нерселердин санын аныктап койгондугунун бир далили:
(Аллах) алардын көз алдындагыларды ороп-курчаган жана бүт баарынын санын эсептеп-аныктап койгон. (Жин Сүрөсү, 28)
11. Musa Özet, Osman Arpacı, Biyoloji 2, Sürat Yayınları, Şubat 98, s. 126
12. Musa Özet, Osman Arpacı, Biyoloji 2, Sürat Yayınları, Şubat 98, s 126
13. Body Atlas, Ambrose Video Publishing, Inc. New York, Discovery Communications, 1994
14. Glissor S. Linda, Jensen Karen, Lanoutte Edward, Human Machine, s. 222
15. Glissor S. Linda, Jensen Karen, Lanoutte Edward, Human Machine, s. 241