Заттын маңызы темасы абдан ачык, так жана түшүнүктүү болгонуна карабастан, мурдакы темаларда да айтылгандай, кээ бир адамдар көптөгөн себептерден улам бул чындыкты кабыл алуудан качынышууда жана түшүнмөксөн болушууда.
Бул чындык жеткен көп адамдар «заттын аркасындагы сырды» үйрөнүүдөн улам жашаган кереметтүү толкундануусун айтып, бул чындыктын жашоосун жана бүт ойлорун тамырынан өзгөрткөнүн баса белгилешкен. Бир топ адамдар болсо бул чындыкты андан да жакшыраак түшүнүү үчүн детальдуу суроолор сурашып, бул теманы тереңирээк түшүнүүгө аракет кылышкан. Бул адамдардын кээ бирлеринин жоромолдорун «Заттын сырын түшүнгөндөр чоң толкунданууга кабылышууда» бөлүмүндө көрө аласыз.
Кээ бир чөйрөлөр болсо бул темадан эч ойлонбостон туруп баш тартышууда жана өз ойлорунча кээ бир логикаларды чыгарып, бул кереметтүү чындыктан баш тартуунун жолдорун издешүүдө. Бирок бул темадан баш тартуу илимий тараптан эч мүмкүн эмес. Бул темадан баш тарткан адамдын сүрөттөлүштүн же үндөрдүн мээсинин ичинде пайда болбогонун илимий тараптан далилдеши керек. Бирок келген каршы пикирлердин эч бирөөсүндө эч кайсы илимпоз, неврология профессору, мээ адиси, психолог, психиатр же биология профессору болсун, эч ким бүт кабылдоолорубуздун мээбизде пайда болгонун жокко чыгарбоодо. Себеби бул илимий чындык экени так белгилүү.
Ушуга карабастан кээ бир адамдар «сүрөттөлүш мээбизде пайда болгон болсо...» деп башталган бир сүйлөмдүн артынан келе турган апачык чындыктан кача алуу үчүн кээ бир сөз оюндарына барышып, бул чындыктын үстүн сөз оюндары же баш айландырма илимий услуп менен жабууга аракет кылышууда. Мунун эң ачык мисалдарынын бири ага «сүрөттөлүш мээде пайда болобу?» деген суроо узатылган кээ бир илимпоздордун берген жооптору.
Бул илимпоздордун бири бул суроого мындай жооп берүүдө: «Жок, мээде сүрөттөлүш пайда болбойт. Келген сигналдар көз менен көрүлүүчү бир тажрыйбанын мазмунун пайда кылган бир өкүл (копия) пайда кылышат».
Some people accept that when they touch a bus, they feel the cold metal in their brains. On the other hand, they do not accept that the feeling of pain at the moment the bus hits them forms in the brain. However, a person will feel the same pain if he sees himself falling under a bus in his dream. | ||
Эми бул илимпоздун чындыкты жашыруу үчүн колдонгон ыкмасын анализ кылалы. Бул илимпоз «сүрөттөлүш мээде пайда болобу?» суроосуна алгач так «жок» деп айтууда. Артынан болсо келген сигналдар менен сүрөттөлүштү көрүшүбүздү камсыз кылган бир өкүл (копия) сүрөттөлүш пайда болгонун айтууда. Натыйжада суралган суроого чынында «ооба» деген жоопту берүүдө. Мээде пайда болгон сүрөттөлүш – бул албетте «өкүл бир сүрөттөлүш». Тагыраак айтканда, мээнин ичинде эч качан столдун, күндүн же асмандын өзү болбойт. Өкүлү, же башкача айтканда, копиясы болгон бир сүрөттөлүш болот. Биз «дүйнөнү көрүп жатабыз» дегенде, ушул «өкүл дүйнөнү», «копия дүйнөнү» же «элес болгон дүйнөнү» көрөбүз. Булардын баары бир эле чындыктын ар башка аттары. Бул илимпоздун кылганы – бул «мээбизде көргөн дүйнө өкүл (копия) бир дүйнөбү?» суроосуна «жок, мээбизде көргөнүбүз дүйнөнүн копиясы» сыяктуу бир жооп берүү. Башкача айтканда, суралган суроону алгач толук жокко чыгарып, артынан болсо башкача бир түшүндүрүү менен, бираз баш айланткан сүйлөмдөр менен чынында мээбизде көрүп жаткандыгыбызды тастыктоодо. Бул – кээ бир илимпоздордун бул чындыкты кабыл алганда, жалгыз абсолюттук нерсе катары кабыл алган затты жоготуу коркунучу жана тынчсыздануусу менен колдонгон калпычы ыкмасы.
Кээ бирлери болсо сүрөттөлүштүн мээбизде пайда болоорун жокко чыгарбоодо, бирок «ооба бүт дүйнөнү мээмдин ичинде көрүп жатам» деп айтуудан качуу үчүн «мээ бир гана келген сигналдарды жоромолдойт жана нерв кыймылдарын жөнгө салат, натыйжада сүрөттөлүштү көрөсүз, үндү угасыз» деген сыяктуу «айланма» жоопторду беришүүдө. Чынында негизги тема – бул мээ бардык процесстерди кылгандан кийин сүрөттөлүштүн каерде пайда болушу. Бул илимпоз берген жооп – суроонун жообу эмес, сүрөттөлүш пайда болуудан мурдакы баскычтын кыскача бир түшүндүрмөсү. Мээ келген сигналдарды жоромолдойт, бирок кийин жоромолдогондорун кайрадан көзгө же кулакка жөнөтпөйт. Ошондуктан, көргөн – көз, уккан – кулак эмес. Анда, мээ келген сигналдарды жоромолдогондон кийин эмне кылат? Бул иштетилген маалымат каерде калат, бул маалымат сүрөттөлүшкө же үнгө каерде айландырылат? Бул маалыматты сүрөттөлүш катары көргөн, үн катары уккан – ким? Бул илимпоздордон талап кылынган маалыматтар ушул суроолор болгонуна карабастан, алар бир топ «айланма» жооп менен, чындыкты кабыл алуудан качышууда. Чынында мынчалык так бир чындыктын талаш-тартыш жаратышы – чоң бир керемет.
Бирок мындай каршы чыгуу жана качуу ыкмаларынын баары жараксыз жана алсыз. Бул жерде түшүндүрүлгөндөрдү жокко чыгаруучу адам, бүт кабылдоолорубуздун мээбизде пайда болгонун жокко чыгара турган маалыматтар менен келмейинче, айткан сөздөрүнүн эч кандай мааниси болбойт. Сүрөттөлүштүн жана бардык кабылдоолорубуздун мээбизде пайда болоору – бир чындык. Бирок бир адам апачык чындыкты түшүнүп туруп бул сүрөттөлүштөрдү пайда кылгандын Аллах экендигин, өз оюнда, караңгы бир кежирлик менен, кабыл албашы мүмкүн. «Бул теманы ойлонуу менин тынчымды алып жатат» деши мүмкүн, «заттын оригиналын эч качан көрө албашымды ойлонгон сайын ичим сыгылып жатат», «жашоомдун бир мааниси калбады» деши мүмкүн. Бирок бир нерсени баса белгилөө керек: заттын маңызы жөнүндөгү бул маанилүү чындыкты түшүнүү – эч тынчсыздандыра турган нерсе эмес. Тескерисинче, Аллахтын улуу акылын жана чексиз күчүн тереңирээк түшүнүүгө, Аллахтын улуу жаратуу чеберчилигин тереңирээк аңдап түшүнүүгө, Аллахты көбүрөөк сүйүүгө, натыйжада көргөн бардык сүрөттөлүштөрдүн да Аллахтын көрүнүштөрү экенин түшүнүп бүт нерсени көбүрөөк сүйүүгө, баарынан көбүрөөк ырахат алууга, сонун бир руханий тереңдик жашоого бир себепчи. Кыскача айтканда, абдан улуу жана баалуу бир немат. Ушуга карабастан, «эч ким» абалына келип, Аллахтан башка эч жандык калбай калышы ыймандын тереңдигин аңдап түшүнө албаган кээ бир адамдарга оор болуп жатышы мүмкүн. Бирок бул адамдар эч качан «көргөндөрүмдү көздөрүм менен көрүп жатам» же «көргөндөрүм сырттагы заттын оригиналы» деп айта албайт. Себеби муну далилдей турган эч кандай илимий далилдери же эксперименти жок, болбойт да. Ансыз деле эң материалист адам да сүрөттөлүштүн баарын мээсинде көрүп жатканын кабыл алууда.
Бул бөлүмдө көпчүлүгү бул чындыкты кабыл алгысы келбеген адамдардан келген каршы пикирлерге берилген жооптор орун алат. Төмөндөгү каршы пикирлерди жана аларга берилген жоопторду окуганыңызда, чын пейилден жана шартсыз ойлонгондо, чынында бул суроолордун жоопторунун апачык экенин сиз да түшүнөсүз.
Even if someone is attacked by a dog, that does not change the fact that he sees it all in his brain. A person could see the same incident with the same clarity in a dream, and experience the same excitement and fear. | ||
Жооп: Бул жана ушул сыяктуу суроолорду сурагандардын жаңылыштыгы жана түшүнбөшүнүн себеби – «кабылдоо» түшүнүгү бир гана көрүү сезими менен байланыштуу деп ойлошунда. Чынында болсо, бир гана көрүү эмес, тийүү, сүзүү, сокку, катуулук, оору сезүү, ысыктык, сууктук, нымды сезүү сыяктуу бардык сезимдер - көрүү сезими сыяктуу эле адамдын мээсинде пайда болгон кабылдоолор. Мисалы, автобуска отуруу үчүн автобустун эшигинин муздак темирин колунда сезген адам чынында бул «муздак темир сезимин» мээсинде кабылдайт. Бул абдан ачык жана белгилүү бир чындык. Тийүү сезими, мурда да айтылгандай, бир адамдын, мисалы манжаларынан келген нерв сигналдарынын, мээсинин белгилүү бир чекитинде пайда кылган бир сезим. Сезген – манжаларыбыз эмес. Адамдар муну илимий түшүндүрмөсү да ушундай болгондуктан, кабыл алышууда. Бирок автобустун эшигин кармоо эмес, автобустун адамды сүзүшү жөнүндө сөз болгондо болсо, башкача айтканда, бул тийүү сезими күчтүү жана оору берүүчү болгондо, бул чындык жараксыз деп ойлошууда. Чынында болсо, оору сезүү жана сокку да мээде кабылданат. Бир автобус сүзгөн бир адам соккунун күчүн жана оорунун баарын мээсинде сезет.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн түштү ойлонуу пайдалуу болот. Адам түшүндө да аны автобус сүзгөнүн, кырсыктан кийин көзүн ооруканада ачканын, операция жасалганын, докторлордун сөздөрүн, үй-бүлөсүнүн шашып-бушуп ооруканага келишин, майып болуп калганын же жанынын аябай ооруганын көрүшү мүмкүн. Түшүндө көргөн бардык бул окуялардын сүрөттөлүштөрүн, үндөрүн, катуулук сезимин, ооруну, жарыкты, ооруканадагы түстөрдү, ар түрдүү сезимди абдан даана сезип, башынан өткөрүүдө. Жана булардын баары чыныгы жашоодогу сыяктуу табигый жана ишенимдүү. Ошол учурда түшүндөгү бир адам ага «түш көрүп жатасың, көргөндөрүң бир элес» деп айтса, ага ишенбейт. Чынында болсо көргөндөрүнүн баары бир элес жана автобус да, оорукана да, түшүндө көргөн денеси да сырткы дүйнөдө материалдык бир зат катары бар эмес. Түшүндө көргөн денеси жана автобус материалдык зат катары жок болгонуна карабастан, «чыныгы бир денеге» «чыныгы бир автобус» сүзгөндөй сезимге кабылууда.
Андай болсо материалисттердин «заттын бар экенин таяк жегенде түшүнөсүң», «тизеңе бир сокку тийгенде, заттын бар экенинен шек санабай каласың», «ит көргөндө качасың бирок», «автобус сүзгөндө, мээңдеби же эмеспи, түшүнөсүң», «элес болгон болсо, анда жолго чыгып машиналардан качпастан тур» сыяктуу каршы пикирлеринин эч кандай мааниси жок жана жараксыз. Ылдам бир сокку, жаныңды ооруткан иттин тиштери, катуу бир сокку – заттын оригиналын көрүп жатканыңыздын далили эмес. Себеби жогоруда айтылгандай ушул сыяктуу нерселерди түшүңүздө да, зат катары жок болсо да, сезип жашашыңыз мүмкүн. Ошондой эле, бул сезимдин күчтүү болушу ал сезимдин мээде пайда болгондугу чындыгын өзгөртпөйт. Бул – илимий тараптан далилденген абдан ачык бир чындык.
Кээ бир адамдардын жолдон ылдам өтүп бараткан бир автобусту же бул автобус себеп болгон бир кырсыкты заттын физикалык оригиналын көрүп, сезип жаткандыгынын так бир далили сыяктуу кабыл алышынын себеби – сүрөттөлүштүн адамды жаңылта турганчалык чындыктай көрүнүшү жана сезилиши. Бир жердин көрүнүшүндөгү, мисалы жолдогу тереңдик жана перспективанын кемчиликсиз болушу, ал жерде көрүнгөн нерселердин түс, абал, көлөкөлөрдөн турган кемчиликсиздиги, үн, жыт жана катуулук сезимдеринин абдан даана болушу жана сүрөттөлүштүн ичинде бир логика бүтүндүгүнүн болушу кээ бирлерин жаңылтууда. Жана кээ бир адамдар бул окуялардын натыйжасында булардын элес экенин унутуп калышууда. Бирок мээде пайда болгон элестер канчалык кемчиликсиз болбосун, булардын элес экени жөнүндөгү чындык эч өзгөрбөйт. Адам жолдо баратканда бир кырсыкка кабылса да, жер титирөөдө кулаган бир үйдүн астында калса да, өрттө жалындын арасында калса да, тепкичтен чалынып жыгылса да, бул окуялардын баарын мээсинде жашайт жана эч качан оригиналдарын көрүп, сезе албайт.
Бир адам жолдогу бир автобустун алдына секиргенде, мээсиндеги автобус мээсиндеги денесин сүзөт. Ал адамдын бул кырсык натыйжасында жашоосунан айрылышы, денесинин талкаланышы да бул чындыкты өзгөртпөйт. Эгер адамдын мээсинде көргөн бул окуясы өлүм менен аяктаса, Аллах ал адамга көрсөткөн сүрөттөлүштү бир пердени алып салгандай, алып салат жана ал адамга башка бир сүрөттөлүш, акыретке тиешелүү сүрөттөлүштөрдү көрсөтөт. Бул чындыкты азыр ак пейилден ойлонуп, түшүнбөгөндөр өлөр замат түшүнүшөт.
When the nerves to the brain are severed, then no image forms. | ||
Жооп: Бүт дүйнөнү мээбизде кабылдаганыбыз – илим толук далилдеген жана илимдүү эч бир адам туура эмес деп айта албаган бир чындык. Бирок адамдар түшүнө албаган нерсе бул: «Биз бүт нерселерди мээбизде кабылдап жаткан болсок, мээбиздин сыртында бар болгон нерселердин оригиналдарын эч биле албайбызбы?» Бул шектенүү туура; биз эч качан мээбизде кабылдагандарыбыздын сырттагы заттын оригиналы экенин же андай эмес экенин эч кесе айта албайбыз. Себеби, биз мээбиздин сыртына чыгып, сыртта эмне экенин көрө албайбыз. Мээдеги сүрөттөлүштөрдүн сырткы дүйнөдөгү оригиналынын кандай экенин билишибиз – ушул себептен улам, мүмкүн эмес. Себеби бул сөздү айткан адам да, невролог да, мээ хирургу да, философ да, башка кайсы бир адам да бүгүнкү күнгө чейин мээсинин сыртына чыга алган эмес. Демек, заттын кандай экенин эч ким биле алган эмес, билбейт да.
Адамдын жашоосуна байланыштуу билген нерселеринин баары мээсине келген сигналдардын мээси тарабынан кабылдануусунан пайда болот. Тагыраак айтканда, адам дайыма өз мээсинин ичинде пайда болгон дүйнөсүндө жашайт. Асманга караганыбызда көргөн куштарыбыз, көчөнүн аркы башында узап бараткан машина, бөлмөбүздөгү буюмдар, колубуздагы бул китеп, досторубуз, туугандарыбыз, булардын баары – мээбизге жеткен копия сүрөттөлүштөр. Жана эч ким мээсинин ичинде пайда болгон бул жашоонун сыртына чыга албайт. Бул – илим менен да, технология менен да жетүүгө мүмкүн болбой турган бир абал. Себеби бир илимпоз эмне гана ойлоп таппасын, аны деле мээсинин ичиндеги сүрөттөлүштүн ичинде тапкан болот. Ошондуктан ал «сырткы дүйнөнү көрүү үчүн ачкан ачылышы» да мээсинин ичинде калат.
Эч бир адамдын бир заттын оригиналынын эмнеге окшош экенин билиши эч мүмкүн эмес; себеби эч бир адам заттын оригиналын эч качан көрүп, ага тийген эмес. Алгачкы адамдан ушул күнгө чейин жер жүзүндө бир үндүн оригиналын уккан, бир пейзаждын оригиналын көргөн же бир гүлдүн оригиналын жыттаган бир адам да жашаган эмес.
The pain and wetness when someone cuts her hand all form in the brain. That same person might dream she has cut her hand and might experience the same sensations in that dream. Yet in her dream she is simply seeing an illusion, and there is no real knife or bleeding wound. That being the case, the feeling of pain does not alter the fact that we see all our lives as images within our brains. | ||
Жооп: Чынында бул теманы мындан мурунку каршы пикирлердин жоопторунда детальдуу караган элек. Бирок тема маанилүү болгондуктан, бул жерде дагы бир жолу жооп берүү пайдалуу.
Бул каршы пикирди айткандардын эң маанилүү жаңылыштыгы – бул алардын сүрөттөлүштөн башка, үн, жыт, тийүү сыяктуу сезимдердин да мээде пайда болгонун ойлонбошу. Ошондуктан «бычакты мээмде көрүп жаткан болушум мүмкүн, бирок бычактын курчтугу чындык, кара, колумду кести» деп айтышууда. Чынында болсо бул адамдын колундагы оору, аккан кандын ысыктык жана суюктук сезими жана башка бардык сезимдер мээсинде пайда болот. Жанындагы досунун бул окуяга күбө болушу бул чындыкты өзгөртпөйт, себеби досу да бычак менен бир эле жерде, тагыраак айтканда, мээсинин көрүү борборунда пайда болууда. Бул адам ушул эле сезимдерди, бычак менен колун кескенин, колундагы ооруну, кандын көрүнүшүн жана жылуулугун дал ушундай абалда түшүндө да жашашы мүмкүн. Колун кескенин көргөн досун да түшүндө көрүшү мүмкүн. Бирок досунун бар болушу бул көргөндөрүнүн түш эмес экендигинин бир далили болбойт.
Ал тургай, түшүндө колун кескен убакта бирөө келип, «бул көргөндөрүң бир элес, бул бычак чындык эмес, колуңдан аккан кан, сезген ооруларың да чындык эмес, булардын баарын азыр мээңде сезип жатасың» десе, бул адам ага ишенбейт жана каршы чыгат. Ал тургай, балким «Мен материалистмин. Мындай сөздөргө ишенбейм. Азыр көрүп жаткандарымдын баарын сезип жатам, кара, канды көрбөй жатасыңбы?» дейт.
Заттын оригиналын көрүп жатам деп кежирленгендер жогоруда мисал келтирилген адам сыяктуу. Жашап жаткан элестер дүйнөсүндө «булардын баары бир элес жана бул элестердин оригиналына эч качан жете албайсың» деп айтылууда, бирок алар бул чындыкка болгон күчү менен каршы чыгышууда.
Бирок бир нерсени унутпоо керек. Бир адам колу кесилгенде, «кандай болсо да бул бир сүрөттөлүш» деп чара көрбөстөн отурбайт. Себеби Аллах бул сүрөттөлүштөр ичинде адамдарды кээ бир себептерден көз-каранды кылып жараткан. Мисалы, колу кесилген адам керектүү дарыларды колдонот, колун таңат же докторго барат. Бирок бул кыймылдарынын баарынын мээсинде пайда болгон сүрөттөлүштөрүн көрөт. Таңган кебези да, колдонгон дарылары да мээсинде пайда болгон сүрөттөлүштөр.
Жооп: Кээ бир Мусулмандар «заттын бир элес экендиги чындыгы Ислам динине туура келбейт жана өтмүштө дин аалымдары бул чындыкты кабыл алышкан эмес» деп айтышууда. Чынында болсо бул туура эмес. Тескерисинче, бул жерде түшүндүрүлгөндөр Куран аяттарына толук туура келет; ал тургай көптөгөн аяттын, бейиш жана тозок, түбөлүктүүлүк, убакыттын жоктугу, өлүмдөн кийин тирилүү, акырет сыяктуу Куранда билдирилген темалардын толук түшүнүлүшү үчүн абдан чоң мааниге ээ.
Албетте, бул теманы билбесе да, бир адам чыныгы ыйманды жашашы мүмкүн. Аллах Куранда билдирген бүт нерсеге чын көңүлдөн жана эч кандай шектенбестен ыйман келтириши мүмкүн. Бирок муну айта кетүү керек, бул тема адамдын ыйманда жана йакинде тереңдешине себеп болот жана өтмүштө көптөгөн Ислам аалымдары да бул чындыкты ушул багытта түшүндүрүшкөн. Бирок алар жашаган доордо илимдин бул теманы ортого койо элек болушу жана теманы туура эмес түшүнүүгө ылайыктуу агымдардын бар болушу, алардын бул түшүндүрмөлөрүнүн жайылышына жана көп адамдар тарабынан билинишине тоскоол болгон.
Заттын маңызын түшүндүргөн Ислам аалымдарынын бири жана эң маанилүүсү – бул «хижри онунчу кылымдын мүжеддиди» деп саналган жана кылымдар бойу бүт Ислам дүйнөсүнүн чоң урматына ээ болгон Имам Раббани. Имам Раббанинин Мектубат аттуу эмгегинде бул тема менен байланыштуу абдан детальдуу баяндар бар. Имам Раббани Аллахтын ааламды «сезим жана элес даражасында», башкача айтканда, кабылдоо даражасында жаратканын бир мектубунда мындайча түшүндүрөт:
Жогоруда мындай бир сүйлөм колдондум: «Сүбхан Хакктын халкы (Аллахтын жаратышы) – сезим жана элес даражасында». Мунун мааниси мындай: «Аллаху Таала буюмду ушундай бир даражада жараткан, ал даражада буюм үчүн сезим жана элестен башка бир жерде сүбут (туруктуулук) жана хусул (бар болуу) жок.45
Байкалгандай, Имам Раббани биз көргөн ааламдын, башкача айтканда, бүт нерселердин «сезим жана элес даражасында», т.а., кабылдоо даражасында жаратылганына өзгөчө басым жасоодо. Бул элес даражасындагы ааламдан башка (сыртта) болсо бир гана Аллахтын Заты бар. Имам Раббани жалгыз абсолюттук Заттын Аллах экенин мындайча түшүндүрөт:
Сыртта Улуу Хакктан (Аллахтан) башкасы жок... Балким даңкы улук Аллахтын жаратуусу менен элес даражасында сүбут (туруктуулук) тапкандыр... Эгер ал үчүн бир сүрөттөлүш туруктуу болгон болсо, ал элес даражасында. Эгер анын бир сүбуту (туруктуулугу) бар болгон болсо, ал да улуу Аллахтын элес даражасындагы чеберчилиги менен. Кыскача айтканда, анын туруктуулугу жана сүрөттөлүшү бир даражада болууда. Туруктуулугу бир жерде, сүрөттөлүшү башка бир жерде эмес...»46
Жыйынтыктасак, Имам Раббанинин баяндарынан да анык көрүнгөндөй, зат – абсолюттук нерсе эмес жана биз ал жөнүндө абдан аз нерсе билебиз. Биз мээбизде бизге көрсөтүлгөн сүрөттөлүштү гана көрөбүз. Бул сүрөттөлүштү бардык детальдары менен жараткан жана бизге көрсөткөн болсо – бул ааламдардын Рабби Аллах.
Жалгыз абсолюттук заттын Аллах экендигин, Аллахтын бүт ааламды элес даражасында жаратканын баяндаган дагы бир чоң Ислам аалымы – бул Мухйиддин Араби. Илимдеги тереңдиги себебинен «Шейхи Экбер» (эң улук шейх) катары да эскерилген Мухйиддин Араби Фусүс-үл Хикем (Хикматтардын Өзү) аттуу китебинде ааламдын Улуу Аллахтын көрүнүштөрүнөн түзүлгөн бир көлөкө нерсе экенин мындайча баяндайт:
Биз мындай дейбиз, Хактан башка нерселер, же аалам деп аталган нерсе Хакка салыштырмалуу бир адамдын көлөкөсү сыяктуу экенин билишиң керек. Демек, масива, башкача айтканда, Аллахтан башка нерселер – Аллахтын көлөкөсү... Көлөкө шексиз сезимде бар.47
Мухйиддин Араби бул сөздөрүндө айтып кеткендей, адам – Аллах Өзүнөн үйлөгөн рухту алып жүргөн, Аллахтын көрүнүшү болгон бир жандык. Жалгыз абсолюттук зат – бул Аллах. Адам болсо – элес. Бул абдан маанилүү бир чындык жана «бул мындай эмес» деп ойлогондо адам чоң ката жасайт.
Имам Раббани сыяктуу Мевлана Жами да Курандын ишараттары жана акыл жолу менен тапкан бул кереметтүү чындыкты «ааламда эмне бар болсо баары – сезим жана элес. Же күзгүлөрдөгү чагылуулар, же болбосо көлөкөлөр сыяктуу» деп баяндаган.
Байкалгандай, чоң Ислам аалымдары бул чындыкты абдан ачык түшүндүрүшкөн жана ошондуктан, «бул тема Куранга жана сүннөткө туура келбейт» же «Ислам аалымдары кабыл алган эмес» деп айтуу чындыкка жатпайт. Мындан тышкары, бүт сүрөттөлүштөрдү мээбизде көрүп жаткандыгыбыздын, эч ким жокко чыгара албай турган, илимий чындык экенин да унутпоо керек. Өтмүштө бул чындык илимий тараптан билинбегендиктен, кээ бир Ислам аалымдарынын бул чындыкты ортого койбошу кадыресе көрүнүш. Мындан тышкары, заттын элес экендиги чындыгын кээ бир чөйрөлөр адашкан бир ишеним менен түшүндүрүшүп, диндин өкүмдөрүн жана мыйзамдарын ушундайча жокко чыгарууга аракет кылышкан. Ушундай бузуку жана жалганчы агымдар себебинен да кээ бир Ислам аалымдары Мусулмандарды ушул сыяктуу коркунучтарга карата эскертишкен. Бирок булар – бул чындыктын бузуку жоромолдору. Бул жерде баяндалгандар менен адаштырбоо керек.
Эң туурасы – бул башынан бери айтып келе жаткандай, затты Аллахтын жараткандыгы жана биздин анын оригиналын көрүп, тийип, сезе албашыбыз.
All Beautiful Things are The Works of God's Creation All the beautiful things we possess and see around us are manifestations of God's attribute, the Bestower (al-Wahhab). | ||
Жооп: Кээ бир ыймандуулар, заттын чыныгы маңызы кабыл алынганда, Аллахтын бир катар ысымдарына «перде тартылып», заттын элес экендигин айтуу менен Аллахтын кээ бир ысымдарынын көрүнүшүн түшүндүрүүгө болбой калат деп ойлошууда. Бул да – терең ойлонбогондуктан жана түшүндүрүлгөндөрдү толук түшүнбөгөндүктөн келип чыккан бир ката.
Баарынан мурда, Аллахтын ысымдарына эч кайсы пикир, эч кайсы күч перде тарта албайт. Эч кайсы илимий чындык Аллахтын ысымдарынын көрүнүшүнө тоскоол боло албайт. Бул илимий чындыктарды жараткан да – Аллах. Аллах Өзү жараткан нерселерден жана мыйзамдардан көз-каранды эмес. Ошондуктан, жер бетиндеги эч кайсы күч же эч кайсы маалымат, илим Аллахтын ысымдарынын көрүнүшүн жок кылбайт. Мындай нерсени ойлонуу Аллахтын чексиз кудуретин аңдап түшүнбөгөндүктү көрсөтөт.
Мындан тышкары, заттын мээбизде пайда болгон копиясын көрөөрүбүз жөнүндөгү чындык, бул адамдар ойлогондун тескерисинче, Аллахтын ысымдарынын дайыма бүт жерде тынымсыз көрүнүп жатканын көрсөткөн маанилүү бир далил. Себеби бир тасма кадрлары сыяктуу, сезим жана элес даражасында пайда болгон бир сүрөттөлүш өз алдынча пайда болбойт жана сөзсүз аны көрсөткөн бир зат болушу керек, демек муну бар кылган, жараткан бир Жаратуучу бар. Бул Жаратуучу – улуу күч жана кудурет ээси – Улуу Аллах.
Сүрөттөлүштүн үзгүлтүксүз, тынымсыз болушу болсо – Жаратуучубуз болгон Аллахтын дайыма жаратуусун улантып жаткандыгынын ачык далили. Бир аятта да асмандардын жана жердин, б.а., ааламдын туруктуу жана тең салмактуу эмес экендиги, Аллахтын жаратуусу натыйжасында бар экендиги жана Улуу Аллах жаратуусун токтоткондо, жок болоору мындайча билдирилет:
Шек жок, Аллах асмандарды жана жерди талкаланышат деп (дайыма кудурети менен) кармап турат. Ант болсун, эгер талкаланышса, Андан башка аларды эч ким кармай албайт. Чындыгында, Ал Халим (абдан жумшак), кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 41)
Аллах Немл Сүрөсүнүн 64-аятында болсо Өзүнүн «элди тынымсыз жаратууда болгон» экендигин кабар берген. «Өздөрү жаратылып турушат, (аны билбей) эч нерсени жарата албаган нерселерди шерик кошуп жатышабы? (Араф Сүрөсү, 191) аятында да адамдардын дайыма жаратылып тургандыгына көңүл бурулууда.
Башкача айтканда, биз көргөн сүрөттөлүштөрдүн үзгүлтүксүз, тынымсыз болушунун себеби – бул сүрөттөлүштөрдүн туруктуу бир затынын бар болушу эмес, Аллахтын аларды дайыма жаратып турушу. Ошондуктан, адам дайыма, ар бир көргөн, сезген нерсесинде Аллахтын тынымсыз жаратуусунун бир көрүнүшүн көрөт.
Жыйынтыктасак, бул чындык Аллахтын сыпаттарынын ааламдагы көрүнүштөрүнүн байкалышын тагыраак кылууда. Мисалы, бир бакчага киргенде, бакчадагы мөмөлөрдүн, гүлдөрдүн, дарактардын чынында мээсинде ага көрсөтүлгөн элесин көрүп жатканын билген бир адам ошол замат бул элести ага көрсөткөн, ага сансыз немат жана сулуулукту сунган Раззак болгон Аллахты эстейт. Абдан кооз бир үйдүн ээси болгон, бирок бул үйдүн, ичиндеги бүт буюмдардын, алтындардын, күмүштөрдүн чыныгы маңызын билген, т.а., бүт бул нерселердин мээсиндеги сүрөттөлүштөрүн көрүп жатканын билген бир адам бул мүлк менен эсирип көппөйт. Аз. Сулайман сыяктуу, ага бул мүлктүн сулуулугун көрсөткөн, аны мунун менен бай кылган Ваххаб (берешен, белектер тартуулаган) болгон Аллахты аруулап, эстейт. Же бир адамга Аллахтын бар экенин, жалгыз экенин, Аллахтын жалгыз абсолюттук зат экенин, бейиш жана тозоктун бар экенин айтып берген бир адам берки адам ыйман келтиргенде, Аллахтын Хади (хидаят тартуулоочу, туура жолго жеткирген) ысмынын бир көрүнүшүн көрөт.
Төмөнкү чындыкты дагы бир жолу эстетип койуу керек: ар бир адамдын мээсинде пайда болгон сүрөттөлүштү көрөөрү, бул сүрөттөлүштөрдүн үндөрүн мээсинде угаары, мээсиндеги сүрөттөлүштөргө тийээри – илимий чындык. Жана биз ээ болгон сезим органдарыбыз аркылуу мээбиздин сыртында эмне бар экенин, булардын оригиналдарынын бар же жок экенин эч качан биле албайбыз. Андай болсо, бизге бул сүрөттөлүштөрдү көрсөткөн, бул үндөрдү угузган жана сүрөттөлүштү дайыма бир себеп-натыйжа байланышы ичинде жараткан бир күчтүн бар экенине толук ишенебиз. Бул күч – Аллах. Жана Аллах биз үчүн бул сүрөттөлүштөрдү жаратпаганда, биз үчүн дүйнө жашоосу, дегеле жашоо болбойт. Андай болсо биздин ар бир көз ирмемибизде Аллахтын жаратуусу жана Аллахтын ысымдарынын көрүнүштөрү тынымсыз уланып турат. Мисалы, бул китепти окуган бир адам үчүн Аллах үзгүлтүксүз абалда бул китептин жана анын бетиндеги жазуулардын, сүрөттөрдүн сүрөттөлүштөрүн жаратуусун улантууда.
Бул бизге Аллахтын Халик сыпатын жана жаратуу күчүн көрсөтөт. Аллах ушул учурда жер бетиндеги миллиарддаган адамга миллиарддаган ар башка сүрөттөлүштү көрсөтүүдө. Жана бул сүрөттөлүштөрдүн ар бири үзгүлтүксүз абалда, бири-бирине дал келүүчүлүк менен, эң майда-баратына чейин жаратылууда. Эч кайсы адамдын сүрөттөлүшүндө эң майда бир деталь да кем болбостон, ага толук көрсөтүлүүдө. Бул чындыкты ойлонуу адамдарга Аллахтын чексиз күчүн, ааламдардын жалгыз өкүмдары экендигин көрсөтөт.
Имам Раббани заттын элес даражасында жаратылганын түшүндүрүп жатып, Аллахтын ысымдарын сезим жана элес даражасында көрсөткөнүн мындайча түшүндүргөн:
... Сүбхан Хак кемал-и кудурети менен адем (жоктук) ааламында ысымдардан ар бир ысым үчүн мазхарлардан бир мазхар (бир нерсе ортого чыккан же көрүнгөн жер) белгиледи. Жана аны сезим жана элес даражасында жаратты. Болгондо да каалаган убакытта жана каалаган абалда... Ааламдын сүбуту (туруктуулугу) сезим жана элес даражасында болуп, харич (сырткы) даражада эмес... Харичте (сыртта) да улуу Важиб Заттын (Аллахтын) зат жана сыпаттарынан башкасы да туруктуу жана бар болууга...48
Бул чындыкты түшүнгөн бир адамдын ийгиликтерин, ээ болгон байлыгын, буюмдарын, наамдарын өз күчүмдөн деп ойлошу, буларга ээ чыгып мактанышы да эч мүмкүн эмес абалга келет. Себеби дайыма, бүт жерде Аллахтын ысмынын бир көрүнүшүн, Аллах ага көрсөткөн бир сүрөттөлүштү көрүп жатканын абдан жакшы билет. Аллахка канчалык муктаж жана алсыз экенин эч качан унутпайт. Аллах төмөндөгү аятында да билдирген чындыкка, «хаккул йакин» (так бир чындык катары) ыйман келтирет:
Эй адамдар, силер Аллахка (карата жакыр) муктажсыңар; Аллах болсо Ганий (эч нерсеге муктаждыгы жок), Хамид (мактоого татыктуу). (Фатыр Сүрөсү, 15)
Жооп: Кээ бир чөйрөлөр заттын маңызынын түшүндүрүлүшүнөн абдан тынчсыздангандыктан, заттын мээбизде көргөн бир элес экендиги чындыгын өтмүштө айтылган философиялардын бири катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Чынында болсо илимий жетишкендиктер бул теманын бир философия эмес, илимий бир чындык экенин ортого койууда. Ошондуктан, бул адамдардын аракети пайдасыз.
Анын үстүнө бир пикирдин мурдакы доорлордо башка ойчулдар тарабынан жакталган болушу ал пикирди жараксыз кылбайт же баркын төмөндөтпөйт. Заттын элесин көрөөрүбүз жөнүндөгү чындыкты өтмүштө да, учурда да кээ бир адамдар түшүнүшкөн жана айтышкан.
Мындан тышкары, өтмүштө жашаган идеалисттердин пикирлери аларга каршы чыккан материалисттер тарабынан жокко чыгарыла алган эмес, демек «өтмүштө да бул тема айтылган» деп айткандардын сөздөрү куру сөз гана.
Заттын маңызы жөнүндөгү чындыктар биринчи жолу табылып жаткан тема эмес, өтмүштө бул чындыктын бир философия катары гана айтылганы чындык. Бирок бүгүнкү күндө бул тема илим тарабынан далилденди.
Тарых боюнча көптөгөн ойчул, динге ишенген адам жана илимпоздор бул теманы колго алышып, заттын копияларын гана көрөөрүбүздү айтышкан. Мисалы, байыркы грек философторунан Пифагор, Элеа мектеби, өзгөчө «Үңкүр идеси» менен Платон сыяктуу көптөгөн ойчул бул теманы бир тарабынан түшүндүрүшкөн. Зороастризм, буддизм, таоизм сыяктуу батыл (негизсиз) ишенимдердин, Иудейлик жана Христиандык сыяктуу диндердин колдогу тексттеринде да бул тема жөнүндө сөз кылынгандыгы байкалат. Имам Раббани, Мухйиддин Араби, Мевлана Жами сыяктуу чоң Ислам аалымдары да заттын маңызы темасын толук түшүндүрүшкөн. Бул темада көз-караштарына токтолуу керек болгон эң маанилүү адам – Ирландиялык бир диндар жана философ Беркелей.
Заттын бир гана мээбиздеги копиясын билээрибизди айткан Беркелей ал доордо жашаган жана затты абсолюттук бир нерсе катары кабыл алган материалисттер тарабынан кол салууларга кабылган, жана материалисттер шылдың жана жалаа аркылуу анын оозун жабууга аракет кылышкан.
Бирок Беркелей да, башка ойчулдар да жашаган доорундагы илимий табылгалардын жетишсиздигинен улам бул көз-караштарын илимий далилдер менен тастыктай алышкан эмес. Ушул себептен, каршы пикирлердин да басымынын таасири менен бул теманын толук түшүнүлүп, жайылышы мүмкүн болгон эмес. Кээ бирөөлөр болсо бул чындыкты туура эмес жоромолдошуп, чындыкка жакындаса да эң туура жыйынтыктарды чыгара алышкан эмес. Кээ бир жаман ойлуу чөйрөлөр бул чындыкты бузуку багытка бурмалоого аракет кылышкан.
Бирок бүгүнкү күндө «заттын мээде кабылданган абалын билээрибиз» философиялык бир тема абалынан чыгып, илимий далилдер менен далилденген илимий бир чындыкка айланды. Илим дүйнөсүндөгү өнүгүүлөр адамдын сезүү органдарынын иштөө механизмин аныкташты. Бул механизм, китептин башында да айтылгандай, бүт сезүү органдарыбыз үчүн бирдей: сырткы дүйнөдөн сезүү органдарына келген таасирлер (сигналдар) клеткаларыбыз тарабынан электрдик импульстарга айландырылат жана нерв клеткалары аркылуу мээдеги кабылдоо борборлоруна жеткирилет. Жана адам тышкы дүйнөнү мээсиндеги кичинекей кабылдоо борборлорунда көрөт, угат, жыттайт, даамын татат жана сезет.
Бул илимий чындыктарды учурда ар кандай физиология китебинен же орто мектептин биология китептеринен да табууга болот. Сүрөттөлүштүн жана сезимдердин мээде кандайча пайда болоору бардык медицина факультеттеринде майда-чүйдөсүнө чейин окутулат. Илим-билимдин өнүгүшү менен бирге физика, квантум физикасы, психология, неврология, биология, медицина сыяктуу илим тармактары бул чындыктын техникалык тараптарын апачык ортогой койду.
Мисалы, жасаган эмгектери менен чоң кызыгууларды жараткан, бүт баары сыйлык алган сегиз китептин автору, теорик-физик Др. Фред Алан Вольф илимий өнүгүүлөрдүн, өзгөчө квантум физикасында алынган жыйынтыктардын адамдарга көрүнгөн дүйнөнүн чындыгында бир элес экенин көрсөткөнүн мындайча баяндайт:
Бүт материализмдин, физикалык дүйнөнүн, биз билген чындыктын, бүт нерселердин үстүндө бир нерсе бар. Бул адаттагы дуализмди да четке кагат. Мен муну мистикалык бир көз-караш катары эмес, квантум физикасы катары айтып жатам. Биздин эң заманбап физикалык дүйнө түшүнүгүбүз боюнча, аныктама берүүгө болбой турган бир дүйнө, мистикалык бир дүйнө, «элестүү» бир дүйнө болушу мүмкүн. Немец физик жана квантум механикасынын алдыңкыларынан Вернер Хейсенберг айткандай, аң-сезимди физикага алып келгениңизде, көрүнгөн нерсени пайда кылган – бул караган киши. Тагыраак айтканда, көрүнгөн нерсе аны бирөө караган үчүн пайда болот... Мен чындыкты башкача көрүп жатам. Чындык – түшкө жакыныраак, мен түштө бир чындык көрүп жатам. Баарыбыз бир бөлүгү болгон, бул түштү пайда кылган бир затты же улуу бир Рухтун бар экенин кабыл алам. Жана бул – илимий түшүндүрмөлөр менен барууга боло турган бир жыйынтык.49
Бул илимпоз – заттык дүйнөнүн чындыгында кабылданган бир «элес» экендигин илимий табылгалар жардамы менен байкаган жана аңдап-түшүнгөн көптөгөн илимпоздордун бирөөсү гана. Мындай абдан ачык илимий чындыкты кабыл албагандардын баш тартуу себеби – илимий эмес, идеологиялык себеп. Себеби, бул илимпоздор күчтүү фанатизм менен байланган материализмди тамырынан жок кыла турган бул чындыкты баарын түшүнүп туруп кабыл алгылары келбейт. Др. Вольф да бул чындыктын материализмди четке кагаарын айтат.
21-кылымда жетишилген илимий жыйынтыктар эске алынганда, сырткы дүйнөнүн мээде кабылданаары жөнүндөгү чындыкты бир философия катары кабыл алуу эч чындыкка жатпайт. Себеби бул – бир философия эмес жана илимий ачылыштар апачык көрсөткөн илимий бир чындык. Бул – адамдар түздөн-түз ичинде жашап жаткан, баш тартууга болбой турган бир чындык. Динсиз болсун, динге ишенген адам болсун бул чындыкты так билет жана мындан баш тартуунун кажети жок.
Жооп: Вахдети Вүжуд пикирин түшүндүргөн көптөгөн маанилүү Ислам аалымы өтмүштө бул китепте орун алган кээ бир темаларды терең ой жүгүртүп, айтышканы чындык. Бирок бул жерде түшүндүрүлгөндөр Вахдети Вүжуд көз-карашы менен бир эмес. Тарых боюнча көп аалым жана ойчул бул чындыкты түшүндүргөн. Бирок бир бөлүгү туура эмес пикирлерге кабылып, Аллах жараткан нерселерди толугу менен жок деп айтышкан. Чынында болсо, заттын мээбизде пайда болгон бир элес экендигин айтуу – «көргөн нерселерибиздин эч бири жок» дегенди билдирбейт. Себеби көргөн нерселерибиздин баары, тоолор, сайлар, гүлдөр, адамдар, деңиздер, кыскача айтканда, көргөн нерселерибиздин баары, Аллах Куранда бар деп билдирген бүт нерселер жаратылган жана бар. Бирок булардын баары сүрөттөлүш катары бар.
Аллах жараткан бүт нерселер, биз көрсөк да, көрбөсөк да бар. Себеби бул нерсе ансыз деле жаратылган, жана мурда да айтылгандай, алгачкы жаратылгандан баштап өлгөнгө чейинки бүт абалдары Аллахтын хыфзында түбөлүк бар болот. (Бул тема жөнүндө тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын Түбөлүк жашоо башталды китебин караңыз)
Жыйынтыктасак, заттын мээбизде пайда болгон бир элес болушу аны «жок» абалга алып келбейт. Бирок бизге заттын маңызы жөнүндө маалымат берет, бул болсо – заттын сүрөттөлүш экендиги жөнүндөгү чындык.
"Saying, "We are dealing with the images in our brains of beings" is not the same as saying, "These things do not exist." All that God creates: people, buildings, lakes, the sky and everything else, really exists. However, we merely know their version perceived in our minds, and we can only see them in our brains. | ||
Жооп: Бул суроону сураган адам эң башта өзүнүн да бир элес экенин билбей жатат же түшүнө албай жатат. Өзүн абсолюттук, ал эми досторун, жакындарын, үй-бүлөсүн болсо элес катары кабыл алууда. Чынында болсо өзү да башка жакындары сыяктуу элес болгон бир жандык. Көргөн, тийген денеси – жакындарынын денеси сыяктуу мээсинде пайда болгон бир сүрөттөлүш.
Мындан тышкары, бул суроону узаткан адамдардын жакындарынын, досторунун мээлеринде пайда болгон бир элес болушу аларга болгон сүйүүгө тоскоол болбойт. Эгер бир адам жакындарын жана досторун алардын денеси же материалдык байлыктары үчүн сүйгөн болсо, анда бул – ансыз деле туура эмес сүйүү. Бир адамды Аллахтын ал адамда көрүнгөн өзгөчөлүктөрүнөн улам сүйүү туура сүйүү болот. Мисалы, биз Пайгамбарыбызды (сав) эч көрбөсөк да, ал затта Аллахтын Вели, Малик, Керим, Векил, Хади сыяктуу бир катар сыпатынын сонун көрүнгөнүн, Аллахтын эң жактырган ахлакты анда көрсөткөнүн билгендигибиз үчүн жүрөгүбүздө ага карата чоң бир сүйүү жана махабат сезебиз. Бирок бул сүйүүбүздүн жалгыз булагы – чынында Пайгамбарыбыздын (сав) чыныгы ээси болгон Аллахка болгон сүйүү жана махабатыбыз.
Мусулмандар адамдарды да, башка бардык нерселерди, жандыктарды да Аллахка болгон сүйүүлөрүнөн, бул нерсе, жандыктар Аллахтын бир көрүнүштөрү болгондон улам сүйүшөт. Мисалы, бир кийиктин баласын сүйгөн бир Мусулман ал кийикте Аллахтын мээриминин, боорукердигинин бир көрүнүшүн, Аллах ал кийикте жараткан сүйкүмдүүлүктү жактыргандыктан, көрүнүшү боорукердик сезимин пайда кылгандыктан, аны сүйөт. Кийикти же кандайдыр башка бир жандыкты өз башынча, көз-карандысыз бир жандык катары сүйбөйт.
Бир Мусулман эч бир адамга же жандыкка өз алдынча бир жандык катары сүйүү жана жакындык сезбейт. Бүт сүйүүлөрдүн булагы – Аллахка болгон сүйүү. Куранда «...Силердин Аллахтан башка велиңер (досуңар) жана жардамчыңар жок.» (Бакара Сүрөсү, 107) аяты менен адамдын Аллахтан башка досу жок экенине көңүл бурулган. Дагы бир аятта болсо адамдардан «Аллах кулуна жетиштүү эмеспи?» (Зүмер Сүрөсү, 36) деп суралууда. Демек сүйгөндөрүбүз да Аллахтан өзүнчө, өз алдынча жандыктар катары биздин досубуз жана жардамчыбыз боло алышпайт. Ошондуктан, бардык жакындарыбыздын, досторубуздун мээбизде бир элес болушу бул чындыкты тереңирээк кубаттоодо. Биз, мисалы, апабызды сүйгөндө, чындыгында сүйгөнүбүз – бул Аллахтын апа көрүнүшүндө көрсөткөн Рахим, Рауф (Сактоочу), Асим (Коргоочу) сыпаттары. Же момун бир тууганыбызды сүйгөндө, ал кишиде Аллах көрсөткөн жана ыраазы болгон сонун ахлакты сүйөбүз. Анын такыбасынан (Аллах коркуусунан) жана мамилелеринен Аллахтын ыраазы болгонун үмүт кылгандыгыбыз үчүн, биз да андан ыраазы болобуз. Анын Аллахты сүйгөнүн, Аллахтан коркуп сактанганын көрүп, Аллах жараткан бул ыймандуу көрүнүштөн биз да ырахат алып, жактырабыз. Ошондуктан, биз бир адамды сүйгөндө, чындыгында Аллахты сүйөбүз жана ал сүрөттөлүшкө болгон махабат жана сүйүүбүздүн чыныгы булагы – бул Раббибизге болгон махабат жана сүйүүбүз.
Адамдарды Аллахтан өзүнчө бөлүп сүйгөндөр, адамдарга Аллахтан көз-карандысыз, өз алдынча жандыктар сыяктуу байлангандар, адамдарды Аллахты сүйгөн сыяктуу сүйгөндөр болсо чоң жаңылуу ичинде. Себеби Куран боюнча жалгыз сүйүү жана жакындык – Аллахка карата гана. Башка нерселер болсо Аллахтын көрүнүштөрү катары гана сүйүлүүгө тийиш. Аллах адамдарга өз алдынча бир жандык катары маани берип, байлангандар жөнүндө Куранда мындай буйурат:
Адамдардын арасында кээ бирөөлөр Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар болсо Аллахты көбүрөөк сүйүшөт. Ал зулумдук кылгандар азапка жолугаар күнү сөзсүз бүт күч-кудуреттин толугу менен Аллахтыкы экенин жана Аллах берген азаптын чынында күчтүү (оор) экенин бир билишсе эле. (Бакара Сүрөсү, 165)
A Muslim who feels love, affection and interest in the things God has created, actually feels these things for God's creation, and the power and art it contains. He knows that the beauty in a living thing actually belongs to God. | ||
Аятта да билдирилгендей, адамдарга же жандыктарга Аллахтан башка бир күч таңуулоо жана аларга ушул абалда жакындык сезүү аларды Аллахка шерик кылуу дегенди түшүндүрөт. Чындыгында болсо Аллахтан башка эч бир жандыктын бир нерсени аткарууга, кандайдыр бир кыймылды жасоого күч-кудурети жок.
Курандын көптөгөн аятында Аллахтан башка жандыктарга күч таңуулаган адамдарга бул чындык билдирилген:
Аллахтан башка сыйынганыңар силер сыяктуу кулдар (пенделер). Эгер чынчыл болсоңор, ылдам аларды чакыргыла да, силерге жооп беришсин. Алардын баса турган буттары барбы? Же кармай турган колдору барбы? Же көрө турган көздөрү барбы? Же болбосо уга турган кулактары барбы? Айткын: «Шерик кошконуңарды чакыргыла, кийин бир тузак кургула да мага эч мөөнөт да бербегиле.» Эч шексиз, менин велим Китепти түшүргөн Аллах жана Ал салихтердин коруучулугун (велилигин) кылууда. Андан башка сыйынганыңар болсо силерге жардам берүүгө күчтөрү жетпейт, өздөрүнө да. Эгер аларды туура жолго чакырсаңар, угушпайт. Аларды сага караган (сыяктуу) көрөсүң, чынында болсо алар көрүшпөйт да. (Араф Сүрөсү, 194-198)
Жогорудагы аяттарда ачык кабар берилгендей, Аллахтан башка эч кимдин кандайдыр бир жол менен бир адамга жардам бериши эч мүмкүн эмес. Адам эң сүйгөн, жашоосу боюнча абсолюттук заттар деп кабыл алган апасы, атасы, балдары, достору да, ким болбосун оор абалга кабылганда ал адамга жардам бере алышпайт. Бир адамдын жакындары, достору ага Аллахтын каалоосу жана уруксаты менен гана жардам бере алат. Аллах каалабастан, эч бир адам өзүнө да жардам бере албайт. Ал тургай, Аллах каалабастан, бир адамдын басышы, көрүшү, угушу, кыскача айтканда, жашоосун улантышы да эч мүмкүн болбойт. Оригиналынын эмне экенин билбеген, копия сүрөттөлүшүн көргөн нерселерибиз акыретте бул «дооматты» айткандардан алыстайт. Жана Куранда билдирилгендей, бүт адамдар «жападан жалгыз» абалда суракка алынышат. Башкача айтканда, бул дүйнөдө чынында бүт адамдар бир гана Аллах менен бирге болгон сыяктуу эле, акыретте да ушундай абалда суракка алынышат. Аллах бул чындыкты бир аятында мындайча билдирет:
Ант болсун, силерди алгач жаратканыбыз сыяктуу (бүгүн да) «бир бирден, жападан жалгыз (абалда) Бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди аркаңарда калтырдыңар. Араңардан чынында шериктер деп ойлогон шапаатчыларыңарды эми жаныңарда көрбөй турабыз. Ант болсун, араңардагы (байланыштар) талкаланып-үзүлдү жана (алар) жөнүндө күмөн кылгандарыңар силерден алыстады. (Энъам Сүрөсү, 94)
Ар бир адам, мисалы бир досуна караганда, мээсинде Аллах ал үчүн жараткан дос сүрөттөлүшүн көрөт. Мээсине барган нервдер үзүлсө, досунун сүрөттөлүшү жоголот. Дайыма Тирүү жана Каййум болгон – бул бир гана Аллах. Андай болсо адам оригиналын эч көрө албаган, бир гана мээсинде болгон бир жандыкка, нерсеге эмне үчүн байлансын? Адамдын байлана турган, сүйүү менен моюн суна турган жалгыз досу – бул Улуу Аллах.
When a Muslim loves someone, he is actually showing his love for God. The true source of love for an image that God has created is our love for God, Who creates that image in a form that we can love. | ||
Жооп: Бул темага каршы чыккан кээ бир адамдар мындай дешет: «Адам досторунун да өзү сыяктуу чыныгы жана туруктуу болушун каалайт. Мындан башка кандай болсун?»
Бул сөздөр бул адамдардын заттын чыныгы маңызы менен байланыштуу түшүндүрүлгөн теманы түшүнө албаганын же бул жөнүндө терең ойлонбогонун көрсөтөт. Себеби бул сөздөрдү айткан адам жакындарынын да өзү сыяктуу болушун каалагыдай, өзү да «чыныгы жана туруктуу» эмес да. Бул чындык жөнүндө терең ойлонгон бир адам өз денесинин да Аллах анын рухуна көрсөткөн бир сүрөттөлүш экенин түшүнөт.
Кээ бир адамдардын өз денелерине тийиши, манжаларын кесип алганда оору сезүүлөрү, ээ болгон денелеринин кээ бир муктаждыктарын камсыздап жатышы ал адамдарга өз денелеринин копия бир сүрөттөлүш экенин унуттуруп жаткан болушу мүмкүн. Чынында болсо, башка бардык нерселер сыяктуу эле, адамдын өз денеси да бир элес жана адам өз денесинин заттык чыныгы абалынын оригиналын биле албайт. Мисалы, колун кесип алганда сезген оорусу да бир элес. Же курсагы ачып тамак жегенде сезген курсагы тойуу сезими да бир элес. Адамдын мээсине сырттан берилген жасалма сигналдар бул тойуу сезимин адам тамак жебестен да пайда кылышы мүмкүн. Бирок адам эч качан өз денесинин оригиналынын кандай экенин биле албайт. Оору сезген, бир нерсеге тийген, бул жазууну окуп түшүнгөн, сын-пикирлер жазган – бул Аллах адамга берген рух, ошондуктан адамдын өзү да Аллахтын бир көрүнүшү. Бул адамдар ойлогондой, абсолюттук жана туруктуу эмес.
It is possible to create a feeling of fullness with artificial signals from outside the human brain. These can make someone feel full, even if he has not eaten anything. | ||
Жооп: Бул – көбүнчө материалисттер айтуучу жана бул улуу чындыкты, өз ойлорунда, илимге каршы, илимди жок кыла турган бир тема катары көрсөтүү үчүн айтылган бир сөз. Мындай каршы пикирдин жараксыз экени жана логикага сыйбастыгы апачык.
Аллах биз жашаган сүрөттөлүштөрдү бизге бир себеп-натыйжа байланышы ичинде, кээ бир мыйзамдарга көз-каранды сыяктуу көрсөтөт. Мисалы, түн менен күндүз – биздин мээбизде пайда болгон сүрөттөлүштөр. Жана биз түн менен күндүздүн күнгө жана жердин кыймылдарына жараша алмашкан сыяктуу кабылдайбыз. Мисалы, мээбиздин ичиндеги сүрөттөлүштө күн төбөдө турганда, күн түш болду деп билебиз жана күн батып баратканда болсо айлананын караңгылап баратканына күбө болобуз. Аллах ааламга тиешелүү элестерди жаратканда, мындай себеп-натыйжа байланыштарын да бирге жараткан. Эч качан күн батканда, күндүздү жашабайбыз. Аллах мээбизде жараткан мындай себеп-натыйжа байланышынын байкоого алынышы жана изилдениши – бул илим, билим.
Дагы бир мисал берели: мээбиздин ичиндеги элесте колубуздан койо берген калемибиз дайыма жерге түшүүдө. Буга себеп болгон себеп-натыйжа байланышынын изилдениши натыйжасында «жердин тартылуу күчү мыйзамын» табабыз. Аллах рухубузга көрсөткөн сүрөттөлүштөрдү белгилүү себептерге жана мыйзамдарга көз-каранды сыяктуу көрсөтүүдө. Бул себептердин жана мыйзамдардын жаратылышынын бир себеби – бул жашоонун сыноо үчүн жаратылган болушу. Бул мыйзамдардын жана «аалам» деп аталган элестер жыйындысынын кандай бир тең салмактуулук, система ичинде иштешинин изилдениши болсо илим, билимди түзөт. Ошондуктан, илим – Аллах жараткан кереметтүү сүрөттөлүштөр көз-каранды сыяктуу көрүнгөн мыйзамдарды түшүнүү үчүн абдан зарыл.
| |||
The rising and setting of the sun are images that form in peoples' brains. A person watches the sunset in his mind, and it is his soul that takes pleasure in it. | God possesses the power to create effects without any causes. One proof of this is the way one can feel the heat of the Sun in a dream, even though the Sun is not actually there. | ||
Жыйынтыктасак, материалисттер айткандай, заттын оригиналын көрбөгөшүбүз жөнүндөгү чындыкты кабыл алуу илимден баш тартууну талап кылбайт. Тескерисинче, бул чындыкты чын ниеттен кабыл алгандар илимди бул элестер жыйындысын түшүнүү, бул комплекстеги сырларды аңдап түшүнүү үчүн маанилүү бир жол катары көрүшөт.
Мындай илим түшүнүгү менен материалисттик илим түшүнүгү арасында болсо чоң айырма бар. Элестер жыйындысына байкоо жүргүзүү менен тапкан табият мыйзамдары – бул комплексти жараткан Аллахтын мыйзамдары. Затты абсолюттук зат деп ойлогон, табият мыйзамдары заттын өзүнөн пайда болот деп кабыл алган, адамдарды да табият мыйзамдары жаратты деген жаңылыштыкка кабылган материалисттердин илим түшүнүгү болсо бул чындык менен бирге кыйроодо.
Аллахтын бүт бул элестерди эч кандай мыйзамга жана себепке муктаж болбостон жаратууга күчү жетээрин унутпоо керек. Мисалы, Аллах бир урук болбостон, гүлдү жарата алат, булут болбостон жамгыр жаадыра алат же күн болбостон туруп көлөкөнү, түндү жана күндүздү жарата алат. Аллах бир аятында бул чындыкты мындайча билдирет:
Раббиңди көрбөдүңбү, көлөкөнү кандай узартканын? Эгер каалаганда, аны өзгөрбөс кылмак. Кийин Биз күндү ага бир далил кылганбыз. Кийин аны кармап Өзүбүзгө оор оор тарттык. Ал түндү силер үчүн бир кийим, уйкуну бир эс алуу жана күндүздү да жайылып-иштөө (убактысы) кылган. (Фуркан Сүрөсү, 45-47)
Аяттан да байкалгандай, Аллах алгач көлөкөнү жараткандыгын, андан соң күндү ага далил кылганын билдирүүдө. Түштөрүбүз бул жаратууну жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Түшүбүздө күндүн заттык бир оригиналы болбостон туруп, күндөн келген нурду, ысыкты, жарыкты чыныгы жашоодогу сыяктуу сезебиз. Бул тараптан караганда, түштөр – Аллахтын күн болбостон туруп күнгө тиешелүү сезимдерди мээбизде жарата алышынын көрсөткүчтөрүнүн бири.
Бирок Аллах Өзү жараткан сыноо чөйрөсүндө адамдар үчүн бүт нерсенин бир себебин да жараткан. Күндүздүн себеби – күн, жамгырдын себеби болсо – булут. Булардын баары мээбизде Аллах өз-өзүнчө жараткан сүрөттөлүштөр. Бир себептин натыйжадан мурун жаратылышы аркылуу Аллах бул сыноо чөйрөсүндө «бүт нерсе белгилүү мыйзамдар менен иштейт» деп ойлошубузга жана натыйжада илимий изилдөөлөр жасашыбызга шарт түзүүдө.
God shows the images He creates as linked to particular causes and effects. When an apple drops off a tree, for instance, it always falls to earth, it never goes upwards or remains suspended in the air. The study of these effects and laws that God has created form the fields of study in science. As a result, the fact that the whole universe is a totality of perceptions does not invalidate or do away with the need for scientific research. | ||
Жооп: Заттын маңызы жөнүндөгү түшүндүрмөлөрдү толук түшүнө албаган кээ бир адамдар «заттык дүйнөнүн оригиналын көрө албайбыз, бир гана мээбиздеги копия сүрөттөлүштөрдү көрөбүз» деген сөздү «нерселердин баары жок» деген сыяктуу туура эмес түшүнүшүүдө. Чынында болсо, «зат бир элестер жыйындысы же мээбизде көргөн бир сүрөттөлүш» деп айтуу – «зат жок» деген мааниге келбейт. Заттык аалам бар, бирок биз анын оригиналын эч качан биле албайбыз. Биз бир гана мээбиздеги копиясын, т.а., элесин көрөбүз.
Заттын элесин көрүшүбүз – бул Аллахтын бар экендигинин абдан так бир далили. Себеби (бир сүрөттөлүш сыяктуу) сезим жана элес даражасында болгон бир нерсе өзүнөн-өзү жарала албайт, демек буларды жараткан бир Жаратуучу бар, т.а., улуу күч ээси Аллах бар. Ошондуктан, заттык ааламдын бир сүрөттөлүш экендиги жөнүндөгү чындык – Аллахтын бар жана жалгыз экендигинин бир далили. Ошондуктан, заттын сүрөттөлүшүн көрүшүбүз менен заттардын, жандыктардын Аллахтын бар экендигине далил болушу арасында эч кандай карама-каршылык жок, тескерисинче так бир логикалык байланыш бар.
Аллах бүт нерселерди жараткан, бирок биз бул нерселердин бир гана мээбиздеги элестерин, сүрөттөлүштөрүн билебиз. Жана бул сүрөттөлүш нерселерге тиешелүү өзгөчөлүктөрдүн изилдениши, анализ кылынышы Аллахтын жаратуу кудуретинин, чеберчилигинин жана чексиз акылынын далидерин көрсөтүүдө. Жыйынтыктасак, «зат – бир элестер жыйындысы» деп айтуу жана кийин бул сүрөттөлүштөргө тиешелүү өзгөчөлүктөрдү изилдөө менен Аллахтын улуулугун, бийиктигин жана кудуретин көрүү – эч бир карама-каршылык жаратпайт.
Мындан тышкары дагы бир нерсени айта кетүү керек: кээ бир адамдар Аллахты ойлонгон жандыктар болгондо гана Аллах бар болот (Аллахты аруулайбыз) деп ойлошууда жана мындай чоң жаңылыштык натыйжасында кээ бир каршы пикирлерди айтышууда. Чынында болсо Аллах, эгер кааласа, бүт сүрөттөлүштөрдү өчүрүп салышы, бардык заттарды, жандыктарды жок кылып салышы мүмкүн. Бирок Аллах бар болуусун улантат. Себеби Ал – түбөлүктүү, башы жана аягы жок, Эввел (Авваль) жана Ахир. Аллах каалаганын бир заматта жок кылышы мүмкүн экенине бир катар аятында көңүл бурат:
Эгер кааласа, эй адамдар, силерди кетирет (жок кылат) жана башкаларын алып келет. Аллах буга кудуреттүү. (Ниса Сүрөсү, 133)
Эй адамдар, силер Аллахка (карата жакыр) муктажсыңар; Аллах болсо Ганий (эч нерсеге муктаждыгы жок), Хамид (мактоого татыктуу). Кааласа, силерди кетирет (жок кылат) жана жапжаңы бир калкты алып келет. Бул Аллахка оор эмес. (Фатыр Сүрөсү, 15-17)
Аллах бүт жандыктарды жаратуудан мурда да бар, бүт жандыктар жок болсо да бар болот. Раббибиз аяттарда мындайча билдирет:
(Жер) Бетиндеги бүт нерсе жок болуучу; Желал жана икрам (берешендик) ээси болгон Раббиңдин жүзү (Өзү) түбөлүк калат. (Рахман Сүрөсү, 26-27)
| |||
Someone looking at a seal sees it in his brain. He also studies the features of that creature in his brain. What he learns shows him the flawlessness of God's creation, and the superiority of His wisdom. | Red tulips two people facing each other, it is never exactly the same tone that you see a red card or we can not detect. | ||
Жооп: Бул – толугу менен чындыкка жатпаган бир сөз. Себеби заттык дүйнөнүн оригиналын көрбөшүбүз сыноо сырын жокко чыгарбайт. Заттын маңызын эч качан билбесек да, Аллах арам кылган нерселер арам, адал кылгандары болсо адал. Мисалы, Аллах чочконун этин арам кылган. «Чочконун кандай болсо да элесин көрүп жатам» деп бул жаныбардын этин жештин өзүн-өзү алдоочулук жана акылсыздык экени ачык. Же «маңдайымдагы адамдардын баарынын мээмде пайда болгон сүрөттөлүштөрүн гана билем, буларга калп айтсам эч нерсе болбойт» деп айтуу да – Аллахтан корккон жана бул чындыкты терең түшүнгөн бир адам кыла турган нерсе эмес. Бул абал Аллах койгон бардык чектерге, буйрук жана тыйууларга тиешелүү. Мисалы, бул чындык 5 убакыт намазыбызды кылууну, зекет берүүнү жокко чыгарбайт. Берген зекетибиздин, бул зекетти алган адамдардын мээбиздеги элестер болушу парз болгон бул ибадатты аткарууга тоскоол болбойт. Аллах бүт дүйнөнү элестер жыйындысы катары жараткан, бирок бизди бул элестер ичинде Куранда билдиргендеринен милдеттүү кылган.
Өтмүштө кээ бир чөйрөлөрдүн бул чындыкты бурмалоо менен адал жана арамдарды жокко чыгарууга аракет кылганы байкалган. Бирок бул чөйрөлөр ансыз деле негизги ишеним катары туура эмес бир түшүнүккө ээ эле жана бул чындыкты да напсилери менен кызыкчылыктары үчүн колдонууну каалашкан болушу мүмкүн. Бирок алар барган жыйынтыктын туура эмес жана бурмаланган экенин билүү керек.
Жыйынтыктасак, ак пейилден ойлонгон бир адам сыноо үчүн заттын оригиналын көрүүнүн шарт эмес экенин абдан ачык түшүнөт. Аллах сыноо чөйрөсүн сүрөттөлүштөр ааламында жараткан. Бир адамдын намаз кылышы, адал жана арамга көңүл бурушу үчүн заттын оригиналын билүүсү керек деп айткандардын эч кандай аргументтери жок. Мындан тышкары, эң маанилүү нерсе – бул рух. Акыретте жазаландырылган же бейиш нематтары менен ырыскы тартууланган да – рух. Аллах сынаган нерсе да – адамдын руху. Ошондуктан, заттын мээбиздеги бир элесин көрөөрүбүз жөнүндөгү чындык адал жана арамдарга карап жашоого жана ибадаттарды аткарууга эч кандай тоскоол болбойт.
Бул жерде муну да айта кетүү керек: сүрөттөлүштөн милдеттүү эмесмин деп айткандар тозокко киргенде да «биз мындан милдеттүү эмес экендигибизди айттык, ошол үчүн бул жердебиз» деп баяндашат. Бирок муну да унутпоо керек, дүйнө жашоосу сыяктуу тозок да бир сүрөттөлүш болгонуна карабастан, тозок азабы, Аллах куткарууну каалабаса, түбөлүккө уланат. Аллах бул сүрөттөлүш ичинде каапырларга азапты ар тараптан сездиртет.
We can never know whether the color we refer to as green appears the same to anyone else. For instance, the picture on this page could be seen differently in two different brains. One could be seeing green, while the other sees blue, even though he still calls it green. This can never be known. | ||
Жооп: Жаныбыздагы адамдар жашыл деп атаган нерсени биз да жашыл дейбиз. Бирок алар жашыл деп атаган түс биз мээбизде көргөн жашылбы, же алар биз көк түс катары көргөн түстү жашыл дешеби, муну эч качан биле албайбыз. Себеби мурда да айтылгандай, мээбиздин сыртында түс жок. Сыртта жарыктын ар түрдүү толкун узундуктары гана бар жана бул толкун узундуктарын түскө айландырган – бул мээбиз. Ошондуктан түстөр биздин ичибизде пайда болот жана башка бир адамдын биздин мээбизде пайда болгон түстү көрүү мүмкүнчүлүгү эч болбойт. Бул тема – көптөгөн философ жана илимпоз тарабынан талаш жараткан бир тема, жана илимпоздордун орток жыйынтыгы мындай: «Биз кызыл деп атаган бир гүлдү жаныбыздагы киши да биз көргөндөй абалда көрүп жатабы, же болбосо ал биз көк дегенди кызыл деп жатабы, биз муну эч качан биле албайбыз.» Бул бир гана түстөргө эмес, бүт элестерибизге тиешелүү. Мисалы, Daniel Dennet (Даниэль Деннет) бул тема жөнүндөгү ой-пикирлерин жана кызыгуусун мындайча кабыл алат:
Заттардын көрүнүштөрүнүн, үндөрүнүн жана жыттарынын мага келүү түрү бар. Ушунчалыгы белгилүү. Заттар башка адамдарга мага көрүнгөндөй абалда көрүнөбү деген суроо мага кызык.
...Бир нерсени караганыбызда сиздин жана менин бир эле түстү көрүп жатканыбызды кайдан биле алам? Экөөбүзгө тең түстөрдүн аттары жалпысынан ар түрдүү түстөгү заттарда көрсөтүлүү аркылуу үйрөтүлгөн, башка башка түстөрдү көрүп жатсак да, сөздөрүбүз (атоолорубуз) туура келет. Мисалы, кызыл нерселердин мага көрүнүшү – жашыл нерселердин сизге көрүнүшүндөй болсо да.50
Гарвард университетинин психология профессору Drew Westen (Дрю Вестен) болсо, илимий тараптан, башка бир адамдын бир гүлдү биз менен бирдей абалда кабылдап кабылдабаганын биле албашыбызды мындайча баяндайт:
Эгер элес жаратуучу жана түзүлүштүк бир процесс болсо, адамдар дүйнөнү кайсы даражага чейин бирдей кабылдашат? Кызыл бир адамга көрүнгөндөй абалда башка адамга да ошондой көрүнөбү? Эгер бир адам сарымсакты жакшы көрсө жана башка бирөө аны жек көрсө, бул бир эле даамды жакшы көргөн жана жек көргөн эки адамбы, же сарымсак экөө үчүн эки башка даамга ээби? Элестин түзүлүш табияты адамдардын дүйнөнү канчалык даражага чейин чыныгы абалындай көрүп көрбөшү маселесин жаратууда. Платон биздин кабылдагандарыбыз бир үңкүрдүн дубалындагы көлөкөлөрдөн бир аз көбүрөөк деп айтат. Бир чыны кофени ысык деп айтуунун мааниси кандай? Жана чөп чындап эле жашылбы? Көрүү системасы жарыктын белгилүү толкун узундуктарын айырмалай албаган жана жашылга карата түс сокуру болгон бир адам чөптү жашыл катары көрбөйт. Жашыл бир нерсенин (чөп), кабылдоочунун бир өзгөчөлүгүбү? Же байкоочу менен байкалгандын арасындагы байланыштарбы? Булардын баары сезим жана элестин эң маанилүү философиялык суроолору.51
Байкалгандай, бирдей сүрөттөө жасашыбыз же бирдей түстүн атын атап жатышыбыз «бир эле нерселерди көрүп жатабыз» дегенди билдирбейт. Адамдардын кабылдоолорун салыштыруу болсо эч мүмкүн эмес. Себеби бүт адамдар мээсинин ичиндеги өзүнө тиешелүү дүйнөнү көрөт. Бул каршы пикирге байланыштуу башка түшүндүрмө кийинки каршы пикирде берилген.
Someone walking in the country with his friends is actually doing so with friends in his mind, and smelling the fresh air in his mind. Three people looking at flowers in the countryside form three different images of them. This cannot be shown as proof that they see the originals of those flowers that exist outside their minds. | A Stadium Full of Fans Each Watching a Different Match in Their Brains Someone who enters a stadium to watch a match thinks that he is watching the same game as everyone else, but he is completely wrong. That is because a different pitch, players, fans and everything else form a different image in the brain of everyone there. However, all the thousands of people there think that there is only one match, and that everybody is watching it. Even those watching at home think they are seeing the same game. However the same number of images form as there are spectators, and nobody can distinguish between his own image and the reality. Neither the fans in the stadium, nor those sitting in front of their screens at home can see the true image. That is because nobody can step outside the screen in his brain and make direct contact with what is outside it. All that these people can see is the information that reaches the screens in their brains. What sees it all is the soul. It is the Lord of the Heavens and the Earth, God, Who creates the soul, and the images which so resemble the reality for every human being individually. | ||
Жооп: Сиз менен бирге башка адамдардын да ошол эле нерселерди көрүп жатышы заттын сырттагы оригиналын көрүп жатасыз дегенди билдирбейт. Себеби сиз жаныңыздагыларды да мээңиздин ичинде көрөсүз. Мисалы, мөмө бакчасында досторуңуз менен бирге баратканда, сиз көргөн алма, өрүк, түркүн түстүү гүлдөр, чымчыктардын үнү, жылуу соккон шамал, сонун гүл жана мөмөнүн жыты мээбизде пайда болуп жаткан сыяктуу эле, досторубуз да, алардын сөздөрү да мээбизде пайда болууда. Б.а., досторуңуз сырттагы бакчада эмес, сиз мээңизде көргөн бакчада кыдырып жүрүшөт. Ошондуктан, досторуңуздун сиз менен бирдей сүрөттөлүштү көрүп жатышы көргөндөрүңүздүн нерселердин заттык оригиналдары экендигин көрсөтпөйт.
Ал тургай, чоң бир стадион толо адамдар менен бир матч көрүп жатканыңызда, миңдеген адамдын голду бир убакта көрүшү жана буга реакция бериши стадиондун да, футболисттердин да, судьялардын да, стадион толо адамдардын да эч биринин оригиналын көрүп жатканыңызды далилдей албайт. Себеби стадион жана ичиндеги футболисттер, көрүүчүлөр жана ал жерде көргөн нерселериңиздин баары сиздин мээңизде пайда болууда. Голду жасаган футболист да, бул голго сүйүнгөн көрүүчүлөр да сиздин ичиңизде. Сиз мээңизде урулган голго сүйүнөсүз жана мээңиздеги топ адамдар менен бирге колдоо көрсөтөсүз. Жыйынтыктасак, жаныңызда көргөн адамдарыңыздын сиз көргөн нерселерди тастыкташы сырткы дүйнөдөгү оригиналдарын көрүп жатасыз дегенди билдирбейт. Себеби «жанымда» деген адамдарыңыз да, канчалык көп санда болбосун, чынында мээңиздин ичинде.
Жооп: Бул каршы пикир бул адамдын ой жүгүртүүдө бир топ башы айланганын жана түшүндүрүлгөндөрдү эч түшүнбөгөнүн көрсөтөт. Себеби бул адамдын пикири мындай ойго таянат: «Сыртта бир заттык чындык бар. Бирок бүт адамдар бул заттык дүйнөнү өз мээсинде ар түрдүү көрүшү мүмкүн.» Бул адам ушундай бир пикир айтылган сыяктуу түшүнүүдө жана буга каршы чыгып, «сыртта заттык чындык бар жана биз аны кандай болсо ошондой көрөбүз, эч ким сырткы дүйнөнү чыныгы абалынан башкача көрбөйт. Мунун далили сыртта аска болгондо, биз аны аска катары көрөбүз жана учуна келгенде токтойбуз» деп айтуу менен бул пикирди жыктым деп ойлоодо.
Чынында болсо бул жерде сөз кылынган чындык бул адам түшүнгөндөн такыр башкача. Бул жерде «сырткы дүйнө бар, бирок бул дүйнөнү биз өзүндөй эмес, башкача көрөбүз» деп айтылган жок. Бул жерде «биз жашагандарыбыздын баарын мээбизде көрөбүз жана оригиналдарын эч качан көрүп, сезе албайбыз. Ушул себептен, сырткы дүйнөдөгү оригиналдарынын кандай экенин биз биле албайбыз» деп айтылууда.
Бир жолдо баратканда, аскадан кулабашыбыз болсо заттын сырттагы оригиналын көрүп жатабыз дегенди билдирбейт. Биз түз жолдо баратканда да, асканын учуна келип токтогондо да мээбиздин ичиндеги жолдо басып, мээбиздин ичиндеги асканы көрөбүз. Ал тургай бул аскадан куласак да, мээбизде көргөн аскадан кулаганыбызга тиешелүү элестерди кайра эле мээбизде сезебиз. Мурда айтылган автобустун сүзүшү, иттин тиштеши ж.б. сыяктуу мисалдардай эле. Аскадан кулаганда пайда болгон жарадарлык, сынык же оору сыяктуу сезимдердин баары мээбизде пайда болгон сүрөттөлүш жана сезимдер.
Жооп: Албетте, адамдардын кыймыл-аракеттерин кандай болоорун көрүү үчүн Аллахтын аларды сыноо муктаждыгы жок. Себеби бардык окуяларды, убакыттарды жана мейкиндиктерди жараткан – бул Раббибиз. Аллах убакыттан жана мейкиндиктен көз-каранды эмес. Биз үчүн өтмүш жана келечек болгон окуялар Анын Кабатында жалгыз бир көз ирмем ичинде жашалып бүткөн. Бирок Аллах Өзү жараткан сыноо жана себептер ичинде адамдардын өз аракеттерине күбө болуулары, эмне үчүн бейишке же тозокко барганын билүүлөрү үчүн бизге буларды жашатууда. Аллахтын дос экенин, чексиз адилеттүү, мээримдүү жана боорукер экенин билген бир адам Аллахтын бул жаратуусунан ыраазы болот.
Аллах бизге Өз Кабатында болуп бүткөн окуяларды көрсөтүүдө. Адамга болсо буларды өзү жасап жаткан сыяктуу сезим берүүдө. Жана бул сезим ичинде бизге Куран аркылуу билдирген бүт нерседен милдеттүү экендигибизди кабар берүүдө. Мындан аркысын Раббибиз кааласа гана биле алабыз. Бул сырды жана хикматты Аллах кааласа бизге дүйнөдө же акыретте көрсөтүшү мүмкүн. Же эч качан көрсөтпөшү мүмкүн. Аллах бир аятында билдиргендей, «...Каалаганынан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт...» (Бакара Сүрөсү, 255) Кандай гана болбосун Аллах – биздин ээбиз жана велибиз (досубуз). Андай болсо биздин милдет – бизге чексиз немат-жакшылыктар тартуулаган Аллахка таянуу, Анын бүт кылгандарынан ыраазы болуу.
Кээ бир адамдар тарыхта заттын маңызын түшүнүшкөн, бирок Аллахка болгон ыймандары алсыз болгондуктан жана Куранды жакшы аңдап-түшүнө албагандыктан, туура эмес ишенимдер чыгарышкан. «Бүт нерсе кандай болсо да элес, анда ибадат кылуунун кажети эмне» дегендер болгон. Булар абдан туура эмес жана сабатсыз пикирлер. Бүт нерсенин Аллах бизге көрсөткөн бир сүрөттөлүш экендиги чындык. Бирок Аллахтын бизди Курандан милдеттүү кылганы да так чындык. Демек биздин милдет – Аллахтын буйрук жана тыйууларына абдан маани берип, аларга ылайык жашоо.
Аллах Куранда адамга рух менен байланыштуу абдан аз маалымат берилгенин билдирет. Жыйынтыктасак, Аллах бул сыноо сүрөттөлүшүн бир максат менен жараткан. Аллах бул максатты аяттарында мындайча билдирет:
Ант болсун, Биз силерди бираз коркуу, ачкалык жана мал-мүлк, жан жана түшүмдөрдүн бир бөлүгүн азайтуу менен сынайбыз. Сабыр кылгандарды сүйүнчүлө. (Бакара Сүрөсү, 155)
Ант болсун, мал-мүлктөрүңөр жана жандарыңар менен сыналасыңар жана силерден мурда китеп берилгендерден жана шерик кошуп жаткандардан албетте абдан кыйноо берүүчү (сөздөр) угасыңар. Эгер сабыр кылып, сактансаңар (бул) буйруктарга болгон бекемдиктен. (Ал-и Имран Сүрөсү, 186)
Бул сыноонун көптөгөн сырлары (хикматтары) бар. Булардын бири – биздин сыналышыбыз жана ушуга жараша түбөлүк жашообузда каерде болушубуздун аныкталышы. Дагы бир сыры болсо адамдардын өз кылгандарына жашоолору боюнча күбө болушу, ахлактарын акырет күнү Куран ахлагы менен салыштырып, эмне үчүн бейишке же тозокко ылайык болгонун көрүшү үчүн болушу мүмкүн. Бирок туурасын Аллах билет. Биз дуба аркылуу гана Аллахтан бизге илимин ачуусун, көрсөтүүсүн сурай алабыз.
Жооп: Аллах дүйнөдө бүт адамдарды бир гана рухтарына көрсөткөн сүрөттөлүштөрү кабылдай ала турган абалда жараткан. Т.а., биз мээбизде бизге көрсөтүлгөндөрдү гана көрө алабыз, мээбиздин сыртындагыларды көрүү же аларга тийүү мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок Аллах өлгөндөн кийин адамды башка бир жаратылуу абалында жаратат. Бул жаратылуу кайра эле сүрөттөлүштүн ичинде болот, т.а., биз бейиш сүрөттөлүшүн да мээбизде көрөбүз. Бул кайра жаратылуунун кандай болоорун биле албайбыз. Бирок бул нерсени унутпоо керек: бейиш жана тозоктун элес катары сезилиши бейиштен алына турган жыргалды да, тозокто жашала турган азапты да азайтпайт. Бир адам дүйнө жашоосунда колунун күйгөнүн белгилери менен сезип, оору сезген сыяктуу бул элестин чындыкка окшоштугу акыретте да уланат.
Оору сыяктуу сезимдер да мээде сезилет. Бирок бүт адамдар башынан өткөргөндөй бул оору сезими башка элестер сыяктуу абдан чындыкка окшош (чындыктай) жаратылат. Ал тургай кээде адам оорунун күчтүүлүгүнөн эстен танып калат. Ошол сыяктуу кээ бир сүрөттөлүштөр мээбизде элес катары жаратылганына карабастан, абдан чындыкка окшош болгондуктан, адамдарга көп тынчсыздануу бериши мүмкүн. Мисалы, жаман бир көрүнүш, жаман жыт, тынчсыздандырган бир үн адамды чоң бейпилсиздикке салат. Булардын мээде кабылданып жатышы бул чындыкты өзгөртпөйт. Ошондуктан, тозоктун адамдардын рухуна бир элес катары көрсөтүлүшү каапырлар түбөлүк тарта турган азапты бир азга да азайтпайт. Аллах кемчиликсиз жаратуусу менен дүйнө жашоосун адамдарга «абсолюттук бир чындык» деп ойлогончолук даражада тунук жана ишендирүүчү кылып жараткандай эле, акырет жашоосун да ошондой жаратууга күчү жетет. Аллах көптөгөн аятында тозок азабынын чыдатпас бир азап экенин билдирет:
Жана шексиз азабым; ал оор бир азап. (Хижр Сүрөсү, 50)
Эми чындыгында ал баш тарткандарга күчтүү бир азап тарттырабыз жана кылгандарынын эң жаманы менен жазаландырабыз. Бул Аллахтын душмандарынын жазасы болгон от. Биздин аяттарыбыздан баш тартышы себептүү бир жаза катары ал жерде аларга түбөлүк мекен бар. (Фуссилет Сүрөсү, 27-28)
Ушул эле абал бейишке да тиешелүү. Бир адам дүйнө жашоосунда ырахат алган, жактырган, кооз көргөн нерселеринин баары чынында мээсинде пайда болгон бир элес. Мисалы, эң жакын досу менен маектешкен бир адам чынында мээсинде пайда болгон досу менен маектешүүдө. Же бир шаркыратманын сонун көрүнүшүн, шаркыраган үнүн уккан бир адам чынында мээсинде пайда болгон шаркыратманы көрүп, мээсинде пайда болгон үндү угат. Бул так бир чындык. Бирок бул абал адамдын бул сүрөттөлүштөн ырахат алышына тоскоол болбойт. Ушул себептен Аллах Куран аяттарында бейиштин адамдар үчүн чоң бир кутулуу жана бакыт болоорун, бейиште көңүлдөрүнө жаккан бүт нерсенин бар экендигин билдирүүдө:
Бирок Раббилеринен коркуп-сактангандар; алар үчүн Аллах Кабатында, бир майрам катары, астыларынан суулар аккан, ичинде түбөлүк кала турган, бейиштер бар. Жакшылык кылгандар үчүн Аллахтын Кабатында болгондор жакшыраак. (Ал-и Имран Сүрөсү, 198)
Раббилери аларга Кабатынан бир рахматты, бир ыраазычылыкты жана алар үчүн ага тынымсыз бир немат-жакшылык болгон бейиштерди сүйүнчүлөйт. Ал жерде түбөлүк калышат. Шексиз Аллах Кабатында чоң сыйлык бар. (Тообо Сүрөсү, 21-22)
Кимдин (сооп) таразасы оор басса, эми ал ыраазы болунган бир жашоо ичинде. (Каариа Сүрөсү, 6-7)
Мындан тышкары, бардык мындай кооз көрүнүштөрдү ага көрсөткөндүн Аллах экенин билген бир адам бул нерселерден андан да күчтүү ырахат алат. Мисалы, шагынан үзгөн бир алманын аңкыган сонун жытын сезген жана бул жытты, мөмөнүн кооз көрүнүшүн, даамын жана сулуулугун ал үчүн жараткан Аллахты ойлонгон бир адам бул көрүнүштөн башка адамдардан бир топ күчтүү, терең ырахат алат. Бейиште да Аллах ар бир момун үчүн бейиш көрүнүшүн өз өзүнчө жаратат жана ар бир момунга напсиси (көңүлү) каалаган бүт нерсени эң сонун абалда ал жерде берет. Адам дүйнөдө да, акыретте да жалгыз досу, велиси, коргоочусу жана жаратуучусу болгон Аллах менен бирге. Адам бейиште жанында көрө турган пайгамбарлар, элчилер, салих момундар, хурилер (сулуу селкилер) жана гылмандар (кызмат көрсөткөн жигиттер) болсо – Аллах Өзүнүн достугун, сүйүүсүн жана жакындыгын эң күчтүү көрсөткөн жандыктар.
Аллахтын бүт жашообузду бир элестер жыйындысы катары көрсөткөндүгү – абдан так бир чындык. Бул чындыкты түшүнгөн ак пейилдүү бир адам Аллахтын адилетинен, бүт нерсени кемчиликсиз жаратаарынан жана Аллах жараткан бүт нерсенин эң сонуну жана эң жакшысы (кайырдуусу) экенинен эч шектенбеши керек. Аллах бейишти да, тозокту да бир элес катары жаратат. Бирок бул чындык Аллахтын Курандагы убадасын өзгөртпөйт. Бейиште адамга эң чоң ырахаттар жана сулуулуктар түбөлүк тартууланса, каапырлар үчүн тозокто эң күчтүү азаптар түбөлүккө уланат. Аллахтын жаратуусу кемчиликсиз жана Аллах убадасынан кайтпайт.
Мына ушулар; кылгандарынын эң сонунун кабыл алабыз жана жамандыктарынан өтөбүз; (булар) бейиш калкы ичинде. (Мына ушул) Аларга убада кылынган чындык бир убада. (Ахкаф Сүрөсү, 16)
Аяттарда да айтылгандай, бейиш ушул учурда Аллах Кабатында бар. Аллах бейишти жана тозокту жараткан, жана экөөсү тең бүт абал жана көз ирмемдери менен Аллахтын хыфзында азыр турат.
God will Create Heaven as a Source of Unending Pleasure | ||
Жооп: Жалгыз абсолюттук Зат – бул Аллах. Биз көргөн башка нерселер – бул Аллахтын көрүнүштөрү. Адамдардын көпчүлүгүнүн ою боюнча алар жана көргөн нерселери абсолюттук нерселер, Аллах болсо радио толкундары сыяктуу аларды курчап турат. (Аллахты аруулайбыз). Чындыгында болсо бул толугу менен тескерисинче. Т.а., бир гана Аллах бар. Адамдын Аллахтын Затын көзү менен көрө албай жатышы аны жаңылтпашы керек. Адам кайсы тарапка бурулбасын, кимге карабасын, чындыгында көргөн, караган бүт жерде Аллахтын көрүнүштөрү бар. Болгондо да бул адамга сыгылуу бере турган эмес, тескерисинче Аллахка ыйман келтирген бир адамдын абдан көңүлүнө жага турган бир чындык. Аллахтын жалгыз абсолюттук Зат, ал эми биздин болсо элес болушубуз – пенде (кул) үчүн бир сыймык. Мындай бир чындык адамга кубаныч берет. Раббибизге болгон таң калуубузду жана Анын чексиз кудуретине болгон баш ийүүчүлүгүбүздү эсе эсе көбөйтөт.
Мындан тышкары, бул – адамдын дүнүйөгө болгон ачкөздүгүн толук жок кыла турган, Аллахка эч шерик кошпостон ыйман келтирүүсүн камсыз кыла турган маанилүү бир маалымат. Себеби «Аллахтан башка дагы бир абсолюттук зат (нерсе) бар» деп айтылганда, анда ал нерсе Аллахка шерик кошулган, ага Аллахтын күчүнөн башка бир күч берилген болот. Бирок бул чындыкты билген бир адам үчүн мындай абал жаралбайт. Мындай адам Аллахтан башка эч кимден коркпойт. Бир күчкө же байлыкка жеткенде, мунун чынында Аллахка тиешелүү экенин билет. Оорусуна бир доктор чара тапканда, шыпааны Аллах бергенине толук ыйман кылат. Доктордун Аллах себептер ичинде жараткан шыпаа үчүн бир себепчи экенин билет.
Аллахтын жаратканы – дайыма эң сонуну жана эң кайырдуусу (жакшысы). Бул чындыкты эч качан унутпаш керек. Аллах бир аятында мындайча билдирет:
Раббиңе ыраазы кылган жана ыраазы кылынган (болгон) абалда кайт. (Фежр Сүрөсү, 28)
Адам дайыма Аллах жараткан ар бир окуядан ыраазы болушу керек. Ошондо бул маалыматтын адамдардын Аллахка болгон жакындыгын кандайча өстүрөөрүн жакшыраак түшүнүүгө болот. Мындан тышкары, бул улуу чындыкты эске алуу менен Куран дагы бир жолу окулганда, көптөгөн аяттын сырлары жакшыраак түшүнүлөт.
Бирок Аллахка ыйман келтирбеген, дүйнө жашоосуна ачкөздүк менен байланган, акыреттен үмүт кылбаган, материалисттик көз-караштагы адамдар үчүн бул чындыктын көңүл сыгуучу, «маанилүү» бир абал экендиги бир чындык. Себеби, ач көздүк менен байланган бүт нерселеринин, абсолюттук нерселер деп ойлогон адамдардын чынында бир элес экенин түшүнүү алардын үмүттөрүн таш каптырып, бир кыйроо сыяктуу болот. Муну түшүнгөндө бүт жашоолору боюнча бир элестин артынан чуркап, ачкөздүк кылып, бош нерселерге чарчашканын түшүнүшөт. Жана бош амалдар кылып, чындыктардан баш тартканын түшүнүп, чоң бир бушаймандыкка кабылышат, ал тургай абдан уят болушат. Бул адамдардын элес нерселерди чындыктай көрүп, алданышы болсо аларды акыретте чоң бир кыйроого кабылтат:
Өздөрүн кыйроого кабылткандар мына ушулар жана жалгандан токуп чыгаргандары (ойлоп табылган теңирлери да) алардан алыстап-жоголду. Эч шексиз, булар акыретте эң көп зыян тартуучулар. (Худ Сүрөсү, 21-22)
Бирок Аллахты жалгыз дос жана векил катары кабыл алган, Аллахка чын көңүлдөн баш ийген пенделер үчүн бүт нерсенин элес, Аллахтын жалгыз абсолюттук Зат болушу чоң бир кубаныч себепчиси жана бир жакшылык.
Жооп: Адамдардын бул тема жөнүндө ойлонушуна тоскоол болгон, аларды коркуткан себептердин бири – бул темага концентрация болгондо өздөрүнүн жана тийип жатам деп ойлогон нерселеринин оригиналдарын эч качан биле албашын түшүнүү жана бир жоктуктун ичинде калуудан коркуу. Бирок, Аллахтын каалоосунан тышкары, Аллах бул сыноо дүйнөсү үчүн жараткан себептерди жок кылбайт. Бул себептер биз өлгөнгө чейин биз үчүн жаратыла берет.
Тийгенде столдун катуулугун сезебиз, колубузду кескенде колубуз канайт, жаныбыз ооруйт, ач болуу, коркуу, оору сезүү сыяктуу сыноолорду жашайбыз. Элестер дүйнөсүндө жашап жатышыбыз бул себептерге көз-каранды болуудан бизди ажыратпайт. Өлгөнүбүздө болсо, бул жолу да кайра эле жоктук болбойт, Аллах Куранда билдиргендей, башка бир өлчөмгө жана башка себептерге көз-каранды жашообуз уланат. Жыйынтыктасак, адамдын бир жоктук ичинде калышынан коркушунун эч кажети жок, себеби Аллах бул сыноо чөйрөсүндө адамды жараткандыктан, бул элестерди улантат. Аллахтын Куранда билдиргендери да муну тастыктайт. Адамдын бул дүйнөгө тиешелүү элестери (кабылдоолору) бүткөндө, акырет жашоосуна тиешелүү элестери башталат жана адам эч качан жоктук ичинде болгон сыяктуу сезбейт.
Жооп: Бул абдан маанилүү бир жагдай. Кээ бир чөйрөлөр бул чындыкты түшүнгөндө сыноо чөйрөсү жоголот деп айтуу менен калп бир пикирди айтышууда. Сыноо чөйрөсү мурдакы жооптордо да айтылгандай, биз өлгөнгө чейин уланат.
Аллах бизди бир элестер дүйнөсүндө жашатып жаткан болсо да, бизге бул дүйнөнү белгилүү себептерге көз-каранды кылып көрсөтүүдө. Мисалы, биз курсагыбыз ачканда, «кандай болсо да элес, эчтеке болбойт» дебейбиз, тамак жейбиз. Тамак жебесек арыктап, бир мөөнөттөн кийин жашообуздан айрылышыбыз мүмкүн. Аллах каалаганда, каалаган адамы үчүн, каалаган нерсесин себепчи кылып бул себептерди жок кылышы мүмкүн. Биз муну биле албайбыз. Бирок төмөнкү нерсе маанилүү бир чындык: Аллах бизди Курандан толук милдеттүү кылган жана биз Курандагы ибадаттарды жана салих амалдарды аткаруу үчүн бул себептер чөйрөсүндө жашоого мажбурбуз.
Мисалы, Аллах адамдарга жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууну буйрук кылат. Же бечара аял жана балдардын зулумдуктан, азаптан куткарылышын буйрук кылат. Аллах Куранда «эмне үчүн алар атына бир күрөш кылбай жатасыңар?» маанисинде суроо узатат. Аллах бул себептер ичинде адамдарга жүктөгөн милдеттерди таштап койо турган бир мамилеге баруу болсо такыр туура эмес жана ак ниеттүүлүккө жатпайт.
Тескерисинче, көргөн бүт окуяны Аллахтын ага көрсөтүп жатканын түшүнгөн адам көргөн ар бир көрүнүштөн биринчи даражада милдеттүүлүк сезет. Көп адамдардан айырмаланып, ар бир жолуккан окуяда дайыма жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосууга аракет кылат. Бул милдетти эч качан башкаларга жүктөбөйт, эч качан «бир азын башкалар кылсын, мен ушунча кыла алам» деген сыяктуу шылтоолорду айта албайт. Бул илимди түшүнгөн бир адам «Аллах мага бул сүрөттөлүштү көрсөтүп жаткан болсо, менден буга бир чечим табышымды каалап жатат, мунун милдети менин үстүмдө» дейт.
Жыйынтыктасак, бир адам эң алгач Аллах Куранда ага жүктөгөн милдеттерди көңүлү (абийири) тынчтанганга чейин жасашы, аткарышы керек. Заттын маңызын билүү жана дүйнөгө бул акыйкатка жараша бир көз-караш менен кароо болсо адамдын Аллах ыраазычылыгы үчүн жасаган аракеттерин мындан да күчтөндүрөт, чечкиндүүлүгүн эсе эсе жогорулатат.
Those who Refuse the Truth will Continue to Argue in The Pains of Hell | ||
Жооп: Адамдардын кээ бирлери өздөрүн, затты, чөйрөлөрүндө көргөн дүйнөнү абсолюттук нерселер деп ойлошот. Аллахты болсо (Аллахты аруулайбыз) бул абсолюттук материяны (заттарды) курчаган бир элес сыяктуу элестетишет. Же Аллахты көздөрү менен көрө алышпагандыктан, «Аллах биз көрө албаган бир жерде, космостун же асмандардын алыс бир жеринде болсо керек» дешет. (Аллахты аруулайбыз). Булардын баары чоң жаңылыштык.
Себеби, Аллах бир гана асмандарда эмес, бүт жерде. Аллах жалгыз абсолюттук Зат катары бүт ааламды, бүт адамдарды, жерлерди, асмандарды, бүт жерди ороп курчаган жана Аллах бүт ааламда көрүнүүдө. Кайсы тарапка бурулсаңыз, Аллахтын жүзү ошол жакта. Хадистерде риваят кылынганына караганда, Пайгамбарыбыз (сав) «Аллах асманда» деп айткан бир адамга туура айтканын билдирген. Бирок бул риваят Аллахтын бүт жерде экендиги чындыгы менен эч кандай карама-каршы келбейт. Себеби, дүйнөнүн сиз жашаган чекитиндеги бир адам колдорун асманга көтөрүп, Аллахка дуба кылса жана Аллах асманда деп ойлосо, түштүк уюлдагы башка бир адам да ошол сыяктуу Аллахка кайрылса, түндүк уюлдан бир адам колдорун асманга көтөрсө, Япониядагы бир адам, Америкадагы бир адам, Экватордогу бир адам да ошол сыяктуу колдорун асманга көтөрүп, Аллахка дуба кылса, мындай абалда кандайдыр бир туруктуу багыттан сөз кылуу мүмкүн эмес. Ушул сыяктуу ааламдын жана космостун ар кандай жерлериндеги жиндер, периштелер, шайтандар да асманды карап дуба кылса, кандайдыр бир туруктуу асман чекитинен же багытынан сөз кылууга мүмкүн болбойт, бүт ааламды каптаган бир абал болот. Сиз кайсы тарапка бурулсаңыз, Аллахтын көрүнүшү ошол жакта. Мурдакы темаларда да айтылгандай, Аллахтын бүт жерди ороп курчагандыгы, бизге күрөө тамырыбыздан да жакын экендиги, кайсы тарапка бурулбайлы, Аллахтын жүзүн көрөөрүбүз бир катар Куран аяты аркылуу билдирилген. Мисалы, Аллах Бакара Сүрөсүнүн 255-аятында «... Анын күрсүсү бүт асмандарды жана жерди каптап-курчаган...» деп билдирүүдө. Худ Сүрөсүнүн 92-аятында болсо «...Шек жок, менин Раббим кылып жатканыңарды ороп-курчаган.» деп айтылуу менен Аллахтын адамдарды да, кылган иштерин да курчап турганы билдирилүүдө.
Куранда да билдирилгендей, Аллах жалаң гана асмандарда эмес. Аллах бүт жерди ороп-курчаган. Бул маалымат бизге Куран аркылуу берилүүдө. Заттын аркасындагы сыр менен байланыштуу чындыктын түшүндүрүлүшү бул аяттардын адамдардын жакшыраак түшүнүшүнө жана кабыл алышына себепчи болот. Заттын, материянын абсолюттук нерсе эмес экенин түшүнгөн адамдар Аллахтын дайыма бүт жерде экендигин, дайыма аларды көрүп жана угуп тураарын, бүт нерсеге күбө жана аларга күрөө тамырларынан да жакын экендигин, бардык дуба кылгандардын дубаларын угаарын толугу менен түшүнүшөт.
Аллах Куранда «Ант болсун, бул Куранда адамдар үчүн Биз ар бир мисалдан (берип) ар кандай түшүндүрмөлөрдү жасадык. Адам баарынан көп талашка жакын (талаша берет).» (Кехф Сүрөсү, 54) аяты менен адамдардын талаш-тартышка жакындык өзгөчөлүгүнө көңүл бурууда. Кээ бир адамдар өзгөчө кызыкчылыктарына туура келбейт деп ойлогон жагдайларда чындыктар апачык болгонуна карабастан, аны түшүнбөгөндөй болушат. Керексиз детальга кирген, бир жыйынтыкка алып барбай турган, маанисиз суроолорду сурап, талашуу жана айтышууга барышат. Бул өзгөчөлүктөрү себебинен кээ бир адамдар тарых боюнча Аллах тандаган бүт пайгамбар жана элчилер менен талашып, алар алып келген апачык чындыктарга каршы чындыкка жатпаган мисалдарды келтиришкен. Алардын мындай каршы чыгуусунун максаты болсо – чын көңүлдөн чындыктарды үйрөнүү эмес, тескерисинче чындыктарды байкамасан болуп, өз ойлорунда кыйынчылык чыгартуу.
Чын пейилден, чындыктарды үйрөнүү, ойлонуу жана түшүнүү максаты менен суроо узаткандарды бул сөздөн тышкары кароо керек. Албетте, адамдардын көпчүлүгү алгачкы жолу уккан жана жашоого көз-караштарын толугу менен өзгөртө турган мынчалык маанилүү бир темада суроолор узатуу, жакшыраак түшүнүү жана билгендерден суроо абдан туура жана керек. Суроолорунда жана изилдөөлөрүндө чын пейилден жана жакшы ниеттүү адамдардын услуптарынын талашуучу, күмөн саноочу жана түшүнбөгөн адамдар менен бирдей болбошу да белгилүү. Ошондуктан бул жерде сөз кылынган адамдар – чындыктарды кабыл албоо үчүн тирешкен, талашты жана баш тартууну көнүмүш адат кылган адамдар.
Аллах бир аятында талашка жакын адамдардын рух абалын мындайча сүрөттөйт:
Айтышты: «Биздин кудайларыбыз жакшыбы, же албы?» Аны бир гана талаш темасы болсун деп (мисал) беришти. Жок, алар «талашка жакын жана душман» бир коом. (Зухруф Сүрөсү, 58)
Куранда кежир жана талашка жакын адамдарга берилген мисалдардын бири – Фараон. Фараон Аз. Муса ага бардык чындыктарды так, даана баяндап бергенде, ал түшүндүргөндөр менен такыр байланышы жок, ошондой эле жообун алса да ага бир пайда бербей турган бир суроо сураган. Ага Аллахтын бар экенин түшүндүргөн Аз. Мусага Фараондун суроосу мындай болгон:
(Фараон) Айтты: «Алгачкы доорлордогу урпактардын абалы кандай анда?» (Таха Сүрөсү, 51)
Фараондун бул суроону «бир гана талаш темасы» болсун деп сурап жатканы көрүнүп турат. Суроосунда чын пейилден бир үйрөнүү каалоосу жок жана өзүнүн кем акылы менен Аз. Мусаны жоопсуз калтырып, оор абалга кабылтам деп ойлоодо. Бирок Аз.Муса анын бул суроону узатуу максатын ошол замат түшүнүп, аятта билдирилгендей, ага абдан ачык жана так бир жооп берет:
Айтты: «Бул жөнүндө маалымат Раббимдин Кабатында бир китепте. Менин Раббим жаңылбайт жана унутпайт.» (Таха Сүрөсү, 52)
Талашка жакын жана атайын чындыктарды түшүнбөөчүлүк кыялы, албетте бир гана Фараонго же өтмүштө жашаган бир катар каапырларга тиешелүү эмес. Бүгүнкү күндө да адамдардын көпчүлүгү кызыкчылыктарына туура келбеген темаларда, өзгөчө дин жөнүндөгү темаларда ошол замат талашып башташат. Чын пейилден караганда, бир заматта түшүнө турган темаларды атайын түшүнгүсү келбей жатышы суроолорунан жана услуптарынан ошол замат байкалат. Өзгөчө бул китепте баяндалган тагдыр чындыгы жана заттын чыныгы маңызы сыяктуу темалар – адамдар эң көп байкамаксан болгон темалар. Ошондуктан бул темаларда сураган суроолору чындыкты изилдеп түшүнүү максатындагы чын пейилден изденүү эмес, өз оюнда бул чындыкты жараксыз кылууга багытталган. Мисалы, «эгер бүт нерселер сүрөттөлүш болсо, эмне үчүн ибадаттарыбызды кылышыбыз керек» деп сурагандар узаткан суроосунун канчалык маанисиз экенин байкашпайт. Бир адамдын сүрөттөлүш катары жаратылышы эмне үчүн анын намаз кылышына тоскоол болсун же бир тамактын сүрөттөлүш болушу эмне үчүн анын арам болушуна тоскоол болсун, муну ойлонбостон каршы чыгуу үчүн гана бул суроолорду узатышат. Жалгыз максаты – эч кандай логикасыз, бир гана каршы чыгуу, чындыктарды кабыл албоо жана тирешүү.
Момундар болсо чындыктарды көргөндө, эч талашпастан, Куранда да билдирилгендей, «уктук жана моюн сундук» деп айтып ошол замат кабыл алышат жана ишке ашырышат. Аларга талашка жакын адамдардан келген суроолорго болсо алар менен талашпастан, так жана ачык жоопторду беришет. Аллах алар менен талашкандарга момундардын мындайча жооп беришин билдирген:
Айткын: «Ал биздин да Раббибиз, силердин да Раббиңер болгонуна карабастан, биз менен Аллах жөнүндө (сөз жүзүндөгү далилдериңер менен) талашып жатасыңарбы? Биздин кылгандарыбыз өзүбүзгө, силердин кылгандарыңар да өзүңөргө. Биз Ага чын көңүлдөн байлангандарбыз (мухлистербиз) (Бакара Сүрөсү, 139)
Момундар менен талашкандар, тагдырды, Аллахтын жалгыз абсолюттук Зат экендигин, өздөрүнүн болсо Аллахка тиешелүү жандыктар экендигин жокко чыгарып, абдан ачык чындыктарды байкамаксан болгондор логикага сыйбаган суроолор менен бейиштин, тозоктун бар экенин, Аллахтын мээримин жана адилетин өздөрүнүн төмөн акылдары менен «сурамжылагандар» бир нерсени аябай жакшы түшүнүүлөрү керек: бул талаштарын тозокто да улантышат. Куран аяттарында тозок элинин тынымсыз бир талаш жана уруш ичинде болоору кабар берилген:
Ал жерде бири-бири менен урушуп, талашып, айтышат: «Ант болсун Аллахка, биз чындыгында апачык адашуу ичинде болчу экенбиз.» (Шуара Сүрөсү, 96-97)
Оттун ичинде (ар түрдүү) сөздөрдү айтып бири-бири менен талашып жатышканда, алсыздар текеберленген (мүстекбир)лерге айтышат: «Чындыгында биз силерди ээрчигендер элек. Эми силер оттун бир бөлүгүн болсо да бизден алыстата аласыңарбы? Текеберленген (мүстекбир)лер айтышат: «Биз баарыбыз (оттун) ичиндебиз; чындыгында Аллах кулдар (пенделер) арасында өкүм берди (эми).» (Момун Сүрөсү, 47-48)
Жогорудагы аяттардан байкалгандай, каапырлар оттун ичинде да талаштарын улантышат. Башка аяттарда болсо каапырлардын сөз көбөйтүп момундар менен талашууга аракет кылганын жана мындай дешкенин Аллах билдирет:
Айтышат: «Раббибиз, ким муну бизге айткан болсо, оттогу азабын эсе эсе көбөйт.» Жана айтышат: «Бизге эмне болду, шерир (жаман)дар деп ойлогон адамдарды (бул жерде) көрө албай жатабыз. Биз аларды шылдыңдаган элек; же көзүбүз байкабай калдыбы?» Бул тозок калкынын бири-бири менен талашышы анык бир чындык. (Сад Сүрөсү, 61-64)
Тозок эли тозоктун тар жана кысылган жерлеринде, темир камчылар менен, үстүлөрүнөн суу куюлган кайнак суу менен, оттон терилери ээрип жатканда да талаш-тартыштарын улантышат. Натыйжасыз талаштары эч түгөнбөйт, өздөрүнүн эмне үчүн тозокто азап чеккенин бири-биринен сурашып, Аллах жана момундар жөнүндө талашуусун улантышат:
Мына ушулар талашып-тартышкан эки топ, Раббилери жөнүндө талашышты. Дал ошол каапырлар, алар үчүн оттон кийимдер даярдалган; баштарынын үстүнөн болсо кайнак суу куюлат. Муну менен курсактары ичинде болгондор жана терилери эритилет. Алар үчүн темирден камчылар бар. Качан ал жерден, кыйратуучу-азаптан чыккылары келсе, ал жерге кайра кайтарылышат жана (аларга:) «Күйгүзүүчү азапты таткыла» (деп айтылат). (Хаж Сүрөсү, 19-22)
Бирок бул талаштардан эч кандай натыйжа ала алышпайт. Дүйнөдө чындыктарды байкамаксан болуп, талашып тартышкан каапырлар, эгер Аллах каалап куткарбаса, түбөлүк улана турган тозок азабы ичинде, эч орду толбогон бир бушаймандык менен талашып, урушуп жашашат.
Тозок элинин тозокто да талаштарын улантышы алардын тозок отун көргөндө да ыйман келтирбешин, талаштарын улантып, чындыктарды түшүнбөшүн көрсөтөт. Бул адамдар тозок азабынын ичинде да каапырчылыктарын улантышат:
Оттун ичиндегилер тозок кайтаруучуларына айтышты: «Раббиңерге дуба кылгыла; азаптан бир күн (болсо да) бизге жеңилдетсин.» (Кайтаруучулар:) «Силерге өз Пайгамбарларыңар анык далилдер менен келчү эмес беле?» дешти. Алар: «Ооба» дешти. (Кайтаруучулар:) «Андай болсо силер дуба кылгыла» деп айтышты. Чындыгында болсо каапырлардын дубасы чыга албас жерде калуудан башкасы эмес. (Момун Сүрөсү, 49-50)
Тозок азабынын ичинде туруп да «Раббим» деп дуба кылбаган жана бой көтөрүүсүн уланткан бул адамдардын кыял жана ахлак бузуктугу байкалып турат. Бул адамдарга бардык мисалдар берилсе да, бүт далилдер көрсөтүлсө да түшүнүшпөйт. Аллах бир аятында кээ бир адамдардын эч качан ыйманга келбестигин мындайча билдирет:
Болгон анттары менен (ант ичип) эгер аларга бир аят келсе, ага толук ишенээрин айтып Аллахка ант ичишти. Айткын: «Аяттар Аллах Кабатында гана; аларга (кереметтер) келсе да шексиз (баары бир) ишенбестигин билбейсиңерби? (Энъам Сүрөсү, 109)
Ушул себептен кээ бир адамдардын бул жерде баяндалган чындыктарды абдан ачык жана түшүнүктүү болгонуна карабастан, түшүнбөшүнө таң калбаш керек. Бул адамдардын чындыктарга көнбөй, кабыл албашы да чындыгында Аллахтын бир аяты.
45- İmam Rabbani, Letters of Rabbani, Vol II, 357. Letter, p. 163
46- İmam Rabbani, Letters of Rabbani, Vol II, 470. Letter, p.1432
47- Muhyiddin Ibn al-'Arabi, Fusus al-Hikam, p. 117-118
48- İmam Rabbani, Letters of Rabbani, Vol II, 470. Letter, p. 517-518
49- Robert Lawrence Kuhn, Closer To Truth, Mc Graw-Hill, New York, 2000, p. 8
50- Daniel Dennett, Consciousness Explained, s.389
51- Drew Westen, Psychology; Mind, Brain and Culture, John Wiley & Sons, Inc, NY 1996, p. 118