Дүйнө Жашоосунун Мээбиздеги Копиясын Көрүп Жаткандыгыбыз Илимий Чындык

Биз жашап жаткан дүйнөгө тиешелүү ар кандай сыпатты, өзгөчөлүктү жана билген бүт нерселерибизди сезүү органдарыбыз аркылуу таанып билебиз. Сезүү органдарыбыз аркылуу бизге жеткен маалыматтар бир катар процесс натыйжасында электрдик импульска айланат жана бул импульстар мээбиздин тиешелүү чекиттеринде жоромолдонот. Мээбиздин бул жоромолдору натыйжасында биз, мисалы, бир китепти көрөбүз, кулпунайдын даамын сезебиз, гүлдөрдү жыттайбыз, жибек кездеменин жумшактыгын сезебиз же шамалда жалбырактардын шуудураган добушун угабыз.

Ар кимден уккандарыбызга, чөйрөдөгү көпчүлүк адамдардын көз-карашына таянып, дайыма денебиздин тышындагы кездемеге тийип, бизден 30 см алыстыктагы китепти окуп жатам, бир канча метр алыстыктагы гүлдөрдүн жытын сезип жатам жана бир топ өйдөдөгү жалбырактардын шуудураганын угуп жатам деп ойлойбуз. Чынында болсо, бул саналгандардын баары – биздин ичибизде ишке ашкан окуялар. Китептин көрүнүшүнөн баштап, жалбырактардын шуудураганына чейинки бүт нерселердин баары ичибизде, мээбизде болууда.

Бул жерде дагы бир таң калаарлык чындыкты байкайбыз: чындыгында мээбизде түстөр да, үндөр да, сүрөттөлүштөр да жок. Мээбизде таба ала турган бир гана нерсебиз – бул электрдик импульстар. Бул философиялык бир көз-караш эмес, сезүү органдарыбыздын иштеши менен байланыштуу илимий бир түшүндүрмө. Мисалы, Mapping The Mind (Мээнин картасын чыгаруу) аттуу китебинде илимпоз Rita Carter (Рита Картер) дүйнөнү кандайча кабылдаганыбызды мындайча түшүндүрөт:

Ар бир сезүү органы өзүнө тиешелүү сигналга жооп бере турган абалда жаратылган. Бул сигналдар болсо молекулалар, толкундар же титирешүүлөр абалында. Мынчалык ар түрдүү болушуна карабастан, сезүү органдары түпкүрүндө бир эле милдетти аткарышат: өздөрүнө тиешелүү сигналдарды электрдик импульска айландырышат. Бир сигнал болсо – бул бир сигнал гана. Кызыл түс эмес, же Бетховендин Бешинчи симфониясынын биринчи нотасы эмес – электр энергиясы (заряды) гана. Түпкүрүндө бир сезимди башкаларынан айырмалуу абалга алып келүүнүн ордуна, сезүү органдары баарын окшош абалга, тагыраак айтканда, электрдик импульска айландырышат.

Андай болсо, бардык сезүү органдарына тиешелүү сигналдар бири-бирине толук окшош абалда мээге электрдик заряд агымы катары киришет жана ал жердеги нерв клеткаларын стимулдашат. Болгону ушул. Бул электрдик импульстарды кайрадан жарык толкундарына же молекулаларга айландырган бир тескери айландыруу системасы жок. Бир электрдик агымдын (токтун) сүрөттөлүшкө жана башкасынын жытка айланышы болсо – бул электрдик агымдын кайсы нерв клеткасына таасир эткенине байланыштуу.1

brain, matter

brain, matter

We live our entire life within our brain. The people that we see, the flowers we smell, the music we listen to, the fruits we taste, the wetness we feel on our hand… We know all of these in the form they appear in our brains. In reality, neither colors, nor sounds, nor images exist in our brain. The only things that exist in the brain are electric signals. This means that we live in a world formed by the electric signals in our brain. This is not an opinion or a hypothesis, but the scientific explanation of how we perceive the world.

1. Motion 5. Vision
2. Thought 6. Tasting
3. Touch 7. Hearing
4. Talking 8. Smelling

Жогорудагы түшүндүрмөлөр абдан маанилүү бир нерсеге көңүл бурууда: Биздин дүйнө жөнүндө кабылдаган бардык сезимдерибиз, сүрөттөлүштөр, даамдар жана жыттар түпкүрүндө бир эле нерседен, тагыраак айтканда, электрдик импульстардан жаралууда. Электрдик импульстарды биз үчүн түшүнүктүү абалга алып келген, бул импульстарды жыт, даам, сүрөттөлүш, добуш же тийүү сезими катары жоромолдогон, кабылдаган болсо – бул мээ. Мээ аттуу нымдуу бир эттен турган заттын кайсы электрдик сигналды жыт, кайсынысын сүрөттөлүш катары жоромолдоону билиши, бир эле нерседен ар түрдүү сезимдерди (сүрөттөлүш, жыт, даам ж.б.) пайда кылышы болсо – абдан чоң бир керемет.

Эми бул чоң кереметтин кандайча ишке ашканын, башкача айтканда, «дүйнөнү кантип кабылдап жатабыз?» суроосунун жообун бардык сезим органдарыбыз үчүн бир-бирден карап чыгалы.

Көргөн көздөрүбүз эмес, сүрөттөлүш мээбизде пайда болот

Жашообуз бойу ар жактан уккандарыбызга таянып, бүт дүйнөнү көздөрүбүз менен көрүп жатам деп ойлойбуз. Ал тургай, «көздөрүбүздү дүйнөгө ачылган терезелерибиз» деп билебиз. Чындыгында болсо, көрүү процессинин илимий түшүндүрмөсү эч мындай эмес; себеби биз көздөрүбүз менен көрбөйбүз. Көздөрүбүз жана көздөрүбүзгө тиешелүү миллиондогон нерв клеткаларыбыз «көрүү процесси» ишке ашышы үчүн мээге маалымат жөнөткөн кабель милдетин гана аткарат. Көрүү процессинин кандайча ишке ашаары жөнүндөгү мектептен алган маалыматтарыбызды эстесек, бул чындыкты оңойураак түшүнөбүз.

matter, illusion

Everything We See and Own is Actually an Image That is Formed in Our Brains

A person watching a small child playing with a ball is actually not seeing him with his or her eyes. Eyes are only responsible for delivering light to the back of the eyes. When light reaches the retina, an upside-down and two-dimensional view of the child is formed on the retina. Subsequently this view of the child is converted into an electric current, which is then transmitted to the visual center at the back of the brain, where the child's figure is seen perfectly in three dimensions. Who then sees the child's figure in three dimensions with perfect clarity at the back of the brain? Clearly, the entity we are dealing with is the Soul, which is a being beyond the brain.

Бир заттан келген жарык көздүн карегинен өтөт жана көздүн арка тарабындагы торчонун бетине тескери жана эки өлчөмдүү бир сүрөттөлүш пайда кылат. Торчодогу чыбык жана конус клеткалар бир катар химиялык процесстерден кийин бул сүрөттөлүштү электрдик агымга (зарядга) айлантат. Бул электрдик агым көз клеткалары аркылуу мээнин арка тарабында жайгашкан көрүү борборуна жеткирилет. Мээ болсо бул келген импульсту түшүнүктүү жана үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөр абалына алып келет.

All The Things We See and Own are Actually Images That Have Been Formed in Our Brains

When a person rubs his eye, he sees the image of his car moving up and down. This is proof that the observer is seeing not the actual car itself, but its image in his brain.

Мисалы, биз бир бала бакчада ойун ойногон балдарды караганыбызда, бул балдарды жана бакчаны көздөрүбүз менен көрбөйбүз, себеби бул көрүнүшкө тиешелүү сүрөттөлүш көзүбүздүн алдында эмес, мээбиздин арка тарабында пайда болот.

Бул жерде абдан үстүртөн түшүндүрүлгөн көрүү процесси – чындыгында абдан таң калаарлык татаал процесс. Жарык бөлүкчөлөрү бир заматта жана кемчиликсиз абалда электрдик импульстарга айландырылат жана кийин бул электрдик импульстар үч өлчөмдүү, түркүн түстүү, жаркыраган бир дүйнө болуп бизге көрүнүүдө. Eye and Brain (Көз жана мээ) китебинин автору R. L. Gregory (Р.Л.Грегори) муну байкаган адамдардын бири катары көрүү системасындагы кереметтүү түзүлүштү мындайча баяндайт:

Көздөрүбүзгө кичинекей башаламан көрүнүштөр берилүүдө жана биз чөйрөбүздө буларды толук кандуу нерселер катары көрөбүз. Торчолордун бетиндеги сигналдар натыйжасында заттар дүйнөсүн кабылдап жатабыз жана бул бир кереметтен башка нерсе эмес, чынында.2

Бүт бул нерселер бизди бир гана чындыкка алып барууда: биз жашообуз боюнча дүйнөнү биздин сыртыбызда деп ойлойбуз. Чынында болсо, дүйнө бүт нерселери менен бирге биздин ичибизде. Биз сыртыбызда деп ойлогон дүйнөнү чынында ичибизде, мээбиздеги кичинекей бир чекитте көрөбүз. Мисалы, бир ири ишкананын башчысы ишкана имаратынын, шаардын сыртындагы заводунун, унаа токтоочу жайдагы унаасынын, деңиз жээгиндеги дачасынын, яхтасынын, кол алдындагы жүздөгөн адамдын, адвокаттарынын, үй-бүлөсүнүн, досторунун дайыма өз денесинин сыртындагы абалдарын (оригиналдарын) көрүп, сезип жатам деп ойлойт. Чынында болсо булардын баарынын өз баш сөөгүнүн ичинде, мээсинин арка тарабындагы кичинекей бир жерде пайда болгон сүрөттөлүштөрүн көрүп жаткан болот. Сырттагы оригиналдарынын кандай экенин болсо эч качан биле албайт.

Бул адам бул чындыкты билбейт, билсе да ойлонгусу келбейт. Бирок кымбат баалуу унаасы менен келген ири ишканасынын алдында мактанып турганда, акырын соккон жел көзүнө чаң киришине себепчи болсо, бул чындыкты ошол замат түшүнүшү мүмкүн. Чаңдан улам сүрткөн оң көзүн көзү ачык абалында бир аз сүрткөндө ишкана имаратынын өйдө-ылдый же оңго-солго кыймылдаганын көрөт. Мына ошондо ойлонгон киши көргөн сүрөттөлүштүн өзүнүн сыртында туруктуу бир нерсе эмес экенин түшүнөт. Себеби көзүн сүрткөндө сүрөттөлүш ордунан кыймылдоодо.

Жыйынтыктасак, ар бир адамдын жашоосу боюнча көргөн нерселеринин баарын мээсинде көрөөрү жана эч качан көргөн нерселеринин оригиналдарына жете албашы чындык. Көргөн нерселери – сыртта бар болгон сүрөттөлүштөрдүн мээсинде пайда болгон бир копиясы. Бул копиянын оригиналынын кандай экенин болсо биз биле албайбыз.

Материалист болгонуна карабастан, немец психиатрист жана неврология профессору Hoimar von Ditfurth (Хоимар вон Дитфурт) бул илимий чындык жөнүндө төмөнкүлөрдү айтат:

Аргументтерибиздин кыймылдаткыч колун кайсы тарапка жайгаштырбайлы, натыйжа өзгөрбөйт: эти менен, сөөгү менен маңдайыбызда турган, көзүбүз көргөн нерсе «дүйнө» эмес, анын иллюзиясы гана; бир копиясы; оригиналына канчалык окшош экени талаш жарата турган бир проекция.3

Мисалы, азыр башыңызды көтөрүп, ичинде отурган бөлмөңүздү караганыңызда, көргөнүңүз – сиздин сыртыңыздагы бөлмө эмес. Сиз бөлмөнүн мээңиздин ичинде пайда болгон копия көрүнүшүн көрөсүз. Жана эч качан бул бөлмөнүн оригиналын сезүү органдарыңыздын жардамы менен көрүү мүмкүнчүлүгүңүз жок.

Капкараңгы мээңиздин ичинде жапжарык жана түркүн түстүү бир сүрөттөлүш кантип жаралат?

In the Darkness of Our Brains We See a Bright World

Унутпаш керек болгон дагы бир чындык бар: баш сөөгү баштын ичине жарыкты өткөрбөйт. Башкача айтканда, мээ турган жер капкараңгы, ошондуктан, мээнин жарыктын өзүнө жетиши («тийиши») эч мүмкүн эмес. Бирок, сиз кереметтүү бир абалда ушундай капкараңгы жерде жапжарык, абдан кооз дүйнөнү көрөсүз. Түркүн түстүү бир табият, жаркыраган бир пейзаж, жашылдын ар кандай тондору, мөмөлөрдүн түстөрү, гүлдөрдүн оймолору, күндүн жаркырашы, көчө толо адамдар, жолдо чоң ылдамдык менен жүргөн унаалар, бир соода борборундагы жүздөгөн түрдөгү кийимдер жана башка бүт нерселер ушул капкараңгы жерде пайда болот.

Бул жердеги кызыктуу абалды бир мисал менен түшүндүрөлү. Маңдайыбызда чоң бир от бар деп элестетели. Бул оттун маңдайына өтүп, аны көпкө карашыбыз мүмкүн. Бирок бул убакыт бойу мээбиз оттон келген жарыктын жана ысыктын оригиналын көрүп, сезе албайт. Оттогу жалындын жарыгын жана ысыктыгын сезген учурда да башыбыз жана мээбиздин ичи капкараңгы жана температурасы эч өзгөрбөйт. Капкараңгы мээнин ичинде электрдик импульстардын түркүн түстүү, жаркыраган бир сүрөттөлүшкө айланышы абдан чоң бир керемет. Бул процесс жөнүндө терең ой жүгүрткөн адам бул кереметке абдан таң калат.

Жарык да мээбизде пайда болот

Within the brain is pitch black. Light does not reach into the brain.

Extremely Realistic "Copy Images" That Form in The Brain

In the table below, you see a comparison between the vision of the human eye and the vision of a high-tech television, which is produced by the hard work of thousands of electronic engineers.

The Material Making Up The Eye Some of the Spare Parts Making Up a Television
Proteins
Lipid
Water
Cathode-ray tube, Control panel, Tuner, Capacitor, Selenium rectifier, Transmitter, Modulator, Amplifier, Oscillator, Picture Tube, Surface Acoustic Wave (SAW) filter....
Result Result
Bright, three-dimensional, clear, dazzling vision which is almost the same as its original, without snow and maelstroms and with depth A vision sometimes snowy, sometimes fuzzy, not one to one resemblance to the original, sometimes maelstrom, where the feeling of depth is not fully felt

As also seen in this comparison, despite their dozens of years of efforts, people have not been able to provide vision which has the same sharpness and high quality as the vision of an eye. However, your eye, which is only composed of protein, lipid and water, creates what they have not succeeded by forming a very realistic image. This is such a perfect sharpness that everyone thinks that the image he or she sees is the original. They cannot realize that everything they see actually forms in the brain. Even though they do not see the original, they are convinced that they watch the real picture, because the quality of the picture that forms in the brain is perfect. The one who sees the picture is not the proteins, molecules or atoms in the brain, but the soul which God breathed from His Spirit to man.

eye, brain, vision

Көрүү процессинин кандайча ишке ашканын түшүндүрүүдө буга чейин сырттан келген жарыктын көзүбүздөгү клеткаларды стимулдаарын жана бул стимулдун (кыймылдын) сүрөттөлүштүн пайда болушуна себепчи болоорун айттык. Бирок бул жерде белгилей кетчү абдан маанилүү дагы бир жагдай бар. Чынында, мээбиздин сыртында биз тааныган мааниде жарык да жок. Биз билген, тааныган жарык кайра эле мээбизде пайда болот. Тышкы дүйнөдө, тагыраак айтканда, мээбиздин тышында жарык деп атаган нерсебиз – бул электромагниттик толкундар жана фотондор (фотондор – бөлүкчө абалындагы энергия). Бул электромагниттик толкундар же фотондор торчону стимулдаганда (сигнал бергенде), биз билген «жарык» жаралат. Физика китептеринде жарыктын мындай өзгөчөлүгү мындайча түшүндүрүлөт:

Жарык термини физикалык же объективдүү бир мааниде электромагниттик толкундар менен же фотондор менен байланыштуу катары колдонулду. Ушул эле сөз психологиялык мааниде электромагниттик толкундар жана фотондор көз торчосуна тийгенде, адамда пайда болгон сезим менен байланыштуу катары да колдонулууда. Жарык сөзүнүн объективдүү да, субъективдүү да түшүнүктөрүнө чогуу аныктама берели: жарык – бул бир адамдын көзүнө, торчого сигнал берилгенден пайда болгон көрүү таасирлери менен, бар экенин көрсөткөн бир энергия абалы.4

Жыйынтыктасак, жарык көзүбүзгө келген кээ бир электромагниттик толкундардын же бөлүкчөлөрдүн бизде жараткан таасири менен пайда болууда. Башкача айтканда, сыртта мээбиздеги сүрөттөлүштү пайда кыла турган бир жарык да жок. Энергия гана бар. Жана бул энергия көзүбүзгө жеткенде, биз түркүн түстүү, жаркыраган, кооз, сонун бир дүйнөнү көрөбүз.

Түстөр да мээбизде жаралат

All Colors are Formed in Our Brains There are No Colors in The Outside World

There are no colors in the world outside. Colors are only formed in the eyes and brain of the observer. Only energy packets of various wavelengths exist in the external world. It is our brains that transform this energy into colors.

Биз төрөлгөндөн бери чөйрөбүздө түркүн түстүү бир дүйнөнү, түркүн түстүү бир чөйрөнү көрөбүз. Чынында болсо, ааламда бир түс дагы жок. Түстөр мээбиздин ичинде жаралат. Сыртта ар кандай узундуктагы толкундарга ээ электромагниттик толкундар гана бар. Көзүбүзгө жеткен нерсе – бул ар кандай толкун узундугундагы энергия. Жогоруда да айтылгандай, биз муну жарык деп атайбыз, бирок бул биз билгендей жаркыраган, айдың бир жарык эмес, энергия гана. Мээбиз бул ар түрдүү толкун узундугуна ээ энергияны жоромолдогондо, биз буларды «түстөр» катары көрөбүз. Чындыгында болсо, деңиздер көк эмес, чөптөр жашыл эмес, топурак күрөң эмес, мөмөлөр да түстүү эмес. Алар мээбизде ошондой кабылдаганыбыз үчүн гана ошондой. Аң-сезим жана мээ темасында жазган китептери менен таанылган Daniel C. Dennet (Даниел С. Деннет) бул чындыкты кыскача төмөнкүдөй баяндайт:

Орток пикир боюнча, илим түстөрдү физикалык дүйнөдөн алып салды жана анын ордуна түссүз, ар кандай толкун узундугундагы электромагниттик нурларды калтырды.5

Деннет мээ менен байланыштуу бир китебинде түстөрдүн пайда болушу жөнүндө болсо төмөнкүлөрдү айтат:

Дүйнөдө түс жок; түс көргөн адамдын көзүндө жана мээсинде гана пайда болот. Заттар жарыктын ар кандай толкун узундугун чагылдырышат, бирок бул жарык толкундарынын түсү жок.6

Бул илимий чындыкты жакшыраак түшүнүү үчүн түстөрдү кантип көргөнүбүздү анализ кылалы.

Күндөн келген жарыктар бир затка тийгенде, ар бир зат жарыкты ар түрдүү толкун узундугунда чагылдырат. Бул ар кандай толкун узундугундагы жарык көзгө жетет. (Бул жерде жарык деп айтылган нерсенин чынында электромагниттик толкундар жана фотондор экенин, биз билген жарыктын мээбизде гана пайда болоорун унутпоо керек.) Түстүн кабылданышы көздүн торчосундагы конус клеткаларында башталат. Торчодо жарыктын бергилүү толкун узундугуна реакция берген үч негизги конус клетка тобу бар. Бул клетка топторунун бири кызыл, экинчиси көк, үчүнчүсү болсо жашыл нурду сезет. Бул үч түрдүү конус клеткаларынын ар түрдүү деңгээлдерде стимулданышы натыйжасында миллиондогон түрдөгү түс жаралат. Бирок жарыктын конус клеткаларына жетиши түстөрдүн пайда болушу үчүн жетиштүү эмес.

There is no light and no color outside of our brains. Colors and light are formed in our brains.

In the retina in the eye, there exist three groups of cone cells, each of which react to different wavelengths of light. The first of these groups is sensitive to red light, the second is sensitive to blue light and the third is sensitive to green light. Different levels of stimulus to each of the three sets of cone cells gives rise to our ability to see a world full of color in millions of different tones.

In the picture shown above right, the green area on the left hand side appears to be dark while the green area on the right hand side appears lighter. In fact, the tones of both greens, as shown in the bottom are exactly the same. The red and orange colors next to the green bands trick us into thinking that the two green colors are of different tones. This again points to the fact that we do not see the original material world, we only see our interpretation of it in our brain.

Because of God's perfect creation, we see electrical signals as a bright world, full of color, made up of millions of shades of color, and we enjoy what we see. This is an extraordinary miracle that must be carefully considered.

Johns Hopkins университети медицина факультетинен изилдөөчү Jeremy Nathans (Жереми Натанс) көздөгү клеткалардын түстөрдү пайда кылбашын мындайча белгилейт:

Бир конус клетканын кыла турган жалгыз иши – жарыкты кармап, көлөмү (тыгыздыгы) жөнүндө маалымат берүү. Түс жөнүндө сизге эч нерсе айтпайт.7


All Sounds are Formed in Our Brains There are No Sounds in The Outside World

Конус клеткалар кабыл алган бул түс жөнүндөгү маалыматтарды ээ болгон пигменттери жардамында электрдик импульстарга айландырышат.

Бул клеткаларга тиешелүү нерв клеткалары болсо электрдик импульстарды мээдеги атайын бир аймакка жөнөтүшөт. Жашообуз боюнча көргөн түркүн түстүү дүйнөбүз пайда болгон жер – дал ушул мээдеги атайын аймак.

Ошондуктан, мээбиздин сыртында түс жок, жарык да жок. Электромагниттик толкундар жана бөлүкчөлөр абалында кыймылдаган бир энергия гана бар. Түстөр да, жарык да биздин мээбизде. Башкача айтканда, биз бир гүлдү кызыл болгону үчүн кызыл катары көрбөйбүз. Биздин бир гүлдү кызыл көрүшүбүздүн себеби – торчого тийген энергиянын мээбиз тарабынан кызыл түс катары жоромолдонушу.

Түс сокурдугу – түстөрдүн мээбизде пайда болгондугунун маанилүү далилдеринен. Белгилүү болгондой, көздөгү торчодо пайда болгон кичинекей бир бузулуу түс сокурдугуна себеп болот. Натыйжада көп адамдар жашыл менен кызылды бири-биринен айырмалай албайт.

Бул абалда сырттагы нерсенин «түстүү» болуп болбошу маанилүү эмес. Себеби биз нерселерди алар түстүү болгону үчүн түстүү кылып көрбөйбүз. Бул жерден чыга турган жыйынтык төмөнкүдөй: нерселерге, заттарга тиешелүү деп ойлогон бардык сыпаттар «сырткы дүйнөдө» эмес, мээбизде. Биз эч качан сезүү органдарыбыздын сыртына чыгып, сыртка жете албаганыбыз үчүн заттардын же түстөрдүн оригиналдарын болсо биле албайбыз.

Атактуу ойчул Беркелей бул чындыкка төмөнкү сөздөрү менен көңүл бурат:

Кыскача айтканда, бир эле нерселер бир эле учурда кээ бирөөлөр үчүн кызыл, кээ бирөөлөр үчүн ысык, башкалары үчүн тескерисинче боло алган болсо, демек биз жаңылуулардын таасириндебиз...8

Бардык үндөрдү мээбизде угабыз

The outer ear captures sound waves and delivers them to the middle ear. The middle ear amplifies these sounds and transmits them to the inner ear. The inner ear converts these sounds into electric signals on the basis of their intensity and frequency and then sends them to the brain.

Угуу процесси да көрүү процесси сыяктуу эле ишке ашат. Башкача айтканда, сырткы дүйнөгө тиешелүү сүрөттөлүштөрдү кантип мээбизде көрүп жатсак, үндөрдү да мээбиздин ичинде угабыз. Сырткы кулак чөйрөдөгү үн толкундарын кулак лакатору жардамы менен топтоп ортоңку кулакка берет. Ортоңку кулак кабыл алган үн толкундарын күчөтүп, ички кулакка берет. Ички кулак болсо, бул үн жыштыктарын электрдик импульска айландырып, мээге жөнөтөт. Мээде бир канча процесстен кийин маалыматтар, эң аягында бул импульстар иштелип, жоромолдоно турган, угуу борборуна жеткирилет. Натыйжада угуу процесси да мээдеги угуу борборунда ишке ашат.

Ошондуктан, мээбиздин сыртында үндөр эмес, үн толкундары катары билинген физикалык толкундар бар. Бул үн толкундары үнгө айланган жер болсо сырт тарап же кулагыбыз эмес, мээбиздин ичи. Башкача айтканда, көргөн – көзүбүз болбогон сыяктуу, уккан да – кулактарыбыз эмес. Мисалы, эң жакын досуңуз менен сүйлөшүп отурганда, досуңуздун сүрөттөлүшүн мээңизде көрөсүз жана үнүн мээңиздин ичинде угасыз. Жана мээңиздеги сүрөттөлүш үч өлчөмдүү, алыстык сезими менен бирге болгон сыяктуу, досуңуздун үнү да сизге алыстык сезимин тастыктай турган абалда келет. Мисалы, досуңузду өзүңүздөн алыста көрүп жатсаңыз же арка тарабыңызда отурган болсо, үнү да анын ордуна жараша алыстан же абдан жакындан же арка тарабыңыздан келип жатат деп ойлойсуз. Чындыгында болсо, досуңуздун үнү арка тарабыңызда да, алыста да эмес. Досуңуздун үнү сиздин ичиңизде, мээңизде.

Уккан үнүңүздүн чыныгы абалы жөнүндө башка кереметтер да бар. Мээ жарыкты өткөрбөгөн сыяктуу, үндү да өткөрбөйт. Тагыраак айтканда, мээге эч качан эч кандай үн жетпейт. Ошондуктан, сиз уккан үндөр канчалык катуу болбосун, мээңиздин ичи толугу менен жымжырт. Ал эми бул ызы-чууну, эң так үндөрдү мээңизде угасыз. Бул үн ушунчалык так, даана болгондуктан, ден-соолугу ордунда бир адамдын кулагы үндөрдү эч кандай кошумча чыйкылдаган үндөр жок тазалыкта угат.

Although People Presume That They See The Original of Matter Light, Sound And Colors Do Not Exist Outside of Our Brains; Only Energy Exists

Although the fact that everything we experience is a totality of perceptions formed inside our brains has been scientifically proven, some people still claim that they see the originals of these images that exist outside our brains. However, they will never be able to prove this claim. As mentioned before, light, sound or colors do not exist outside of our brains. Light only exists outside in the form of energy waves and packets of energy, and we only become aware of light when it hits the retina. Similarly, there is no sound. There are only energy waves. Sound only forms when these energy waves reach our ears and are subsequently transmitted to our brains. There is no color outside, either. When we say "there is no color" people might think of a view of black, white or gray. In fact, these are also colors. In the world outside of our brains even the colors of black, white and gray do not exist. Only energy waves in varying strength and frequency exist, and these energy waves are only converted into colors through the cells in the eye and the brain.

Quantum physics is another branch of science which shows that the claims of those who say that they see the original of matter are unjustified. The most important truth discovered by quantum physics, which leaves materialists speechless, is that matter is 99.9999999% empty. In his studies of physics and psychology, Peter Russell often makes comments about human consciousness. In an essay adapted from his book, From Science To God, Russell explains this truth thusly: Take, for example, our ideas as to the nature of matter. For two thousand years it was believed that atoms were tiny balls of solid matter-a model clearly drawn from everyday experience. Then, as physicists discovered that atoms were composed of more elementary, subatomic, particles (electrons, protons, neutrons, and suchlike), the model shifted to one of a central nucleus surrounded by orbiting electrons-again a model based on experience. An atom may be small, a mere billionth of an inch across, but these subatomic particles are a hundred-thousand times smaller still. Imagine the nucleus of an atom magnified to the size of a grain of rice. The whole atom would then be the size of a football stadium, and the electrons would be other grains of rice flying round the stands. As the early twentieth-century British physicist Sir Arthur Eddington put it, "matter is mostly ghostly empty space"-99.9999999 percent empty space, to be a little more precise.

With the advent of quantum theory, it was found that even these minute subatomic particles were themselves far from solid. In fact, they are not much like matter at all-at least nothing like matter as we know it. They can't be pinned down and measured precisely. They are more like fuzzy clouds of potential existence, with no definite location. Much of the time they seem more like waves than particles. (Peter Russell, The Mystery of Consciousness and the Meaning of Light, 12 Oct 2000, http://www.arlingtoninstitute.org/futureedition/From_Science-To-God.htm)

We can thus see that science shows us that beyond the confines of our brain, there are only energy waves and energy packets. Beyond our brain there is no light, no sound and no color. Additionally, atoms and subatomic particles that form a material are actually loose groups of energy. As a result, material is comprised of space. In reality, God creates matter through a vision with these qualities.

ear, brain

The brain is soundproof as well as lightproof. Therefore, even if the noises we hear are loud, the insides of our brains are very quiet. However, in this silence, there is a consciousness that can interpret electrical signals as a melody that he or she loves, or as the voice of a friend or the sound of the telephone ringing.

Үн өткөрбөгөн, терең бир жымжырттык өкүм сүргөн мээңизде бир оркестрдин симфонияларын тыңдайсыз, адам толо чөйрөлөрдүн бардык ызы-чуусун угасыз, бир жалбырактын шуудураганынан учактардын катуу үнүнө чейинки жыштык жана децибел аралыгындагы бардык добуштарды кабылдай аласыз. Сүйгөн бир ырчыңыздын концертине барганыңызда зал толо жаңырган күчтүү үн да чынында мээңиздеги толук жымжырттыкта пайда болот. Өзүңүзчө бийик үн менен ырдаганыңызда да муну кайра эле мээңизде угасыз. Чындыгында ошол учурда атайын бир аппарат менен мээңиздин ичиндеги үн деңгээли өлчөнсө, ал жерде толугу менен жымжырттык өкүм сүргөнү аныкталат. Бул абдан кереметтүү бир нерсе. Мээңизге келген электрдик импульстар үн катары, мисалы бир стадион толо адамдар кошулуп ырдаган бир топтун концерти катары мээңизде тыңдалууда.

Бардык жыттар мээнин ичинде пайда болот

nose, smell,roseБир адамдан жытты кантип сезесиң деп суралса, чоң ыктымалдуулук менен «мурдум менен» деп айтат. Чынында болсо кээ бир адамдар так чындык деп ойлогон мындай жооп туура эмес. Yale университетинин неврология профессору Gordon Shepherd (Гордон Шеферд) «Мурдум менен жыттап жатам деп ойлойбуз, бирок бул «кулагым менен угуп жатам» деген сыяктуу эле нерсе» сөздөрү менен мунун туура эмес экенин айтат.9

All Smells Take Place Within Our Brain

A person smelling roses in his or her garden does not, in reality, smell the originals of the roses. What he or she senses is an interpretation of electrical signals by his or her brain. However, the smell seems so real that the person would never understand that he or she is not smelling the original rose, and some therefore suppose that they are smelling the real rose. This is a great miracle created by God.

Жыт сезүү органыбыздын иштеши башка сезүү органдарыбыздын иштешине окшош. Чынында мурдубуздун сырттан көрүнгөн бөлүгүнүн милдети канал сыяктуу, абадагы жыт молекулаларын ич тарапка алуу гана. Ванилин же гүл жыты сыяктуу учуучу молекулалар мурундун эпителий деп аталган аймагындагы кыймылдуу түкчөлөрдө жайгашкан кабыл алуучуларга келет жана бул кабылдагычтарда реакцияга кирет. Жыт молекулаларынын эпителий аймагындагы реакциясы мээбизге электрдик импульс катары жетет. Бул электрдик импульстар болсо мээбизде жыт катары кабылданат. Натыйжада биз сонун же жаман деп атаган жыттардын баары учуучу молекулалардын реакцияларынын электрдик импульска айландырылгандан кийин мээдеги кабыл алынышы гана. Бир атырды, бир гүлдү, сүйгөн бир тамагыңыздын же деңиздин жытын, көңүлүңүзгө жаккан же жакпаган ар түрдүү жыттын баарын мээңизде кабылдайсыз. Бирок жыт молекулалары болсо мээге эч качан жетпейт. Үн жана сүрөттөлүштө болгон сыяктуу жыт сезүүдө да мээбизге электрдик импульстар гана жетет.

Демек, жыттын багыты да жок, себеби бардык жыттар мээңиздеги жыт сезүү борборунда кабылданат. Мисалы, кекстин жыты печкадан, тамактын жыты ашканадан, гүлдүн жыты бакчадан, деңиздин жыты бир канча метр алыстыктагы деңизден келбейт. Баары бир гана чекитте, мээңиздеги тиешелүү жерде кабылданат. Бул кабылдоо борборунан башка оң, сол, алды, аркасы сыяктуу түшүнүк жок. Булардын ар бири бир караганда ар кандай таасирлерден пайда болуп, ар кайсы тараптардан келип жаткандай сезилсе да, түпкүрүндө баары мээде пайда болууда. Жыт сезүү борборуңузда пайда болгон таасирлерди сырттагы заттардын жыты деп ойлойсуз. Чындыгында болсо, бир гүлдүн сүрөттөлүшү көрүү борборунун ичинде болгон сыяктуу эле, ал гүлдүн жыты да жыт алуу борборунун ичинде. Сыртта чыныгы бир жыт бар болсо да, сиздин ал жыттын оригиналына жетишиңиз эч мүмкүн эмес.

George Berkeley (Жорж Беркелей) бул маанилүү чындыкты байкаган бир ойчул катары «Алгач түстөр, жыттар ж.б. чындыгында бар деп кабыл алынды; бирок кийинчерээк мындай көз-караштардан баш тартылды жана булардын сезүү органдарыбыздын кабылдоосу натыйжасында гана бар экендиги аныкталды.» деп айтат.

Жыттын бир кабылдоо экенин түшүнүү үчүн түштү ойлонуу пайдалуу болушу мүмкүн. Адамдар түшүндө бүт сүрөттөлүштөрдү абдан так, чындыктай көрө алган сыяктуу, бүт жыттарды да түштөрүндө чындап эле бар сыяктуу сезишет. Мисалы, түшүндө ресторанга барган бир адам тамагына тиешелүү жытты сезүүдө, деңиз кыдырып чыккан адам деңиздин жытын сезүүдө, гүл бакчага кирген адам гүлдөрдүн жытын сезип, ырахат алууда. Же болбосо бирөө атыр дүкөнүнө кирип, атыр тандоодо жана ал тургай бул атырлардын ар биринин жытын айырмалай алууда. Баары ушунчалык чындыкка жакын болгондуктан, адам ойгонгондо таң калууда.

Бул теманы түшүнүү үчүн түштү ойлонуунун деле кереги жок негизи. Саналган мисалдарды элестетип көрүшүңүз эле жетиштүү. Мисалы, азыр бир гүлдүн (мисалы, розанын) жытын элестетиңиз. Колуңузда ал гүл болбогонуна карабастан, эгер концентрация болсоңуз, ал гүлдүн жытын сезе аласыз. Жыт азыр мээңизде пайда болууда. Азыр апаңызды көз алдыңызга келтирүүгө аракет кылганыңызда, апаңыз жаныңызда болбогонуна карабастан, аны мээңизде көрө алганыңыз сыяктуу, гүлдүн жытын да мээңизде сезе аласыз.

The purpose of the nose is to receive smell signals and transmit them to the brain. The smell of soup, or a rose, is sensed in the brain. However, a person can sense the smell of the rose or soup in his dream, even in the absence of any soup or roses. God forms such a convincing collection of senses within the brain with the taste, smell, vision, sense of touch and sound that it takes a lot of explanation to demonstrate to people that all of these feelings occur in the brain and that they are actually not dealing with the originals of anything they see. This is the magnificent knowledge of God.

A person can picture the face of his wife or imagine the smell of a daisy in his brain with little concentration. The question then is that who is seeing without the need of an eye or smelling without the need of a nose things that physically do not exist nearby? This being is the soul of the person.

Вашингтон университетинен психолог Michael Posner (Майкл Поснер) жана невролог Marcus Raichle (Маркус Рейчл) сырттан бир сигнал келбегенине карабастан сүрөттөлүш же башка бир сезимдин кандайча пайда болоору жөнүндө мындай жоромолду жасашат:

Көздөрүңүздү ачыңыз, бир пейзаж сиздин эч кандай аракетиңизсиз экраныңызды толтурууда; көздөрүңүздү жабыңыз жана ал көрүнүштү эстеп көрүңүз. Натыйжада ал пейзаждын бир көрүнүшүн чакыра аласыз, ал сөзсүз көздөрүңүз менен көргөн сыяктуу жандуу, үзгүлтүксүз жана кемчиликсиз эмес. Бирок пейзаждын негизги өзгөчөлүктөрүнө ээ болот. Эки учурда тең пейзаждын сүрөттөлүшү мээде пайда болууда. Чыныгы көрүү тажрыйбасы менен пайда болгон сүрөттөлүш кыялдагы бир сүрөттөлүштөн болгон айырмасы үчүн «кабылдоо» деп аталууда. Кабылдоо торчого тийген жана андан соң мээде процесстен өткөрүлө турган импульстарды жөнөткөн жарыктын натыйжасы катары пайда болууда. Бирок бул импульстарды жөнөтүү үчүн эч кандай жарык торчого тийбегенде, бир сүрөттөлүш кандайча жаралууда? 10

Байкалгандай, бир сүрөттөлүштүн мээбизде пайда болушу үчүн сыртта бир булактын болушу сөзсүз эмес. Ушул эле абал жыт сезүүгө да тиешелүү. Түшүңүздө же кыялыңызда жок бир жытты сезе алган сыяктуу эле, чыныгы жашоодо да жытын сезген нерселердин сиздин сыртыңыздагы абалдарынын кандайча экенин биле албайсыз. Эч качан алардын оригиналдарына жете албайсыз.

Бардык даамдар мээде жаралат

All Tastes Occur Within Our Brains The Sense of Touch also Occurs Within Our Brains

Даам сезүү кабылдоосун да башка сезүү органдарына окшош абалда түшүндүрүүгө болот. Адамдын тилинин алды жагында төрт ар түрдүү химиялык кабылдоочу бар; булар туздуу, таттуу, кычкыл жана ачуу даамдарына туура келет. Даам кабылдоочуларыбыз бир катар процесстен кийин бул кабылдоолорду электрдик импульстарга айландырышат жана мээге жөнөтүшөт. Жана бул импульстар мээнин арка тарабында даам катары кабылданат. Бир тортту, айранды, лимонду же жакшы көргөн бир мөмөңүздү жегениңизде сезген даамыңыз - чынында электрдик импульстардын мээ тарабынан жоромолдонушу.

Мээңизде пайда болгон бир торт сүрөттөлүшүнө мээңизде пайда болгон таттуу даамы кошулат жана торт жөнүндө бүт нерсени жакшы көрүп каласыз. Сиз аппетит менен жегениңизде даам – чынында электрдик импульстардын мээңизде пайда кылган бир таасири гана. Мээңиз сырттан келген сигналдарды кандайча жоромолдосо, сиз ошону гана билесиз. Ал эми сырттагы нерсеге болсо эч качан жете албайсыз. Мисалы, шоколаддын өзүн көрүп, жыттап, даамын тата албайсыз. Же мээңизге келген даам сезүү нервдериңиз үзүлсө, ошол учурда жеген кандайдыр бир нерсеңиздин даамы мээге жетпей калат жана натыйжада такыр даам сезбей каласыз. Сезген даамдарыңыздын абдан чындыкка жакын болушу, анын үстүнө бул нерселердин көрүнүштөрүн да көрүп жатышыңыз сизди жаңылтпасын. Теманын илимий түшүндүрмөсү дал ушундай.

Бир нерсеге тийүү сезими да мээбизде пайда болот

Адамдардын жогоруда түшүндүрүлгөн чындыктарга, тагыраак айтканда, көрүү, угуу, даам сезүү сыяктуу сезимдердин толугу менен мээде пайда болооруна ишенишине тоскоол болгон эң маанилүү фактор – бул тийүү сезими. Мисалы, бул китепти мээңде көрүп жатасың деп айткан адамыңыз терең ойлонбогондо, «мээмде көрүшүм мүмкүн эмес, кара, колум менен тийип жатам» деп айтат. Же «бул китептин сыртта зат катары оригиналынын кандайча экенин биле албайбыз, биз жалаң гана китептин мээбиздин ичиндеги көрүнүшүн көрө алабыз» дегениңизде, терең ойлонбогон адам «жок, кара, колум менен кармап жатам жана катуулугун сезип жатам, демек кандай экенин билем» деп жооп берет.

Чынында болсо бул адамдар түшүнө албаган же түшүнгүсү келбеген чындык төмөнкүдөй: башка бардык сезүү органдарыбыз сыяктуу, тийүү сезими да мээде жаралат. Тагыраак айтканда, сиз бир нерсеге тийгениңизде, анын катуу, жумшак, ным, жабышчаак же жибектей экенин мээңизде кабылдайсыз. Манжа учтарыңызга келген таасирлер мээңизге кайра эле электрдик импульс сыяктуу жетет жана мээңизде бул импульстар тийүү сезими катары кабылданат. Мисалы, сиз бырыштуу бир нерсеге тийгениңизде, анын чынында бырыштуу болуп болбогонун де бырыштуу нерсенин чынында кандайча бир сезим берээрин эч биле албайсыз. Себеби сиз бырыштуу нерсенин оригиналына эч качан тийе албайсыз. Сиздин бырыштуу нерсе жөнүндө билгендериңиз – мээңиздин белгилүү сигналдарды жоромолдоо абалы гана.

brain, book, electric signals

The fact that you are feeling the book you are reading now does not change the fact that you are seeing the book within your brain. As with the appearance of the book, the sense of touching the book also takes place in your brain.

Чай ичип, жакын бир досу менен сүйлөшүп отурган бир адам ысык чай чынысынан колу күйөөр замат, ал чыныны таштап жиберет. Бирок бул жерде ал киши чынынын ысыктыгын чындыгында колунда эмес, мээсинде сезет. Ошол эле адам чайдын даамын жана жытын да мээсинде сезет, сүрөттөлүшүн болсо мээсинде көрөт. Бирок адам ырахаттануу менен ичкен чайынын чындыгында мээсиндеги копиясын көрүп, сезип жатканын эч сезбестен, чынынын оригиналын көрүп, сезип жатам деп ойлойт жана мээсинде пайда болгон досу менен маектешет. Чындыгында бул – абдан кереметтүү бир абал. Адамдын чынынын катуулугунан, ысыктыгынан, чайдын жыты, даамынан таасирленүү менен чынынын оригиналына тийип, чайдын чыныгы абалын ичип жатам деп ойлошу бул адамга мээсинде жашатылган сезимдердин кереметтүү дааналыгын жана кемчиликсиздигин көрсөтөт. Терең ой жүгүртүү керек болгон бул маанилүү чындыкты 20-кылымдын атактуу ойчулу Bertrand Russell (Бертранд Русселл) мындайча түшүндүргөн:

…Манжаларыбыз менен столго тийген учурдагы тийүү сезими – бул манжалар учундагы электрон жана протондорго болгон электрдик таасир. Заманбап физика бойунча, столдогу электрон жана протондордун жакындашуусунан пайда болгон болот. Эгер манжаларыбыздын учундагы ошол эле таасир башка бир жол менен жаратылган болгондо, эч кандай стол болбосо да ошол эле тийүү сезимин сезмекпиз.11

Русселл көңүл бурган нерсе абдан маанилүү. Чынында эле эгер манжа учтарыбызга башка бир жол менен бир сигнал берилсе, ар түрдүү сезимдерди сезе алабыз. Кийинки беттерден байкала тургандай, учурда симуляторлор жардамы менен бул нерсе жасалууда. Колго кийгизилген атайын колкап аркылуу бир адам ал чөйрөдө болбогонуна карабастан, бир мышыкты сылаганын, бир адам менен кол алышканын, суу менен колун жууганын же катуу бир нерсеге тийгенин сезе алууда. Чынында болсо тийгенин сезген бул нерселердин эч бири жок. Бүт бул нерселер адамдын жашоосундагы бүт сезимдерди мээсинде сезгендигинин так далилдери.

Мээбизде пайда болгон дүйнөнүн чыныгы абалын (оригиналын) эч качан көрүп, тийип, сезе албайбыз

brain, book, electric signals

A person who is observing a particular view supposes that he is watching the view before his eyes. However, that view actually forms in the center of vision at the back of the brain. The pertinent question is this: who is that takes pleasure from watching this view, if it cannot be the brain, which is made of lipid and protein?

Бул жерге чейин түшүндүрүлгөндөрдөн даана байкалган сыяктуу, жашообуз боюнча жашаган, көргөн, сезген нерселерибиздин баары мээбизде жаралууда. Мисалы, креслосунда отуруп, терезеден сыртты караган бир адам креслонун катуулугун, олпоктун сыйдаңдыгын мээсинде сезет. Ашканадан келген кофенин жыты чынында ашканада, тагыраак айтканда, алыста эмес, мээсинин ичинде. Терезеден көргөн деңиз көрүнүшү, канаттуулар, дарактар болсо кайра эле мээсинде пайда болгон сүрөттөлүштөр. Ага кофе сунган досу жана кофенин сонун даамы да кайра эле мээсинде пайда болот. Кыскача айтканда, үйүмдүн бөлмөсүндө отурам жана терезеден сыртты карап жатам деп ойлогон бир адам чынында мээсинин ичиндеги экрандан бөлмөсүн, терезеден көрүнгөн көрүнүштү кароодо. Ошентип, адам мээсиндеги экранда көргөн, маанилүү, түшүнүктүү абалда топтолгон сезимдеринин баарын «жашоом» деп атайт жана эч качан мээсинин сыртына чыга албайт.

Бул биз караган экрандын сыртында заттын чыныгы абалы (оригиналы) кандай экенин эч качан биле албайбыз. Чындыктын да биз көргөндөй болуп болбогонун, мисалы, жалбырактын жашылы сыртта да ошондой экенин биле албайбыз. Же жеген таттуунун даамы чынында ошондойбу же мээбиз ошондой кабылдап жатабы, муну билүү мүмкүнчүлүгүбүз такыр жок. Мисалы, мурда көргөн бир пейзажды көз алдыңызга келтириңиз. Ал пейзаж алдыңызда эмес, бирок аны мээңизде көрүп жатасыз. Бул жөнүндө илимпоз Rita Carter (Рита Картер) мындай дейт:

Бир адамдын жүзүн же бир көрүнүштү эстегенибизде, толугу менен оригиналын эстебейбиз, биздин көргөнүбүз оригиналынын бир жоромолу же толугу менен кайра куралган жаңы бир версиясы... Булар канчалык жакшы копия болушса да, оригиналынан кемчиликтүү же башкача.12

Ушул эле абал ал пейзажды караган учуруңузга да тиешелүү. Пейзажды алыс бир жерден туруп эстешиңиз менен анын жанында туруп көрүшүңүз арасында чынында бир айырма жок. Ошондуктан, пейзажды карап жатканыңызда, чынында анын оригиналын эмес, мээңизде курулган бир версиясын көрүп жаткан болосуз.

Бул тема жөнүндө бир саамга ойлонгон адам бул чындыкты толугу менен түшүнөт. Бул адамдардын бири болгон Жорж Беркелей Адам маалыматынын принциптери жөнүндөгү анализ аттуу эмгегинде бул чындыкты мындайча түшүндүрөт:

…Көрүү аркылуу жарык жана түс, алардын даражалары жана айырмалары жөнүндө пикирге ээ болом. Тийүү сезими аркылуу жумшак же катууну, ысык жана муздакты, кыймылды жана тоскоолдукту сезем... Жыт сезүү мага жыттарды; даам сезүү даамдарды, угуу болсо үндөрдү үйрөтөт... Бул сезимдердин кээ бирлери бир учурда сезилгендиктен, аларга бир ат берилет жана алар бир нерсе, зат катары кабыл алынат. Ушундайча, мисалы, белгилүү бир абалдагы бир түс, бир даам, бир жыт, бир кебете жана бир катуулук бирге сезилгенде «алма» деп аталган бир нерсе катары таанылат; башка сезимдер таш, дарак, китеп сыяктуу башка сезиле турган нерселерди пайда кылышат...13

brain, vision

You Can Never Get Out of The Room in Your Brain During Your Life

Imagine that you are entering a dark room which has a big television screen inside. If you could only watch the outside world through this screen, you would naturally get bored of it after a while and want to get out.

Consider for a moment that the place you are in is no different. Inside your dark little skull, similar to a box, you watch visions of the outside world during your life. You continue watching all of these pictures in your brain without getting out of this small place and never get tired of it. In addition to this, you would never believe that you were watching all of these things from a single screen. The vision is so convincing that in thousands of years, billions of people were unable to realize this great reality.

1. Author
2. Page Layout
3. Printing Press
4. Bookshop
5. Binding

Беркелей бул сөздөрүндө түшүндүргөн чындык төмөнкүдөй: мээбизде жашаган ар кандай сезимдерибиздин бириктирилиши натыйжасында бир затка ат беребиз. Бул мисалдагы сыяктуу алманын даамы, жыты, катуулугу, кызыл түсү, тегеректиги жана башка сыпаттары менен байланыштуу сезимдер, кабылдоолор мээбизде бир бүтүн катары кабылданат жана биз бул бүтүндү «алма» деп атайбыз. Бирок биз эч качан бир алманын оригиналын көрүп, сезе албайбыз. Биз көрө алган, жыттай алган, даамын тата алган, тийе алган жана уга алганыбыз – бул мээбиздеги копиялар.

Бул жерге чейин түшүндүрүлгөндөрдү кайра ойлонгонубузда бул чындык толугу менен байкалат. Мисалы;

- жарык жок бир мээде түркүн түстүү жарыктарга толгон бир көчөнү, ар түрдүү түстөрдү, жандуу жана жаркыраган абалда, көрө алып жатсак, анда бул көчөнүн, витриналардын, көчө чырактарынын, унаалардын чырактарынын мээбизде электрдик импульстардан турган копияларын көрүүдөбүз.

- мээбизге эч кандай үн кирбегенине караганда, демек биз эч качан жакындарыбыздын үнүнүн оригиналын уга албайбыз. Уккандарыбыз дайыма копиялар гана.

- же биз эч качан деңиздин салкындыгын, күндүн ысыктыгын сезе албайбыз. Биз дайыма мээбизде булардын копиясын жашайбыз.

- ошол сыяктуу, ушул күнгө чейин эч ким коондун оригиналынын даамын тата элек. Коон катары сезген даам – мээде пайда болгон кабылдоо гана. Себеби, коондун оригиналына тийе да албайт, анын оригиналын көрө да албайт жана анын оригиналынын жытын же даамын сезе да албайт.

Жыйынтыктасак, биз жашообуз боюнча бизге көрсөтүлгөн копия сезимдер (кабылдоолор) менен жашайбыз. Бирок бул копиялар ушунчалык даана болгондуктан, эч качан копия экенин байкабайбыз. Мисалы, азыр башыңызды көтөрүп, отурган бөлмөңүздү карап көрүңүз. Өзүңүздү ичинде эмеректер жайгашкан бир бөлмөдө отурган абалда көрөсүз. Отурган креслоңузга тийгениңизде креслонун оригиналына тийип жаткандай катуулугун сезесиз. Көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөрдүн дааналыгы, бул сүрөттөлүштөрдүн жаратылышында колдонулган кемчиликсиз чеберчилик сизди жана сиз сыяктуу миллиарддаган адамдарды булардын «сырттагы заттын оригиналы» экендигине ишендирүү үчүн жетиштүү. Ал тургай адамдар ушунчалык так ишенишкендиктен, дүйнөгө тиешелүү ар кандай сезимдин, кабылдоонун мээлеринде пайда болгондугун мектеп кезинде китептерде окуганына, ал тургай биология китептери бул чындыкка толо болгонуна карабастан, булардын мээлериндеги копиясын көрүп, сезип жатканына кыйынчылык менен макул болушууда. Мунун себеби – сүрөттөлүштүн кереметтүү бир чеберчилик менен, абдан даана жана кемчиликсиз жаратылып жаткандыгында.

Бүгүнкү күнгө чейин эч бир адам мээсиндеги кабылдоолордун сыртына чыга алган эмес. Ар бир адам мээсиндеги клеткасынын ичинде жашоодо жана сезүү органдары ага көрсөткөндөрүнөн башка эч нерсени жашай албайт. Ошондуктан, кабылдоолорунун сыртындагы дүйнөдө эмне бар экенин эч качан биле албайт. Ушул себептен, «заттын оригиналын билемин» деп айтуу – далилсиз бир пикир гана, себеби эч бир адам буга бир дагы далил алып келе албайт. Адам мээсинде пайда болгон элести гана көрүп, сезет. Мисалы, түркүн түстүү гүлдөргө толгон бир бакчаны кыдырган адам чынында бакчанын оригиналын эмес, мээсиндеги копиясын көрөт. Бирок бул бакча ушунчалык даана болгондуктан, ар бир адам бул кыялында (мээсинде) пайда болгон бакчадан чыныгы бакчаны көргөн сыяктуу ырахат алат. Ал тургай бүгүнкү күнгө чейин миллиарддаган адам бул бакча сыяктуу, көргөн ар бир нерсесинин оригиналын көрүүдөмүн деп ойлошкон.

Мындан тышкары, технологиянын же илимдин өнүгүшү да бул нерседе кандайдыр бир өзгөрүүгө себеп боло албашын да айта кетүү керек. Себеби, ар бир илимий табылга же технологиялык ачылыш да кайра эле адамдардын мээлеринде пайда болот, ошондуктан бул ыкма менен да сырткы дүйнөгө жетүү мүмкүн болбойт.

Алыс-жакындык сезими да мээде пайда болгон бир элес

Көчөдөгү адамдар, унаалар, үндөр, дүкөндөр, имараттар... Бир көчөнү караганыңызда сиз көргөн бул сүрөттөлүш сизге абдан так, чындык сыяктуу сезилет. Ошондуктан, адамдардын көпчүлүгү көргөн бул сүрөттүн мээлеринде пайда болгонун түшүнө алышпайт, баарынын оригиналын көрүп жатам деп жаңылышат. Бул сүрөт ушунчалык кемчиликсиз бир абалда жаратылгандыктан, адамдын мунун сырткы дүйнөнүн оригиналы эмес экенин, мээсиндеги копия сүрөттөлүш экенин түшүнүшү мүмкүн эмес.

Сүрөттөлүштү мынчалык ишендирүүчү жана таасирдүү кылган нерселер болсо – бул алыстык, тереңдик, түс, көлөкө, жарык сыяктуу элементтер. Бул нерселер ушунчалык кемчиликсиз колдонулгандыктан, мээбизде үч өлчөмдүү, түстүү жана жандуу бир сүрөттөлүш абалына келишет. Чексиз сандагы детальдар бул сүрөттөлүшкө кошулганда, ортого эч байкабастан бир өмүр бойу чындык деп кабыл алып, ичинде жашаган, бирок чындыгында мээбизде гана көрүп, сезген бир дүйнө чыгат.

brain, vision, car

A person driving a car believes that the road and the trees he is driving past are far away from him. However, everything he sees is actually on a single plane in his brain just as in a photograph.

light_illusion

In this picture, the line in the back appears twice the size of the line at the front. However, in reality both of the lines are the same size. As we can see from this example, the use of lines, perspective, the light and shadow cause people to observe the same objects differently. In fact, all of these objects are viewed in a single place, in the visual center of the brain.

Эми өзүңүздүн бир унаа айдап баратканыңызды элестетиңиз. Унаанын рулун өзүңүздөн бир кол аралыгы алыстыкта, светофорлорду болсо бир канча жүз метр алды жагыңызда көрөсүз. Алдыңыздагы унаа менен араңызда он метрдей аралык бар. Алыстан көрүнгөн тоолор болсо эсебиңиз боюнча бир канча киллометр алыстыкта. Чындыгында болсо бул болжолдоруңуздун баары туура эмес! Тоолор да, алдыңыздагы унаа да анчалык алыста эмес. Чындыгында бардык сүрөттөлүштөр бир кино экраны сыяктуу мээңизде, бир гана тегиздикте, эки өлчөмдүү абалда орун алышат. Көзүбүзгө чагылган сүрөттөлүштөр телевизор экранындагы сыяктуу эки өлчөмдүү. Анда, бул алыстык жана тереңдик сезими кандайча пайда болууда?

brain, vision, view

All The Objects You Perceive To Be Far Away From You are in Fact in Your Brain

Алыстык деп аталган кабылдоо – үч өлчөмдүү көрүү абалынын бир түрү. Сүрөттөлүштөрдө алыстык жана тереңдик сезимин пайда кылган нерселер болсо – бул перспектива, көлөкө жана кыймыл деп аталган элементтер. Оптика илиминде мейкиндик (space) кабылдоосу деп аталган бул кабылдоо түрү абдан татаал системалар жардамында жаралат. Бул системаны эң жөнөкөй мындайча түшүндүрүүгө болот: чындыгында көзүбүзгө келген сүрөттөлүш эки өлчөмдүү гана. Башкача айтканда, бийиктиги жана туурасы гана бар. Көздүн карегине келген сүрөттөлүштөрдүн өлчөмү жана эки көздүн бир эле учурда эки түрдүү сүрөттөлүш көрүшү тереңдик жана алыстык сезимин жаратат. Биздин ар бир көзүбүзгө түшкөн сүрөттөлүш экинчи көзүбүзгө келген сүрөттөлүштөн бурч, жарык сыяктуу элементтер жагынан айырмалуу. Мээ бул эки түрдүү сүрөттөлүштү жалгыз бир сүрөт абалына алып келип, тереңдик жана алыстык сезимин пайда кылат.

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн мындай эксперимент жасоого болот: алгач оң колуңузду толук алдыга сунуңуз жана сөөмөйүңүздү жогору көтөрүңүз. Эми көздөрүңүздү манжаңызга багыттап, кезек менен оң жана сол көздөрүңүздү жаап ачыңыз. Эки көзгө эки түрдүү сүрөттөлүш келгендиктен, манжанын бир азга эки жакка жылганын көрөсүз. Эми эки көзүңүздү да ачып, оң сөөмөйүңүздү караган боюнча сол сөөмөйүңүздү мүмкүн болушунча көздөрүңүзгө жакындаштырыңыз. Жакында болгон манжаңыздын эки сүрөттөлүш жаратканын байкайсыз, бул болсо кабылдоо системасында алыстагы манжадан айырмалуу бир тереңдик пайда болушу себебинен. Эми ушул абалда көздөрүңүздү кезек менен ачып жапсаңыз, жакындагы манжанын көбүрөөк эки жакка жылганын көрөсүз, себеби эки көзгө түшкөн сүрөттөлүштөрдүн айырмасы көбөйдү.

Үч өлчөмдүү тасма даярдоодо да ушул ыкма колдонулат; эки түрдүү бурчтан тартылган сүрөттөлүш бир эле экранга чагылдырылат. Көрүүчүлөр түс фильтри же поларайд фильтрдүү атайын көз айнек тагышат. Көз айнектин айнегиндеги фильтрлер эки сүрөттөлүштүн бирин кармайт, мээ буларды бириктирип, үч өлчөмдүү сүрөттөлүш абалына алып келет.

Эки өлчөмдүү бир торчодо тереңдик сезиминин пайда болушу – эки өлчөмдүү бир сүрөт кагазында (ноотусунда) чыныгыдай бир тереңдик сезими жаратууга аракет кылган сүрөтчүлөр колдонгон ыкмага абдан окшош. Тереңдик сезимин пайда кылган кээ бир маанилүү элементтер бар. Булар – нерселердин биринин үстүнө экинчисинин жайгашышы, аба перспективасы, тийүүнүн өзгөрүшү, түз перспектива, чоңдук, бийиктик жана кыймыл. Мисалы, тийүүнүн өзгөрүшү тереңдик сезиминин пайда болушунда абдан маанилүү. Үстүндө басып бараткан тегиздик, мисалы бир жол же гүл толо бир талаа чындыгында бир тийүү сезими. Бизге жакын тийүүлөр көбүрөөк детальдуу, ал эми алыста калгандардыкы болсо бозомук көрүнөт. Ушул себептен бир нерсенин үстүнө жайгаштырылган нерселердин алыстыгы жөнүндө болжол жасоо жеңилирээк. Мындан тышкары, бул жерде көлөкө жана жарык сыяктуу элементтер да кошулуп, үч өлчөмдүү сүрөттөлүштү толукташат.

Ийгиликтүү сүрөтчүлөр тарткан сүрөттөрдү таң калуу менен карашыбыздын себеби – алардын көлөкө жана перспектива элементтерин колдонуу менен сүрөткө берген тереңдик жана дааналык сезими.

texture

One of the significant elements which provides the feeling of depth is tissue differentiation. Tissues closer to us can be observed in detail while those further away appear less clearly. For example as we can observe from the picture on the side, a three dimensional tissue has been created on a paper with the feeling of depth, and which seems to be embossed due to the use of color, shadow and light. Even though all the dots are white in the above picture, they appear to be flashing in both black and white.

Перспектива алыстагы нерселердин караган адамдын көрүшү боюнча жакындагы нерселерге караганда кичине көрүнүшүнөн жаралат. Мисалы, бир пейзаж сүрөтүн караганыбызда алыстагы дарактар кичинекей, жакындагы дарактар болсо чоң көрүнөт же арка пландагы тоонун сүрөтү алдыңкы планда турган адамдын сүрөтүнөн кичине кылып тартылат. Түз перспективада болсо сүрөтчүлөр параллельдүү сызыктарды колдонушат. Мисалы, поезддин рельстери бир сызыкта биригүү менен алыстык жана тереңдик сезимин пайда кылышат.

Сүрөтчүлөр сүрөттөрүндө колдонгон ыкма мээбизде пайда болгон сүрөттөлүшкө да тиешелүү. Мээбиздеги эки өлчөмдүү бир жерде тереңдик, жарык, көлөкө ушул эле ыкма менен пайда болот. Бир сүрөттөлүштө детальдар, тагыраак айтканда, жарык, көлөкө жана чоңдуктар канчалык майда-чүйдөсүнө чейин жасалса, ал сүрөттөлүш ошончолук даана болот жана сезимдерибизди жаңылтат. Натыйжада биз үчүнчү өлчөм болгон тереңдик жана алыстык бар сыяктуу мамиле кылабыз. Чындыгында болсо биз көргөн бардык сүрөттөлүштөр бир кинонун кадрлары сыяктуу жалгыз бир тегиздик (экран) үстүндө турат. Мээбиздеги көрүү борбору абдан кичинекей! Бардык ал алыс аралыктар, алыстагы үйлөр, асмандагы жылдыздар, ай, күн, абада учкан учактар, куштар сыяктуу сүрөттөлүштөрдүн баары ушул жерге батат. Башкача айтканда, сиз карап, миңдеген киллометр алыста деп ойлогонуңуз бир учак менен, колуңузду сунуп кармай алган чыныңыз арасында эч кандай аралык жок, баары мээңиздеги кабылдоо борборунда жалгыз бир экран бетинде.

Мисалы, алыста жылып бараткан бир кеме чынында сизден бир канча киллометр алыста эмес. Кеме сиздин мээңиздин ичинде. Сиз караган терезенин тактайы, терезенин алдындагы дарак, үйүңүздүн алдынан өткөн жол, деңиз жана деңизде сүзүп бараткан кеме да баары мээңиздеги көрүү борборунда, тагыраак айтканда, эки өлчөмдүү жерде пайда болууда. Бир сүрөтчү чоң-кичине сыяктуу чоңдуктарды, түс, көлөкө жана жарык сыяктуу элементтерди жана перспективаны колдонуу менен алыстык сезимин эки өлчөмдүү бир сүрөттө көрсөтө алган сыяктуу, биздин мээбизде да ушул сыяктуу эле алыстык сезими пайда болот. Жыйынтыктасак, көргөн нерселерибизди өзүбүздөн алыста деп кабылдашыбыз, көргөн нерселерибиз менен арабызда бир аралык болушу бизди жаңылтпашы керек. Себеби алыстык да – башкалары сыяктуу бир кабылдоо, сезим гана.

tableau

Creating a Picture With Depth on a Two Dimensional Surface

There is a very realistic depth in all of these pictures. A three-dimensional view with depth can be formed on a two-dimensional canvas by making use of shade, perspective and light. This element of realism can be increased depending on the ability of the painter. The same can be said for our own sight perception as well, as the vision that reaches the retina in fact exists in two dimensions. However, the images reaching each of our eyes become a single image, so that our brain perceives a three-dimensional image with depth.

Сиз бөлмөнүн ичиндесизби, же бөлмө сиздин ичиңиздеби?

Адамдардын бүт нерсени мээсинде көрүп жаткандыгын түшүнүшүнө тоскоол болгон себептердин бири – денелерин да бул сүрөттөлүштүн ичинде көрүшү. «Мен бул бөлмөнүн ичиндемин, демек бул бөлмө менин мээмде пайда болгон жок» сыяктуу туура эмес бир жыйынтыкка барышууда. Аларды мындай туура эмес жыйынтыкка алып барган жаңылыштыгы болсо – денелеринин да сүрөттөлүшүн көрүп жаткандыгын унутушунун натыйжасы. Чөйрөбүздө көргөн нерселерибиздин баары копия сүрөттөлүштөр гана болгон сыяктуу эле, денебиз да мээбизде пайда болгон бир копия сүрөттөлүш. Мисалы, азыр отурган креслодо денеңиздин мойнуңуздан ылдый тарабын көрүп жатасыз. Бул сүрөттөлүш да башка сүрөттөлүштөр сыяктуу системада пайда болууда. Колуңузду бутуңузга койгондо бул тийүү сезими да мээңизде жаралууда. Башкача айтканда, сиз азыр мээңизде пайда болгон денеңизди көрүп жатасыз жана денеңизге тийгениңизди да мээңизде сезип жатасыз.

Денеңиз да мээңиздеги бир сүрөттөлүш болгондуктан, бөлмө сиздин ичиңиздеби, же сиз бөлмөнүн ичиндесизби? Бул суроонун туура жообунун «бөлмө сиздин ичиңизде» экендиги айдан ачык. Жана сиз мээңиздеги бөлмө сүрөттөлүшүнүн ичиндеги денеңиздин сүрөттөлүшүн көрүүдөсүз.

brain, vision

Since your body is an image seen in your brain, the question is this: are you inside the room that you are in, or is the room inside you? The answer is clear: of course, the room is inside you, in the vision center of your brain.

brain, vision

Муну бир мисал менен да түшүндүрөлү. Лифтти чакырдыңыз жана анын ичинде жогорку кабаттагы коңшуңуз бар экен дейли. Лифтке түштүңүз. Чындыгында сиз лифттин ичиндесизби, же лифт сиздин ичиңиздеби? Туурасы төмөнкүдөй: лифт, ичиндеги коңшуңуздун жана сиздин денеңиздин сүрөттөлүшү менен бирге мээңизде жаралууда.

Жыйынтыктасак, биз эч нерсенин «ичинде» болбойбуз. Бүт нерсе биздин ичибизде, тагыраак айтканда, мээбизде пайда болот. Күндүн, айдын, жылдыздардын же асманда бараткан бир учактын бизден миллиондогон киллометр алыстыкта болушу бул чындыкты өзгөртпөйт. Күн жана ай да, азыр колуңузда кармап турган китеп сыяктуу мээңиздин ичиндеги кичинекей көрүү борборунда пайда болгон копия сүрөттөлүштөр.

Жасалма жол менен пайда кылынган элестер

brain, vision

In an experiment, blind people were made to see some visions by a device. Through the device, these blind people could see some very realistic visions not belonging to the outside world but produced artificially. They were under the impression that something was coming towards them, so they stepped back to protect themselves.

Илимпоз Рита Картер Mapping The Mind аттуу китебинде «көрүү үчүн көз керек эмес» деп айтуу менен илимпоздор тарабынан ишке ашырылган маанилүү бир экспериментке орун берүүдө. Бул экспериментте көзү көрбөгөн адамдарга видео сүрөттөрдү толкундарга айландырган бир аппарат тагылды. Бул адамдардын көздөрүнүн жанына тагылган бир камера болсо сигналдарды бул адамдын мээсине жөнөтүп турду. Ушундай жол менен бул адам көрүү дүйнөсүнөн тынымсыз сигнал ала алып жаткан эле. Оорулуулар белгилүү бир убакыттан кийин чындап эле көрүп жаткан сыяктуу аракет кыла башташты. Мисалы, аппараттардын биринде сүрөттөлүштү жакындаштыруучу бир линза бар эле. Бул линза оорулууга эскертилбестен, кыймылдатылганда оорулуу сүрөттөлүш чоңойуп анын үстүнө келе жаткандай көргөндүктөн, эки колу менен өзүн коргонгонго аракет кылган.14 Бул экспериментте да байкалгандай, кабылдоолорубуздун пайда болушу үчүн жасалма жол менен жасалган элестер да жетиштүү болууда.

Түшүбүздө көргөн «кабылдоолор (элестер) дүйнөсү»

Бир адам түш көрүп жатканда, көздөрү жумулуу абалда төшөгүндө жатат. Бирок буга карабастан, чыныгы жашоосунда жолуккан окуялардын, сезген сезимдеринин, сигналдардын баарын түштөрүндө чындыктан айырмалай албай турган абалда даана көрүп, сезишет. Бул чындыкка бул китепти окуган адамдардын баары түздөн-түз өз уйкуларында бат бат күбө болуп турушат. Мисалы, түнкүсүн төшөгүндө тыптынч жерде, жанында эч ким жок жалгыз жаткан бир адам түшүндө өзүн көп адамдардын арасында, бир коркунучтун ичинде көрүшү мүмкүн. Болгон аракети менен бул коркунучтан качканын, бир дубалдын артына жашынганын чындыктай башынан өткөрөт. Ал тургай түшүндө көргөндөрү ушунчалык даана, чындыктай болгондуктан, коркуу жана паника сезимдерин чындап эле коркунучтуу бир чөйрөдөгүдөй толугу менен сезет. Ар бир ызы-чууда жүрөгү оозуна тыгылат, коркуудан тириреп, жүрөгү бат бат согуп, тердейт, адам денеси коркуу учурунда эмнелерди сезсе, денеси кандай реакцияларды берсе, ошонун баарын дал өзүндөй башынан өткөрөт. Чындыгында болсо, мээсинин сыртында көргөн нерселеринин эч бири жок.

brain, vision

When a person has a dream of being in a garden on a bitingly cold morning in the winter, he can feel the cold and start shaking. However, there is neither wind nor cold in his particular location. He might be even sleeping in a very warm room. Nevertheless, he feels the cold in all its reality. There is no difference between the cold he feels in the real world and the cold he is feeling in his dream.

man_sleep_soldier

A person sleeping in a comfortable bed in his home may dream that he is in the middle of a war. And he might also feel the fear, tension and the panic of the war as if it were taking place in the real world. Yet at that time he is sleeping in a comfortable bed by himself. The realistic noises and visions he sees in his dream occur in his mind.

Түшүндө бийик бир жерден төмөн кулаган бир адам да муну болгон денеси менен сезет. Чындыгында болсо ошол учурда адам төшөгүндө эч кыймылдабастан жаткан болот. Же болбосо, түшүндө буту тайып сууга түшүп кеткен адам кийиминин суу болгонун, шамалдан үшүгөнүн сезиши мүмкүн. Бирок ал жаткан жерде суу да, шамал да жок. Ал тургай абдан ысык бир бөлмөдө уктап жатканына карабастан, суу болгонун жана үшүгөнүн ойгоо абалдагы сыяктуу чындап сезет.

Же түшүндө заттын оригиналын көрүп, сезип жатканын айткан бир адам өзүнө абдан ишениши мүмкүн. Ага «заттын копиясын көрүп, сезип жатасың», «сырткы дүйнөнүн оригиналын көрүп, сезүү мүмкүн эмес» деп түшүндүргөн курбусунун далысына колун койуп, «эми мен эмне бир элесминби? Сен колумду далыңда сезип жаткан жоксуңбу? Анан кандайча копия сүрөттөлүш болосуң? Кайдан чыгардың мындай сөздөрдү? Кел сени менен бир Босфор туру кылалы, бул теманы да сүйлөшөбүз, ошондой эле сен бул сөздөрдү кайдан алдың, аны да айтып бересиң» деши мүмкүн. Терең уйкусунда көргөн бул түш ушунчалык даана болгондуктан, ырахаттануу менен унаасынын ачкычын бурап, моторго акырын акырын газ берет жана андан соң газды катуу басып унаасын учуртуп жөнөйт. Жолдо ыкчам баратканда дарактар жана жолдогу сызыктар ылдамдыктан бир бүтүн сыяктуу көрүнөт. Бир тараптан Босфордун таза абасынан жутат. Эми досунун сөздөрүнө каршы чыгууга, ошол учурда жашап жаткандарынын элес эмес экенин түшүндүрүүгө даярданып жатканда, саатынын коңгуроосунан улам уйкудан ойгонот. Бирок эң кызыгы, түшүндө көргөндөрүнүн элес экенине каршы чыккан бул адам өңүндө да көргөн нерселеринин мээсинде пайда болгон копия сүрөттөлүштөр экенин түшүндүргөн бир курбусу жанында болсо, ага да ошол сыяктуу эле каршы чыгат.

man_sleep_soldier

A person sleeping in his house can see himself on a rapidly turning wagon in a fair ground while dreaming. He can realistically sense the wind that he would experience on a fast moving wagon in the real world.

Адамдар түштөрүнөн ойгонушканда, ал убакка чейин көргөндөрүнүн баарынын элес экенин түшүнүшөт, бирок «ойгонуу» сүрөттөлүшү менен башталган жана атын «чыныгы жашоо» деп атаган жашоонун да элес болушу мүмкүн экени жөнүндө эмнегедир эч шектенишпейт. Чындыгында болсо, «чыныгы жашообуз» деп атаган сүрөттөлүштөрдү кабылдоо абалыбыз – түшүбүздү кабылдоо абалыбыздын дал өзүндөй. Экөөсүн тең мээбизде көрөбүз. Жана уйкубуздан ойготулмайынча, алардын бир элес экенин байкай албайбыз. Бирок ойгонгонубузда «демек, көргөндөрүм түш экен» дейбиз. Андай болсо, азыр көрүп жаткандарыбыздын бир түш эмес экенин кантип далилдей алабыз? Али ойготула элек болгон үчүн гана ичинде жашап жаткан учурду чындык деп ойлошубуз мүмкүн. Ар түнү көргөн түштөрдөн узунураак болгон бул түштөн бир күнү ойготулганыбызда, бул чындыкты түшүнүшүбүз мүмкүн. Жана мунун мындай эмес экенин айтып, далилдей ала турган эч кандай далилибиз жок.

Дүйнө жашоосунун бир түш экендиги, бул түштөн «чоң бир ойгонуу» менен ойготулганда гана адамдардын түш сыяктуу бир ааламда жашап жаткандыгын түшүнөөрү – Ислам аалымдары тарабынан да айтылган бир чындык. Терең илими себебинен Шейхи Экбер (Эң чоң шейх) деп эскерилген чоң Ислам аалымы Мухйиддин Араби бир сөзүндө Пайгамбар Мырзабыздын (сав) бир хадисине токтолуп, дүйнө жашоосун түштөрүбүзгө мындайча окшоткон:

Азрети Мухаммед Алейхиссалам «адамдар уйкуда, өлгөндө ойгонушат» деп айткан. Демек, дүйнө жашоосунда көргөн нерселер уктаган адамдын түшүндө көргөн нерселери менен бирдей. Тагыраак айтканда, элестер.15

Бир аятта болсо Аллах адамдардын кыямат күнү кайрадан тирилтилгенде мындай деп айтышаарын билдирүүдө:

Айтышты: «Оо шорубуз, бизди уйкубуздан ким тирилтип-тургузду? Бул – Рахман (болгон Аллах)тын убадасы, (демек) жөнөтүлгөн (элчи)лер туура айтышкан экен.» (Йасин Сүрөсү, 52)

Аяттан да байкалгандай, адамдар кыямат күнү түштөн ойгонгон сыяктуу ойгонушууда. Бир адам терең уйкуда уктап, түш көрүп жатканда, кокустан ойготулганда аны ким ойготконун сураган сыяктуу, бул адамдар да аларды ким ойготконун сурашууда. Бул аятта да көңүл бурулгандай, дүйнө жашоосу көргөн түшүбүз сыяктуу жана ар бир адам бул түштөн ойготулат жана чыныгы жашоосу болгон акырет жашоосунун сүрөттөлүштөрүн көрүп баштайт.

You Might Be Observing Your Life From Somewhere Else Just As You Observe Your Dreams

A person drinking coffee in his dream can feel the exact taste of the sugar, the milk and the coffee, when there is no coffee or any other drink there. If someone were to come up to him and tell him that he is just dreaming, and that there is no coffee, then the person would reject such an idea. He might ask how it could be just a vision when he felt the heat of the coffee on his tongue, and when after drinking the coffee he no longer felt thirsty. He would ask how it could remove his thirst if it wasn't real? However, he understands only after he wakes up that the coffee, which he thinks he drank, was an image formed in his brain, and that sensations such as warmth and thirst, which he felt while drinking the coffee. were perceptions formed in his brain.

Our experiences in our dreams and in the real world are based on the same logic. We experience both dreams and the real world in our mind. The only reason we believe that our dreams are imaginary is that when we wake up, we find ourselves in our bed, so we believe that we were actually sleeping and saw everything in our dreams.

What would happen if we didn't wake up and continued dreaming? Would we be able to realize that we were not actually dealing with the originals of any of the things we lived and saw in our dream? Of course not. Unless we wake up and discover that we have been sleeping, we can never realize that we have been dreaming, and spend our entire life by supposing that this is our real life. So, how can we prove that our real life is not a dream? Do we have any information about what happens when we depart this life and find ourselves watching the pictures of our present life from a different location?

brain, vision

Жасалма жол менен пайда кылынган дүйнөлөргө башка мисалдар

«Сырткы дүйнө» болбостон, элестерди чындыктай жашоого мүмкүн экендигине заманбап технологияларда көптөгөн мисалдар бар. Өзгөчө акыркы жылдары абдан өнүккөн «санариптик (цифровой) чындык» түшүнүгү бул темада жол көрсөтөт.

Санариптик чындык – жөнөкөйлөп айтканда, компьютерде жасалган үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдүн кээ бир аппараттар жардамы менен адамдарга «чыныгы бир дүйнө» сыяктуу көрсөтүлүшү. Учурда ар кандай чөйрөдө ар түрдүү максаттарда колдонулган бул технология ушул себептен «жасалма чындык», «санариптик дүйнөлөр», «санариптик чөйрөлөр» сыяктуу аттар менен да аталууда.

Санариптик чындыктын эң маанилүү өзгөчөлүгү – атайын аппараттар колдонгон бир адамдын көргөн сүрөттөлүштү чыныгыдай кабыл алышы, ал тургай өзүн бул сүрөттөлүшкө алдырышында. Ушул себептен акыркы жылдары санариптик чындык түшүнүгүнүн англисчесинин баш жагында "immersive" сөзү да колдонулууда жана бул сөздүн мааниси «өзүн алдыруу, кирип кетүү» маанисине келет. (Immersive Virtual Reality: Алдыруучу виртуалдуу (санариптик) чындык)

Санариптик бир дүйнө жаратуу үчүн колдонулган аппараттар – сүрөттөлүш сунган бир экраны болгон каска, тийүү сезими берген электрондук бир колкап сыяктуу куралдар. Касканын ичиндеги бир курал болсо тынымсыз баштын кыймылын жана бурчун көзөмөлдөө менен, сүрөттөлүштүн баштын бурчу жана турган калыбына жараша экранга келишин камсыз кылат. Кээде бир бөлмө чоңдугундагы бир кубдун бардык дубалдарына жана таманына стерео сүрөттөлүштөр чагылдырылат жана бул бөлмөгө кирген адамдар таккан стерео көз айнектери менен бөлмөдө кыдырып, өздөрүн таптакыр башка бир жерлерде, мисалы бир шаркыратма боюнда, бир тоонун чокусунда, деңиздин ортосундагы бир кемеде күнгө кактанып турганын көрө алышат. Башка кийгизилген каскалар үч өлчөмдүү, тереңдик жана мейкиндик сезимин берген сүрөттөлүштөрдү жаратышат. Сүрөттөлүштөр адамдардын көлөмүнө ылайыктап берилет жана колкап сыяктуу кээ бир куралдар менен тийүү сезими берилет. Натыйжада бул куралдарды (аппараттарды) колдонгон адам көргөн санариптик дүйнөдөгү буюмдарга тийе алат жана аларды орундарынан жылдыра алат. Бул чөйрөлөрдө адамдын көргөн сүрөттөлүшүндөгү үндөр да абдан даана. Үн ар тараптан, ар кандай тереңдиктерде берилүүдө. Кээ бир учурларда дүйнөнүн ар кайсы тарабындагы бир канча адамга бир эле санариптик чөйрөнү көргөзүүгө мүмкүн болууда. Натыйжада, мисалы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн, ал тургай ар кайсы материктерден үч адам өздөрүн берки адамдар менен бирге бир ыкчам унаага минип баратканын көрө алууда.

Санариптик дүйнөнү пайда кылуу үчүн зарыл болгон аппараттарда колдонулган система – беш сезүү органыбызга тиешелүү болгон системанын дал өзү. Мисалы, колдонуучунун колуна тагылган колкаптын ичиндеги механизмдин таасири менен манжа учтарына кээ бир сигналдар берилет жана бул сигналдар мээге жөнөтүлөт. Мээ бул сигналдарды жоромолдогондо, бул адам жанында эч нерсе болбогонуна карабастан, жибек бир килемге же үстүндө одур-бодурлары болгон оймо-чиймелүү бир вазага колу менен тийгенин сезе алууда.

Санариптик чындык колдонулуп баштаган маанилүү чөйрөлөрдүн бири – бул медицина. Мичиган университетинде иштеп чыгылган бир ыкма менен келечектеги докторлор жана өзгөчө тез жардам кызматкерлери жасалма бир операция чөйрөсүндө билим алышууда. Бул тажрыйбада бир бөлмөнүн таманына жана дубалдарына операция бөлмөсүнө тиешелүү сүрөттөлүштөр, бөлмөнүн ортосуна болсо бир операция столу жана бир «оорулуунун» сүрөттөлүшү чагылдырылууда. Келечектеги докторлор болсо үч өлчөмдүү көз айнектерин тагып, бул санариптик оорулууга операция жасоону башташууда. Сүрөттөрдө да көрүнгөндөй, бул сүрөттү көргөн бир адам кайсынысынын чыныгы, кайсынысынын санариптик экенин айырмалай албайт.

Бул мисалдардан да байкалгандай, жасалма сигналдар аркылуу бир адамга чыныгы болбогон бир дүйнө чыныгыдай көрсөтүлүшү мүмкүн. Акыркы жылдары тартылган кээ бир атактуу тасмалардын бул теманы колго алышы да абдан көңүл бурат. Мисалы, The Matrix (Матрица) аттуу Голливуд тасмасында тасманын эки каарманы бир креслодо жаткан абалда нерв системаларына бир компьютер туташтырылганда өздөрүн такыр башка бир жерде көрүшүүдө. Бир сахнада чыгыш спорттору менен машыккан абалын, башка бир сахнада болсо өздөрүн такыр башка кийимдерде киши толо бир көчөдө баратышканын көрүшүүдө. Тасманын каарманы жашаган нерселеринин дааналыгына таң калып, булардын бир компьютер тарабынан жаратылган сүрөттөлүштөр экендигине ишене албаганын айтканда болсо, компьютер тарабынан сүрөттөлүш катырылып койулууда жана бул адам чыныгы деп ойлогон дүйнөнүн чындыгында бир сүрөттөлүш экенине ишенүүдө.

Жыйынтыктасак, заманбап технология менен жасалма сигналдар аркылуу жасалма сүрөттөлүштөрдү, башкача айтканда, жасалма бир дүйнөнү жасоого болот. Бул жасалма сүрөттөлүштөрдүн чындыктан эч айырмасы жок экендигин башынан өткөргөн адамдар айтышууда. Андай болсо биз да дайыма көргөн «жашоо сүрөттөлүшүндө» көрүп, сезип жаткандарыбыздын сөзсүз «оригиналдары» экенин эч айта албайбыз. Себеби бул кабылдоолорубуздун булагы такыр башка бир булак болушу мүмкүн.

Гипноз көрсөткөн маанилүү бир чындык

Жасалма сигналдар менен бир дүйнө жаратууга мүмкүн экендигине эң жакшы мисалдардын бири – гипноз ыкмасы. Белгилүү болгондой, гипноздо гипноз кылынган адамдын аң-сезимине бир катар пикирлер сиңирилет жана бул адамга чыныгы жашоодогу сыяктуу кээ бир окуялар жашатылат. Бул адам турган жеринде жок сүрөттөлүштөрдү, адамдарды же табият көрүнүшүн көрөт, үндөрдү угат, жыт жана даамдарды сезет. Ошол эле учурда жашап жаткан окуялардан улам сүйүнөт, кайгырат, толкунданат, сыгылат, тынчсызданат же паникага кабылат. Ал тургай, гипноздолгон адамдын жашап жаткан окуялардан таасирленгенин сырттан денесинен да көрүүгө болот. Сиңирилген пикирлерден улам адамдын кан басымынын жогорулашы, терисинде кызыл из пайда болушу, дене ысыктыгынын жогорулашы, ооруну сезбеши сыяктуу белгилер пайда болууда.16

Мисалы, гипноз колдонулган бир экспериментте бир адамга бир ооруканада экендиги жана бул оорукананын 10-кабатында өлгөнү жаткан бир оорулуу бар экендиги айтылган жана ал адамга колундагы дарысын ылдам жеткирсе аны куткараары айтылган. Бул адам гипноздогу мындай абалдын таасиринен абдан ылдам 10-кабатка чыгып баратам деп ойлогон. Натыйжада дем алышы оордоп, абдан чарчагандыктан дем алышын контролдой албаган абалга келген. Бул учурда ага эң жогорку кабатка келгени, дарыны жеткиргени жана бир орунга жатып эс алышы айтылган. Жана натыйжада гипноз колдонулган адам эс алып калган.17 Гипноз жасалган бул киши ага айтылган чөйрөнү толук чындык сыяктуу жашайт, бирок чынында ал адамдын жанында андай жер да, адамдар да, андай окуя да жок.

Башка бир экспериментте болсо кадимки бөлмөдөгү адамга бир мончодо экени жана мончонун абдан ысык экени айтылган, натыйжада бул адам абдан тердеп баштаган.18 Бул жерде абдан маанилүү бир чындык көңүлдү бурат. Адам денесинде тердөө процессинин болушу үчүн кээ бир таасирлердин пайда болушу зарыл. Бул гипноз окуясында алынган чындык болсо төмөнкүдөй: гипноздолгон адам сыртта тердешине себеп боло турган эч кандай таасир жок болгонуна карабастан, тердеген. Бул мисал бир жерде болуу же бир чөйрөнү сезүү үчүн сөзсүз ал чөйрө же жердин оригиналын көрүп, сезүүнүн кажети жок экенин даана көрсөтүүдө. Жасалма сигналдар же аң-сезимге сиңирүү жолу менен деле андай таасирлерди жаратууга болот.

Улуттук гипнотерапия уюму, Улуттук психотерапевттер уюму, Профессионал гипнотераписттер борбору, Гипнотерапия изилдөө борбору сыяктуу көптөгөн уюмдун мүчөсү болгон англис гипнотерапия адиси Terrence Watts (Терренс Уаттс) бир макаласында гипноз учурунда башынан өткөргөн бир окуяны эстеп баяндап жаткан адамдарда ошол окуяга жараша денесинде өзгөрүүлөр болгонун айтат. Мисалы, окуяны баяндаган адамда окуя учурунда дем алуусу кыйындаган абал болгон болсо, дем алышы оордошкон, ал тургай кээде толук токтоп да калган. Уаттс гипноз астындагы абалда кичинекейинде таяк жеген бир учурду айтып берип жаткан адамдын жүзүндө таяк жегендин издери пайда болгонун айтат. Мындан тышкары, Уаттс мунун бир керемет эмес экенин, дененин сезген ооруга карата реакциясы экенин айткан.19

Гипноз эксперименттеринде байкалган эң кереметтүү мисалдардын бири – гипноздолгон адамдын терисинде айтылган сөздөрдүн натыйжасында жаракаттардын да пайда болушу. Мисалы, Paul Thorsen (Поль Торсен) аттуу бир изилдөөчү гипноздолгон бир адамдын колуна бир калемдин учун гана тийгизген жана мунун кызытылган темир экенин айткан. Кыска бир убакыттан кийин калемдин учу тийген жерде бир күйүк шишиги пайда болгон. Ушул эле изилдөөчү Анне О. аттуу бир адамга гипноз учурунда колунун А тамгасы абалында кызарта чийилгенин айткан. Жөн гана айтып койушу натыйжасында ал жерде А тамгасы абалында кызыл сызыктар пайда болгон.20 Bourru and Burot (Боурру жана Бурот) аттуу изилдөөчүлөр болсо гипноздолгон бир адамга колунун кесилгенин айтуу менен, жумшак бир калем менен сызылган назик бир сызыктын аркасынан кан акканын көрүшкөн.21

J. A. Hadfield (Ж.А. Хадфиелд) болсо гипноздогон бир суучуга колуна кызытылган бир темир басканын жана ал жердин күйөөрүн айткан. Чынында болсо, колунун учун гана акырын тийгизип койгон. Андан соң ал жерди таңып койгон. 6 сааттан кийин таңуу чечилгенде, ал жердин чындап эле кызарып жана шишип калганын көрүшкөн. Хадфиелд «эртеси күн шишик бир топ чоңойгон эле жана дал күйгөн сыяктуу суу топтолгон эле» деп айткан.22

Гипноз учурунда адамдын денесинде пайда болгон мындай өзгөрүүлөр көрүү, угуу, тийүү, оору сезүү сыяктуу кабылдоолорубуздун пайда болушу үчүн сырткы дүйнөгө муктаж эмес экендигибизди көрсөтүүдө. Мисалы, сырткы дүйнөдө кызытылган темир болбогонуна карабастан, мындай сөз айтылган кишинин колунда күйүк изи пайда болууда.

Бардык бул мисалдар да көрсөткөндөй, сүрөттөлүштүн кандайча пайда болгонун анализ кылганыбызда, технологиялык өнүгүүлөрдү караганыбызда жана гипноз сыяктуу ыкмаларды бул маалыматтарга кошконубузда ортого так бир чындык чыгууда: адам өмүрү боюнча денесинин сыртындагы бир дүйнөдө жашап жатам деп ойлойт. Чындыгында болсо дүйнө деп аталган бүт нерсенин баары – бул кабылдоо борборлорубузга жеткен сигналдарды (импульстарды) мээбиздин жоромолдошу гана. Башкача айтканда, биз мээбиздин ичинде пайда болгон дүйнөдөн башка бир дүйнөнү эч качан көрүп, сезе албайбыз. Сыртыбызда эмне бар, муну эч биле албайбыз. Мээге жеткен импульстардын булагынын оригиналы эмне экенин да биле албайбыз. Учурда бул тема – эң негизги илимий китептерде орун алган жана орто мектеп кезинен баштап адамдарга окутулган так бир чындык. Маселе адамдардын бул чындык жөнүндө ой жүгүртпөшүндө болууда.

Бардык бул элестерди ким жашап жатат?

Бул жерге чейинки бөлүмдөрдө жашообузга тиешелүү бүт кабылдоолордун мээбизде пайда болгонун карадык. Ушул жерде бир аз көңүл коюп ойлонгон ар бир адам сурай турган абдан маанилүү бир суроого кабылабыз.

Белгилүү болгондой, көзүбүздөгү клеткалардан келген электрдик импульстар мээбизде сүрөттөлүшкө айландырылат. Мисалы, мээ көрүү борборуна келген кээ бир электрдик импульстарды бир күнкарама талаасы катары жоромолдойт. Андай болсо көргөн – көз эмес.

Көргөн – көздөрүбүз эмес болсо, анда мээнин арка тарабында, капкараңгы бир жерде бир көзгө, торчого, карекке, көз нервдерине, көздүн чечекейине муктаж болбостон, электрдик импульстарды түркүн түстүү бир күнкарама талаасы кылып көргөн, бул көргөн пейзаждан ырахат алган ким?

Же эч кандай үн кирбеген мээде бир кулакка муктаж болбостон, электрдик импульстарды эң жакын досунун үнү катары уккан, бул үндү укканда сүйүнгөн, укпаганда болсо сагынган ким?

Мээнин ичинде бир колго, манжаларга, сөөктөргө муктаж болбостон, мышыгынын жүнүнөн сылаганын сезген ким?

Ысык, суук, абал, тереңдик, алыстык сыяктуу тийүү сезимдерин оригиналынын өзүндөй абалда мээде ким жашап жатат?

Эч кандай жыт кире албаган мээнин ичинде лимон, лаванда, гүл, коон, дарбыз, апельсин, шишкебектин жытын өзүндөй кылып жыттаган жана шишкебектин жытын сезгенде аппетити ачылган ким?

Бул жерге чейин тынымсыз кабылдоолорубуздун мээбизде пайда болгонун айттык. Андай болсо, мээнин ичинде пайда болгон бул сүрөттөлүштөрдү, бир телевизор экранынан көрүп жаткан сыяктуу көргөн, бул көргөн нерселерине сүйүнгөн, кайгырган, толкунданган, ыраазы болгон, паникага кабылган, кызыгуусу жаралган ким? Бүт көргөндөрүн жана сезгендерин жоромолдой турган аң-сезим кимге тиешелүү?

Жашоосу боюнча капкараңгы, жымжырт баш сөөгүнүн ичинде өзүнө көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөрдү караган, ойлонгон, жыйынтык чыгарган, чечим кабыл алган аң-сезим ээси жандык ким?

Бүт бул нерселерди кабылдаган, аң-сезимди пайда кылган жандыктын аң-сезимсиз атомдордон турган, суу, май, протеин сыяктуу заттардан турган мээ эмес экендиги анык. Мээден башка, такыр башка бир жандык, нерсе болушу керек. Daniel Dennet (Даниэль Деннет), бир материалист болгонуна карабастан, китебинде бул суроону мындайча койот:

Аң-сезимдүү ойлорум жана өзгөчө күн нурунан, Вивальдиден, акырын кыймылдаган бутактардан алган ырахатым – кандайча болуп булардын баары мээмде гана пайда болгон физикалык нерселер? Кандайча болуп, мээмдеги электрохимиялык кубулуштардын бир комбинациясы бул жүздөгөн ичке бутактын убакыт ичинде музыка менен тизилишинин жагымдуу абалына барууда? Мээмдеги маалымат иштетүү кубулушу кандайча болуп мага тийген күн нурунун жумшак жылуулугу боло алууда? Ал тургай, мээмдеги бир кубулуш кантип мээмдеги башка маалымат иштетүү кубулушунун проект катары көрсөтүлгөн аң-сезимдик сүрөттөлүшү болушу мүмкүн? Бул мүмкүн эместей көрүнүүдө. Менин аң-сезимдүү ойлорум жана тажрыйбаларым болгон окуялар мээ кубулуштары боло албачудай көрүнүп жатат, башка бир нерсе болушу керек, шек жок, мээ кубулуштары себеп болгон же булар тарабынан өндүрүлгөн, бирок буга кошумча катары башкача бир заттан турган, башка бир жерге жайгаштырылган бир нерсе. Ооба, эмне үчүн мындай болбосун?23

Р.Л. Грегори болсо мээнин артында турган жана бүт бул сүрөттөлүштөрдү көргөн бул нерсе жөнүндө мындайча пикир жүгүртөт:

Адамдар көздөр мээде сүрөттөлүштөр (кадрлар) жаратат деп айтышат, бирок мындай ойлордон кутулуу зарыл. Мээде бир сүрөт жаралууда деп кабыл алсак, анда бул сүрөттү көрүү үчүн ичинде дагы бир көз болушу зарыл – бирок бул көз жараткан сүрөттү көрүү үчүн дагы бир көзгө муктаждык бар,... жана бул чексиз көздөр жана сүрөттөр болушун талап кылат. Мындай болушу мүмкүн эмес.24

Заттан (материядан) башка эч нерсени кабыл албаган материалисттерди жарга такаган нерсе мына ушунда. Көргөн, көргөнүн кабылдаган жана ага реакция берген «ичтеги көз» кимге тиешелүү? Karl Pribram (Карл Прибрам) да илим жана философия дүйнөсүндө кабылдоону сезгендин ким экендиги менен байланыштуу бул маанилүү изденүүгө мындайча көңүл бурган:

Гректерден бери философтор «машинанын ичиндеги элес», «кичинекей адамдын ичиндеги кичинекей адам», сыяктууларды ойлонуп келишүүдө. «Мен» - мээни колдонгон нерсе – каерде? Аң-сезимдин ээси ким? Ассисили Азиз Франсис да айткан сыяктуу: «Издегенибиз – карагандын эмне экендиги.»25

Көп адамдар бул теманы ойлонуп, чындыктын чекесине келип турган абалда «көргөн – ким» суроосунун жообун берүүдөн, ой жүгүртүүсүн мындан ары улантуудан тартынып, шектенет. Жогорудагы мисалдардан да байкалгандай, өздүгүбүздү түзгөн нерсе үчүн кээ бирлери «кичинекей адам», кээ бирлери «машинанын ичиндеги элес», кээ бирлери «мээни колдонгон нерсе (жандык)», кээ бирлери болсо «ичтеги көз» сөзүн колдонушкан. Бардык бул сөздөр мээден башка, аң-сезим ээси болгон нерсени (жандыкты) атоо үчүн жана ага жете алуу үчүн жасалган. Бирок бул адамдар материалисттик көз-караштары себебинен чындыгында көргөндүн, уккандын ким экенин оозана (айта) алышкан эмес.

Бул чындыктын жообун бизге берген жалгыз булак – бул дин. Аллах Куранда адамды алгач денесин жаратканын, кийин ага «рухунан үйлөгөнүн» билдирген:

Раббиң периштелерге айткан эле: «Мен кургак бир ылайдан, калыпка салынган бир балчыктан бир адам жаратамын. Ага бир калып бергенимде жана ага рухумдан үйлөгөнүмдө ылдам ага сажда кылып (жерге) жыгылгыла.» (Хижр Сүрөсү, 28-29)

Кийин аны «түздөп бир калыпка салды» жана ага рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр жаратты. Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Сажда Сүрөсү, 9)

Башкача айтканда, адамдын денесинен башка дагы бир нерсеси бар. Мээсинин ичиндеги сүрөттөлүштү «көрүп жатам» деген, мээсинин ичинде уккан үндөрдү «угуп жатам» деген, өзүнүн бар экенин аңдап, билген жана «мен – менмин» деген бул жандык (нерсе) – Аллах адамга берген рух.

Акыл жана абийирге ээ ар бир адам жашоосу боюнча башынан өткөргөн ар бир окуяны мээсинин ичиндеги экранда караган нерсенин руху экенин заматта түшүнөт. Ар бир адам көзгө муктаж болбостон көрө алган, кулакка муктаж болбостон уга алган, мээге муктаж болбостон ойлоно алган бир рухка ээ.

Жалгыз абсолюттук нерсенин зат (материя) экенин жактаган, адамдын аң-сезимин да жалаң гана мээдеги химиялык кубулуштардын бир натыйжасы деп ойлогон материалисттик көз-караш болсо бул темада жарга такалган абалда. Муну байкоо үчүн каалаган материалистке төмөнкү суроолорду узатсаңыз болот:

- сүрөттөлүш мээбизде пайда болууда, бирок бул сүрөттөлүштү мээбизде ким көрүүдө?

- азыр жаныңызда болбогон, ылдыйкы кабаттагы коңшуңузду көз алдыңызга келтириңиз. Аны абдан даана көрүп жатасыз. Кийиминин детальдары, жүзүндөгү тырыштар, чачынын агы, үнүнүн тону, сүйлөө калыбы, басышы менен бирге кыялыңызда абдан даана элестеткен бул адамыңызды ким карап жатат?

Ушул жана ушул сыяктуу суроолорду материалисттерден сураганыңызда эч кандай жооп ала албайсыз. Себеби бул суроолордун жалгыз жообу – Аллах адамга берген рух. Материалисттер болсо заттан башка эч нерсени кабыл албоо жаңылыштыгына туш болушкан. Дал ушул себептен улам бул китепте түшүндүрүлгөн кереметтүү чындык – Аллахтын бар экендигинен баш тарткан материалисттик көз-карашка эң чоң соккуну урган, материалисттер ойлонуудан жана сөз кылуудан эң көп тартынган тема.

Бул сүрөттөлүштөрдү рухубузга көрсөткөн Ким?

Бул жерде дагы бир суроо жаралат: рухубуз мээбизде пайда болгон сүрөттөлүштөрдү көрүүдө. Анда, бул сүрөттөлүштөрдү пайда кылган ким? Капкараңгы мээбиздин ичинде жарык, түркүн түстүү, жаркыраган, көлөкөлөрү менен бирге болгон сүрөттөлүштөрдү пайда кылган, электрдик импульстардан кичинекей бир жерде чоң бир дүйнөнү жараткан мээ болушу мүмкүнбү? Мээ – бул ным, жумшак, бырыштуу бир ууч эт. Мындай эт эң алдыңкы технология менен өндүрүлгөн телевизорлордон тунук, жылбаган, түстөрү абдан жандуу кири жок бир сүрөттөлүштү жарата алабы? Бир ууч эттин бетинде ушунчалык жогорку сапаттагы бир сүрөттөлүш пайда болушу мүмкүнбү? Же, бул нымдуу бир ууч эт эң алдыңкы технологиядагы музыкалык борбордон сапаттуу, тунук, кошумча үнсүз, стерео үн жарата алабы? Мээ сыяктуу дээрлик 1,5 килограмм оордуктагы бир эттин мынчалык кемчиликсиз кабылдоолорду пайда кылышы, албетте, эч мүмкүн эмес.

Бул жерде дагы бир чындыкты байкайбыз. Чөйрөбүздө көргөн бүт нерсебиз менен бирге, денебиз, колубуз, жүзүбүз бир көлөкө нерселер (элестер) болгон болсо, анда мээбиз да – көлөкө нерсе (элес). Андай болсо сүрөттөлүш болгон бир нерсенин сүрөттөлүш жаратаарын айта албайбыз.

Bertrant Russel (Бертрант Руссел) Салыштырмалуулуктун алфавити аттуу эмгегинде «Заттар жалпысынан куралуулардын (элестердин) тобу катары кабыл алына турган болсо, бул абал көзгө, көрүү нервдерине жана мээге да тиешелүү экендигинде шек жок»26 деп айтуу менен бул чындыкка көңүл бурууда.

Бул чындыкты байкаган атактуу философ Бергсон болсо Зат жана эс тутум аттуу китебинде «дүйнө символдордон жаратылган, бул символдор биздин аң-сезимибизде гана бар; мээнин өзү да ушул символдордун бири»27деп айтат. Анда рухубузга бул сүрөттөлүштөрдү көрсөткөн, ага чыныгысынын дал өзүндөй тунук сүрөттөлүш жана кабылдоолор менен бирге жашоо жашаткан, болгондо да бул сүрөттөлүштөрдү тынымсыз уланткан ким?

Рухубузга бүт сүрөттөлүштөрдү көрсөткөн, бардык үндөрдү угузган, рухубуз ырахат алышы үчүн бардык даамдарды жана жыттарды жараткан – бул бүт ааламдардын Рабби, бүт нерсенин Жаратуучусу болгон Аллах.

Материализм такалган эң маанилүү дубалдардын бири: Адамдын аң-сезими

Материалисттик философия адамдын аң-сезимин, тагыраак айтканда, адамдын рухуна тиешелүү өзгөчөлүктөрдүн булагын эч түшүндүрө албайт. Себеби, материалисттик философияда зат гана бар деп кабыл алынат. Адамдын рухуна тиешелүү аң-сезим, ойлонуу, чечим кабыл алуу, сүйүнүү, толкундануу, сагынуу, ырахат алуу, кубануу, сындоо жана сын пикир жаратуу сыяктуу өзгөчөлүктөрдү эч кандай заттык түшүнүк менен түшүндүрүүгө болбойт.

Материалисттер бул теманы «адамдын аң-сезими – мээнин иш-аракеттеринин бир натыйжасы» деп айтып кутулууга аракет кылышат. Мындай материалисттик илимпоздордун бири Francis Crick (Францис Крик) мындай материалисттик көз-карашты төмөнкүдөй баяндайт:

Кубанычтарыңыз, кайгыларыңыз, эскерүүлөрүңүз жана каалоолоруңуз, кишилигиңиз менен байланыштуу сезимдериңиз жана эркиңиз, чындыгында көп сандагы нерв клеткасынын жана аларга көз-каранды молекулалардын бирге ишке ашырган аракеттерден башка нерсе эмес.28

Чындыгында болсо, бул – илимий жактан да, логикалык жактан да жактаганга такыр ылайыксыз бир сөз. Материалисттердин адамдын рухуна тиешелүү өзгөчөлүктөргө мындай түшүндүрмө жасоолоруна түрткөн себеп – бул алардын материалисттик күмөндөрү. Заттан башка бир нерсенин бар экендиги жөнүндөгү чындыкты кабыл албаш үчүн адамдын аң-сезимин затка «төмөндөтүүгө (жөнөкөйлөтүүгө)» аракет кылышууда жана ушул максатта акыл жана логикага туура келбеген сөздөрдү айтышууда. Илимпоз John Horgan (Жон Хорган) «төмөндөтүү» деп аталган бул материалисттик пикирде болгонуна карабастан, Фрацис Криктин бул сөзүнүн кабыл алууга мүмкүн эмес экендигин жана парадоксту мындайча мойнуна алат:

Бир караганда Крик туура айтат. Биз нейрон пакетинен башка нерсе эмеспиз. Ошол эле учурда, таң калыштуусу неврологиянын жетишсиз экендиги аныкталды. Акылды нейрондор менен түшүндүрүү акылды кварк жана электрондор менен түшүндүрүүдөн жакшыраак бир логика жана пайда алып келбеди. Бир канча альтернативдүү «төмөндөтүүчүлүк» (reductionism) бар. «Биз –атайын бир ген пакетинен (жыйындысынан) башка нерсе эмеспиз». «Биз – табигый тандалуу менен калыптанган адаптациялардан башка нерсе эмеспиз». «Биз – ар түрдүү темалар үчүн бөлүнгөн компьютер машиналарынан башка нерсе эмеспиз». Криктин пикирине окшошкон бул сөздөрдүн баарын жактоого болот, бирок баары жетишсиз.29

Бул түшүндүрмөлөрдүн, албетте, баары жетишсиз, ал тургай муну менен бирге булар толугу менен логикага сыйбайт. Эң бекем ишенген материалисттер да бул чындыкты абдан даана байкашат. Мисалы, Дарвиндин эң жакын колдоочусу катары таанылган материалист Thomas Huxley (Томас Хукслей) да «Аң-сезим деген мынчалык кереметтүү бир нерсе кантип нерв сезимдеринин бири-бири менен таасирленүүсүнөн пайда болгон? Бул, Аладдиндин лампасын сүрткөндө ичинен Жин чыкканы сыяктуу эле, түшүндүрүүгө болбой турган нерсе» деп айтуу менен аң-сезимди нейрондор арасы байланыш менен түшүндүрүүгө болбой турганын билдирген.30

Хукслейден бүгүнкү күнгө чейин адамдын аң-сезимин нейрондор менен түшүндүрүүгө болбой турганы жөнүндөгү чындык өзгөргөн жок. Бирок, мунун себеби – илимдин бул багыттагы ачылыштарынын жетишсиздиги эмес. Тескерисинче, неврология тармагында 20-кылымдын өзгөчө аяк жагында көп өнүгүүлөр болуп, көптөгөн түшүнүксүз нерселер түшүнүктүү абалга келген. Бирок бул жетишкендиктер адамдын аң-сезимин эч качан затка «төмөндөтүүгө» мүмкүн эмес экендигин, заттан тышкары бир чындыкты издөө керек экендигин ортого койду. Германиянын алдыңкы дарвинист-материалист жазуучуларынын бири болгон Hoimar Von Ditfurth (Гоимар Вон Дитфурт) кабыл алган ыкма менен аң-сезимди түшүндүрүүгө мүмкүн эмес экендигин мындайча мойнуна алат:

Жолдогон табияттын тарыхы жана генетикалык өнүгүү жолубузда аң-сезимдин, рухтун, мээнин жана сезимдин эмне экендигине байланыштуу бир жооп айта албашыбыз күн сыяктуу ап-ачык. Себеби, психикалык-аң-сезимдик өлчөм – жок дегенде бул дүйнөдө, азыркы учурда эволюция келип жете ала турган эң жогорку деңгээл (өлчөм). Ошондуктан, эволюциянын кийинки баскыч жана тепкичтерине кайра эле аң-сезимибиз жардамы менен сырттан, анын үстүнө көтөрүлүү менен карай ала турган мүмкүнчүлүгүбүз бар, бирок аң-сезимдин (рухтун) өзүнө мындай ыкма колдонуу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби колубузда аң-сезимдин өзүнөн жакшыраак өнүккөн бир жогорку чекит жок болууда.31

Америкалык философия жана математика доктору William A. Dembski (Уиллиам А. Дембски) Converting Matter into Mind (Затты мээге айландыруу) аттуу бир макаласында адамдын мээсиндеги нейрондордун био-химиялык иштөө абалынын жана мунун кайсы мээ иш-аракеттери менен байланыштуу экендигинин аныкталганын, бирок чечим алуу, каалоо, акыл жүгүртүү сыяктуу өзгөчөлүктөрдү «затка төмөндөтүүгө мүмкүн эместигин» жана аң-сезимди изилдеген адистердин мындай «төмөндөтүүчүлүк» катасын байкаганын мындайча баяндайт:

... Аң-сезим адистеринин бул кубулушту (аң-сезимди) неврология деңгээлинде түшүнүү үмүтүн жогокондугу байкалат... Материализмге болгон көз-карандылык уланып келатса да, адамдын акылын нейрон деңгээлинде түшүндүрүү үмүтү эми олуттуу бир пикир эмес...32

Аң-сезимдин материалдык көз-караш менен түшүндүрүү илим канчалык өнүкпөсүн эч мүмкүн болбойт, себеби мээ жөнүндө канчалык терең ачылыштар табылган сайын, аң-сезимди зат менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес экендиги ошончолук даана абалга келүүдө. Материалисттер адамдын аң-сезимин чындап түшүнгүлөрү келсе, күмөндөрүн жана таңуулаган пикирлерин бир тарапка коюп ой жүгүртүшү жана изилдеши зарыл. Себеби, аң-сезимдин чыныгы маңызын зат менен түшүндүрүүгө болбойт. Аң-сезим – Аллах адамдарга берген рухтун бир функциясы.

Материалисттерге суроолор

Адамдардын ой-пикирлерин, сын-пикир жана сындоо мүмкүнчүлүктөрүн, чечим чыгаруу механизмдерин, кубаныч, толкундануу, бакыт сыяктуу сезимдерин – мээлериндеги нейрондордун бири-бири менен таасирлениши деп айтуу такыр акылга сыйбас бир пикир. Бул теманы бираз тереңирээк ойлонгон материалисттер да муну байкашууда. Атактуу материалист Karl Lashley (Карл Лашлей) адамдын аң-сезимин затка «төмөндөтүүгө» болот деген ойду көп жылдар бою жактап келгенине карабастан, карьерасынын аягында мындай деп айткан:

Мээ (аң-сезим)-дене байланышы бир метафизикалык тема катарыбы же системалык бир алдануу катарыбы колго алынбасын, бул тема психологдор жана адам проблемалары менен алектенген нейрологдор үчүн бир маселе бойдон калууда... Кандайча болуп мээ бир физика-химиялык система катары бир нерсени кабылдай алат же биле алат; же муну кылды деген бир алдануу жарата алат?33

Лашлей бул парадоксту жалгыз бир суроо менен баяндаган. Чындыгында болсо бул темада материалисттер өздөрүнөн сурашы жана ойлонушу керек болгон дагы көптөгөн детальдар бар. Төмөндөгү түшүндүрмөлөр материалисттик подходдун туура эместигин даана көрүү үчүн ойлонуу керек болгон суроолордун бир канчасы:

- ой жүгүртүүлөр, толкундануу жана сезимдерди нейрондордун бир жемиши деп айтуу – бүт бул нерселерди чындыгында нейрондорду түзгөн акылсыз атомдордун, ал тургай атомдорду түзгөн бөлүкчөлөр кварктардын жана электрондордун жемиши деп айтууга барабар.

- акылсыз (аң-сезимсиз) атомдор сүйүнүүнү, ооруну, толкунданууну, музыкадан ырахат алууну, даамды, достукту, маектешүү ырахатын билишпейт.

- акылсыз атомдор дарвинист жана материалист болуп бир жерге чогулуп китеп жаза алышпайт.

- акылсыз атомдор электрондук микроскоп менен өздөрүн жана өздөрү бир жерге чогулуп пайда кылган нерв клеткаларын изилдеп, бул изилдөөлөрдөн илимий жыйынтык чыгара алышпайт.

- «аң-сезим мээбиздеги нейрондордо» дешкенде, бул сөздөрүнүн так мааниси кандай болду экен? Нейрондор да башка клеткалар сыяктуу клетка кабыгы, митохондрия, ДНК, рибосома сыяктуу материалдардан турат. Материалисттердин ою боюнча, аң-сезим булардын кайсы жеринде болду экен? Аң-сезим нейрондор арасындагы химиялык реакциялар жана электрдик импульстардан пайда болууда деп ойлошсо, анда жаңылып жатышат. Себеби, бизге билген бир «аң-сезимдүү химиялык реакция» мисалын бере алышпайт. Же болбосо, белгилүү бир вольт чыңалууда «ойлонуп» баштаган бир «электрдик агымды» көрсөтө алышпайт.

Материалисттер бул темалар жөнүндө ак пейилден ойлонушканда, өздөрүнүн да, башка бүт адамдардын да нейрон жыйындысынан же атом жыйындысынан такыр башка бир нерсе (рух) экендигин түшүнүшөт. Мээ адиси Wolf Singer (Вольф Сингер) бир материалист болгонуна карабастан, бул чындыкты мындайча мойнуна алган: Ааламдын бул эң татаал затында өзүн «Мен» катары кабылдаган бир «нерсе» бар.34

Бул илимпоз сөз кылган «нерсе» - Аллах адамга берген рух. Адам – ээ болгон бул рух менен ойлоно алган, сүйүнө алган, толкундана алган, пикирлер жараткан, тескери пикирлерге каршы чыга алган, аброй, урмат, сүйүү, достук, бекемдик, ак пейилдүүлүк, чынчылдык сыяктуу түшүнүктөрдү билген бир жандык. Нейрондор жана аларды түзгөн атомдор болсо ойлоно алышпайт, чечим ала алышпайт, философиялык ойлор айта алышпайт, сүйүү, боорукердик сезимдерин билишпейт. Муну материалисттердин көпчүлүгү жалгыз калганда билишүүдө жана кабыл алышууда. Бирок материалисттик таңуулоочу ойлорун илим жана акылдын бир зарылчылыгы катары кабылдашып жаңылгандыктан улам, мындай апачык чындыкты кабыл алышпоодо. Чынында болсо, материализмди жактоо үчүн кабылган абалы жана кабыл алган акылга сыйбас логикалары аларга абдан чоң зыян берүүдө. «Ойлорубуз – атомдорубуздун, нейрондорубуздун гана жемиши» деген адамдын көргөн түшүн чындык кабыл алган же акылга сыйбас жомокторду токуп, кийин буларга өзү ишенген бир адамдан эч кандай айырмасы жок.

Чындык болсо төмөнкүдөй: адам – Аллах ага берген рухка ээ, бул рух менен ойлонгон, сүйлөгөн, сүйүнгөн, чечимдер алган, маданияттар курган, өлкөлөрдү башкарган бир жандык.

Footnotes

1- Rita Carter, Mapping The Mind, University of California Press, London, 1999, s. 107

2- R. L. Gregory, Eye and Brain: The Psychology of Seeing, Oxford University Press Inc. New York, 1990, s. 9

3- Hoimar von Ditfurth, Der Geist Fiel Nicht Vom Himmel (The Spirit Did Not Fall From The Sky), p. 256

4-- M. Ali Yaz, Sait Aksoy, Fizik 3 (Physics 3), Surat Publishers, Istanbul, 1997, p. 3

5- Daniel C Dennett, Brainchildren, Essays on Designing Minds, The MIT Press, Cambridge, 1998, s. 142

6- Daniel C Dennett, Brainchildren, Essays on Designing Minds, s. 142

7- www.hhmi.org/senses/a/a110.htm

8- Georges Politzer, Principes Elémentaires de Philosophie (Elementary Principles of Philosophy), Editions Sociales, Paris, 1954, p. 40

9- www.hhmi.org/senses/a/a110.htm

10- Michael I. Posner, Marcus E .Raichle, Images of Mind, Scientific American Library, New York 1999, s. 88

11- Bertrand Russell, ABC of Relativity, George Allen and Unwin, London, 1964, p. 161-162

12- Rita Carter, Mapping The Mind, s. 135

13-George Berkeley, A Treatise Concerning the Principles of Human Knowledge, 1710, Works of George Berkeley, vol. I, ed. A. Fraser, Oxford, 1871 p. 35-36

14- Rita Carter, Mapping The Mind, s. 113

15- Muhyiddin Ibn al-'Arabi, Fusus al-Hikam, p. 220

16- William Kroger, Clinical and Experimental Hypnosis, http://www.lucidexperience.com/HypnoPapers/512.html

17-Dr. Tahir Özakkaş, Gerçeğin Dirilişine Kapı HIPNOZ (The Door Opening to the Awakening of Reality: Hypnosis), "Üst Ultrastabilite" (Upper Ultrastability), Se-da Yayınları, Vol.. 1, 1st Edition, p. 204-205

18- Dr. Tahir Özakkaş, Gerçeğin Dirilişine Kapı HIPNOZ (The Door Opening to the Awakening of Reality: Hypnosis), "Üst Ultrastabilite" (Upper Ultrastability), p. 267

19-Terrence Watts, Abreaction, The psychological phenomena that hypnotherapists either love or hate, http://www.hypnosense.com/abreaction.htm

20- Poul Thorsen, Die Hypnose in Dienste der Menschheit, Bauer-Verlag, Freiburg-Haslach, 1960, p. 52-53

21- René Sudre, Traité de Parapsychologie, Payot, Paris, 1956, p. 341

22- Dr. Recep Doksat, Hipnotizma (Hypnotism), p.106-108

23- Daniel C. Dennett, Consciousness Explained, Little, Brown and Company, NY 1991, p. 26-27

24- R. L. Gregory, Eye and Brain: The Psychology of Seeing, p. 9

25- KKen Wilber, Holographic Paradigm and Other Paradoxes, p.20

26- Bertrand Russell, ABC of Relativity, George Allen and Unwin, London, 1964, pp. 161-162

27- - Henri Bergson, Matter and Memory, Zone Books, New York, 1991

28- John Horgan, The Undiscovered Mind: How the Human Brain Defies Replication, Medication, and Explanation, New York:Free Press, 1999, p. 258-259

29- John Horgan, The Undiscovered Mind: How the Human Brain Defies Replication, Medication, and Explanation, p.258-259

30- John Horgan, The Undiscovered Mind: How the Human Brain Defies Replication, Medication, and Explanation, p.229

31- Hoimar von Ditfurth, Der Geist Fiel Nicht Vom Himmel (The Spirit Did Not Fall From The Sky), p.13

32- William A. Dembski, Converting Matter into Mind, 1998, www.arn.org

33- William A. Dembski, Converting Matter into Mind, 1998, www.arn.org

34- Cumhuriyet Bilim Teknik Dergisi (Cumhuriyet Science and Technology Journal), 7 July 2001, no. 746, p. 18; Der Spiegel, 1/2001.