Бөлмөңүздүн терезесинен сыртты караганыңызда, жашооңуз боюнча ар жактан уккандарыңызга таянып, бул көрүнүштү көздөрүм менен көрүп жатам деп ойлойсуз. Бирок, чындык мындай эмес. Себеби, сиз көздөрүңүз менен сырттагы көрүнүштү көрбөйсүз. Сиз мээңиздин ичинде пайда болгон пейзаж сүрөттөлүшүн көрөсүз. Бул бир божомол же бир философия эмес, бул илимий чындык.
Көрүү процесси кандайча ишке ашканын эстесек, бул теманы жакшыраак түшүнөбүз. Көз ага келген жарыкты торчосундагы клеткалардын жардамы менен электрдик импульска (сигналга) айлантуу милдетин гана аткарат. Бул электрдик импульс болсо мээңиздеги көрүү борборуна жетет. Андан соң бул импульстар терезеден көргөн көрүнүштү түзүшөт. Жыйынтыкта сүрөттөлүш мээде пайда болот. Жана сиз мээңиздин ичиндеги пейзажды көрөсүз, үйүңүздүн сыртындагы пейзажды эмес.
Мисалы, сүрөттө терезеден караган адамдын көзүнө сырттан «жарык» жетүүдө. Бул жарык көздөгү клеткалар тарабынан элекстрдик импульска айландырылып, бул адамдын мээсинин арка тарабында жайгашкан кичинекей көрүү борборуна келет. Жана бул электрдик импульстар мээде бир пейзаж сүрөттөлүшүн пайда кылат. Чындыгында болсо, эгер мээбиздин ичи ачылса, ал жерде бул пейзажга тиешелүү бир сүрөттөлүштү көрө албайбыз. Бирок, мээбиздин ичиндеги бир аң-сезим мээге келген электрдик импульстарды табият көрүнүшү катары кабыл алат. Мээнин ичинде көзү, көз клеткалары, торчосу болбостон, электрдик импульстарды бир пейзаж катары кабыл алган аң-сезим эмне, ал кимге тиешелүү?
Someone who looks out the window at the scenery does not actually view an image which is outside of him, but rather the image that belongs to the scenery in his brain. Light that reaches one's eye is converted into electric signals by the cells in the eye and transmitted to the visual center at the back of the brain.
| You can Never Touch The Original of a Book Pencereden dışarıdaki manzaraya bakan bir insan, gerçekte, dışarıdaki değil, beynindeki manzaraya ait görüntüyü seyreder.
| ||||||||||||
Ушул эле абал азыр окуп жаткан китебиңизге да тиешелүү. Көздөрүңүзгө келген жарыктын электрдик импульска айлантылып, мээңизге жеткирилиши натыйжасында мээңизде бул китептин сүрөттөлүшү пайда болот. Башкача айтканда, китеп азыр сиздин сыртыңызда эмес, ичиңизде, мээңиздин арка тарабындагы көрүү борборунда. Балким китептин катуулугун колуңуз менен сезип жаткандыктан, аны тышта деп ойлошуңуз мүмкүн. Чындыгында болсо, бул катуулук сезими да көрүү сезиминде болгон сыяктуу мээңизде пайда болууда. Манжаларыңыздын учтарындагы нерв клеткалары стимул кылынганда, бул стимул электрдик маалыматка айланып, мээдеги тийүү борборуна жетет. Жана сиз мээңизде китепке тийип жатам жана анын катуулугун, барактарынын сыйдаңдыгын, сыртындагы бодурларды, кагаз бурчтарынын кескиндигин сезген сезимдерге ээ болосуз. Чындыгында болсо эч качан бул китептин оригиналына тийе албайсыз. Тийдим деп ойлогонуңузда чындыгында мээңиздин ичиндеги тийүү сезимин кабылдайсыз. Бул китеп бир зат катары сиздин мээңиздин тышында бар, бирок сиз мээңизде пайда болгон китеп сүрөттөлүшүн гана көрөсүз. Бул китептин бир жазуучу тарабынан жазылып, бир компьютерде калыпка салынып, бир басмаканада басылган болушу сизди жаңылтпасын. Себеби, бир аз алдыда түшүндүрүлө тургандар бул китептин ар бир баскычына тиешеси болгон адамдардын, басмаканын, компьютерлердин да оригиналдарын эч качан көрө албашыңызды сизге көрсөтөт.
Жыйынтыктасак, биз көргөн, тийген, уккан бүт нерсени мээбиздин ичинде жашайбыз. Бул илимий бир чындык жана так илимий далилдер болгондуктан, каршы пикир же талаш жарала турган бир тема эмес. Эң маанилүүсү – бул илимий чындык алып барган жана жогоруда суралган суроо:
Мээбиздин ичинде кандайдыр бир көзү болбостон, терезеден көрүнгөн табият көрүнүшүн караган, бул көрүнүштөн ырахат алган, толкунданган ким? Бул маанилүү суроонун жообун кийинки беттерден таба аласыз.