Баш Сөз

Сүрөттөгү аял болжол менен 70 жаштарда. Жетимиштеги бир адамдын өткөн жашоосу жөнүндөгү ойлору кандай болду экен деген ой келди беле сизге?

Бул адам, ким гана болбосун, «70-80 жылдык өмүрүмдүн кантип өткөнүн сезбей калдым» деген ойдо болушу керек. Ал тургай, сурасаңыз «көз ачып жумганча өтүп кетти, эч нерсени түшүнбөй калдым» деп жооп берет. 20 жаштарында ал да улгайаарын эч ойлонгон эмес болушу керек. Бирок эми болсо өтө алыс сезилген ошол убакка келип калганына таң калып жаткандыр. Жана «картайганга чейин дагы көп бар» деп ойлоп, канчалык жаңылганын да эң жакшы түшүнгөндүр.

manzara gül çerçeve yaşlı kadın

«Өмүр бою кылгандарыңызды жазып же айтып бериңиз» десеңиз, көп болсо бир дептерди толтура алат же ашып барса беш-алты саат тынбай айтып бере алат. «70 жылдык өмүр», негизи, болгону ушунча...

Буларды ойлонгон адамдын оюна өтө маанилүү кээ бир суроолор келет:

  • - «Көз ачып жумганча өтүп кеткен бул жашоонун максаты эмне?»
  • - «Мен бул 70 жылды эмне максатта өткөрдүм?»
  • - «Мындан кийин эмне болот?»

Адамдар бул суроолорго эки түрдүү жооп бере турган эки топко бөлүнөт: алардын бири Аллахка ишенбегендер болсо, экинчиси чын жүрөктөн, таза бир ыйман менен Аллахка ишенгендер.

Биринчи топтогулар жогорудагы суроолор жөнүндө мындай деп ойлонот болушу керек: «өмүрүмдү ушул күнгө чейин болбогон максаттар үчүн өткөрдүм. 70 жыл жашадым, бирок эмне үчүн жашаганымды, ачыгын айтсам, көп деле түшүнө алган жокмун. Башында ата-энем үчүн жашайм дедим, кийин жубайым үчүн, анан балдарым үчүн... Эми болсо өлүм жакындады. Бир күнү өлүп, бул дүйнөдөн жок болом. Андан кийинби? Андан кийин эмне болоорун билбейм; бирок, менимче, баары бүтөт болушу керек!»

  çiçek

Бүт ааламдын, жандыктардын жана адамдардын белгилүү бир максат менен жаратылганын түшүнө албаганы үчүн, бул адам ушинтип туңгуюкка туш болот. Бүт нерселер жаратылгандыктан, баарынын жаралуу максаты бар. Акылы бар адам ааламдын жана жандыктардын бүт тарабында улуу бир план, тартип жана акыл бар экенин көрөт жана булардын улуу бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын түшүнөт. Булар өзүнөн-өзү, кокустан пайда болгон эмес. Буларды бир Жаратуучу жараткан. Демек, сөзсүз белгилүү бир максаты бар. Бул максат улуу кудуреттүү Аллах адамдарга жол башчы кылып түшүргөн Куранда кабар берилген.

Бул чындыктарды түшүнүп, Аллахка ишенген адам жогорудагы суроолорго туура жооп берет: «мени бүт нерсенин кожоюну Аллах жаратып, бул дүйнөгө жиберген. Бул дүйнөдө Жаратканга ибадат (кулчулук) кылууга буюрулдум жана муну канчалык аткараарым сыналды. Бул дүйнөнүн ансыз да өтө кыска экенин жана көз ачып жумганча өтүп кетээрин билчүмүн. Туура жолду тандадым; Аллахка ибадат кылдым, бул жашоонун убактылуу кооздуктарына алданган жокмун. Мындан кийинби? Өмүр бою жакшы иштерди кылып, Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө аракет кылганым үчүн, түбөлүк бактылуулуктун мекени болгон бейишке кирүү үмүтүм бар. Жана Раббиме жолугаар күнүмдү сабырсыздык менен күтүп жатам.»

kadın güzel gül çiçek

Бул эки адамдын ортосундагы айырманы жакшыраак көрсөтүү үчүн бир жагдайга токтолуу керек: Аллахтын бар экенин кабыл алгандардын баары чыныгы ыймандуу эмес. Бүгүнкү күндө адамдардын көпчүлүгү ааламдын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын кабыл алат, бирок бул акыйкаттын анын жашоосу үчүн канчалык маанилүү экендигин түшүнө албайт. Бул адамдардын көпчүлүгү «Аллах ааламды жаратып, анан адамдарды өз башынча таштап койгон» деген туура эмес түшүнүккө ээ...

Мындай үстүртөн көз-карашка Аллах адамдарга жол башчы кылып түшүргөн Куранда да көңүл бурулган жана аяттарда «ааламдын Жаратуучусу ким?» деп суралганда, адамдардын «Аллах» деп жооп берээри, бирок мындан эч сабак албашы айтылган:

Бул туура эмес ишенимден улам, адамдардын көпчүлүгү күнүмдүк жашоону жараткан Аллах менен байланыштыра алышпайт. Алардын ою боюнча, бул дүйнөдө өмүр сүрүп, өздөрүнүн оюна туура келгендей жакшы иштерди кылышат жана өлгөн соң, эгер күнөөлөрү бар болсо, белгилүү убакыт жаза тарткан соң, бейишке киришет. Ал тургай, кээ бирлери муну да ойлонушпайт; «бул дүйнөдө канчалык жыргасак ошончолук жакшы, Аллах канчалаган мүмкүнчүлүктөрдү берген, болушунча жыргайлы» деген сыяктуу «караңгы» сөздөрдү айтып, башка эч нерсени ойлонбостон, өмүрлөрүн өткөрүшөт.

Мындай адамдар бул жашоонун чыныгы жүзүн жана максатын да түшүнө алышпайт. Мунун убактылуу экендигин жана «көз ачып жумганча» өтүп кетээрин эч ойлонушпайт.

Эл оозунда бул дүйнөнүн кыскалыгы жана убактылуулугу жөнүндө кээ бир сөздөр көп айтылат; «утурумдук дүйнө», «үч күндүк жашоо», «ар бир башта бир өлүм» деген сыяктуу. Бирок мындай адатка айланган сөздөр негизи адамдардын чыныгы көз-карашын чагылдырбайт. Бул сөздөр адамдардын арасында маек учурунда жөн гана же тамаша катары айтылат. Ошондуктан бул сөздөрдүн артынан эле дүнүйөлүк пландар башталат. Мисалы, «убактылуу дүйнө», «бул дүйнөгө бир жолу келдик» деген сөздөрдүн артынан эле «албетте, бул дүйнөдө жыргаш керек» деген сыяктуу сөздөр айтылып башташы мүмкүн.

Чындыгында болсо, бул өмүрдүн кыскалыгы, бул дүйнөгө бир гана жолу келээрибиз жана бир күнү башыбызга сөзсүз өлүмдүн келээри ар бир адам үчүн өтө маанилүү. Белгилүү жашка чыкканга чейин адам бул маанилүү чындыкты байкабаган болушу мүмкүн, бирок муну байкаар замат бүт жашоосун башынан карап чыгып, Аллах талап кылган нерселерге карап жашоосун түп-тамырынан өзгөртүшү зарыл. Себеби бул жашоо кыска, бирок адамдын руху, Аллахтын каалоосу менен, түбөлүк жашайт. Түбөлүк жашоонун алдында 60-70 жылдык жашоонун эч бир баркы жок. Бул жерде бир аз ырахат алуу үчүн, түбөлүк жашоону «курмандыкка чалуу», албетте, акылсыздык болот.

manzara bulut göl ağaç

Ант болсун, алардан: «Асмандарды жана жерди ким жаратты?» деп сурасаң, албетте, «Аллах» дешет. Айткын: «Мактоолор Аллахка тиешелүү.» Жок, алардын көпчүлүгү билишпейт. (Локман Сүрөсү, 25)

Ант болсун, алардан: «Силерди ким жаратты?» деп сурасаң, албетте: «Аллах» дешет. Анан, кантип бурулуп кете беришет? (Зухруф Сүрөсү, 87)

Бирок бул акыйкатты түшүнө албаган ыймансыздар бүт өмүрүн Аллахты унутуп, бош максаттарга коротушат. Бирок ал максаттарына да жете алышпайт. Эч канааттанышпайт жана улам жогорураак даражага же колундагылардын көбүрөөгүнө жетүүнү көздөй беришет. Ага жеткенде андан да көбүрөөгүн, анан андан да көбүрөөгүн эңсей берет... Өмүрлөрүн өлгөнгө чейин канааттанбаган ушундай каалоолорго коротушат. Бирок эңсеген нерселерине бул дүйнөдө жете алышпайт, себеби ар дайым алдыларынан улам жакшыраагы чыга берет.

Мисалы, жаңы чыккан модельдеги бир машинаны алууну эңсеген бир кишини элестетиңиз. Канчалаган аракеттер менен ал машинаны алса, көп өтпөстөн андан да жаңы модельдер чыгат да, эми алар көзүнө кооз көрүнө баштайт. Же бул киши канча жыл эмгек кылып, акча чогултуп бир үйлүү болду дейли. Бир күнү сөзсүз өзүнүкүнөн коозураак бир үйгө жолугуп, өзүнүн үйү аны көп кызыктырбай калат. Сатып алган бул мүлктөрүнүн эскирип, бузулуп башташы болсо аны ан сайын кыйнайт.

deniz manzarası bulut

Бирок, чындык мындай эмес. Аллахты тааныбаган же Аны унуткан бул адамдардын баары абдан чоң жаңылыштык кетиришет. Куранда айтылгандай, «Алар дүйнө жашоосунун (жалаң гана) сырткы тарабын билишет. Акыреттен болсо капилет калышкан.» (Рум Сүрөсү, 7)

Улам жакшыраагын, улам коозураагын издөө, ага жеткенде эскисинин барксыз болуп калышы, андан соң жаңынын да эскириши – бул, адамдар тарых бою күбө болуп келген бир туюк айлампа. Адам бул чындык жөнүндө ой жүгүртүп, эмне үчүн бул дүйнөнүн артынан чуркаса, эч бир натыйжага жетпей тургандыгын түшүнүшү керек жана «бул көз-караштын тамырында бир маселе бар» деп ойлонушу зарыл. Бирок адамдардын көпчүлүгү, буга акылы жетпей, эч качан жете албай турган кыялдардын артынан кубалай беришет.

Бул китепте учкан куштай өтүп жаткан жана эч кепилдиги жок дүйнө жашоосу бүт тарабынан көз алдыга тартууланып, бул жашоонун бүт алдамчы сырлары сүрөттөлөт. Себеби Аллах ыймандууларга адамдарды бул акыйкаттар менен эскертип, коркутуу милдетин тапшырган. Бүт адамдарга «бул дүйнө жашоосуна алданбагыла жана Менин ыраазылыгыма жетүүнү көздөгүлө» деп буйрук берген. Бир аятта бүт адамдар мындай деп эскертилет:

kitap yeşillik

Эй адамдар, эч күмөнсүз, Аллахтын убадасы акыйкат; демек, дүйнө жашоосу силерди алдап койбосун... (Фатыр Сүрөсү, 5)