Адамдар бул өмүрдө жетүүгө аракет кылган жалпысынан бир канча максат бар. Байлык, мал-мүлк, атак-даңк, жубай жана балдар көп адамдар үчүн бул дүйнө жашоосунун өзгөрүлбөс кооздуктары болуп саналат. Бүт пландар жана бардык аракеттер ушул нерселерге жетүү үчүн жасалат. Баарынын убактылуу экенин, бул дүйнөдө бүт нерсенин баркынын жоголоорун жана эскирип, жок болоорун билип турушса да, баары бир буларга жабыша беришет. Мал-мүлкүнүн эскирээрин, жерлеринин түшүмдүүлүгүнүн азайаарын, өтө жогору туткан жубайларынын бир күнү улгайып, сулуулугун жоготоорун жана, эң негизгиси, ар бир адамдын колундагылардын баарын бир күнү бул дүйнөгө калтырып кетүүгө мажбур болоорун билип туруп, баары бир буларга бериле беришет.
Мындай адамдар өлгөн соң, бүт өмүрүн жалаң гана бир нерселерге «жетүү» үчүн коротконун, бул дүйнөнүн жагымдуу жана сыйкырлоочу кооздуктарына алданышканын жана убактылуу нерселердин баарына ашыкча маани беришкенин түшүнүшөт. Жана бул дүйнөдө «менин менчигим» деп ойлогон нерселердин баарынын чыныгы кожоюну болгон Аллахка гана ибадат кылуу керек экенин көрүшөт.
Бул дүйнөгө «берилүү» Куранда төмөнкүчө кабар берилген:
Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон бекем (күчтүү) арзуу адамдарга «кооз жана өзүнө тартуучу» көрсөтүлдү. Булар – дүйнө жашоосунун жалган кооздуктары. Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын кабатындагы (мекен). (Али Имран Сүрөсү, 14)
Байлык, жубайлар, балдар, соода сыяктуу бул дүйнөгө тиешелүү баалуулуктардын баары Аллахты жана акыретти унутуп, бир гана ушулар үчүн жашаган адамдарды катуу сүйдүрүп, алаксытат. Бирок Аллахтын кудурети менен улуулугун жакшылап түшүнүшсө, анда бул дүйнөдөгү бүт нерселердин сыноо үчүн гана жаратылганын байкай алышат. Жана бул жакшылыктарды берген Аллахка ибадат кылуу жана шүгүр кылуу керек экенин да түшүнүшөт. Бирок, анык далил менен ишенбеген адамдар бул дүйнөгө ач көздүк менен берилгени үчүн акылдары тосулуп калат да, бул дүйнөгө жана андагы баалуулуктарга ашыкча маани беришет жана алардын кемчиликтерин унутуп калышат.
Аллах акыретте мындан алда канча жакшысын берээрин убада кылып, ага жетүү үчүн бир гана Өзүнө чын жүрөктөн ибадат кылуу жана бир гана Анын ыраазылыгына жетүүгө аракет кылуу керек экенин буйруганына карабастан, кээ бир адамдардын мындан жүз буруп, бул дүйнө жашоосуна ыраазы болушу таң калтырбай койбойт. Анткени, бир адам толугу менен ыймансыз, атеист болсо жана өлгөндөн кийин тирилүүгө 50% «ыктымалдык» берсе, ушул деле аны акылдуураак болууга мажбурлашы керек эле.
Ыймандуулар болсо мунун бир «ыктымалдык» эмес, анык чындык экенин билишет. Ошондуктан бүт өмүрлөрүн тозок ыктымалдыгынан алыстап, бейишке жетүүгө аракет кылуу менен өткөрүшөт. Анткени, бул дүйнөдөгү кызыкчылык жана жыргалчылыктары үчүн жан талашкан кишилердин акыретте кандай абалга түшүп, канчалык бушайман болоорун жакшы билишет. Бул дүйнөдө топтогон мал-мүлктөрү, мисалы, жыйнаган алтындары, банктардагы акчалары, үйлөрү, жерлери, машиналары акыретте аны куткара албайт, абдан ишенген үй-бүлөсү менен жакын достору аны ал жерде коргой албайт, ал тургай, андан жүз буруп кетишет. Бирок, ошого карабастан, адамдардын көпчүлүгү туура жолду көрбөстөн, бул дүйнөгө берилип кетип, акыретти унутуп калышууда. Бул чындык Куранда төмөнкүчө кабар берилген:
(Мал-мүлк жана байлыктын) Көптүгү менен мактануу силерди «эңсетип алаксытып, башыңарды айлантты». «Ошентип (бул) мазарга барышыңарга (өлүмүңөргө) чейин уланды.» (Текасүр Сүрөсү, 1-2) |
Бул дүйнөнүн «кооз жана жагымдуу кылынышы», албетте, сыноонун бир сыры. Аллах бул дүйнөдө адамдарга тартуулаган бүт мүмкүнчүлүктөрдү абдан кооз жана жагымдуу кылып жараткан. Бирок, ошол эле учурда, адамдар салыштыра алышы үчүн, бул мүмкүнчүлүктөр абдан алсыз, убактылуу жана кыска кылып жаратылган. Мунун сыры мына ушул жерде жашырылган. Дүйнө жашоосу чындап эле Аллахтын кудуретине ылайык өтө кооз, түркүн түстүү жана абдан көркөмдүү. Бул дүйнөдө жашоо, андан ырахат алуу, албетте, Аллахтын бир сый-жакшылыгы жана муну Аллахтан тилөө керек. Бирок эч качан Аллахтын ыраазылыгынан жана акыреттен маанилүүрөөк эмес. Ошондуктан адамдар бул сый-жакшылыктарды пайдаланып жатканда эч качан чыныгы максатын унутпашы зарыл. Аллах Куранда адамдарды мындай деп эскерткен:
Силерге берилген бардык нерселер – жалаң гана дүйнө жашоосунун алдамчы кооздугу. Аллах Кабатында болгондор – жакшыраак жана түгөнгүс. Дагы эле акылыңарга келбейсиңерби? (Касас Сүрөсү, 60)
Кээ бир адамдар бул дүйнөгө берилип, акыретти унутуп калышат, бирок алар ойлонбогон дагы бир маанилүү чындык бар. Алар жакшы көргөн баалуулуктар, жетүүгө аракет кылган «кооздуктар» бул дүйнөдө да аларды чындап бактылуу кылбайт. Мунун эң негизги себептеринин бири – адамдын эч түгөнбөгөн ач көздүгү жана улам көбүрөөгүн эңсей берген напсиси. Ошондуктан адамдар жакшы көргөн нерселеринин «эң бийигине, эң жакшысына» бул дүйнөнүн шарттарында жете алышпайт. Кандай гана нерсеге жетпесин, сөзсүз андан да жогорураагы, андан да жакшыраагы жана андан да коозураагы болот. Ошондуктан бул дүйнө адамдын руху чындап бейпилдикке жетип, чындап канааттана турган бир жер эмес. Чыныгы бакыт жана чыныгы бейпилдик ыймандуулар түбөлүк жашай турган акыретте, бейиште болот.
Кээ бир адамдар «эгер жакшылап аракет кылсам, бул дүйнөдөгү жашоом чындап көңүлүмдөгүдөй кемчиликсиз болот» деп ойлошот. «Ал үчүн бай болушум керек» деп эсептейт. Ошондо бактылуу үй-бүлө курам, адамдардын алдында кадыр-барктуу болом, бейпил өмүр сүрөм деп ойлойт. Анткен менен, бүт өмүрүн ушуларга жетүүгө жана аларды колдон чыгарбоого арнаган адамдар негизи өтө чоң жаңылыштык кетиришет. Анткени, бүт өмүрүн бир гана бул дүйнөдөгү бейпилдиктерин ойлонуу менен өткөрүп, чыныгы жана түбөлүк жашоонун акыретте экендигин толугу менен унутуп коюшат. Эң негизги милдетинин Аллахка ибадат кылуу экенин унутуп, бул дүйнөгө алданышат жана колдорундагы бүт байлыкты жаратып, аларга тартуулаган Аллахка шүгүр кылуунун ордуна, Аллахты унутуп, адамдардын ыраазылыгына жетүү үчүн жан талаша беришет.
Бирок, Аллах Куранда бул дүйнөдөгү баалуулуктардын убактылуулугун, барксыздыгын жана алдамчы кооздугун адамдарга кабар берген:
Билип койгула, дүйнө жашоосу жалаң гана бир оюн, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана. Бир жамгыр мисалындай. Ал (жамгыр) өстүргөн эгин (аны) эккендердин көңүлүнө жагат, анан (ал) куурайт. Бир карасаң, сапсары болгон болот, кийинчерээк болсо ыпыр-сыпырга айланат. Акыретте болсо оор азап; (же) Аллахтан бир кечирим жана бир ыраазылык бар. Дүйнө жашоосу – алдамчы бир кооздук гана. (Хадид Сүрөсү, 20)
Көп адамдардын жаңылыштыгы, алар акыретти алыс көрүшөт же такыр ишенишпейт, ошондуктан бул дүйнөнү акыреттен жогору көрүшөт. Алар колдорундагы байлыкты эч жоголбойт деп ойлошот. Ошондуктан бой көтөрүп, караңгылык менен Раббибизден жана Анын убадаларынан жүз бурушат. Мындай адамдарды жана алардын акыбетин Аллах Куранда төмөнкүдөй сүрөттөгөн:
Бизге жолугууну үмүт кылбагандар (күтпөгөндөр), дүйнө жашоосуна ыраазы болгондор жана аны менен канааттангандар жана Биздин аяттарыбыздан кабарсыз болгондор; мына ошолордун чогулкандары үчүн жашай турган жерлери от (тозок). (Йунус Сүрөсү, 7-8)
Мындай маанайдын мисалдары тарыхта көп кездешет. Тарыхта падышалардын, өкүмдарлардын, фараондордун көпчүлүгү «чогулткан байлыгым мени өлүмсүз кылат» деп ойлошкон жана, ал тургай, мал-мүлктөрүнүн бир бөлүгүн өздөрү менен бирге көмдүрүшкөн. Байлыктан жогору эч бир баалуулук жок деген түшүнүктө болушкан. Аларды көргөн башка адамдар да «ушул туура жол» деп ойлошуп, бул адамдарды «ооматтуу кишилер» катары көрүшкөн. Бирок, бул дүйнөдө жыргап жашап жаткандай көрүнгөндөрдүн акыбети эч алар ойлогондой болгон эмес. Аллах Куранда бул адамдар жөнүндө мындай дейт:
Биз алардын мал-дүйнөсүн, бала-чакасын көбөйтүп коюшубузду аларга жакшылыктарды (же жардамыбызды) тездетишибиз деп ойлошобу? Жок, алар сезбей жатышат. (Мүминун Сүрөсү, 55-56)
Демек алардын мал-мүлктөрү менен балдары сени суктантпасын; Аллах булар аркылуу аларды дүйнө жашоосунда азаптоону жана жандарынын каапырлык ичинде кыйынчылык менен чыгышын гана каалайт. (Тообо Сүрөсү, 55)
Бирок бул адамдар эч унутпаш керек болгон бир нерсени унутуп коюшат: бүт байлыктын жана «өтө баалаган» нерселеринин баарынын кожоюну – бир гана Аллах. Мүлктүн чыныгы кожоюну Аллах мүлкүнөн каалаган пендесине каалаган өлчөмдө бир үлүш берет. Жана ал үчүн адамдардан Өзүнө шүгүр кылышын жана чын ыкластан ибадат кылышын талап кылат. Аллах бирөөгө байлык берсе, аны Аллахтан башка эч ким азайта албайт жана бирөөнүн байлыгын алып койсо, ага да эч ким жардам бере албайт. Булардын баары Аллахтан бир сыноо катары келет. Акылы жана аң-сезими ачык адам муну билет. Жараткан Аллахты жана Ага сурак берээрин унуткан киши болсо бул чындыктарды билбейт:
Аллах каалаганына ырыскыны кеңейтип-жайат жана кысат дагы. Алар болсо дүйнө жашоосуна сүйүнүштү. Чындыгында болсо дүйнө жашоосу акыретте(ги чексиз бакыттын жанында убактылуу) бир пайдалануу гана. (Рад Сүрөсү, 26)
Көп адамдар бул дүйнөдө кемчиликсиз жашоого жетип, укмуш сонун өмүр сүрө алам деп ойлойт. Алардын ою боюнча, кыялындагы байлыкка жеткен соң бактылуу болуп, эңсеген кадыр-баркка жетет жана өмүрүнүн аягына чейин бактылуу болот. Анткен менен, Аллахты жана акыретти унуткан адам эч качан көңүлүндөгүдөй жашоого жете албайт. Анткени, эңсеген бир нерсесине жеткенде андан да жакшыраагын жана андан да көбүрөөгүн каалап жатканын түшүнөт. Акчалуу болот, бирок ал аз сезилет да, көбүрөөк акча табууга аракет кылат. Үйлүү болот, бирок жактырбайт; сөзсүз бир үйдү андан да көбүрөөк жактырып, ошону алууга аракеттенет. Жыл сайын табити өзгөрүп турганы үчүн, үйүнүн ичин да, кийимдерин да жактырбай, улам жагымдуураак эмеректерди жана коозураак кийимдерди кыялдана берет. Мүдессир сүрөсүнүн аяттарында кээ бир адамдардагы бул маанай эң таамай сүрөттөлгөн:
Аны жалгыз кылып жаратканымды Мага кой. Мен ага «ушунчалык көп мал-мүлк» бердим. Көз алдында даяр балдар. Жана сансыз мүмкүнчүлүктөрдү алдына койдум. (Ал болсо) мындан да көбөйтүшүмдү каалап, ач көздүк кылат. (Мүдессир Сүрөсү, 11-15)
Аң-сезимдүү бир адам бул нерсени түшүнүшү керек: эң көп үйү бар, эң кымбат машиналарды сатып алган, эң көп кийими бар, кыскасы, эң бай адамдын деле жашай турган үйү, мине турган машинасы, жей турган тамагы, жата турган төшөгү жана кийе турган кийими чектүү болот. Дүйнөнүн эң чоң сарайында жашаган адам бир учурда анын канча бөлмөсүндө жашай алат? Же эң кооз кийимдери бар адам бир жолкуда ал кийимдеринин канчасын үстү-үстүнө кийе алат? Мындай адамдардын жашоолорун караганыбызда, алардын, ондогон бөлмөдөн турган хан сарайлары болсо дагы, бүт бөлмөлөрүн бир учурда пайдалана албаганы үчүн, үйүнүн ашып барса, бир бөлмөсүндө жашап жаткандыгын көрөбүз. Шкафтар толо кийимдери болсо да, бир кийимин гана кийе алышат. Аллах жараткан миңдеген түрдүү тамактары болсо да, көп болсо 2-3 чыны тамак жей алышат; андан да көбүрөөк жегенге аракет кылса, бул алар үчүн бир азапка айланат.
Мындай мисалдар абдан көп. Бирок, эң негизгиси, адамдын колундагы мал-мүлкүн «жыргап колдоно турган» өмүрү да чектүү. Ар бир адам күн сайын өлүмгө жакындап отурат. Бирок кээ бир адамдар өмүр бою бул чындыкты байкабайт жана Куранда айтылгандай, «чындап байлыгым мени түбөлүктүү кылат» (Хумаза Сүрөсү, 3) деп ойлошот. Бул туура эмес ишеним аларга абдан бекем орноп калгандыктан, акыретте Аллахтын алдында азапты көргөндө да, колдорундагыларды садака берүү аркылуу кутулуп кетүүнү көздөшөт, бирок, албетте, эми кеч калышкан болот жана алардан эч нерсе кабыл кылынбайт:
Алар бири-бирине көрсөтүлүшөт. Бир кылмышкер-күнөөкөр ал күндүн азабынан кутулуу үчүн балдарын садака чапкысы келет; өз жубайын жана бир тууганын, жана аны баккан тууган-уругун да; жер бетиндегилердин баарын (берип), кутулгусу келет. Жок; (эч бири кабыл алынбайт). Чындыгында ал (тозок) алоолонуп күйүп жаткан от. (Меариж Сүрөсү, 11-15)
Ал эми, Аллахтын бүт байлыктын кожоюну экендигин жана бул дүйнөдөгү байлык менен кадыр-барктын бул дүйнөдө калаарын билген адамдар болсо эч качан дүнүйөнүн артынан чуркашпайт. Алар байлыгына көбүшпөйт, бүт нерсенин кожоюну болгон Раббибиз Аллахты унутушпайт, берилген бүт сый-жакшылыктарга шүгүр кылып, иштешет. Аллах бул дүйнөдөгү баалуулуктарга ач көздүк менен берилбеген мындай адамдарга кадыр-барктуу жана бейпил бир жашоону убада кылган. Аллахты жакшылап таанып, урматтаган жана Ага ишенген адамдар бул дүйнөнүн убактылуулугун, байлык менен бийликтин кыска убакытка гана созулаарын, акыреттеги түбөлүк жашоонун алдында бул дүйнөнүн баркынын өтө төмөн экендигин жакшы билишет. Мындай түшүнүктөгү бир адам бай болгондо, аны адилетсиздик кылуу жана адамдарды эзүү үчүн колдонбойт. Байлыктан улам бул дүйнөгө берилип кетпейт, тескерисинче, Аллахка жакындап, көбүрөөк шүгүр кылат. Эч кимдин акысын жебейт, Аллах берген мал-мүлк менен дайыма жакшы иштерди жасаганга аракет кылат.
Кадыр-барктын жана чыныгы мактоонун Аллахтын алдында экенин билет, ошондуктан бул дүйнөдө байлыктын артынан чуркабастан, аны акыретте чыныгы байлыкка жеткире турган бийик адеп-ахлакка жетүүнү көздөйт жана кулк-мүнөзүн оңдойт. Мында Аз. Сулайман (ас)дын мамилеси бизге эң мыкты үлгү боло алат. Өтө чоң байлыкка жана мал-мүлккө ээ болгон Аз. Сулайман (ас) бул байлыкты кандай максатта сураганын «... чындап мен мал-мүлккө болгон сүйүүнү Раббимди зикир кылуу үчүн тандадым.» (Сад Сүрөсү, 32) деп таамай сүрөттөгөн.
Туура эмес түшүнүктөгү адамдар болсо бул дүйнөдө чогулткан байлыгынын эч бир маанисиз экенин, мунун аларга өтө аз пайда алып келээрин жана, эң негизгиси, бул байлыкты ашып барса 60-70 жыл гана колдоно алаарын ойлонушпайт. Колундагы мал-мүлкүн, балдарын, үйлөрүн, машиналарын, бүт байлыгын бир күнү бул дүйнөгө калтырып, жалгыз мүрзөгө көмүлөөрүн унутуп, эч тойбостон, эч качан жете албай турган байлыктарды эңсөө менен өмүрлөрүн өткөрүшөт.
Бирок, Жараткан Аллахты унутуп, байлыгына ишенген адам бул дүйнөдө да, акыретте да азапка дуушар болот:
Албетте, ыймансыздар, алардын байлыктары да, балдары да аларга Аллахтан (келе турган азапка карата) эч бир пайда алып келбейт. Жана алар оттун (тозоктун) отундары. (Али Имран Сүрөсү, 10)
«Байлык жыйып чогулткан жана аны кайра кайра санаган» адамдар жөнүндө Куранда мындай деп айтылат:
Ал байлык жыйып чогултат жана аны кайра кайра санайт. Чындап байлыгым мени түбөлүктүү кылат деп ойлойт. Жок; ант болсун ал «хутамага» ташталат. «Хутаманын» эмнелигин сага эмне кабар берет? Аллахтын тутантылган оту. Ал жүрөктөрдүн үстүнө көтөрүлүп чыгат. Ал алардын үстүнө жабышат; (өздөрү болсо) жерге сайылып-көтөрүлгөн устундарда (байланышат).» (Хумаза Сүрөсү, 2-9)
Чыныгы байлык болсо Аллахка ыйман кылган жана бул дүйнөнүн убактылуу кооздуктарына ашыкча маани бербеген, бүт нерсенин бир гана Аллахтан келээрин билген ыймандууларга тиешелүү. Кыпкыска дүйнө жашоосунун ордуна, Аллах түбөлүккө созулаарын билдирген акырет жашоосун тандаган ыймандуулар чыныгы байлар болушат. Ыймандуулар дүйнө жашоосун берип, акыретти сатып алганы үчүн ансыз да эң пайдалуу соода кылып, убактылуу эмес, түбөлүктүү байлыкты тандашкан. Куранда бул акыйкат төмөнкүдөй баяндалган:
Эч күмөнсүз, Аллах ыймандуулардан жандарын жана мал-мүлктөрүн акысына аларга бейишти берүү үчүн сатып алган. Алар Аллах жолунда согушушат, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт; бул Тооротто, Инжилде жана Куранда Анын үстүндөгү чыныгы убада. Аллахтан да убадасына бекемирээк ким бар? Демек кылган бул соодаңардан улам сүйүнүп-сүйүнчүлөшкүлө. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 111)
Бул чындыктарды унутуп, бул дүйнөгө берилгендер болсо акыретте жолукканда кимдин утуштуу чыгаарын эң жакшы түшүнүшөт.
Бул дүйнө жашоосуна адамды байлаган эң негизги нерселердин бири – бул, үй-бүлө. Жакшы турмуш куруу бир жаш кыздын же жаш жигиттин эң негизги максаттарынын бири. Ошондуктан көп адамдар жаш кезинен баштап «жакшы жубай» табууну максат кылат. Бул, албетте, табигый, жакшы көрүнүш, бирок караңгы коомдордо кыз-эркек мамилелери өтө туура эмес пайдубалдын үстүнө курулган. Кыз-эркек мамилелери негизинен романтикага, сезимталдыкка жана эки тараптуу бир катар кызыкчылыктарга таянат. Өзгөчө кыздар көбүнчө ага бейпил жашоо тартуулай турган «бай күйөө» табууну көздөшөт. Мындан улам кээде эч жактырбаган бир эркек менен да турмуш кура беришет. Же бир жигит бир кызды сырткы сулуулугу үчүн гана тандашы мүмкүн.
Бирок, мындай караңгы коомдогу адамдар өтө маанилүү бир чындыкты унутуп коюшат: бул сыяктуу материалдык нерселердин баары бир заматта жок болуп кетиши ыктымал; Аллах каалаган кезде бир адамдын бүт байлыгын колунан алып коюшу мүмкүн. Жүзүнүн же денесинин сулуулугу сыяктуу өзгөчөлүктөрдүн баары кыска убакыт ичинде бузулуп, жок болот. Үйлөнгөн жубайы сөзсүз бир күнү улгайып, ден-соолугунан, күч-кубатынан жана сулуулугунан ажырайт. Негизи сөзсүз улгайышы да кажет эмес. Ал адам күтүүсүз бир кырсыкка кабылышы, майып же шал (паралич) болуп калышы, же болбосо айыкпас бир ооруга чалдыгышы мүмкүн. Мындайда материалдык кызыкчылыктарга таянган бул система эмне болот? Мисалы, бир кызга жүзүнүн сулуулугу үчүн үйлөнгөн бир жигит, жубайы бир кырсыкта бул сулуулугунан ажырап калса же улгайып жүзүн тырыш басса, эмне кылат? Албетте, жашоосунун эң негизги максаттарынын бири катары көргөн үй-бүлөсүн такыр туура эмес бир пайдубалга таяндырып курганын түшүнөт.
Үй-бүлө бир гана Аллахтын ыраазылыгы үчүн, Анын өкүмдөрүнүн негизинде курулганда гана туура пайдубалга таяндырылган болот. Антпесе, адам бул дүйнөдө да, акыретте да бактылуу боло албайт. Адам бүт өмүрүн арнап, бүт пландарын ошого карап түзгөн бул системанын канчалык бош жана убактылуу экенин акыретте толук түшүнөт. Бирок, албетте, муну өтө кеч түшүнгөн болот. Бул дүйнөдө өзүнүн эң жакын досу катары көргөн жубайын акыретте көргүсү да келбей калат, ал тургай, азаптан кутулуу үчүн садага чапкысы келет. Мындай адамдардын сурак күнүндөгү абалын Аллах төмөнкүчө кабар берет:
Алар бири-бирине көрсөтүлүшөт. Бир кылмышкер-күнөөкөр ал күндүн азабынан кутулуу үчүн балдарын садага чапкысы келет; өз жубайын жана бир тууганын, жана аны баккан тууган-уругун да. (Меариж Сүрөсү, 11-13)
Аяттардан көрүнүп тургандай, сурак күнү ыймансыздар үчүн бул дүйнөдөгү жубайынын, досунун, бир тууганынын эч бир баркы калбайт. Ал тургай, алар бири-бирин садага катары бергиси келип, бул дүйнө жашоосунда бири-бирин жамандыктардан тоспой, тозокко чакырганы үчүн, бири-бирине наалат айтышат. Убактылуу дүйнө жашоосунда Аллахтын ыраазылыгынан башка критерийлерге карап жубай же жоро-жолдош күткөн адамдар акыретте өздөрүнө чоң зыян алып келишет. Куранда буга дагы бир мисал катары тозокко жубайы менен бирге ташталган Абу Лахаб жөнүндө айтылат:
Абу Лахабдын эки колу куурап калсын; куурап да калды. Мал-мүлкү жана тапкандары ага пайда берген жок. Алоолонгон бир отко кирет. Отун көтөргөн жана мойнуна чыйратылган бир жип (байланган) абалда жубайы дагы (тозокко кирет). (Масад Сүрөсү, 1-5)
Аллах ыраазы болоорун билдирген сүйүү жана биргелик болсо такыр башка критерийлерди негиз тутат. Мындай үй-бүлө курууда байлык, атак-даңк жана сулуулук негизги фактор болбойт. Бул дүйнөнүн убактылуу бир мекен экенин билген, чын ыкластуу ыймандуулар үчүн чыныгы критерий – бул, такыбаалык. Бир адамдын Аллахка болгон жакындыгы, сүйүүсү, коркуусу, б.а. такыбаалыгы канчалык жогору болсо, ал адамга болгон сүйүү да ошончолук жогору болот. Ошондой эле, Аллахтын ыраазылыгын көздөп үйлөнгөн адамдын көңүлү өтө бейпил жана ишенимдүү болот. Аллах Куранда мындай үй-бүлө жөнүндө төмөнкүчө билдирген:
Жана Анын белгилеринен – алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени жана араңарга сүйүү, ырайым салып койгону. Чындыгында бул нерселерде ой жүгүрткөн адамдар үчүн аят-белгилер бар. (Рум Сүрөсү, 21)
Мындан тышкары, бул дүйнөдө бири-бирин такыбаалыгы үчүн жакшы көргөн ыймандуулар акыретте да утуштуу болушат. Өмүр бою бири-бирин жакшылыктарга жана сооптуу иштерге үндөп, бейишке багыттаганы үчүн, акыретте да бири-бирине эң жакын дос болушат. Аллах ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын бул мүнөзүн төмөнкүчө кабар берген:
Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар бири-биринин досу. Жакшылыктарга үндөп, жамандыктардан кайтарышат, намазды туптуура кылышат, зекетти беришет жана Аллахка жана Анын Элчисине моюн сунушат. Аллах мына ушуларга ырайым кылат. Күмөнсүз, Аллах улуу жана кудуреттүү, даанышман жана өкүмдар. (Тообо Сүрөсү, 71)
«Кээ Бир Адамдардын Турмуш Курууда Акчаны Негиз Тутушу Өтө Уят Көрүнүш.» | |
АДНАН ОКТАР: ... Аялдардын кээ бирлери, албетте, баары эмес, кимде акча бар болсо, ошол кишини өз ойунда «эң такыбаа киши» деп кабыл алат. «Дүйнөдөгү эң жакшы адам ошол» дейт. Динчилдигине карабайт. Абдан жасалма, абдан жагымсыз бир логика... Кимди тандаарын эч чече албай кыйналышат, анткени улам байыраагы чыга берет. «Мунун машинасы да, үйү да бар, акчасы да көбүрөөк. Ушуга берсекпи? Дагы бир аз ойлонолу, бир карап көрөлү, эч чече албай жатабыз» дешет. Ал кишинин денеси менен үйлөнөсүңбү же руху мененби? Руху менен үйлөнөсүң жана руху менен түбөлүк бирге болосуң, демек жаштын мааниси жок. Бирок кээ бирлер үчүн андай эмес. Эгер өзүн, үй-бүлөсүн бактырам деп ойлоп жатса, оорулууну карай турган, акча баскан же тамак ташып бага турган бирөөнү издеп жаткан болсо, үй-бүлө кура турган адамдын жаш болушун каалайт. Же өлүү ыктымалдыгы бар, бай киши болсо, анда эч качан жаш болушун каалашпайт. Мындай түшүнүктөгү адамдардын ою боюнча, канчалык улгайган болсо, ошончолук жакшы. Канчалык оорулуу болсо, ошончолук жакшы деп ойлошот өз ойлорунда. «Улгайганы эч нерсе эмес, мен рухуна караймын» дешет. Мурдакы көз-караштары күтүүсүздөн өзгөрүп кетет. Үйлөнүшкөн соң чындап эле эки-үч жылдан кийин ал киши өлөт, картаң, оорулуу болгону үчүн. Ошол замат мураскорлук документтери туураланат, ансыз да баары ошого жараша пландалган болот. Бул үрөй учурарлык система, бул үрөй учурарлык критерий эл арасында таш боор жырткычтай кыдырып жүрөт. Көп адамдар бул системаны жаап-жашырып, билмексен болуп иштетип жатышат. Эң жек көргөн адамдары менен, эң жаман шарттарда анын азабын тартып өмүр сүрүп жатышат. Бир гана акчасы жана жеке кызыкчылыктары үчүн, жаман көргөн адамы менен жасалма сүйүп жашап жатышат. Жүрөгүнөн аны менен ажырашкан, бирок тили менен ажыраша албайт, кызыкчылыктарынан улам. Антип алдабай, чынчыл болуш керек. Анткени үй-бүлө Аллахты сүйүү үчүн курулат. Аллахтын чагылуусун көрүү үчүн үйлөнүү керек. (Урматтуу Аднан Октардын 2010-жылдын 22-августундагы HarunYahya.TV менен болгон маегинен үзүндү) |
«Аллах Үчүн Жашаган Адамга Аллах Жакшы Бир Үй-Бүлө Тартуулайт.» |
АДНАН ОКТАР: «Устат, мен отуз жаштамын, ушул кезге чейин эч үйлөнгөн жокмун» дейт Абдуллах. Алгач өзүңдү өстүр. Куранды башынан аягына чейин оку, кулк-мүнөзүңдү сулуула, дүйнө-таанымыңды кеңейт, Аллахка өзүңдү арна. Дажжал системасына каршы күрөш жүргүз. «Жашоонун бүт тараптарынан өзүңдү тартып» дейт туурабы Аллах пайгамбарга, «күнү-түнү Аллах үчүн чарча» дейт. Биз пайгамбарды үлгү алышыбыз керек. Өмүрүңдү Аллахка арна, «мужахид» бол, күнүң «жехд» (аракет кылуу) менен өтсүн, дем алаарга убактың болбосун. Ал ортодо Аллах сага кааласа мал-мүлк да берет, мүмкүнчүлүк да берет, акча да берет, үйлөнө турган болсоң жубай да берет. Бирок сен булардын баарын таштап, «мен үйлөнөм» десең, анда, негизи үйлөнө албайсың Аллах насип кылбайт. Бирок үйлөндүң деп элестетели, Аллах сага бир өлүүнү насип кылат, өлүк менен үйлөнөсүң, бирок билбейсиң анын андайлыгын, зомби сыяктуу бир аялга үйлөндүрөт, анан азапка каласың. Сени азаптайт, психологияң бузулат, күчүңдөн ажырайсың. Аны жек көрүп каласың, анткени Аллахты эч барктабаган болосуң, ошондуктан Аллах да сени барктабайт. Сен Аллахты унутсаң, Аллах да сени унутат. Себеби, адамдар – бул, Аллахтын чагылуулары, сен алгач Аллахты сүйүшүң керек. Аллах үчүн жашап, Аллахка өзүңдү арнашың керек, Аз. Мариям сыяктуу, Аз. Иса Масих сыяктуу... Алар үй-бүлө курууну билишпейт беле? Алардын акылы жок беле? Эң акылман болчу алар. Аз. Мариям үй-бүлөсү менен өзүнүн ортосуна бир парда тартып, өзүн Аллахка арнады. Өзүн Аллахка тапшырды, эч турмуш курбастан, Аллах Таала ага Аз. Иса Масихти, улуу бир пайгамбарды насип кылды жана өмүрү эң сонун өттү энебиздин. Аз. Иса Масих эч үйлөнгөн жок, үйлөнгөндү билбейт беле? Аллахка өзүн арнады. Аллах Тааланын жанында азыр, периштелер менен, дагы эле ибадат кылып жатат, дагы эле үйлөнгөн эмес. Кара, бул аят Аз. Иса үчүн гана түшүрүлгөн. Аллахтын Кабатында периштелер менен ибадат кылган жалгыз пайгамбар. Бүт пайгамбарларды өзүнчө, Аз. Иса Масихти өзүнчө койгон Аллах. «Масих жана жакындатылган периштелер Аллахка кул болуудан эч өздөрүн токтотушпайт» дейт. Өлгөн адам ибадат кылбайт, тирүүлөр гана ибадат кылат. Периштелер тирүү, Аз. Иса Масих да тирүү. Куран аятында айтылган. Тирүү болгону үчүн ибадатын улантууда. Кайрадан бул дүйнөгө келет... (Аднан Октардын 2012-жылдын 6-майындагы A9 TV каналындагы маегинен үзүндү) |
Адамдын напсиси чексиз мал-мүлк жана байлыктан тышкары, ал өлгөндө урпагын уланта турган балдарды да каалайт. Бирок Куранда бул каалоонун Аллахтын ыраазылыгын көздөбөсө, адамга Аллахты эстөөнү унуттураары жана, эң негизгиси, Ага шерик кошууга чейин алып бараары кабар берилген. Адам Аллах ага тартуу кылган балдары менен да сыналат жана Аллах ыраазы боло тургандай мамиле кылып-кылбашы байкоого алынат. «Мал-мүлктөрүңөр жана балдарыңар силер үчүн болгону бир фитна (сыноо) гана. Аллах болсо, улуу (эң сонун) сыйлык Анын Кабатында» (Тегабүн Сүрөсү, 15) деп аятта бул таамай айтылган.
Аятта мал-мүлк жана балдардын «фитна», б.а. «сыноо» деп айтылышынын терең мааниси бар. Балдар бул дүйнөнүн кооздугу, бирок кээ бир адамдар «балалуу болууну» өмүрүнүн эң негизги максаттарынын бири катары көрүшөт. Аллах Куранда балдардын адам үчүн «чоң бир сыноо» экенин кабар берип, Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана балалуу болуу керек экенин, антпесе адам үчүн жашыруун бир «ширк» (Аллахка шерик кошуу) ыктымалдыгынын келип чыгаарын билдирген. Аллах тартуу кылган баланы Аллахты унутуп «жашоонун максатына» айланткан жана кээде өзү да байкабастан Ага шерик кошкон үй-бүлөлөр Куранда төмөнкүчө мисал келтирилген:
Ал силерди бир напсиден (бир инсандан) жаратты жана аны менен тынчтанып, ырахат алсын деп андан жубайын жаратты. Ага (жубайына) жакындык кылганда, жеңил жүктүү болуп аны менен (белгилүү убакыт) жүрдү. Ал эми оорлошкон мезгилде экөө Раббилери Аллахка дуба кылышты: «Эгер бизге салих (чын ыкластуу бир бала) берсең, ант болсун шүгүр кылуучулардан болобуз.» Бирок Ал аларга салих (бир бала) бергенде, берген нерсесинде Ага шериктерди кошуп башташты. Аллах алардын шерик кошкон нерселеринен улуу. Өздөрү жаратылып, эч нерсени жарата албаган нерселерди (Аллахка) шерик кылышабы? (Аьраф Сүрөсү, 189-191)
Курандагы баяндарды караганыбызда, пайгамбарлардын бала сураганда бир гана Аллахтын ыраазылыгын көздөгөнүн даана байкайбыз. Бул жөнүндө Куранда көптөгөн мисалдар айтылган:
Имрандын жубайы: «Раббим, курсагымдагыны «ар кандай көз-карандылыктан эркиндикке чыгарылган абалда» Сага арнадым, менден кабыл кыл. Күмөнсүз угуучу, билүүчү бир Өзүңсүң» деген эле. (Али Имран Сүрөсү, 35)
Аз. Ибрахимдин бала сураган дубасы болсо төмөнкүдөй:
«Раббибиз, экөөбүздү сага моюн сунуучу (мусулман) кыл жана урпагыбыздан Сага моюн сунуучу (мусулман) бир үммөт (бер). Бизге ибадат ыкмаларын көрсөт жана тообобузду кабыл кыл. Күмөнсүз, Сен тооболорду кабыл кылуучу жана коргоочусуң.» (Бакара Сүрөсү, 128)
Бул аяттарда мисал келтирилгендей балалуу болуу, албетте, жакшылыктарга себепчи болот. Аллах ыраазы боло турган, Курандын адеп-ахлагын сиңирген бир баланы тарбиялап өстүрүү бир ибадат катары кабыл алынышы мүмкүн. Бирок, адамдын ниети башка болсо, анда бул дүйнөдө да, акыретте да анын акыбети жаман болушу мүмкүн. Эгер баласын Аллах тартуулаган бир аманат катары көрбөй, өзүнө тиешелүү жана айлана-чөйрөсүнө мактана турган бир нерседей көрсө, анда туура жолдон адашкан болот. Бул акыретте азапка себеп болот. Акырет күнү бул дүйнөдө өзүнүн эң чоң колдоочусу катары көргөн баласын унутат; ал тургай, азаптан кутулуу үчүн жубайын, үй-бүлөсүн, бир тууганын садага чапкысы келгендей, баласын да садага чапкысы келет. Ошентип азаптан кутулуп кетем деп ойлойт. Бирок ал күнү азаптан качуунун эч бир мүмкүнчүлүгү жок.
Балалуу болуу кубанычтуу нерсе жана Аллахтын бир белеги, бирок Аллахтын ыраазылыгынан башка максатта төрөлгөн балдар бул дүйнөдө көптөгөн көйгөйлөргө себеп болушат. Наристелер төрөлгөндөн баштап өтө көп кыйынчылыктар менен чоңоюп, адамдардын абдан көп убактысын алат. Көп адамдар «балдарым эртерээк чоңойсо экен» деп жатып, өмүрлөрүнүн канчалык тез өтүп кеткенин байкабай да калышат. Аллахтын ыраазылыгы үчүн сабыр кылганда, чоң бир ибадатка айлана турган кыйынчылыктар караңгы маданияттагы, б.а. динден кабарсыз адамдар үчүн көбүнчө максатсыз бир азапка айланып калышы мүмкүн.
Караңгы маданиятта эң чоң көңүл калуу балдар чоңойгондо келип чыгат. Аллах буйруган адеп-ахлакка карап тарбияланбаган бала, албетте, караңгы коомдун туура эмес адеп-ахлагын сиңирет. Мындан улам ата-энесине каяша айткан, опаасыз бир адам болуп чоңойот. Ата-эне балдарын келечек кепилдиги катары көрүп, келечекте, картайган кезибизде алар бизди багып карашат деп ойлошот. Бирок тоң моюн, кежир болуп чоңойгон адам көбүнчө мындай нерселерден алыс болот. Өз максаттарына жетүүгө, өз кызыкчылыктарын коргоого аракет кылып, ата-энесинин аны менен байланыштуу пландарын да өз кызыкчылыгына туура келсе гана аткарат. Ал тургай, ата-энесин карылар үйүнө таштап койгон балдар да көп эле кездешет.
Курандын адеп-ахлагы менен тарбияланган бала болсо такыр башкача болот. Анткени, Куранда ата-эненин эмгеги жана аларды кантип урматтоо керек экени айтылган жана улгайган кезде аларды капа кылбагыла деп буйрулган:
Раббиң Андан башкага кулчулук кылбагыла жана ата-энеге жакшы мамиле кылгыла деп буйруду. Эгер алардын бири же экөөсү сенин жаныңда картайса, аларга: «Уф» деп да айтпа жана аларга сүйлөнбө; аларга жакшы сөз айт. Аларга боорукердик кылып, кичипейилдик канатыңды жаз жана (мындай деп) айт: «Раббим, алар мени кичинемде кандай тарбиялап чоңойткон болсо, Сен да аларга мээримдүүлүк кыл.» (Исра Сүрөсү, 23-24)
Аяттардан да көрүнүп тургандай, бир адамды чоңойтуу, ага акыреттеги абалын ойлонуп тарбия берүү өтө улуу бир милдет. Бирок, эгер бала бул дүйнөнү жана анын убактылуу пайдасын көздөгөн пландардын негизинде тарбияланып өстүрүлсө, анда бул, дүнүйөгө багытталган бүт башка иштер сыяктуу, убактылуу, көңүлдү ыраазы кылбаган жана майнапсыз бир ишке айланат. Мындан тышкары, Аллахтын ыраазылыгы үчүн чоңойтулган бала ыймандуу болуп чоңойбосо да, ата-эне эч нерсени жоготпойт. Анткени, бүт адамдардын таянаар досу – Улуу Аллах, жана бир адам балдарына Аны ыраазы кыла тургандай таалим-тарбия бергенде, калганын Аллахка тапшырган болот.
Баласын дүнүйөлүк кызыкчылыктарына карап тарбиялап чоңойткондо болсо, эч күткөнүн ала албайт жана, ошондой эле, акыретте баласынын да ага, анын да баласына эч бир пайдасы тийбейт. Куранда бул төмөнкүчө кабар берилген:
Бирок кулактарды жарчудай болгон ошол күркүрөгөн күн келгенде, ал күнү киши өзүнүн бир тууганынан качып калат. Апасы менен атасынан дагы, жубайынан жана балдарынан дагы. Ал күнү ар бир адамдын өзүнө жете турган иши бар. (Абаса Сүрөсү, 33-37)
Башында да айтылгандай, адам бир гана Аллахка ибадат кылуу үчүн жаратылган. Бул дүйнөдө ага көрсөтүлгөн бүт кооздуктар Раббибизге ибадат кылып-кылбашын сыноо жана Ал ыраазы боло тургандай өмүр сүрүп-сүрбөшүн байкоо үчүн гана жаратылган. Адам бул дүйнөдөн өткөн соң, акыретте бул дүйнөдө кылган ибадаттарына же күнөөлөрүнө жараша сурак берет жана кылган иштерине ылайык же бейишке же Аллахтын түбөлүктүү азабы болгон тозокко кирет. Ошондуктан адамдарды азгырган бул дүйнөдөгү бардык кооздуктардын Аллах Кабатында эч бир баркы жок. Адамды Аллахка жакындата турган жана акырет жашоосунда аны түбөлүк тозоктун азабынан куткара турган нерсе – бул, колундагы мал-мүлктөрү же балдары эмес, бир гана такыбаалыгы жана ыйманы. Аяттарда бул апачык айтылган:
Биздин Кабатыбызда силерди (Бизге) жакындата турган силердин мал-мүлкүңөр же бала-чакаңар эмес; бирок ыйман келтирип, чын ыкластуу (чын ниеттүү) иштерди жасагандар башка. Мына ошолор; алар үчүн кылгандарынын акысы катары эсе эсе сыйлыктар бар жана алар бийик сарайларында бейпилдик (тынчтык) ичинде болушат. (Саба Сүрөсү, 37)
Чындыгында, ыймансыздардын болсо мал-мүлктөрү да, балдары да аларга Аллахтан бир пайда алып келе албайт. Мына ошолор оттун (тозоктун) тургундары, анда түбөлүк калышат. (Али Имран Сүрөсү, 116)
Мал-мүлктөрүнүн да, балдарынын да аларга Аллахтын алдында эч бир пайдасы тийбейт. Алар оттун (тозоктун) тургундары, (анын) ичинде түбөлүк калышат. (Мүжаделе Сүрөсү, 17)
«Балдарды Аллах Сүйүүсү Жана Аллах Коркуусу Менен Тарбиялап Өстүрүү Зарыл» | |
АДНАН ОКТАР: Бала тарбиялоодо биринчи кезекте ага урмат көрсөтүп, барктоо керек. Чоң бир адамдай, отуз жаштагы бир адамга кандай мамиле кылсаң, балага да дал ошондой мамиле кылуу зарыл. Урмат көрсөтүп, акылдуу сүйлөшүү керек. Балдар биринчиден терең сүйүлө турган, Аллахтын сүйкүмдүү чагылуулары. Баланы абдан жакшы көрүү керек. Абдан сүйүү зарыл. Нормалдуу каалоолору орундатылса, андан эрке болуп кетпейт, тескерисинче көңүлүнө жагат, сага болгон сүйүүсү артат. Ага Аллахты сүйдүргөн болсоң, Аллахтын аны коргоп тураарын ага айткан болсоң, Аллахтын бейишти жаратканын, баарыбыздын чогуу бейишке бараарыбызды, ата-энеси менен бейиште жолугушаарын ага айткан болсоң, жамандык кылгандарга Аллахтын жаза берээрин, бирок жаза берүүдө да Аллахтын өтө боорукер экенин айткан болсоң, ал бала нурдай болот. Эң таттуу бала болот. Бирок, ар жерден уккан кызыктай сөздөр менен тарбиялоого аракет кылса, орой, уятсыз, терс кыялдуу, агрессиялуу, обу жок бала болуп чоңойот. Аллах сүйүүсүн үйрөтүү аркылуу, Аллахтын ал үчүн жараткан сонун сый-жакшылыктарын эсине салуу аркылуу Аллахты сүйдүрүү зарыл. Мисалы, шоколадды Аллах жаратат, сонун алмаларды Аллах жаратат, алманын уругунда чоң бир алма дарагынын бүт маалыматтары сакталган. Бир алма уругунан, алманын кичинекей бир уругунан сексен метрлик алма дарагы өсүп чыгат, миңдеген бутактары өсүп, миңдеген мөмө берет, миңдеген гүл ачат... Булардын өтө улуу бир керемет экенин балага айтып берүү керек. Аллахтын павлинди канчалык кооз жаратканын, бул канаттуунун түстөрүнүн кооздугун, симметриясын, көпөлөктүн канаттарындагы симметрияны көрсөтүп, «кара, балам, бул жерде да бир тоголок бар, ушунун дал өзүндөй бул тарабында да бар, буларды Аллах жараткан. «Шайтан» деген да бирөө бар, ал мунун тескерисин айтат. Буларды өзүнөн-өзү, кокусунан пайда болгон дейт. Кокусунан ушундай нерсе пайда болушу мүмкүнбү, балам?» деген сыяктуу сөздөр менен логикасын жана акылын колдонтуп, Аллахтын бар экенине жакшылап ишендирүү зарыл. «Бул симметрияны кантип түшүндүрө алабыз?» деш керек. «Кара, бул жерде да бар, бул жерде да бар. Укмуш кооз түстөр бар, укмуш сулуулук жана тең салмактуулук бар, геометрия жана алтын катыш бар» деп айтып берүү зарыл. Ушундай тарбия берилсе, өмүр бою бир калыптуу жана акылдуу болушат. Абдан мыкты болуп чоңоюшат, иншаАллах. Биздин жаш балдарга арналган китептерибиз бар. Бир туугандарыбыз ошол китептерден пайдаланса болот. Сайтыбызда, www.harunyahya.org, терең маалыматтар бар, жаш балдар менен байланыштуу... (Аднан Октардын 2010-жылдын 14-ноябрындагы Çay TV каналы менен болгон маегинен үзүндү) |
«Жаш Балдарга Урмат Көрсөтүп, Акылдуу Мамиле Кылуу Керек» |
АДНАН ОКТАР: Кээ бирлер жаш балдарды акылы кемдей көрүшөт, байкаган болсоңуз, ал тургай, кем акыл менен сүйлөшүп жаткандай сүйлөшүшөт. Бирок, жаш балдар өтө мээлүү болушат. ...Жаш балага терең урмат көрсөтүп, өтө акылдуу мамиле кылуу керек. Жаш балага Аллахты сүйүү менен мамиле кылуу зарыл, өтө чынчылдык менен. Бала ак ниеттүү ыйманды көрсө, рухун Аллах болушунча ачат жана ал баланы берекелүү кылат. Мисалы, Азрети Иса кандай эле бала кезинен баштап, пайгамбарлар кандай эле? Эң мыкты болуп чоңойгон инсандар эле, бала кезинен Аллах сүйүүсүн өтө күчтүү алган инсандар эле. Бала кезинен Аллахты сүйүүнү үйрөтүү керек жана жаш балага өтө сый-урмат менен, сылык жана акылдуу мамиле кылуу зарыл. Ошондой эле, диндеги жалгандар дагы абдан кооптуу. Кээ бирлердин оюна дин дегенде жалган ишенимдер, жалган ишенимдер дегенде болсо дин келет. Эч андай эмес. Дин дүйнөдөгү эң сапаттуу адамдын жашаган системасы. Динчил адам – бул, дүйнөдөгү эң сапаттуу инсан; эң акылман, эң көрөгөч, абийирдүү, акылдуу ойлонгон, абдан ишенимдүү инсан. Дин бул дүйнөнү колдонуунун эң мыкты жолун үйрөткөн бир система, ошондой эле, бул дүйнөнү кантип колдоноорубузду сүрөттөгөн Аллахтын бир чеберчилиги. Жаш балага ушундай маанай менен, ушундай сылыктык менен мамиле кылынса, эң мыкты тарбияланып чоңойот, иншаАллах. (Аднан Октардын 2009-жылдын 1-февралындагы Kanal 35 TV каналы менен болгон маегинен үзүндү) |
«Жаш Балдарга Диний Таалим Берилбесе, Өлүмдү Түшүнө Албайт Жана Руханий Боштукка Кабылат.» |
АДНАН ОКТАР: «Бала да, эч нерсе түшүнбөйт!» деген туура эмес, жаш балага динди үйрөтпөсөң, бала руханий боштукка туш болот, дүйнө ага өтө коркунучтуу көрүнөт, атасы менен апасын «бир күнү өлүп жок болушат» деп ойлогон бала руханий жактан оорулуу болуп калат. Өзүн «бир күнү өлүп жок болом» деп ойлогон бала руханий жактан оорулуу болот, ал эми ата-энеси менен бейиште жолугушаарын билген бала болсо руханий жактан да, дене жагынан да ден-соолугу чың жана сергек болот. Антпесе, бул кыйроого себеп болот, кээде үй-бүлөсүнөн ажыраган балдар болот, алар үчүн бул өтө үрөй учурарлык көрүнүшкө айланат. «Эми атаң эч качан кайрылбайт, ушул бойдон жок болду» десең, бул баланын жан дүйнөсүн талкалайт. Өзүнүн да бир күнү ошондой болоорун ойлонсо, бул анын үрөйүн учурат. Ошондуктан «бизди Аллах жараткан, акыретте бирге болобуз, бейиште бирге болобуз, атаңа жакында сен да жолугасың» деп айтылса, ал баланын көңүлү тынчтанат, сүйүүсү уланат жана жан дүйнөсү жабыркабайт. (Аднан Октардын 2009-жылдын 18-декабрындагы Dem TV жана Tempo TV каналдары менен болгон маегинен үзүндү) |