Заттын Сырын Түшүнгөндөр Чоң Толкунданууга Кабылышууда

Төмөндөгү каттар мурда башка китептерде жарыяланган «Заттын аркасындагы сыр» темасын окуган адамдардан келген. Бул каттардан бул чындыкты түшүнгөндөн кийинки пикирлери менен байланыштуу бөлүмдөрү гана алынган.

Заттын элес экендиги ушунчалык чоң бир окуя, муну айтып берүү мүмкүн эместей. Мисалы: Бир адам өлүп тирилсе канчалык толкунданат, элестете аласызбы? Же бир адам эч себепсиз абада учса, дубалдан өтсө, бир эле учурда бир канча жерде болсо, эч сүрөттөөгө болбой турган даражада толкунданат. Бирок бул теманы бул кереметтүү абалдар менен салыштырууга болбойт. Керемет деген сөз да бул абалды толук камтыбайт. Т.а., абдан, абдан абдан ажайып, кызыкпы кызык, керемет толкундануу тартуулайт деп айтылса, анда деле бул абал толук сүрөттөлбөйт. Бул – Аллахтын терең, учу-кыйырсыз чеберчилигинин кереметтүү бир көрүнүшү. Бирок менин түшүнбөгөнүм, мынчалык ачык, оңой түшүнүүгө болгон бир окуя адамдардын көзүнөн мынча жыл кантип сакталды? Адамзат муну кантип байкай албады? Же байкагандар болуп, коркуу жана толкундануудан улам эч кимге айта албадыбы? Себеби мен бир жолу окуп, ошол замат түшүндүм. Себеби бүт нерсе абдан ачык, ортодо... K.H.G./Frankfurt

Адамдын акылын шок кылган бул улуу чындыкты бүт адамзатка ылдам түшүндүрүшүбүз керек. Дагы эмнени күтүп жатабыз? Бул апачык бир чындык эмеспи? Муну дүйнөгө баарыбыз бүт мүмкүнчүлүгүбүздү колдонуп, ылдам түшүндүрөлү. Адамзат бул чындык менен Аллахка абдан жакындашат. Менимче бул улуу тема дүйнөдөгү бүт нерсени тереңден өзгөртө турган улуу бир чындык. Айтууга башка сөз таба албай турам. Салам, урмат жана сүйүүлөрүмдү сунуп, улуу Аллахка аманат болуңуздар деп айтам. F.E. /Ankara

Эволюция жаңылыштыгы китебинин артындагы Заттын аркасындагы сыр бөлүмүн окудум. Мен эч нерсе түшүнбөдүм. Абдан кызык нерсе. Азыр айтканым да кайра эле менин ичимде, мен да менин ичимде, бул эмне? Бул канчалык кереметтүү сыр. Адамдар муну качан түшүнөт болду экен? Түшүнбөй турган деле нерсе эмес, айдан ачык бир чындык. Бирок биз эмне үчүн ушул күнгө чейин билбедик? Бул теманы бүт адамдар түшүнгөндө илимде сансыз төңкөрүштөр болот го деп ойлойм. Мен бул абалды эмне деп атоону билбей турам. Таң калдым, айраң-таң болдум. Улуу Аллахка көп көп шүгүр кылдым. Бүт нерсени эми жакшыраак түшүнүп турам. Бирок башкаларга түшүндүргөндө кыйналып жатам. Кээде адамдар муну түшүнбөй жатышат. Мына мен маңдайыңда турам дейт. Чынында болсо муну айтканда мен анын мээсинде бир сүрөттөлүшмүн. Ал мени сыртта деп ойлоп жатат. Эми терең таң калуумду кантип жакшыраак түшүндүрө алам деп ойлонуп жатам. Бул темада жаңы китептериңизди күтүп жатам. Өзгөчө күнүмдүк жашоодон мисалдар болсо, буларды башкаларга оңойураак түшүндүрөөр элек. S.K. /Muğla

Урматтуу Харун Яхья Мырза, кээ бир китептериңизде орун алган Заттын аркасындагы сыр темасын кайра кайра окудум. Толук түшүндүм, зат чындап эле элес. Бирок бул абдан кереметтүү нерсе, жашоонун түш сыяктуу болушу мага абдан таасир берди. Бирок заттын оригиналын көрүп жаткандай көрүнүш жана буга тиешелүү адамда пайда болгон сезимдер ушунчалык чыныгыдай болгондуктан, көбүнчө чыныгы сыяктуу жашап жатам. Бирок бул теманы бир саамга ойлонгондо заттын элес экенин ошол замат даана сезүүдөмүн. Бирок чындап эле абдан ишендирүүчү. Абалыма күлүүдөмүн. Кээде бир нерсеге ачууланам, үнүмдү көтөрөм. Кийин мээмдеги сүрөттөлүшкө кыйкырганымды эстегенде, абдан уялуудамын. Адамдын канчалык таң калыштуу бир жаратылышы бар. Зат катары сезип жаткандай күмөнүбүз ушунчалык күчтүү, билбеген бир адамдын андай эмес деп ойлошу мүмкүн эмес. Кээде Босфор көрүнүшүн карайм. Аркы жээкке өтүү канчалык убактымды алат дейм. Абдан алыс жерлерге карайм. Кийин ойлоном. Эң алыс деп ойлогон жер да кайра эле менин ичимде, мээмдин ичинде, т.а., сүрөттөлүш катары мээмдин ичинде. Адам кереметтүү бир жандык. Аллах адамды ушунчалык кереметтүү бир илим менен жараткан, муну кантип түшүндүрүп айтып бере алаарымды билбейм. Бирок мындай деп айта алам. Бизди мындай улуу илимден кабардар кылганыңыз үчүн Аллах сизден жана эмгектериңизден ыраазы болот, иншаАллах. E.M. /İstanbul

Эволюция калпы китебинин артындагы Заттын аркасындагы сыр менен байланыштуу баяныңызды кызыгуу жана толкундануу менен окудум. Алгач теориялык жактан түшүндүм, бирок иш жүзүндө анчалык түшүнө албадым. Кийин бир ойлонуп жатып, маанисин кокустан түшүндүм. Шок даражасында толкундандым. «Аллахым, бул акылга сыйбас бир окуя» дедим. Бул эч акылымдын учуна да келбеген бир абал. Жашоо түш сыяктуу дешчү. Мен аны бир окшоштуруу катары түшүнчүмүн. Бирок аны айткандар да чындык сыяктуу айтышчу эмес чынында, окшоштуруу катары айтышчу. Мунун чындык экенин билишсе, ким билет эмне кылышаарын? Кереметтүү бир абал бар. Бирок китепти окуган адамдардын баары тынч гана жүрүшөт. Толук түшүнүшкөн эмес окшойт деп ойлойм. Мындай абалда кантип тынч болууга болот? Мен өлүмдү, акыретти, кайрадан жаратылууну, бейиш жашоосун, бүт нерсени эми бир топ жакшы түшүндүм. Аллах Куранда «силерди кайрадан жаратуу Биз үчүн абдан оңой» деп айтууда. Эми акылымда баары түшүнүктүү болду. Бул теманы адамдарга түшүндүргөнүмдө түшүнүүлөрү кыйын болууда. Мындан да жөнөкөй, оңой кылып кантип түшүндүрүүгө болот? Бул теманы түшүндүргөнүмдө кээ бир адамдар болсо ашыкча толкунданды. Мен түздөн-түз түшүндүрүп туура эмес кылып жатамынбы? Мындан мурун Аллах сүйүүсүн, Аллахтын Рахман жана Рахим экендигин, адамдардын эң жакшыга жетүүлөрүн, эң жакшы жашашын кааларын айтып берсем жакшыраак болобу, сиздин көз-карашыңыз кандай? Ş.U. /Edirne

Башталгыч мектептен бери бүт кабылдоолордун мээде пайда болоору бизге дайыма түшүндүрүлүп келген. Бул чындыкты абдан жакшы билчүмүн. Биология сабактарында канча жолу терең айтып бергем. Бирок окуянын чыныгы тарабын эч көрө алган эмесмин. Сүрөттөлүш мээде пайда болууда дечүмүн. Бирок зат сыртта менден алыста турат. Ал ал жакта, мен болсо көрөм. Ал тургай сүрөттөлүш көзүм турган жерде пайда болот, анан мээмде пайда болот, ошондой эле заттын бар экени белгилүү, мына алдымда турат сыяктуу чиелешкен бир логикам бар эле. Чындыгында көп да ойлонгон эмесмин. Чынында болсо зат бир жерде көрүнүүдө. Өзүн да, затты да бир жерде көрүп жатам. Ичке бир парданын бетинде сыяктуумун. Бирок көргөн нерсе боштук сыяктуу, рухтун эмне экенин түшүнүү эч мүмкүн эместей. Бирок бүт нерсени кабылдаган бир күч, көлөмү, оордугу, тыгыздыгы болбогон, боштук болгон бирок беш сезимди кабылдаган бир аң-сезим. Бул темада дагы тереңирээк бир китеп жазууну пландап жатасызбы? Китептериңиз биздин районубузда сатылбайт, муну басмаканага бирдирсем эле жетиштүүбү? Урматым жана сүйүүмдү сунам, ийгиликтер каалайм. Y.C. /Kayseri

... Мен бул теманы кээ бир досторума түшүндүрдүм. Университетти аяктаган, абдан мээлүү балдар, бирок кээ бир досторум бул теманы эч түшүнө албай жатышат. «Болмок беле, мына сен маңдайымда турасың, мээмде сүрөттөлүшүң пайда болуп жаткан болушу мүмкүн. Бирок сен мына бул жердесиң.» деп колун далыма койууда. Бул сөзүнүн жана кыймылынын мээсинде пайда болгонун ага айтып жатам. Ал тургай мээңе барган нерв үзүлсө, мени көрө албайсың; тийүү сезимиң да жоголот деп айттым. Кайра эле түшүнбөдү. Бул түшүнбөстүк мага «белгилөөчү метафизикалык бир чындыктын ортого чыгышы» сыяктуу сезилүүдө. Себеби кандайдыр бир себептен улам бул чындыкты түшүнө албай жатат. Бул теманы башталгыч мектептин акыркы классында окуган бир жээниме түшүндүрдүм, ошол замат түшүндү. Муну түшүнбөгөн адамдар атайын түшүнүүлөрүнө тоскоолдук коюлган адамдар болушу мүмкүнбү? деп ойлоном. Т.а., «өздүккө ээ эмес болду бекен?» деп ойлодум. Мындай болушу мүмкүнбү? Куранда көзү, кулагы жабык адамдар жөнүндө айтылат. Кээ бир адамдарда көрүү, угуу аң-сезими жок болушу мүмкүнбү? Бул нерселерге бир катыңызда же китебиңиздин жаңы басымында токтоло кетесизби? Алдын ала рахмат айтам. Урматым менен. E.A. /İstanbul

Урматтуу Харун Яхья, мен философияга абдан кызыгам. Ушул себептен Заттын аркасындагы сыр темасын абдан кызыгып окудум. Заттын элес болушу дүйнө тарыхында көп жолу түшүндүрүлгөн. Бирок адамдардын заттын оригиналын көргөнүнө ишендире тургандай даражада кабылдоолордун дааналыгынан улам көп ойлонгонго убакыт бөлүшпөгөнүнөн болсо керек, бул апачык чындыкты байкашкан эмес. Бирок бүгүнкү күндө бул жеңил чындыкты оңой гана түшүнө ала турган мүмкүнчүлүктөргө жетишилди. Көздүн жалпы түзүлүшү, сүрөттөлүштү мээге жеткирген нервдер, мээдеги көрүү борбору жана ушул сыяктуу илимий детальдардын микро деңгээлде изилдениши жана түшүндүрүлүшү бул теманы түшүнүүнү оңой кылып койду. Мындан тышкары, салыштырмалуу физиканын өнүгүшү, үч өлчөмдүү тасмалар, телевизор, видео ж.б. техникалык мүмкүнчүлүктөр да бул темада мисал келтирүүнү жеңилдетти. Менин оюмча, бул кылымда бул тема бүт илим дүйнөсүнө өкүмчүлүк кылат. Сиз да билгендей, квантум физикасы ансыз деле болгон үнү менен бул чындыкты түшүндүрүүдө. Кээ бир адамдар бул чындыктан жаш баладай үркпөсө жана дүнүйөгө болгон сүйүүнүн мажбурдуу жыгылышынын «оорусун» бастыра алса, бул мындан да жеңил болот деген үмүттөмүн. Бирок мындай апачык бир чындыктан качуу, башын кумга жашыруу, түшүнбөгөн сыяктуу болуу адамдын абийирине жатпаган бир мамиле деп ойлойм. Жазгым келген көп нерсе бар, бирок убактыңызды алгым келбейт. Ден соолукта, сонун күндөр каалайм. Аман болуңуздар. T.E. /Richmond

Заттын элес экенин телевизор, радио жана гезиттер элге эмне үчүн баяндашпайт? Мындай так чындык же бир телевизор программасында же мобул талаш программаларынын бирөөсүндө бул тема Түркиянын алдыңкы илимпоздору тарабынан сөз кылынышы керек. Мындай эмес деген бир адам чыкса эмне дейт болду экен, мага абдан кызык. Бул теманы эч түшүнбөгөн бир канча адамдын сөздөрүн угуп, таң калгам. Чоң эле адамдар мынчалык апачык бир чындыкты кантип түшүнө албайт деп. Дагы ушундай окуялар чыгышы мүмкүн. Бирок муну калк таразалайт. Сабак да алышат, экинчи тараптан бул теманы түшүнбөгөндөрдүн логикасын, т.а. логикага сыйбас ойлорун да көрүшөт. Менин оюмча бул тема Ислам дининде абдан маанилүү бир тема. Мааниси келечекте абдан даана байкалат деген үмүттөмүн... K. İ. /Samsun

Затты түшүндүрүшүңүз мага абдан таасир берди. Бул тема адамдын акылынан өйдө. Толук түшүнүүгө болбой турган нерсе. Ушунчалык кызык, мисалы бул жазган катым бир сүрөттөлүш. Сүрөттөлүш сүрөттөлүш менен көрүшүп жатат жана сүйлөшүп жатат. Чынында абдан таң калаарлык бир абал. Менимче бул теманы окугандардын баары улуу бир чындыкты байкап жатышат... W.B.F. /İngiltere

Китебиңиздин артындагы заттын сыры менен байланыштуу бөлүмдү окугандан бери жашоого көз-карашым өзгөрдү. Мисалы, кечээ бирөөгө ачууланып эми кыйкыраарда, бүт нерсени мээмде көрөөрүм эсиме келди. Ошол замат жоошудум, ачуум да жоголду. Бул мага Түрк тасмасын көргөн улгайган бир аялдын жаман ролдогу каарманга ачууланышы сыяктуу сезилүүдө. Менде мындай терең өзгөрүү жараткан чындыктарды менимче дагы көбүрөөк адамдарга түшүндүрүшүңүз жана өзүнчө бир китеп чыгарышыңыз керек. Эгер мындай бир китеп чыгарсаңыз мага да кабар бересизби? M. V. /Aydın

Заттын аркасындагы сыр жөнүндөгү макалаңызды окудум. Бүт нерсе чындап эле мээмдин ичинде пайда болуудабы? Мээмдин да бир сүрөттөлүш болушу керек эмеспи? Менин түшүнбөгөнүм, бул тема мектепте, телевизордо бүт жерде адамдарга түшүндүрүлүшү керек. Мен бул тема жөнүндө дагы көп детальдарды билгим келет. Бул үчүн эмне кылсам болот? Мага жардамчы болсоңуз, абдан сүйүнөм. K. B. /Antalya

Мен көз доктормун. Кечээ бир оорулуу кандайча көрөөрүбүз жөнүндө суроолор узатты. Башында илимий суроолор эле, андан соң чындап ойлонушума себеп болгон суроолор узатты; мээбиздин ичинде пайда болгон сүрөттөлүштү ким көрүүдө деген сыяктуу. Чынын айтсам абдан таасирлендим. Мен Аллахка жана рухтун бар экенине ишенген бир адаммын, бирок рухтун бар экенин мынчалык илимий жана апачык бир жол менен түшүндүрүү, өзүмдүн адистик чөйрөм болгонуна карабастан акылыма келген эмес эле. Интернет баракчаңыздан бул тема жөнүндөгү жазгандарыңызды окудум. Бул темада кеңеш бере турган башка булактар же сиздин башка эмгектериңиз барбы? Чет элдик булактар да жарайт. Чындап үйрөнүүгө, изилдөөгө жана ойлонууга татыктуу абдан маанилүү бир тема деп ойлойм. Түшүндүрүлгөндөр адамдын көз-карашын кеңейтип эле тим болбостон, жашоосундагы көп нерселерди башынан ойлоп чыгышына себеп болууда. Абдан маанилүү. F.N.G. /Eskişehir

Кечээ «ЗАТТЫН АРКАСЫНДАГЫ СЫР» CDсин көрдүм. Өз оюмда түшүнүүгө аракет кылдым же түшүндүм деп ойлодум. Жооп издеген кээ бир суроолорум бар. Мага сураныч жардам бериңиздер. M.H. /İzmir

Заттын аркасындагы сыр аттуу макалаңызды окуганымда бүт нерсенин мен үчүн даярдалган сценарий экенин ойлодум. Т.а., Труман Шоу же Матрица аттуу тасмадагы сыяктуу сездим өзүмдү. Мен үчүн пландалган бир машинанын ичинде жашап жаткан сыяктуу сезилди. Теманы ушул абалда ойлогонумда ар кандай абалдарга кабылдым. Бул теманы бүгүнкү күнгө чейин эч ким түшүндүрбөгөн тереңдикте түшүндүрүптүрсүз. E.H. /Toronto

... Заттын аркасындагы сыр аттуу видео касетаңыздын бир бөлүгүн көрдүм. Тема толук сонун баяндалган, бирок бул чындыкты түшүндүргөндө менимче мындан да көбүрөөк мисалдарга муктаждыгыбыз болот. Даректүү тасмада берилген мисалдар толук жетиштүү, бирок өзгөчө күнүмдүк жашоодон дагы бир аз мисалдар жаңы тасмаларда орун алса, биздин бул чындыкты түшүнүшүбүз жана түшүндүрүшүбүз үчүн жеңил болот деп ойлойм. Себеби бул чындыкты адамдар зарыл абалда жоромолдой алышпоодо жана туура эмес пикирлер чыгарышууда. Мунун алдын алуу үчүн бул мисалдардан да жөнөкөйүрөөк мисалдарга орун берилиши менимче пайдалуу болот. Ş. G. /İstanbul

Заттык дүйнөгө жана жашоого көз-карашымды тамырынан өзгөрттү. Жашоо, чөйрөм жана адамдар эми мен үчүн эч мурдакыдай эмес. Чындыктарды түшүнгөн сайын кээ бир нерселерден алыстап баштадым, бир аз өзүмчө болуп, ойлонуп баштадым. Билбейм, бул туурабы? Бирок бир тараптан өзүмдү бейпил, ишенимдүү жана бактылуу да сезүүдөмүн. Адамдардын кылгандары, сөздөрү абдан жөнөкөй сезилүүдө. Бул башымдан өткөрүп жаткандарымды түшүнө турган жана уга турган бирөөлөрдү издөөдөмүн. Сиздерден мага демейкидей бул темада да жардам беришиңиздерди суранам. Себеби бош жашап, керексиз окуяларга кайгыргым келбейт. K.U. /Tekirdağ

Заттын маңызы жөнүндө суроолор узатылган илимпоздордун кээ бир пикирлери

E-mail катыңыз жана абдан кызыктуу мазмуну үчүн рахмат айтам. Суроолоруңуз абдан кызыктуу жана аларды окуу менен көп нерсе үйрөнгөнүмдү айтышым керек. Мага жазганыңыз үчүн рахмат жана суроолоруңузду бул чөйрөдө алектенген илимпоз досторум менен бөлүшөм. Алардын жоопторунун кандай болоору мага кызык. Эң жакшы тилектерим менен жана мага жазганыңыз үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Kofi Opoku

Бардык суроолоруңуз жана байкоолоруңуз абдан терең жана толугу менен максатка ылайык! Булар тарых боюнча суралган суроолор, бирок алиге чейин толук жообу табыла элек. Чынында эгер изилдөөчүлөр сизчелик бул суроолордун жоопторун издөө аракетин кылышканда, невробиология жана психология, ал тургай философия абдан өнүкмөк. 13-сурооңузда кээ бир адамдардын бул чындык жөнүндө сөз болуусунан абдан коркоорун айтыптырсыз. Бул сөзүңүз чындык. Дүйнөнү эң туура абалында көргөнүңүздө, анын түшүндүрүлгөн абалы абдан коркутуучу. Бирок чындык канчалык коркутуучу болсо да, дайыма үйрөнүүгө татыктуу... Сиз бул суроолордон байкалгандай, абдан акылдуу жана терең ойлонгон бир адамсыз. Көп адамдар эмне жөнүндө сөз кылып жатканыңызды түшүнбөгөндө, эч таң калбаңыз, ал тургай адис философтор да бул темаларды түшүнбөшү мүмкүн. Иштериңизге ийгилик каалайм. Prof. Steve Lehar

Кылымдар бою философторду ойлонткон суроолорду сураптырсыз... Биз бир супер компьютердин ичинде санариптик бир дүйнөдө жашап жаткан болушубуз да мүмкүн жана мындай болсо эч качан айырманы биле албайбыз; Матрица жана Трон аттуу тасмалардагы сыяктуу. Табият мыйзамдары да бул программанын бир бөлүгү болгондо, чындык менен элес арасындагы айырманы эч айта албайбыз, себеби ортодо бир айырма болбойт. Көп адамдар буларды ойлонуудан коркот, себеби бейпил дүйнө көз-караштарына кооптуулук жаратат деп ойлошот. Jon Roland (Vanguard изилдөө институтунун негиздөөчүсү жана башчысы)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)