Убакыт Да Бир Элес

Китептин бул жерге чейинки бөлүгүндө көп адамдар абсолюттук нерсе деп ойлогон заттын оригиналына эч качан жете албашыбыз жана ар бир адамдын мээсиндеги копия сүрөттөлүштөрдү гана көрүп, сезээри түшүндүрүлдү. Жана бул кереметтүү чындыктын бүт дүйнөдө Аллах сүйүүсү жана коркуусунун өсүшү, руханий байлыктын жана сонун ахлактын жайылышы, материализмдин кыйрашы үчүн канчалык маанилүү экендиги баса көрсөтүлдү.

Материалисттер зат сыяктуу башы-аягы жок жана абсолюттук нерсе деп ойлогон дагы бир түшүнүк – бул убакыт. Бирок, зат сыяктуу, убакыт да – бир элес жана башталгычы жок эмес, жаратылган бир убактысы бар. Бүгүнкү күндө илимий далилдери менен ортого коюлган бул чындык Куранда көптөгөн аяттар аркылуу да билдирилген.

Убакыт – бир учурду башка учур менен салыштырганыбызда пайда болгон түшүнүк

businessman

We think that a lapse of time has occurred between the moment the telephone rings and when we hear the voice of a friend, and we call this interval "time". Time is a perception that arises from making a comparison between what we experience at one particular moment and the past.

man, pen

Time is a concept that depends on comparing events we have experienced. For example, someone goes into a room. Later he sees a pen on the floor and bends over to pick it up. Then, he takes the pen to a table and places it there. The person makes a comparison between all these actions. He thinks that a space of time has passed between each one and so the perception of time comes to be.

Убакыт – толугу менен биздин кабылдоолорубузга жана кабылдоолорубуз арасында жасаган салыштырууга таянган бир түшүнүк. Мисалы, сиз азыр бул китепти окуп жатасыз. Китепти окуудан мурун ашканада тамак жедиңиз дейли. Ашканада тамак жеп жаткан «учуруңуз» менен «азыркы учур» арасында бир убакыт периоду бар деп ойлойсуз жана муну «убакыт» дейсиз. Чындыгында болсо ашканада тамак жеген «учуруңуз» сиздин мээңиздеги бир маалымат гана. Жана сиз жашап жаткан «азыркы учур» менен эс тутумуңуздагы маалымат арасында бир салыштыруу жасайсыз жана муну «убакыт» деп атайсыз. Бул салыштырууну жасабаганыңызда убакыт түшүнүгү да жоголот, адам үчүн ичинде жашап жаткан учур гана бар болгон болот.

memory

A person's past is composed of information given to her memory. If a person's memory is erased, her past is also erased. The future is composed of ideas. Without these ideas, only the "present moment" of experience remains.

Мисалы, бир адамдын мектепти бүтүрүү аземи эс тутумундагы бир маалымат. Адам ал аземден баштап эс тутумундагы башка маалыматтарды да ичинде жашап жаткан учуру менен салыштырганда, убакыт элесин алат жана эсиндеги маалыматтар негизинде бул убакыттын узун же кыскалыгын аныктайт. Чындыгында болсо бул «узундук» жана «кыскалык» да толугу менен мээде пайда болгон жана бул салыштыруудан чыккан бир сезим.

Ушул сыяктуу бир адам жерге түшкөн калемди ийилип алган жана столдун үстүнө койгон бирөөнү көргөндө салыштыруу жасайт. Көргөн адамы калемди столго койгон учурда, ал адамдын калемди ийилип алышы жана столду көздөй басышы – караган адамдын мээсинде орун алган маалыматтар. Убакыт элеси калемди столго койгон адам менен бул маалыматтар арасында салыштыруу жүргүзүлүү аркылуу ортого чыгат.

Атактуу физик Julian Barbour (Жулиан Барбоур) убакыттын аныктамасын мындайча кылат:

Убакыт – буюмдардын абалдарын өзгөртүү өлчөгүчүнөн башка нерсе эмес. Бир маятник кыймылдайт, сааттын жебелери илгерилейт.39

Кыскача айтканда, убакыт мээде эскерүүлөр катары сакталган бир катар маалыматтар, тагыраак айтканда, сүрөттөлүштөр арасында салыштыруу жасоо аркылуу бар болууда. Эгер бир адамдын эс тутуму болбогондо, ал адам ичинде жашап жаткан учурду гана жашамак, мээси мындай жоромолдор жасай алмак эмес жана ошондуктан убакыт элеси да пайда болбойт эле.

Убакыттын бир элес экендиги жөнүндө илимпоздордун пикирлери

Убакыттын кыймылдаган нерселер жана пайда болгон өзгөрүүлөр арасында жасаган белгилүү бир ирээттештирүүдөн пайда болгон түшүнүк экени учурда илим тарабынан да кабыл алынды. Бул темада пикирин сунган ойчул жана илимпоздордон мисалдар берүү менен теманы тереңирээк түшүндүрүүгө аракет кылалы.

The End of Time (Убакыттын аягы) аттуу китебинде убакыттын жоктугу жана түбөлүктүүлүк жөнүндөгү сөздөрү менен илим дүйнөсүндө чоң кызыгуу жараткан физик Жулиан Барбоур убакыттын бир элес болушунун көп адамдардын кабыл алышы кыйын болгон бир чындык экенин айтууда. Discover журналында Барбоур менен жасалган бир маекте убакыт элеси жөнүндө мындай жоромолдор жасалган:

«Мен дагы эле кабыл алууда кыйналам» дейт (Барбоур). Бирок оң сезим ааламды түшүнүү үчүн эч качан ишенимдүү бир жол көрсөтүүчү болбоду. Коперник Күндүн Дүйнө айланасында айланбаганын алгачкы болуп айткандан бери физиктер кабылдоолорубузду адаштырышты. Бүт нерсеге карабастан, Дүйнө 67000 миль/саат ылдамдык менен боштукта айланып жатканда, кичинекей бир кыймыл да сезбейбиз. Барбоур «убакыт өтүп жатат» деген сезимибиздин «Түз Дүйнө Жамаатынын» (Flat Earth Society) батыл (негизсиз) ишеними сыяктуу туура эмес экенин айтууда.»40

Жогоруда да байкалгандай, атактуу физик Барбоур убакыттын абсолюттук экени жөнүндөгү ишенимибиздин негизсиз экенин айтууда. Жана учурда физика тармагындагы изилдөөлөр бул чындыкты апачык көрсөтүүдө. Убакыт – абсолюттук эмес, пайда болгон окуяларга жараша ар түрдүү кабылданган салыштырмалуу бир түшүнүк.

ski

water

In a World Where Time Flew Backwards, Past Would Be Future

Because every event is shown to us in a definite series, we think that time always moves forward. For example, a skier always skies down a mountain, not up it. A drop of water does not rise up from a pool, but always falls down into it. In this situation, a skier's position on a mountain is in the past, while his position down the mountain is the future. However, if the information in our memories were to be displayed in reverse, as we would rewind a film, what is for us the future, that is the downhill position, would be the past and the past, that is the uphill position, would be the future.

Нобель сыйлыгынын ээси, атактуу генетика профессору жана ойчул François Jacob (Франсуа Жакоб) болсо Мүмкүндөрдүн ойуну аттуу китебинде убакыттын артка айланышы менен байланыштуу төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

Тескерисинен көрсөтүлгөн тасмалар (фильмдер) убакыт тескери аккан бир дүйнөнүн эмнеге окшой тургандыгын элестетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Сүт чыныдагы кофеден бөлүнүп, сүт идишине жетүү үчүн абага уча турган бир дүйнө; жарык бөлүкчөлөрү бир булактан чыгуунун ордуна бир тузактын (тартылуу борборунун) ичинде топтолуу үчүн дубалдардан чыга турган бир дүйнө; сансыз суу тамчыларынын таң калыштуу чогуу аракети менен суунун сыртын көздөй ыргытылган бир таш бир адамдын колуна келүү үчүн бир ийри сызык бойунча уча турган бир дүйнө. Бирок убакыт тескери аккан мындай дүйнөдө мээбиздин процесстери жана эс тутуунун пайда болушу да ушул сыяктуу тескериге айландырылган болот. Өткөн чак жана келер чак үчүн да дал ушундай болот жана дүйнө бизге толугу менен азыркы көрүнүп жаткан сыяктуу көрүнөт.41

Мээбиз белгилүү бир ирээттөө ыкмасына жараша иштегендиктен, учурда дүйнө жогоруда түшүндүрүлгөндөй иштеген жок жана «убакыт дайыма алдын көздөй агууда» деп ойлойбуз. Чындыгында болсо, бул – мээбиздин ичинде чыгарылган бир чечим жана ошондуктан, толугу менен салыштырмалуу бир нерсе. Эгер эс тутуубуздагы маалыматтар тескери көздөй ойнотулган тасмалардагы сыяктуу тизилсе, биз үчүн убакыттын агымы да тескери көздөй ойнотулган тасмалардагы сыяктуу болот. Мындай учурда өтмүштү келечек, келечекти болсо өтмүш катары кабылдап баштамакпыз жана жашообузду азыркынын тескериси болгон бир абалда жашамакпыз.

Чындыгында болсо, убакыттын кандай аккандыгын, же агып акпагандыгын эч качан биле албайбыз. Бул абал да убакыттын абсолюттук бир чындык эмес экендигин, жалаң гана бир элес түрү экендигин көрсөтөт.

Убакыттын бир элес (сезим, кабылдоо) экендиги XX кылымдын эң ири физиги деп эсептелген Эйнштейн сунган Жалпы салыштырмалуулук теориясы менен да далилденген. Линкольн Барнетт Аалам жана Эйнштейн аттуу китебинде мындай дейт:

Абсолюттук космос менен бирге Эйнштейн чексиз өтмүштөн чексиз келечекти көздөй аккан адашпаган жана өзгөрбөгөн бир универсалдуу убакыт теориясын да четке какты. Салыштырмалуулук теориясын түшүнбөстүктүн негизги себеби адамдардын убакыт сезиминин да түс сезими сыяктуу бир элес экендигин кабыл алгылары келбегендигинен пайда болууда... Космос заттык нерселердин ыктымалдуу катары болгон сыяктуу, убакыт да – окуялардын ыктымалдуу бир катары. Эйнштейндин төмөнкү сөздөрү убакыттын өзгөчөлүгүн эң жакшы түшүндүрөт: «Бир адамдын жашоосу бизге бир тизмектелген окуялардын ичинде курулган сыяктуу көрүнөт. Бул тизмектен эсибизге келген окуялар «мурдараак» жана «кийинчерээк» өлчөөсүнө жараша тизмектелген сыяктуу. Ушул себептен бир адам үчүн мен-убактысы, б.а., субъективдүү (жекече) убакыт бар. Бул убакыт өзүнчө өлчөнө албайт. Окуялар менен сандар арасында ушундай бир байланыш курамын, чоң бир сан мурдакы бир окуяга эмес, кийинки бир окуяга тиешелүү болот».42

Эйнштейндин бул сөздөрүнөн «убакыттын алдын көздөй аккандыгы» жөнүндөгү көз-караштын толугу менен бир шарттуу түшүнүк экендигин түшүнөбүз.

Эйнштейн Барнетт айткандай «космос жана убакыттын да бир сезим (элес) экендигин, түс, форма жана чоңдук түшүнүктөрү сыяктуу бул түшүнүктөрдү да аң-сезимден бөлүп кароонун мүмкүн эместигин көрсөткөн».43

Жалпы салыштырмалуулук теориясы бойунча «убакыт да – аны өлчөгөн окуялардан сырткары өзүнчө, көз-карандысыз бар болгон бир нерсе эмес».

Убакыттын салыштырмалуулугу түшүбүздө абдан даана байкалат. Түшүбүздө көргөндөрүбүздү бир топ саат болгондой сезгенибизде, кээде чындыгында бир канча секунда же минута гана уктаган болобуз.

Бул теманы жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй бир мисал берели. Атайын жасалган жалгыз терезелүү бир бөлмөдө кандайдыр бир убакыт калдыңыз дейли. Бөлмөдө бир саат болгон болсун. Ошондой эле, бөлмөнүн терезесинен күндүн белгилүү бир аралыктар менен чыгып, батып жатканын көргөн бололу. Арадан бир канча күн өткөндөн кийин, «бул бөлмөдө канча күн турдуңуз» деп суралса, бере турган жообуңуз саатка улам карап жана күндүн канча жолу чыгып, батканына карап топтогон маалыматыңызга жараша болот. Мисалы, бул бөлмөдө 3 күн болдум деп эсептедиңиз дейли. Бирок, эгер сизди бул бөлмөгө койгон киши келип, «чындыгында бул бөлмөдө эки күн турдуң» десе жана терезеден көргөн күндүн жасалма экендигин жана бөлмөдөгү саат атайын батыраак иштетилгендигин айтса, бул учурда сиз жасаган эсептин эч кандай мааниси калбайт.

Бул мисал да көрсөткөндөй, убакыттын агуу ылдамдыгы менен байланыштуу маалыматыбыз жалаң гана кабылдаган адамга жараша өзгөрмөлүү булактарга таянат.

Ушул сыяктуу убакыттын агуу ылдамдыгынын ар кандай шарттарда ар ким тарабынан ар кандай сезилиши да убакыттын психологиялык бир кабылдоо (сезим) экендигин далилдейт. Мисалы, операция болуп жаткан бир тууганынын чыгышын күткөн бир адам үчүн бир сааттык убакыт бир канча саат сыяктуу узун сезилет. Бирок ушул эле адам көңүлү абдан жаккан бир нерсени кылып жатканда, бир сааттын кандайча өтүп кеткенин байкабай да калат.

armchair, midnight
space

One twin sister takes a space trip at a speed close to the speed of light. When she returns thirty years later, the sister who stayed on the earth will be much older compared to the sister who went into space.

1. 30 years ego
2. Today

Эйнштейндин Жалпы салыштырмалуулук теориясы илимий тараптан ортого койгон бир чындык мындай: убакыттын ылдамдыгы бир нерсенин ылдамдыгына жана тартылуу борборуна болгон алыстыгына жараша өзгөрүүдө. Ылдамдык өскөн сайын убакыт кыскарууда, кысылууда; оорураак жана жайыраак иштөө менен «токтоо» чекитине жакындашууда.

Муну Эйнштейндин бир мисалы менен түшүндүрөлү. Бул мисалда, бирдей жаштагы эгиздердин бирөөсү Дүйнөдө калып, экинчиси жарык ылдамдыгына жакын бир ылдамдык менен космоско саякатка чыгат. Космоско чыккан адам кайтып келгенде, эгиз бир тууганы андан бир топ улгайган болот. Мунун себеби – космосто саякатта жүргөн бир тууганы үчүн убакыттын жай агышы. Дагы бир мисал: ылдамдыгы жарык ылдамдыгынын 99%ына жакын болгон ылдамдыктагы бир ракета менен космоско саякатка чыккан «бир атанын жашы 27, дүйнөдө калган уулунун жашы 3тө болсо, 30 дүйнө жылынан кийин ата дүйнөгө кайтканда, уулу 33 жашта, атасы болсо 30 жашта болгон болот».44

Убакыттын салыштырмалуу болушу сааттардын жайлашы же ылдамдышынан эмес; бардык материалдык системанын атомдон төмөнкү деңгээлдеги бөлүкчөлөргө чейин ар кандай ылдамдыктарда иштешинен келип чыгат. Убакыт кыскарган мындай чөйрөдө адам денесиндеги жүрөктүн согушу, клеткалардын бөлүнүшү, мээнин иштеши сыяктуу процесстер жай иштеп калат. Натыйжада адам убакыттын жайлашын эч сезбестен, жашоосун уланта берет.

Убакыттын салыштырмалуу түшүнүк экендиги Куранда билдирилген

Мурдакы беттерде да айтылгандай, убакыттын абсолюттук бир чындык эмес, салыштырмалуу бир элес экендиги заманбап илимий табылгалар тарабынан тастыкталды. Илим 20-кылымда тапкан бул чындыктын Куранда 1400 жыл мурун билдирилген болушу – абдан чоң бир керемет.

Мисалы, Аллах көптөгөн аятта дүйнө жашоосунун абдан кыска экендигине басым жасоодо. Бир адамдын орточо 60 жылдык өмүрүнүн «күндүн бир сааты» сыяктуу кыска экенин аяттарда Раббибиз мындайча билдирүүдө:

Силерди чакыра турган күн Ага мактоо айтуу менен жооп бересиңер жана (дүйнөдө) абдан аз убакыт калдык деп ойлойсуңар. (Исра Сүрөсү, 52)

Күндүздүн бир саатынан башка эч өмүр сүрбөгөн сыяктуу аларды бир жерде топтой турган күндө алар бир-бирлерин таанышат... (Йунус Сүрөсү, 45)

Кээ бир аяттарда болсо убакыттын адамдар ойлогондон бир топ кыска экендигин Аллах мындайча билдирет.

Айтты: «Жыл санагы менен жер бетинде канча болдуңар?» Айтышты: «Бир күн же бир күндүн бираз бөлүгүчөлүк болдук, эсептегендерден сура.» Айтты: «Аз (убакыт) гана болдуңар, чындыгында билген болгонуңарда.» (Мүмин Сүрөсү, 112-114)

Куранда башка аяттарда болсо ар кайсы өлчөмдөрдө убакыттын ар кандай ылдамдык менен агышы кабар берилет. Мисалы, Аллах Кабатындагы бир күндүн адамдардын миң жылына барабар экендиги айтылат. (Хаж Сүрөсү, 47) Бул тема менен байланыштуу башка аяттар төмөнкүдөй:

Периштелер жана Рух (Жабраил) Ага узундугу элүү миң жыл болгон бир күндө чыгышат. (Мераж Сүрөсү, 4)

Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат. Кийин (иштер) силер санап жаткан миң жылга тете бир күндө кайрадан Ага көтөрүлөт. (Сежде Сүрөсү, 5)

Курандын дагы көптөгөн аятында колдонулган услуп убакыттын бир элес экендигин апачык көрсөтүүдө. Мисалы, Аллах Куранда айтылган, момун бир коом болгон Кехф Элин (Үңкүр ээлерин) 300 жыл ашуун убакыт уйку абалында кармаган. Кийин ойготкондо болсо бул адамдар аз эле убакыт уктадык деп ойлошкон, канчалык көп уктаганын болжолдой алышкан эмес:

Ушундайча үңкүрдө жылдар бойу алардын кулактарына урдук (терең бир уйку бердик). Кийин эки топтон кайсынысынын канча тургандыктарын жакшыраак эсептээрин көрсөтүү үчүн аларды ойготтук. (Кехф Сүрөсү, 11-12)

«Ушундайча, бири-биринен сурашсын деп аларды тирилттик (ойготтук). Араларынан бир сүйлөөчүсү айтты: «Канча турдуңар?» Айтышты: «Бир күн же күндүн бир (канча сааттык) бөлүгүнчөлүк турдук.» Айтышты: «Канча турганыңарды (уктаганыңарды) Раббиңер жакшыраак билет...» (Кехф Сүрөсү, 19)

Төмөнкү аятта баяндалган абал да убакыттын чындыгында психологиялык бир кабылдоо экендигинин маанилүү бир далили.

Же асты үстүнө айланган, эч ким жашабаган бир шаарга жолуккан сыяктууну (көргөн жоксуңбу?) Айтты эле: «Аллах бул жерди өлүмүнөн кийин кантип тирилтет болду экен?» Буга жооп катары Аллах аны жүз жыл өлүү абалда койду, кийин аны тирилтти. (Жана ага) Айтты: «Канча болдуң?» Ал: «Бир күн же бир күндөн аз болдум» деди. (Аллах ага:) «Жок, жүз жыл болдуң (уктадың), бирок тамагыңды жана суусунуңду кара, али бузула элек; эшегиңди бир кара; сени адамдарга өрнөк-далил кылуубуз үчүн (муну мындай кылдык). (Эшектин) Сөөктөрдү кара кандайча аларды бириктиргенибизди, кийин аларга эт кийгизгенибизди? деди. Ага (кишиге) баары белгилүү болгондон кийин ал айтты: «(Эми) Чындыгында Аллахтын бардык нерсеге күчү жете турган экендигин билем.» (Бакара Сүрөсү, 259)

Байкалгандай, бул аяттарда убакыттын салыштырмалуу экендиги, абсолюттук эмес экендиги апачык билдирилүүдө. Башкача айтканда, убакыт кабылдоого жана кабылдаганга жараша өзгөрүүдө; кабылдагандан тышкары өз алдынча бар болгон туруктуу бир нерсе эмес.

Убакыттын салыштырмалуулугу тагдыр чындыгын да түшүндүрөт

Убакыттын салыштырмалуулугу менен байланыштуу баяндардан жана аяттардан байкалгандай, убакыт – кабылдоого жараша өзгөрүүчү, туруктуу эмес бир түшүнүк. Мисалы, биз үчүн миллиарддаган жылдык убакыт периоду – Аллах Кабатында бир көз ирмем гана. Биз үчүн 50 миң жылдык бир убакыт – периштелер жана Жебрейил үчүн бир күн.

Бул чындыктын билиниши – тагдырды түшүнүү үчүн абдан маанилүү. Себеби тагдыр – бул Аллахтын өтмүш жана келечектеги бардык окуяларды «жалгыз бир көз ирмем» ичинде жаратып бүтүшү. Бул болсо Аллах Кабатында ааламдын жаратылуу убагынан кыяматка чейинки бардык окуялардын жашалып бүткөндүгүн билдирет. Адамдардын көпчүлүгү Аллахтын али жашала элек окуяларды кантип билгенин, Аллах Кабатында өтмүш жана келечектеги окуялардын кандайча жашалып бүткөнүн жана тагдырдын чын экенин эч аңдап, түшүнө алышпайт. Чындыгында болсо «жашала элек окуялар» - бул биз үчүн жашала элек окуялар. Себеби биз Аллах жараткан убакыттан көз-каранды болуп жашообузду улантабыз жана эс тутумубузга берилген маалыматтар болбостон эч нерсени биле албайбыз. Аллах дүйнөдөгү сыноо чөйрөсүнүн бир зарылдыгы катары «келечек» деп атаганыбыз окуяларды эс тутумубузга бербегендиктен, келечекте эмне болоорун биле албайбыз. Аллах болсо убакыттан жана мейкиндиктен көз-каранды эмес, булардын баарын жоктон жараткан – Ал Өзү. Ошондуктан, Аллах үчүн өтмүш, келечек жана ушул учур – баары бир, жана баары болуп бүткөн. Аллах бир окуянын аягын көрүү үчүн күтпөйт. Ансыз деле бир окуянын башы да, аягы да Анын Кабатында бир учурда болот. Мисалы, Фараондун кандай натыйжага жолугаарын Аллах Аз.Мусаны Фараонго жөнөтпөстөн, Аз.Муса төрөлбөстөн, ал тургай Египет мамлекети али курулбастан мурда билет жана бардык бул окуялар, Фараон жолуккан акыбет менен бирге, Аллах Кабатында жалгыз бир көз ирмем катары жашалган. Мындан тышкары, Аллах үчүн өтмүштү эстөө деген сыяктуу бир нерсе да жок. Өтмүш жана келечек дапдаяр абалда Аллахтын дайыма алдында, баары бир убакта бар, турат.

Бир адамдын бүт жашоосун бир тасманын кадрлары сыяктуу элестетсек, биз бул кадрларды видео касетадан көргөн сыяктуу көрөбүз жана касетаны алдыга түрдүрүү сыяктуу бир мүмкүнчүлүгүбүз жок. Аллах болсо бул тасма кадрларынын баарын бир убакта көрөт жана билет. Ансыз деле бул тасманы болгон детальдары менен бирге белгилеген жана жараткан – Анын Өзү. Биз бир сызгычтын башын, ортосун жана аягын бир кадрда көрө алганыбыз сыяктуу, Аллах биз көз-каранды болгон убакытты башынан аягына чейин жалгыз бир көз ирмем катары ороп курчаган. Адамдар болсо убактысы келгенде гана бул окуяларды жашап, Аллах алар үчүн жараткан тагдырга күбө болушат. Бул абал - дүйнөдөгү бардык адамдардын тагдырына тиешелүү абал. Бүгүнкү күнгө чейин жаратылган жана мындан кийин жаратыла турган бүт адамдардын бул дүйнө жана акыреттеги жашоолору, бардык көз ирмемдери менен бирге, Аллахтын Кабатында даяр жана жашалган абалда турууда. Аллахтын чексиз «хыфзында» («эс тутумунда») миллиарддаган адам менен бирге бүт жандыктардын, планеталардын, өсүмдүктөрдүн, буюмдардын тагдырында жазылуу окуялар да эч кемибестен же жоголбостон турат. Тагдыр чындыгы – Аллахтын Хафыз (Сактоочу, Коргоочу) сыпатынын, чексиз күчүнүн, кудуретинин жана улуулугунун көрүнүштөрүнүн бири.

«Өтмүш» түшүнүгү эс тутумубуздагы маалыматтардын негизинде пайда болот

Биз, бизге сиңирилген ой-пикирлерден улам, өтмүш, азыркы учур жана келечек сыяктуу бөлүмдөргө айрылган убакыт бөлүктөрүн жашап жатабыз деп ойлойбуз. Чындыгында болсо «өтмүш» деген бир түшүнүккө ээ болушубуздун жалгыз себеби – мурда да айтылгандай, эс тутумубузга кээ бир окуялардын берилиши гана. Мисалы, биринчи класска катталган учурубуз эс тутумубузда сакталган бир маалымат жана биз ушул себептен муну өтмүш бир окуя катары кабылдайбыз. Келечек менен байланыштуу окуялар болсо эс тутумубузда жок. Ошондуктан биз али кабардар болбогон бул окуяларды «жашала турган», «келечекте боло турган» окуялар катары кабыл алабыз. Чындыгында болсо өтмүш биз үчүн жашалган, тажрыйба кылынган, көрүлгөн окуялар болгон сыяктуу эле, келечек да ошол сыяктуу жашалган. Бирок бул окуялар биздин эс тутумубузга берилбегендиктен, биз буларды биле албайбыз.

past, future, time, life

1. Past
2. Present
3. Future

Эгер Аллах келечек менен байланыштуу окуяларды да эс тутумубузга берген болгондо, анда келечек да биз үчүн өтмүш болмок. Мисалы, 30 жаштагы бир адамдын эс тутумунда 30 жылдык эскерүүлөр, окуялар бар жана ошондуктан бул адам 30 жылдык бир өтмүшүм бар деп ойлойт. Эгер бул адамдын эс тутумуна 30 менен 70 жаш арасындагы келечегине тиешелүү окуялар да берилсе, анда 30 жаштагы бул адам үчүн 30 жылдык өмүрү да, 30 менен 70 жашы арасындагы «келечеги» да өтмүш абалына келет. Себеби, бул абалда өтмүшү да, келечеги да эс тутумунда бар болгон болот, жана экөөсү тең ал үчүн жашалган, көрүлгөн, тажрыйба кылынган окуялар болот.

A person's past is actually information located in his memory. If that person's memory were erased, his past would be gone. The future is composed of human thoughts. We make plans for the future and think about it, but if our thoughts were destroyed there would remain no concept of the future. If our memory and our thoughts were taken from us, we would have only the moment of experience, or this particular moment, left.

1. Past
2. Present
3. Fututre
4. Memory
5. Thought

Бирок Аллах бизге окуяларды белгилүү бир ирээт менен, кичинеден чоңду көздөй ага турган абалда, өтмүштөн келечекти карай аккан бир убакыт бар болгон сыяктуу кабылдаткан үчүн, бизге келечегибиз менен байланыштуу окуяларды билдирбейт, булардын маалыматын эс тутумубузга бербейт. Келечек биздин эс тутумубузда жок, бирок Аллахтын чексиз хыфзында бүт адамдардын өтмүшү жана келечеги бар. Бул, мурда да айтылгандай, бир адамдын жашоосун буга чейин эле бар болгон бир тасмадан көрүшү сыяктуу. Тасма мурда эле тартылган жана бүткөн. Бирок бул тасманы алдыга түрүү мүмкүнчүлүгү болбогон адам кадрларды бир бирден көргөн сайын жашоосун көрөт. Али көрө элек кадрларды болсо «келечегим» деп ойлоп жаңылат.

Өтмүш жана келечек – бул кайып кабарлары

Аллах Курандын көптөгөн аятында кайыпты, башкача айтканда, көрүнбөгөндү, билинбегенди, күбө болунбаганды Өзү гана билээрин билдирүүдө:

Айткын: «Оо, асмандар менен жердин жаратуучусу, кайып менен аныкты билүүчү Аллахым. Пенделериңдин арасындагы талашып жаткан нерселерде Өзүң гана өкүм кыласың.» (Зүмер Сүрөсү, 46)

Айткын: «Албетте, силер качкан өлүм, шексиз силерге келет. Кийин кайыпты да, аныкты (күбө болунганды) да билген (Аллах)ка кайтарыласыңар; Ал силерге жасагандарыңарды кабар берет.» (Жума Сүрөсү, 8)

(Аллах:) «Эй Адам, буларды аларга аттары менен кабар бер» деди. Ал буларды аларга аттары менен айтып бергенде, «Силерге асмандардын жана жердин кайыптарын чындыгында Мен билемин, жашырганыңарды жана ачыкка чыгарганыңарды да Мен билемин дебедим беле» деди (Аллах). (Бакара Сүрөсү, 33)

Адатта адамдар кайыпты келечекке гана тиешелүү окуялар деп ойлошот, чындыгында болсо өтмүш да, келечек да – кайып. Өтмүштө жашалгандар да, келечекте жашала тургандар да – Аллах Кабатында сакталуу турган маалыматтар. Бирок Аллах Өз Кабатында турган кайып маалыматтарынан кээ бирлерин адамдардын эс тутумдарына берүү менен, буларды билинген, тагыраак айтканда, күбө болунган абалга алып келүүдө. Мисалы, Аллах Куранда өтмүшкө тиешелүү маалыматтарды берүү менен Пайгамбарыбыз (сав)га булардын кайып кабарлары экенин билдирген:

Булар – (Биз) сага вахий кылган кайып кабарларынан. Буларды сен жана коомуң мындан мурун билчү эмес элеңер. Андай болсо сабыр кыл. Шексиз (сонун) натыйжа такыба ээлериники. (Худ Сүрөсү, 49)

Бул сага (эй Мухаммед) вахий кылганыбыз кайып кабарларынан. Же алар (Йусуфтун бир туугандары) ал тузакты куруп жатышканда, кыла турган ишине баары чогуу чечим чыгарышканда сен алардын жанында эмес элең. (Йусуф Сүрөсү, 102)

Аллах Пайгамбарыбыз (сав)га али жашала элек кээ бир окуялардан да кабарлар берген. Булар болсо – келечекке тиешелүү кайып кабарлары. Мисалы, Меккенин каратылышы (фетхи) (Фетих Сүрөсү, 27) жана Румдун путпарасттарды жеңиши (Рум Сүрөсү, 3-4). Бул окуялар али боло электе Пайгамбарыбыз (сав)га билдирилген. Пайгамбарыбыз (сав)дын кыямат алааматтары, акыр заман сыяктуу темалардагы хадистери да, ал доордогу бардык адамдар үчүн кайып болгон бул кабарларды Аллахтын ага билдиргенин көрсөтүүдө. Куранда пайгамбарларга жана кээ бир башка салих момундарга да кайыптан кабарлар берилгени баяндалат. Мисалы, Аз. Йусуфка бир туугандарынын тузагынын натыйжасыз болоору кабар берилген (Йусуф Сүрөсү, 15), Аз. Мусанын апасына наристе кезиндеги уулунун Фараон зулумунан кутулаары жана пайгамбар болоору вахий менен билдирилген. (Касас Сүрөсү, 7)

Жыйынтыктасак, биз өтмүш жана келечек деп атаган окуялар жана маалыматтардын баары – Аллах Кабатында сакталып турган кайып кабарлары. Аллах каалаганда, каалаган кишисинин эс тутумуна бул кабарлардын кээ бирлерин берүү менен, кайыптын бир бөлүгүн билинээр абалга айлантууда. Күбө болунган, тагыраак айтканда, көрүүгө боло турган, күбө болууга мүмкүн абалга келген бул окуялар адамдар тарабынан өтмүш деп аталат.

Тагдырга баш ийүүнүн мааниси

Just as a person cannot change his past, he also cannot change his future. For this reason, those who are stressed or anxious about things that happen to them experience anxiety and difficulty that result from their not being in submission to their fate.

Өтмүш жана келечектин чындыгында Аллах Кабатында жаратылган жана жашалган катары сакталуу жана даяр окуялар экендиги бизге абдан маанилүү бир чындыкты көрсөтөт: Ар бир адам сөзсүз түрдө тагдырына моюн сунган. Адам өтмүшүн өзгөртө албаган сыяктуу, келечегин да өзгөртө албайт. Себеби өтмүшү сыяктуу, келечеги да жашалган. Келечегиндеги бардык окуялар, качан, каерде, эмне тамак жээри, ким менен эмне сүйлөшөөрү, канча акча табаары, кайсы ооруларга чалдыгаары, аягында качан, кантип, каерде өлөөрү баары белгилүү жана буларды өзгөртө албайт. Себеби булар Аллах Кабатында, Аллахтын хафызасында («эс тутумунда») жашалган катары турат. Бир гана, булардын маалыматтары анын эс тутумуна али бериле элек.

Ошондуктан, баштарына келген окуяларга кайгырган, ачууланган, кыйкырып өкүргөндөр, келечеги үчүн кайгыга баткандар, ачкөздүк кылгандар чындыгында өздөрүн керексиз жерге кайгыртышууда. Себеби кандай болот деп кайгырган жана корккон келечеги жашалып бүткөн. Жана эмне гана кылышпасын буларды өзгөртө алышпайт.

Бул жерде туура эмес тагдыр түшүнүгүнөн качынуу керек экендигин айта кетүү керек. Кээ бир адамдар «кандай болгондо да, тагдырымда эмне болсо, ошол болот, анда менин эч нерсе кылышым керек эмес» деп бурмаланган бир тагдыр түшүнүгүн чыгарышат. Ар бир жашаганыбыздын тагдырыбызда экендиги бир чындык. Биз али ал окуяны жашай электе ал окуя Аллах Кабатында жашалган жана маалыматы да, болгон детальдары менен бирге, Аллах Кабатындагы Левх-и Махфуз аттуу китепте жазылуу. Бирок Аллах ар бир адамга окуяларды өзгөртүүгө, өз чечими жана тандоосуна жараша аракет кылууга мүмкүнчүлүгү бар сыяктуу бир сезим берет. Мисалы, адам суу ичкиси келгенде, бул үчүн «тагдырымда болсо ичем» деп отуруп күтпөйт. Бул үчүн ордунан туруп, чыныны алат жана суусун ичет. Чындап эле тагдырында белгиленген чыныда, белгиленген көлөмдөгү сууну ичет. Бирок буларды кылууда «өз эрким жана каалоом менен кылдым» деген сезимге ээ болот. Жана жашоосу боюнча бул сезимди ар бир кылган ишинде жашайт. Аллахка жана Аллах жараткан тагдырга баш ийген (өзүн тапшырган) бир адам менен бул чындыкты түшүнө албаган бир адам арасындагы айырма төмөнкүдөй: баш ийген адам «өзүм кылдым» деген сезимди жашаганына карабастан, булардын баарын Аллахтын каалоосу менен кылганын билет. Беркиси болсо ар бир кылганын «өз акылым жана күчүм» менен кылдым деп ойлоп, жаңылат.

God Knows and Sees Our Past and Future as One Moment

In this picture the people do not see the car and those in the car do not see them. For this particular moment they are unaware of one another. But someone who looks at this picture from a distance and from a different place will easily see everything on both sides at the same moment. The same thing happens in human life.

We have the concepts of the past and the future and, because we are bound to time, we are able to see our future only as time passes. But since God is not bound to time and space, He sees our past, our future and our present in one single moment, with complete vitality and clarity. For example, the sudden stop that this driver will make when he sees the people on the road is known and seen beforehand in the Sight of God.

Мисалы, бир оорусу бар экенин уккан баш ийген бир адам мунун тагдырында экенин билгендиктен, абдан тобокелдүү мамиле кылат. «Аллах муну тагдырымда жаратканына караганда, сөзсүз чоң бир жакшылык бар» деп ойлойт. Бирок, кандай болсо да, тагдырымда айыгуу бар болсо, айыгам» деп чара көрбөстөн, күтө бербейт. Тескерисинче колдон келген бардык чараларды жасайт. Докторго барат, тамактануусуна көңүл бурат, дарыларын ичет. Бирок барган докторунун, ал доктор жасаган дарылоонун, ичкен дарыларынын, булардын ага канчалык таасирдүү болоорун, айыгып айыкпашынын, кыскача айтканда, бүт нерсенин тагдырында экендигин унутпайт. Булардын баарынын Аллахтын хафызасында, али ал дүйнөгө келе электе даяр абалда бар экенин билет. Аллах Куранда адамдар жашаган бүт окуялардын алдын ала бир китепте жазылуу экенин мындайча билдирет:

Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде пайда болгон ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Шек жок, бул – Аллах үчүн абдан жеңил. (Силердин) Колуңардан чыкканга кайгырбашыңар жана силерге (Аллахтын) бергендеринен улам сүйүнүп-көппөшүңөр үчүн (ушундай кылды). Аллах текебер-мактанчаакты сүйбөйт. (Хадид Сүрөсү, 22)

Дал ушул себептен тагдырга ыйман келтирген бир адам башына келген эч бир окуяга капаланбайт, үмүтсүздүккө түшпөйт. Тескерисинче, абдан тобокелдүү, баш ийген абалда жана дайыма бейпил, бактылуу болот. Себеби Аллах адамдардын башына келген бүт нерсенин алдын ала белгилүү экенин, ошондуктан баштарына келген кыйынчылыктарга кайгырбашын жана аларга берилген немат-жакшылыктарга эсирип көппөшүн буйрук кылган. Адам жолуккан кыйынчылыктар да, жетишкен ийгилик жана байлыктары да Аллахтын буйругу менен. Булардын баары – Раббибиз адамдарды сыноо үчүн тагдырында мурдатан белгилеген окуялар. Бир аятта билдирилгендей, «...Аллахтын буйругу – бул белгиленген бир тагдыр». (Ахзаб Сүрөсү, 38)

Every existing thing is created with a fate. Even before a vase is manufactured, it is determined in God's Sight who will make it and in what style, who will buy it and from where, in what house and in what corner it will be placed, and on what day, in what moment and why it will fall and be broken.

Аллах башка бир аятында болсо «Эч шексиз, Биз бүт нерсени тагдыр менен жараттык.» (Камер Сүрөсү, 49) деп билдирүүдө. Бир гана адамдардын эмес, бүт жандуулардын, буюмдардын, Күндүн, Айдын, тоолордун, дарактардын, бүт нерсенин Аллах Кабатында белгиленген бир тагдыры бар. Мисалы, сынган бир антикалык ваза тагдырында белгиленген убакта сынган. Бир канча кылымдык бул ваза али эми жасалып жатканда, аны кимдер колдоноору, кайсы үйдүн кайсы бурчунда, кайсы буюмдар менен бирге тураары белгилүү абалда жасалган. Вазанын ар бир чиймеси, үстүндөгү ар бир түсү тагдырда алдын ала белгиленген. Вазанын кайсы күнү, кайсы саат, кайсы мүнөттө ким тарабынан сындырылаары да Аллахтын хыфзында жашалган абалда турат. Ал тургай ваза алгач жасалган учур, алгачкы жолу сатылуу үчүн витринага коюлган учур, бир үйдүн бурчунда турган учур жана сынып майда бөлүктөргө айланган учур, кыскача айтканда, антикалык вазанын кылымдар бою ар бир көз ирмеми Аллах Кабатында жалгыз бир көз ирмем катары турат. Вазаны сындырган адам бир канча секунда мурун муну билбеген кезде Аллах Кабатында ал көз ирмем жашалган жана белгилүү. Ушул себептен Аллах адамдарга колдорунан чыкканга кайгырбашын айтат. Себеби колдорунан чыккан нерселер тагдырларында чыккан жана ал адамдардын муну өзгөртүүгө күчү жок. Бирок адамдар тагдырларында болгон окуялардан бир сабак алышы, булар менен тарбияланышы керек. Бул окуялардагы сыр жана жакшылыктарды көрүү менен, дайыма тагдырларын жараткан чексиз мээримдүү, боорукер, адилеттүү, кулдарын коргогон Раббибизге багытталышы зарыл. Бул маанилүү чындыкты байкабай жашаган адамдар жашоолору боюнча дайыма коркуу жана тынчсыздануу ичинде болушат. Мисалы, балдарынын келечеги үчүн абдан тынчсызданышат. Кайсы мектепте окушаары, кандай кесипке ээ болоору, ден-соолугунун кандай болоору, кандай жашоо сүрөөрү сыяктуу нерселерди көп ойлоп, тобокелсиздик кылышат. Чынында болсо, ар бир адамдын али жалгыз бир клетка кезинен окуп жазууну үйрөнгөн кезине, университет сынагында берген жоопторунан кайсы фирмада эмне иш кылаарына, кайсы кагаздарга канча жолу кол койоруна, каерде жана кантип өлөөрүнө чейинки ар бир көз ирмеми Аллах Кабатында белгилүү. Бул окуялардын баары Аллахтын хыфзында сакталуу турат. Мисалы, азыр ар бир адамдын түйүлдүк абалы, башталгыч мектептеги абалы, университеттеги абалы, 35 жаш туулган күнүн куттуктаган учуру, алгачкы жумуш күнү, өлгөндө периштелерди көргөн көз ирмеми, жакындары тарабынан көмүлгөн жана акыретте Аллахка эсеп берген көз ирмемдеринин баары жалгыз бир көз ирмем катары Аллах Кабатында турат.

Андай болсо, ар бир көз ирмеми Аллах Кабатында жашалган, көрүлгөн жана ушул учурда Аллахтын хафызасында («эс тутумунда») даяр турган бир жашоо үчүн тынчсыздануу, коркуу, кайгыруу – чоң бир капылеттик. Канчалык жан талашып аракет кылбасын, канчалык тынчсызданбасын ар бир адам өзү да, баласы да, түгөйү жана жакындары да алар үчүн Аллах Кабатында даяр турган жашоолорун жашашат.

Анда, акылдуу жана абийирдүү бир адам бул чындыкты түшүнүп, Аллахка жана Аллах жараткан тагдырга көңүлдөн өзүн тапшырышы керек. Чындыгында ар бир адам ансыз деле Аллахка өзүн тапшырган жана моюн сунган абалда жаратылган. Себеби, кааласа да каалабаса да Аллах ал үчүн жараткан тагдырга моюн сунуп жашайт. Тагдырдан баш тарткан адам да тагдырында «тагдырдан баш тартуу» бар болгон үчүн ошол нерсени кылат.

Аллахка чын көңүлдөн өзүн тапшырып моюн сунгандар болсо Аллахтын ыраазычылыгын, рахматын жана бейишин үмүт кыла алышат, жана дүйнө жана акыретте бейпилдик, бакыт ичинде бактылуу өмүр сүрүшөт. Себеби Аллахка өзүн тапшырган, Аллах жараткан тагдырдын ал үчүн эң жакшысы (кайырдуусу) экенин билген бир адамды кайгыга сала турган, коркута турган, тынчсыздандыра турган эч нерсе жок. Бул адам колунан келген бардык аракетти жасайт, бирок бул аракеттин да тагдырында экенин, эмне гана кылбасын тагдырында жазылганды өзгөртүүгө күчү жетпешин билет.

Момун Аллах жараткан тагдырга өзүн тапшырат, муну менен бирге туш болгон ар бир окуяда колунан келишинче себептерди жасайт, чара кабыл алат, окуяларды жакшы, кайырдуу тарапка багыттоо үчүн аракет кылат, бирок бул нерселердин баарынын тагдыры ичинде ишке ашканын жана Аллахтын эң жакшысын башынан аныктап, белгилеп койгондугун билүү менен бейпилдик ичинде болот. Куранда мындай мамилеге мисал катары Аз. Йакуб балдарынын коопсуздугу үчүн алган бир чара жөнүндө сөз кылынат. Аз. Йакуб жаман ниеттүү адамдардын көңүлүн бурбаш үчүн балдарына шаарга ар башка эшиктен киришин кеңеш кылат, бирок мунун Аллах белгилеген тагдырга эч таасир этпешин да аларга эскертет:

Жана айтты: «Эй балдарым, жалгыз бир эшиктен кирбегиле, башка башка эшиктерден киргиле. Мен силерге Аллахтан эч нерсени бере албайм (кетире албайм). Өкүм бир гана Аллахтыкы. Мен Ага тобокел кылдым. Тобокел кылгандар да жалгыз Ага тобокел кылышсын.» (Йусуф Сүрөсү, 67)

Аллах адамдар эмне гана кылышпасын тагдырларын өзгөртө албашын бир аятында мындайча билдирет:

Кийин кайгынын артынан Аллах силерге (көз ирмемдик) уйку берди. (Ал уйку) силердин араңардан бир тайпаны ороп алды. Дагы бир тайпаны өз жандары кайгыга салып, Аллахка адилетсиздик менен, нааданчасынан күмөн кылып: «Эми бизге иш жок» (жеңилдик) дешти. Айт: «Иш Аллахтын колунда». Алар сага айтпаган нерселерин жүрөктөрүнө катып: «Эгер бул (согуштук) иште биздин пикирибиз эске алынганда, бул жерде өлүп кетпейт элек» дешет. Айт: «Эгер үйүңөрдүн ичинде болсоңор дагы (тагдырында) өлтүрүлүү жазып коюлган киши өлтүрүлө турган жайына келет.» (Муну) Аллах силердин көңүлүңөрдөгүнү сынаш жана жүрөгүңөрдү тазалаш үчүн кылды. Аллах жүрөктөрдөгү сырларды да билүүчү. (Ал-и Имран Сүрөсү, 154)

Even before a car is manufactured, it is determined in its fate what color it will be, who will buy it and even what it will be like in the junkyard.

Аятта да байкалгандай, бир адам өлбөш үчүн жакшылык жана ибадат болгон бир иштен качса да, эгер ага өлүм жазылган болсо баары бир өлөт. Ал тургай, өлүмдөн качуу үчүн тандаган жол жана ыкмалары да тагдырында белгилүү жана ар бир адам тагдырындагы окуяны жашайт. Аллах бул аятта да адамдарга тагдырларында жараткан окуялардын максатынын аларды сыноо жана алардын жүрөктөрүн тазалоо экенин билдирүүдө. Фатыр Сүрөсүндө болсо ар бир адамдын өмүрүнүн Аллах Кабатында белгилүү экендиги, жатындарга түшкөн наристелердин да Аллахтын уруксаты менен болгону билдирилет:

Аллах силерди топурактан жаратты, кийин бир тамчы суудан. Кийин силерди жуп жуп кылды. Анын маалыматы болбостон, эч бир аялдын боюнда болбойт жана төрөбөйт да. Өмүр сүргөнгө өмүр берилиши жана анын өмүрүнөн кыскартылышы да сөзсүз бир китепте (жазылуу). Чынында бул Аллах үчүн оңой. (Фатыр Сүрөсү, 11)

Камер Сүрөсүнүн төмөндөгү аяттарында болсо адамдын ар бир кылганынын сап сап жазылуу экендиги билдирилип, бейиш калкынын жашоосу да жашалган окуялар сыяктуу баяндалууда. Мурда да айтылгандай, бейиштеги чыныгы жашоо биз үчүн келечек. Бирок бейиштегилердин жашоосу, маектери, сыйлары азыр Аллахтын хыфзында турат. Биз төрөлө электе эле бүт адамзаттын бул дүйнөдөгү жана акыреттеги келечеги Аллах Кабатында бир көз ирмем ичинде жашалган жана Аллахтын хыфзында сакталуу турат:

Алар жасаган бүт нерсе китептерде (жазылуу).

Кичинекей, чоң бүт нерсе сап сап (жазылуу).

Эч шексиз, муттакилер (Аллахтан корккондор) бейиштерде жана дарыя (айланасын)да.

Абдан кудуреттүү, мүлкүнүн аягы жок (Аллах)тын жанында чынчыл макамында. (Камер Сүрөсү, 52-55)

Аллах Кабатында убакыттын жалгыз бир көз ирмем экендигин, Аллах үчүн өтмүш жана келечек жок экенин Куранда колдонулган мындай услуптан да түшүнөбүз. Байкалгандай, биз үчүн келечекте боло турган кээ бир окуялар Куранда мурда эле болуп бүткөн бир окуя сыяктуу баяндалууда. Себеби Аллах өтмүштү да, келечекти да бир көз ирмем катары мурда эле жараткан. Ушул себептен келечекте болоору баяндалган бир окуя мурда эле болуп бүткөн. Бирок биз көрбөгөндүктөн, аны келечек деп ойлойбуз. Мисалы, акыретте адамдардын Аллахка бере турган эсеби жөнүндө сөз кылынган аяттар муну мурда эле болуп бүткөн бир окуя сыяктуу баяндоодо:

Суръа (сур) чалынды, ушундайча Аллах каалагандан башка асмандарда жана жерде болгондор сүзүшүп-кулашты. Кийин ал дагы бир жолу чалынды, эми алар буттарында туруп карап турушат. Жер Раббиңдин нуру менен жаркырады; китеп койулду; пайгамбарлар жана күбөлөр алып келинди жана араларында чындык (адилеттик) менен өкүм чыгарылды, алар адилетсиздикке кабылышпайт. Ар бир напсиге (адамга) кылганынын толук акысы берилди. Ал алардын кылганын жакшыраак билүүчү. (Чындыктан) Баш тартуучулар тозокко бөлүк бөлүк айдалышты. Аягында ал жерге келишкенде, эшиктери ачылды жана аларга (тозоктун) кайтаруучулары айтышты: «Силерге Раббиңердин аяттарын окуган жана бүгүнкү күнгө жолугаарыңарды (айтып) силерди эскерткен элчилер келишпеди беле?» Алар: «Ооба.» дешти. Бирок азап сөзү каапырлардын башына акыйкат болду. Айтышты: «Ичинде калуучулар катары тозоктун эшиктеринен (ичкери) киргиле. Текеберленгендердин конок жери канчалык жаман.» Раббилеринен коркуп- сактангандар болсо бейишке бөлүк бөлүк киргизилди. Аягында ал жерге келишкенде, эшиктери ачылды жана аларга (бейиштин) кайтаруучулары айтышты: «Силерге салам болсун, жакшы жана таза келдиңер. Түбөлүк калуучулар катары ага киргиле.» (Зүмер Сүрөсү, 68-73)

Бул жөнүндө башка мисалдар төмөнкүдөй:

(Эми) Ар бир напси жанында бир коштоочу жана бир күбө менен келди. (Каф Сүрөсү, 21)

Асман жарылып-талкаланды; эми ал күнү «үлпүлдөп-алсыз болуп калды.» (Хакка Сүрөсү, 16)

Жана сабыр кылгандары үчүн бейиш жана жибек менен сыйлады. Ал жерде тактар үстүндө жазданып-сүйөнүшкөн. Ал жерде (ысык) бир күн да, үшүтүүчү бир суук да көрүшпөйт. (Инсан Сүрөсү, 12-13)

Көрө алгандар үчүн тозок да көрсөтүлүп коюлду. (Назиат Сүрқсү, 36)

Эми бүгүн ыйман келтиргендер каапыр болгондорго күлүп жатышат. (Мутаффифин Сүрөсү, 34)

Кылмышкер-күнөөкөрлөр отту көрүштү, эми ичине өздөрүнүн киришээрин да түшүнүштү; бирок андан качуунун эч бир жолун таба алышпады. (Кехф Сүрөсү, 53)

Жогорудагы аяттарда өлүмүбүздөн кийин жашала турган окуялар жашалган жана бүткөн окуялар катары баяндалууда. Себеби Аллах – биз көз-каранды болгон салыштырмалуу убакыт ченемине жана мейкиндикке көз-каранды эмес. Аллах бардык окуяларды убакыт жок абалында каалаган, адамдар буларды жасаган, бардык бул окуялар жашалган жана бүткөн. Кичинекей, чоң бүт окуянын Аллахтын билүүсү жана каалоосу менен ишке ашаары жана бир китепте жазылуу экендиги төмөнкү аятта мындайча билдирилет:

Сен ичинде болгон ар кандай абал, Ал жөнүндө Курандан окуган бир нерсе жана силер жасаган ар кандай иш болсун, силер ал ишке (абдан) берилип жасап жатканыңарда, Биз силердин үстүңөрдө күбө болуп турабыз. Жерде жана асманда тырмактай болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)

Footnotes

39- Tim Folger, "From Here to Eternity", Discover, December 2000, p.54

40- Tim Folger, "From Here to Eternity", Discover, December 2000, p.54

41- François Jacob, Le Jeu Des Possibles, University of Washington Press, 1982, p. 111

42- Lincoln Barnett, The Universe and Dr. Einstein, William Sloane Associate, New York, 1948, p. 52-53

43-Lincoln Barnett, The Universe and Dr. Einstein, William Sloane Associate, New York, 1948, p. 17

44- Paul Strathern, The Big Idea:Einstein and Relativity, Arrow Books, 1997, p. 57