Адамдардын ойлорун тамырынан өзгөрткөн, адамдарды Аллахка толук ыйман кылдырган, Куранда айтылган бардык сонун ахлак өзгөчөлүктөрүнүн сүйүү жана каалоо менен жашалышына шарт түзгөн, адамдардагы ачкөздүк, атаандашуу, душмандык, бой көтөрүү сыяктуу сезимдерди жок кылып, сүйүү, мээрим, боорукердик жана жөнөкөйлүктү өкүм кылган бул кереметтүү, маанилүү чындыкты, т.а. заттын бир элес экендигин окуган жана түшүнгөн адамдардын саны чоң ылдамдык менен өсүүдө. «Мынчалык так жана оңой бир чындыкты кантип ушул күнгө чейин байкай албадым» деген адамдар көп.
Адамдардын тагдыр, убакыт, өлүм, тирилүү, бейиш, тозок сыяктуу темаларды толук түшүнүүлөрүн камсыз кылган бул улуу сырды түшүнгөн ар бир адамдын башкаларга да бул маанилүү маалыматты жеткириши абдан маанилүү. Муну кылган бир адам мунун натыйжасында адамдардын Куранды оңой жана ылдам түшүнүшүн камсыз кылат жана ошондой эле адамдардын ылдам хидаят (туура жол) табышына себепчи болот.
Аллах Ага жашыруун же ачык шерик кошулбаганда, бир гана Ага ибадат кылынганда, жалгыз илах (кудай) жана жалгыз күч катары Аллах кабыл алынганда, Куран ахлагын дүйнөгө өкүм кылаарын сүйүнчүлөөдө:
Аллах силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарга убада кылган: Шек жок, мурдагы (ушундай) кишилерди халифа кылганы сыяктуу, аларды да жер жүзүндө халифа (орун басар) кылат. Жана аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү, коркунучтарынан кийин (анысын) тынчтыкка алмаштырып берүүнү (да убада берди жана мындай шарт койду): «Менин Өзүмө гана ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт». Ким ушундан кийин каапыр болсо, ошолор гана бузукулар. (Нур Сүрөсү, 55)
Куран ахлагынын дүйнөгө жайылышы үчүн качынуу керек болгон эң маанилүү нерсе – бул ширк, т.а., Аллахтан башка күчтөрдүн бар экендигине ишенүү. Аллахтан башка материяны абсолюттук деп айтуу, Аллах материяны элес абалында гана курчай алат деп ойлоо, Аллахты акыл сыяктуу абстракттуу бир нерсе катары көрүү, адамда Аллахтан көз карандысыз бир күч бар деп ойлоо, адам кааласа тагдырын өзгөртө алат деп ойлоо (баарынан Аллахты аруулайбыз), убакытты, мейкиндикти абсолюттук деп ойлоо сыяктуу ширк болгон ишенимдерден кутулуу үчүн бул китепте баяндалган темаларды жакшы түшүнүү керек. Ушул себептен, «бул теманын кандай мааниси бар? Эмне үчүн дайыма, ар бир китебиңизде бул темага орун бересиз?» деп айткандар бул маанилүү чындыкты кайрадан ойлоп көрүшү зарыл.
Жалгыз абсолюттук Зат – Аллах жана Аллах биз бул китепти жазып жатканда да, окуп жатканда да, бул китеп жөнүндө ойлонуп жатканда да бизди карап, көрүп, угуп, жашыруун нерсибиздин жашыруундарын да билип турат. Аллах бизди ар тараптан ороп курчаган. Чыныгы абсолюттук Зат – Аллах, акыл сыяктуу көрүнбөгөн жана абстракттуу нерсе болсо – биз, пенделерибиз. Бул чындык Аллахты сүйгөн жана Аллахтын пендеси (кулу) экенин билген адам үчүн чоң бир сыймык жана жакшылык, кооздук. Бул чындыктан Мусулмандардын качышы туура болбойт. Мусулмандар чындыкты чын көңүлдөн кабыл алышы керек, көрмөксөн болууга аракет кылып, Аллах Кабатында уят болбошу зарыл. Аллах ыйман келтирген кулдарына Куранда мындайча эскертүү берүүдө:
Чындыкты батыл (жалган) менен жаппагыла жана чындыкты жашырбагыла. Силер (чындыкты) билип турасыңар. (Бакара Сүрөсү, 42)
Дагы бир нерсени унутпаш керек: бул чындыктын түшүндүрүлүшү материализмдин кыйрашына жана бүт дүйнөдө ыймандын жана сонун ахлактын жайылышына себепчи болот. Муну байкаган материалист чөйрөлөр бул чындыктын түшүндүрүлүшүнөн абдан тынчсызданышып, философияларын тамырынан жыгаарын түшүнгөн бул чындыктын адамдарга түшүндүрүлүшүнө тоскоол болуу үчүн абдан күлкүмүштүү жана чарасыздыктарын көрсөткөн иш-чараларга барышууда. Бирок учурда заттын маңызы темасы толугу менен ортого чыкты. Өтмүштө философия катары гана калган, илимий табылгалар толук тастыктай албаган бул чындык доорубузда илим тарабынан апачык ортого коюлду. Мисалы, Frederick Vester (Фредерик Вестер) бул чындыкты түшүнгөн бир адам катары бул жөнүндө мындай дейт:
Кээ бир ойчулдардын «адам бир элес, чындыгында бардык жашалып жаткандар убактылуу жана алдамчы, бул аалам бир көлөкө» деген сыяктуу сөздөрү бүгүнкү күндө илим тарабынан далилденип жаткан сыяктуу.52
Материалисттердин аракеттеринен эми майнап чыкпайт. Маалыматты абдан чоң ылдамдык менен бүт дүйнөгө жайууга мүмкүн болгон доорубузда кылымдар бою материалисттер жашырууга аракет кылган бул улуу чындык учурда Гвинеядан Англияга, Америкадан Индонезияга, Сингапурдан Швейцарияга, материалисттердин коргондору болгон Россиядан Кытайга, Кубадан Албанияга чейин бүт жерде окулууда, билинүүдө жана түшүндүрүлүүдө. Материализм тарыхтын эң чоң жана эң ызы-чуулуу кыйрашы менен кыйроодо. Себеби учурда заттын оригиналына эч качан жете албашыбыз түшүнүктүү абалга келди. Заттын (материянын) өзүн эч качан көрүп, сезе алган эмеспиз жана көрүп, сезе албайбыз, демек материализмдин да болушу мүмкүн эмес.
Курандын кээ бир аяттарында ишарат кылынган жана бир катар темалардын жакшыраак түшүнүлүшүн жеңилдеткен бул маанилүү чындыктын материализм деген батыл (негизсиз) жана динге каршы бир философияны жыгып жатышы абдан маанилүү бир алга жылыш. Куранда Аллах мындай билдирет:
Жок, Биз чындыкты батылдын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал (батыл) жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)
Аятта да кабар берилгендей, чындык батылдын үстүнө ташталганда, батыл бир ишеним болгон материализмдин мээси болгон материя да жок болуп кетти. Кандайдыр бир материалисттин бул чындыкты токтотуу же өзгөртүү мүмкүнчүлүгү эч жок.
52- Frederick Vester, Denken, Lernen, Vergessen, vga, 1978, p. 6