Денебиздеги Кант Фабрикасы

Эгер муктаждыгыңыздан көбүрөөк канттуу бир тамак жесеңиз, денеңиздеги бир система кандагы канттын жогорулап кетишине бөгөт болуу үчүн ишке киришет:

1- Эң алгач уйку безинин клеткалары кан суюктугунун ичиндеги миллиондогон молекуланын арасынан кант молекулаларын таап, башкалардан айырмалайт. Ал тургай, кант молекулаларын эсептеп чыккан сымал, алардын санынын аз же көп экенин түшүнөт. Көзү, мээси, колдору жок, көзгө көрүнбөгөн кичинекей клеткалардын бир суюктуктун ичиндеги кант молекулаларынын санын билиши таң калтырбай койбойт.

2- Эгер уйку безинин клеткалары кандагы канттын көлөмүн муктаждыктан ашыкча деп тапса, ашыкча кантты сактап коюуну чечет. Бирок ал жумушту өздөрү жасашпайт, алардан абдан алыста жайгашкан башка клеткаларга жасатышат.

3- Алыстагы ал клеткалар бир буйрук келмейинче, кантты сактап коюуну каалашпайт. Уйку безинин клеткалары ал клеткаларга «кантты топтоп баштагыла» деген буйрукту билдирүүчү бир гормон жиберишет. «Инсулин» деп аталган бул гормондун формуласы уйку безинин клеткалары эң биринчи пайда болгондон бери ДНКларына жазылып келүүдө.

4- Уйку безинин клеткаларындагы атайын «ферменттер» (жумушчу белоктор) бул формуланы окушат. Анан ал формулага карап инсулин өндүрүшөт. Бул өндүрүштө жүздөгөн фермент иштеп, ар бири ар кандай кызматтарды аткарышат.

5- Өндүрүлгөн инсулин гормону эң коопсуз жана эң ыкчам транспорт тармагы болуп эсептелген кан аркылуу көздөгөн клеткаларга жеткирилет.

6- Инсулин гормонунда жазылган «кантты топтоп койгула» деген буйрукту окуган клеткалар болсо бул буйрукка толук моюн сунушат. Кант молекулаларын клеткалардын ичине киргизе турган эшиктер ачылат.

7- Бирок ал эшиктер туш келди ачылбайт. Кампа клеткалар кандагы жүздөгөн түрдүү молекуланын арасынан кант молекулаларын гана айырмалап, кармап, өздөрүнүн ичине камап коюшат.

8- Клеткалар келген буйрукка эч качан моюн сунбай коюшпайт. Ал буйрукту туура эмес түшүнүп, туура эмес заттарды кармап же болбосо өтө ашыкча кант топтоп салышпайт. Өтө кунт коюп, абдан тартиптүү иштешет.

vücudumuzdaki şeker fabrikası

1. Carbohydrates
2. Esophagus
3. Liver
4. Stomach
5. Large intestine
6. A NON-DIABETIC PERSON

7. Insulin
8. Glucose
9. Active receptor
10. Active transporter
11. Glucose is converted into energy
12. Glucose

13. Red blood cells
14. Normal vessel
15. A DIABETIC PERSON
16. Inactive receptor
17. Inactive transporter
18. Diabetic vessel

A. In the intestines, carbohydrates become glucose and are assimilated into the blood. If the level of glucose rises too high, the pancreas secretes a hormone called insulin which helps the cells to absorb glucose.

B. The hormone unites with the receptor that activates the glucose transporter. The glucose enters the cell and is converted into energy. The level of glucose in the blood remains stable. In the case of diabetes, insulin does not bond with the receptor and the transporter becomes inactive. Glucose circulates in the blood and raises its level of sugar.

Ошентип сиз ашыкча канттуу бир чай ичкениңизде, бул кереметтүү система ишке кирип, ашыкча кантты денеңизге топтоп койот. Эгер бул система иштебегенде, анда каныңыздагы канттын көлөмү тездик менен көтөрүлмөк жана комага кирип, каза болмоксуз. Бул ушунчалык кемчиликсиз бир система болгондуктан, керек учурда тескерисинен да иштей алат. Эгер кандагы кант нормадан төмөндөп кетсе, анда уйку безинин клеткалары такыр башка бир гормон, б.а. «глюкагон» бөлүп чыгарышат. Глюкагон мурда кантты топтоп койгон клеткаларга эми «канга кантты койо бергиле» деп буйрук берет. Бул буйрукка да моюн сунган клеткалар топтоп койгон кантты кайра койо беришет.

Мээси, нерв системасы, көзү жана кулагы жок клеткалар кантип мынчалык татаал эсептерди чыгарып, ушунчалык татаал иштерди жасай алышат? Белоктор менен май молекулаларынан турган бул аң-сезимсиз нерселер кантип адамдардын да колунан келбеген иштерди жасай алышат? Аң-сезимсиз молекулалардагы бул терең акылдын булагы эмне? Албетте, бул процесстер бизге бүт ааламды жана бүт жандыктарды башкарган Аллахтын бар экенин жана кудуретин көрсөтүүдө.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • Денебиздин Эки Башчысы: Гипоталамус Жана Гипофиз
  • Жашоонун Ритми: Калкан Сымал Бездер
  • Өтө Так Кальций Өлчөгүчтөр
  • Денебиздеги Кант Фабрикасы
  • Бөйрөк Үстүндөгү Бездер
  • Жыныстык Гормондор
  • Клетканын Ичиндеги Байланыш
  • Клеткадагы Почта Кодуна Таянган Система
  • Нерв Клеткаларындагы Байланыш
  • Кереметтүү Кабарчы: Азот Кычкылы
  • Жыйынтык