Дүйнө Жашоосу

Биз жашаган ааламдын бүт тарабында кемчиликсиз бир гармония бар. Ар бири болжол менен 300 миллиард жылдыздан турган болжол менен 300 миллиард галактика эч башаламандык чыкпастан, мыкты тартипте «жашап» келе жатат. Бүт галактикалар, жылдыздар, планеталар жана спутниктер бир жагынан өздөрүнүн огунда жана экинчи жагынан өздөрү тиешелүү болгон системалар менен бирге белгилүү орбиталарда тынымсыз айланышууда. Мындай тартип эч качан кокусунан пайда болбойт.

Болгондо да, ааламдагы ылдамдык түшүнүгү дүйнөдөгү чоңдуктарга салыштырганда, эбегейсиз чоң. Салмагы миллиондогон тоннаны түзгөн жылдыздар, планеталар, галактикалар жана галактика үймөктөрү космосто абдан чоң ылдамдык менен кыймылдашат. Биз жашап жаткан дүйнө, б.а. жер шары саатына 1670 км ылдамдык менен өз огунун айланасында, 108000 км ылдамдык менен күндүн айланасында айланат. Күн системасынын галактиканын борборунун айланасындагы айлануу ылдамдыгы саатына 720000 км болсо, саманчынын жолу галактикасынын космостогу ылдамдыгы саатына 950000 км. Эч тынымсыз уланган бул кыймылдар ушунчалык чоң болгондуктан, дүйнө менен күн системасы ар жыл сайын бир жыл мурдакы ордунан 500 миллион километрге алыстайт.

gökyüzü pusula

Биз мына ушундай эбегейсиз тез кыймылдаган планеталардын бирөөсүндө жашап жатабыз. Болгондо да, биз жашап жаткан жер планетасы бүткүл ааламга салыштырганда, өтө кичинекей жана жөнөкөй бир планета болуп калат.

Бул кереметтүү тең салмактуулуктар негизи жер бетиндеги жашоонун өтө кооптуу абалда тургандыгын көрсөтөт. Асман телолорунун орбиталарындагы миллиметрлик өзгөрүүлөр же жылыштар да өтө чоң натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Ал тургай, жер бетинде жашоо токтоп калышы ыктымал. Ушунчалык кылдат тең салмактуулукка таянган жана эбегейсиз чоң ылдамдыкта кыймылдаган бул системада коркунучтуу кырсыктардын келип чыгышы да табигый нерседей эле көрүнөт. Бирок учурда мындай кырсыктар өтө сейрек кездешүүдө жана тең салмактуулуктар бузулбастан, жашоо уланууда. Аллахтын бизге болгон мээриминен улам жер планетасынын айлануу ылдамдыгын сезбейбиз жана жер шарын курчап турган коркунучтардан бейкапар гана, өтө тең салмактуу, коопсуз бир системада жашап жаткандай өмүр сүрөбүз.

Кээ бир адамдар бул нерселер жөнүндө көп ойлонушпайт; ойлонбогону үчүн чындыгында канчалык кереметтүү шарттарда жашап жатышканын да байкай алышпайт. Бул ааламдын белгилүү бир максат менен жаратылгандыгынын алар үчүн канчалык маанилүү экенин билишпейт. Бул дүйнөгө эмнеге келгенине жана ушунчалык кылдат тең салмактуулуктун ааламда кантип пайда болгонуна кызыгып да койбостон, күн кечиришет.

Чындыгында болсо, адамды адам кылган эң негизги өзгөчөлүк – бул, анын ойлонуу жөндөмү жана ойлонгон нерселеринен жыйынтык чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берген акылы. Адам эмне үчүн жашап жатканын, бул дүйнөнүн эмне үчүн жаратылганын, ааламдагы тең салмактуулуктардын ким тарабынан түзүлгөнүн ойлонмоюнча, акыйкатка жете албайт.

Жогоруда айтылгандарды ойлонуп, түшүнө алган адам апачык чындыкты көрөт: бул ааламды, бүт кылдат тең салмактуулуктары менен бирге, улуу акыл ээси Жаратуучу Раббибиз жараткан. Ааламдын ичинде кичинекей жерди ээлеген жер шары болсо, өзү кичинекей болгону менен, чоң максатта жаратылган. Адамдардын жашоосунда бүт нерсенин белгилүү бир максаты бар. Ааламдын ар бир чекитин Улуу Аллахтын чексиз күч-кудуретинин жана теңдешсиз акылынын көрүнүштөрү курчап турат.

Аллах адамдардын жер жүзүнө келүү максатын Куранда төмөнкүчө кабар берген:

Аллах жер жүзүндө бүт нерсенин белгилүү бир максат менен жаратылганын да Куран аркылуу бизге кабар берген:

Биз асманды, жерди жана ал экөөсүнүн ортосундагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Эгер бир «оюн жана алаксуу» болсун десек, муну Өз Кабатыбыздан кылаар элек. Кыла турган болсок, ошондой кылмакпыз. (Анбия Сүрөсү, 16-17)

yeşil bulut mavi gökyüzü

Ал, амал (иш-аракеттери) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал улуу жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)

Күмөнсүз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). (Инсан Сүрөсү, 2)

Дүйнөнүн Сыры

Аллах бул дүйнө жашоосун адамдардын кайсынысынын жакшыраак иш-аракеттерди кылаарын, кимдердин туруктуу болуп, Өзүнө моюн сунаарын сыноо үчүн жараткан. Башкача айтканда, бул дүйнө – Аллахтан коркуп тартынгандар менен Ага шүгүрсүздүк кылгандарды айырмалоо үчүн даярдалган бир сыноо мекени. Бул сыноо мекенинде сулуулуктар менен жагымсыз нерселер, жакшылыктар менен жамандыктар, кемчиликтер менен кемчиликсиздиктер бир жерге коюлуп, кемчиликсиз бир сыноо системасы курулган. Адамдар ыйманы аныкталышы үчүн ар кандай жолдор менен сыналат. Аягында Аллахты чындап таанып, кадырлай алгандар ыймансыздардан бөлүнүп, кутулууга жетишет. Бул акыйкат Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Адамдар (бир гана) «ыйман кылдык» деп эле, сыналбай калабыз деп ойлоштубу? Ант болсун, алардан мурдакыларды сынадык; Аллах чындыгында чынчылдарды да билет жана чындыгында жалганчыларды да билет. (Анкебут Сүрөсү, 2-3)

Бул сыноонун сырын түшүнүү үчүн алгач ааламды толук башкарып турган Жаратуучубузду абдан жакшы таанып билишибиз керек. Ал Жаратуучу – асмандарды, жерди жана бул экөөнүн ортосундагылардын бүт баарын жоктон бар кылган, бүт нерселер Ага муктаж болгон, Өзү эч нерсеге муктаж болбогон жана бүт кемчиликтерден аруу-таза Аллах. Аллах адамды жоктон жаратып, ага сансыз өзгөчөлүктөрдү жана сый-жакшылыктарды берген. Эч бир адам угуу, көрүү, басуу өзгөчөлүгүн, белгилүү тартипте иштеген нерв жана булчуң системаларын, дем алууну камсыз кылган дем алуу системасын жана ушул сыяктуу сөзсүз керектүү сансыз өзгөчөлүктөрүн өзү жасаган эмес. Адам буларды аңдап-биле элек кезде эле Аллах бул системаларды анын денесине орнотуп койгон.

yeşil bulut mavi gökyüzü

Чындыгында, булар тез өтүп кете турганды (дүйнөнү) жакшы көрүшүүдө. Алдыларында турган оор күндү унутуп жатышат. (Инсан Сүрөсү, 27)

Бул сый-жакшылыктары үчүн адамдардан Өзүнө ибадат кылууну гана талап кылат. Бирок адамдардын көпчүлүгү, аятта айтылгандай, «залим жана шүгүрсүз» мүнөзүн көрсөтүп, Раббибизге шүгүр кылууну, Ага моюн сунууну унутуп, Ал койгон чектерден чыгышат. Өздөрүн өтө күчтүү сезип, бул дүйнөдө абдан узун жашайбыз деп ойлошот (Аллахты аруулайбыз).

Ошондуктан, бүт максаттары бул дүйнөгө багытталган. Өлүмдү унутуп, өлүмдөн кийинки жашоолоруна эч бир даярдык көрүшпөйт. Эң негизги мүдөөсү колунан келишинче өзүнө мыкты жашоо шарттарын түзүү жана бул дүйнөдөгү ар бир көз ирмемин, өз оюнда, эң мыкты өткөрүү болуп саналат. Мындай адамдардын бул дүйнөгө болгон берилүүсүн Аллах Куранда төмөнкүчө кабар берген:

Аллахты унуткан ыймансыздар өмүр бою ушул мүдөөгө жетүүгө тырышышат, бирок, аятта айтылгандай, бул дүйнөнүн маанилүү бир сыры бар: дүйнө жашоосу абдан тез өтүп кетет. Бул дүйнөгө берилгендер муну ойлонгусу келбей, унутуп коюшат жана эстеткендерден качышат. Бирок канчалык качканга аракет кылышпасын, өлүм келгенде бул жашоонун бүтөөрүндө эч бир күмөн жок.

«Адам Бейиште Бактылуу Боло Алышы Үчүн Бул Дүйнөдө Таалим-Тарбиядан, Б.А. Сыноодон Өтүшү Керек.»

АДНАН ОКТАР: Адам эгер түз бейишке барса, бактылуу болбойт, сөзсүз дүйнөдөгү бул таалим-тарбиядан өтүшү керек. Эгер түз бейишке барса, Аз. Адам жана Ободой абалга түшөт, алар бейиште бактылуу боло алышкан эмес. Толук бактылуу болушпай, жаңы нерселерди изденишкен. Мисалы, Аллахка берген убадасын аткара албай турганчалык абалга келишкен, бирок таалим-тарбиядан өткөн соң, б.а. ооруну, кыйынчылыкты, кыйналууну, туруктуулукту, сабырдуулукту, эр жүрөктүктү, опааны, бүт жакшы мүнөздөрдү көргөн соң, адамдар бейиште түбөлүккө чейин эң мыкты кулк-мүнөздө болушат.

Тозок бейиштегилерге тынымсыз бир экрандан көрсөтүлүп турат. Бул алардын дайыма өздөрүнүн абалына шүгүр кылышына себеп болот. Адам атага тозок эч көрсөтүлгөн эмес, б.а. бейиште Аз. Адам тозок экранын көргөн эмес. Эгер көргөндө, албетте баары Аллахтын колунда, ким билет кандай болот эле мамилеси, бирок тагдыр ошондой болчу. Бейиш кемчиликсиз болушу үчүн, бейиште адамдар бактылуу болушу үчүн, сөзсүз бул дүйнөдөгү таалим-тарбиядан өтүү керек жана сөзсүз тозоктон кабардар болуу зарыл. (Аднан Октардын Канал-35 менен болгон маегинен үзүндү, 2009-жылдын 1-февралы)

АДНАН ОКТАР: Адамдар бейишке түз киргизилсе, ызы-чуу чыгарышат. Аллах, мисалы, Аз. Адамды, Аз. Обону, шайтанды киргизген бейишке, анын жыйынтыгын билебиз. Таалим-тарбия албастан киргенде ушундай болот. Аллах бизге ошону көрсөткөн. Аллах Аз. Адам менен Обонун моюн сунбаганын, б.а. туруктуулук кылбаганын кабар берген Куранда. Берген убадаларында турушкан эмес, бирок албетте шайтандын абалы башка, анын мамилеси толугу менен психопаттардыкы сыяктанат. Таалим-тарбиядан өткөн соң адамдар нормалдуу болуп калышат.

Куранда Аллах мындай дейт: «Силер Аллахтан ыраазы болуп, Аллах да силерден ыраазы болуп, бейишиме киргиле, чын ыкластуу пенделеримдин арасына кошулгула», себеби «Эй канааттанган (тынчтанган) напси» дейт Аллах, б.а. напси тең салмакталган болот. Биз бул жерде тең салмакталабыз; мыкты кулк-мүнөздү, сүйүүнү, боорукердикти, сабырдуулукту, эр жүрөктүктү үйрөнөбүз. Аллах насип кылса, бейиште булар бизге маектешүү темасы болот.

Аллах Куранда «маңдай-тескей тактыларда отуруп, сүйлөшүшөт, маектешишет» деп кабар берген. Бейиште эмне сүйлөшүлөт? Албетте, бул дүйнөдө кылынган нерселер сүйлөшүлөт. Алардын видеолору бир-бирден көрсөтүлөт. Ал жердеги маек: «кантип Аллах жолунда күрөш жүргүзгөн экен?», «кантип аракет кылган экен?», «кандай жакшылыктарды кылыптыр?», «Аз. Муса эмне кылган?», «Аз. Иса эмне кылган?», мына ушуларды сүйлөшөбүз. Ошол себептен биз бул куттуу, бул эң мыкты инсандарды абдан сүйөбүз. (Аднан Октардын Tempo TV каналы менен болгон маегинен үзүндү, 2009-жылдын 24-марты)

yeşil bulut mavi gökyüzü deniz yelkenli

Бир Канча Секундабы Же Бир Канча Саатпы?

saat

Бир эс алуу учурун элестетиңиз. Эки саат жол жүргөн соң, аягында көптөн бери пландаган эс алууңузга чыгып, эс алуучу жериңизге жеттиңиз. Ал жерде киши аябай көп жана сиз сыяктуу дагы жүздөгөн кишилер эс алып жүрүшөт. Отельдин кабыл алуучу жайында тааныш жүздөргө жолугуп, баары менен саламдаштыңыз. Көп убакыт жоготпостон, эртерээк деңиздин жээгине баруу үчүн шашып баштадыңыз. Кийимиңизди бат-баттан алмаштырып, кумжээкке (пляжга) бардыңыз. Алдыңызда укмуш кооз деңиз жана кумжээк турат. Аба болсо чындыгында аябай ысык. Анан сууга кирип, сүзүп баштадыңыз. Бирок сүзүп баратып бир үндү уктуңуз: «Ойгон! Саат 8 болду!»

Күтүүсүз келген бул үндү эч түшүнбөй каласыз. Бул үн менен жүргөн жериңиздин байланышын издейсиз, бирок башында эч байланыш таба албайсыз. Анан акырындап көздөрүңүздү ачып ойгоносуз. Көздөрүңүз жаткан бөлмөңүзгө көнүп, аң-сезимиңиз ордуна келгенде, түш көргөнүңүздү түшүнөсүз. Чындап эле абдан таң каласыз. «Баары ушунчалык реалдуу болчу, бир канча саат жол жүрдүм, көпкөк деңизди көрдүм, канчалаган тааныштарым менен жолуктум, ал тургай, азыр кыш болгонуна карабастан, жайдын ысыгын да сездим» деп чын жүрөктөн таң калганыңызды билдиресиз.

Түшүңүздө өтө көп убакыт өткөндөй сезилгени менен, түшүңүз болгону бир канча секундага гана созулган болот. Сизге андай эместей сезилсе да, мунун болгону бир канча секундалык бир түш экенин кабыл алууга мажбур болосуз.

Кыска гана убакытка созулган бул дүйнө жашоосун түгөтүп, акыретке барган ыймансыздардын таң калуусу да мына ушундай болот. Өтө узун убакытка созулат деп ойлогон дүйнө жашоосу аларды алдап койгон болот. Болгондо да, кээ бирлери миң жыл, кээ бирлери миң жылдан да көп өмүр сүрчүдөй бир сезимге кабылган болушат. Бирок өлүмдөн кийин тирилтилгенде, бул дүйнөдө абдан аз жашашканын түшүнүшөт. Бул абал Куранда төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

«Жыл санагы менен жер бетинде канча болдуңар?» деди. «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк болдук, эсептегендерден сура» дешти. «Аз (убакыт) гана болдуңар, чындыгында билген болгонуңарда» деди. (Мүминун сүрөсү, 112-114)

avuç ağaç manzarasi

İnsan, bilinci yerine geldiği andan itibaren sürekli bir şeyler talep etmeye başlar. Öyleki artar da gelen bu istekler bi tip tükenmek bilmez. İnsanın nefsi her an isteme halindedir ve bu isteklerinde de sınır tanımaz. Ayrıca istediği herşeye sahip olabildiğini farz etsek bile değişen bir durum yoktur. Yaşayabileceği süre ortalama 70-80 senedir ve bu sürenin sonunda ölümüyle birlikte sahip olduğu herşey elinden gidecektir.

10 жыл жашаган бир адам да, 100 жыл жашаган бир адам да, жогорудагы аяттарда айтылгандай, бул дүйнөдө көп болсо бир күндөй гана өмүр сүргөнүн аягында түшүнөт. Түшүнөн ойгонуп, бир топ убакыт эс алууда болдум деп ойлоп, бирок болгону бир канча секунда гана өткөнүн байкаган адамдай болуп... Ал тургай, бул дүйнөдө өткөргөн өмүрү ага ушунчалык кыска сезилгендиктен, төмөндөгү аятта айтылгандай, өтө чоң амбициялар менен өткөрүп, бир топ жылга созулду деп ойлогон жашоосунун негизи бир саатка эле батып кеткенине өзү ант ичет:

Кыямат күнү болгондо, кылмышкер-күнөөкөрлөр (бул дүйнөдө) бир саат гана өмүр сүрдүк деп ант ичишет. Мына алар ушундай бурулуп кетишчү. (Рум Сүрөсү, 55)

Бүт адамдар дүйнө жашоосунун чектелүү экенин билишет. Бир канча саат, бир күн, бир жыл, 30 жыл же болбосо 70 жыл. Жана бардык адамдар чектелүү нерсенин бир күнү сөзсүз түгөнөөрүн да билишет. Бир адам 80 жыл жашайбы, 100 жыл жашайбы, баары бир, күн сайын сөзсүз өлүмдү көздөй жакындай берет. Мунун мисалдарын бүт адамдар айланасынан көрүп турушат. Ойлонуп көрсөңүз, узун мөөнөткө түзгөн пландарыңызга көп жылдан кийин, бир күнү жеткен чыгаарсыз. Ошондо артка кылчайып караганыңызда, эң биринчи эле «убакыт канчалык тез өттү!» деген сөздү айтасыз.

Мисалы, лицейге жаңы эле кирген бир өспүрүмдү элестетиңиз. Жаңы окуп баштаганда лицейди бүтүрүшүмө чейин аябай көп бар, мынча жыл качан өтөт деп ойлойт. Бирок бир күнү лицейди жана, ал тургай, университетти да аяктап калган болот жана лицейге жаңы киргенде эмнелерди ойлонгонун унутуп да калат. Эми ойлорун башка пландар ээлейт. Балким бир канча айдан кийин боло турган үйлөнүү тоюн пландап жаткан болот жана ал күн эч келбечүдөй сезилет. Бирок ал күн да, андан кийинки пландарын түзгөн башка күндөр да келет. Ал тургай, убакыт ушунчалык бат өткөндүктөн, адам көз ачып жумганча үй-бүлөлүү жана бала-бакыра, неберелүү, улгайган бир кишиге айланат. Ошентип бул дүйнөгө берилген мөөнөтү бүтүп жаткан болот. Ал улуу күнгө балким бир канча жыл, балким бир канча жума, а балким бир канча мүнөт гана калган болот. Өлүм келген соң, адамдын ушунчалык барктаган жана өмүр бою сулуулап баккан денеси эч таанылгыс абалга келет.

Бул дүйнө жашоосунун убактылуу бир мекен экендиги жана чыныгы мекендин акырет болоору Куранда кабар берилген. Акыретте түбөлүккө созула турган бейиш жана тозок жашоосунун бүт өзгөчөлүктөрү Аллахтын вахийи аркылуу сүрөттөлүп берилген. Ошого карабастан, адамдар өтө кыска убакытта бүтө турган бул дүйнө жашоосуна берилип, бул дүйнөдөн пайдаланууга аракет кылышат. Бирок, айлана-чөйрөсүн бир аз акылдуу таразалай алган жана чындыктарды ойлонгон бир адам бул дүйнө жашоосунун түбөлүктүү жашоонун алдында канчалык барксыз экенин көрүп түшүнөт. Жана акыретте түбөлүккө созула турган жашоосун теңдешсиз сый-жакшылыктар менен кооздолгон бейиште өткөрүүгө аракет кылат. Мунун бир гана жолу бар: чын ыкластан Аллахка кайрылып, ибадат кылуу. Сөзсүз келе турган өлүмдү эч ойлонбой, дүйнө жашоосунун аягын көрүүнү каалабагандар болсо, Аллахтын каалоосу менен, түбөлүктүү азапка татыктуу болушат...

Куранда Аллахка ибадат кылууну каалабаган адамдардын акыреттеги абалы төмөнкүчө кабар берилген:

Күндүздүн бир саатынан башка эч өмүр сүрбөгөн сыяктуу аларды бир жерге топтой турган күндө алар бири-бирин таанышат. Аллахка жолугууну жалган дегендер чындыгында азапка дуушар болушат. Алар хидаятка жеткен (туура жолгон түшкөн адамдар) эмес эле. (Йунус Сүрөсү, 45)

Эми сен сабырдуу бол; пайгамбарлардан туруктуулук (чечкиндүүлүк) ээлери сабырдуу болгондой. Алар үчүн болсо шашылба. Алар эскертилген нерсени (азапты) көргөн күнү күндүздүн бир саатынчалык гана жашагандай болушат. (Бул) Бир үндөө (чакырык). Бузуку бир коом гана кыйроого дуушар кылынат. (Ахкаф Сүрөсү, 35)

«Өлүм Сөзсүз Келүүчү Бир Акыйкат Жана Ар Бир Адам Раббибиздин Алдына Жападан Жалгыз Барат.»

АДНАН ОКТАР: ... Өлүмдөн качуу мүмкүн эмес. Анын жолу жок. Аллахты чын жүрөктөн сүйүп, түбөлүк жашоодо Аллах менен бирге болуу, Аллахты берилип сүйүү кандай сонун. Аллахтын бар экени апачык көрүнүп турат. Көпчүлүк адашып жүргөн болушу мүмкүн. Аллах: «көпчүлүктү ээрчисеңер, силерди Аллахтын жолунан адаштырышат.» (Энъам Сүрөсү, 116) дейт. Биз көпчүлүктү ээрчибейбиз.

Көпчүлүк туура эмес көз-карашта болушу мүмкүн. Биз эмне кылабыз? Өзүбүздүн акылыбыз менен ойлонобуз. Куранда «Мага жападан жалгыз, бирден келесиңер» (Мариям Сүрөсү, 95) дейт Аллах. Компьютер креслосу, апасы, атасы менен, фейсбуктагы достору менен келбейт. Өлгөндө жаназада көп киши болот, бирок өлгөн киши жалгыз барат мүрзөгө, топурактын астына. Эки жарым метр астына коюлган соң, ал жердеги кызматкерлер топуракты болгон күчү менен үстүнө куюп башташат. Андан соң бул дүйнө менен толук байланышы үзүлөт.

Капкара караңгылыкта, муздак топурактын ичинде ал жердеги бактериялар менен курттар гана ага «дос» болушат. Жарык жок. Ар бир мүнөт сайын денеси шишип баштайт. Оозунан көбүктөр чыга баштайт. Жана аялдын жатыны жыныстык органынан сыртка чыгат басымдын таасиринен, барабандай көбөт. Эң жарашыктуу, эң чырайлуу, дүйнөнүн эң сулуу аялы болсо да, сөзсүз ушундай акыбетке туш болот. Эң жарашыктуу эркек да ушул этаптардан өтөт. Бир гана пайгамбарларда бузулуу болбойт жана олуяларда. Бул бир керемет. Мисалы, бир канча жылдан соң Пайгамбар Мырзабыздын (сав) жайы оңдолуп жатканда, Аз. Өмердин (ас) буту көрүнгөн экен топурактан, кандай болсо ошол бойдон турган экен жай оңдолуп жатканда. Кайрадан жаап коюшкан экен, бирок ошол бойдон туруптур. Аллахтын керемети.

Өлгөндөн кийин мүрзөдө интернеттен башкалар менен сүйлөшө албайт, текеберденип ар нерсени айта албайт, фейсбуктагы досторуна смайлик белгисин, эч нерсени жибере албайт. Алар да ага кабар жибере алышпайт. Электр энергиясы ж.б. эч нерсе жок. Атырлары, көйнөктөрү, бренд кийимдери, бут кийимдери, баары үйдө шкафта калат, завод-фабрикасы да калат. Фабрикасына жумушчулар барып келип, ишин улантышат, унааларын башкалар колдонот, буюмдарын бирөөлөргө таратышат, ал болсо жердин астында бөзгө оролгон абалда жатат. Буттарынын баш бармактары бири-бирине жип менен байланат, үстүнөн жаагы байланат моргдон сөөк жуулчу жайга келгенде. Америка бөзүнөн айрып алып, башынын үстүнөн өткөрүп жаагынын астынан байлашат. Жеген тамак-аштары оозунан чыкпашы үчүн; бирок ошого карабастан, баары бир оозун талкалап чыгат... (Аднан Октардын 2010-жылдын 10-декабрындагы Kaçkar TV каналы менен болгон маегинен үзүндү)

elma ağaç çiçeği

Эч Майнапсыз Амбициялар

Бул дүйнөнүн дээрлик «көз ачып жумганча» эле өтүп кетээрин айтып өттүк. Бирок дүнүйөлүк амбицияларга берилген адамдар дагы бир чындыкты эске алуулары зарыл: Аллахка ишенмейинче, бул дүйнөдө эмнелерге гана ээ болбосун, баары бир эч качан чыныгы бейпилдикке жете алышпайт.

Адам аң-сезими «ойгонгондон» баштап тынымсыз бир нерселерди талап кыла баштайт. Каалоолору биринин артынан бири пайда болуп, эч түгөнбөйт. Адамдын напсиси ар дайым бир нерселерди каалап турат жана ал каалоолордун эч чеги жок. Бирок каалоолору чексиз болгону менен, колундагы мүмкүнчүлүктөрү чектүү. Каалаган нерселеринин баарына жете албайт. Ал тургай, каалаган нерселеринин баарына жетти деп элестетсек дагы, баары бир абал өзгөрбөйт. Себеби дүйнөнүн эң бай адамы болсо дагы, ал байлыгы убактылуу болот. Бул дүйнөдө көп болсо 70-80 жыл жашайт жана аягында бул дүйнө менен кош айтышканда, колундагы нерселеринин бүт баарынан ажырайт.

Чегин билбеген адам, Аллахтан бир жаза катары, эч чарасы табылбаган бир «канааттанбагандык» сезими менен жашап, тынымсыз ар кайсы нерселерди эңсей берет. Ал каалоолоруна жетүү үчүн болгон аракетин жумшайт жана, ал тургай, күтүүсүз кадамдарга да даяр болот. Айланасындагы адамдарды, атүгүл, үй-бүлө, жакындарын да капа кылганга чейин барат. Бирок эңсеген нерсесине жетээр замат, ал «сыйкырдын» таасири жоголот. Жана укмуш эңсеген нерсеси заматта барксыз болуп калат. Ага жетүү үчүн күндөп, айлап, жылдап аракет кылганы да унутулат. Жеткен нерсесине канааттанбаган напси ошол замат башка бир эңсөөнүн артынан түшөт да, эми болгон күчү менен анын артынан чуркап баштайт; ага да жетмейинче жаны тынбайт...

Ыймансыз адамдын бул дүйнөдө байлыкка, мал-мүлккө, кыскасы, айланасында көргөн нерселерге жетүүнү эңсеген ач көз аракеттери өлгөнгө чейин эч токтобойт. Эч качан колундагы байлыгына канааттанып, бактылуу боло албайт. Себеби Аллахты эмес, өзүмчүл каалоолорун ыраазы кылууну көздөп жаткан болот. Жана колундагылардын баары анын бой көтөрүп, текеберденишине себеп болот. Албетте, Аллах дүйнө жашоосунда мынчалык чектен чыгып, напсисине кул болгондордун көңүлүнө бейпилдик бербейт.

Куранда Аллахка бурулуп, Аны эстегендердин гана жүрөгүндө бейпилдик болоору кабар берилген:

Булар – ыйман кылгандар жана жүрөктөрү Аллахты эстөө менен бейпилдикке жеткендер. Кабарыңар болсун; жүрөктөр Аллахты эстөө менен гана бейпилдикке жетет (тынчтанат). (Рад Сүрөсү, 28)

Ыймансыздар ушунчалык аңкоолук менен өлүмдү унутуп, дүйнө жашоосуна алданышса, ыймандуулар күн сайын өлүмгө дагы бир кадам жакындаганын билишет. Өмүрүнүн ар бир көз ирмемин Аллах үчүн жашап, Аллахтын ыраазылыгын көздөшөт жана Аллахтын алдында жалгыз туруп, сурак берээрин жана өлүмдүн тынымсыз жакындап келе жатканын ойлонушат. Ар дайым коркуу жана үмүт менен Раббибиздин ыраазылыгына жетүү үчүн дуба кылышат. Өлүмдү ойлонуп, анын жакындыгын сезүү ыймандуулардын акылын жана Аллахтан коркуу сезимдерин өстүрөт.

«Өлүмдү Ойлонуу Адамды Жетилтет.»

АДНАН ОКТАР: Өлүм жетилүүгө себеп болот; жетилүүгө, сүйүүгө, тереңдикке, жоомарттыкка шарт түзөт. Адам өлөөрүн эстесе, бул ага стимул болот. Өлүм кечиримдүүлүктү арттырат. Бирөөгө, мисалы: «бүт баарыбыз бир күнү өлөбүз, сен эмнеге мынчалык кекчилдик кылып жатасың?» десең, ошол замат өзүнө келет. Байлык топтоо каалоосу жоголот, байлыгын тараткысы келет, өлүм эсине келгенде. Өлүм эсине келгенде, түбөлүк жашай турганын билип, жүрөгү бейпилдикке толот. Аллахты көрөөрүн билгендиктен, анын кубанычын сезет. Бүт досторума, бардык жакшы көргөн адамдарыма жолугам деп үмүт кылганы үчүн, иншаАллах, ага өзүнчө кубанат... (Аднан Октардын 2011-жылдын 21-июнундагы A9 TV жана Kaçkar TV каналдары менен болгон маегинен үзүндү)

«Мусулман Өлүмдөн Коркпойт, Өлүмдү Бир Кубаныч Катары Көрөт.»

АДНАН ОКТАР: Аллах ушунча көп сулуулуктарды жаратса, эмнеге коркушубуз керек? Өлүмдөн коркпойбуз, биз Аллахтан коркобуз. Өлүмдү Аллахка жолугуу жана кубаныч катары көрөбүз.

... Мусулман Аллахты нааразы кылуудан коркот. Аллахтын ыраазылыгына жете албай калуудан коркот, Аллахтын сүйүүсүнөн ажырап калуудан коркот. Аллахтын аны сүйбөй калышынан коркот... (Аднан Октардын 2010-жылдын 9-декабрындагы Kahramanmaraş Aksu TV жана Kaçkar TV каналдары менен болгон маегинен үзүндү)

adnan oktar

Дүйнө Жашоосуна Алдануу

çerçeve yaşlı kadın torunu

Dünya üzerinde güzel olan ne varsa bir gün güzelliğini kaybedecek ve yok olacaktır.

Бул дүйнөдө айланабызды сансыз кооздуктар курчап турат жана аларды караганды абдан жактырабыз. Кемчиликсиз долбоорлонгон адам денеси, миллиондогон өсүмдүк түрлөрү, тонналаган салмактагы булуттар көтөрүлгөн учу-кыйырсыз асман жана дагы көптөгөн нерселер адамдын рухуна ырахат тартуулай турган кооз көрүнүштө жаратылган. Көрүү сезимибизден тышкары, башка сезимдерибизден да ырахат алабыз. Мисалы, жагымдуу бир жыттан, даамдуу бир азыктан же мыкты обондуу бир музыкадан ырахат алышыбыз сыяктуу.

Дарактын бутагындагы бир мөмө сонун жыты жана даамы менен бүт адамдарга жагат. Ошол сыяктуу, түркүн түстөрдөн жана кооз оймо-чиймелерден турган бир гүл да жагымдуу маанай тартуулайт. Адамдын сулуу жүзү элдин баарына жагат. Кооз бир үйгө, жаңы модельдеги бир машинага, албетте, талап көп болот. Адам өмүрүндө ушул сыяктуу дагы көптөгөн нерселерди жактырып, аларга жетүүнү каалайт. Бирок булардын убакыт аралыгындагы өзгөрүүлөрү абдан таң калтырат. Себеби бара бара бул кооздуктардын мааниси жоголуп, ал тургай, адамдын көргүсү да келбей калат.

Мисалы, мөмө бутагынан үзүлгөн соң, көп өтпөй акырындап карара баштайт, анан жагымдуу жытын жоготот. Андан соң чирип, жаман жыт чыгара баштайт. Бир адам көрүнүшү кооз жана жыты сонун болгон гүлдөрдү үйүнө алып келип, вазага салып койот. Бирок арадан бир күн өтпөстөн, гүлдөрдүн түсү кубарып, өздөрү соолуп баштайт. 2-3 күндөн соң болсо толугу менен карарып, чирип калат. Дүйнөнүн эң сулуусу деп ойлогон бир адамды 60 жылдан кийин көрсө, тааныбай да калышы мүмкүн. Ал сулуу адам улгайып, жүзүн бырыш басып, чачтары апакай болуп калган болот. Кыскасы, мурдакы сулуулугунан эч нерсе калбаган болот. Үй эскирип, машинанын модасы өтүп, белгилүү бөлүктөрүн качан эле дат басып баштаган болот. Башкача айтканда, бул дүйнөдө адамдын айланасындагы нерселердин баары кыска убакытта бузулуп, эскире берет.

çerçeve kuş tablo kelebek yaşlı kadın

Dünyad ki tüm hayvanlar, bitkiler, insanlar yani yer yüzündeki bütün canlılar ölümlüdür. Her şeyin tek sahibi Allah'tır. O dilediği sürece canlılar var olur, dilediği anda da yok olur, ölürler.

Бул көрүнүш көп адамдарга «табигый бир процесстей» сезилет. Чындыгында болсо, мунун өтө терең мааниси бар. Айланабыздагы нерселердин баары тынымсыз бузулуу, эскирүү жана чирүү аркылуу бизге өтө маанилүү бир акыйкатты эскертет: бул дүйнөнүн убактылуу жана алдамчы бир элес экендигин.

Эң негизгиси, бул дүйнөдөгү бүт жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, адамдардын, б.а. жер жүзүндөгү жандыктардын баарынын өмүрү чектүү. Өлгөн адамдардын жана жаныбарлардын ордуна улам жаңылары төрөлүп, жыл сайын жаңы түшүмдөр алынып турганы үчүн, адамдар бул улуу чындыкты байкашпайт. Бул чындыкты түшүнө албаган адам өлүмдүү нерселерге ашыкча маани берип, аларга жетүү үчүн көп нерсеге барууга даяр болот. Эңсеген нерселерине «жетүүнү» кыялданып жашайт. Чындыгында болсо, бүт нерсенин чыныгы кожоюну – Аллах. Ал кааласа, жандыктар бар болот, каалаган кезде жок болот, б.а. өлөт.

Аллах, адамдар бул дүйнөнүн алдамчы жүзүнө алданбай, дүйнө жашоосунун чыныгы жүзүн ойлонушу үчүн, Куранда ар кандай мисалдарды келтирген:

Дүйнө жашоосунун мисалы – Биз асмандан түшүргөн, аны менен адамдар жана жаныбарлар жеген жер жүзүнүн өсүмдүгү аралашкан бир суу сыяктуу гана. Жер сулуулугун жамынып, кооздонгондо жана ал жердин эли чындыгында аны биз кылдык деп ойлоп жатканда (дал ушул учурда) түнкүсүн же күндүз ага буйругубуз келип, кечээ эле эч бир байлыгы болбогон сыяктуу, аны тамырынан жулунуп ыргытылган абалга салып койобуз. Ойлонгон бир коом үчүн Биз аяттарды ушинтип бир-бирден түшүндүрөбүз. (Йунус Сүрөсү, 24)

Аятта айтылгандай, бул дүйнөдөгү кооз нерселердин баары бир күнү сулуулугун жоготот, ал тургай, өзү да жок болот. Бирок муну билүү жетиштүү эмес, бул жөнүндө терең ойлонуу керек. Себеби Аллах мындай мисалдарды «ойлонгон адамдар» үчүн келтиргенин кабар берген. Адам, акылдуу бир жандык катары, ойлонууга, ойлонгондорунан жыйынтык чыгарууга жана жашоосунун максатын табууга милдеттүү.

«Ойлонуу» жана «акыл жүгүртүү» жөндөмдөрү жок адамдын айбандан айырмасы болбойт. Айбандар да туулуп, чоңоюп, көбөйүшөт жана өздөрүнө ылайык өмүр сүрүшөт. Бирок кантип жана эмне үчүн жаратылганын, бир күнү өлөөрүн жана өлгөн соң кандай жашоого туш болоорун ойлонушпайт. Бул дүйнөнүн чыныгы жүзүн көрүп, чыныгы максатын түшүнүүгө аракет кылышпайт.

Албетте, айбандардын минтип жашашы табигый көрүнүш, себеби аларга «акыл» берилген эмес. Ошондуктан Жаратуучунун бар экенин түшүнүп, жаратылуу максатын изилдөө милдети жүктөлгөн эмес. Ал эми адамдар болсо Раббибиз Аллахты таанууга, Анын койгон талаптарын үйрөнүп, аларды орундатууга жана чыныгы мекенинин бул дүйнө эместигин, бул дүйнөнүн «көз ачып жумганча» өтүп кетээрин түшүнүүгө милдеттүү.

Бул чындыктарды түшүнгөн адам чыныгы мекени болгон акыретке даярданып, жашоосун бир гана Аллахты ыраазы кылуунун жолдорун издөө менен өткөрөт.

Антпесе, бул дүйнөдө да, акыретте да азапка туш болушу мүмкүн. Бай болот, бирок байлыгы аны бактысыз кылат. Сулуу болот, бирок сулуулугу башына балээ болот. Же атактуу болуп, бирок бир күнү жалгыз калып, эң оор күндөрүндө жанында эч ким калбай калышы мүмкүн.

«Адамдардын Көпчүлүгү Өлүмгө Жакын Турса Дагы, Өлүмдү Эч Эстебейт.»

АДНАН ОКТАР: Худ Сүрөсүнүн 15-аятында «Ким дүйнө жашоосун жана анын кооздугун кааласа, аларга кылгандарын анда толугу менен төлөйбүз» деп айтылат. Башкача айтканда, бир гана бул дүйнөдө жашоону кааласа, акыретти каалабаса, кылгандары аларга толугу менен төлөнөт. «Сулуулук, машина, эмне кааласа берем» дейт Аллах. «Жана алардан мында эч нерсе кемитилбейт», баарын алышат дейт Аллах. «Буларга акыретте оттон башка эч нерсе жок», бирок акыретте башка эч нерсе бербейм дейт, себеби шүгүрсүздүк кылган болот. Кээ бир кишилер бар, 60-65 жашка чыгып, дагы эле бир гана балыктар, куштар, жашоо маанайы жөнүндө сөз кылат, бирок «бул кантип пайда болду» деп 10 мүнөт да ойлонуп койбойт. Сүйлөгөн сөздөрүнүн баары бир гана оюн-күлкү, жыргалчылыгы жөнүндө. «Кандай сонун тамактар бар» дейт. «Асман кандай кооз, тоолор кандай кооз» дейт. Туура, бирок буларды ким жараткан? «Ал мени кызыктырбайт» дейт. Ушинтип айтканга болобу, бул эмне деген мамиле?

Мен бул жерде бир сый дасторкон жайсам, жеп, ичип, анан туруп басып кетти дейли. Анан ал кишиден «сени ким дасторкон жайып сыйлады?» деп сурашса, «мени ал кызыктырбайт» деп жооп берсе, мен аны дагы бир жолу конокко чакырамбы? Ким чакырсын мындай кишини? Сылыктык, ыраазычылык деген болушу керек да. Аллах андай болсо «экинчи чакырбайм» дейт. Аятта «алардын ал жерде, дүйнөдө бүт кылгандары текке кетти» дейт Аллах.

Машинасы өлгөн соң бул дүйнөдө калат. Жаназаны чыгарган соң, «костюмун кимге берели, шымын кимге берели?» же «машинаны ким сатат?» деп ойлонушат. Кээ бир атактуулардын болсо үйүн музей кылышат. Бир кездерде жаркыраган кийимдерди кийип, койкойгон киши эми кайда? Караңыз үйү турат. Жаңы кымбат машиналарынын баары турат, бирок өзү жок. Өзү кайда? Эки метр топурактын астында, эч кыймылдабай жатат, караңгы жерде. Эми достору – бир гана курттар, микробдор; башка эч нерсе жок.

Мисалы, жаш бир кыз же бир жигит дискотекада эми көңүл ачып жатканда, жүрөгү токтоп, кулайт. Дискотекада жашоо улана берет, ал болсо өлүкканада. Өлүкканадан топурактын астына кетет. Мазардын астында достору менен сүйлөшө албайт, кабель да жок, жарык да жок. Акваплан тебе албайт. Оозу-мурдуна топурак толот. Тамагы бир гана топурак.

Бир күндө үч жолу тамактануу, достору менен шишкебек бышырып, көңүл ачуу жок. Бир кесим тамак да жей албайт ал жерде. Бир гана топурак жей алат. Чымкый караңгылык. Ага азап кылгандардын нурун гана көрүшү мүмкүн. Башка эч нерсе көрө албайт. Бирок кээ бир адамдар, албетте, муну ойлонбойт. Ойноп күлсө, көңүл ачса болду. Өлүмдү эч эстешпейт. Өлүм бир куш, бир курт-кумурска же бир чиркей үчүн тагдырда кандай белгиленген болсо, бир адам үчүн да ошондой белгиленген.

Эч өлбөчүдөй аң-сезимде болушат көп адамдар. Болоттон же темирден жасалгандай сезишет өздөрүн. Чындыгында болсо, адам алсыз, бир заматта өлөт. Өтө алсыз бир жандык. Мээсине бир нерсе болот, өлөт. Жүрөгүнө бир нерсе болот, өлөт. Боорунда шишик пайда болот, денеси кулайт. Күчү жетпейт. Адамдын кулашына кичинекей бир тромб да жетиштүү болот.

Бүт адамдардын бири-бирине акыретти унуттурууга аракет кылышы же көпчүлүктүн өлүмдү унутушу туура эмес. Акырет бир чындык, Аллах бир чындык. Мээбиздин ичи чымкый караңгылык, сөөктөн жасалган бир куту сыяктуу. Мээбиздин ичиндеги жарыкты караңыз. Жапжарык болуп турат туурабы башыбыздын ичи, бирок мээнин ичи капкараңгы. Көргөн нерселерибиздин баары мээбизде пайда болот, туурабы? Кайсы телевизор ушундай сапаттуу сүрөттөлүш бере алат? Кайсы завод ушундай телевизор жасай алат? Мээдеги бир кесим эт пайда кылат бул сүрөттөлүштү. Аллах ошол этти себепчи кылат. Бүт дүйнө бириксе да, ошол кичинекей эттин жасаганын жасай албайт. Мобул үндүн сапатын караңыз. 3 өлчөмдүү. Стерео системадан алда канча алдыда. Эч бир шуулдоо жок. Эң сапаттуу үн аппараттары да теңеле албайт буга.

Жытты эң сонун сезебиз, үндөрдү угабыз, ойлонобуз, туптунук сүрөттөлүштөрдү көрөбүз. Кичинекей үңкүрүбүздө бактылуу өмүр сүрөбүз. Бирок кээ бирлер «бул мени кызыктырбайт» дейт. Сен «мени кызыктырбайт» десең, бул сый-жакшылыктарды Аллах сага экинчи жолу бербейт... (Аднан Октардын 2010-жылдын 25-июлундагы Kanal Avrupa каналы менен болгон маегинен үзүндү)

kitap ağaç çorak arazi

Бул Дүйнөнүн Убактылуулугуна Курандан Мисалдар

saz sap tohum

Аллах Куранда «дүйнө жашоосунун убактылуулугу» жөнүндө көптөгөн мисалдарды билдирген. Аяттарда, бир жагынан, илгери жашап өткөн адамдардын жана коомдордун баштарына келген окуялар насаат катары баяндалып берилсе, экинчи жагынан, дүйнө жашоосунун чыныгы жүзү таамай мисалдар менен сүрөттөлгөн. Кехф Сүрөсүндө баяндалган эки кишинин абалы – бул мисалдардын бири:

Аларга эки адамдын мисалын айтып бер; алардын бирине эки жүзүм багын бердик жана экөөсүндө (тең) курма бактары бар болчу, экөөнүн ортосунда болсо эгиндер өстүрдүк. Эки бак тең мөмө берип, андан эч нерсени кем кылган жок жана ортолорунан бир дарыя атылып чыгып турчу. (Экөөсүнөн) Бирөөнүн башка түшүм (берген жер)лери да бар эле. Ошентип аны менен сүйлөшүп жатканда досуна: «Мен мал-мүлк жагынан сенден байыраакмын, адам саны жагынан да күчтүүрөөкмүн» деди.

Өз напсисине зулумдук кылып (ошентип) багына кирип: «Муну эч качан куурап-жок болбойт деп ойлойм» деди. «Кыямат саатын да келбейт деп ойлойм. Ошентсе да, Раббиме кайтарылып бара турган болсом, күмөнсүз, мындан жакшыраак акыбетке жетем.» Аны менен сүйлөшүп жаткан досу ага мындай деди: «Сени топурактан, анан бир тамчы суудан жараткан, анан сени бир тартиптеги (колу буту иштеген, күч-кубаты ордунда) бир адам кылган (Аллах)ты жокко чыгарып жатасыңбы? Бирок, Ал Аллах менин Раббим жана мен Раббиме эч кимди шерик кошпойм.

Багыңа киргенде, «МашаАллах, Аллахтан башка күч-кудурет жок» дешиң керек эмеспи? Эгер мени мал-мүлк жана балдар жагынан өзүңдөн азыраак (күчтө) деп ойлосоң. Балким Раббим мага сенин багыңдан жакшыраагын берээр, (сеникинин) үстүнө асмандан «күйгүзүп-кыйратуучу бир апаат» жиберип, (ал) түптүз бир топуракка айланып калышы мүмкүн. Же анын суусу түбүнө тартылып кетип, аны эч издеп таба албай каласың.» (Анан) Анын түшүмдөрү (апааттар менен) оролду. Эми ал короткон каражаттары үчүн колдорун (кайгыруу менен) ушалап калды. Ал (бактын) чатырлары кулаган эле, өзү болсо мындай деп жатты: «Аттиң, Раббиме эч кимди шерик кошпогонумда кана.» Аллахтан башка ага жардам бере турган эч ким жок эле, (жана) өзүнө өзү да жардам бере алган жок. Мына ушул жерде (ушундай абалда) колдоо көрсөтүү (достук, көмөк көрсөтүү) акыйкат Аллахтын колунда.

Ал сооп жагынан жакшы, (жана) натыйжа жагынан (да) жакшы. Аларга дүйнө жашоосун мисал келтир; асмандан (Биз) түшүргөн сууга окшошот, аны менен жер бетинин өсүмдүктөрү бири-бирине аралашты, анан шамалдар учурган ыпыр-сыпырга айланды. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү. Мал-мүлк жана балдар дүйнө жашоосунун өзүнө тартуучу кооздугу; туруктуу салих (чын ыкластуу жакшы) иштер болсо Раббиңдин Кабатында сообу жагынан жакшыраак, үмүт кылуу жагынан да жакшыраак. (Кехф Сүрөсү, 32-46)

 maydanoz tohumu kuru ot

Бул мисалда адамдын дүйнө жашоосундагы күчүнө алданып, бой көтөрүшүнүн канчалык акылсыздык болоору, анткени Аллах кааласа ал күчтү көз ачып жумганча жок кылып койоору баса белгиленген. Ушул эле акыйкат башка бир мисал менен дагы сүрөттөлүп берилген:

Чындыгында, Биз ал бакча ээлерине балээ бергендей, буларга да балээ бердик. Алар эрте менен (эртелеп жана эч кимге кабар бербестен) аны (бакчанын мөмөлөрүн) сөзсүз жыйнап алууга ант ичишти. Алар сөзсүз ушундай кылабыз дешкен эле. Бирок алар уктап жатканда, Раббиң тарабынан айланып-келген бир балээ анын үстүн ороп-курчады. Аягында (бакча) тамырынан куурап-капкара болуп калды. Анан таң азанда бири-бирин чакырышты: «Эгер түшүмүңөрдү жыйнап ала турган болсоңор, эртерээк туруп-жөнөгүлө.» Ошентип шыбырашып жолго түшүштү: «Акырын, бүгүн ал жерге эч бир кедей кирип, бизге жолукпасын». (Жакырларды) Тосууга күчтөрү жете тургандай болуп эрте менен барышты. Бирок аны көргөндө: «Аныгы биз (жолубуздан) адашып кетиптирбиз» дешти. «Жок, биз (бүт баарынан жана бардык байлыгыбыздан) ажыратылдык.» (Араларынан) Токтоо мүнөз бирөөсү мындай деди: «Мен силерге айткан эмес белем? (Аллахты) Аруулап, Ага мактоо айтышыбыз керек эмес беле?» «Раббибиз, Сени аруулап, мактоо айтабыз; чындыгында биз залим экенбиз» дешти. Анан бири-бирине каршы өздөрүн сындап башташты. «Шерменде болдук, чындыгында биз чектен чыккан экенбиз» дешти. «Балким, Раббибиз анын ордуна жакшыраагын берээр; күмөнсүз, биз бир гана Раббибизден суранабыз.» Мына азап ушундай. Акырет азабы болсо, албетте, алда канча оор; билишсе кана. (Калем Сүрөсү, 17-33)

Көңүл бурулган болсо, Куранда дүйнө жашоосуна алданып, туура жолдон адашкан адамдар катары сүрөттөлгөн кишилер – Аллахтын бар экенин танган «атеист» кишилер эмес. Аллахтын бар экенин билип, кабыл алган, бирок Аны эстебеген кишилер. Алардын катасы – Аллах аларга сый-жакшылык катары берген мүмкүнчүлүктөрдү өздөрүнүн кадимки акысындай көрүп, өтө текебердик кылышы. Мындай кишилер Аллахты жана Анын кудуретин сөз жүзүндө гана кабыл алышып, жүрөктөрү болсо текебердикке, ач көздүккө жана өзүмчүлдүккө толгон болот.

Аллах Куранда мындай адамдарга мисал катары Аз. Мусанын коомунун, б.а. Аллахка ишенген бир коомдун ичинен чыккан Карунду көрсөткөн. Карун да, ага суктанып дүйнө жашоосуна алдангандар да Аллахка тили менен гана ишенип, ичинен болсо дүйнөнүн сыйкырына алданып, Аны унуткан кишилер болушкан:

saz yusufcuk gökyüzü

Чындыгында Карун Мусанын коомунан эле, бирок аларга каршы баш көтөрдү. Биз ага ушундай казыналар бергенбиз; анын ачкычтарын (көтөрүү) чоң бир топко оор келчү. Ага коому мындай деген эле: «Эсирип-көөп сүйүнбө, себеби Аллах эсирип-кубангандарды сүйбөйт. Аллахтын сага бергендери менен акырет үчүн аракет кыл, дүйнөдөн да өз үлүшүңдү (насибиңди) унутпа. Аллах сага берешендик кылгандай, сен да берешендик кыл жана жер жүзүндө бузукулук издебе. Себеби Аллах бузукулук кылгандарды сүйбөйт.» (Ал) Айтты: «Бул мендеги бир илим себептүү мага берилди.» Чындап Аллахтын андан мурдакы урпактардан күчү жагынан андан күчтүүрөөк жана адам саны жагынан (андан) көбүрөөк адамдарды кыйратканын билбейт беле. Кылмышкер-күнөөкөрлөрдөн күнөөлөрү суралбайт. Ошентип өзүнүн көркөм-кооздугу менен элинин алдына чыкты.

Дүйнө жашоосун каалагандар: «Аттиң, Карунга берилгендей (мүлк) бизде да болгондо. Чындыгында анын үлүшү (байлыгы) абдан көп» дешти. Илим берилгендер болсо: «Бактысыздар, ыйман кылып, чын ыкластан жакшы иштерди жасагандар үчүн Аллахтын сообу жакшыраак; буга болсо сабыр кылгандар гана жете алышат» дешти. Аягында аны да, сарайын да жердин түбүнө чөктүрдүк. Аллахка карата ага эч бир тобу жардам берген жок. Жана ал өзүнө өзү да жардам бере алган жок. Кечээ гана анын ордунда болууну каалагандар эрте менен турганда: «Карасаң, демек Аллах пенделеринен каалаганынын ырыскысын көбөйтүп же азайтат экен.

Эгер Аллах бизге боорукердик кылбаганда, бизди да, албетте, чөктүрүп салмак. Демек, чындыгында ыймансыздык кылып жолдон адашкандар бейпилдикке жете албайт турбайбы» деп башташты. Мына акырет мекени, Биз аны жер жүзүндө бой көтөрүп, бузукулук кылууну каалабагандарга беребиз. (Жакшы) Жыйынтыкка да такыбалар (Аллахтан корккондор) ээ болот. Ким бир жакшылык менен келсе, ага андан да жакшыраагы берилет; ким бир жамандык менен келсе, жамандыктарды жасагандар бир гана кылгандарынын жообун (жазасын) алышат. (Касас Сүрөсү, 76-84)

Көрүнүп тургандай, Карундун катасы, ал өзүн Аллахтан көз-карандысыз, өзүнчө бир күчтөй элестеткен жана Аллах тарабынан сыноо максатында берилген күч-кубат жана байлыкты, башкалардан өзүн өзгөчө сезгени үчүн, «өзүнүн акысындай» көргөн. Чындыгында болсо, бүт адамдар Аллахтын кулдары жана Анын Кабатында эч бир нерсеге «акылуу» боло алышпайт; адамдарга берилген нерселердин баары – бир гана Аллахтын берешендиги. Муну түшүнгөн адам Аллах берген жакшылыктарга эсирип, көппөйт; бир гана Аллахка шүгүр кылат жана шүгүр кылуунун кубанычын сезет. Бир адамдын бул дүйнөдөгү эң улуу жана эң асыл кубанычы мына ушул кубаныч болот. Карун жана Карунга суктангандар сыяктуу адамдар болсо Аллахтан балээ келгенде гана жаңылганын түшүнүшөт. Ал балээлерден да сабак албай бул дүйнөгө алданып жүрө беришсе, Аллахтын түбөлүк азаптуу тозогуна барышат.

Бир аятта бул акыйкат төмөнкүчө кабар берилген:

Билип койгула, дүйнө жашоосу жалаң гана бир оюн, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана. Бир жамгыр мисалындай. Ал (жамгыр) өстүргөн эгин (аны) эккендердин көңүлүнө жагат, анан (ал) куурайт. Бир карасаң, сапсары болгон болот, кийинчерээк болсо ыпыр-сыпырга айланат. Акыретте болсо оор азап; (же) Аллахтан бир кечирим жана бир ыраазылык бар. Дүйнө жашоосу – алдамчы бир кооздук гана. (Хадид Сүрөсү, 20)

«Дүйнө Жашоосунда Ийгилик Жана Байлыкты Мактануу Үчүн Тилегенге Болбойт.»

АДНАН ОКТАР: Карагыла, Аллах Таала Нур Сүрөсүнүн 37-аятында мындай дейт: «(Алар ушундай) Адамдар, соода да, базарлык да аларды Аллахты эстөөдөн, туптуура намаз кылуудан жана зекетти берүүдөн «каалоого алдантып, тосо албайт»; алар жүрөктөр жана көздөр аңтарылып (абдан корко) турган күндөн коркушат.» Аллахтан корко турган адамдар жөнүндө айткан. Эмне деп айткан Аллах? Соода, базарлык. Окуу, үйлөнүү, көңүл ачуу, эч бири адамды Аллахты эстөөдөн тоспойт. Мисалы, тойго барып, унутуп калат. Бирок, Аллах ар кандай учурда жаныңды алышы мүмкүн. Тойдогу үндөрдү, адамдарды мээде жараткан ким? Аллах. Тойдун көңүлдүү көрүнүшүн Аллах мээңде сага көрсөтпөсө, сен аны көрө аласыңбы? Көрө албайсың. Анда, ал жерде эмнеге унутуп, эсирип көбөсүң?

Окууга киргенде, мисалы, университетке өткөндө же биринчи болгондо, өтө чоң бир окуя болот деп ойлойт. Маанайы толугу менен өзгөрөт, бүт баарын жеңгени, баарын эзгени үчүн абдан толкунданат ичинен. «Максатың эмне?» десең, «Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылып жатасыңбы муну? Исламга, Куранга кызмат кылуу үчүнбү?» десең, «Жок, адамдардан алдыга өтүү, жогору болуу, аларды суктандыруу абдан жагат.» дейт.

Окууну да, жумушту да «адамдар суктансын» деп тилегенге болбойт. Окууда да, жумушта да, үй-бүлө курууда да, өмүр бою бир гана Аллахтын ыраазылыгын көздөө керек. Өз каалоолорун ээрчисе, бактысыздык, кайгы-капа, коркуу, стресс жана оорулар аны жөн койбойт.

Аллах сөзсүз көрөт. «Аллахка көрсөтпөй кыла берем» же «көп ойлонбосом, Аллах да мага эч нерсе кылбайт» деп ойлогонго болбойт. Аллах берген акылынан адамдарды суракка алат. Ар бир адам акылын колдонууга милдеттүү. (Аднан Октардын 2010-жылдын 17-апрелиндеги Kahramanmaraş Aksu TV каналы менен болгон маегинен үзүндү)

 adnan oktar