Денебиздин Эки Башчысы: Гипоталамус Жана Гипофиз

 hipotalamus, beyin

1. Cerebral cortex
2. Caudate nucleus
3. Corpus callosum
4. Thalamus
5. Fornix

6. Hypothalamus
7. Cerebullum
8. Hippocampus
9. Olfactory Bulb
10. Amygdala

11. Pons
12. Pituitary gland
13. Spinal cord
14. Medulla

Most of the information about the human body comes to the hypothalamus. The hypothalamus interprets this information, makes the necessary decisions and causes the cells put these decisions into practice. On the left, we see the position of the hypothalamus in the brain. It is the supreme power of God that enables the hypothalamus to make vital decisions.

Денеңиздин ички тең салмактуулугун сиздин ордуңузга жөнгө салуучу системалар бар болгону үчүн креслоңузда кенен отуруп, бул саптарды окуп жатасыз. Мисалы, сиз турган жерде температура канча градус болбосун, денеңиздин температурасы сөзсүз 36,5-37,5 градус арасында туруктуу сакталышы керек. Дене температурасынын кокустан төмөндөп же көтөрүлүп кетиши өлүмгө себеп болот. Ден-соолугу жайындагы бир адамдын дене температурасы болсо денесиндеги системалар себептүү бир күндүн ичинде эң көп 0,5 градус айырмаланышы мүмкүн. Ошол сыяктуу, тамырлардагы кандын басымы, кандын ичиндеги суунун көлөмү, клеткалардын иштөө ылдамдыгы сыяктуу факторлор дагы өтө так ченелип, тең салмактуулук дайыма сакталышы зарыл.

Денедеги бул тең салмактуулуктарды жасалма жол менен сактоого аракет кылынсын дейли. Эң биринчиден, адамдын денесинин бир канча жерине өтө так термометрлерди, тамырлардын ичине кандын тыгыздыгын өлчөй турган атайын шаймандарды, тамырлардын бетинде кан басымын өлчөөчү каражаттарды жана клеткалардын иштөө ылдамдыгын контрольдой турган мини-лабораторияларды орнотуу керек болот. Андан соң дененин бүт тарабына орнотулган бул миңдеген микро-шаймандан келген маалыматтарды эң заманбап компьютерге өткөрүп, ар секунда сайын анализдеп туруу зарыл.

Бул анализдерди жасап коюу менен эле жумуш бүтпөйт. Мындан тышкары, бул маалыматтарга таянып, кандай чаралар көрүлөөрүн аныктоо жана ал чараларды ишке ашыруу үчүн кайсы клеткаларга, кандай буйрук берүү керек экенин да билүү зарыл.

Албетте, учурдагы технология менен адамдын денесинин ичине миңдеген термометр, мини-лаборатория, басым өлчөгүч сыяктуу шаймандарды орнотуу азырынча мүмкүн эмес. Бирок эң мыкты долбоорлонгон атайын бир система адамдын денесинин ичине төрөлгөндө эле орнотулуп коюлган.

Миңдеген кабылдагычтар (приемник) дененин температурасы, тамырлардагы кандын басымы сыяктуу көрсөткүчтөрдү өлчөп, алынган маалыматтар атайын бир компьютерге жиберилет. Ал компьютер – мээнин гипоталамус аттуу аймагы.

Денеңиздин жашыруун башчысы: гипоталамус

 hipotalamus, hormonal bezler

1. Pineal gland
2. Hypothalamus
3. Pituitary gland
4. Thyroid gland
5. Parathyroid glands

6. Thymus
7. Adrenal glands
8. Kidney
9. Pancreas

The location of the hormonal glands under the control of the hypothalamus in the body.

Гипоталамус гормон системасынын башкы башкармасы болуп саналат. Адамдын денесинде ички тең салмактуулуктун сакталышында негизги рольду ойнойт. Гипоталамус тынымсыз мээ менен денеден келген билдирүүлөрдү (кабарларды) анализдейт. Андан соң дене температурасын туруктуу кармоо, кан басымын жөнгө салуу, суу тең салмактуулугу жана, ал тургай, уйку тартибин жөнгө салуу сыяктуу көптөгөн функцияларды аткарат.

Гипоталамус мээнин асты жагында жайгашкан. Көлөмү бир жаңгактай. Денеге байланыштуу маалыматтардын маанилүү бөлүгү гипоталамуска жеткирилет. Мээнин сезүү борборлору да кошо, дененин бүт тарабынан гипоталамуска маалымат алып келинет. Гипоталамус келген маалыматтарды чечмелеп, керектүү чараларды жана денеде кандай өзгөрүүлөрдү кылуу керек экенин аныктап, алган чечимдерин дененин тиешелүү клеткаларына жасатат.

Бул жерде бир жагдайга көңүл буруу керек: гипоталамус аң-сезимсиз клеткалардан турган бир орган. Бир клетка адамдын канча саат укташы керек экенин биле албайт. Дене температурасынын кандай болушу керек экенин эсептей албайт. Же келген маалыматтарга карап эң идеалдуу чечимдерди алып, аны дененин алыс жагында жайгашкан башка бир клеткага жасаттыра албайт. Бирок гипоталамустагы клеткалар денедеги тең салмактуулуктарды сактоо үчүн укмуш акылдуу иш-аракеттерди жасашат. Алдыда аң-сезимсиз клеткалардын бул кереметтүү иш-аракеттерин тереңирээк карайбыз.

Гипоталамустун негизги өзгөчөлүгү; ал дененин экинчи бир контроль жана текшерүү системасы болгон нерв системасы менен гормоналдык системанын арасындагы бир көпүрө болуп эсептелет. Себеби гипоталамус бир гана гормоналдык системаны эмес, нерв системасын да мыкты колдонот.

Гипоталамустун денени башкарууда өтө маанилүү бир жардамчысы бар. Алган чечимдерин керектүү жерлерге ошол жардамчысы аркылуу билдирет. Мисалы, денеде кан басымы төмөндөгөндө, алгач чалгындоо кызматтары чара көрүп, басымдын өзгөргөнүн гипоталамуска кабар беришет. Гипоталамус болсо басымды көтөрүү үчүн кандай чара көрүлөөрүн чечет. Алган чечимин жардамчысына билдирет.

Жардамчысы бул чечимди ишке ашыруу үчүн дененин кайсы клеткаларына буйрук берүү керек экенин билет. Ал клеткалар түшүнө ала турган тилде билдирүүлөрдү жазып, аларды эч кечиктирбей жөнөтөт. Билдирүүнү алган клеткалар келген буйрукка моюн сунуп, кан басымын көтөрүү үчүн керектүү чараларды көрүшөт.

Гипоталамустун бул жардамчысы – гормон системасына таасири өтө чоң болгон гипофиз бези.

Гипоталамус менен гипофиз безинин арасында кемчиликсиз бир байланыш системасы курулган. Бул эки тиштем эт эки аң-сезимдүү адамдай кабарлашып турушат. Гипоталамус гипофиз безин толук башкарат. Гипофиз бези өтө маанилүү көптөгөн гормондорду гипоталамустун көзөмөлү астында бөлүп чыгарат.

Мисалы, чоңойо турган жаштагы бир баланын гипоталамусу гипофиз безине бир билдирүү жиберет. Ал билдирүүдө «өстүргүч гормон бөлүп чыгар» деген буйрук жазылат. Гипофиз бези дал керектүү өлчөмдөгү өстүргүч гормонду бөлүп чыгарат.

Дененин клеткалары ылдамыраак иштеши керек болгондо да ушул сыяктуу окуя болот. Бирок бул жолу «буйрук чынжыры» эки баскычтан турат. Гипоталамус гипофизге, гипофиз болсо калкан сымал безге буйрук жөнөтөт. Калкан сымал без керектүү гормонду бөлүп чыгарат жана натыйжада дененин клеткаларынын иштөө ылдамдыгы жогорулайт.

Гипоталамус бөйрөк үстүндөгү бездер (бул бездер абдан маанилүү гормондорду бөлүп чыгарышат) иштеши керек болгондо же жыныстык органдар гормон чыгарышы керек болгондо да гипофизге буйрук жиберет. Гипофиз кайра эле келген буйрукту тиешелүү бөлүктөргө жиберип, ал аймактарга керектүү гормондорду бөлүп чыгартат.

Гипоталамустун гипофиз безин башкаруу үчүн чыгарган гормондору төмөнкүлөрдөн турат:

- Өстүргүч гормонду чыгартуучу гормон

- Калкан сымал бездин гормонун чыгартуучу гормон

- Кортикотропин (адренокортикотроптук гормон: АКТГ) чыгартуучу гормон

- Көбөйүү (жыныстык) гормонун чыгартуучу гормон (гонадотропин: GnRH).

Кээде болсо гипоталамус дененин клеткаларына кийлигишүү үчүн түздөн-түз өзү чыгарган эки гормонду колдонот. Ал гормондорду сактап коюу үчүн алгач гипофизге жөнөтөт. Кийин муктаждык пайда болгондо гормондорду гипофизден бөлүп чыгартат. Ал гормондор:

- Вазопрессин (антидиуретикалык гормон) жана

- Окситоцин гормону.

 hipotalamus, hipotalamustan salgılanan hormonlar

1. Hipotalamus
2. Beyin
3. Kafatası
4. Ön Hipofiz Lobu
5. Arka Hipofiz Lobu

6. Serbest Hormonlar
7. Kapı Toplardamarı
8. Hormonlar
9. Kılcal Damarlar

10. Prolaktin
11. Gonadotropik Hormonu
12. Tiroidi Harekete Geçiren Hormon
13. ACTH
14. Büyüme Hormonu

15. Süt Üretimi
16. Gonadlar
17. Tiroid Bezi
18. Adrenal Korteks
19. Büyüme

Beynin hemen altında bulunan ve bir fındık tanesi büyüklüğünde olan hipotalamus, vücutta metabolizmanın düzenlenmesi, böbrek üstü bezlerinin faaliyetlerinin yürütülmesi, büyümenin kontrolü, süt üretimi gibi pek çok hayati mekanizmayı kontrol eder. Bunu yaparken de emrindeki diğer hormonal bezleri kullanır.Yukarıdaki şemada hipotalamusa bağlı olarak çalışan hormonların hangileri oldukları belirtilmiştir. Bu küçük et parçalarının şuurlu insanlar gibi haberleşmeleri ve ortaklaşa çalışmalar yürütmeleri düşünen insanlar için Allah'ın yüceliğini kavramada bir vesiledir.

Гипоталамуста өндүрүлгөн бул эки гормон көлөмү жагынан абдан кичинекей. Бирөөсүнүн көлөмү болгону 3 аминокислотадай. Гипоталамустун гормондору башка гормондордон көлөмү жагынан эле айырмаланышпайт. Дененин ичинде басып өткөн жолу да башка гормондордон айырмаланат. Гормондор көбүнчө бөлүп чыгарылган гормоналдык безден максатталган органга жеткенге чейин абдан узун жолду басып өтүшөт. Ал эми гипоталамус гормондору болсо бир канча миллиметрлик бир капиллярда жүргөн соң гипофизге жетип калат. Жалпы кан айлануу системасына эч кирбейт.

Гипоталамус гипофиз безин ишке салуучу гормондорду чыгарган сыяктуу, керек учурларда гипофиз безинин гормон бөлүп чыгарышын токтото турган гормондорду да чыгарат. Ошентип гипофиз безинин иш-аракеттерин толугу менен контрольдойт.

Гормон оркестринин башкармасы: гипофиз бези

 orkestra, muzik

Гипофиз бези – көлөмү нокоттой, салмагы 0,5 грамм болгон, кичинекей, кызгылт түстөгү бир кесим эт. Мээнин гипоталамус аймагына кичинекей бир сап аркылуу туташкан. Бул байланыш аркылуу гипоталамустан буйруктарды түздөн-түз алат. Келген буйруктарга карап керектүү гормонду чыгарып, денени керектүү багытта жөнгө салат.

Көлөмү нокоттой болгон гипофиз безинин адамдын денесине таасири ушунчалык күчтүү болгондуктан жана ушунчалык кереметтүү иштерди жасагандыктан, көп жылдардан бери ал жөнүндө көптөгөн илимий изилдөөлөр жасалып келүүдө. Ал тургай, бул кичинекей бир тиштем эт кандайдыр бир мааниде илим дүйнөсүнүн «урматына» жетишти. Көптөгөн булактарда гипофиз бези жөнүндө кереметтүү жөндөмдөрүнөн улам ар кандай салыштыруулар жасалууда. Мисалы, кээ бир булактарда гипофиз бези «гормон оркестринин башкармасы» деп аталса, кээ бирлеринде гормоналдык системанын «падышасына» салыштырылууда. Ошондой эле, гипофиз бези «укмуштуу биологиялык керемет» деп да аталууда.

Көлөмү нокоттой болгон гипофиз бези 12 түрдүү гормонду чыгарышы жана гормоналдык системаны башкарышы менен бул сыпаттарга арзыйт. Себеби гипофиз бези белгилүү тканьдардын клеткаларына таасир берүүчү гормондорду эле чыгарбастан, өзүнөн абдан алыста жайгашкан башка гормоналдык бездердин иштешин да жөнгө салат.

Гормоналдык бездердин дененин клеткаларына белгилүү буйруктарды берип, ал клеткалардын иш-аракеттерин жөнгө салуучу органеллдер экенин эстесек, гипофиз безинин маанисин жакшыраак түшүнөбүз. Себеби гипофиз бези дененин бир канча клеткаларына эле буйрук бербестен, дененин клеткаларына буйрук берүүчү башка гормоналдык бездерге да буйрук берет. Кандайдыр бир мааниде башкармалардын башкармасындай иштейт.

Мисалы, калкан сымал бездин гормонун чыгаруу керек болгондо, калкан сымал безге бир буйрук жөнөтүп, бул гормонду чыгартат. Ошол сыяктуу эле, бөйрөк үстүндөгү бездерге, эркектин денесинде урук бездерине, аялдын денесинде энелик бездерге жана сүт бездерине керектүү гормондорду бөлүп чыгарышы үчүн буйруктарды жөнөтөт.

 hipofiz bezi, insan vücudu

1. Hypothalamus
2. Anterior pituitary
3. Posterior pituitary

The pituitary gland acts like an orchestra conductor who ensures order in our bodies.

Бул жерде эң негизги көңүл бурула турган нерсе бул гормондордун же бул гормондор таасир бере турган гормоналдык бездердин аттары менен аткарган кызматтары эмес. Көлөмү нокоттой болгон гипофиз безинин өзүнөн абдан алыста жайгашкан башка бир гормоналдык безге кантип буйрук бере алаарын ойлонуу керек. Бул жерде көптөгөн суроолор туулат. Гипофиз бези менен бул безди түзгөн клеткалар

«Бөйрөк үстүндөгү бездин аткарган кызматын»,

«Ал кызматты кантип аткараарын»,

«Бөйрөк үстүндөгү безди ишке киргизе турган белгини» кантип биле алышат?

Бөйрөк үстүндөгү бездин клеткалары гипофиз безинен келген буйрукту кантип түшүнүп чечмелешет жана ал буйрукка эмне үчүн моюн сунушат?

Бул процесстерди тереңирээк караганда, мындагы кереметтердин ан сайын көбөйгөнүн көрөбүз. Гипофиз бези бөлүп чыгарган гормон максатталган клетканын бетинде жайгашкан антенналарга толук туура келе тургандай кылып долбоорлонгон. Бирок эч бир гипофиз клеткасы билдирүү жибериле турган гормоналдык безди көргөн эмес. Гипофиз клеткалары бөйрөк үстүндөгү безди түзгөн клеткалардагы антенналардын долбоорунун кандай экенин биле алышпайт. Бул бир адамдын андан миңдеген километр алыста, башка бир өлкөдө турган бир үйдүн эч көрбөгөн эшигинин кулпусуна туура келчү ачкычты бир эле жолкуда эч жаңылбай жасашына окшошот. Гипофиз безин түзгөн клеткалар өмүрүндө эч көрбөгөн кулпуларга туура келе турган ачкычты жасаганды кайдан билишет?

Көңүл буруу керек болгон дагы бир жагдай болсо, бул системада эч катага жол берилбейт. Эгер чыгарылган ачкыч көздөлгөн эшикти ачпаса, б.а. чыгарылган гормон максатталган жерде өз милдетин аткара албаса, бул өлүмгө себеп болот. Мисалы, эгер гипофиз бези чыгарган гормон бөйрөк үстүндөгү безди ишке киргизе албаса, бул өлүм менен аяктайт.

Бул системада кандай улуу керемет бар экенин жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй кылып көрсөңүз болот. Бир күзгүнүн алдына туруп, эки көз бириккен жерге бир манжаңызды коюп жакшылап караңыз. Мына ушул жердин болжол менен 5-6 см артында, башыңыздын ичинде бир нокоттой көлөмдөгү гипофиз деп аталган бир кесим эт жайгашкан.

Андан соң экинчи колуңузду белиңизге коюңуз. Бул колуңуздун астында, белиңиз тарапта бөйрөктөрүңүз жайгашкан. Бөйрөктөрдүн үстү жагында болсо салмагы болжол менен 4-5 грамм, көлөмү жаңгактай болгон бир кесим эт, б.а. бөйрөк үстүндөгү бездер орун алган.

Mankind! You are the poor in need of God whereas
God is the Rich Beyond Need,
the Praiseworthy.
(Qur'an, 35: 15)

Эми жакшылап ойлонуп көрүңүз: бул эки кесим эт өз ара бири-бири менен кабарлашып турушат. Эки адам эмес, эки клетка тобунун кабарлашып жатканын унутпоо керек. Болгондо да, байланыш системалары менен бул байланыштын натыйжасында жасалган өндүрүш адамзаттын колу жетпей турган жогорку технологияга ээ.

Денеңиздин ичинде эки кесим эттин бири-бири менен байланышып, бири-бирин түшүнүшү – адамдын көз алдына тартууланган чыныгы бир керемет.

Адам эгер биология билимин алган эмес болсо, мээсинин ылдый жагында, башынын ичинде мындай бир органдын болоорун да билбеши мүмкүн. Айланаңызда көргөн адамдардын көпчүлүгү «гипофиздин» эмне экенин да билишпейт. Бул саптарды окуган соң сизге биринчи жолуккан адам сиз менен сүйлөшүп жатканда, мээсинин астындагы кичинекей бир эт ал адам жашашы үчүн тынымсыз денесине билдирүүлөрдү жиберип, буйруктарды берип жаткан болот. Бирок ал адамдын бул процесстерден эч кабары болбойт. Эгер ал бир кесим эт өз милдетин аткарбай койсо, ал киши кыска убакыт ичинде көз жумат. Бир саамга маңдайыңыздагы адамды ушул көз-караш менен карап көрсөңүз, адамзаттын аны жараткан Аллахтын алдында канчалык алсыз жана муктаж экенин апачык түшүнө аласыз.

Гипофиз бөлүп чыгарган гормондор

Гипофиз гормондорунун аттарына өтөөрдөн мурда бир нерсени дагы бир жолу эске салууну туура көрдүк. Бул китептин максаты гормон системасында болуп жаткан жана илим дүйнөсүн да таң калтырган кереметтүү процесстерди карап чыгуу жана Аллахтын жаратуу чеберчилигине жакындан күбө болуу болуп саналат. Ошондуктан гормондордун аттарына эмес, бул системанын кантип иштээрине көбүрөөк көңүл коюу туура болот. Себеби медицина жана биология тармагында көп колдонулган латын жана грек тилиндеги ысымдар көп адамды биологиядан алыстатууда. Жана мындай латын жана грек тилиндеги ысымдар кээде жөнөкөй бир механизмди да түшүнүүнү оордоштурат. Же улуу кереметтерди камтыган бир процесстеги бул кереметтерди байкоого жолтоо болот. Ал тургай, биология же медицинада адис кишилердин көпчүлүгү бул сөздөрдүн «талисмандыгынан» улам, дайыма көз алдыларында турган кереметтерди байкашпайт. Мисалы, гипофиз безинин түзүлүшүн жана функцияларын өтө мыкты билишет, бирок эч качан «бул бир тиштем эттеги аң-сезим менен акылдын булагы эмне» деген суроо жөнүндө ойлонушпайт. Ошондуктан ысымдарга көп токтолбоо керек экенин жана бул ысымдардын медицина китептеринен алыс окурмандарды чоочутпашы керек экенин кайрадан эске салалы. Алдыда бул гормондордун аттарына кыскача токтолуп, бул гормондордун кандай улуу кереметтерге себепчи кылынганын терең карайбыз.

Гипофиз бези алдыңкы жана арткы гипофиз болуп эки бөлүктөн турат. Эки бөлүктөн башка башка гормондор бөлүп чыгарылат.

Алдыңкы гипофиз бези

 hipofiz bezi, insan vücudu

1. Hypothalamus
2. Pituitary stalk
3. Kidney tubules
4. Oxytocin
5. Mammary glands and uterine muscles

6. Bone
7. Mammary glands
8. Testis
9. Ovary

10. Thyroid
11. Adrenal cortex
12. ACTH
13. TSH
14. FSH, LH

15. Prolactin
16. GH
17. ADH
18. Posterior lobe
19. Anterior lobe

Commands come continually to all parts of the body from the pituitary gland. By means of these commands, a considerable number of the perfect operations in the body occur.

Алдыңкы гипофиз безинен 6 түрдүү гормон бөлүп чыгарылат. Алардын кээ бирлери гормоналдык системадагы башка гормоналдык бездерге арналган. Башкача айтканда, гормон системасын башкаруу үчүн долбоорлонгон гормондор, жана «троптук гормондор же тропиндер» деп аталышат. Троптук гормондордун функцияларын кийинки беттерде, алар таасир тийгизген гормоналдык бездердин түзүлүш жана функциялары менен бирге карайбыз. Бул гормондордун экинчи бөлүгү болсо дененин тканьдарын стимулдашат. Бул гормондордун ысымдары төмөнкүчө:

Башка гормоналдык бездерди стимулдоочу гормондор (троптук гормондор):

1) Калкан сымал безди стимулдоочу гормон

2) Бөйрөк үстүндөгү безди стимулдоочу гормон (адренокортикотроптук гормон)

3) Фолликулду стимулдоочу гормон (FSH)

4) Лютеиндештирүүчү гормон (LH).

Дене тканьдарына арналган гормондор (троптук эмес гормондор):

5) Өстүргүч гормон (STH)

6) Пролактин гормону.

Арткы гипофиз бези

Гипофиз безинин арткы бөлүгүндө болсо гипоталамус чыгарган гормондор сакталат. Керек учурда кайра эле гипоталамустан келген буйрук менен бул гормондор бөлүп чыгарылат. Алар төмөнкүлөр:

1) Вазопрессин (антидиуретикалык гормон)

2) Окситоцин.

Чоңойуу керемети: өстүргүч гормон

 embriyo, yetişkin kalbi

1. Heart

In the picture at the bottom we see an adult heart. While still in the embryonic stage, a baby's heart develops under the supervision of the growth hormone. In the picture at the top, we see the developing heart that appears as a red nodule.

Бир жашка келген бир наристе төрөлгөн күнүнө салыштырмалуу болжол менен эки эсеге оор жана 50%га узун болот. 1 жыл ичинде укмуш тездик менен салмак кошуп, бою узарат жана денеси пропорциялуу чоңойот. Болжол менен салмагы 3 кг, бою 50 см болгон жаңы төрөлгөн наристе жыйырма-жыйырма беш жылдын ичинде салмагы 80 кг, бою 1,80 метр болгон өспүрүмгө айланат. Мындай чоңойуунун булагы эмнеде?

Бул суроонун жообу гипофиз безинен бөлүп чыгарылган кереметтүү бир молекулада, өстүргүч гормондо жашырылган.

Кичинекей бир наристе бойго жеткен адамга айлануу үчүн чоңойушу керек. Чоңойуу процесси эки түрдүү болот. Кээ бир клеткалардын көлөмү чоңойот. Кээ бир клеткалар болсо бөлүнүп көбөйүшөт. Бул эки процессти тең өстүргүч гормон башкарат.

Чоңойуу гормону гипофиз безинен бөлүп чыгарылат жана дененин бүт клеткаларына таасир берет. Бүт клеткалар гипофиз безинен келген билдирүүнүн (кабардын) маанисин түшүнөт. Эгер чоңойуу керек болсо чоңойот, бөлүнүп көбөйүү керек болсо, бөлүнүп көбөйөт.

Мисалы, жаңы төрөлгөн бир наристенин жүрөгү бойго жеткен кезинин болжол менен 16дан бириндей болот. Бирок клеткаларынын жалпы саны бойго жеткен кишинин жүрөгүндөгү клеткалардын саны менен бирдей. Өстүргүч гормон чоңойуу учурунда жүрөктүн клеткаларына бир-бирден таасир берет. Ар бир клетка өстүргүч гормон кандай буйрук берсе, ошончолук чоңойот. Ошентип жүрөк да чоңойуп бойго жеткен бир адамдын жүрөгүнө айланат.

Нерв клеткаларынын көбөйүшү дагы наристе эне курсагында жатканда, 6-айдын аягында эле бүтөт. Бул этаптан төрөлгөнгө жана төрөлгөндөн бойго жеткенге чейинки доордо нерв клеткаларынын саны өзгөрбөйт. Өстүргүч гормон нерв клеткаларына да көлөмү жагынан чоңойуу буйругун берет. Ошентип нерв системасы чоңойуу доорунун бүтүшү менен бирге калыптанып бүтөт.

 insan yüzü, büyüme hormonu

Obeying the growth hormone, our cells construct our faces with perfect balance and symmetry. The cells meticulously obey the command they receive and grow in proportion to one another. Otherwise, the symmetry in the human face would not be possible; if the nose grew too large, the cheekbones may not develop. Or, if the eye grew but the eye sockets did not, the eye would not be able to perform its function.

Денедеги башка клеткалар, мисалы булчуң жана сөөк клеткалары, чоңойуу доору бою бөлүнүп көбөйүшөт. Бул клеткаларга канчалык бөлүнүү керек экенин да кайра эле өстүргүч гормон кабар берет.

Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат:

Гипофиз бези клеткалардын бөлүнүшү же чоңойушу үчүн керектүү формуланы кайдан билет? Бул өтө кереметтүү көрүнүш. Себеби көлөмү нокоттой болгон кичинекей бир эт денедеги бүт клеткаларга буйрук берип, ал клеткалардын көлөмү жагынан же бөлүнүү аркылуу чоңойушуна себеп болууда. Мындан тышкары, дагы бир суроо бар: бул бир тиштем этке бул кызматты ким берген? Бул клеткалар эмне үчүн өмүр бою башка клеткаларга «бөлүнгүлө» деп буйрук берүүчү бир билдирүүнү жөнөтүшөт?

Бул жерде дагы бир жолу Аллахтын кемчиликсиз жаратуусуна күбө болобуз. Кичинекей бир жерде жайгашкан клеткалар триллиондогон клетканы белгилүү бир планга ылайык бөлүнтүп, чоңойтушат. Бирок бул клеткалардын адамдын денесин сыртынан карап, дененин канчалык чоңойуп, кайсы жерге келгенде токтошу керек экенин билүү мүмкүнчүлүгү жок. Бул аң-сезимсиз клеткалар дененин ичиндеги капкараңгы жерде, эмне кылып жатканын да билбестен, өстүргүч гормонду бөлүп чыгарышат жана токтотуу керек болгондо бөлүп чыгарууну токтотушат. Ушунчалык кемчиликсиз бир система жаратылгандыктан, чоңойуунун жана бул гормондун бөлүп чыгарылышынын бүт этаптары контроль астына алынган.

büyüme hormunu, kemik hücresi

1. Diaphysis
2. Epiphysis
3. Cartilage
4. Bone
5. Epiphyseal plate
6. Ossifying cartilage
7. Marrow cavity
8. Secondary ossification centers

9. Artery
10. Secondary ossification center
11. Periosteum
12. Epiphyseal line
13. Marrow cavity
14. Artery
15. Articular cartilage

Every bone cell in the body knows where it will be, what shape it will have, and how large it will grow. They obey without error the commands they receive from the growth hormone. This communication among its cells allows the body to grow in proportion.

Өстүргүч гормондун кээ бир клеткаларга көлөмү жагынан чоңойуу, кээ бир клеткаларга болсо бөлүнүп көбөйүү буйругун бериши өзүнчө бир керемет. Себеби эки клеткага тең бир эле гормон барат. Бирок буйрукту алган клетканын генетикалык кодуна бул гормонго кандай жооп берүү керек экени жазылган. Өстүргүч гормон «чоңойгула» деген буйрукту берет. Мунун кантип ишке ашырылаары ал клетканын ичинде жазылган. Бул адам денесинин бүт тарабынын улуу кудурет жана чеберчилик менен жаратылгандыгын дагы бир жолу далилдейт.

Бул жерде өтө маанилүү дагы бир жагдай бар: өстүргүч гормондун дененин бүт клеткаларына таасир бериши да абдан улуу керемет. Эгер өстүргүч гормонго кээ бир клеткалар баш ийип, кээ бирлери баш ийбей койгондо, мунун натыйжасы өтө жаман болмок. Мисалы, жүрөк клеткалары өстүргүч гормондун буйругуна ылайык чоңойуп жатканда, көкүрөк клеткалары көбөйүүдөн жана чоңойуудан баш тартса эмне болмок? Чоңойгон жүрөк чоңойбой калган көкүрөктүн ичинде кысылып калмак жана бул өлүмгө себеп болмок.

Же мурун сөөгү чоңойуп жатканда, мурундун териси чоңойууну токтотсо, мурун сөөгү терисин айрып сыртка чыкмак. Бүт клеткалар өстүргүч гормонго моюн сунганы үчүн, булчуңдар, сөөктөр, тери жана органдар бири-бирине пропорционалдуу чоңойушат.

Өстүргүч гормон сөөктөрдүн учундагы кемирчекке да «чоңой» деген буйрук берет. Кемирчек жаңы төрөлгөн наристенин калыбы сыяктуу. Ал чоңоймоюнча, наристе да чоңойо албайт.1 Ал жердеги клеткалар сөөктү узунунан чоңойтушат. Бул клеткалар сөөктүн узунунан чоңойушу керек экенин кайдан билишет? Эгер бул сөөк туурасынан чоңойсо, буттар узара албайт, ал тургай, буттун сөөгү ал жердеги терини айрып сыртка чыгат. Бирок бүт баары пландалган жана бул план ар бир клетканын ядросуна жазылган. Ошондуктан сөөктөр узунунан чоңойушат.

Өстүргүч гормондогу дагы бир керемет болсо – бул гормон бөлүп чыгарылган убак жана анын саны. Өстүргүч гормон дал керектүү санда жана эң көп адамдын чоңойуу доорунда бөлүп чыгарылат. Бул абдан маанилүү бир керемет. Себеби керек болгондон азыраак же көбүрөөк гормон бөлүп чыгарылса, өтө терс натыйжалар келип чыгат. Эгер өстүргүч гормон аз чыгарылса эргежээлдикке, көп чыгарылса дөөлүккө себеп болот.2

büyüme hormunu, büyüme

1. 2 months: 1 ft 10 in (55 cm)
2. 2 years:1 ft 10 in (86 cm)

3. 4 years: 3 ft 8 in (110 cm)
4. 7 years: 4 ft (120 cm)

5. 12 years: 4 ft 10 in (145 cm)
6. 20 years: 5 ft 10 in (175 cm)

The growth hormone works like an expert sculptor. Over a period of time, it turns a 50-cm. long baby into fully grown adult of 180 cm.

Ошондуктан денеде өстүргүч гормондун бөлүп чыгарылган көлөмүн жөнгө салуучу атайын бир система жаратылган. Бул гормондун бөлүп чыгарылчу көлөмүн гипофиз безинин башчысы деп эсептелген гипоталамус аныктайт. Өстүргүч гормон бөлүп чыгарылышы керек болгондо гипофизге «өстүргүч гормон чыгартуучу гормон» (GHRH) жиберет. Кандагы өстүргүч гормондун көлөмү талап кылынгандан ашыкча болсо, анда гипоталамус гипофизге бир билдирүү (соматостатин гормонун) жиберип, өстүргүч гормондун бөлүп чыгарылышын басаңдатат.3

büyüme hormunu, göğüs kafesi

The growth hormone ensures that all of the organs in the body grow proportionately to one another. For example, development of the organs in the abdominal cavity and of the chest cavity is proportionate. If the growth of the chest cavity stopped and the heart continued to develop, the rib cage would crush the heart and cause death.

Гипоталамусту түзгөн клеткалар канда канчалык өстүргүч гормон болушу керек экенин кайдан билишет? Кандагы өстүргүч гормондун санын кантип өлчөп, кантип абалга жараша чечим ала алышат? Мунун канчалык улуу бир керемет экенин түшүнүү үчүн төмөнкү мисалга карап ой жүгүртөлү:

Бир адамды атайын бир аппараттын жардамы менен миллиарддаган эсе, б.а. анын бою бир клеткага теңелгенге чейин, кичирейттик дейли. Ал адам атайын бир капсулага салынып, гипоталамус аймагындагы клеткалардын биринин жанына жайгаштырылсын.

devlik, cücelik

If a little too much or too little growth hormone is secreted, the results are dynamic. If too little is secreted, dwarfism occurs; if too much, gigantism is the result. For this reason, God has created a special system to regulate the amount of growth hormone secreted.

Ал кишиге алдынан өткөн капиллярдын ичиндеги өстүргүч гормон молекулаларын эсептөө жумушу тапшырылсын. Эгер бул молекулалардын саны азайып же көбөйүп кетсе, аны аныкташы керек. Белгилүү болгондой, кан суюктугунун ичинде миңдеген түрдүү заттар бар. Бир адамдын алдына бир молекуланын түзүлүшү коюлса, ал анын өстүргүч гормондун же башка бир заттын түзүлүшү экенин (эгер бул темада адис бир илимпоз болбосо) биле албайт. Бирок гипоталамуска жайгаштырылган адам миллиондогон молекуланын арасынан өстүргүч гормондорду сөзсүз таанышы керек. Ошондой эле, бул гормондун санын да тынымсыз текшерип турушу зарыл.

ellerde büyüme, hastalık

In the above photographs, we see a woman at 16, 33 and 52 years of age who has a condition caused by excessive secretion of growth hormone during adulthood. This condition is characterized by disproportionate growth in the jaw, hands and nose.

Бир адамга да абдан кыйын сезилген бул жумушту аң-сезимсиз гипоталамус клеткалары кантип жасашат? Кандагы өстүргүч гормондордун санын тынымсыз кантип өлчөйт? Өстүргүч гормонду башка молекулалардан кантип айырмалайт? Бул клеткалардын молекулаларды тааный турган көздөрү, абалды анализдей турган мээлери жок. Анткен менен, Аллах курган кемчиликсиз системанын ичинде өздөрүнө тапшырылган жумушту эс катасыз орундатышат.

Өстүргүч гормон чоңойуу периодунда эле эмес, бойго жеткен адамдарда да бөлүп чыгарыла берет. Мунун натыйжасында бойго жеткендер да чоңойуп, бойлору узара берип, адамдар дөөлөргө айланышы керек эле. Бирок мындай болбойт. Адамдын бою белгилүү бир деңгээлге жеткен соң клеткалар бөлүнүп чоңойбой калышат.4 Клеткалардын эмне үчүн бөлүнүп, чоңойуу процессин токтотоору илимпоздорго белгисиз бойдон калууда. Бул жөнүндө бир гана нерсе белгилүү: клеткалар өзгөчө бир система аркылуу убагы келгенде чоңойууну жана бөлүнүүнү токтотууга программаланган. Демек адамдар бул кемчиликсиз программаны түзгөн кудурет жөнүндө ойлонушу керек. Бул бизге Аллахтын жаратуусундагы дагы бир кереметти көрсөтөт.

büyüme hormunu, kılcal damarlar

1. Hypothalamus
2. Pituitary gland

3. Transport of Hormones
4. Hormone Cells

It is not possible for us to count the number of growth hormone molecules in our body's capillary vessels or to easily determine a rise or fall in that number. But the cells that make up the hypothalamus select the growth hormone from among the thousands of different materials in the blood and make the required adjustments.

Триллиондогон клетканын чоңойууну жана бөлүнүүнү бири-бирине шайкеш, бир учурда токтотушунун канчалык маанилүү экенин түшүнүү кыйын эмес. Эгер клеткалардын кээ бирлери башка клеткалардай бөлүнүүнү токтотушпаса, бул адам үчүн өтө жаман болот. Чоңойуу токтогон кезде кандайдыр бир клетка тобу, мисалы, көз клеткалары бөлүнүп, чоңойууну улантышса, көз чанактын ичине батпай жарылат.

Триллиондогон клетканын бир учурда бөлүнүү иш-аракетин токтотушу жөнүндө сөз кылып жатканда дагы бир нерсени эске сала кетүү керек. Адам баласы ондогон жылдан бери согушуп, алигече жеңе албаган рак оорусу бир гана клетканын токтобой, контрольсуз бөлүнө беришинен келип чыгат. Бул мисал бул системадагы кылдат тең салмактуулукту жакшыраак түшүнүүгө көмөкчү болот.

Бойго жеткенде өстүргүч гормондун таасири кээ бир өзгөчө клеткаларга улана берет жана ал клеткаларды бөлүнүп көбөйүүгө стимулдайт. Бул дагы бир жаратуу керемети, жана белгилүү бир максатты көздөйт. Бөлүнгөн клеткалар эми чоңойууга эмес, дененин оңдоп, жаңыланышына кызмат кылышат. Мисалы, тери клеткалары менен эритроциттер тынымсыз бөлүнө беришет. Андыктан денебизде мүнөт сайын 200 миллион жаңы клетка пайда болот.5 Ал клеткалар улгайган жана эскирген клеткалардын ордун ээлешет. Ошентип клеткалардын жалпы саны дайыма бирдей сакталат.

Өстүргүч гормондун долбоору ушунчалык өзгөчө болгондуктан, клетка бөлүнүп, чоңойушу үчүн көптөгөн факторлорду да ишке салат.

Клеткалар бөлүнүшү же чоңойушу үчүн эң биринчиден көлөмү чоңойушу зарыл. Ал үчүн клеткада белоктун өндүрүшү сөзсүз көбөйүшү керек. Өстүргүч гормондун клеткадагы белоктун өндүрүшүн ылдамдатуу касиети да бар.

büyüme hormunu, mikroskopta görünüm

On the left is a picture of a growth hormone. It is too small to be seen with the naked eye but it acts within the body with a high level of consciousness, intelligence and sense of responsibility. It is a wonder how it is able to make a perfectly formed human being. But the One Who actually creates this wonder is God, the Lord of all the worlds.

Белгилүү болгондой, белок өтө татаал бир система аркылуу өндүрүлөт. Илимпоздордун бул системаны үстүртөн түшүнүшү дагы канчалаган жылга созулган илимий изилдөөлөрдү талап кылган. Бул системанын иштөөсүн ылдамдата турган бир молекула чыгаруу үчүн бул системаны толугу менен билүү керек. Өстүргүч гормондун долбоорунун белок өндүрүшүн ылдамдата турган өзгөчөлүктө болушу белок өндүргөн система менен өстүргүч гормондун Аллах тарабынан бири-бирине шайкеш кылып жаратылгандыгын жана Аллахтын буйругуна моюн сунушаарын далилдейт.

Өстүргүч гормон белок синтезин ылдамдатып эле тим болбостон, ошондой эле, белок синтезине керектүү чийки заттын клеткага киришине да шарт түзөт. Белок синтездөө үчүн талап кылынган эң негизги материал – бул белоктун курулуш материалы болгон аминокислоталар. Өстүргүч гормон муну билгендей болуп, клетка мембранасын көбүрөөк аминокислота кармаганга стимулдайт.

Белок синтези ылдамдашы үчүн клеткада зат алмашуу да ылдамдашы керек. Ал үчүн өстүргүч гормон башка гормондор менен кызматташат. Чоңойуу учурунда бөлүп чыгарылган калкан сымал бездин гормону клеткалардын зат алмашуу иш-аракеттерин ылдамдатат.

Бүт бул процесстер үчүн, албетте, дагы бир өтө маанилүү нерсе керек: энергия. Бул жерге чейин айтылган бүт системалар толугу менен бар болуп, бирок энергия булагы болбосо, булардын баары эч нерсеге жарабайт. Себеби энергия болмоюнча, чоңойуу иш-аракетин жасаганга болбойт. Бирок адам денеси ушунчалык кемчиликсиз жана пландуу жаратылгандыктан, бул муктаждык да эске алынган. Өстүргүч гормон жогоруда айтылгандардан тышкары, дагы бир өтө маанилүү функцияны аткарат. Май молекулаларынын эркин калып, канга аралашышына шарт түзөт. Натыйжада бул молекулалар «күйүүчү май» кызматын аткарып, керектүү энергияны берет.

büyüme hormunu, hücre zarı

1. Growth factor
2. Receptor
3. Membrance
4. ATP
5. OH

6. Tyrosine specific protein kinase domain
7. Protein substrate
8. PO2 - O3
9. ADP

When the growth hormone reaches the cell, it attaches itself to the appropriate receptor on the membrane. When the receptor is stimulated, the growth hormone begins to perform its function.

Өстүргүч гормондун дененин ичиндеги иш-аракеттерин окуп жатканда, буларды бир канча атомдун жыйындысынан келип чыккан, жансыз, аң-сезимсиз, колу, көзү, мээси жок бир молекуланын жасап жатканын унутпаш керек. Ушундай жансыз бир заттын дененин ичинде качан каерге бараарын, качан, каерди, кантип стимулдай турганын билиши өзүнчө бир керемет. Ошондой эле, өстүргүч гормон билдирүү (кабар) ташыйт деп айтуу да бул процессти сүрөттөө үчүн колдонулууда. Чындыгында аң-сезимсиз атомдордун бири-бирине билдирүү жазып жөнөтө албашы айдан ачык. Бирок дененин ичинде ушунчалык кереметтүү бир окуя болуп, кээ бир молекулалар бири-бирин көрөөр замат эмне кылуу керек экенин түшүнүп, аны орундатышат. Мисалы, кээ бирлери өстүргүч гормонду көрөөр замат бөлүнүп башташат. Кээ бири көбүрөөк аминокислота алып баштайт. Жана бул үчүн өстүргүч гормонду көрүү гана жетиштүү болот. Ушунчалык пландуу жана мыкты уюшулган бир иш-аракет дененин ичинде эч үзгүлтүксүз кантип улантылууда?

Бүт бул кереметтүү тең салмактуулуктарды убакыттын өтүшү менен акырындап, кокустуктардын натыйжасында келип чыккан деп айтуу илимий чындыктарга жана акылга туура келбейт. Себеби тең салмактуулуктагы бир эле кемчилик бүт системанын жок болушу деген мааниге келет. Бир организм жашай алышы үчүн бүт система жана органдары толугу менен бар болушу керек. Өстүргүч гормон жөнүндө бул жерге чейин айтылгандар жана өтө татаал тең салмактуулуктар бир гана акыйкатты көрсөтүүдө: адам бир жолуда, толугу менен жаратылган. Аллах кемчиликсиз жаратаарын Куранда төмөнкүчө кабар берген:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

Пролактин гормону

Гипофиз безинен бөлүп чыгарылган бул гормон аялдарда көкүрөктөгү сүт бездерин эне сүтүн чыгарууга стимулдайт. Анын бөлүп чыгарылышын гипоталамус аймагы башкарат. Бул гормондун өз кызматын кантип аткараары «Эне сүтүндөгү кереметтер» аттуу бөлүмдө каралмакчы.

Окситоцин гормону

 oksitosin hormonu, ositosin hormonunun görevi

1. Brain
2. Skull
3. Hypothalamus
4. Anterior lobe of pituitry gland
5. Posterior lobe
6. Axons

7. Posterior lobe
8. Granules containing hormone
9. Anterior lobe
10. Hormones
11. Oxytocin
12. Uterus

Oxytocin hormone is produced by the hypothalamus and stored in the posterior pituitary gland. At the correct time, a nerve signal is sent out by the hypothalamus to the pituitary gland causing it to secrete this hormone.

Its purpose is to ensure the contraction of the milk channels and uterine muscles when the time of birth approaches. In this way, it facilitates the birth process.

Бул гормон гипоталамус тарабынан чыгарылып, гипофиздин арткы бөлүгүнө сактап коюлат. Керек учурда гипоталамустан келген нейрондук бир буйрук менен гипофиз тарабынан бөлүп чыгарылат. Сүт каналдарын кысуу кызматын аткарат. Окситоцин гормонунун эне сүтүнүн өндүрүшүндөгү кызматын да «Эне сүтүндөгү кереметтер» аттуу бөлүмдө терең карайбыз.

Окситоцин гормону эне сүтүнүн өндүрүшүнөн тышкары, төрөт жакындаганда жатындын булчуңдарынын жыйрылышында да кызмат кылат. Төрөттүн оңой болушуна шарт түзөт. Төрөт жакындаганда окситоцин абдан көп бөлүп чыгарыла баштайт. Эң кызыгы, ал кезде жатындын булчуңдары да окситоцин гормонуна карата укмуш сезгич болуп калат.6 Төрөт учурунда кээ бир аялдарга оору басаңдап, төрөт жеңилирээк болушу үчүн тамырдан окситоцин берилет.

Окситоцин гормонун туура өндүрүү үчүн гипоталамусту түзгөн клеткалар алардан абдан алыс жерде боло турган төрөт процессин толугу менен билиши керек. Төрөттүн оор болоорун, бала төрөлүшү үчүн жатындын булчуңдары жыйрылып, наристени сыртты көздөй түртүшү керек экенин билиши зарыл. Мындан тышкары, жатындын булчуңдары жыйрылышы үчүн бир химиялык зат өндүрүү керек экенин жана анын формуласын да билиши керек. Гипоталамус клеткаларынын гендерине окситоцин гормонунун өндүрүш планын жайгаштырган, дүйнөгө жаңы келе турган наристени, энени, эне жатынын жана гипоталамус клеткаларын жоктон жараткан Аллах.

Аллахтын асмандарда жана жерде болуп жаткан бүт окуяларды башкарып тураары жана бүт нерсенин Анын колунда экени Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Асмандарда жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага «чын көңүлдөн моюн сунган» абалда. Жаратууну баштаган, кийин аны кайтара турган Ал; бул Ага абдан оңой. Асмандарда жана жерде эң улуу мисал Аныкы. Ал кудуреттүү жана улуу, өкүмдар жана даанышман. (Рум Сүрөсү, 26-27)

Эне сүтүндөгү кереметтер: пролактин жана окситоцин гормондору кызматта

Жаңы төрөлгөн бир наристенин азыктануу муктаждыгы бойго жеткен бир адамдан абдан айырмаланат. Ошондой эле, наристенин иммундук системасы бойго жеткен адамдыкына караганда алсыз болгону үчүн, иммундук система сырттан бекемделиши керек. Жаңы төрөлгөн наристенин бүт бул муктаждыктарына жооп бере турган эң идеалдуу азык – бул «эне сүтү». Жүргүзүлгөн изилдөөлөр эне сүтү менен азыктанган балдардын ден-соолугунун чың болоорун жана жакшы жетилээрин көрсөткөн.7

Эне сүтүнүн дагы бир кереметтүү касиети болсо, чоңойуп жаткан наристенин өзгөргөн муктаждыктарына жараша курамындагы азыктары да өзгөрүп турат. Балдардын тамагын өндүргөн чоң фирмалар миллиондогон долларларды коротуп жүргүзгөн изилдөөлөрүндө наристе жакшы жетилиши үчүн эң идеалдуу тамак курамын табууга аракет кылышкан. Бирок аягында мындай курамдын жок экенин, наристенин муктаждыгынын өзгөрүшүнө жараша ар бир этапта тамактын курамын өзгөртүп туруу керек экенин аныкташкан. Андан соң эң алдыңкы технологиялуу лабораторияларда эне сүтүнө окшогон жасалма балдардын тамагын өндүрө башташты. Бирок эч бир жасалма тамак эне сүтүндөй боло алган жок.

 bebek, güzel bebek

Бул жерде чыныгы бир керемет бар. Эненин көкүрөгүндөгү бир катар клеткалар эч көрбөгөн жана эч тааныбаган сырткы дүйнөдөгү бир организмдин, жаңы төрөлгөн бир наристенин бүт муктаждыктарын эсептеп чыгууда. Андан соң илимпоздор лабораторияларда жасай албаган нерсени жасап, эч кемчиликсиз азык курамынан турган эне сүтүн өндүрүшүүдө. Бирок эненин көкүрөгүндөгү сүт бездерин түзгөн клеткалардын да, башка клеткалар сыяктуу эле, аң-сезими жана акылы жок. Мындай кемчиликсиз аралашманын формуласын өз алдынча эсептеп чыгып, өндүрүшү мүмкүн эмес.

Эне сүтү кантип өндүрүлүп баштайт жана бул өндүрүш кантип башкарылат? Бул суроонун жообунда да көптөгөн кереметтер жашырылган. Сүттүн өндүрүшүндө гормоналдык система менен нерв системасы ортоктошуп иш алып барат. Кемчиликсиз бир маалымат алмашуу жана пландоонун натыйжасында бул өндүрүш ишке ашат.

Эненин көкүрөгүндөгү сүт бездерин иштетүүчү атайын бир гормон бар. Бул гормон, жогоруда айтылгандай, пролактин гормону. Пролактин гормону гипофиз безинен бөлүп чыгарылат.

Бирок кош бойлуулук периодунун башында пролактин гормонунун бөлүп чыгарылышын чектеген кээ бир факторлор бар. Ал факторлорду төмөн түшүп бараткан бир машинанын тормоз педалынын басылышына салыштырууга болот. Машина төмөн көздөй жылууга даяр, бирок тормоз басылып турганда жыла албайт. Башкача айтканда, сүт өндүрүшүнө тормоз басылган болот.

Пролактин гормонунун тормоздолушу эң туура чечим. Себеби наристе али төрөлө элек болгондуктан, эненин эрте сүт бөлүп чыгарышынын эч пайдасы болбойт. Бул тормоз кантип басылат? Пролактиндин эрте бөлүнүп чыгышына кантип бөгөт коюлган? Бул суроонун жообунда Жаратуучунун бир керемети катылган. Мээнин гипоталамус аймагы пролактин гормонунун бөлүп чыгарылышына бөгөт болуучу бир гормон чыгарат. PIH (Prolaktin Inhibiting Hormon- Пролактинге бөгөт болуучу гормон) деп аталган бул гормон пролактиндин өндүрүшүн басаңдатат, б.а. кайсы бир мааниде тормоз басат.

araba, manzara resmi

Анда, тормоз басуу чечимин ким алган? Кош бойлуулук учурунда чыгарылган эстроген аттуу бир гормон гипоталамустун тормозду тебишине, б.а. PIH бөлүп чыгарышына шарт түзөт. Наристе төрөлгөн соң эстрогендин бөлүп чыгарылышы азайат. Эстрогендин азайышы PIH’тин азайышына себеп болот. Бул процесс буттун акырындап тормоздон алынышына жана машинанын акырындап төмөн көздөй жөнөшүнө окшошот. Ошентип пролактиндин өндүрүшү акырындап көбөйөт. Пролактин гормону болсо сүт бездерин эне сүтүн өндүрүүгө стимулдайт.

Бул жерде Жаратуучу тарабынан жаратылган чыныгы бир керемет бар. Кош бойлуулуктун биринчи айларында сүттүн чыгышына ушул долбоор бөгөт болот. Эми бул система жөнүндө тереңирээк ойлонолу:

Пролактин гормонун өндүргөн гипофиз клеткалары сүт бездерин кайдан таанышат? Сүт өндүрчү клеткаларга «сүт өндүргүлө» деген буйрукту кайсы акыл жана аң-сезими менен беришет?

Төрөттөн мурда пролактиндин чыгарылышына бөгөт болуучу гормондор азырынча сүт өндүрбөө керек экенин, дагы белгилүү убакытка чейин күтүү керек экенин кайдан билишет?

Бул гормондор сүттүн өндүрүшүнө пролактин себеп болоорун жана сүттүн өндүрүшүн токтото туруу үчүн пролактиндин бөлүп чыгарылышына жолтоо болуу керек экенин кайдан билишет?

Эне сүтүнүн эң керектүү убакытта өндүрүлүшүнө түрткү берүүчү дагы бир система бар, жана бул система да адам денесинин канчалык пландуу жаратылгандыгынын дагы бир далили.

Наристенин сүт эмиши эненин көкүрөк аймагындагы кээ бир нерв клеткаларынын гипоталамуска бир нерв сигналын жиберишине себеп болот. Бул сигнал гипоталамуска таасир берип, гипоталамустун пролактинди токтотуучу тормозун алып салат. Натыйжада көбүрөөк пролактин бөлүп чыгарылып, сүт бездерине сүт өндүрүү буйругу берилет.

Бул жөнүндө дагы бир жолу ой жүгүртөлү;

Эненин көкүрөгүнүн ичине төрөлгөндө эле кээ бир кабылдагычтар орнотулган. Ал кабылдагычтар наристенин эмүү рефлексин тааный тургандай долбоорлонгон. Ал кабылдагычтардан чыккан электрдик кабельдердин (нерв бутактарынын) бир учу алыс жерде жайгашкан бир органга, мээнин гипоталамус аймагына туташкан. Башкача айтканда, наристенин эмүү рефлексинин башталганын гипоталамус аймагына билдире турган атайын бир система жаратылган. Бул кабельдер эт менен сөөктөн турган адам денесиндеги триллиондогон ыктымалдыктын арасынан эң туура жерге туташышкан. Жаңылыштык менен мээнин көрүү борборуна, ашказанга же ичегилерге эмес, дал керектүү жерге, б.а. гипоталамуска туташышкан.

prolaktin, anne sütü

a-e. Milk glands
b. Hypothalamus

c. Pituitary gland
d. Prolactin

1) When the baby beings to suck, some nerve cells in the mother's beast send a message to the hypothalamus.

2) On receiving the message, the hypothalamus removes the brake from the prolactin.

3-4) In order to begin the production of mother's milk, the prolactin secreted by the pituitary gland stimulates the milk glands in the mother's breast.

Гипоталамусту түзгөн клеткалар болсо бул электрдик сигнал келээр замат эне сүтүнүн бөлүп чыгарылышы үчүн керектүү процессти баштатышат. Бирок бул клеткалардын эч кандай акылы жана аң-сезими жок. Ал сигналдын эненин көкүрөгүнөн келгенин, наристенин эмүү рефлексин кабар берип жатканын, ошондуктан эне сүтүн чыгаруу керек экенин, сүт чыгышы үчүн аларга негизги милдеттин жүктөлгөнүн, пролактинди көбүрөөк бөлүп чыгаруу керек экенин, себеби пролактиндин сүт бездерин ишке киргизээрин эч качан биле алышпайт. Анда, аң-сезимсиз клеткаларга бул акылдуу кыймыл-аракеттерди ким жасатат?

Ким эненин көкүрөгүнүн ичине кабылдагычтарды орноткон?

Ким бул кабылдагычтардан чыккан сигналдарды өткөрө турган кабельдерди тарткан?

Ким бул кабельдердин учун гипоталамуска туташтырган?

Ким гипоталамус клеткаларына бул сигнал келгенде гипофиз безин стимулдоо керек экенин үйрөткөн?

Ким гипофиз безин түзгөн клеткалардын ичине сүт бездерин ишке сала турган гормондун формуласын жазып койгон?

Ким бул гормонду баштын ичинде жайгашкан гипофиз безинен эненин көкүрөгүнө жеткире турган кан тамыр системасын пайда кылган?

Ким көкүрөк клеткаларын бул гормон келгенде ишке кире тургандай кылып жараткан?

Ким көкүрөк клеткаларына эне сүтүнүн, илимпоздор да туурай албаган, теңдешсиз формуласын үйрөткөн?

Бул суроолордун баарынын, албетте, бир гана жообу бар: ааламдардын Рабби Улуу Аллах.

Илим менен технологиянын өнүгүшүнүн натыйжасында адам өз денесин тереңирээк изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул мүмкүнчүлүк адам денесиндеги системалардын канчалык улуу акыл жана план менен жаратылганын көрсөтүп, Аллахтын жаратуу чеберчилигин көз алдыга тартуулады.

Аллахтын бар экенин кабыл албаган адамдардын ар дайым айткан бир гана калпы бар: кокустук...

Алар тирүү организмдердеги жана ааламдагы кемчиликсиз план менен чеберчиликтин келип чыгышын бир гана кокустукка таяндырышат. Бирок жогоруда үстүртөн эле каралган «эне сүтүндөгү кереметтер» дагы алардын кокустук көз-карашынын негизсиздигин далилдөөгө толук жетиштүү.

Бул системадагы миңдеген бөлүктүн бир даанасынын дагы, мисалы бир даана көкүрөк, гипофиз, нерв же гипоталамус клеткасынын же бир даана гормондун дагы кокустан пайда болушу илимий жактан эч мүмкүн эмес. Бул системанын бөлүктөрүнүн баары өз ордунда, жашай алышы үчүн керектүү көмөкчү системалар (кан айлануу, дем алуу ж.б.) менен бирге, бир заматта пайда болушу зарыл. Муну болсо бир гана жол менен түшүндүрүүгө болот: бул система Аллах тарабынан жаратылган.

Эне сүтүндөгү кереметтин дагы бир далили болсо, окситоцин аттуу гормон.

Жогоруда эне сүтүн өндүрүүчү кемчиликсиз долбоорлонгон системаны карадык. Бирок бул жерде бир маселе бар: сүт бездеринде сүт өндүрүлсө эле маселе чечилбейт. Наристе эненин сүтүн эмчектин учунан, бутылкадан ичкендей, өз күчү менен эме албайт. Сүт сүт бездеринен көкүрөктүн учуна жеткирилиши керек. Антпесе, жогоруда каралган система эч бир ишке жарабайт, эненин сүтү сүт бездеринен көкүрөктүн учуна жете албайт жана жаңы төрөлгөн наристе азыксыз калат. Сүт көкүрөктүн учуна жана натыйжада наристеге кантип жеткирилет?

Тарых бою эненин сүтүн эмген триллиондогон адам, сиз да кошо, бул үчүн окситоцин гормонуна карыздар.

Окситоцин гормону сүт безинин каналдарынын айланасындагы булчуңдардын жыйрылышына шарт түзөт. Булчуңдардын жыйрылышы сүттү сүт бездеринен көкүрөктүн учун көздөй жылдырып, эмгенге даярдап койот. Ошентип баланы эмизгенде, наристе сүттү оңой гана эме алат.

Окситоцин гормонун өндүргөн клеткалар сүттү наристе эме алышы үчүн эненин көкүрөгүнүн учуна жеткирүү керек экенин, антпесе наристенин сүттү эме албашын кайдан билишет? Муну билген күндө дагы, сүт каналындагы клеткаларды жыйрылта турган формуланы кайдан үйрөнө алышат?

Бул системанын кемчиликсиздигин жакшыраак түшүнүү үчүн ар бир адам бул суроолорду өзүнө өзү узатышы керек. Адам денесиндеги ар бир клеткада көрүнгөн акыл менен аң-сезим бүт баарын жоктон жараткан Аллахтын чексиз илимин чагылдырууда. Аллах Куранда асмандагы жана жердеги бүт иштерди Өзүнүн жөнгө салаарын төмөнкүчө кабар берген:

Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат... (Сажда Сүрөсү, 5)

Каныңыздагы суунун көлөмүн жөнгө салуучу система: антидиуретикалык гормон

 su içme, su kaybı

1. Skin
2. Lungs
3. Lİver

4. Kidneys
5. Large intestine

Water and waste products are expelled from the body through the kidneys, intestines, lungs, liver and skin.

Денеңизде канчалык суу болушу керек экенин билесизби? Ар күнү жеген тамак-аштарыңыз жана ичкен суюктуктарыңыз аркылуу денеңизге канча грамм суу кирээрин жана ал суунун канчасын денеңизден чыгарышыңыз керек экенин эсептей аласызбы? Ар бир секунда сайын каныңызда канча грамм суу бар экенин, кан басымыңызды, тканьдарыңыздагы суунун өлчөмүн эсептей аласызбы?

Эгер бир адамга бул эсептөөлөрдүн баарын жасоо милдети жүктөлгөндө, башка эч нерсе кылбастан, бүт убактысын ушуга коротконго мажбур болмок. Бул өтө маанилүү бир милдет; себеби адам денеси суу жоготпошу керек. Эгер денедеги суунун 10%ы жоготулса, анда бул өлүмгө себеп болот.

Бирок адам денесиндеги суунун көлөмүн ченеп турганга мажбур эмес. Себеби ар бир адамдын денесинин ичине денесиндеги суунун көлөмүн жөнгө салып туруучу атайын бир система орнотулган. Эгер бул системаны тереңирээк карасаңыз, укмуш пландалган бир инженерия кереметин көрөсүз.

Эгер тердөө же суу ичпей калуу себебинен белгилүү өлчөмдө суу жоготсок, кандагы суунун тыгыздыгы азайат. Эгер денеңизге атайын бир система орнотулбаганда, каныңыздагы суунун тыгыздыгы канчалык азайбасын, мындан кабарыңыз болмок эмес жана белгилүү убакыттан соң эч байкабастан чаңкоодон көз жуммаксыз. Каныңыздагы суунун азайганы кантип аныкталат жана кантип керектүү чаралар көрүлөт?

Мээнин гипоталамус аймагына атайын кабылдагычтар орнотулган. Алар ар секунда сайын, ал тургай, сиз буларды окуп жатканда дагы, каныңыздагы суунун көлөмүн ченеп турушат. Эгер кандагы суунун көлөмүнүн азайганын аныкташса, ошол замат коңгуроо кагышат.

 su içme, su kaybı

Water is the compound that the human body needs most. If the body loses only about 10% of its water, it cannot survive. But a person can never measure the amount of water present in his body or take measures to affect it, but his body already has a flawless system to undertake this duty on his behalf.

Гипоталамустагы кабылдагыч клеткалардын биринин ордуна бир адамды койдук деп элестетип көрөлү. Ал адамга 24 саат бою эч чарчабай, уктабай кандагы суунун көлөмүн өлчөө милдети жүктөлсүн. Өлгөнгө чейин башка эч нерсе кылбай, бир гана сууну өлчөйт. Албетте, бул жумуш адамдын колунан келбейт. Анда, бир клетка тобу эмне үчүн бүт өмүрүн бир суюктуктун ичиндеги суунун көлөмүн эсептегенге арнайт? Албетте, бул ал клетка тобунун өздөрүнө берилген милдетти орундатып жатканын көрсөтөт. Гипоталамус Аллахтын илхамы менен өз милдетин аткарат.

Мунун башка бир тарабын да ойлонуп көрөлү. Кандагы суунун көлөмү азайды деп элестетели. Анда кабылдагыч клеткалардын ордуна коюлган адам эмне кылышы керек? Эгер бул клеткалардын ордунда чындап эле бир адам, мисалы, сиз турсаңыз, кандай чара көрмөк элеңиз? Суу ичүү ыктымалдыгынан башка, кандагы суунун көлөмүн кантип көбөйтмөксүз?

Эгер бир биология билимин алган эмес болсоңуз, оюңузга заара суюктугундагы суунун молекулаларын сүзүп алып, кайра канга берүү пикири келмек эмес. Мындай пикир оюңузга келсе дагы, аны ишке ашыруу үчүн эмне кылуу керек экенин билмек эмессиз.

Гипоталамустагы кабылдагыч клеткалар кандагы суунун көлөмүнүн азайганын түшүнөөр замат гениалдуу бир жолду тандашат. Гипофиз безине сакталып коюлган антидиуретикалык гормонду (ADH), атайын бир кабарчы молекуланы колдонууну чечет. Бул кабар (билдирүү) бөйрөктөгү миллиондогон микро-каналчанын айланасындагы клеткалар үчүн жазылган. Жана ал клеткаларга «заара суюктугундагы суу молекулаларын кармагыла» деген буйрук берет.

Бул жерде төмөнкүдөй суроолор туулат: гипоталамустагы клеткалардын акылы алардан абдан алыста жайгашкан жана өмүрүндө эч көрбөгөн бөйрөк клеткаларына буйрук берүүгө кантип жеткен? Бөйрөк клеткалары түшүнүп, моюн суна турган бир билдирүүнү кантип жазышкан? Бөйрөк клеткалары эмне үчүн ал буйрукка моюн сунушат?

Бул байланыш системасы аркылуу заарадагы суу молекулаларынын негизги бөлүгү сүзүп алынып, кайрадан канга берилет. Натыйжада заара азайып, денеге белгилүү өлчөмдө суу кайтарылып берилет.

Эгер талап кылынгандан ашыкча суу ичкен болсок, анда бул механизм тескерисинен иштейт. Кандагы суунун тыгыздыгы жогорулайт. Анын натыйжасында гипоталамустагы кабылдагычтар антидиуретикалык гормондун бөлүп чыгаруу процессин басаңдатышат. Антидиуретикалык гормон азайганда бөйрөктөр сууну кайра азыраак соруп баштайт. Заара суюктугу көбөйүп, кандагы суунун көлөмү тең салмакка салынат.

su dengesi, insan vücudundaki dengeler

1. Pituitary gland
2. Hypothalamus
3. Artery
4. Veins
5. Posterior pituitary gland

6. Anterior pituitary gland
7. Capillaries
8. Artery
9. Capillaries

If it were left to a human being to measure the amount of fluid in his blood and to take measures according to the result, he would need the most advanced laboratory. And he would have to observe what was happening in the blood night and day without taking a break. A human being would encounter countless difficulties in carrying out this duty (if he could even do it), but tiny cells manage it expertly.

Антидиуретикалык гормондун бир өзгөчөлүгү; ал кан тамырларды жыйрып, кан басымын да жогорулата алат. Бул дагы атайын пландалган бир коопсуздук-камсыздандыруу системасы жана адамдын бир Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгынын дагы бир далили. Бул коопсуздук системасы иштеши үчүн да кеңири масштабдуу бир план түзүлгөн. Жүрөктүн дүлөйчө аймагынын ичине жана жүрөккө келген тамырлардын ичине кан басымын өлчөөчү атайын кабылдагычтар орнотулган. Ал кабылдагычтардан чыккан кабельдер (нервдер) болсо гипофиз безине туташкан. Кан басымы нормалдуу турганда бул кабылдагычтарга тынымсыз сигнал келип, гипофиз безине тынымсыз электрдик заряд жиберип турушат. Электрдик сигналдардын гипофизге барышы антидиуретикалык гормондун бөлүп чыгарылышына бөгөт болот.8

Бул системаны инфракызыл нурларды колдонуп жасалган коңгуроо системаларына салыштырууга болот. Эгер ууру байкабастан бул нурлардын бирине тийип кетсе, нурдун булагы менен кабылдагычтын ортосундагы байланыш үзүлүп, коңгуроо иштеп баштайт.

Дал ушул мисалдагы сыяктуу, жүрөк менен тамырлардын ичине орнотулган кабылдагычтардан гипофизге сигнал барып турганда, баары өз жайында болот. Анда коңгуроо кантип кагылат?

adh hormonu, vücuttaki su dengesi

a. ADH and oxytocin are produced in neurosecretory cells in the hypothalamus
b. When appropriate, ADH and oxytocin are secreted from axon endings into the bloodstream
c. Negative feedback

1. Hypothalamus
2. Posterior pituitary
3. Anterior pituitary
4. Artery

5. ADH
6. Stimulus
7. Sensor
8. Hypothalamus

9. Posterior pituitary
10. Response
11. ADH
12. Kidney tubules

13. Kidney tubules
14. Dilute blood
15. Normalcy
16. Concentrated blood

When the level of fluid in the blood falls, a message comes to the hypothalamus. As a result of this, nerve cells in the hypothalamus send a message for ADH to be secreted. The ADH hormone ensures that more fluid will be absorbed back from the kidneys. After the blood is diluted, the secretion of ADH stops.

Олуттуу бир жараат алганда адам көп кан жоготуп, тамырларындагы кандын көлөмү азайат. Бул болсо кан басымынын төмөндөшүнө алып келет жана кан басымынын төмөн болушу оорулуу үчүн абдан кооптуу.

Кан басымы төмөндөгөндө, тамырлардын жана жүрөктүн ичиндеги рецепторлордон гипофизге жиберилген сигнал да үзүлөт. Бул гипофиздин коңгуроо кагышына жана антидиуретикалык гормонду бөлүп чыгарышына себеп болот. Антидиуретикалык гормон кан тамырлардын айланасындагы булчуңдардын жыйрылышына жана натыйжада кан басымынын жогорулашына алып келет. Бул өтө комплекстүү, бири-биринен көз-каранды иштеген жана көп бөлүктөн турган системанын ойлонуу керек болгон көптөгөн тараптары бар.

Антидиуретикалык гормонду жасаган гипоталамус клеткалары алардан абдан алыста жайгашкан тамырлардын айланасындагы булчуң клеткаларынын түзүлүшүн кайдан билишет?

 su içme, su kaybı

As long as a signal reaches the pituitary gland from the receptors in the heart and blood vessels, everything goes well. But when blood pressure drops, the signal ceases. This causes the pituitary gland to take the required measures. This system resembles an infrared alarm system. As long as the infrared signal continues, there is no problem. But if the signal is interrupted for any reason (as in the picture above), the alarm sounds.

Кан басымы көтөрүлүшү үчүн ал тамырлардын жыйрылышы керек экенин кантип болжошкон?

Ал клеткаларды жыйрылта турган химиялык формуланы кантип иштеп чыгышкан?

Жүрөк менен гипофиздин ортосундагы байланыш тармагын жана кабельдерди ким тартып, ким мынчалык кемчиликсиз бир коңгуроо системасын пайда кылган?

Албетте, булардын баары план жана долбоор менен жасалган. Жана бул долбоор адамдын аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасында эмес, бир Жаратуучу тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылганын көрсөтүүдө. Эволюционисттердин «денедеги байланыш жана коңгуроо системасы кокустан пайда болгон, клеткалар өздөрүнүн акылы менен бул системаны ойлоп таап, планын түзүп, анан иштеп чыккан» деп айтышы алардын логикадан канчалык алыстап кеткенин айгинелейт. Мындай көз-караш «бир талаага чогулган цемент, кирпич, электрдик кабель сыяктуу материалдар бир бороондун натыйжасында алгач кокустан бир бийик имаратты пайда кылып, андан соң экинчи бир бороондун натыйжасында ал имараттын ичине электрдик системаны куруп, үчүнчү бороондо болсо имараттын ичине кемчиликсиз бир коопсуздук системасын курган» дегенге окшошот. Акылы жайында болгон эч бир адам мындай логикасыз көз-карашты кабыл албайт. Бирок эволюционисттердин көз-карашы мындан да логикасыз. Аллахтын бар экенин четке кагуу үчүн болгон аракетин жумшаган эволюционисттер айтып жаткандарынын канчалык акылдан алыс экенин билсе дагы, эволюция теориясын жактай беришет.

Чындыгында болсо, Аллахтын бар экени жана асмандан жерге чейин бүт баарын кемчиликсиз бир долбоор менен жаратканы айдан ачык:

... Асмандардагы жана жердегилердин баары Аныкы, баары Ага чын көңүлдөн моюн сунушкан. Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

computer_network

Natural events that occur by chance cannot change a pile of cement, bricks and electric cables into a developed city of sky- scrapers (or even a high- ly advanced computer network).

To maintain that the more complex struc- tures in the body are the result of time, nat- ural law, and chance is as senseless as claiming that a city of skyscrapers came to be by the same forces.

Убакытты пландап, жынысты айырмалай алган гормондор

 children, gender

Балким биринчи окуганда ишенүү кыйын болоор, бирок денеңиздин ичинде көптөгөн сааттар бар. Илимпоздор биологиялык саат деп атаган бул түшүнүк дененин ар кайсы бөлүктөрүнө жайгаштырылган жана ар бири өзүнүн аткарган кызматына жараша убакытка программаланган көптөгөн микро-сааттан турат. Мындай микро-сааттардын бири мээнин гипоталамус аймагына орнотулган.9

Адамдардын жаш баладан өспүрүмгө өтүү этабында өзгөрөөрүн, бойго жетүү доорунан өтөөрүн жана бул доордо адам денесинде белгилүү өзгөрүүлөрдүн болоорун баарыбыз билебиз. Бойго жеткен доорго өтүү аялдарда 8-14, эркектерде 10-16 жаштардын арасында болот.

Ушул күнгө чейин жаратылган миллиарддаган адамдын баарынын денесине орнотулган жана эч жаңылбай, так иштеген бул кандай саат? Жана бир адамдын өспүрүм жашына келгенин кантип так аныктай алат?

Мээнин гипоталамус аймагы адам төрөлгөндөн баштап өзгөчө бир жумушту орундатуу үчүн бир канча жыл күтөт. Эң туура учур, б.а. жаш баладан өспүрүм дооруна өтүү учуру келгенде, гипоталамустун ичинде бир сааттын коңгуроосу кагылгандай эле болот. Бул гипоталамустун жаңы бир жумушту баштоо коңгуроосу болот.

Негизи илимпоздор бир кубулушту түшүндүрүү жана жеткиликтүү тил менен айтуу үчүн аны саатка салыштырышат. Гипоталамустун ичинде, албетте, эч кандай саат жок. Бирок бир тиштем эт канчалаган жыл күтүп отуруп, учуру келгенде гана бир жумушту жасап баштаса, аны «гипоталамустун ичинде бир саат бар» деп салыштыруу эң туура болот.

Гипоталамусту түзгөн клеткалар убакыттын келгенин кантип билишет? Илим дүйнөсү кичинекей бир эт бөлүгүндө мынчалык пландуу жана программалуу бир иш-аракеттин кантип жасалаарын алигече түшүндүрө алган жок.10 Бул кубулуш улуу бир керемет. Бул системаны келечекте балким тереңирээк түшүнгөнгө мүмкүнчүлүк болоор. Албетте, бул багыттагы жаңы ачылыштар дагы Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун жаңы бир далили болот.

hipotalamus, cinsiyet ayrımı

Because of its "hidden" clock, the brain's hypothalamus area "understands" when a person's adolescence has started. And this clock operates in every human being without breaking down or stopping.

Бул коңгуроо кагылган соң гипоталамус атайын бир гормон (GnRH) бөлүп чыгарат. Бул гормон гипофиз безине эки гормон бөлүп чыгар деп буйрук берет. Себеби гормондорду бөлүп чыгаруунун эң идеалдуу учуру келген болот. Ал гормондор – Фолликулду стимулдоочу гормон (FSH) жана Лютеиндештирүүчү гормон (LH).

Бул эки гормондун өтө маанилүү кызматтары жана кереметтүү жөндөмдөрү бар. Экөө тең эркек менен аялдын денесинин өзгөчөлөнүү жана физикалык жетилүү процессин баштатышат. Бул өтө маанилүү жагдай, себеби FSH жана LH гормондору бул өзгөрүүнү жүргүзө турган аймактарга туура келе тургандай долбоорлонгон. Жана эки гормон тең өз жумушун эң мыкты билгендей иш алып барышат.

FSH гормону аялдын денесинде энелик бездин ичинде жайгашкан энелик клеткалардын жетилип, өрчүшүн камсыздайт. Мындан тышкары, бул аймактан өтө маанилүү дагы бир гормондун, эстроген гормонунун бөлүп чыгарылышына шарт түзөт.

FSH гормону ошол эле формула менен эркектин денесинде да бөлүп чыгарылат. Бирок такыр башка таасирлерге алып келет. Урук бездеринин клеткаларын стимулдап, сперманын иштелип чыгып башташына шарт түзөт.

LH гормону аялдын денесинде жетилген энелик клетканы эркин койо бердирүү милдетин аткарат. Мындан тышкары, аялдарда прогестерон аттуу дагы бир гормондун бөлүп чыгарылышына шарт түзөт.

LH гормону эркектин денесинде башка милдетти аткарат. Урук бездериндеги өзгөчө бир клетка тобун (Лейдиг клеткаларын) стимулдап, тестостерон аттуу гормондун бөлүп чыгарылышын камсыздайт.

Бул гормондордун эки жыныстын денелеринде бир эле формула менен чыгарылып, бирок эки жыныста эки башка таасирлерге себеп болушу, албетте, ойлондурарлык көрүнүш. Эркектин денеси менен аялдын денесинин айырмасын гормондор кайдан билишет? Бир эле формуладагы бир гормон кантип эркектин денесинде тестостеронду иштеп чыгартып, аялдын денесинде болсо прогестеронду иштеп чыгартат? Бирдей формула менен чыгарылган гормондор эркектин денесин таанып үнүн, булчуңдарын эркекке ылайыктуу кылып өзгөртсө, аялдын денесиндегилер кантип аялдын химиясын жана өзгөчөлүктөрүн билип, ошого жараша өзгөрүүлөрдү жасайт? Бир эле гормон менен башка башка таасирлерди пайда кылып, эки түрдүү жынысты жетилте турган мындай кемчиликсиз генетикалык программаны клеткалардын ичине ким орноткон?

Муну пландаган акыл кимге тиешелүү? Кокустуктаргабы, аң-сезимсиз клеткаларгабы, же клеткаларды түзгөн атомдоргобу?

Бул акылдын кокустуктарга да, клеткага да, клетканы түзгөн атомдорго да тиешелүү эместиги апачык көрүнүп турат. Эркек менен аялга карап өз-өзүнчө жөнгө салынышы булардын атайын пландалганын көрсөтөт. Биздин улуу Жаратуучубуз – Аллах.

 su içme, su kaybı

1. Pituitary gland
2. FSH
3. LH
4. Ovary

1. Pituitary gland
2. FSH
3. LH
5. Testes

Hormonal Control in Females:

LH secreted from the pituitary gland ensures that the egg is released and that progesterone is secreted. FSH ensures the formation and development of egg cells in the ovaries.

Hormonal Control in Males:

LH secreted from the pituitary gland stimulates a special group of cells in the testes (leydig cells) and ensures the secretion of testosterone. In men, FSH stimulates the testes cells and initiates sperm production.

Булактар

1. The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, Marshall Cavendish Books, London, 1974, s. 81

2. Guyton & Hall,Textbbok of Medical Physiology, 7. Baskı, W.B. Saunders, s. 1264-1275

3. Biological Science, A Moleculer Approach BSCS Blue Version-6. Baskı, Colorado 1990, s. 521

4. Glissor S. Linda, Jensen Karen, Lanoutte Edward, Human Machine, Washington D. C. National Geographic Society, 1986, s. 226

5. Glissor S. Linda, Jensen Karen, Lanoutte Edward, Human Machine, s. 222

6. The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, s. 81

7. Biological Science A Moleculer Approach, s. 523

8. Terzioğlu Meliha, Oruç Tülin, Yiğit Günnur, Fizyoloji Ders Kitabı, İstanbul, İ. Ü. Basımevi ve Film Merkezi, 1997 s. 399

9. Body Atlas, Ambrose Video Publishing, Inc. New York, Discovery Communications, 1994

10. Kemalettin Büyüköztürk, İç Hastalıkları, İstanbul, Nobel Tıp Kitapevi, 1992, s 392