Мурда Жашап Өткөн Цивилизациялар

Бул дүйнөнү Аллах адамдар үчүн атайын бир сыноо мекени кылып жараткан. Тарых бою адамдарды эскертип коркутуу жана туура жолго чакыруу үчүн элчилерин акыйкат китептер менен жиберген. Бүгүнкү күндө да колубузда Аллахтан келген жана ыймандуулар үчүн хидаяттын (туура жолдун) жол башчысы болгон бир акыйкат китебибиз бар. Туураны туура эместен айырмалаган жана тарыхта ыймансыздардын баштарына келген балээлер аркылуу бизди эскертип коркуткан бул китеп – Куран.

Geçmiş Uygarlıklar misir_heykel

Биз алардан мурун канчалаган адам урпактарын кыйраттык; (эми болсо) алардын бирөөсүн сезип же алардын үндөрүн угуп жатасыңбы? (Мариям Сүрөсү, 98)

Аллах Куранда тарыхта жашап өткөн бардык элдерге туура жолду көрсөткөнүн жана аларга элчилери аркылуу бул дүйнөнүн убактылуулугун жана чыныгы мекендин акырет экенин эскерткенин кабар берген. Бирок Куранда айтылгандай, адамдардын көпчүлүгү кежирленип ыйман кылбай коюшкан жана элчилердин айтканын угушкан эмес. Мындан улам Аллах аларды эч күтүүсүз бир азап менен кармап, кээ бирлерин болсо жер жүзүнөн толугу менен жок кылып салган. Куранда мындай деп айтылат:

Ад, Самуд (элдерин), Ресс калкын («кудук ээлерин») жана булардын аралыгындагы көптөгөн муундарды (жок кылдык). Биз (алардын) ар бирине мисалдарды келтирдик жана баарын кырып талкаладык. Ант болсун, алар үстүнө балээ жамгыры жаадырылган ал өлкөгө барышкан; эмне аны көрбөй жатышабы? Жок, алар кайра тирилүүгө ишенишпейт. (Фуркан Сүрөсү, 38-40)

Мурдакы цивилизациялардын баштарына келген апааттардан кандай сабак алышыбыз керек экени аяттарда төмөнкүчө кабар берилген:

Алардан мурда канчалаган урпактарды кыйратканыбызды көрбөй жатышабы? Биз силерди жайгаштырбагандай (көп бир күч жана байлык менен) аларды жер бетинде жайгаштырдык; асмандан алардын үстүнө нөшөр (көп жамгырлар) жаадырдык, дарыяларды астынан актырып койдук. Бирок күнөөлөрү себебинен Биз аларды кыйраттык жана алардан соң башка урпактарды (жасап) жараттык. (Энъам Сүрөсү, 6)

Дагы бир эскертүүчү аятта Аллах мындай деп билдирет:

Geçmiş Uygarlıklar

Биз булардан мурда канчалаган муундарды кыйраттык. Алар зомбулук (бузуп-кыйратуу, кысымчылык жана күч менен башкаруу, коркутуу) жагынан булардан жогору эле. Шаарларда (жерди астын-үстүн кылып, сансыз казуу, курулуш жана изилдөө иштери менен бүт тарапты) оюп-тешип салышкан болчу. (Бирок) кача турган бир жер барбы? Эч күмөнсүз, мында жүрөгү бар же бир күбө катары кулак салган адам үчүн, албетте, бир насаат (зикир) бар. (Каф Сүрөсү, 36-37)

Бул аяттарда да айтылгандай, мурда жашап өткөн элдер жөнүндө маалымат берилишинин эң негизги себеби бүгүнкү адамдарды ошондой абалга түшүүдөн эскертүү болуп саналат. Чындап эле, илгерки коомдордун башына келген апааттарды жана аларга тиешелүү археологиялык калдыктарды тарыхый маалымат катары гана көрүү такыр туура эмес болот.

Geçmiş Uygarlıklar

«Муну замандаштарына жана кийин келе турган муундарга «сабак болуучу бир жаза», такыбаларга болсо бир насаат кылдык» (Бакара Сүрөсү, 66) деп аятта да айтылгандай, мындай окуялар кийинки муундарга сабак, насаат болушу керек. Бирок муну да унутпаш керек: Аллах каапырдыктан кайтпаган бул элдерге ошол замат азап берген эмес; тескерисинче бүт баарына «балким кайтышаар деп» эскертүүчүлөрдү жиберген. Мындан тышкары, адамдарга бул дүйнөдө келген бүт кыйынчылыктардын акыреттеги оор азаптын бир эскертүүчүсү экендиги да Куранда кабар берилген:

Ант болсун, Биз аларга балким (каапырдыктан) кайтышаар деп улуу азаптан мурда, жакын (дүнүйөлүк) азаптан да таттырабыз. (Сажда Сүрөсү, 21)

Бул коомдор эскертүүлөрдү укпай, ан сайын чектен чыкканда, баштарына кыйроо келген. Аллах бузукулук кылган мындай коомдорду жок кылып, алардын ордуна башка элдерди алып келген. Анткени, ал коомдор Аллах тартуулаган байлыктын, кооз үйлөрдүн жана жасалгалуу имараттардын ичинде Аллахты унутуп, күндөрүн, айларын, жылдарын бош максаттарга арнап өткөрүшкөн. Жер бетиндеги бүт нерселердин тынымсыз бузулуп, эскирээрин ойлонушкан эмес жана бул нерселер аркылуу Аллахтын аларды сынап жатканына жана кыска убакыттан соң баарынын жок болооруна акылдары жеткен эмес. Өлүмдөн соң түбөлүктүү мекенге бараарын ойлонбостон, бул дүйнөнү гана ойлошкон жана өлгөндөн кийин баштала турган түбөлүк жашоо абдан жакын жерде турса, бул дүйнө жашоосун түбөлүктүүдөй элестетишкен. Бирок бул алдануу аларга эч бир пайда алып келген эмес жана баштарына келген балээлер арадан миңдеген жылдар өтсө да, сабак катары кийинки муундарга өткөрүлүп, эч унутулгус тарыхый окуяга айланган.

Самуд Коому

Semud Kavmi

Аллахтын динине каршы чыкканы жана көөп кеткени үчүн кыйратылып жок кылынган коомдордун бири – бул, Самуд коому. Куранда айтылышынча, Самуд коому күчтүү жана бай, көптөгөн искусство чыгармаларын жасаган бир эл болгон. Самуд коомунун бул өзгөчөлүктөрү аяттарда төмөнкүчө кабар берилет:

(Аллахтын) Ад (коомунан) кийин силерди орун басарлар кылганын жана силерди жер жүзүнө жайгаштырганын эстегиле. Анын түздүктөрүндө сарайларды куруп, тоолордон үйлөр жонуп жасадыңар. Демек Аллахтын нематтарын (сый-жакшылыктарын) эстегиле, жер бетинде бузукулардай болуп башаламандык чыгарбагыла. (Аьраф Сүрөсү, 74)

Башка бир аятта болсо Самуд коомунун жашоо шарты төмөнкүдөй сүрөттөлөт:

«Силер бул жерде коопсуз жашайсыңарбы? Бакчалардын, булактардын арасында? Эгиндердин жана жумшак бүчүрлүү, көз уялткан курма бактарынын арасында? Тоолордон усталык менен жасалгалуу үйлөрдү жонуп (жасап) жатасыңар.» (Шуара Сүрөсү, 146-149)

Бакубат жашоодон көпкөн Самуд коомуна түбөлүк азапты жана акырет жашоосун эскертип коркутуу үчүн Аллах Аз. Салих (ас)ды элчи (пайгамбар) кылып дайындаган. Аз. Салих (ас) эл арасында таанымал инсан болгон жана коомун туура эмес жолдон кайтарганга аракет кылганда ага таң калышкан. Аз. Салих пайгамбардын айткандарын элдин абдан аз бөлүгү гана угуп, көпчүлүгү кабыл албай коюшкан.

Аз. Салих (ас)га ишенбегендердин башында коомдун алдыңкылары (лидерлери) турган жана ал кишилер материалдык күчүнө таянып, пайгамбарга душмандык кылып башташкан. Аз. Салих (ас)га ишенгендерди алсыз кылууга жана аларга кысымчылык көрсөтүүгө аракет кылышкан. Аз. Салих (ас)дын аларды Аллахка ибадат кылууга үндөшүнө кыжырданышкан. Мындай кыжырдануу бир гана Самуд коомунда болгон эмес. Самуд коому алардан мурда жашап өткөн Нух жана Ад коомдорунун каталарын кайталашкан. Ошондуктан Куранда бул үч коом жөнүндө мындай деп айтылат:

Силерден мурдакылардын, Нух коомунун, Ад жана Самуддун жана алардан кийин жашагандардын кабары силерге келген жокпу? Аларды Аллахтан башкалар билбейт. Элчилери (пайгамбарлары) аларга апачык далилдер менен келгенде, колдорун ооздоруна алып барып (кыжырданып тиштешти) жана мындай дешти: «Эч талашсыз, биз силер аркылуу жиберилген нерселерди жокко чыгарабыз жана бизди чакырган нерселериңерден чындыгында күмөн санайбыз.» (Ибрахим Сүрөсү, 9)

Самуд коому Салих пайгамбарга чечкиндүүлүк менен каршы чыгышкан жана, ал тургай, аны өлтүрүү үчүн план да түзүп башташкан. Бул дүйнөнүн убактылуу кооздуктарына алданып, аларды эч качан жок болбойт деп ойлошкон. Салих пайгамбар Самуд коомунун алдыңкыларын «Силер бул жерде коопсуз жашайсыңарбы?» (Шуара Сүрөсү, 146) деп эскерткен. Бирок бул коом Аллахтын азабынан бейкапар болуп, барган сайын күчөй беришкен жана ушунчалык бой көтөрүшүп, Аз. Салих (ас)га «Эй Салих, эгер чындап жиберилгендерден (бир пайгамбар) болсоң, убада кылган нерсеңди алып келчи, көрөлү» (Аьраф Сүрөсү, 77) дегенге чейин барышкан. Бул коомго Аз. Салих (ас) Аллахтын вахийинин негизинде, «үч күндүн ичинде кыйратыласыңар» деп кабар берген (Худ Сүрөсү, 65).

Аягында чындап эле Аз. Салих (ас)дын эскертүүсү ишке ашып, Самуд коому кыйроого дуушар болгон:

Ал зулумдук кылгандарды жан чыдагыс бир үн ороп калды да, өз мекендеринде тизелеп чөгөлөгөн абалда таңды тосушту. Ал жерде эч бакубаттыкта жашабаган сыяктуу (абалга келишти). Кабарыңар болсун, Самуд (эли) чындыгында Раббилерине (каршы) каапырдык кылышкан (Аллахты танышкан) эле. Кабарыңар болсун, Самуд (эли Аллахтын мээриминен) алыстатылды. (Худ Сүрөсү, 67-68)

Жер бетинде жашаган кайсы гана коом болбосун, чектен чыккан учурда, байлыгына жана атак-даңкына карабастан, Аллахтын азабына дуушар кылынышкан. Самуд коомунан ушунчалык чектен чыгып, пайгамбарларын өлтүрүүгө чейин бел байлаган адамдардын бүгүнкү күндө мал-мүлкүнөн да, бийлигинен да эч нерсе калган жок. Аттарын да эч ким билбеген бул адамдардын жашоосу, бүт башка ыймансыздар сыяктуу, тозок жашоосу менен аяктаган. Бул акыбеттен ар бир адам сабак алышы керек.

Semud Kavmi

Саба Калкы

Саба калкы Куранда төмөнкүчө баяндалган:

Ант болсун, Саба (калкы) жашаган жерлерде да бир аят бар. (Үйлөрү) Оңдон жана солдон эки бакчалуу эле. (Аларга мындай деген элек:) «Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла. Сонун бир шаар жана кечиримдүү бир Рабби(ңер бар).» Бирок алар жүз бурушту, ошентип Биз да аларга Арим селин жөнөттүк. Жана алардын эки бакчасын мөмөсү ачуу, бадалдуу жана бир аз тикенектүү дарагы бар эки бакчага айланттык. Ошентип шүгүрсүздүк кылганы (жакшылыкты билбегени) үчүн аларды жазаландырдык. Биз (немат-жакшылыкка) шүгүрсүздүк кылгандан башкасын жазаламак белек. (Саба Сүрөсү, 15-17)

Аяттардан көрүнүп тургандай, Саба эли берекелүү бак жана бакчаларда, бай, бакубат жашашкан. Аллах ал коомго ошончо көп байлык берип, ал сый-жакшылыктар үчүн шүгүр кылууларын гана талап кылган. Бирок алар жалганга чыгарып, ыймансыздык кылышкан. Бул дүйнөдө өздөрүн абдан күчтүү элестетип, байлыгы менен бой көтөрүшкөн. Ошентип аягында азапка дуушар болушкан.

Даңазалуу шумерлер

Muhteşem Sümerler

Kraliçe Puabi'nin kabri, hala korunan 270 parça eşyasıyla en zengin mezarlardan birisi olarak kabul ediliyor.

Ирактын түштүгүндө, Дижле (Тигр) жана Евфрат жээктеринен алыстаар замат, чөлгө окшогон, кең талаалар көрүнөт. Бул учу-кыйырсыз түздүктөрдүн кээ бир жерлеринен бийик дөбөлөрдү көрүүгө болот. Анткени, кум басып калган бул дөбөлөрдүн астында чоң имараттардын калдыктары жатат. Ал имараттар «шумерлер» деп аталган бир эл тарабынан курулган. Бүгүнкү күндө чөл шамалдары учурган кумдардан башка эч нерсе көрүнбөгөн, чөөлөр менен карга-кузгундар гана жашаган бул жерлерде 45 кылым мурда бүт тарабынан каналдар агып турган, бакчалар менен курчалган, кооз шаарлар жайгашкан эле. Азыр болсо жымжырттыкка бөлөнгөн...

Бул сөздөр белгилүү археолог Ги Рашеге (Guy Rachet) тиешелүү. Тарых китептеринен гана эсте калган бул зобололуу өлкө негизи азыркы мамлекеттердей эле чыныгы бир өлкө болгон. Ал доордун адамдары да биз сыяктуу жашап, архитектуралары менен көз жоосун алган шаарларды курушкан.

Ал доордун ханышасы Пуаби үчүн өткөрүлгөн жаназа зыйнаты өтө зобололуу болгон. Көптөгөн булактарда бул зыйнат жөнүндө маалыматтар жазылган. Ханышанын өлгөн денесинин укмуш кооздолгону, денесинин үстүңкү бөлүгүнүн алтын жана күмүш шурулар жана көгүш-кара таш, кызыл агат, Кадыкөй ташы сыяктуу кымбат баалуу таштардан берметтер менен кооздолгон бир жамынчы менен жабылганы жана жамынчынын учундагы чачылардын да ушундай таштардын майдаларынан жасалганы жазылган. Мындан тышкары, ханышанын башына оор бир жасалма чач, анын үстүнө болсо жалбырактары көк жана ак оор седептер менен кооздолгон таза алтын гүлдөрдөн, бук жана мажүрүм тал жалбырактарынан бир баш кийим кийгизилгени аныкталган. Кулактарындагы сөйкөлөрдөн, өлүктүн жанына коюлган асыл таштардан, ийнелерден жана кооз жамынчылардан алтындын жаркырап тургандыгы айтылган.

Кыскасы, шумер маданиятынын маанилүү бир ысымы болуп эсептелген Пуаби ханыша даңазалуу бир жаназа зыйнаты жана укмуштуудай сөөк коюу жөрөлгөлөрү менен көмүлгөн. Жаназа менен кошо мүрзөгө коюла турган башка казыналар, айтылышы боюнча, куралдуу сакчылар жана кулдар тарабынан араң жеткирилген. Бирок, албетте, мүрзөгө казыналары менен бирге кириши Пуаби ханышаны скелетке айлануудан сактап кала алган эмес. Ал дагы, бүт башка адамдар сыяктуу, ал тургай, балким басмырлап, өзүнөн төмөн көргөн жакыр кишилер сыяктуу, топурактын астына кирип, ал жерде чириген жана денеси бактерияларга жем болгон. Бул мисал бир адам канчалык бай жана зобололуу жашаса да, байлыгына канчалык ишенсе да, баары бир аягында алардын ага эч кандай пайдасы тийбей тургандыгын көрсөткөн эң таасирдүү мисалдардын бири.

Muhteşem Sümerler Muhteşem Sümerler

Geçmiş zamanın insanları da aynı bizler gibi yaşamışlar, mimarileriyle büyüleyici kentler kurmuşlardı. Hatta giyim ve süslemede bizden daha ihtişamlı bir yaşam sürmüşlerdi. Kraliçe Puabi'nin bedeni değerli taşlarla süslenmişti.

Крит Цивилизациясы

Европанын алгачкы чоң цивилизациясы болуп эсептелген Крит цивилизациясы б.з.ч. XIV кылымдын баштарында күтүүсүздөн жок болгон. Ага чейин Жер ортолук деңиздин эң кооз жерлеринин бири болгон Крит аралына биздин замандан 2000 жыл мурда Азия жана Грециядан келген адамдар жайгашып, укмуш кооз сарайларды курушкан. Бирок аягында чоң бир апаат болуп, Криттин түндүгүндөгү Киклад архипелагына караштуу Тира аралындагы жанар тоо атылган жана бул коркунучтуу жарылуудан соң Крит сарайларын жер менен жексен кылган өтө күчтүү бир жер титирөө келип чыккан.

Вулкандын күлдөрү Криттин үстү жагындагы бүт асманды караңгыга чүмкөп, кулаган сарайлардын үстүн каптаса, бир жагынан суунун деңгээли көтөрүлүп Кносстун порту Амнисти суу басып калган. Крит сарайларынын кулашы чындыгында абдан үрөй учурарлык болгон жана чоң толкундан улам жээктеги шаарларды бир заматта суу каптап калган.

Көп жагынан ошол доордун эң өнүккөн цивилизацияларынын бири болгон Крит эли баштарына келе турган бул кырсыкты эч күтүшкөн эмес. Катар-катары менен келген кырсыктар кооз имараттардын баарын жок кылып, адамдардын да дээрлик бүт баарынын жок болушуна себеп болгон. Байлыгы менен мактанган адамдар да, алардын байлыктары да, эч качан бүтпөйт деп ойлогон жашоолору да, бүт баары жок болгон. Бузулуп кыйраган бир шаар менен жок болгон бир маданият гана калган. Куранда адамдардын ушул сыяктуу байыркы маданияттардан сабак алышы керек экендиги төмөнкүчө айтылган:

Girit Uygarlığı

Мекендеринде басып, кыдырып жүргөн, алардан мурдакы канчалаган муундарды кыйроого дуушар кылышыбыз дагы эле аларды туура жолго багыттаган жокпу? Албетте, мында аяттар (белгилер) бар; дагы эле угушпайбы? (Сажда Сүрөсү, 26)

Помпеи Бүлгүнү

Pompei

Тарыхчылардын маалыматы боюнча, мындан 2000дей жыл мурда кээ бир шаарлар жыргалчылыкта, бакубат жашаган шаарлар катары белгилүү болгон. Помпеи да ошондой шаарлардын бири эле.

Везувийдин боорлору бак-дарактуу эле жана Помпеи ошол боорлор менен деңиздин ортосунда курулган жана көбүнчө бай римдиктер жактырган бир жер болгон. Ага кошуна жайгашкан Геркуланум аймагы да ушундай шарттарга ээ эле. Бирок тарыхтын эң белгилүү жанар тоо атылууларынын бири бул кооз жерлерди жок кылган. Бүгүнкү күндө бул жерден вулкандын лавалары аркылуу «ташка айланган» Рим жашоосун майда-бараттарына чейин көрүүгө болот.

Апаат 79-жылдын 24-августунда келген. Помпеиде жергиликтүү элден тышкары, жайды өткөрүүгө келген бай римдиктер жана Геркуланумга же Везувийдин этектерине курулган кооз үйлөрүнө жайгашкан адамдар да бар эле. Везувий вулканы күтүүсүздөн атылган. Алгач жер силкине баштап, тоодон күндүн күркүрөшүнө окшогон каргылданган үндөр келген. Изилдөөлөр боюнча, оттун жалындары асманга устундай көтөрүлүп, анын артынан шумдук бир түтүн көтөрүлгөн. Ошол эле учурда, жаңы жарылуулар болуп, күлдөрдөн, таш-топурактан жана лава бөлүктөрүнөн турган бир «жамгыр» шаардын үстүнө жаап жаткан.

Геркуланумдуктар Везувийге жакыныраак болгондуктан, шаарды көздөй толкун толкун болуп келген, күйүп жаткан ылай селинен катуу коркуп, качканга аракет кылышкан, бирок кача албагандар урандылардын жана ээриген лавалардын астында калышкан. Бирок эң таң калыштуусу, казуу иштеринен алынган маалыматтар боюнча, ошондо деле адамдардын көпчүлүгү шаарды таштап кетүүдө арсар болушкан. Помпеиде шаардын кратерден алыс болушу адамдарда коопсуздук ишенимин пайда кылган жана мындан улам байлардын көпчүлүгү мал-мүлктөрүн таштап кеткиси келбей, бул «күл жамгырынан» үйлөрүнө жашынып коргонууга аракет кылышкан. Белгилүү убакыттан соң эми өтө кеч болуп калганын түшүнгөнгө да жетишпей көз жумушкан. Бир күндө эки шаарда, Геркуланум менен Помпеиде жана алты шаарчада жашаган бүт жандыктар тарых бетинен өчкөн. Куранда ушул сыяктуу кыйроого дуушар кылынган адамдар жөнүндө мындай деп айтылат:

Булар сага туура кабар (үлгүлүү аңгеме) катары билдирилген (мурдакы) муундардын кабарлары. Алардын кээ бирлери тирүү калып, (кээ бирлери) орулган эгин(ге айланган). (Худ Сүрөсү, 100)

Адамзат булардын баарын канчалаган кылымдан соң гана биле алды. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр Помпеидеги байыркы шаардын «жашап жатып катып калган абалын» ачып көрсөттү. Адамдар жан берген учурдагы көрүнүштөрү менен ташка айланып калышкан эле. Куранда кабар берилгендей:

Алар зулумдук кылып жатышканда, өлкөлөрдү (же муундарды) кармаган кезде... Раббиңдин (азап менен) кармашы мына ушундай. Чындыгында Анын кармашы өтө азаптуу, абдан оор. (Худ Сүрөсү, 102)

Мындан жүздөгөн, ал тургай, миңдеген жыл мурда жашаган цивилизациялардын артында урандылардын гана калышы байлыктын аларга эч кандай пайда алып келбей турганын көрсөткөн жана артындагылардын баары кийинкилерге мураска калган. Ал коомдордо жашаган адамдардын балким эң чоң жаңылыштыгы, өздөрүнөн мурда жер менен жексен болуп, тарыхка көмүлгөн элдерден сабак албастан, бул дүйнөдөгү байлык, бийликтерин түбөлүк колдорунда калчудай жана жасаган нерселери аларды өлүмсүз кылчудай элестетиши болсо керек. Мындай жаңылыштык бүгүнкү күндө деле бар. Адамдардын көпчүлүгү «өзүмө бир пайдасы тийет» деген ой менен бүт өмүрүн байлык топтогонго арнашууда же өздөрүн өлүмсүз кылуу (эскерилүү) максатында ар кандай чыгармаларды жаратышууда.

Pompei

Vezüv Yanardağında geçmişte yaşanan bir lav ve kül felaketi, bu kentin insanlarını ani bir biçimde yakalamıştı. Felaket öylesine ani olmuştu ki, herşey 2000 yıl öncesinde olduğu gibi kaldı. Bugün, volkanın lavlarıyla "taş kesilmiş" Roma hayatı tüm ayrıntılarıyla görülebilmektedir.

Болгондо да, мурдакылардан да ашыкча чектен чыгышып, Аллахтан келген ар кандай эскертүүлөрдү укмаксан болушууда. Бирок мындай кишилер өтө маанилүү бир чындыкты унутпашы керек: бир кездерде жашап, кийин жок болгон мурдакы элдердин урандылары сабак болушу үчүн ошол бойдон алдыбызда турат. Алардын эч бири бул дүйнөдө түбөлүккө калган эмес. Бул дүйнөгө из калтыруу үчүн чыгармаларын калтырып кеткен адамдардын кээ бирлеринин балким аттары эскерилип калгандыр, бирок мунун алардын чириген денелерине да, акыреттерине да эч кандай пайдасы тийбейт. Бул дүйнөдө сабак алып ойлоно алган адамдарга сабак болушу үчүн жана Аллахтын каардуу азабынын бир эскертүүчүсү катары гана унутулбай сакталып келе жатат.

Pompei

Аллах адамдарга бул мисалдарды келтирүү аркылуу, дүнүйөнүн туткундарына эскертүү берүүдө. Албетте, мындан насаат алып, сабак чыгара алгандар тарыхтагы эч бир окуянын максатсыз жаратылбаганын жана Аллахтын каалаган учурда, каалаган жерде булардан да күчтүүрөөгүн адамдарга жиберүүгө кудуреттүү экенин түшүнө алышат. Бул дүйнө болгону бир сыноо мекени. Бул дүйнөдө сыноонун талаптарын аткаргандар туура жолду тандаган болушат. Бир гана бул дүйнөнү мекен кылып алгандар болсо мурдакы элдердей бүт баарынан ажырашат. Албетте, бул өз колдору менен кылгандарынын жазасы. Акыретте да кылган иштерине жараша мамиле көрүшөт. Албетте, аныгын бир гана Аллах билет.

cocuk genç yetişkin yaşlı kadın old ölüm çerçeve

Pompei, içindeki 20 bin kişi ve tüm güzellikleriyle birlikte yok oldu.