Бөйрөк Үстүндөгү Бездер

Дээрлик бүт адамдар бир жуп бөйрөгү бар экенин жана бөйрөктөрдүн абдан маанилүү функцияларды аткараарын билет. Бирок көп адамдар бөйрөктөрүнүн үстүндө 5-6 граммдык бир эт түйдөктөрү бар экенин жана алардын абдан маанилүү экенин билишпейт. Бөйрөктөрдүн үстү жагында жайгашкан бөйрөк үстүндөгү бездер жашообузга керектүү өтө маанилүү кызматтарды аткарышат.

Бөйрөк үстүндөгү бездерди изилдегенде алардын ар биринен бири-биринин үстүнө курулган эки лабораторияны көрөбүз. Алардын биринчиси 3 түрдүү гормон өндүрүлгөн бөйрөк үстүндөгү бездин сырткы аймагы (кабыгы), экинчиси 2 түрдүү гормон өндүрүлгөн ички аймагы. Бул бездер өтө маанилүү гормондорду чыгарышат; ал гормондордун кем болушу же туура эмес санда чыгарылышы өлүмгө алып келет.22

«Согуш же кач» системасы

adrenalin hormonu

Adrenaline is secreted immediately in the body of a pilot whose airplane malfunctions. This fluid sends more sugar and blood to the brain, making the pilot more attentive. His blood pressure and heartbeat increase, making him more alert. These are only a few of the changes that adrenaline causes in the pilot's body.

Кээ бир адамдардын өмүрүн кереметтүү бир суюктук куткарып калган. Ал суюктук эң керектүү учурда алардын жанында болуп, кереметтүү формуласы менен ал адамдардын өмүрүн сактап калган. Ал суюктук адамдар коркунуч астында жана өтө оор шартта турганда, алардын күчтүүрөөк, бекемирээк, ылдамыраак жана сагыраак болушуна шарт түзгөн. Ал тургай, алардын дене кубатын, өтө күчтүү бир эликсир ичкен сымал, эки эсеге көбөйткөн. Буга бир мисал берели: мисалы бир учкучтун айдап бараткан учагы бузула баштады дейли. Кээде гезиттерде ушуга окшогон кабарлар чыгат. Баатыр бир учкучтун бузулуп, кулап түшүү коркунучуна кабылган учакты аба майданына ийгиликтүү кондурганы жана жүздөгөн жолоочунун өмүрүн сактап калганы жазылат. Бирок журналисттер билбеген жана жазбаган өтө маанилүү бир нерсе бар. Ал – жолоочулар менен учкучтун өмүрүн сактап калган, жогоруда айтылган кереметтүү суюктук.

Ал суюктук учкучтун мээ клеткаларын толкундантып, мээсине көбүрөөк кан жана кант жиберип, учкучтун сагыраак болушуна шарт түзгөн. Ошондой эле, учкучтун жүрөгүнүн согушун жана кан басымын жогорулатып, сагыраак жана ыкчамыраак болушуна негиз түзгөн. Дем алуу каналдары ачылып, көбүрөөк кычкылтек кирген жана натыйжада булчуң жана мээ клеткаларына көбүрөөк кан барган. Скелети менен булчуңдары күчтүүрөөк жыйрылып, канындагы канттын көлөмү жогорулагандыктан, керектүү кошумча энергияны ала алган.

Бул суюктукту ар бир адам өмүр бою жанында алып жүрөт. Сиз да азыр бул суюктукту жаныңызда алып жүрөсүз. Негизи жаныңызда эмес, денеңиздин ичинде, терең бир жерде; бөйрөктөрүңүздүн үстүндө жайгашкан бөйрөк үстүндөгү бездердин ичинде. Эгер бир күнү бул суюктук керек болуп калса, бөйрөк үстүндөгү бездериңиз бул суюктукту сизге колдонтот. Натыйжада күчтүүрөөк, ыкчамыраак жана сагыраак болуп каласыз. Эгер бир коркунучка туш болсоңуз, коркунучтун булагы менен согушуу же ал жерден качып өмүрүңүздү куткарышыңыз үчүн азыркы күч-кубатыңыздан болжол менен эки эсе күчтүү болуп каласыз. Бөйрөк үстүндөгү бездер чыгарган бул кереметтүү суюктуктун аты – «адреналин».

Адреналин гормону бөйрөк үстүндөгү бездердин ички аймагында жайгашкан лабораторияда өндүрүлүп, ошол жерге сакталып коюлат.

Ушунчалык таасири күчтүү бир суюктуктун кандын ичиндеги көлөмү кандай? Жүргүзүлгөн изилдөөлөр абдан кызыктуу бир чындыкты көрсөттү. Бир адамдын канындагы адреналин гормонунун көлөмү болжол менен төмөнкү мисал аркылуу түшүндүрүлөт: эгер денебиздеги канды тереңдиги 2 метр, диаметри 100 метр болгон бир көлгө салыштырсак, каныбыздагы адреналиндин көлөмү ошол көлгө куюлган бир чай кашык суюктукка барабар болот.23

böbrek üstü bezleri

1. Adrenal glands
2. Kidney
3. Right adrenal gland
4. Right renal artery
5. Right renal vein

6. Interior vena cava
7. Celiac Trunk
8. Abdominal aorta
9. Left renal vein

10. Left renal artery
11. Left adrenal gland
12. Adrenal medulla
13. Adrenal cortex
14. Capsule

In the adrenal glands there are two separate laboratories that produce very important hormones. The first is the adrenal cortex; the other is the adrenal medulla. The hormones produced in these laboratories are essential for human life.

Гормон молекулаларынын кандагы көлөмү, аткарган жумушуна салыштырганда, адамды таң калтыра турганчалык аз. Көлөмү аз болгону менен адамдын денесине абдан күчтүү таасир тийгизет. Гормон молекулаларындагы бул күчтүн булагы алардын кемчиликсиз долбоор менен жаратылгандыгында. Адреналин молекуласынын иштөө системасын изилдеп көргөндө анын Аллах тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылганын жакшыраак түшүнөбүз.

adrenal korteks adrenal korteks

1. Anterior pituitary
2. Hypothalamus
3. Adrenal cortex

4. Corticosteroids
5. Body cells

a. Gluconeogenesis
b. Relieves
c. Physical stress

The adrenal cortex plays an important role in reducing stress on the body. When the body is under severe stress, the hypothalamus sends a command to the pituitary gland to secrete ACTH (adrenocorticotropic hormone). ACTH, on the other hand, stimulates the adrenal cortex, causing the production of corticosteroids. These corticosteroids ensure the production of glucose from molecules such as proteins, which contain no carbohydrates. As a result, the body receives extra energy and stress is reduced.

Кадимки бир адамдын дене муктаждыктары менен коркунуч астындагы бир адамдын дене муктаждыктары, албетте, бирдей болбойт. Бир коркунучка кабылган адамга эмнелер керек экенин ойлонуп көрөлү: ылдам чуркашы, булчуңдары ылдамыраак иштеши, кан басымы жогорулашы жана жүрөгү ылдамыраак согушу зарыл. Ошондо ылдамыраак чуркап, эртерээк кача алат же коркунуч менен жакшыраак күрөшө алат. Бирок булардын баары кантип ишке ашат?

Adrenalin hormonu

1. Hypothalamus
2. Carotid sinus
3. Heart

4. Arteries
5. Adrenal gland

In times of danger, the body goes into a state of alarm by means of a link between the brain and the adrenal glands.

Коркунуч туулаар замат денеде коңгуроо кагылат. Мээ бөйрөк үстүндөгү бездерге чагылгандай бир буйрук жиберет. Бөйрөк үстүндөгү бездин ички аймагында жайгашкан клеткалар өзгөчө кырдаалга даярданып, тезинен адреналин гормонун бөлүп чыгарат. Адреналин молекулалары канга аралашып, дененин ар кайсы жагына таралат.

Бөлүп чыгарылган адреналин молекулалары тамырларды жөнгө салат. Ал коркунуч учурунда керектүү негизги органдарга көбүрөөк кан барышына шарт түзөт. Андыктан жүрөккө, мээге жана булчуңдарга барчу кан тамырларын кеңейтет. Тамырлардын айланасындагы клеткалар адреналинге моюн сунуп, керектүү тамырларды кеңейтишет. Ошентип мээ, булчуңдар жана жүрөк керектүү кошумча кан менен камсыз болушат.24

Адреналин молекулаларынын жөнгө салуусу жүрөккө, мээге жана булчуңдарга барчу тамырларды кеңейтип, боорго жана териге барчу тамырларды кысат. Ошентип денеге кошумча көмөк көрсөтүлөт. Териге аз кан жиберүүнүн дагы бир себеби бар: бул, адам балким жаракат алып калса, кан жоготуу рискин минималдаштырат. Катуу толкунданганда териге аз кан жиберилгени үчүн адамдын териси кубарып калат.25

Эч качан жаңылыштык менен жүрөккө же мээге барчу тамырлар кысылып, боорго же териге барчу тамырлар кеңейтилбейт. Адреналин молекуласы эмне кылуу керек экенин мыкты билет. Денеңиздеги жүздөгөн тамырдын диаметри жана ал тамырлардын кайсы жерге, канчалык кан жиберээри көзгө көрүнбөгөн бир гормон тарабынан жөнгө салынат.

Адреналин молекулаларын ар бир орган ар кандай түшүнөт;

Тамырга барганда тамырды кеңейткен адреналин молекуласы жүрөккө барганда жүрөк клеткаларынын жыйрылышын ылдамдатат. Натыйжада жүрөк батыраак согуп, булчуңдарга кошумча күч үчүн керектүү кан жиберилет.

 adrenalin hormonu

1. Nerve signal
2. ACHT
3. Medulla
4. Adrenal glands
5. Kidney

6. Epinephrine
7. Glucocorticoids (Cortisol)
8. Increased heart rate, breathing rate, blood sugar
9. Liver releases glucose

As we can see in the picture, when the woman sees the snake, she becomes afraid and an alarm button in her body is pushed. Her brain sends a lightening-fast command to her adrenal glands. The cells in the inner part of the adrenal glands go into a state of alarm and secrete adrenaline for the emergency. The adrenaline molecules mix with the blood and are distributed to various parts of the body. The body is then enabled to react appropriately to the danger. For example, the woman's heart beats faster, and the sugar in her blood increases, giving her muscles added strength and she is able to escape the danger.

Адреналин молекуласы булчуң клеткаларына жеткенде болсо булчуңдардын күчтүүрөөк жыйрылышына шарт түзөт. Боорго жеткен адреналин молекулалары ал жердеги клеткаларга канга көбүрөөк кант кошууну буйруйт. Натыйжада кандагы канттын көлөмү көбөйүп, булчуңдарга кошумча «күйүүчү зат» (энергия) жеткирилет.

Адреналин гормонунун денедеги бул иш-аракеттери улуу бир акылды, илимди жана жөндөмдү талап кылат. Бул кичинекей молекула, эң биринчиден, качан эмне кылуу керек экенин эң мыкты билет, жана адамда муктаждык пайда болмоюнча, денеде эч качан өзгөчө кырдаал жарыялабайт. Мындан тышкары, кайсы клеткаларга баруу керек экенин, кайсыларына кандай буйрук берүү керек экенин да эң жакшы билет жана муну эч унутпайт. Ошондой эле, бул иш-аракеттер алардын клеткаларды, органдарды жана аткарган функцияларын эң мыкты билээрин да көрсөтүүдө. Денени бул абалдан чыгаруу убактысынан да эч качан жаңылышпайт.

Антпесе, мындай ката денеге орду толгус зыяндарды алып келиши мүмкүн. Бирок бул кичинекей молекулалар өз жумушун өтө жоопкерчиликтүү жасашат. Бир канча атомдун белгилүү бир тартипте биригишинен келип чыккан, аң-сезимсиз, жансыз, мээси, көзү, билими жок бир суюктук ушунчалык акылдуу, уюшкан жана ыкчам иш-аракет жүргүзө алабы? Булардын баарын ушул көзгө көрүнбөй турганчалык аз сандагы суюктук өз акылы жана эрки менен жасай алабы? Албетте, жок.

Бул айтылгандардын баары денебиздеги ар бир молекуланын Аллах тарабынан жаратылгандыгын жана өмүр бою дайыма Аллахтын кудурети, эрки, башкаруусу жана буйругу менен иш-аракет жүргүзөөрүн толугу менен далилдейт. Акылы жана абийири бар эч бир адам бул маалыматтарды окуган соң, тирүү организмдерди, клеткаларды, гормондорду, молекулаларды же атомдорду кокустан пайда болгон, кожоюну жок нерселер деп айта албайт. Аллахтын күч-кудурети, жараткан нерселериндеги улуу илим жана акыл ар дайым, бүт тарапта көрүнүп турат. Куранда кабар берилгендей, «Асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат.» (Ниса Сүрөсү, 126)

10 миллион адам – 1 грамм гормон (альдостерон)

 aldesteron hormonu

If the aldosterone of ten million people were pooled together, only one gram of the hormone would result. Despite the fact that there is so little of it in the human body, the function of this hormone is very important.

Өмүрүңүз уланышы үчүн денеңизде ар дайым сансыз көп тең салмактуулуктар сакталып турушу керек. Адам күнүмдүк жашоосунда бул тең салмактуулуктардын эч бирин байкабайт. Мисалы, ушул учурда кан басымыңыз бир канча система тарабынан жөнгө салынууда. Бөйрөк үстүндөгү бездер чыгарган «альдостерон» аттуу гормон кан басымыңыздын төмөндөп кетишине бөгөт коюу жана денеңиздеги натрий тең салмактуулугун жөнгө салуу милдетин аткарат.

Денебизде 1 граммдын 10 миллиондон биринчелик көлөмдө альдостерон гормону болот. Изилдөөлөр 1 тонна бөйрөк үстүндөгү безден болгону 10 мг альдостерон бөлүп чыгарылаарын аныктаган.26 Бул болсо өтө маанилүү бир чындыкты көрсөтөт. 1 грамм альдостерон гормонун алуу үчүн 10 миллион адамдын бөйрөк үстүндөгү бездери чыгарган альдостеронду бириктирүү керек болот. Адам денеси ушунчалык кылдат бир тең салмактуулук менен жаратылгандыктан, ушундай аз сандагы бир гормондун жетишсиздиги дагы өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Жогоруда да айтылгандай, альдостерон гормонунун эки максаты бар: биринчиси, натрийдин (Na+) көлөмүн көбөйтүү, экинчиси кан басымыңызды көтөрүү. Бул эки муктаждык бири-бири менен тыгыз байланышта жана альдостерон гормону бул эки муктаждыкты бирдей камсыздоо үчүн долбоорлонгон кемчиликсиз бир «шайман». Эгер кандагы натрийдин көлөмү кандайдыр бир себеп менен көбөйсө, ал кандагы суунун көлөмүн да көбөйтөт. Себеби суу молекулалары натрий көп болгон жерге умтулушат.

Альдостерон гормонунун долбоорундагы кемчиликсиздик ушул жерде даана байкалат. Себеби альдостерон гормону бир тараптан натрийдин көлөмүн жогорулатса, экинчи тараптан натрийдин сууну өзүнө тартуу касиетин колдонот. Кандагы натрийдин көлөмү азайганда, альдостерон гормону бөйрөк каналчаларындагы клеткаларды стимулдайт. Ал клеткалар зааранын ичиндеги натрий иондорун кармап, ичине киргизишет. Натрий иондору ошентип алгач каналчаларда жайгашкан клеткалардын ичине кирип, ал жерден болсо кан айланууга кайрадан жиберилет. Албетте, натрий иондорунун артынан суу молекулалары ээрчийт.

 sodyum potasyum dengesi

a. Outside of cell

b. Inside of cell

Because there must be a certain level of sodium and potassium in the blood, the cells in the kidney channels reabsorb a sodium ion (Na+) and release a potassium ion (K+) to the urine. Aldosterone is responsible for ensuring this important balance.

Ошентип бир тараптан натрийди көлөмү жогорулап ион тең салмактуулугу камсыз кылынса, экинчи тараптан кандагы суунун көлөмү жогорулап кан басымы нормалдуу деңгээлге көтөрүлөт. Бөйрөк каналчаларындагы клеткалар натрий ионун алып жатып, бир тараптан калий ионун (K+) заарага беришет. Себеби натрий менен калий канда белгилүү бир катышта болушу керек. Бул минералдардын катышы клетканын ичиндеги жана сыртындагы суюктуктардын кычкыл-шакар (кислота-щелоч) тең салмактуулугунун камсыз кылынышында жана нерв системасынын иштешинде зор мааниге ээ. Альдостерон бөйрөк үстүндөгү бездин сырткы аймагында өндүрүлөт. Ал жердеги клеткалар бөйрөктүн ичиндеги клеткаларды эч качан көргөн эмес жана алар менен таанышуу мүмкүнчүлүгү жок. Анда бул клеткалар натрий алып, калий берүү үчүн керектүү гормонду өндүрүүнү кайдан билишет? Бөйрөк үстүндөгү без адам денесинде электролит тең салмактуулугун камсыз кылуу жана кан басымын түшүрбөө керек экенин кайдан биле алат? Көп адамдар өздөрү дагы мындай ион тең салмактуулугун билбесе, кантип клеткалар бул тең салмактуулукту сактаганга аракет кылышат? Бул клеткалар эмне үчүн мындай кызматты өз мойнуна алышкан?

Бул суроолордун жообу ар дайым белгилүү. Адам денесиндеги ар бир клетка атайын бир кызмат үчүн жаратылып, өзгөчө касиеттер менен жабдылган жана кызмат кыла турган жерине пландуу түрдө жайгаштырылган. Кыскасы адам жаратылган, жана денесиндеги ар бир өзгөчөлүк мунун бир далили.

Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы; Анын баласы жок. Анын мүлктө шериги жок, бүт нерсени тартипке салып, белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)

Кемчиликсиз пландоо

kan basıncı

The level of blood pressure is of vital importance for a human being.

Азыр баарыбыз укмуштуу бир пландоо мисалына күбө болобуз. Бул система адамдын пландоо жана долбоорлоо тармагындагы көз-карашын кеңейте тургандай кемчиликсиз түзүлгөн. Ошондуктан системаны карап жатканда кайра эле латын тилиндеги терминдерге көп токтолбостон, көңүлүбүздүн баарын системанын кантип пландалганына топтошубуз керек. Ошондой эле, бул системаны карап жатканда, анын ар бир этабында төмөнкү эң маанилүү суроону өзүбүзгө өзүбүз узатышыбыз керек: «бул система аң-сезимсиз, туш келди кокустуктардын натыйжасында келип чыккан болушу мүмкүнбү?»

Бул суроо абдан маанилүү. Себеби Аллахтын бар экенин тануу үчүн гана чыгарылган жана тарыхтагы эң чоң алдамчылык деп эсептөөгө боло турган эволюция теориясынын «тирүү организмдер кантип пайда болгон» деген суроого «кокустан» деген бир гана жообу бар.

Эволюция калпы «адам жана адамга тиешелүү нерселердин баары туш келди кокустуктардын натыйжасында пайда болгон» дейт. Чындыгында болсо, азыр карала турган системанын өзү эле «кокустук» жомогунун жана эволюция калпынын чыныгы жүзүн көрсөтүүгө жетиштүү болот.

Бул система кан басымы төмөндөгөндө ишке кире тургандай кылып курулган. Ошондуктан эң керектүү учурда, б.а. кан басымы белгилүү бир деңгээлден төмөн түшкөндө иштеп баштайт. Бул өрттү сезүүчү сенсорлордун атайын өрттөн чыккан түтүндү аныктай тургандай кылып долбоорлонушуна окшошот.

Кан басымы төмөндөөр замат коңгуроо кагылып баштайт. Кан басымынын төмөн болушу адамга чоң коркунуч алып келиши мүмкүн. Ошондуктан коңгуроо кагылаары менен кан басымын жогорулатуу үчүн бир катар чараларды көрүү керек болот. Ал чаралар төмөнкүлөрдөн турат;

1. Кан тамырларын кысуу керек. (Бул уч тарабы кысылган түтүктүн сууну күчтүүрөөк басым менен чыгарышы сыяктуу кан басымын жогорулатат.)

2. Бөйрөктөрдөн көбүрөөк сууну сиңирип, канга кошуу керек.

3. Эң кыска убакытта адамга суу ичирүү зарыл.

Булардын баары кантип ишке ашырылат? Бул үчүн жаралганда эле адамдын денесинин ичине дагы бир теңдешсиз система орнотулуп коюлган.

Система төмөнкүдөй иштейт: кан басымы төмөндөгөндө (же кандагы натрийдин көлөмү азайганда), бөйрөктөрдөгү кээ бир клеткалар абалды байкайт. Алар – коңгуроо кагуучу «юкстагломерулярдык» (JGA) клеткалар. Ал клеткалар «ренин» аттуу атайын бир затты бөлүп чыгарышат.27

renin, anjiotensinojen

The angiotensiogen protein produced in the liver and the renin produced by the kidney cells come together for a common purpose. These two different materials produced in two different organs fit into each other like parts of a logo, demonstrating the flawless design of the body.

Клеткалардын кан басымынын же натрийдин көлөмүнүн азайып кеткенин аныктай алышынын өзү эле бир керемет. Бирок клеткалардын ренинди бөлүп чыгарышы андан да маанилүү. Себеби «ренин» көп баскычтуу бир өндүрүш процессинин биринчи этабы болуп саналат.

Кандын плазмасынан орун алган жана кадимки шарттарда кан айланууда жүргөнү менен эч нерсеге таасири тийбеген бир белок бар. Ал боордо өндүрүлгөн «ангиотензиноген» белогу. Кереметтүү бир пландоонун биринчи этабы ушул жерде башталат. Себеби өз алдынча эч бир ишке жарабаган «ангиотензиноген» менен «ренин» негизи атайын бири-бирине бириге тургандай кылып пландалган. Бир логотиптин бөлүктөрүнүн бириктирилгенде бири-бирине туура келе тургандай кылып жасалышы сыяктуу.

Бул жерде ойлонуу керек: бөйрөк клеткалары менен боор клеткалары дененин ичинде бири-биринен алыс жайгашкан. Анда кантип бирөө логотиптин бир бөлүгүн (ренин) жасап, экинчиси ага толук туура келүүчү экинчи бөлүктү (ангиотензиноген) жасайт жана кантип булар бири-бирине толук шайкеш келет?

Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат;

Бул нерсе аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасында келип чыккан болушу мүмкүнбү?

Буга албетте «жок» деп жооп беребиз. Себеби мунун кокустан келип чыгышы эч мүмкүн эмес.

Ренин ангиотензиноген молекуласынын түзүлүшүн өзгөртөт жана «ангиотензин I» аттуу жаңы бир молекула пайда болот:

Ренин + Ангиотензиноген -> Ангиотензин I

Пайда болгон бул жаңы молекула да эч нерсеге жарабайт; себеби өндүрүш процесси али бүтө элек. Бул этапта өпкөдө жайгашкан «ACE» (angiotensin-converting enzyme: ангиотензин-айландыруучу фермент) аттуу, бир гана «ангиотензин I» молекуласын буза алуучу бир фермент кызмат кылат. Бул фермент аркылуу «ангиотензин I» башка бир молекулага, б.а. «ангиотензин II» молекуласына айланат:

Ангиотензин I + ACE ферменти -> Ангиотензин II

Бул жерде кайрадан ой жүгүртүү керек: бөйрөк менен боор клеткалары өндүргөн эки түрдүү молекула бири-бирине таасир берип, андан жаңы бир молекула келип чыгат. Бөйрөк жана боор клеткалары менен эч бир байланышы жок өпкө клеткалары болсо бул жаңы молекула менен бириге турган бир ферментти иштеп чыгат. Болгондо да, бул ферментти ал молекулалар биригээрден бир топ мурда өндүрөт. Кантип өпкө клеткалары али боло элек бир процесс жана али өндүрүлө элек бир затка эң шайкеш келүүчү бир ферментти өндүрө алат? Ал затты башка бир затка айландыра турган ферменттин формуласын кайдан билет? Бул жерде дагы бир суроо бар;

Бул процесстер аң-сезимсиз, туш келди кокустуктардын натыйжасында келип чыккан болушу мүмкүнбү?

Албетте, буга дагы бир жолу «жок, эч мүмкүн эмес» деп жооп беребиз. Себеби бул системанын ар бир этабы өз-өзүнчө пландалган. Бул этаптардын натыйжасында келип чыккан «ангиотензин II» ферменти болсо бул пландын кемчиликсиздигин далилдейт. Себеби бул ферменттин көздөгөн максатка жеткирүүчү эки негизги кызматы бар: биринчиси, кан тамырларын кысуу; бул – бөлүмдүн башында айтылган 3 пункттан турган чаралардын биринчиси болчу. Ангиотензин II ферменти кан тамырларынын айланасындагы булчуңдарды стимулдайт жана аларды жыйрылта турган механизмди ишке киргизет; бул дагы булардын атайын пландалганын далилдейт. Натыйжада булчуңдар жыйрылып, тамырдын диаметрин кысат жана бул кан басымын жогорулатат.

Бул нерсе өзүнөн-өзү эле, кокустан пайда болуп калган болушу мүмкүнбү?

Жообубуз кайра эле «эч мүмкүн эмес» болот. Себеби ангиотензин II молекуласы кан тамырларынын кысылышы үчүн атайын долбоорлонгон бир молекула жана бул кемчиликсиз долбоордо кокустукка жол берилбейт.

Ангиотензин II затынын өтө маанилүү дагы бир кызматы бар: кереметтүү бир гормонду, тагыраак айтканда, «альдостеронду» ишке чакыруу. Ангиотензин II заты бөйрөк үстүндөгү бездин клеткаларына жетип, ал клеткаларга «альдостерон» бөлүп чыгаргыла деп буйрук берет. Бул пландын кемчиликсиздигинин дагы бир далили. Себеби альдостерон бөйрөктөргө таасир берет жана бөйрөктөр заарадагы сууну кайра сиңирип, канга кошот. Натыйжада кан басымы жогорулайт. Бул болсо жогоруда айтылган үч чаранын экинчиси.

renin, anjiotensinojen

1. Kidney
2. Liver
3. Lung
4. Adrenal gland
5. Blood vessel (constricted)

a. Renin
b. Angiotensiogen
c. Angiotensin I
d. ACE
e. Anjiotensin II
f. Aldosteron

When blood pressure falls, renin secreted by certain kidney cells and angiotensiogen secreted in the liver come together and unite, like two matching parts of a logo. After this union, an enzyme called ACE forms a molecule called angiotensin II. This molecule constricts the blood vessels and ensures the secretion of aldosterone in the kidneys. This hormone causes the kidneys to reabsorb much more fluid from the urine. This chain of operations adjusts the blood pressure, raising it to the proper level.

Бөйрөктөр, өпкө жана боор белгилүү бир пландын негизинде, ортоктошуп өндүргөн заттар белгилүү бир тартипте биригип, аягында кан басымынын жогорулашына себеп боло турган бир гормонду бөлүп чыгартышат. Бул максатка жетүү үчүн бөйрөк клеткалары, өпкө клеткалары жана боор клеткалары чогулуп, бир коалиция түзгөндүр.

Ал коалиция алгач кан басымы төмөндөгөндө эмне кылуу керек экенин изилдегендир. Изилдөөлөрдүн негизинде эң идеалдуу чара боюнча чечим алышкандыр: ал «кан тамырларынын диаметрин кичирейтүү» жана «альдостерон гормонун бөлүп чыгартуу» чараларынан турган болушу керек.

Андан соң кайра чогулуп алып, көпкө изилдөөлөр жүргүзүп, бөйрөк үстүндөгү бездердин жана тамырлардын булчуң клеткаларынын анатомияларын, иштөө системаларын анализ кылышкандыр. Анан тамырлар жыйрылышы жана бөйрөк үстүндөгү бездер альдостерон бөлүп чыгарышы үчүн кереметтүү бир формуланы, б.а. «ангиотензин II» затынын молекулалык долбоорун иштеп чыгышкандыр.

Эң аягында бул молекуланын кантип өндүрүлөөрүн чечишкен чыгаар. Ар бир орган бул молекуланын өндүрүшүнө өз салымын кошушу зарыл болгон. Иштеп чыгылган өндүрүш планынын негизинде үч баскычтуу бир монтаж системасы ылайыктуу деп табылып, ар бир органга бирден жумуш бөлүштүрүлүп берилгендир. Бөйрөк клеткалары «ренин» өндүрүүгө, боор клеткалары «ангиотензиноген» өндүрүүгө, өпкө клеткалары болсо «ACE» ферментин өндүрүүгө макул болуп, иштер өз ара ушундай бөлүштүрүлгөн болушу керек. Аягында чогулуш бүтүп, клеткалар өз ордуларына кайткандыр.

Эгер бир адам бул системанын жогорку бир кудурет тарабынан жаратылганын, атайын бир план менен пайда кылынганын кабыл албаса, анда жогорудагыдай «аң-сезимсиз клеткалар чогулуш уюштуруп, бир жерге отуруп алып, план түзүп чыккан» деген көз-карашты кабыл алган болот. Албетте, акылдуу бир адамдын муну кабыл алышы эч мүмкүн эмес.

Эволюционисттердин «кокустук» көз-карашы болсо мындай акылга сыйбас сценарийден да алда канча акылсыз болуп саналат. Себеби бул система кокустан пайда болушу үчүн бөйрөк, боор жана өпкө клеткалары бир учурда, бир кокустуктун натыйжасында бул системанын бөлүктөрүн жасап башташы керек болот. Жана ошол эле учурда кокустан бөйрөктөрдө кан басымын өлчөөчү клеткалар пайда болуп, кокустан бөйрөк үстүндөгү безде альдостерон гормону пайда болуп, ошол эле учурда кокустан бөйрөк каналындагы клеткалар альдостеронду уга турган болуп калышы керек жана ошол эле учурда кокустан тамырлардын булчуң клеткалары ангиотензин II затынан жыйрыла турган болуп калышы зарыл. Жана ушул сыяктуу жүздөгөн нерселер бир эле ушул система пайда болушу үчүн БИР УЧУРДА бар болуп калышы керек; себеби бул бөлүктөрдүн бирөөсү эле кем болсо, бүт система иштебей калат.

Ушундай бир система кокустан эле пайда болуп калышы мүмкүнбү?

susama algısı

1. Hypothalamic receptors
2. Information taken from baroreceptors in the heart travel to the hypothalamus.
3. The adrenal glands produce the hormones that stimulate the thirst center.
4. When enough water is provided, the tongue, the stomach and the intestine send the message that the reserves are filled.
5. The hypothalamus orders the saliva glands to stop production, and the result is a dry mouth.

6. Adrenal gland
7. Kidney

8. Heart
9. Stomach

Many times in the course of a day we feel thirsty and so drink a glass of water. But we are generally unaware of what is happening in our bodies at that time. Cells in the various organs of the body determine the water needs of the body and work with one another in a series of operations by which a person is urged to drink water. We never think about where this urge comes from; we just drink the water that assists our bodies.

Албетте, жок. Бул система чексиз акыл жана илим ээси Аллах тарабынан жаратылып, адам денесинин ичине орнотулган. Бул кереметтүү система биринчи адамдан бери миллиарддаган адамдын денесинде кемчиликсиз бойдон иштеп келүүдө. Адамзат бул системанын бар экенин абдан өнүккөн технологиялык шаймандар менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында жакында эле байкай алды жана системанын майда-бараттарын эми гана түшүнүп келе жатат. Жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн баары адам денесиндеги системалардын пайда болушун «кокустук» жомогу менен түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн толугу менен жокко чыгарууда. Себеби адам жаратылган жана анын денесиндеги кемчиликсиз системаларды ойдон чыгарылган, акылга сыйбас сценарийлер менен жаап-жашырууга болбойт.

Бул бөлүмдүн башында кан басымын жогорулатуунун 3 чарасын санап өткөн элек. Үчүнчү чара адамды суу ичүүгө «мажбурлоо» болчу. Адам денесинин ичиндеги, ансыз да адамга тиешелүү болгон органдар кантип адамдын мээсине, психологиясына таасир бере алат? Адам суу ичиши үчүн «ал адамда суу ичүү каалоосун пайда кылуу» керек. Адам денесинин тереңинде жайгашкан аң-сезимсиз өпкө, бөйрөк жана боор клеткалары адамдын психологиясына таасир берүү үчүн бул жолу кандай план түзүү керек?

Мунун планы түзүлгөн. Жана Аллах Өзү жараткан кемчиликсиз системада эч нерсени кем калтырган эмес.

Бөйрөк, боор жана өпкөнүн ортоктошуп иш алып барышынын натыйжасында өндүрүлгөн «ангиотензин II» затынын дагы бир өтө маанилүү кызматы бар: мээнин тиешелүү аймагына жетип, ал аймакты стимулдоо. Ал жер суусоо сезимин пайда кылуучу «суусоо аймагы» деп аталат.

Бирок «ангиотензин II» затынын алдында бир тоскоолдук бар. Себеби мээни коргоо үчүн кандан мээ кыртышына өтүүнү абдан татаалдаштырган, күчтүү бир күзөт системасы бар жана ал «кан-мээ барьери» (гематоэнцефалический барьер) деп аталат. Бул система мээде 1-2 чекитте жайгашкан жана ал чекиттердин бири «суусоо аймагы». Бирок ангиотензин II өзгөчө түзүлүштө жаратылганы үчүн мээнин суусоо аймагын эч кыйынчылыксыз стимулдай алат жана ошентип адамда суу ичүү каалоосу пайда болот.28

Эми аягында жогорудагы суроону дагы бир жолу кайталайлы;

Бул система туш келди кокустуктардын натыйжасында келип чыккан болушу мүмкүнбү?

Ушунчалык апачык далилдерден соң бул суроого «ооба» деп жооп берген бир адамга башка айтылчу сөз жок. Себеби ал адамдын абийири менен жүрөгү сокур болуп, чындыкты кабыл албас адамга айланган болот. Андай адамга айтылчу сөз Куранда Аллах тарабынан төмөнкүчө кабар берилген:

Сени топурактан, анан бир тамчы суудан жараткан, анан сени бир тартиптеги (колу буту иштеген, күч-кубаты ордунда) бир адам кылган (Аллах)ты жокко чыгарып жатасыңбы? Бирок, Ал Аллах менин Раббим жана мен Раббиме эч кимди шерик кошпойм. (Кехф Сүрөсү, 37-38)

Кереметтүү дары (кортизол гормону)

böbrek üstü bezi

1. Adrenal gland

Азыр дагы бир өтө маанилүү кереметти карайбыз. Ал кереметтин аты «кортизол гормону». Бирок бул гормондун адам денесинде көптөгөн ар түрдүү кызматтары болгондуктан, бул гормонду карап баштаардан мурун бир нерсеге көңүл бургубуз келет:

Бир гормондун бир клетканы ишке салышынын өзү эле бир керемет. Себеби бир гормон бир клеткага таасир бериши үчүн, ал клетканын ички түзүлүшүндөгү системаларды кыймылга келтириши керек. Ал үчүн же гормон ал клетканын мембранасындагы бир кабылдагычка туташышы керек же болбосо клетканын ичине кирип клетканын ичиндеги бир механизмге түздөн-түз таасир бериши керек. Бирок эки учурда тең гормон молекуласы атайын ошол таасир бере турган клетка үчүн долбоорлонгон болушу зарыл. Гормон молекуласынын түзүлүшү бир аз эле дал келбесе, анда клеткага таасир тийгизе албай калат. Ошондуктан колуңуздагы бул китептин көп бөлүмдөрүндө гормон менен ал таасир берген рецептор (кабылдагыч) молекуланын ортосундагы байланыш ачкыч менен кулпуга салыштырылган.

Кортизол гормонунун таасирлерин караганыбызда өтө маанилүү бир чындыкты көрөбүз. Аллах адамдын денесинде көптөгөн коопсуздук системаларын жараткан жана ар кандай түрдөгү бул коопсуздук системаларынын ар биринин клеткаларынын ичине бир эле ачкыч менен ачылуучу кулпуларды орноткон. Мисалы, мындай кулпу бир капилляр клеткасынын ичинде да, боор клеткасынын ичинде да бар. Бул болсо ар кайсы клеткаларды орток бир максат үчүн бир учурда ишке киргизүүгө шарт түзөт. Албетте, бул Аллахтын жаратуу чеберчилигинин бир мисалы жана ошондой эле, эволюция калпынын чыныгы жүзүн көрсөтүүчү бир далил. Себеби ар кайсы клеткалардын орток бир максатка кызмат кылууга программаланганы жана ал программаны иштетүүчү борбордук бир системанын болушу эволюция теориясынын «кокустук» жомогунун жараксыздыгын дагы бир жолу далилдейт.

kortizol hormonu

1. Liver
2. Blood vessel

Thanks to its flawless design, the cortisol hormone can affect the liver cells just as it affects the capillary vessels. This is compared to a lock-and-key relationship with the cells.

Кортизол гормону оору, кырсык, сыздап оору, жаракат алуу, инфекция, өтө ысык, өтө суук, аллергия, сезгенүү, тумчугуу, ачкалык, температураны көтөрүүчү факторлор сыяктуу кырдаалдарга каршы адамдын денесинде көп фронттон адам үчүн согуш жүргүзөт.

Кортизол гормонунун кызматтарын карап жатканда бир нерсени унутпаш керек: бул гормон аң-сезими жок клеткалар тарабынан чыгарылат жана чыгарган клеткалар анын кайсы жерде колдонулаарын эч билишпейт. Ал клеткалар, аң-сезимсиз болгондуктан, кортизол согушкан фронтторду эч качан чындап түшүнө алышпайт.

Эми бөйрөк үстүндөгү бездер тарабынан чыгарылган «кортизол» кереметинин адамдын денесиндеги кызматтарын кыска кыска карайлы жана Аллахтын чеберчилигинин адам денесиндеги мисалдарына дагы бир жолу күбө бололу. «Бул система кокустан пайда болушу мүмкүнбү?» деген суроону ар бир баскычта өзүңүзгө өзүңүз узатып турсаңыз, Аллахтын бар экенин танган эволюция теориясынын чыныгы жүзүн жакшыраак көрө аласыз.

Кортизол гормонунун кызматтары

Жараат алууга карата алдын ала чара көрөт:

Адреналин гормону адамды коркунуч учуруна даярдаса, кортизол гормону адам денесин коркунучтан кийинки ыктымалдыктарга даярдайт.29 Мисалы, жараат алуу ыктымалдыгына карата алдын ала чара көрүп, денедеги аминокислоталарды даярдайт. Кокус дене жараат алып калса, ал аминокислоталар тканьды оңдоодо чийки зат катары пайдаланылат.

Жараат алганда оору сезимин азайтат:

Кээ бир адамдардын жараат алган учурда жана жараат алгандан кийин бир топко чейин оору сезбешинин себеби ушунда.30 Бул адамга жараат алганына карабастан, согушууга, өзүн коргонууга же качууга күч берет.

Оору сезими нерв клеткалары аркылуу жеткирилет. Кортизол чыгарган клеткалар нерв клеткаларынын электрдик заряд жиберишин басаңдатуучу жана белгилүү деңгээлде токтотуучу механизмди кайдан билишет?

Өзгөчө кырдаалдарда май жана белокторду кантка айландырат:

injured person

When a person is injured, the cortisol hormone goes into action without his knowing it.

Дене клеткалары жана мээ клеткалары азык үчүн кантка муктаж. Өзгөчө мээ клеткалары тынымсыз жана кандай гана болбосун кант менен азыктанып турушу керек. Антпесе адам кыска убакытта өлүп калышы мүмкүн.

Адам ач калганда кант ала турган азык жок болгондуктан, кандагы канттын көлөмү азайат. Мындай шартта кортизол кийлигишип, дененин кантсыз калышына жол бербейт. Сактап коюлган май менен белоктордун кантка айландырылышына жана кандагы канттын деңгээлинин белгилүү чектерден чыкпашына шарт түзөт.31

Эми төмөнкү сүйлөмдү ойлонуп көрөлү: «майдын кантка айландырылышы же белоктун кантка айландырылышы.» Мындай процесстер бир сүйлөм менен эле айтылып кала берет. Негизи бул процесс абдан оор жана татаал. Бир зат башка бир затка айландырылып, молекулярдык түзүлүшү толугу менен өзгөрөт. Эгер бир адамдын алдына триллиондогон эсе чоңойтулган, б.а. көлөмү столдой болгон бир май молекуласын же белок молекуласын коюп, бул молекуланы кант молекуласына айландыр десек, ал адамдын колунан эч нерсе келбейт. Кайсы атомдун ордун кайсысына алмаштыруу керек экенин билбейт. Ал эми клеткалардын ичинде болсо мындай өзгөрүүнү жасай турган атайын заводдор бар жана өтө татаал процесстердин натыйжасында бир зат башка бир затка айландырылат. Кортизол гормону бул процесстердин багытын кантип өзгөртүүгө болоорун билет. Тагыраак айтканда, кортизол гормонунун долбоору бул өзгөрүүнү баштата турган кулпуну ача алат. Кортизол өндүргөн клеткалар майды кантка же белокту кантка айландыра турган системаны иштетүүчү ачкычтын формасын кайдан билишет?

CH3-(CH2)n-COOH (май молекуласынын формуласы) формуласын CH2OH (кант молекуласынын формуласы) формуласына кайсы процесстер аркылуу, кантип айландырууга болоорун кайдан билишет?

Өзгөчө кырдаалдарда мээ менен жүрөктүн азыктанышын биринчи кезекке койот:

Кортизол молекулалары өзгөчө кырдаалда ишке кирип, дененин клеткаларынын кант керектөөсүн азайтат. Бирок бул жерден дагы бир кереметти көрүүгө болот: мээ жана жүрөк сыяктуу эң маанилүү органдарга мындай таасир тийгизбейт. Согуш учурунда мобилизация жарыяланып, экономикалык булактардын белгилүү аймактарга багытталышы сыяктуу, кортизол молекулалары мээ менен жүрөктүн азыктанышын биринчи кезекке коюп, башка тканьдардагы клеткалардын үнөмдүү азыктанышына себеп болушат.32

Кортизол молекулалары кайсы клеткалардын маанилүүрөөк экенин кайдан билишет? Кайсы акылы менен бул чараны көрүшөт?

Тамырлардын жыйрылып кысылышын жөнгө салат:

Кан тамырларынын катуу жана жансыз түтүктөр эмес экенин, тамырлардын айланасындагы булчуңдардын жыйрылып, бошоңдошунун натыйжасында диаметрлеринин муктаждыкка жараша өзгөрө алаарын жогоруда карадык. Тамырлардын диаметрин кичирейтүүчү буйруктун гормондор аркылуу тамырларга жеткирилээрин да билебиз. Кортизол тамырларды кысуучу факторлорго карата тамырлардын жообун жөнгө салып, өзгөчө кырдаалда адамга дагы бир көмөк көрсөтөт.33

Кортизол гормону тамырлардын жообун жөнгө салуу үчүн тамырдын айланасындагы булчуңдардын жыйрылуу системаларын кайдан билет?

Суунун кыймылын башкарат:

hücre

There are highly efficient refineries within tiny cells converting fat to sugar.

Суунун керексиз учурда клетканын ичине киришине бөгөт койот. Бул болсо кан басымын коргойт. Кортизол молекуласы суунун клеткалардын ичине кирип кетээрин кайдан билет? Ал сууну клетканын сыртында кармоо керек деген чечимди кантип алат? Жана сууну сыртта кармоонун ыкмаларын кайдан билет? Эң негизгиси, сууну клетканын сыртында кармай турган убакты кантип аныктайт? Кайсы акылы менен ар дайым эмес, керек учурда гана суунун клеткага киришине бөгөт койот?

Кооптуу учурда температуранын жогорулашына жол бербөө үчүн тиешелүү гормондун чыгарылышын токтотот:

Температуранын көтөрүлүшү дененин оору менен күрөшүп жаткандыгынын бир белгиси. Температуранын жогорулашы адамды эс алууга жана жатууга мажбурлайт. Ошентип денеге керектүү энергия басуу, кыдыруу, иштөө сыяктуу күнүмдүк иштерге коротулбай калат. Температура оорунун бир кошумча таасиринен улам көтөрүлбөйт. Температура оору менен күрөшүүдө адамды эс алууга мажбурлоо үчүн атайын пландалган бир коопсуздук чарасы болуп саналат. Температура мээнин «температура борбору» тарабынан жогорулатылат. Мээнин температура борбору болсо ‘IL-1’ аттуу бир зат тарабынан ишке киргизилет.

Say: "Am I to desire other than God as Lord when He is the Lord of all things?" What each self earns is for itself alone. No burden-bearer can bear another's burden. Then you will return to your Lord, and He will inform you regarding the things about which you differed.
(Qur'an, 6: 164)

Кортизол гормонунун дагы бир кереметтүү таасирин кооптуу температура учурунда көрүүгө болот. Кортизол гормонуна, канчалаган функциялардан тышкары, кооптуу температураны токтотуу жөндөмү да берилген. Адам жогорку температурадан өлүп калуу коркунучуна кабылганда кортизол кийлигишип, температура борборун активдештирүүчү IL-1 затынын бөлүп чыгарылышын токтотуп, температураны түшүрөт.34

Кортизол IL-1 затынын адамдын температурасын көтөрөөрүн жана жогорку температуранын адамга коркунуч туудураарын кайдан билиши мүмкүн? IL-1 затынын кайсы жерден чыгарылаарын кайдан билет жана кантип IL-1 затынын бөлүп чыгарылышын токтотуу чечимине келген?

Адам өмүрү үчүн абдан маанилүү болгон кээ бир белоктордун өндүрүшүн жөнгө салат:

ateşin yükslmesi

A rise in body temperature is caused by the temperature center in the brain. A complex molecule called IL-1 activates this center. If a condition becomes a threat, cortisol stops the secretion of this material.

Кортизол гормондору оор кырдаалга туш болгонубузда бүт муктаждыктарыбызды бир-бирден эске алат. Жилик чучугунда гемоглобин, лейкоцит жана тромбоциттин өндүрүшүн жогорулатып, кандын көлөмүн көбөйтөт.35

Көрүнүп тургандай, көзгө көрүнбөй турган кичинекей бир молекулага көптөгөн өзгөчөлүктөр, жөндөмдөр жана жоопкерчиликтер берилген. Бул молекула бул функцияларын аткара алышы үчүн атайын ушул өзгөчөлүктөрү менен пландалып жасалган болушу керек. Кортизол гормонунун бул жөндөмдөрү кокустан пайда болгон деп айтуу чоң акылсыздык жана сабатсыздык болот. Бул гормон Аллах жараткан гармониянын жана кемчиликсиз долбоордун дагы бир далили.

... Раббим илим жагынан бардык нерселерди курчап турат. Дагы эле сабак алып-ойлонбойсуңарбы? (Энъам Сүрөсү, 80)

Булактар

22. Selahattin Koloğlu, Endokrinoloji Temel ve Klinik, s. 533

23. Helena Curtis, Sue Barnes, Invıtation To Biolog, s. 467

24. Eldra Pearl Solomon, İnsan Anatomisine ve Fizyolojisine Giriş, Çeviri: Doç. Dr. L. Bilkem Süzen, İstanbul, Birol Basın Yayın Dağıtım, Ağustos 1997, s. 140

25. Musa Özet, Osman Arpacı, Biyoloji 2, Sürat Yayınları, Şubat 98, s. 133

26. Yenson Mutahhar, İnsan Biyokimyası, Ankara, Güneş Kitabevi, 1995, s. 761

27. Kemalettin Büyüköztürk, İç Hastalıkları, İstanbul, Nobel Tıp Kitapevi, 1992, s. 275

28. Terzioğlu Meliha, Oruç Tülin, Yiğit Günnur, Fizyoloji Ders Kitabı, 1997, s. 398

29. Lionel Bender, The Human Body: Its Mysteries And Marvels, England, Colour Library Books, 1992, s. 165

30. Lionel Bender, The Human Body: Its Mysteries And Marvels, England, Colour Library Books, 1992, s. 165

31. Musa Özet, Osman Arpacı, Biyoloji 2, Sürat Yayınları, Şubat 98, s. 131

32. Helena Curtis, Sue Barnes, Invıtation To Biology, s. 472

33. Kemalettin Büyüköztürk, İç Hastalıkları, s. 267

34. Kemalettin Büyüköztürk, İç Hastalıkları, İstanbul, Nobel Tıp Kitapevi, 1992, s 267

35. Oğuz Kayaalp, Rasyonel Tedavi Yönünden Tıbbi Farmakoloji, Ankara, Feryal Matbaacılık, 1993, s. 2582

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • Денебиздин Эки Башчысы: Гипоталамус Жана Гипофиз
  • Жашоонун Ритми: Калкан Сымал Бездер
  • Өтө Так Кальций Өлчөгүчтөр
  • Денебиздеги Кант Фабрикасы
  • Бөйрөк Үстүндөгү Бездер
  • Жыныстык Гормондор
  • Клетканын Ичиндеги Байланыш
  • Клеткадагы Почта Кодуна Таянган Система
  • Нерв Клеткаларындагы Байланыш
  • Кереметтүү Кабарчы: Азот Кычкылы
  • Жыйынтык