Адамдар көргөн, уккан, тийген, жыттаган жана абсолюттук нерсе деп ойлогон нерселердин баарынын чындыгында кабылдоолор (элестер) жыйындысы экендиги жана жашообуз боюнча копия сүрөттөлүштөрдү гана көрүп, сезишибиз – ааламдын жоктон бар болушу, түбөлүктүүлүктүн бар экендиги, өлгөндөн кийин түбөлүк бир жашоо үчүн кайрадан тирилтилээрибиз сыяктуу кереметтүү бир окуя. Аллах кемчиликсиз жана санап бүтө албай турганчалык көп детальдуу ааламды дайыма, кемчиликсиз абалда жаратууда. Болгондо да, бул жаратуу ушунчалык кемчиликсиз болгондуктан, жер жүзүндө бүгүнкү күнгө чейин жашаган көптөгөн адамдар бул ааламдын жана көргөн нерселеринин баарынын элес экенин түшүнө алышкан эмес жана дайыма заттын оригиналын көрүп, сезип жатабыз деп ойлошкон.
21-кылымда илимий табылгалардын заттын оригиналына эч качан жете албашыбызды толук далилдеши менен бирге бул чындык даана байкалып баштады. Бирок кээ бир адамдар бул абалды түшүнбөгөн сыяктуу болушууда. Чынында болсо, бул – түшүнбөгөн же байкабаган сыяктуу болуп койо турган, маани берилбей турган же баш тартууга мүмкүн болгон бир маалымат (илим) эмес. Тескерисинче, заттын эмне экенин билүү – реалист болуунун (чындыкты түшүнүүнүн) маанилүү бир шарты. Ошондуктан, бул теманы окуган, уккан адамдардын бул теманын маанисин ойлоп, түшүнүшү абдан маанилүү. Заттын маңызын окуган кээ бир адамдар бул темага эмне үчүн мынчалык маани берилгенин түшүнбөйбүз дешүүдө. Ал тургай, бул теманын ыйман менен байланышы жок деп ойлошууда жана эмне үчүн ар бир ыйман темасынын артынан бул темага токтолгонубузду сурашууда. Чынында болсо, бул теманын маанилүүлүгү белгилүү. Материалисттерди үркүткөн, алардын бардык пикирлерин жер менен жексен кылган бул чындыктын маанисин бардык Мусулмандар түшүнүшү жана адамдарга жеткирүүгө аракет кылышы зарыл.
Заттын маңызын билүү адамдардын кээ бир ыйман маселелерин түшүнүшү үчүн да абдан чоң мааниге ээ болууда жана ошондуктан башка ыйман темалары сыяктуу абдан маани берилип, түшүндүрүлүшү зарыл. Баарынан мурда, заттын чыныгы абалын түшүнгөндө, адамдар, бир тараптан, дүйнөгө болгон ачкөз каалоосунан кутулат жана акыретке багытталышат, экинчи тараптан, чоң бир жаңылуудан кутулат жана бул жаңылуулары себебинен эч түшүнө албаган кээ бир чындыктарды оңой гана аңдап, түшүнүшөт. Мисалы, Аллах каерде, бейиш жана тозоктун бар экендиги, рухтун маңызы, өлүмдөн кийинки жашоо, түбөлүктүүлүк сыяктуу темаларды материалисттик бир дүйнө көз-карашына ээ же бул көз-караштын пикирлерине сугарылып чоңойгон адамдар түшүнө алышпоодо. Бирок заттын бир элес катары кабылданып жаткандыгы бул суроолордун жообун өзү менен бирге алып келүүдө. Натыйжада адамдар Аллахтын жалгыз абсолюттук Зат экенин апачык көрүшүүдө.
Заттын эмне экенин түшүнүү менен адамдар дүйнө жашоосунда байланган бүт нерсесинин, амбицияларынын, каалоолорунун, аларга Аллахты жана акыретти унуттурган бүт нерсенин бош жана жаңылтуучу экенин абдан так сезишүүдө. Бул болсо алардын дүнүйөлүк амбициялардан кутулуп, шерик кошпостон, ыклас менен Аллахка багытталышына жана ширктен кутулушуна себепчи болууда.
Адамдар бой көтөрүү жана кекирейүү менен ар түрдүү адамдыкка жана ахлакка сыйбаган иш-аракеттерге абдан жакын болгон бул кылымда, адамдар өздөрүнүн жана «күчүн» жогору элестеткен адамдардын көлөкө жандык экенин түшүнүшкөндө, бой көтөрүү жана кекирейүүсү жоголуп, жөнөкөй жана жумшак пейилдүүгө айланышат.
Мындай өзгөрүүлөр бейпилдик жана бактылуулук өкүм сүргөн, ачкөздүк жана өзүмчүлдүк, айоосуз атаандаштык жоголгон коомдордун жаралышына себеп болот.
Заттын оригиналын көрүп, биле албаганыбызды көп адамдардын түшүнүшү менен бирге боло турган эң маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири болсо шексиз материалисттик философиянын кыйрашы болот.
Эми заттын абсолюттук эмес экендиги жөнүндөгү чындыктын эмне үчүн тарыхтын эң маанилүү темаларынын бири экенин терең карайлы.
Бул илим көрсөткөн эң маанилүү чындыктардын бири – бул жалгыз абсолюттук заттын Аллах экендиги. Материалисттик философиянын таасиринде калып, затты (материяны) абсолюттук нерсе деп ойлогон кээ бир адамдар Аллахтын бар экенин жана каерде экенин түшүндүрүүдө абдан жаңылыш жана караңгы услуп колдонушат. Мисалы, «Аллах каерде» суроосуна «Мага акылыңды көрсөт, көрсөтө албайсың. Аллах – акыл сыяктуу бир чындык, бирок көрүнбөйт» деп сабатсыз жооп беришет. Кээ бирлери болсо (Аллахты аруулайбыз) өз акылдарында Аллахты элес сыяктуу көрсөтөт, Аллахтын бар экенин (Затын) радио толкундарына окшоштурат (Аллахты аруулайбыз). Алардын батыл (негизсиз) көз-карашы боюнча, алар жана алар ээ болгон бүт нерселер абсолюттук нерселер жана Аллахтын заты болсо бул материалдуу нерселерди радио толкундары сыяктуу ороп турат. Чындыгында болсо элес – бул алардын өздөрү жана алар ээ болгон нерселер. Жалгыз абсолюттук Зат болсо – бул Аллах. Аллах бүт жерди курчап турат. Адам болсо эч качан абсолюттук нерсе боло албаган үчүн - сүрөттөлүш (элес) гана.
Бул чындыкты Раббибиз бир аятта мындайча билдирет:
Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)
Бул чындыкты түшүнгөндө, адамдар ширк кошпостон, Аллахтын жалгыздыгына толук ыйман келтирет. Себеби Аллахтан башка бүт нерселердин көлөкө нерселер экенин билген бир адам так бир ыйман менен (хаккел йакин даражасында) «бир гана Аллах бар, Андан башка илах (күч ээси зат) жок» дейт.
Аллахты көзү менен көрбөгөн үчүн Аллахтын бар экенине ишенбегендердин материалисттик көз-караштары да заттын маңызын түшүнгөндө, толугу менен жыгылат. Себеби бул чындыкты түшүнгөн адам өзүнүн бир элес экенин түшүнөт. Элес болгон бир заттын абсолюттук бир затты көрө албашын түшүнөт. Куранда адамдардын Аны көрө албашын, бирок Анын аларды көргөнүн Раббибиз мындайча түшүндүрөт:
Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрөт... (Энъам Сүрөсү, 103)
Албетте биз адамдар Аллахтын бар экенин көздөрүбүз менен көрө албайбыз. Бирок, Аллах биздин ичибизди, сыртыбызды, көз-караштарыбызды, ойлорубузду толук курчап турганын билебиз. Ушул себептен Аллах Куранда Өзүнүн «кулактарга жана көздөргө малик (ээ)» (Йунус Сүрөсү, 31) экенин билдирүүдө. Аллах билбестен, биз бир сөз да айта албайбыз, ал тургай жалгыз бир дем да ала албайбыз. Аллах биздин кылгандарыбыздын баарын билет, бул абал Куранда мындайча билдирилген:
Шек жок, жерде жана асманда Аллахка эч нерсе жашыруун калбайт. (Ал-и Имран Сүрөсү, 5)
Аллахтын дайыма бизди карап, көрүп, угуп тургандыгы – абдан маанилүү бир чындык. Бул чындыкты байкаган бир адам, Аллахты көздөрү менен көрбөсө да, Анын дайыма ал адамдан кабары бар экенин билет. Ушул себептен, эмне иш кылып жатса да, Аллахтын күбө экенин билүү менен, Аллах ыраазы болбогон бир иш-аракеттен, сөздөн, көз-караштан же ойдон сактанат. Аллах ар бир ишибизде бизге жакын экенин, бизди көрүп турганын жана эч нерсенин Андан алыс калбашын мындайча билдирет:
Сен ичинде болгон ар кандай абал, Ал жөнүндө Курандан окуган бир нерсе жана силер жасаган ар кандай иш болсун, силер ал ишке (абдан) берилип жасап жатканыңарда, Биз силердин үстүңөрдө күбө болуп турабыз. Жерде жана асманда тырмактай болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)
Жалгыз абсолюттук зат болгон Аллах, албетте жараткан адамды бүт тарабы менен кошо билет. Бул Аллах үчүн абдан оңой. Бирок кээ бир адамдар караңгы, сабатсыздыгынан улам муну түшүндүрүүдө кыйналышат. Чындыгында болсо, «сырткы дүйнө» деп ойлогон кабылдоолорду көрүп жатканыбызда, башкача айтканда, жашообузду улантып жатканыбызда, бизге эң жакын болгон заттын, кандайдыр бир кабылдоо (элес) эмес, Аллахтын Өзү экендиги апачык чындык. Куранда орун алган «Ант болсун, инсанды Биз жараттык жана напсисинин ага кандай азгырыктар берип жаткандыгын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз» (Каф Сүрөсү, 16) аяттын сыры да бул чындыкта жашырылган. Бирок бир адам өзүнүн денесин «абсолюттук нерсе болгон заттан» турат деп ойлогондо, бул маанилүү чындыкты түшүнө албайт. Себеби, ага эң жакын нерсе деп өз денесин ойлоодо. Мисалы, бул адам өзүн «мээси» катары кабылдаса, ага күрөө тамырынан жакыныраак бир нерсе бар экенине ишенбейт. Ал эми заттын абсолюттук эмес экенин, бүт нерсенин мээде жашаган копиялар экенин түшүнгөндө болсо, сырт, ич, алыс, жакын сыяктуу түшүнүктөрдүн мааниси жоголот. Күрөө тамыры да, мээси, колу, буту да, өзүмдүн сыртымда деп ойлогон үйү, машинасы жана ал тургай абдан алыста деп ойлогон күн, ай, жылдыздар да бир тегиздикте (жерде) гана. Аллах аны толук курчаган жана ага «чексиз жакын».
Аллах адамдарга «чексиз жакын» экенин «кулдарым Мени сенден сураша турган болсо, чындыгында Мен (аларга) абдан жакынмын...» (Бакара Сүрөсү, 186) аяты менен билдирет. Башка бир аяттагы «Чындыгында Раббиң инсандарды ар тараптан курчап турат» (Исра Сүрөсү, 60) сөзү да ушул чындыктан кабар берет. Ушуга карабастан, кээ бир адамдар өздөрүнө эң жакын болгон нерсе өзүммүн деп ойлоп, жаңылышат. Чынында болсо Аллах бизге өзүбүздөн да жакын. «Жан тамакка келип такалганда, силер ал учурда (жөн гана) карап турасыңар, Биз ага силерден жакыныраакпыз; бирок көрбөйсүңөр.» (Вакыа Сүрөсү, 83-85) аяттары менен да адамга эң жакын нерсенин Аллах экендиги чындыгына дагы бир жолу көңүл бурулган. Чындыгында эле, өлүм төшөгүндөгү же оорулуу керебетиндеги бир адам чоң бир жаңылууга кабылып, ошол учурда ага эң жакын нерсенин жанындагы доктору же аны кучактаган апасы же колун кармаган бир жакыны деп ойлошу мүмкүн. Бирок аятта да билдирилгендей, Аллах ал учурда ага баарынан жакыныраак. Болгондо да бир гана ал учурда эмес, адам алгач жаралгандан баштап ага эң жакын болгон жалгыз зат – бул Аллах. Бирок адамдардын кээ бирлери көздөрү менен көрбөгөндүктөн бул чындыктан кабарсыз жашашат.
Аллахтын мейкиндиктен көз-каранды эмес экендиги жана бүт жерди толук курчап тураары башка бир аятта мындайча айтылат:
Чыгыш да Аллахтыкы, батыш да. Каякка бурулсаңар, Аллахтын жүзү ошол жакта. Шек жок, Аллах курчоочу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 115)
Аллах башка бир аятында болсо бул чындыкты мындайча баяндайт:
Ал асмандарды жана жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду (Аршка истива кылды). Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшкөн жана ага көтөрүлүп жаткандын баарын билет. Силер кайда болсоңор да, Ал силер менен бирге, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Хадид Сүрөсү, 4)
Бардык бул нерселерден төмөнкүдөй жыйынтык чыгат: жалгыз жана чыныгы абсолюттук Зат – бул Аллах. Аллах илими менен бир көлөкө зат болгон адамды жана башка бүт нерсени курчап турат. Бир аятта «Силердин илахыңар – жалгыз Аллах гана, Андан башка илах жок. Ал илими менен бардык нерсени курчап турат.» (Таха Сүрөсү, 98) деп айтылуу менен ушул чындыкка ишарат кылынууда. Аллах Куранда орун алган башка бир аятта болсо адамдарды мындай капылеттикке каршы мындайча эскерткен:
Абайлагыла; алар Жаратуучуларына жолугуу жөнүндө терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 54)
Аллах жараткан, көлөкө бир жандык болгон адам Аллахтан көз-карандысыз бир күчкө ээ боло албайт. Аллах бир аятында бул чындыкты мындайча билдирет:
Аллах кааламайынча, силер каалай албайсыңар... (Инсан Сүрөсү, 30)
All the acts performed by a human being belong to God. For example, a child's being able to read, a project realized by an architect, a scientist's discovery, a meal cooked in the kitchen, an artist's work... It is God Who has created all of these things and brings them to be. | ||
Кээ бир адамдар бул маанилүү чындыкты байкабастан жашашат. Аларды жараткандын Аллах экенин кабыл алышат, бирок кылган иштери өзүмө тиешелүү деп ойлошот. Чынында болсо адамдын ар бир кылган иши, кыймылы Аллахтын буйругу менен жаратылат. Мисалы, бир китеп жазган адам Аллахтын буйругу менен ал китепти жазат. Ал китептеги ар бир сүйлөм, ар бир пикир, ар бир абзац Аллахтын каалоосу менен жаралат. Аллах бул абдан маанилүү чындыкты көптөгөн аяттары менен билдирүүдө. Бул аяттардын бири «силерди да, кылып жатканыңарды да Аллах жаратты» (Саффат Сүрөсү, 96) деген аят. Аллах «...ыргытканда сен ыргытпадың, Аллах ыргытты...» (Энфал Сүрөсү, 17) аяты менен бүт кылгандарыбыздын Ага тиешелүү кыймылдар экенин билдирүүдө.
Аллах башка аяттарда да пайгамбарга момундардан садака алышын билдирет. Бирок аяттын уландысында садакаларды алгандын чынында Өзү экенин түшүндүрөт:
Алардын мал-мүлктөрүнөн садака ал, муну менен аларды тазалаган, (күнөөлөрдөн) жууган болосуң. Аларга дуба кыл. Чынында, сенин дубаң алар үчүн «бир бейпилдик жана тынчтык.» Аллах угуучу, билүүчү. Алар чынында Аллахтын пенделеринин тооболорун кабыл кылуучу экенин жана садакаларды Ал (Аллах) алаарын билишпейби. Шексиз, Ал тооболорду кабыл кылуучу, коргоочу. (Тообо Сүрөсү, 103-104)
Чоң Ислам аалымы Мухйиддин Араби кылган кыймылдарыбыздын да Аллахка тиешелүү экенин мындайча түшүндүрөт:
Рухтарга келсек, алардан пайда болгон кыймылдардын булагы да алардын затында эмес. Рух жана заттарды тынымсыз кыймылдаткан күч Женабы Хакк гана... Рух жана заттар тандалган нерселерден жана белгилүү, анык чындыктардан эмес. (Алар) Аллахтын кыймылдарынан, улуу заттын башка көрүнүштөрүнөн. Ушул сыяктуу эле, чектүү жана чексиз деп аталган нерселер да чындыгында башка башка нерселер эмес, ар кайсы эки чекиттен көрүнгөн жалгыз бир нерседен гана турат.35
Everything a person does, all the success he has won and all his talents belong to God. This reality does not change if the person is a great statesman, the richest person in the world, a beloved artist or a scientist who has made an important discovery. Everyone lives in submission to God and does what He wills. | ||
Мухйиддин Араби бул сөздөрү менен түшүндүргөндөй бардык кыймылдарды жараткан, рухтарга бул кыймылдарды өзүм жасадым деген сезимди берген – бул Аллах. Аллах бардык рухтарда бул сезимди ушунчалык чындыктай кылып жараткандыктан, мисалы бир ташты ыргыткан адам чындап эле ташты мен ыргыттым деп ойлойт. Чындыгында болсо көлөкө жандык болгон адам «ыргытуу» кыймыл-аракетин жасай албайт. Бирок Аллах адамга бул кыймылдарды өзү жасап аткан сыяктуу сезим берет. Аллахтын жаратуусунун керемети жана кемчиликсиздигинин бир натыйжасы катары адам бул сезимди абдан күчтүү сезет жана чындап ташты кармадым, колумду артка кылып ылдамдык жана күч алып, ташты ыргыттым деп ойлойт.
Адам дайыма Аллахтан көз-каранды болуп жашайт, билсе да, билбесе да, кабыл алса да, кабыл албаса да, чындыгында Аллахка моюн сунган абалда. Аллах бир аятында муну мындайча билдирет:
Асмандарда жана жердегинин баары, кааласа да каалабаса да, Аллахка сажда кылат. Эрте менен, кечинде көлөкөлөрү да (Ага сажда кылат). (Рад Сүрөсү, 15)
Жер жүзүндө сиз тааныган, билген, тарыхта жашаган, бүгүнкү күндө жашап жаткандардын баары, кандай кызматтык даражасы болбосун, кандай мүлккө ээ болбосун же канчалык кежир бир каапыр болбосун, бул чындык өзгөрбөйт. Ар бир адам – Аллахка моюн сунган, Аллах жараткан, рухунан үйлөгөн, көлөкө бир жандык. Муну билген бир адамдын байлыгы, ээ болгон билими, наам же атак-даңкы, кызмат орду же бийлиги, таланты же ишиндеги ийгиликтери менен мактанып, бой көтөрүшү эч мүмкүн болбой калат. Ушуга карабастан бой көтөргөндөр болсо чындыгында чоң бир алсыздык ичинде. Себеби Аллах адамдардын өзүм ыргыттым деп ойлогон ташты да чындыгында ыргытышпаганын, муну Өзү (Аллах) кылганын билдиргенине карабастан, дагы эле жетишкен ийгиликтерине өзүмдүн тиешем бар деп ойлошу – чоң бир сабатсыздык.
Аллах ар бир адамды ушундай жол менен сыноодо жана ошол эле учурда тарбия берүүдө. Азыр бул чындыкка акыл жеткире албаган, абдан ачык болгонуна карабастан кабыл албагандар өлгөндөн кийин кайра тирилтилгенде бүт нерсени абдан даана көрүшөт жана эч нерсеге күчү жетпешин түшүнүшөт. Аллах Андан баш тарткандардын алсыздыгын бир аятында мындайча билдирген:
Раббилеринен баш тарткандардын абалы мындай: алардын кылгандары – бороондуу бир күндө шамал күч менен сапырган бир күл сыяктуу. Жыйнагандарынын эч бирине күч жеткире алышпайт. Мына алыс бир адашуу (ичинде болуу) ушул. (Ибрахим Сүрөсү, 18)
Аллах болсо бүт нерсеге күч жеткирген жалгыз Зат:
Асмандарда жана жердегилердин баары Аллахка тасбих айтышат. Мүлк Аныкы, хамд (мактоолор) да Аныкы. Ал бүт нерсеге күч жеткирүүчү. (Тегабүн Сүрөсү, 1)
Жашоосу боюнча рухуна көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөрдү көрүп келатканын байкаган адамдар рухтарын да, тынымсыз улантылган бул сүрөттөлүштөрдү да жараткандын Аллах экендигине толук ишенет.
Кээ бир адамдардын заттын сырын кабыл албоо үчүн өжөрлөнүшүнүн бир себеби да – Аллахтын улуулугун жана кудуретин түшүнүп, өздөрүнүн эчтеке эмес экенин кабыл алгылары келбеши. Бирок бул адамдар кабыл алгылары келбесе да, ортодо талашсыз бир чындык бар: асмандарда жана жердегилердин баары Аллахтыкы жана Анын көрүнүшү. Жалгыз абсолюттук Зат – Аллах жана Аллах жараткан башка жандыктар, нерселер абсолюттук эмес, сүрөттөлүштөр гана. Аллах жараткан сүрөттөлүштөрдү караган «мендер», башкача айтканда, адамдар – Аллахтан бир рухтар.
Бул илим жана чоң сырды түшүнгөндө адамдардын аң-сезими баарын даана байкап ачылат жана үстүлөрүндөгү руханий бозомуктар жоголот. Түшүнгөндөрдүн баары Аллахка чын көңүлдөн баш ийет, Аллахты абдан сүйөт жана Андан абдан коркот. Ошондой эле, адамдардагы бой көтөрүү, өзүмчүлдүк сезимдери жоголуп, анын ордун жөнөкөйлүк ээлейт. Аллахтын адамдардан каалаганы да ушул. Бул таасирдүү чындыкты түшүнгөндөр жаңы көз-карашка ээ болушат, жапжаңы бир жашоону башташат. Ушундайча Аллахтын кудуретин зарыл деңгээлде түшүнүп аңдашат жана «Алар Аллахтын кудуретин акысына жараша (толугу менен) аңдап түшүнүшкөн жок. Чындыгында, Кыямат күнү жер толугу менен Анын уучунда, асмандар да оң колу менен түрүлүп бүктөлгөн болот. Ал шерик кошкондорунан таза жана улуу.» (Зүмер Сүрөсү, 67) аятында сөз кылынган адамдардан болуудан алысташат.
A person merely has experience of the images and sensations of everything he thinks he possesses, his house, car, family, job and all his friends , which occur in the brain. He can never know the original forms of these in the external world. A person who understands this will also understand that the One who has created these images in his brain is God, to whom all things belong. For that reason, those who are emotionally attached to the life of this world fear this reality greatly. | ||
Бул жерге чейин түшүндүрүлгөн тема – жашооңуз боюнча сизге түшүндүрүлгөн эң улуу чындыктардын бири. Себеби бардык заттык дүйнөнүн чынында бир «көлөкө нерсе» экенин далилдеген бул тема – Аллахтын бар экенин жана жаратууну аңдап-түшүнүүнүн, Анын жалгыз абсолюттук Зат экенин түшүнүүнүн ачкычы. Ошол эле учурда адамдын канчалык алсыз экендигинин илимий жана баш тартууга болбой турган далили жана Аллахтын кемчиликсиз чеберчилигинин бир көрүнүшү. Ошондуктан, бул кереметтүү илим адамдарды толук ыйман келтиртүүдө, ыйман кылбоону мүмкүн эмес абалга алып келүүдө. Кээ бир адамдардын бул чындыктан качышынын негизги себеби ушунда.
Бул жерде түшүндүрүлгөндөр – бир физика мыйзамы же химия формуласы сыяктуу так чындыктар. Адамдар зарыл болгондо, эң татаал математика маселелерин да чыгара алышууда, түшүнүү эң кыйын сыяктуу көрүнгөн көптөгөн темаларды түшүнө алышууда. Бирок, ошол эле адамдарга адамдардын жашоосу боюнча мээсинде пайда болгон копия сүрөттөлүштөрдү көрөөрү, заттын оригиналын эч көрө албашы түшүндүрүлгөндө, муну эч түшүнгүлөрү келбейт. Бул түшүнбөстүк абалы – абдан «апыртмалуу» бир абал. Себеби, бул жерде түшүндүрүлгөн теманы түшүнүү – бир адамдын «эки жерде эки канча», «канча жаштасың» сыяктуу суроолорго берчү жообундай жеңил. Дүйнөнү каерде көргөнүн кайсы илимпоздон, кайсы неврология профессорунан сурасаңыз сизге «албетте мээмде» деп жооп берет. Ал тургай, бул чындыкты орто мектеп биология китептеринен да таба аласыз. Бирок, мынчалык ачык, даана болгонуна карабастан, заттык дүйнөнү мээбизде кабылдагыныбыз жөнүндөгү илимге жана бул илимдин адамдар үчүн алып келген жыйынтыктарга көз жумулууда. Илим тарабынан далилденген эң маанилүү чындыктардын биринин адамдардын көзүнөн мынчалык этияттуулук менен сакталышы – чынында чоң окуя.
Адамдардын бардык илимий чындыктарды оңой гана түшүнүп, бул чындыктан мынчалык коркуп качышынын негизги себеби болсо – заттын маңызын түшүнүүнүн бүт адамдардын жашоого көз-карашын түп тамырынан өзгөртүшүндө. Затты жана өздөрүн абсолюттук нерселер катары кабыл алгандар жана бүт жашоолорун ушуга жараша кургандар бир заматта өздөрүнүн, түгөйлөрүнүн, балдарынын, ээ болгон бардык байлыгынын мээлериндеги көрүнүшүн гана көрүп жатканын түшүнүшөт. Адамдардын бул чындыктан мынчалык коркушунун, түшүнүп туруп түшүнбөгөн сыяктуу болушунун, бир башталгыч мектеп окуучусу да оңой гана түшүнө турган чындыкты абдан маанисиз карама-каршы пикирлерди айтуу менен жокко чыгарууга аракет кылышынын түбүндө жаткан себеп – бул дүнүйөлүк амбицияларын жоготуу коркуусу.
Мал-мүлктөргө, балдарга, дүйнөнүн убактылуу кооздуктарына бекем байланган бир адам үчүн бул чындыгында эле бир коркууга алып келет. Себеби бул чындыкты түшүнгөндө, өлө элек туруп өлүп, мал-мүлкүн жана жанын тапшырган болот. Аллах «Эгер силерден аларды(н баарын) каалап, силерди эчтекесиз калтыра турган болсо, сараңдык кыласыңар жана силердин кегиңер да ортого чыгарылган болот.» (Мухаммед Сүрөсү, 37) аяты менен адамдардан бардык мал-мүлкү суралганда, алардын кандайча каршы болоору жана сараңдык кылышаары билдирилүүдө. Бир адам заттын маңызын түшүнгөндө болсо, ансыз деле мал-мүлкүнүн жана жанынын Аллахка тиешелүү экенин, бере турган же бергиси келбей каршы чыга турган эч нерсеси жок экенин түшүнөт, өлүмдөн мурун бүт нерсеси менен бирге өзүн да Аллахка тапшырат. Чын пейилден ыйман келтиргендер үчүн бул бир сулуулук, атак-даңк жана Аллахка жакындоого бир себепчи. Ыймансыз жана ыйманы алсыз адамдар болсо бул сулуулукту байкай алышпагандыктан, бул чындыктан болгон өжөрлүктөрү менен баш тартышат.
The Greatest Fear of Those Who are Swept Away by Material Greed Think for a moment about those people who are swept away by material greed: what do they value most? A fine house, luxurious things, ostentatious jewelry, the latest model car, big bank accounts, a yacht... For this reason, these people are very afraid of the fact that they are observing all the things they possess on a screen in their brains and that they will never have the actuality of these things. | Whether they like it or not, they are living in a world of facsimiles composed in their brains and cannot possibly have any relationship with an external world. Sound, light and smell cannot enter the skull; what enters is only electrical impulses coming from these material things. This is the situation of a person, as in the picture above, who gives money to buy the magnificent villa shown in the background. While he thinks that he is buying the villa and counting the money, really he is buying an impression formed in his brain, and he is not giving actual money to the person in front of him, but an image of money. The person receiving the money is really receiving an impression. In other words, there is a "transaction of impressions". | ||
A person merely has experience of the images and sensations of everything he thinks he possesses, his house, car, family, job and all his friends , which occur in the brain. He can never know the original forms of these in the external world. A person who understands this will also understand that the One who has created these images in his brain is God, to whom all things belong. For that reason, those who are emotionally attached to the life of this world fear this reality greatly. | ||
Бул бөлүмдө жашоосу боюнча бай болуу амбициясы менен жашаган, жаш кезинен бери түнү-күнү иштеген, «бүт нерсени маңдай терим менен таптым» деген бир заводдун ээсинин капылеттик абалынан мисалдар берүү менен абдан маанилүү бир чындыкты түшүндүрөбүз.
Бул жерде сөз кылына турган киши – орто жашка келген, мыкты мектептерде окуткан кыз жана эркек балдары бар, бир канча машина, яхта, бир канча үй жана жерлердин ээси. Бул адам, өз оюнда, дүйнө жашоосунда мактана ала турган бүт нерсеге ээ. Өзүнүн ою боюнча, дүйнө жашоосунда бир адам максат кыла турган бүт нерсеге жетишкен. Материалдык байлыгы менен чоң урмат көрөт. Эрте менен ага кызмат көрсөткөн кызматчыларынан унаасынын эшигин ачып алдында ийилген айдоочусуна, фирма имаратына кирип баратканда ага урмат менен салам берген коопсуздук кызматкерлеринен фирманын ичине киргенден баштап өзүнүн бөлмөсүнө киргенче алдынан чыккан фирма жумушчуларына чейин аны тааныган бүт адамдардын алдында чоң бир атак-даңк, макам жана бийлик ээси. Жогорку кызматтарда жана маанилүү жерлерде иштеген жакын достору жана чөйрөсү бар. Күн сайын чогулуштан чогулушка чуркайт, көптөгөн уюмдардын мүчөсү жана ал тургай башчысы. Бир күндө жүздөгөн адамга буйрук берет. Банкында жана жеке кассасында санай албай турганчалык көп акчасы, акциясы, баалуу кагаздары бар. Кээде буларды санап, андан да көбүрөөк ырахат алат, бой көтөрөт жана мактанат. Өзгөчө бүт нерсени өзү жалгыз, эмгектенип таап жатышы, бүт жашоосун арнаган байлыкка жетиши ага чоң бир канааттануу жана өзүнө ишеним сезими берет.
Бир күнү достору менен бир яхта саякатында жүргөндө, бир киши анын жанына келип, төмөнкү сөздөрдү айтат: «Азыр ушул жерде көргөнүң бүт адамдар, бул яхта, деңиз, заводдоруң, үйлөрүң, кол алдыңда иштеген адамдар... Булардын баарынын мээңде пайда болгон сүрөттөлүшүн гана көрүп жатасың, булардын оригиналдарын эч качан биле албайсың. Мээңе барган нервдер үзүлсө, бул яхта, яхтадагы адамдар, алардын үндөрү, сөздөрү, деңиздин жыты, ичип жаткан согуңдун даамы, кыскача айтканда, бүт нерсе бир заматта жок болот. Булардын баары жана сен дүйнө жашоосунда ээ болгон бүт нерсең мээде пайда болот. Үйлөрүңдүн, машиналарыңдын, яхтаңдын, заводуңдун, фирмаңдын түшүңдө ээ болгон мал-мүлктөрдөн эч кандай айырмасы жок. Түндө түшүңдө жеке учагың менен Европага барганыңды көрүшүң, бирок эрте менен ойгонгондо учагың да жок, Европага да барбай, төшөгүңдө жатканың сыяктуу. Бул жашоом деген уйкуңдан бир күн ойгонуп, өзүңдү такыр башка бир жерде, бул жашооңо тиешелүү сүрөттөлүштөрдү көрүп жаткан абалда көрүшүң мүмкүн да. Мындай болбошуна кантип кепилдик бере аласың?»
Бул бай адам ага түшүндүрүлгөндөргө абдан каршы чыгат. Ага бул чындык илимий далилдери менен абдан ачык, толук түшүндүрүлсө жана өзү муну түшүнсө да, бул чындыкты кабыл алуудан качат. Себеби, өз оюнча, ээ болгон бүт нерсесинин түш сыяктуу бир элес экенин кабыл алышы бүт жашоосу боюнча бир элестин артынан чуркаганын түшүндүрөт. Анда бул адам мактанган, бой көтөргөн бүт нерсесинин бир элес экени ачыкка чыгат. Бул – бир адам түшүндө бай болуп, бул элестүү байлык менен адамдарга мактанышы сыяктуу адамды уят кыла турган жана акылсыз абалга түшүрө турган бир абал. Анда бул адам эми фирмасына киргенде, көрсөтүлгөн урматтан улам мактана албай калат. Себеби ага урмат көрсөткөндөрдүн, алдында ийилгендердин баары мээсинде пайда болгон копия жандыктар. Же ага булар түшүндүрүлүп жатканда, ичинде бараткан яхтасы менен конокторуна мактана албай калат. Себеби яхта да, яхтадагы коноктору да мээсинде пайда болгон элестер.
Ага заттын бир элес экендиги, заттык бир нерсенин оригиналын эч качан көрө албашы түшүндүрүлүп жатканда, акылына бир күн мурун сатып алган фермасы келет. Андай болсо, сатуучуга бир-бирден санап берген акча, сатуучу, сатып алган фермасы, ал фермадагы бардык мал-мүлктөр, муну сатып алып мактанган чөйрөсү – баары мээсинде. Бир күн мурун түшүндө маанилүү бир проектти утуп, андан чоң пайда алганын көргөнү жана ойгонгондо булардан колунда эч нерсе калбаган сыяктуу – чындык элестеткен бул нерселери да бир түштөй.
Андай болсо азыр ал яхтасынын ичинде эмес. Яхтасы анын ичинде, мээсинде пайда болгон бир сүрөттөлүш. Акыркы модел эмеректерге толтурган үйүнө кирдим деп ойлогондо, чындыгында мээсинин ичиндеги чоң бакчасынын эшигин ачат жана мээсинин ичиндеги үйгө кирет. Үй да, эмеректер да, бакча да, бакчасынын эшиги да мээсинде.
Ага түшүндүрүлгөндөрдүн абдан ачык, даана чындыктар экенин байкаган бул адам бир заматта колундагы бүт нерсенин чынында бир көлөкө нерселер экенин байкайт. Бүт бул нерселер – аны жараткан Аллах ага көрсөткөн сүрөттөлүштөр. Аллах аны сыноо үчүн ага бүт бул нерселерге ээ болдум деп ойлой турган бир сүрөттөлүш, бир жашоо жараткан. Ал болсо ага буларды бергендин, бул сүрөттөлүштөр менен сыйлап бай кылгандын Аллах экенин унутуп, булар менен көпкөн, бой көтөргөн, адамдарга мактанып аларды басынткан жана өзүн алардан өйдө көргөн. Андай болсо жашоосу боюнча бир элес үчүн, түш сыяктуу бир аалам үчүн керексиз ачкөздүк кылган болот. Бирок бир күн, бул элестерге алданып, алар менен алаксып турганда, булардын эч биринин абсолюттук нерселер эмес экенин, бир гана Аллахтын бар экенин түшүнгөн болот.
A person who owns a large holding company, who has houses, the latest model cars, and employees who show him respect and deference sees everything he owns as an impression in his brain. The esteem he enjoys is also in his brain. What he considers to be serious and important—the work to which he devotes a large amount of time, the meetings he has with his colleagues, the decisions he makes—are all impressions occurring in the brain. | A person who counts his money with a great deal of satisfaction is actually counting money in his brain. He does not realize that the yacht he sails with so much pride and ostentation, the people he tries to impress and the scenery are all impressions formed in his brain. If the truth were told to him, he would forcefully reject it in order not to lose all the things he owns and the esteem he enjoys. However, the same person can dream that he owns all these things and, in that dream, never doubts their reality. If he were told in his dream that he is not the real owner of these things, he would not accept it. But when he woke up, he would understand that it was all a fantasy. | ||
Дүйнө жашоосу боюнча бул чындыкты кабыл алуудан качкандарга, көрбөгөн сыяктуу болгондорго Аллах бир аятында мындайча көңүл бурган:
Баш тарткандар (ишенбегендер) болсо; алардын амалдары (эмгектери) бир талаадагы закымга окшошот; суусаган аны суу деп ойлойт. Аягында ага жеткенде, эч нерсе таба албайт жана жанында Аллахты табат. (Аллах болсо) анын эсебин толугу менен берет. Аллах – эсепти абдан так кылуучу. (Нур Сүрөсү, 39)
Аятта байкалгандай, Аллах баш тарткандардын кылган иштерин бир закымга, элеске окшотууда. Жана ал адамдар бул элестерге байланып, алардан бир нерсе күткөндө, булардын чындык эмес экенин, жалгыз чындык жана абсолюттук Заттын Аллах экенин түшүнүшүүдө. Адамдардын бул чындыктан мынчалык коркушунун жана кабыл алгысы келбешинин түбүндөгү эң маанилүү себептердин бири – мына ушул мисалда түшүндүрүлгөн киши сыяктуу колдорундагы болгон мал-мүлк, аброй, байлыктарынын бир заматта «кетээрин» түшүнүшү. Бул жерде бир нерсеге көңүлүңүздү буралы: бул түшүндүрүлгөндөрдө «адам ээ болгон бүт нерсе өлгөндө артында калат жана ага эч кандай пайда бербейт» деп айтылган жок. Бул жерде «адам ээ болгон бүт нерселер – элестер гана» деп айтылууда. Бүт жашоосу боюнча ачкөздүк менен, өзүн кайгыга салып, адамдарды тебелеп, эзип ээ болууга аракет кылгандарынын бир элес экенин көргөндө, бош бир алдануу ичинде экенин түшүнөт. Капылет калган адамдардын мындай алдануу ичинде жашаары Куранда көптөгөн аятта адамдарга билдирилүүдө. Мисалы, Аллах бир аятында адамдардын мал-мүлккө болгон жакындыктарын жана ачкөздүктөрүн мындайча билдирет:
Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон бекем (күчтүү) арзуу адамдарга «сулуу жана өзүнө тартуучу» кылынды. Булар – дүйнө жашоосунун жалган көркөмдүктөрү. Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын Кабатындагы (мекен). (Ал-и Имран Сүрөсү, 14)
All the Things We See and Own are Actually Images That Have Been Formed in Our Brains | A rich man showing off his expensive car to his associates is actually showing off an impression of a car formed in his brain. At that moment, the rich man cannot even imagine that he actually has no relation with the car that is receiving all the praise. In fact, the impression of the car in his own brain is formed separately in the brains of each of the people around him to whom he is showing the car. In that case, if there are five people there, and each of them receives the image of the car in his brain,
Those who show off their possessions, houses and cars to others are actually displaying fantasies formed in their brains to some other fantasies again formed in their brains. Some people are not even aware of this important fact. Certainly, this is a very humiliating situation because a person who prides himself on what he owns can have no relationship at all with the reality of a car he wants to show off or with the people he wants to show it to. | ||
Башка бир аятта болсо Аллах дүйнө жашоосунун бир ойун, алаксуу жана алдануу экенин мындайча кабар берет:
Билгиле, дүйнө жашоосу жалаң гана бир ойун, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана. Бир жамгыр мисалындай. Ал (жамгыр) өстүргөн эгин эккендердин көңүлүнө жагат, кийин куурайт. Бир карасаң, сапсары болгон болот, кийинчерээк болсо ыпыр-сыпырга айланат. Акыретте болсо оор азап; (же) Аллахтан бир кечирим жана бир ыраазычылык бар. Дүйнө жашоосу – алдоочу бир кооздуктан башка нерсе эмес. (Хадид Сүрөсү, 20)
Адамдар дүйнө жашоосунда ээ чыккан бул сүрөттөлүштөрдүн чындыгында бир элес экенин түшүнүшкөндө, керексиз кайгырып ачкөздүк кылышканын, керексиз убакыт коротуп алаксыганын түшүнүшүүдө. Ээлик кылган нерселери үчүн ачкөздүк кылган, алар үчүн адамдарга ачууланып кыйкыргандар, кыжырдан столдорун ургандар заттын оригиналын эч качан көрүп, сезе албашын түшүнгөндө, түшүндө адамдарга кол көтөрүп, ачууланып, кыйкырып өкүргөн адам абалына келгендиктен, мындан абдан уялышууда жана абдан бушайман болушууда. Эң негизги нерсенин аларга бул сүрөттөлүштөрдү көрсөткөн Аллах ыраазы боло турган багытта аракет кылуу экенин ошол замат түшүнүшүүдө. Бул чындыкты түшүнгөндөр, тагыраак айтканда, момундар болсо мындай деп айтышууда:
«Айткын: «Шексиз, менин намазым, ибадаттарым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Раббиси – Аллах үчүн.» (Энъам Сүрөсү, 162)
Муну да эч унутпаш керек: бул чындыкты жашоосунун кандайдыр бир учурунда түшүнгөн бир адам эч качан кеч калган болбойт. Себеби ошол замат жашоого көз-карашын жана бүт жашоосун ушул чындыкка ылайык оңдоп, мындан ары элестер үчүн эмес, жалгыз абсолюттук Зат болгон Раббибиз үчүн жашап баштай алат. Аллах дайыма кулдары үчүн кечиримдүү.
Бул чындыкты байкабаган сыяктуу болуп, өз ойлорунда кууланып, жалгыз абсолюттук Заттын Аллах экенин кабыл албагандар болсо өздөрүн чоң бир тузакка түшүргөн болушат. Аллах алардын бул абалын мындайча кабар берет:
...Алардын ал жерде (дүйнөдө) жасаган бардык эмгектери пайдасыз болду жана жасап жаткан аракеттери да жараксыз болду. (Худ Сүрөсү, 16)
Адам бул чындыкты азыр кабыл алгысы келбесе жана бардык ээ болгон нерселерин абсолюттук нерселер катары кабыл алып өзүн алдаса да, аягында өлгөндөн кийин кайра тирилтилгенде, тагыраак айтканда, акыретте бүт нерсе даана байкалат. Ал күнү аятта билдирилгендей, адамдын «көрүү күчү так болот» (Каф Сүрөсү, 22) жана бүт нерсени абдан даана байкайт. Бирок эгер дүйнө жашоосун элестүү максаттардын артынан чуркап короткон болсо, ал жерде эч жашабаган болууну каалайт. «Ал (өлүм бүт нерсени) токтотуп бүтүрсө эле (жакшы болмок). Мал-мүлкүм мага эч кандай пайда бере албады. Күч жана кудуретим жок болуп кетти» (Хакка Сүрөсү, 27-29) деп айтуу менен кыйроого дуушар болот.
When a person who is proud of his fame and the interest people take in him learns that those who pursue him and take an interest in him are actually impressions in his brain, he loses all his satisfaction. He sees that his pride has no meaning. | ||
Бул анык чындыкты байкаган кээ бир адамдар тынчсызданышууда. Заводдорунун, үйлөрүнүн, машиналарынын, мал-мүлкүнүн, балдарынын, түгөйлөрүнүн, жакындарынын, кызматтык даражаларынын мээлериндеги копияларын гана көргөнүн түшүнүшкөндө, Аллахтын алдындагы алсыздыктары жана муктаждыктары апачык далилденген болууда. Өздөрү да, ээ болгон бүт нерселери да, ал тургай бүт аалам бир элес болууда, өздөрү да бир «эч нерсе» экенин түшүнүшүүдө. Бир гана «мен» деп атаган рухтары калууда. Бул рухту да аларга берген Аллах болгондуктан, бул адам мурда ыймансыз да болгон болсо, Аллахка чындап ыйман келтирүүдө жана Ага баш ийип, өзүн тапшырууда.
Адам бул чындыктарды түшүнгөндө, бой көтөрүү, көбүү, өзүмчүлдүк сезиминин ордун жөнөкөйлүк жана алсыздыгын абдан жакшы түшүнүү сезими ээлөөдө. Мындай адамга дүйнөнүн болгон байлыгы, эң маанилүү кызматы да берилсе, бул адам көппөйт, бой көтөрүп заалымга айлана албайт. Эч качан Аллах ага көрсөткөн сүрөттөлүштөрдү көрүп жатканын унутпайт жана өзүн элестерге алдатпайт. Бул кереметтүү чындык ачкөздүк, бой көтөрүү, көбүү сезимдери менен бирге кектенүү, жаман көрүү, ачуулануу сыяктуу терс сезимдерди да жок кылат. Бүт нерсенин элес экенин билген адамдар элестер үчүн бири-бирине атаандашпайт, ушул себептен бири-бирине душман болушпайт. Бүт адамдар өзүн бир гана Аллахка тапшырган бир чөйрөдө жөнөкөйлүк, баш ийүүчүлүк, боорукердик, урмат, сүйүү жана чынчылдык орун алат.
Ушул себептен адамдардын бул чындыкты түшүнбөгөн сыяктуу болушу, бул чындыктан үркүп качышы – эч туура эмес. Ыймансыз бир адамды бул чындыктар үркүтүшү мүмкүн. Себеби бул чындыктарды кабыл алганда, Аллахтын бар экенин да кабыл алат. Ал эми ыймандуу адамдар болсо заттын мээде Аллах жашаткан бир копия сүрөттөлүш экенин, жалгыз абсолюттук Заттын болсо Аллах экендиги жөнүндөгү чындыкты чоң бир кубаныч жана толкундануу менен тосуп алышы керек. Ыймандуу бир адамдын Аллахтын мындай кереметтүү чеберчилигинен коркуп муну түшүнбөгөн сыяктуу мамиле кылышы акылсыз бир аракет болот. Себеби чындык апачык ортодо турганда, акыл калчабай, ойлонбой, көлөкө сүрөттөлүштүн тунуктугуна жана үч өлчөмдүү болушуна алдануусун улантышы маанисиз. Момун чындыктардан коркпойт, чындыктын сулуулугун жана тереңдигин, Аллахтын кемчиликсиз чеберчилигинин бул система ичинде кандайча болуп дагы кереметтүүрөөк абалга келгенин ойлонот.
A person who receives an award because of his success receives the award in his brain and receives applause from impressions of people formed in his brain. | |||
Кылган бир иши үчүн сыйлык алган бир адам мээсиндеги сыйлыкты алат. Сыйлыгын алып жатканда аны алкыштап куттуктаган адамдар – чынында мээсинде пайда болгон адам сүрөттөлүштөрү.
Адам мээсиндеги кичинекей экранда пайда болгон бул сыйлык аземин көрүп жатканда, салондогу адамдардын, сыйлыктын жана салондун оригиналдарын мээсинин сыртында көрө албайт. Себеби баш сөөгүнүн сыртына чыга албайт. Бул – бир адамдын ага берилген сыйлыкты видео касетадан көрүшү сыяктуу.
Адамдардын бул чындыктан коркуп качышынын себеби мына ушунда. Дүйнө жашоосуна ачкөздүк менен байлангандар кызмат жана абройлорунун, алган сыйлыктарынын, банктагы эсептеринин, яхталарынын, кыймылсыз мүлктөрүнүн, аларды мактаган, аларга суктанган адамдардын мээлериндеги бир сүрөттөлүштөр экенин түшүнгөндө, чоң бир ачууланууга кабылышууда. Муну түшүнүүнүн натыйжасында ээ болгон аброй, атак-даңктын жана мал-мүлктөргө ачкөздүк менен байлануунун маанисиз экенин байкашууда жана болгон текеберликтери менен бул чындыктан качышууда. Бирок чындыктан канчалык качышпасын, баары бир бүт жашоолорун башынын ичинде өткөрүп жаткандыгы жөнүндөгү чындыкты өзгөртө алышпайт.
No matter what difficulty a person is confronted with, everything occurs in the brain. In the same way a person thinks of and imagines her past, for example, her poverty during childhood; the present moment also happens in the brain. | The things that caused people difficulty and anxiety in their lives actually happen in the brain. Someone who realizes this fact will show patience in the things that happen to him. He will know that God has created everything for a good purpose and will trust in Him. | ||
Кээ бир адамдар жалаң гана кээ бир нерселердин мээлеринде пайда болгон сүрөттөлүштөр экенин ойлоп, кээ бир окуяларда болсо бул чындыкты унутуп калышат. Чынында болсо, кандай окуя болбосун адам жашоосунун ар бир көз ирмеминде мээсиндеги копия сүрөттөлүштөрдү жашайт. Мисалы, банкрот болгон бир ишкер чынында мээсиндеги ишкана сүрөттөлүшүндө, кайра эле мээсинде пайда болгон адам сүрөттөлүштөрүн көрөт. Соода кылган буюмунун, бул буюм үчүн алган акчасынын баары – мээсинде пайда болгон элестер. Бул адам болгон акчасын жоготкондо, чынында акча сүрөттөлүшүн жоготкон болот. Ишканасы жана болгон мал-мүлкү тартып алынган бир адам мээсинде пайда болгон буюм жана ишкана сүрөттөлүштөрүн жоготкон болот. Же машинасы уурдалган бир адам да мээсинде көргөн машина элесин жоготкон болот. Жашоосу боюнча бир көз ирмем да оригиналын көрө албаган, бирок ушуга карабастан ээ чыккан бир сүрөттөлүштү эми көрө албай калат.
Булар эле эмес, жашоосу боюнча жолуккан бардык кыйынчылыктар да адамдын мээсинде пайда болот. Мисалы, ички туруксуздуктар күчөгөн бир өлкөдө дайыма өлүм коркунучу менен жашаган, душман аскерлеринин кол салуусуна дайыма кабылган бир адам чындыгында мээсинде пайда болгон душман аскерлери сүрөттөлүштөрүнө жолугууда. Бир кол салуу учурунда жаракат алган, колун жоготкон бир адам да мээсиндеги кол сүрөттөлүшүн жоготот, оору сезиминин баары мээсинде бир кабылдоо катары пайда болот. Душмандарынын коркуткан, кектүү жана ачуулуу сөздөрү мээсинде пайда болгон үндөр гана.
Жыйынтыктасак, кыйынчылыктар, азаптар, коркуу пайда кылган окуялар да – адамдын мээсинде пайда болгон элестер. Көргөн сүрөттөлүштөрүнүн чыныгы маңызын билген бир адам кабылган кыйынчылыктан улам кыйналбайт, арызданбайт. Же абдан ачуулуу жана коркунучтуу душманынын алдында да, мээсиндеги элестерди көрүп жатканын билүү менен коркуу жана үмүтсүздүккө кабылбайт. Баарынын Аллах пайда кылган сүрөттөлүштөр экенин жана Аллахтын буларды терең максаттуу жаратканын билет. Кандай нерсеге жолукпасын, Раббибизге болгон баш ийүүчүлүк жана ишенимдин ага берген бир бейпилдиги ичинде болот. Аллах көптөгөн аятында ыйман келтиргендер үчүн коркуу жана капалануу жок экенин билдирген:
Шексиз: «Биздин Раббибиз – Аллах» деп айтып, кийин туура бир жолду туткандар (жокпу); эми алар үчүн коркуу жана кайгы-капа да жок. (Ахкаф Сүрөсү, 13)
Өмүр бойу көргөн бардык окуялардын, уккан бардык үндөрүнүн Аллах мээсинде жараткан сүрөттөлүштөрү, копиялары экенин билген бир адам коркуу, керексиз сыгылып, кайгыруу, паникага кабылуунун ордуна, бул сүрөттөлүштөрдүн жана анын Жаратуучусу болгон, чексиз мээримдүү жана боорукер Аллахка тобокел кылат.
Заттын оригиналын көрбөгөнүн, Аллах аларга көрсөткөн сүрөттөлүштөр менен гана аралашып жашаганын билген адамдардын бүт жашоосу, жашоого көз-карашы жана баалуулуктары өзгөрөт. Бул адамдар үчүн да, коом үчүн да пайдалуу өзгөрүү болот. Себеби бул чындыкты көргөн адам Аллах Куранда билдирген момундун жогорку ахлагын эч кыйналбастан жашайт.
Дүнүйөгө маани бербеген, заттын элес экенин түшүнгөн адамдар үчүн маани берилиши керек болгон нерсе руханий баалуулуктар болот. Аллахтын дайыма аны укканын жана көргөнүн билген, кылган ар бир иши үчүн акыретте эсеп берээрин түшүнгөн бир адам сөзсүз сонун ахлактуу болот, Аллахтын буйрук жана тыюуларына ылайык болууга абдан көңүл бурат. Натыйжада коомдо бүт адамдар бири-бирине карата сүйүү жана урмат толо болот, жакшы жана сонун иш-аракеттерде бири-бири менен жарышат. Адамдар арасындагы баалуулуктар өзгөрөт, зат маанисин жоготот, натыйжада адамдар арасындагы жогорулук бийлик жана байлыкка жараша эмес, ахлакка жана такыбага (Аллах коркуусуна) жараша болот. Эч ким элес болгон нерселердин артынан чуркабайт, бүт адамдар чындыктын артынан жүрөт. Адамдар «ким эмне деп ойлойт?» деп ойлонбойт, «Аллах эмне кылсам, менден ыраазы болот?» деген ой менен аракет кылат. Мал, мүлк, кызмат жана бийликтен пайда болгон бой көтөрүү, көбүү, өзүмчүлдүк сезимдеринин ордун жөнөкөйлүк жана алсыздыгын толук түшүнүү сезимдери ээлейт. Натыйжада адамдар Куранда айтылган сонун ахлак өзгөчөлүктөрүн сүйүп жана каалап жашашат. Мындай өзгөрүүлөр болсо бүгүнкү күндөгү коомдордун көптөгөн маселелерин чечет.
Кичинекей пайдасы үчүн да ачууланган, мушташка жулунган адамдардын ордун ар бир көргөнүнүн элесин көрүп жатканын билген, ошондуктан ачуулануу, кыйкырып өкүрүү сыяктуу реакциялардын аны уят кылаарын билген адамдар ээлейт. Мунун себебинен адамдарда жана коомдордо бейпилдик жана ишенимдүүлүк өкүмчүлүк кылат, бүт адамдар жашоосунан жана ээ болгон нерселеринен ыраазы болот. Мына адамдардан жашырылган бул чындыктын адамдарга жана коомдорго тартуулай турган немат-жакшылыктардын кээ бирлери ушулар. Бул чындыктын билиниши, ойлонулушу жана жашалышы менен бирге адамдар дагы көптөгөн кооздуктарга кабылышат. Бул кооздуктарга жетүүнү каалагандар болсо бул улуу чындыкты жакшылап ойлонушу жана түшүнүүгө аракет кылышы зарыл. Аллах бир аятында мындайча билдирет:
Чындыгында, силерге Жаратуучуңардан (Раббиңерден) парасат (терең акыл) келди. Ким парасат менен байкаса өзүнө пайда, ким көр болсо (көргүсү келбесе) өзүнө зыян... (Энъам Сүрөсү, 104)
Жашообуз боюнча заттын оригиналын көрүп, сезбегенибиз жөнүндөгү чындыктан эң көп коркуп, тынчсыздангандар – бул албетте, материалисттик философияга баш ийгендер. Мунун себебин жакшыраак көрүү үчүн материализмдин жалпы аныктамасына кайрылуу жетиштүү. Мисалы, материалисттердин өздөрүнүн булактарында материализмдин туура эмес философиясы мындайча сүрөттөлөт:
Материализм дүйнөнүн башталгычы жок жана түбөлүктүү (башталгычы жана аягы жок) экендигин, Теңир тарабынан жаратылпаганын, жана убакыт жана мейкиндиктин чексиздигин кабыл алат.36
Meydan Larousse (Мейдан Лароус) Энциклопедиясынын 8-томунда болсо материалисттик философия төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Материализм – «материядан (заттан)» башка бир нерсенин бар экенин кабыл албаган бир көз-караш. Бүт чындыктардын маңызын жана өзүн рухтун пайда кылганын айткан «рухчулуктун» карама-каршысы...
Бул кыска аныктамалардан да байкалгандай, материалисттик философия затты жалгыз абсолюттук нерсе катары кабыл алат жана заттан башка эч кайсы нерсени же түшүнүктү кабыл албайт. Мисалы, материалисттик философия рухтун бар экенин кабыл албайт, адамдын аң-сезимин мээнин иш-аракеттеринин бир жемиши катары көрөт. (Материалисттердин мындай көз-караштарынын туура эмес экендигине «Материализм такалган эң маанилүү дубалдардын бири: Адамдын аң-сезими» аттуу бөлүмдө токтолгонбуз). Бул китеп боюнча түшүндүрүлгөндөрдүн эң маанилүү жана тарыхый тарабы болсо – бул анын материалисттик философияны жараксыз кылышы. Себеби, учурда зат (материя) деп аталган нерселердин мээбиздеги абалдарын гана биле алаарыбыз апачык белгилүү болду. Жана мээбиздин сыртындагы заттын кандай экенин эч көрсөтө албайбыз. Себеби мээбиздин сыртына чыгып, зат деп атаган нерсебиздин оригиналын көрүшүбүз мүмкүн эмес. Эки сүйлөм менен айтылган бул чындыкты кабыл алгандан кийин ортодон зат да, материализм да жок болууда. Сырткы дүйнөдөгү заттык нерселерге эч качан жете албайбыз, демек эч качан көрө албаган заттар жөнүндө философия кылуунун, буларга таянып жашоо көз-карашы куруунун логикага сыйбашы жана керексиз экендиги апачык белгилүү.
Throughout his life, Lenin told his followers the falsehood that matter was absolute reality. Actually, he gave his most impassioned speeches to impressions of people formed in his brain and the followers from whom he took his strength were also impressions in his brain. | Those who followed Communist leaders like Lenin, Mao and Stalin saw them as strong leaders. They listened to their speeches attentively and with great excitement. They thought that these persons were individuals who possessed their own strength. However, each leader was a figure in their brains. | ||
Материалисттик философияга көз-каранды адамдардын заттын аркасындагы бул маанилүү сырды түшүндүрүүдөн абдан тынчсызданышынын, бул сыр айдан ачык болгонуна карабастан аны түшүнбөгөн сыяктуу болушунун негизги себеби – бул теманын алардын философиясын жок кылаарын түшүнүүлөрү. Тарых боюнча бардык материалисттер заттын маңызынын түшүндүрүлүшүнөн, ал тургай материализм тараптарларынын бул чындыкты түшүндүргөн китептерди окушунан абдан тынчсызданышкан жана муну айтышкан. Мисалы, Россиядагы кандуу коммунисттик революциянын лидерлеринин бири болгон Владимир И.Ленин дээрлик бир кылым мурун жазган Материализм жана Ампириокритицизм аттуу китебинде тараптарларына бул чындыкка карата мындайча эскертүү берген:
Сезимдерибиз менен кабылдаган заттык чындыкты бир жолу эстедиңби, шектенүүгө (агностицизм) жана субъективдүүлүккө жылгандыктан, фидеизмге (диний ишенимге) каршы колдоно турган бардык куралдарыңды жоготосуң; бул болсо фидеизмдин каалаган нерсеси. Манжаңды алдырдыңбы, алгач колуң анан өзүң кетесиң. Сезимдерди заттык дүйнөнүн бир көрүнүшү катары эмес, атайын бир мүчө катары алганда, башкача айтканда, материализмден орун бергениңде, өзүңдү (өздүгүңдү) фидеизмге алдырасың. Кийин сезимдер эч кимдин сезимдери болот, акыл эч кимдин акылы, рух эч кимдин руху, каалоо эч кимдин каалоосу болот.37
Бул сөздөр Ленин чоң бир коркуу менен байкаган жана өзүнүн да башка «жолдошторунун» да мээсинен өчүргүсү келген чындыктын материалисттерди канчалык тынчсыздандыраарын көрсөтүүдө. Бирок учурдагы материалисттер Ленинден да күчтүү тынчсызданышууда; себеби бул чындык мындан 100 жыл мурункуга караганда бир топ ачык, так жана күчтүү бир абалда ортого койулууда.
Мурда бир философия же бир жоромол катары кабылданган бул тема дүйнө тарыхында алгачкы жолу мынчалык каршы чыгууга мүмкүн болбой турган абалда жана илимий табылгаларга таянуу менен түшүндүрүлүүдө. Илимпоз Lincoln Barnett (Линкольн Барнетт) бул теманы «сезип койуунун» эле материалисттик илимпоздорду канчалык коркуу жана тынчсыздануусуна себеп болоорун мындайча баяндоодо:
Философтор бардык заттык чындыктарды элестердин бир көлөкө дүйнөсү абалына алып келип жатышканда, илимпоздор адам сезимдеринин чектерин коркуу жана кооптонуу менен сезишти.38
Өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө бул темага жолуккан ар бир материалистте мындай «коркуу жана тынчсыздануу» абдан күчтүү байкалууда. Мисалы, өлкөбүздө философияларынын негизи болгон эволюция теориясынын илимий тараптан кыйратылышы натыйжасында ансыз деле чоң шок жашап жаткан материалисттер эми болсо дарвинизмден бир топ маанилүү таянычтарын, т.а., заттын (материянын) өзүн жоготконун түшүнө башташты. Ошондуктан, теманын маанисине көңүл буруп, бул теманын алар үчүн «эң чоң коркунуч» экендигин, алардын «маданий негиздерин толугу менен жыккандыгын» айтышууда.
Негизи бул Аллах Куранда ыйман келтиргендерге билдирген убадасынан бир көрүнүшү. Чындык ортого чыкканда батыл (негизсиз, жалган) пикирлер жок болот:
Айт: «Чындык келди, батыл жок болду. Эч шексиз, батыл жок болуучу.» (Исра Сүрөсү, 81)
Жок, Биз чындыкты батылдын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)
Материализм адамзат тарыхы боюнча болуп келген жана бул философиянын жактоочулары затты өздөрүнчө далил сыяктуу карашып, аларды жоктон бар кылган, жок кезинде аларга жан берген, жашай ала турган бир аалам жараткан Аллахка баш көтөрүшкөн. «Зат бар болсо, Аллах бул заттын кайсы жеринде болушу мүмкүн?» деген сыяктуу үстүртөн жана караңгы логикалары менен Аллахтын бар экенинен баш тарткан жана башка адамдардын да баш тартышы үчүн аракет кылган бул адамдар бүгүнкү күндө эң чоң таянычтарынын жыгылганына күбө болушууда. Себеби бул жерде түшүндүрүлгөн чындык алардын философияларын тамырынан жыгып, жок кылууда, талаш-тартыш жасоого эч мүмкүнчүлүк калтырбоодо. Болгон ойлорун, жашоолорун, бой көтөрүүлөрүн жана баш тартууларын таяндырган зат алардын колунан бир заматта учуп кетти.
Материалисттер тарых боюнча бири-бирине Аллахтан баш тартууну жана мунун ыкмаларын мурас калтырышкан. Мисалы, Лениндин жогорудагы сөздөрүн учурда көп материалисттер колдонушууда жана тараптарларына бул чындыкты укпагыла, окубагыла деген сунуштарды беришүүдө. Бирок илимдин заттын маңызы менен байланыштуу бул чындыкты апачык ортого коюшу жана интернет сыяктуу технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен бүт дүйнөгө маалымат жеткирүүнүн абдан оңой жана ылдам болушу алардын мындай аракеттерин текке кетирүүдө. Себеби адамдар чоң бир ылдамдык менен бул чындыкты окуп, үйрөнүп, түшүнүшүүдө. Жакынкы өтмүштө эле материализмди эң жарактуу дүйнө көз-карашы катары кабыл алгандар учурда чоң бир таң калуу менен дүйнө жашоосунун жана заттын чыныгы маңызын үйрөнүшүүдө. Бул – Аллах каапырларга курган тузак. Каапырлар тарых боюнча Аллахтан баш тартуу үчүн гана адашуу менен затты өздөрүнө кудай (илах) кылышып, өздөрүнүн төмөнкү акылдары менен динге каршы тузак курдук деп ойлошкон болсо, Аллах буга каршы алардын жасалма кудайларын колдорунан ала турган бир чөйрө жараткан жана алардын тузактарына өздөрүн түшүргөн. Аллах тарых боюнча каапырлардын тузагына берген жообун мындайча билдирет:
... Алар бул тузакты куруп жатышканда, Аллах да бир айлакерлик (тузак) курду. Аллах айлакерлердин жакшысы. (Анфал Сүрөсү, 30)
Аллах адамдарга заттын оригиналын көрүп жаткан сыяктуу сезимди берүү менен материалисттерди тузакка түшүргөн жана аларды тарыхта эч болуп көрбөгөндөй уят кылып, басынтты. Малдарын, мүлктөрүн, кызматтарын, наамдарын, ичинде жашаган коомду, бүт дүйнөнү жана чындыгында элестер гана болгон бүт нерсени абсолюттук нерсе деп ойлошкон, ал тургай буларга таянып Аллахка каршы бой көтөрүшкөн. Өз ойлорунда бой көтөрүп, Аллахка баш көтөрүшүп, каапырчылыкта бир топ алдыга кетишкен. Мындай кылууда таянып, «күч-кубат алган» жалгыз нерселери зат болгон. Бирок ушунчалык аңкоолук абалга түшүшкөндүктөн, Аллахтын аларды толук ороп, курчап турганын эч ойлошкон эмес. Аллах каапырлардын аңкоолуктары себебинен кабыла турган абалын Куранда мындайча кабар берген:
Же тузак курууну каалап жатышабы? Бирок (чынында) ал каапырлар (өздөрү) тузакка түшүүчүлөр. (Тур Сүрөсү, 42)
Материалисттер тарыхтын эң ири жеңилүүсүнө кадам кадам жакындашып баратканда, муну байкай алышкан эмес. Мисалы, бүт сүрөттөлүштөрдүн мээде кабылданганын тапканда, мунун алардын ишенимин тамырынан кыйратаарын эсепке ала алышкан эмес. Материалист бир илимпоз жасаган изилдөөлөрү натыйжасында бүт көргөн нерселеринин чынында ал ойлогондой эмес экендигин, тескерисинче мээде пайда болгон сүрөттөлүштөрдү көрүп жатканын далилдөө менен материалисттик ишенимге өз колдору менен сокку урушкан. Аллах каапырлардын өздөрү курган тузагына өздөрүнүн аңкоолук менен түшөөрүн бир аятта мындайча билдирет:
Ушинтип Биз ар өлкөнүн алдыңкыларын, ал жерде тузак курушсун деп, ал жердин күнөөкөр-кылмышкерлери кылдык. Чынында болсо алар тузакты өздөрүнө гана курушат жана муну түшүнүшпөйт. (Энъам Сүрөсү, 123)
Шексиз, бул чындыкты түшүнүү – материалисттер үчүн эң коркунучтуу окуя. Себеби ээ болгон бүт нерсесинин копия сүрөттөлүшүн көрүп жатышы, өз сөздөрү менен айтканда, алар али дүйнөдө турганда, «өлбөстөн туруп бир өлүмгө» барабар.
Бул чындык менен бирге, Аллах жана өздөрү жалгыз калышкан. Аллах «Аны жалгыз (жападан жалгыз) кылып жаратканымды (бул адамды) Мага тапшыр» (Мүдессир Сүрөсү, 11) аяты менен ар бир адамдын Өз Кабатында чынында жападан жалгыз экендигине көңүл бурууда. Бул кереметтүү чындык дагы көптөгөн аятта кабар берилген:
Ант болсун, силерди алгач жаратканыбыз сыяктуу (бүгүн да) «бир бирден, жападан жалгыз (абалда) Бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди аркаңарда калтырдыңар... (Энъам Сүрөсү, 94)
«Жана алардын баары кыямат күнү Ага «жападан жалгыз жана бирден» келишет.» (Мерйем Сүрөсү, 95)
Аллах башка бир аятында болсо акырет күнү каапырларга мындай деп айтылаарын билдирет:
Алардын баарын топтой турган күнү; кийин шерик кошкондорго айтабыз: «Кана (ал бир нерсе) деп ойлоп шерик кошконуңар?» (Энъам Сүрөсү, 22)
Мунун аркасынан каапырлар дүйнөдө бар деп ойлоп, Аллахка шерик кошкон малдарынын, балдарынын, чөйрөлөрүнүн алардан алыстаганына жана толугу менен жок болгонуна күбө болушат. Аллах бул чындыкты «Кара, өздөрүнө карата кандай калп айтышты жана куруп жаткандары алардан жоголуп-алыстады.» (Энъам Сүрөсү, 24) аяты менен кабар берген.
21-кылым – бул чындык бүт адамдар арасында жайыла турган, материализм болсо жер бетинен өчүрүлө турган тарыхый бир бурулуш чекити. Бул чындыкты байкай алган адамдардын өтмүштө эмнеге ишенгени, эмнени эмне үчүн жактаганы эч маанилүү эмес. Эң маанилүүсү – чындыкты көргөндөн кийин, буга каршы турбоо, ансыз деле өлгөндө так түшүнүлө турган бул чындыкты кеч боло электе түшүнүү. Чындыктардан качпаш керек экенин унутпоо зарыл.
The Greatest Fear of Materialists | It is not your hand that is feeling the book you are holding now or the edges or the thickness of its pages. The feeling that you are holding a book is something formed from nerve impulses that you sense in the touch center of your brain. The consciousness that perceives this sense of touch is not the nerves or fats in the brain. In that case, what is it in the human brain that, without hands of fingers, senses that a person is holding a book? That being beyond matter is the human spirit. It is a great wonder that God makes the human spirit perceive every sensation without using any organ. For example, the spirit even without fingers, can sense that it is touching a book, cotton, stone or the fur of an animal. This is a fact that makes materialists very afraid. Materialists think that they pass their whole lives bound to matter but, when they consider that they have never once in their whole lives been able to touch or see the reality of matter, or to come out of their minds, they understand that they have arrived at a great impasse. For this reason, they make every effort to keep this extraordinary and remarkable wonder from the eyes of others. But for people in the twentyfirst century, God has created an environment where they can grasp this important fact which they experience every moment and He has made scientific advances a very important support for understanding it. | ||
35- Ferid Kam, M.Ali Ayni, Ibni Arabi'de Varlik Dusuncesi (The Idea of Being in Ibn Arabi), p. 37
36- Materyalist Felsefe Sözlüğü (Dictionary of Materialist Philosophy), Istanbul, Sosyal Yayınlar, 4. Edition, p. 326
37- V.I. Lenin, Materialism and Empiriocriticism, Progress Publishers, Moscow, 1970, p.334-335
38- Lincoln Barnett, The Universe and Dr. Einstein, William Sloane Associate, New York, 1948, p. 84