Биз жашаган дүйнөнү, көп адамдар байкабаганы менен, ичинен жана сыртынан көптөгөн коркунучтар курчап турат. Астероиддер, кара тешиктер, куйруктуу жылдыздар (кометалар) сырттагы коркунучтардын кээ бирлери гана. Экинчи жагынан караганда, жер шарынын ичине кирсек, ысыктыгы миңдеген градуска жеткен суюк бир катмарга туш болобуз. Ошондуктан жер планетасына «бутубуздун астындагы ичи кайнаган бир шар» деп аныктама берсек эч жаңылбайбыз. Мындан тышкары, жер планетасын курчап, коргоп турган бир атмосфера бар. Бирок атмосферанын коргогондон тышкары, өтө күчтүү кубулуштары да бар: шамалдар, бороондор, тайфундар...
Бул коркунучтардын баары кээ-кээде ишке ашып, алардын натыйжасында адамдардын өлүмүнө жана материалдык кыйроолорго себеп болгон жана табигый кырсыктар деп аталган табият кубулуштары келип чыгууда. Жер титирөөлөр баш болуп, вулкандардын атырылып чыгышы, селдер, ири толкундар, торнадолор, бороондор, алоолонгон өрттөр ар кандай кыйроолорго себеп болушат. Окшош тарабы болсо, булардын баары кыска убакыт ичинде бир шаарды, анда жашаган адамдарды жана бүт башка жандыктарды жок кылып, абдан чоң кыйроолорго алып келиши мүмкүн. Эң негизгиси, адамдар булардын зыяндарын эч качан токтотуп кала алышпайт.
Бул кырсыктардын баарын адамдар абдан жакшы билгени менен, баштарына келмейинче эч эстегилери келбейт. Жер бетиндеги жашоо ушунчалык ыңгайлуу тең салмактуулуктар менен жөнгө салынгандыктан, мындай кубулуштар өтө чоң аймакка тарабайт. Адамдар да кошо, бүт жандыктар атайын бир коргоого алынган сыяктуу. Бирок, ошол эле учурда, Аллах кээ-кээде адамдарга жер шарынын канчалык кооптуу болушу мүмкүн экенин да эскертип турат. Жогоруда айтылган апааттарды көрсөтүп, адамзаттын жер шарын эч башкара албашын эске салып турат. Жана адамзаттын алсыздыгын өздөрүнө көрсөтүп, насаат алып акыл жүгүртө алгандарга насаат берет.
Адамдар бул кубулуштардан дагы кандай жыйынтыктарды чыгарышы керек?
Китептин башында да айтылгандай, бул дүйнө – адамдарды сынап, Аллахка ишенгендер менен ишенбегендерди ажыратуу үчүн атайын жаратылган бир сыноо мекени. Аллах бул акыйкатты «...кылган ишиңер жагынан кимиңердин жакшыраак экенин сыноо үчүн асмандарды жана жерди алты күндө жараткан – Ал (Аллах)...» (Худ Сүрөсү, 7) деп кабар берген.
Дүйнөдөгү бул сыноо шарттары эч кемчиликсиз даярдалган; ошондуктан ар бир окуя белгилүү себептер аркылуу келип чыгат. Ар бир окуянын себеп-натыйжа байланыштары бар. Мисалы, адамдардын жердин бетинде турушу жердин тартуу (гравитация) мыйзамы менен түшүндүрүлөт; жамгырдын жаашына булуттар менен шамалдар себепчи болушат; өлүм кырсык же оору сыяктуу сөзсүз белгилүү себептерден келип чыгат... Албетте, буга окшогон себеп-натыйжа байланыштарына сансыз мисалдарды келтирүүгө болот. Бирок негизгиси булардын саны эмес, канчалык «ынандырарлык» бир системаны пайда кылышы.
Бул системанын дагы бир өзгөчөлүгү болсо, ар бир окуянын ишке ашышы адамдын логикасына туура келет. Мисалы, Аллах кээ-кээде адамдарга табигый кырсыктар аркылуу эскертүү берет. Мындай окуяда, мисалы бир жер титирөөнү элестетели, көп адамдар өлүп же жаракат алышы мүмкүн. Алардын арасында жаштар жана улгайгандар, эркектер жана аялдар, ал тургай, жаш балдар да болушу ыктымал. Булардын баары «кадимки» бир көрүнүштөй көрүнөт жана тереңирээк ойлонбогон адамдар бул апааттарды Аллахтын белгилүү бир максат менен жаратканын байкашпайт. Эми ойлонуп көрөлү; эгер мындай болбой, бир жер титирөөдөн жалаң гана күнөө иштерди кылган адамдар жабыр тартканда, кандай болоор эле? Анда, албетте, сыноо болбой калмак. Бирок Аллах мындайга жол берген эмес жана жогоруда айтылгандай, бул дүйнөдөгү ар бир окуяны «кадимки» бир көрүнүштөй көрсөтө турган бир сахна менен даярдаган. «Кадимкидей» көрүнгөн бул окуялардын артында белгилүү бир максат жана белгилүү бир сыр бар экенин бир гана Аллахты тааныган жана терең түшүнүгү бар адамдар, т.а. ыймандуулар байкай алышат.
Ошондой эле, Аллах «Ар бир жан өлүмдү татуучу. Биз силерди жамандык менен да, жакшылык менен да текшерип, сынап жатабыз жана силер Бизге кайтарыласыңар» (Анбия Сүрөсү, 35) деген аяты аркылуу бүт адамдарды маал-маалы менен жакшы жана жаман окуялар аркылуу сынай турганын кабар берген. Бир окуя болгондо, анын ал жердеги көп адамга таасир тийгизиши, албетте, сыноонун бир сыры. Аллахтын чексиз адилеттүү экенин жана чексиз адилеттүүлүгү менен ар бир адамга кылган иштеринин акысын (жазасын же сыйлыгын) акыретте толук берээрин унутпоо керек. Бул дүйнөдө адамдардын башына келген окуялар болгону бир сыноо гана. Сабыр кылгандардын акысы да, сыналып жатканын билбегендердин акысы да толугу менен төлөнөт. Аллахка чын көңүлдөн моюн сунуп, Анын улуулугун таанып биле алган адамдар дүйнөнүн бул сырын билишет. Баштарына бир кырсык келгенде, ошол замат Аллахка кайрылып, тообо кылышат. Анткени Аллахтын Курандагы төмөнкү убадасын билишет:
Ант болсун, Биз силерди бир аз коркуу, ачкалык жана мал-мүлктөн, жандан жана түшүмдөрдөн бир бөлүгүн азайтуу менен сынайбыз. Сабыр кылгандарды сүйүнчүлө. Аларга бир кырсык келгенде, мындай дешет: «Биз Аллахка тиешелүүбүз жана күмөнсүз Ага кайтып барабыз.» Дал ошолорго Раббилери тарабынан кечирим жана ырайым болот. Жана туура жолго түшкөндөр да ошолор. (Бакара Сүрөсү, 155-157)
Бул аяттарда да айтылгандай, ишенген жана ишенбеген адамдардын баары кээ бир окуялар менен сыналышат. Кээде табигый кырсык, кээде күнүмдүк жашоодогу кандайдыр бир окуя, кээде бир катар оору-сыркоо сыяктуу кыйынчылыктар бул дүйнөдө адамдарды дайыма жандап жүрөт. Мындай балээлер кээде адамдарга, кээде болсо жалпы коомго өз таасирин тийгизет. Мисалы, бай-бакубат жашап жаткан адамдардын банкрот болушу, абдан сулуу бир адамдын бир кырсыктан улам түрү суук болуп калышы же айыкпас ооруга чалдыгышы, күтүүсүз бир бороондон бир шаардын зыян көрүшү көп эле кездешкен жана бул дүйнө жашоосунун «кыл учунда» турганын көрсөткөн окуялар.
Негизгиси, адамдар бул окуялардан керектүү насаатты алуулары зарыл. Анткени, адамдар туура эмес жолдон кутулуп, Аллахтын туптуура жолуна түшүшү үчүн, Аллах адамдарга материалдык жана руханий залалдары бар ар түрдүү окуяларды эскертүү катары жиберет. Аллах адамдарга бул дүйнөдөгү бардык нерселер сыяктуу, бул апааттардын да белгилүү бир максаты бар экенин жана алардын адамдар үчүн бир «эскертүү» экенин көрсөтүүдө. Аллах Куранда ар бир окуянын Өзүнүн уруксаты менен ишке ашаарын кабар берген:
Аллахтын уруксаты болмоюнча, эч бир кырсык (эч кимге) келбейт. Ким Аллахка ыйман кылса, анын жүрөгүн туура жолго (хидаятка) багыттайт. Аллах бүт баарын билүүчү. (Тегабүн Сүрөсү, 11)
Аллахтын уруксаты болмоюнча, эч бир жан (напси) үчүн өлүм жок. Ал мөөнөтү аныкталып коюлган бир жазуу. Ким дүйнөнүн пайдасын (сообун) кааласа, ага андан беребиз, ким акырет сообун кааласа ага ошондон беребиз. Биз шүгүр кылгандарга абдан жакында сыйлык беребиз. (Али Имран Сүрөсү, 145)
Адамдарга келген кыйынчылыктардын дагы бир мааниси мындай: өзүн бул дүйнөдө күчтүү элестеткен адам, Аллахтын каалоосу менен, бир заматта келип калган апааттардын алдында өзүнүн канчалык алсыз экенин түшүнөт. Өзүнө да, айланасындагы адамдарга да жардам бере албай калат, анткени бүт баары Аллахтын колунда жана Аллахтан башка зыян же пайда берүүгө кудуреттүү эч ким жок. Бул акыйкат адамдарга төмөнкүдөй кабар берилген:
Эгер Аллах сага бир зыян тийгизсе, аны кетире турган Андан башка эч ким жок. Сага бир жакшылык бере турган болсо, Ал бүт нерсеге кудуреттүү. (Энъам Сүрөсү, 17)
Бул бөлүмдө ар кандай апааттарды бүт зыяндары менен бирге сүрөттөп берип, кээ бир адамдар абдан берилип сүйгөн бул дүйнөнүн убактылуу бир мекен экенин жана чыныгы жашоонун акыретте болоорун эске салабыз. Бул акыйкаттар, ошол эле учурда, адамдардын апааттардын учурундагы жана апааттардан кийинки алсыздыктарын да көрсөтөт. Бул айласыздык Аллахтын кудуретинин алдында адамдардын толук алсыздыгын жана Аллахтан башка дос жана жардамчыларынын жок экендигин билдирет.
Her an, her yerde meydana gelebilen depremler yüzyıllar boyunca çok sayıda kişinin ölümüne ve astronomik boyutlarda maddi zarara yol açmış, bu özellikleri nedeniyle insanlar için korku kaynağı olmuştur. |
Жер титирөөлөр эң зыяндуу жана адамдарга эң кооптуу табият кырсыктарынын бири. Изилдөөлөр боюнча, дүйнөдө болжол менен эки мүнөт сайын бир жер титирөө болуп турат. Эсептеп көрсөк, бир жылда дүйнөдө жүз миңдеген жер титирөө катталат. Алардын болжол менен 20сы бир шаарды кыйрата турган күчтө болот. Бирок дайыма эле калкы жыш аймактарга туура келе бербегени үчүн, көп зыян алып келишпейт. Жыл сайын жер титирөөлөрдүн болжол менен бешөөсү кыйроолорго жана адамдардын өлүмүнө себеп болот. Бул маалыматтарга таянсак, негизи адамдардын жер титирөөлөргө көп деле кабылбаганын көрөбүз.
Болжол менен эки мүнөт сайын бир жер титирөө болуп турганына карабастан, алардын күчү ушунчалык кылдат жөнгө салынгандыктан, кээде адамдар аны билбей да калышат. Албетте, бул Аллахтын адамдарды коргоп тураарынын бир далили. Бүгүнкү күндө жер титирөөлөр ашып барса бир шаарда жана анын айланасындагы белгилүү аймактарда гана сезилүүдө. Бирок Аллах кааласа, бүт дүйнөгө таасир берип, дүйнө жүзүн жер менен жексен кыла турган жана жашоону толугу менен токтото турган бир жер титирөө да бир заматта келип калышы мүмкүн. Жер шарынын түзүлүшүнөн улам жер титирөөлөрдүн келип чыгышы кадыресе көрүнүш. Жаракалар, плиталардын ортосундагы боштуктар жана башка факторлор бул табият кубулушунун сөзсүз болуп турушуна себеп болушат. Илимий бир булакта ыктымалдуу жер титирөө жөнүндө мындай деп айтылат:
Жердин тереңиндеги күч катуу жер кыртышын түртөт, таштар бул күчкө туруштук бере албай, күчтүү бир энергия жарылуусу аркылуу сынып, жарылат. Мындай жер титирөөнүн натыйжасында шаардагы бүт курулуштар жер менен жексен болушу мүмкүн, элдин баары кайра кайткыс болуп, урандылардын астында калышы ыктымал. (Табигый кырсыктар, Readers Digest, 1996)
Албетте, эгер Аллах бир жер титирөөнү жараткысы келсе, «табигый шарттардын» жер титирөөгө ыңгайлуу болуп-болбошунун эч бир мааниси болбойт. Аллах каалаган нерсесин, каалаган кезде жаратат. Бирок, Аллах жер бетиндеги табигый шарттарды да өтө кооптуу жана туруксуз кылып жаратуу аркылуу, бул дүйнө жашоосунун кыл учунда турганын адамдардын эсине салат. Куранда адамдарга апааттар жөнүндө мындай деп эскертүү берилет:
Жамандыкты уюштургандар Аллахтын аларды жердин түбүнө киргизип салышынан же билбеген жерден азаптын келип калышынан өздөрүн коопсуз сезишеби? Же алар саякат кылып жүргөндө аларды (азап менен) кармап калышынан? Алар (Аллахтын буга окшогон азаптарынан качып) кутула алышпайт. Же аларды коркуп турган кезинде кармап калышынан (өздөрүн коопсуз сезишеби)? Чындыгында, Раббиң боорукер жана ырайымдуу. (Нахл Сүрөсү, 45-47)
Аллах кааласа, бир канча секундада токтогон жер титирөөлөр бир канча саатка, ал тургай, бир канча күнгө да созулушу мүмкүн. Адамдар бир апааттан өздөрүнө келе электе, башка апааттарга да туш болушу ыктымал. Бул, албетте, Аллах үчүн оңой. Бирок Аллах мээрими менен адамдарды коргойт. Өзүнүн улуулугун жана кудуретин көрсөтүү үчүн адамдарга эскертүү берет. Адамдарга дүнүйөлүк амбиция жана аракеттеринен эч бир пайда чыкпай турганын эскертет.
Бул жерде акыркы жылдары болуп өткөн эң чоң жер титирөөлөрдү жана алардын натыйжаларын да эске салуу туура болот.
Жер титирөөлөр акыркы жылдары көп катталып, күчтөрү да бир өлкөнү жок кыла тургандай абдан жогору болууда. 2011-жылдын март айында Япония күчү 8,9 баллга жеткен жер титирөөдөн жер менен жексен болгондой эле абалга келди. Япониянын жээктерин урган 8,9 баллдык жер титирөөдөн соң бийиктиги 10 метрге жеткен цунами пайда болуп, жүздөгөн киши өлүп, жүз миңдеген адам жоголду. Өлкө тарыхынын эң чоң апааттарынын бирине туш болду. Япониядагы акыркы 140 жылдын эң күчтүү жер титирөөсү борбор шаар Токио да кошо, бүт өлкөгө өз таасирин тийгизди. Жер титирөөдөн кийинки биринчи цунами кээ бир аймактарда 10 метр бийиктикке жетип, көптөгөн машиналар жана үйлөр көз ачып жумганча суунун астында калды. Апаат кээ бир аймактардын өнөр-жай заводдорунда өрттөргө да себеп болду. Япониянын массалык маалымат каражаттары эң аз 310 адамдын көз жумганын, 544 адамдын жаракат алганын жана жүздөгөн адамдын жоголгонун кабарлашты.
Вертолеттордон тартып алынып, Япониянын телеканалдарынан жарыяланган видеолор түндүктөгү жээктерде кемелердин кургактыкка чыгып калганын, жүздөгөн үйдүн суу астында калганын көз алдыга тартуулады. Жер титирөөлөр тилкесинде жашаганы үчүн, бул табигый кырсыкка карата эң натыйжалуу чараларды көргөн жана тынымсыз атайын окууларды уюштуруп турган япондор бул апаатта эч нерсе кыла албай калышты. Токио шаарында жана анын айланасында болжол менен 4 миллион үйдүн электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, транспорт системасы токтоп, миңдеген киши көчөлөрдө, үйлөрүндө же темир жол станцияларында тыгында калышты.
Япониядагы 8,9 баллдык бул жер титирөө – апааттардын алдында адамдардын канчалык алсыз болуп калаарын көрсөткөн абдан маанилүү мисалдардын бири. Жер титирөө менен цунами Японияны эч күтүүсүз кезде курчап калды жана дарыгерлер, инженерлер, илимпоздор чоң толкундардын арасында бир канча секундада бул дүйнө менен кош айтышты. Карьералары да, мал-мүлктөрү да, акчалары да, абдан жакшы көргөн фирмалары менен үй-бүлөлөрү да аларды куткара алган жок. Завод-фабрикалар, үйлөр, банктардын кассаларындагы акчалар, зергер буюмдары, бүт баары суунун астында калды. Мындай чоң кырсыктар бизге бул дүйнөнүн убактылуулугунан тышкары, технологиянын, күчтүн жана акчанын негизи эч нерсеге жарабай турганын да эскертет.
Жогорку технологияга жетишүү көбүнчө кээ бир адамдарга табиятты башкара ала тургандай бир сезим берет. Бирок мындай сезимге кабылгандар көп өтпөстөн өздөрүнүн канчалык жаңылганын көрө алышат. Анткени, технологияны да адамдардын кызматына Аллах тартуулаган жана ал дагы Аллахка баш ийет. Эң жогорку технологиянын да табиятты башкара албашы көптөгөн окуялар аркылуу адамдарга далилденди.
Мисалы, япондор курулуш технологияларында «жер титирөөгө карата керектүү чараларды» көргөнүнө карабастан, 1995-жылдын январь айында таңга жуук болгон бир жер титирөөдөн өздөрүн сактап кала алышкан жок. Алдыңкы технология менен курулган имараттарынын көпчүлүгү кагаздан жасалгандай кулады. Япония өкмөтү жана университеттери жер титирөөлөрдү алдын-ала кабар берүүчү бир ыкманы ойлоп табуу үчүн сансыз изилдөөлөргө акыркы 30 жыл ичинде бир миллиард доллар инвестиция кылышкан эле. Бирок андан майнап чыккан жок, анткени жер кыртышындагы силкинүүлөрдү изилдеп, классификациялоонун жүз пайыз жарактуу модельдерин иштеп чыгууга болбойт. Кобедеги жер титирөө башкача өзгөчөлүктө болгондуктан, бул жагдайга бир мисал боло алат.
Kobe, Japonya'nın Tokyo'dan sonra en yoğun nüfuslu, ikinci sanayi kenti ve en önemli limandır. 17 Ocak 1995 günü meydana gelen deprem, bölgede 20 saniye içerisinde korkunç bir hasara neden oldu. | |
Кобенин тургундары жер титирөөнү аларга бир канча саат, ал тургай, бир канча күн алдын-ала кабар бере турган бир системага ишенишкен эле. Бирок кооз порт шаарын бир заматта астын-үстүн кылган жана очогу Кобеден 25 км алыстыкта жана деңиздин 15 км астында жайгашкан бул жер титирөөнү эч бир система кабар бере алган жок. Япондордун «эң күчтүү жер титирөөгө да чыдайт» деген имараттарынын бул күчтүү жер титирөөгө туруштук бере албашы аныкталды.
Жер титирөө болгон Кобе жана Осака шаарлары жайгашкан аймак Япониянын алдыңкы өнөр-жай жана соода борборлорунун бири эле. Ошондуктан жер титирөөнүн материалдык зыяны миллиарддаган долларга жеткен.
Бул жер титирөөдө күтүүсүз келген чоң апааттан улам аймактагы калк келечек жөнүндө пландарды түзүү мындай турсун, ошол учурда эмне кылышарын да билбей калышты.
Жер титирөөлөрдүн акыркы кылымда күчү жана саны жагынан өсүшүнүн биз үчүн дагы бир чоң мааниси бар. Бул бизге акыр заманда, тагыраак айтканда, дүйнөнүн акыркы доорлорунда жашап жатканыбызды эскертүүдө.
Ушул окуялар болмоюнча, кыямат келбейт... Жер титирөөлөр көбөйөт... (Ramuz-El Ehadis, 476/11)
Кыяматтын алдында эки чоң окуя бар... жана андан соң болсо зилзалалуу жылдар. (Ramuz-El Ehadis, 187/2)
Пикир келишпестиктер жана бат бат жер титирөөлөр болот... (Kıyamet Alametleri, s. 166)
Акыркы бир канча жылдын ичинде болуп жаткан күчтүү жер титирөөлөр дүйнөлүк жаңылыктардын алдыңкы саптарынан орун алууда. Жер титирөөлөрдүн дүйнө тарыхында биринчи жолу ушунчалык көп жана бат баттан болуп жатышы, ошондой эле, күчтөрүнүн да өтө жогорку баллдарга жетиши Аз. Мехдинин чыгаарынан кабар берет.
Жакынкы тарыхты караганыбызда жер титирөөлөрдүн санынын өтө сейрек болгонун көрөбүз. Мисалы, АКШнын Геологиялык илимий изилдөө институтунун отчеттору боюнча, 1556-1975-жылдардын ортосундагы болжол менен 400 жылдык периоддо күчү 5,0 жана андан жогорураак болгон жер титирөөлөрдүн саны болгону 110ду түзгөн. Хижрий календарь боюнча 1400-жылдан баштап болсо жер титирөөлөр дүйнө тарыхында эч болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Төмөндөгү сандар Хижрий 1400-жылдын (1979-1980-жылдар) башынан баштап жер титирөөлөрдүн канчалык көбөйгөнүн таамай чагылдырууда. Бир эле 1999-жылы дүйнө жүзүндө жалпысынан төмөн жана жогору күчтөгү 20832 жер титирөө болгон. Бул жер титирөөлөрдө расмий маалыматтар боюнча, болжол менен 22711 адам көз жумган. Бул Пайгамбар (сав) хадисинде кабар берген абалдын дал өзүнө окшошот:
«Үммөтүмдө зилзалалар (жер титирөөлөр) болот. Ал зилзалаларда он миң, жыйырма миң, отуз миң адам өлөт...» (İbni Asakır, Geleceğin Tarihi 1, Orhan Baytan, Mevsim Yayıncılık, s. 81)
Акыркы отуз жылда дүйнөдө болгон жер титирөөлөрдүн кээ бирлери төмөнкүдөй:
Жылы : 1976-ж. 28-июль
Өлкөсү : Кытай
Күчү : 7,8
1976-жылы 28-июльда Кытайда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. 242 миң адам өмүрүнөн ажырап, 164 миң адам жаракат алды.
Жылы : 1988-жыл 7-декабрь
Өлкөсү : Армения
Күчү : 6,9
1988-жылы 7-декабрьда Арменияда катталган жер титирөөдө 20000 адам өмүрүнөн ажырап, 500000 адам үйсүз калды.
Жылы : 1995-жыл 17-январь
Шаары : Кобе
Күчү : 7,7
1995-жылкы Кобедеги жер титирөө 20 секундага гана созулганы менен, анын зыяны 100 миллиард долларга жеткен.
Жылы : 2001-жыл 26-январь
Өлкөсү : Индия
Күчү : 7,9
Индияда 2001-жылы 26-январьда катталган күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөөдө 30 миң адам каза болуп, 166 миң адам жаракат алды.
Жылы : 2003-жыл 26-декабрь
Өлкөсү : Иран
Күчү : 6,7
2003-жылы 26-декабрьда Иранда орун алган 6,7 баллдык жер титирөөдө 20 миң адам каза болуп, 50 миң адам жаракат алды.
Жылы : 2004-жыл 26-декабрь
Өлкөсү : Индонезия
Күчү : 9
2004-жылы 26-декабрьда Индонезияда күчү 9,0 баллды түзгөн жер титирөөдөн келип чыккан цунамиде 300 миң адам көз жумду.
Жылы : 2005-жыл 8-октябрь
Өлкөсү : Пакистан
Күчү : 7,6
2005-жылы 8-октябрьда Пакистанда катталган 7,6 баллдык жер титирөөдө болжол менен 100 миң адам каза болду.
Акыркы 30 жылдын ичинде, т.а. Хижрий 1400-жылдан (1979-1980-жж.) баштап, бул жерде айтылгандардан тышкары дагы көптөгөн чоң, кичине жер титирөөлөр болду. Мындан улам миңдеген адам үй-жайсыз калды.
Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын бир хадисинде бул жагдайга да ишарат кылынган:
«Жашаганга үй, мингенге жаныбар таппай кала турган күндөрүңөр жакындады. Анткени үйлөрүңөрдү жер титирөөлөр талкалайт...» (Kıyamet Alametleri, s. 146)
Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистеринен тышкары, Куранда да жер титирөө менен кыяматтын ортосундагы байланышка ишарат кылган аяттар бар.
Курандын 99-сүрөсүнүн аты «Зилзала», б.а. «катуу силкинүү», «жер титирөө». Бул сүрөдө жердин катуу силкинүүсү сүрөттөлүп, андан соң болсо кыямат күнү адамдардын тирилтилээри жана Улуу Аллахтын алдында сурак берээри кабар берилген:
Жер ошол күчтүү силкинүү менен силкингенде, жер салмактарын сыртка чыгарганда жана адам: «Буга эмне болуп жатат?» дегенде; ошол күнү (жер) кабарларын айтып берет. Анткени, сенин Раббиң ага вахий (илхам) кылган. Ал күнү адамдар кылган иштери аларга көрсөтүлсүн деп бөлүк бөлүк зымырап (ыргып) чыгышат. Эми ким кыпындай (абдан кичинекей) бир жакшылык кылса, ошону көрөт. Эми ким кыпындай бир жамандык кылса, ошону көрөт. (Зилзала Сүрөсү, 1-8)
Акыр замандын башка белгилери менен бирге карап чыкканыбызда, бүгүнкү күнү болуп жаткан жана барган сайын көбөйүп, күчөп жаткан апааттардын кадыресе көрүнүш эмес экендигин, тескерисинче өтө маанилүү бир доордун жана ал доордо чыгып бүт мусулман дүйнөсүнүн кутулушуна себепчи боло турган Аз. Мехди (ас)дын жакында чыгаарын кабар берип жаткандыгын даана байкайбыз.
Тайфун, бороон сыяктуу атмосфера кубулуштары да жер бетинде көп кездешкен апааттардан болуп саналат. Бул кубулуштар учурунда кээде шамалдын ылдамдыгы үйлөрдү, имараттарды, сарайларды, дарактарды, электр мамыларын жана адамдарды учура турганчалык күчкө жетет.
Өзгөчө күчтүү тайфундар океан, деңизди да чайпап, ири толкундардын пайда болушуна жана суунун күтүүсүз көтөрүлүшүнө себеп болушат. Бороон-чапкын толкуну деп аталган бул кубулушта толкундар катуу бир күч менен жээкке урушат. Бул кээде ал аймактын толугу менен суу астында калышына алып келет. Мындан тышкары, тайфун аркылуу келген жамгыр, өзгөчө дарыялуу аймактарда чоң селдерди пайда кылат.
Көбүнчө мелүүн бир жел болуп акырын гана соккон шамалдын кээде адамдарды, жаныбарларды, унааларды жана, ал тургай, үйлөрдү кыймылдата турган күчкө жетиши Аллахтын кудуретин көз алдыга тартуулайт. Жер титирөөлөргө тиешелүү мыйзам бул жерде да иштейт. Аллах кааласа, тайфун, бороон, торнадо сыяктуу атмосфера кубулуштарын өтө күчтүү кылып жана улам улам пайда кыла алат. Адамдар бирөөсүнүн зыяндарын оңдоп бүтө электе экинчисине кабылышы мүмкүн. Куранда шамалдардын Аллахка баш ийээри адамдарга төмөнкүчө эскертилген:
Асмандагынын силерди жерге киргизип салышынан коркпойсуңарбы? Бир карасаңар, ал (жер бети) силкинип-солкулдап жаткан болот. Же болбосо, асмандагынын силерге «таш жаадыруучу (бороондуу) бир шамал» жиберишинен коркпойсуңарбы? Ошондо силер Менин эскертүүмдүн кандай экенин көрүп-түшүнөсүңөр. Ант болсун, алардан мурдакылар да жалганга чыгарды. Бирок Мени жокко чыгарган (үчүн берген азабым) кандай экен? (Мүлк Сүрөсү, 16-18)
Бирок, Аллах бүт апаат-кырсыктар сыяктуу, мында да адамдарга болгон боорукердигин көрсөтүүдө жана аларды кээ-кээде бороондорду жиберүү аркылуу эскертүүдө. Адамдар бул дүйнөгө кандай максатта келгенин, өздөрүнүн Аллахтын кудуретинин алдындагы алсыздыгын жана бир күнү Ага сурак беришээрин унутпашы үчүн ушинтип эскертип турат.
Жер кыртышынын сейсмикалык кыймылынан келип чыккан жер титирөөлөрдөн тышкары, жанар тоолордогу жарылуулар да маанилүү табигый кырсыктардын катарына кирет. Дүйнөдө 550сү жер бетинде, калгандары океандардын астында болуп жалпысынан 1500дүн тегерегинде активдүү жанар тоо бар. Булардын кандайдыр бир бирөөсүнүн, кандайдыр бир учурда кыймылга келишине эч бир тоскоолдук жок. Бир жанар тоо кыймылга келгенде болсо кыска убакытта айланасындагы бүт аймакка өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Жана эч бир технология муну токтото албайт.
Вулкандар тарыхта жана бүгүнкү күндө өтө чоң издерди калтырууда. Тарыхта көптөгөн шаарларды картадан өчүрүп, коомдорду жок кылган. Эгин талаалары жок болуп, талаалар күлгө толуп, асман болсо чаң булуту менен капталган.
Оор бир азапка себеп болуучу вулкандар тарыхта Помпеи сыяктуу чоң шаарларды жок кылган. Анда Везувий вулканы активдешип, эч кимдин качышына мүмкүнчүлүк берген эмес жана мындан сөзсүз насаат алуу зарыл.
Бүгүнкү күндө да кээ бир жанар тоолор эч ким күтпөгөн учурда бир заматта активдешүүдө жана алардан келип чыккан лавалар көп аралыкка тарап, чоң зыяндарга алып келүүдө. Жарылуунун лавалардан тышкары дагы бир таасири бар: бул – бүт нерсени күйгүзгөн, газ жана күлдөн турган бир шамалдын пайда болушу. Бул шамалдын ылдамдыгы кээде саатына 160 километрге чейин жетип, күйгүзүүчү таасирге ээ болот жана андан улам дээрлик эч нерсе көрүнбөй калат.
200 активдүү вулканы бар Индонезиядагы Кракатау жанар тоосунда 1883-жылы вулкан атылган жана анын натыйжасында 160тан ашуун айыл жок болуп, 36000 адам бул жарылуудан келип чыккан цунамиде суу астында калышкан. Жарылуунун чаңдары 10 күндөн соң 3000 миля аралыкка чейин жеткен.
Вулкандардын дагы бир өзгөчөлүгү болсо – бул, эч күтүүсүз учурда активдешүүсү. 1985-жылы 150 жылдык «уйкудан» соң Невадо-дель-Руис жанар тоосунун жарылышы мунун бир мисалы. Миңдеген адамдын өлүмүнө себеп болгон бул жарылуу негизи өтө кичинекей бир жарылуу болгон. Салыштыра турган болсок, бул 1980-жылы болгон Сент-Хеленс тоосундагы жарылуунун 3%дык күчүнө гана барабар. Невадо-дель-Руистин жарылуусу аймактагы муз менен карды ээрите ала турганчалык бир жылуулук чыгарганы үчүн, тоонун этегинен ылай аралаш сел келип, Армеро шаарын жок кылып салган. Бул вулкан 1902-жылы Кариб аралында 30000 адамдын өлүмүнө алып келген Пели тоосундагы вулкандан берки эң чоң вулкан апааты болгон. Бул вулкан учурунда уйкуга жаткан 25000 адамдын эртеси эрте менен 2000инин гана калганы аныкталган. Калган 23000 адам вулкандан улам ылайдын астына көмүлүшкөн.
Бул кырсыктардан да көрүнүп тургандай, Аллах адамдарга өлүмдүн канчалык оңой жана жакын экенин көрсөтүп, аларды бул дүйнөгө келүү максаты жөнүндө ойлонууга чакырууда. Ошондуктан Аллахтын чексиз кудуретин түшүнгөн адамдар бул дүйнөдө жашай турган 50-60 жылдык өмүрүн узун көрүп, түбөлүк жашоону, т.а. акыретти унутпашы керек. Кандай гана себеп менен болбосун, ар бир адам бир күнү сөзсүз өлөт жана Аллахтын алдында сурак берет:
Жер башка бир жерге, асмандар да башка асмандарга айландырылган күнү жалгыз, каххар (бүт баарына каалаганын жасаганга кудуреттүү) Аллахтын алдына чыг(арыл)ышат. (Ибрахим Сүрөсү, 48)
Япон тилинен келген «цунами» сөзү «порттун толкуну» деген маанини билдирет. Көбүнчө океанда жер титирөөлөрдөн кийин пайда болгон чоң толкундар цунами деп аталат. Бул чоң толкундардын зыянынын кээ бир учурларда атом бомбасына да жакындаганы катталган. Өзгөчө жогоруда айтылган 2011-жылдын март айында Японияда келип чыккан цунами Япониядагы бүт жашоону бир заматта токтотту жана адамдар мынчалык чоң апааттын алдында технологиянын канчалык алсыз болуп калаарына күбө болушту.
Жер жүзүнүн көптөгөн аймагын канчалаган олуттуу коркунучтардын курчап турушу, албетте, маанилүү бир чындыкты кабар берет: Аллах адамдарга бүт тараптан азап жиберүүгө жана чогулткан байлыктарынын баарын көз ачып жумганча кайра алып коюуга кудуреттүү. Апааттардын жер жүзүнүн бүт тарабынан келиши адамдардын Аллахтын каалоосунан тышкары эч бир жерде өздөрүн коопсуз сезе албашын толук айгинелеп турат. Аллах азапты каалаган тараптан, жердин астынан, үстүнөн, кургактыктан жана деңизден жиберүүдө. Жана адамдарды бул акыйкатты унутпагыла деп эскертүүдө:
Ал өлкөлөрдүн калкы түнкүсүн уктап жатканда, аларга оор азабыбыз келбейт деген ишенимде беле? Же ал өлкөлөрдүн калкы күндүз ойноп-күлүп жүрүшкөндө, аларга оор азабыбыз келбейт деген ишенимде беле? (Же) Алар Аллахтын тузагынан (түшпөйбүз деген) ишенимде беле? Аллахтын бир тузак курушунан зыянга жолуккан бир коомдон башкасы (акылсыздык менен) ишенимде болбойт. (Аьраф Сүрөсү, 97-99)
ан суу дагы Аллахтын каалоосу менен каардуу бир азапка айланышы мүмкүн. Жыл сайын сөзсүз сел кырсыктарына күбө болгонуна карабастан, кээ бир адамдардын өздөрүн селден коопсуз көрүшү таң калтырбай койбойт.
Japonya'nın kuzeyinde 8.9 büyüklüğünde meydana gelen depremin ardından Tokyo'nun kuzey kıyısını tsunami vurdu. Dev dalgalar karada ilerledi, ülkede büyük yıkıma yol açtı. | Avustralya'nın üçüncü büyük kenti ve Queensland eyaletinin başkenti Brisbane, 2011 yılında yüzyılın en kötü sel felaketini yaşadı. 36 saat durmadan devam eden yağışlar karanın iç kısımlarında tsunami etkisine yol açarak su seviyesini bir buçuk metre yükseltti, 6500 ev ve iş yeri sular altında kaldı. 2014 yılında Pakistan'da şiddetli yağışların yol açtığı sel ve heyelan ise köprülerin yıkılmasına ve binlerce kişinin evsiz kalmasına yol açtı. |
Пайгамбар Мырзабыз (сав) мындан 1400 жыл мурда биз жашап жаткан акыр заманда жаан-чачындар көбөйүп, олуттуу зыяндарга себеп болоорун хадистеринде кабар берген:
• Үй жана алачык калтырбаган күчтүү бир жамгыр жааганга чейин кыямат келбейт. (Kıyamet Alametleri, s. 253)
• Асмандан күчтүү жамгыр жаап, таштан курулган имараттардан тышкары, бүт кирпич үйлөр куламайынча кыямат келбейт. (Ahmed b. Hanbel, Müsned 13/291, Hadis no: 7554)
• "«Жамгырдын көбөйүшү, чөптөрдүн азайышы... кыяматтын жакындаганын билдирет.» (Kıyamet Alametleri, s. 137)
Тарыхтын эч бир доорунда болуп көрбөгөндөй көп сандагы апаат кабарларын күн сайын телевизорлордон көрүп, гезиттерден окуп жатабыз. Акыркы жылдары табигый кырсыктардын сан жагынан да, зыян жагынан да өсүп жатышы статистикалык маалыматтар тарабынан тастыкталган бир чындык. Биз жашап жаткан доордо табигый кырсыктар дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө миллиондогон адамдарга өз таасирин тийгизип, абдан чоң материалдык чыгымдарга себеп болду.
• Жокчулук жана фитналар (оор сыноолор) жылы – бул, жамгырдын жаабашы эмес, тескерисинче өтө көп жамгыр жаап эч бир өсүмдүктү өстүрбөй коюшу. (Müslim; Kıyamet ve Alametleri, Ömer Öngüt, Hakikat Yayıncılık, s. 77)
• Адамдардын башына жаан-чачын мол болуп, бирок түшүм азайган, алдамчы жылдар келет. (İbn-i Mace, hadis no: 4036; Kıyamet ve Alametleri, Ömer Öngüt, Hakikat Yayıncılık, s. 66)
• «Ооба, эй Салман! Куйруктуу жылдыз чыккан, селдер көбөйгөн, ... кезде...» (Medineli Allâme Muhammed b. Resul el-Hüseynî el-Berzencî, Kıyamet Alametleri, s. 151)
1950-2000-жылдардын арасында дүйнө жүзүндө болгон сел кырсыктарын график аркылуу анализ кылганыбызда, акыркы 30 жылда мунун өтө чоң ылдамдыкта өскөнүн көрөбүз:
1991-ЖЫЛ, БАНГЛАДЕШ
Сел кырсыгынан 120000ден ашуун адам көз жумуп, миллиондогон адам үй-жайсыз калды.
2000-ЖЫЛ, МОЗАМБИК
Селден улам 1 миллион адам үй-жайсыз калды.
2002-ЖЫЛ, ИНДИЯ, НЕПАЛ, БАНГЛАДЕШ
Мезгилдик муссон жамгырларынан келип чыккан кырсыктардан болжол менен 1000 адам көз жумду.
2003-ЖЫЛ, КЫТАЙ
Жай мезгилиндеги катуу жаан-чачындан 2000 адам каза болуп, 300 миң адам үй-жайсыз калды.
2004-ЖЫЛ, ИНДОНЕЗИЯ
Цунами себеп болгон сел кырсыгынан 230000 адам көз жумду.
2007-ЖЫЛ, АЗИЯ
20 миллион адам үй-жайсыз калды.
2008-ЖЫЛ, ИНДИЯ
3 айга созулган катуу жаан-чачындан улам 2400 адам көз жумду.
2010-ЖЫЛ, ПАКИСТАН
Пакистандын 70 пайызы суу астында калып, 4 миллион адам үй-жайсыз калды, 1000ден ашуун адам көз жумду жана миңдеген адам жоголду.
2010-ЖЫЛ, КОЛУМБИЯ
1 миллион 300 миң адам үй-жайсыз калды.
2011-ЖЫЛ, БРАЗИЛИЯ
Өлкө тарыхынын эң чоң сел кырсыгынан 700 адам көз жумуп, 14000 адам үй-жайсыз калды.
Пайгамбар Мырзабыз (сав) хадистеринде кабар бергендей, он миңдеген адам каза болуп, миллиондогон адам үй-жайсыз калган, эч нерсе калтырбай, бүт эгиндерди жок кылган, күчтүү жаан-чачындардан келип чыккан акыр замандын селдери акыркы 30 жылда өтө көп кайталанууда.
2 bin 340 yolcusuyla ilk yolculuğuna çıkan Titanik transatlantiği, 15 Nisan 1912'de New Foundland'ın güneyinde bir buzdağına çarparak battı: 1513 kişi öldü. |
Күчүнө жана технологияга ишенип Аллахтын кудуретин унуткан адамдардын баштарына келген сабак болуучу окуялар дүйнө тарыхында көп кездешет. Ал окуялардын ар бири күчтүн да, байлыктын да, илимдин да, технологиянын да, кыскасы, эч бир нерсенин Аллахтын кудуретине каршы тура албашын далилдеп, Аллахтын күч-кудуретинин жана улуулугунун бүт нерседен жогору тураарын адамдарга эскертет.
Тарыхта сансыз мисалдары кездешкен мындай окуялардын эң белгилүүлөрүнүн бири – бул, мындан болжол менен 86 жыл мурда Титаник аттуу трансатлантикалык кеменин башына келген балээ эле. Титаник 15 миң адамдын эмгеги менен жасалган өтө чоң бир жолоочу кемеси болгон. Бийиктиги 55 метрге жана узундугу 275 метрге жетип, ошол кезге чейинки эң чоң жана эң көркөм кеме болгон. Кээ бир адамдар техникалык жабдыктар жагынан да өтө жогорку деңгээлде жасалганы үчүн, өздөрүн бул кеме эч качан чөкпөйт деп ынандырышкан эле. Бирок алар өтө маанилүү бир чындыкты унутуп коюшкан: Аллах белгилеген тагдырга эч ким каршы тура албайт. Ошентип эч күтүлбөгөн кичинекей бир сокку технологияны жараксыз кылып, кеменин кыска убакыттын ичинде чөгүшүнө себепчи болгон.
Кемеден кутулгандар кеменин чөгөөрү анык болуп калганда, көп адамдардын бир жерге чогулуп дуба кылып башташканын айтып беришкен. Курандын көптөгөн аяттарында адамдардын кыйынчылык же коркунуч учурунда Аллахка дуба кылып, бирок кыйынчылыктан кутулган соң кылган дубаларын унутуп калышаары кабар берилген:
Силердин Раббиңер берешендигинен (ырыскы) издешиңер үчүн деңизде кемелерди силер үчүн жүргүзөт. Чындыгында Ал силерге мээримдүү. Силерге деңизде бир кыйынчылык (коркунуч) келгенде, Андан башка сыйынгандарыңар жоголуп кетишет; бирок кургактыкка (чыгарып) силерди куткарганда, (кайрадан) тескери буруласыңар. Адам абдан шүгүрсүз (жакшылыкты билбейт). Кургактыкта силерди эч качан жердин түбүнө киргизип жибербейт же эч качан үстүңөргө кум-таштуу бир бороон жибербейт деп ойлойсуңарбы? Анан өзүңөргө бир өкүл (колдоочу) таппай каласыңар. Же силерди дагы бир жолу ага (деңизге) жиберип, үстүңөргө кыйратуучу бир бороон жөнөтүп, шүгүрсүздүк кылганыңар үчүн силерди эч качан чөктүрбөйт деп ойлойсуңарбы? Анан Бизге карата анын өчүн алып бере турган (бирөөнү да) таба албайсыңар. (Исра Сүрөсү, 66-69)
Ар бир адам өмүрүндө мындай окуяга туш болсун же болбосун, баары бир бул дүйнөдөгү бүт нерсенин убактылуулугун жана бүт күч-кудуреттин Аллахка тиешелүү экендигин эч качан унутпашы керек. Анткени, бир адам мындай окуяга туш болгондо, жасаган каталарын оңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калышы мүмкүн. Аллах адамга өлүмдү эч күтпөгөн учурда жиберип калышы ыктымал:
Алар асмандар жана жер мүлк(төр)ү жөнүндө, Аллах жараткан нерселер жөнүндө жана өздөрүнүн ажал-мөөнөттөрү жакындап калганы жөнүндө ойлонушпайбы? Андан (Курандан) кийин алар эми кандай сөзгө ишенишет? (Аьраф Сүрөсү, 185)
A. Dünya | a. Dünya yörüngesinin içindekiler (kırmızı) |
Dünyayı her an vurmaya hazır yüz binlerce göktaşı Dünyanın etrafını bir bulut gibi sardı. |
Англиялык астроном Скотт Мэнли акыркы 30 жылда табылган астероиддердин күндөлүк картасын чыгарып, жалпысынан 11000 сүрөттөн турган бир тасма даярдаган. Бул эмгекте көрсөтүлгөндөй:
1980-ЖЫЛЫ: Астероиддер жердин айласында пайда боло баштаган.
1980-жылы жердин айланасында 8954 даана астероид аныкталган.
1985-ЖЫЛ: Жердин айланасындагы астероиддердин саны 11696.
1990-ЖЫЛ: Астероиддердин саны 14536га жеткен.
1995-ЖЫЛ: Астероиддердин саны 23104кө жеткен.
1999-ЖЫЛ: Астероиддердин саны 49009.
1999-жылга чейин астероиддердин санынын өсүшү белгилүү бир ылдамдыкта болуп келсе, 1999-жылдан баштап астероиддердин санынын өсүү ылдамдыгы бир топко жогорулаган.
Англиянын гезити Daily Mail жер планетасын кыяматка даярдаган астероиддердин мынчалык бат көбөйүшүн төмөнкүчө жарыялаган: «Күн системасында үрөй учурарлык жыш сандагы астероиддер: жаңы тасма ал жакта канча астероид бар экенин көрсөттү...»
A. Yıl: 2010 | B. Göktaşı Sayısı: 492 228 |
2000-жылга киргенибизде жердин айланасындагы астероиддердин саны мурда болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта өсүп, болжол менен эки эсеге, т.а. 118441ге жеткен.
2003-ЖЫЛ: Астероиддердин саны 226693. Жер планетасына эң жакын жайгашып, эң чоң коркунуч туудурган кызыл түстөгү астероиддердин саны бир топко көбөйгөн.
2007-ЖЫЛ: Астероиддердин саны 27 жыл мурдакыга салыштырмалуу 44 эсеге өскөн. Бул жылы аныкталган жалпы астероиддердин саны 389325ти түзгөн.
Ошондой эле, бул астероиддерден тышкары, жердин орбитасындагы аныкталбаган астероиддердин саны 100 миңден 1 миллионго чейин жетет деп болжолдонууда.
2009-ЖЫЛ: Жердин орбитасынын ичиндеги кызыл түстөрдүн тыгыздыгы бир топко өскөн.
2010-жылга келгенибизде жердин орбитасы жашыл түстөгү астероид булуту менен толук оролуп калган. Бирок мындан да рисктүүсү, жердин орбитасынын ичиндеги кызыл астероиддердин саны абдан өскөн.
Эң аягында 3-январь күнү алынган астероид картасынан жер планетасынын астероиддердин арасынан араң эле көрүнүп калганын байкоого болот.
Жер планетасы булардын бирөөсү менен каалаган учурда сүзүшүп кетиши мүмкүн. Аллах дүйнөнү жок кыла турган кыямат сааты үчүн белгилүү бир убакытты белгилеп койгон жана бул астероиддер ошол саатты көздөй тездик менен баратышат.
Курандын аяттарында бул жөнүндө мындай деп айтылат:
Эй инсандар, Раббиңерден коркуп-тартынгыла, себеби кыямат саатынын зилзаласы коркунучтуу нерсе. Чындыгында кыямат сааты жакындап келе жатат, анда күмөн жок. Чындыгында Аллах кабырлардагыларды тирилтет. (Хаж Сүрөсү, 1,7)
Бүгүнкү күндө саны болжол менен 540 миңге жеткен бул астероиддердин бири жерди сүзүп, жер планетасын кармап турган бүт системалардын астын-үстүн болушуна, жердин ичине чөгүп космоско чачырашына жана жер бетиндеги жашоонун толугу менен токтошуна себеп болушу мүмкүн. (Аныгын Аллах билет.)
Пайгамбар Мырзабыз (сав) да хадистеринде акыр заманда боло турган окуялар жөнүндө кабар берип жатып, «асмандан жаай турган таштар» жөнүндө төмөнкүдөй билдирген:
«Бул үммөтүмдүн аягында жердин чөгүшү, келбеттин өзгөрүшү жана АСМАНДАН ТАШ ЖААШЫ СЫЯКТУУ ОКУЯЛАР БОЛОТ.» (Тирмизи)
Бул үммөттүн кийинки келген урпактары мурда жашап өткөндөргө (ар кандай жамандоо жана шылтоолор менен) акарат айткан кезде... асмандан таш жаашын күткүлө.» (Kütüb-ü Sitte, 14/340; Tirmizî, Fiten 31, (2307))
Куранда кыямат саатына ишарат кылган аяттардын бири болсо төмөнкүдөй:
(Бул таштардын ар бири) Раббиңдин Кабатында чектен чыккандар үчүн (бүт баарына өз-өзүнчө) белгиленип коюлган. (Зарият Сүрөсү, 34)
Бул аяттын абжад мааниси 1980-жылды берет. 1980-жыл, т.а. Хижрий 1400-жыл Аз. Мехди (ас)дын чыгаар жылы болуп саналат. Ошондой эле, ал жылы астероиддер да көбөйүп баштаган.
Аллах Аз. Мехди (ас)дын чыгышы менен бирге, адамзатты акыркы жолу Курандын адеп-ахлагына багыттап баштады.
1999-жылы астероиддердин көбөйүшүнө ишарат кылган аят болсо төмөнкүдөй:
ЭГЕР АСМАНДАН БИР БӨЛҮКТҮН ТҮШҮП КЕЛЕ ЖАТКАНЫН КӨРҮШСӨ ДА: «(БУЛ) ҮСТҮ-ҮСТҮНӨ ЖЫЙЫЛГАН БИР БУЛУТ» ДЕШЕТ. (ТУР СҮРӨСҮ, 44)
Бул аяттын абжад мааниси болсо 1999-жылды берет. Астероиддердин 1980-жылы көбөйүп башташы жана 1999-жылдын аягына жакын алардын көбөйүү ылдамдыгынын укмуш жогорулашы кыяматтын белгилеринен. (Аныгын Аллах билет.)
«Жерди Сүзө Турган Астероиддер Кыяматтын Башталышынын Ишараты.» |
АДНАН ОКТАР: Тур Сүрөсүндө «Эгер асмандан бир бөлүктүн түшүп келе жатканын көрүшсө да, «(бул) үстү-үстүнө жыйылган бир булут» дешет» деп кабар берилген. Бул кыяматтын алдындагы окуяга да ишарат кылат. Анткени, жерди бир астероид сүзөт жана жер кыяматтын алдында алгач астероиддин сүзүшүнөн улам силкинет, анан дагы бир астероид сүзөт. Анан үчүнчү чоң бир сүзүшүү болот, андан соң кыямат келет. 44-аятта «көрүшсө да ишенишпейт» дейт, демек адамдар асмандан бир астероиддин келгенин түшүнүшөт, бирок аныктай алышпайт. «Асмандан бир бөлүктүн түшүп келе жатканын көрүшсө да, (бул) үстү-үстүнө жыйылган бир булут дешет». Аны бир газ булутуна же башка бир нерсеге окшоштурушат же жерди сүзбөйт деп ойлошот. «Жердин жанынан өтүп кетет» дешет, бирок ал келип жерди сүзөт. Кыямат алгач ушинтип башталат билесиздер, үч баскычтан турат. Аятта дагы бир сүзүшүү болот деп айтылат жана үчүнчүсүндө ай менен сүзүшөт. Ай жер менен сүзүшөт, анан ал күн тарабынан жутулат. «Ошондуктан сен аларды (жан чыдагыс азап менен) сүздүрүлө турган күндөрүнө жолукканга чейин жөн кой», 45-аят. Башына 15 санын кошконубузда, Хижрий 1545-жылга (2120-жылга) ишарат кылат, бул аяттын абжад мааниси да 2120га барабар. Негизи баары апачык көрүнүп турат, бирок кээ бир адамдар бул дүйнөгө абдан катуу берилгендиктен жана акча менен ачкөздүк көздөрүн ушунчалык сокур кылып койгондуктан, чындыктарды эч көрө алышпайт... |
«Айланабызды Курчаган Астероиддер Дүйнөнүн Кыяматына Даярданып Жатышат. Эч Бир Технология Аларды Токтото Албайт.» |
АДНАН ОКТАР: Бедиүззаман Саид Нурси Азрети 2120-жылдын тегерегинде бир астероид жерди сүзөт деп айткан. Хадистер да буга дал келет, анткени Пайгамбар (сав)дын хадиси боюнча, Ал берген 7000 жылдык календарды негиз алсак, «Мунун канча жылы өттү?» деп сурашканда, «5600 жылы өттү» деген. Ошондуктан Хижрий 1400 менен 1500-жылдардын ортосунда Мехди, Ислам биримдиги, баары болуп бүтөт. Бедиүззаман Хижрий 1545-жылдын (2120-жылдын) тегерегинде бир сүзүшүү болот деп айткан. Катар катары менен эки сүзүшүү болот. Кээ бирөөлөр «сүзүшүү ыктымалдыгы жок» деп жатканы менен, андай Америка же башка бир өлкө токтото ала тургандай эмес, саны абдан көп. Анчалык атом бомбасы, ракета жасай турган чамалары жок, убактылары да, техникалык мүмкүнчүлүктөрү да жетпейт. Ошондой эле, таштардын кайдан келээри да белгисиз. Мындан тышкары, Немезиданын каерде, качан, кайсы астероидди учураары да белгисиз. Бийлеп жаткандай кыймылдайт Немезида жана көрүнбөйт. Күрөң түстөгү карлик. Көрө алышпаганы үчүн каерде экенин да аныктай алышпайт, күтүүсүздөн чоң бир астероид учуруп жиберет, арбак сыяктуу... (Урматтуу Аднан Октардын Kahramanmaraş Aksu TV каналындагы маегинен үзүндү, 2011-жыл 24-февраль) |
Биз алардын баарын кылган күнөөлөрү менен кармадык. Ошентип алардын кээ бирлеринин үстүнө таш бороонун жибердик, кээ бирлерин ачуу айкырык ороп калды, кээ бирлерин жердин түбүнө киргиздик, кээ бирлерин болсо сууга чөктүрдүк. Аллах аларга зулумдук кылган жок, алар өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышты. (Анкебут Сүрөсү, 40)
Бул жерге чейин айтылгандардын баары жаралуу себебин унутуп жашап жаткан адамдарга маанилүү бир акыйкатты кабар берүү максатын көздөйт: дүйнө жүзүндөгү эч бир нерсе Аллахтан көз-карандысыз эмес. «...Аллах Өз буйругун аткартат, бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт» (Йусуф Сүрөсү, 21) деп Куран аятында да айтылгандай, Аллахтын буйругуна эч бир күч каршы чыга албайт.
Бирок «адамдардын көпчүлүгү» бул чындыкты билишпейт. Мындай адамдар бул дүйнөдө башыбызга эч нерсе келбейт деген ойдо жашашат. Айланаларында болуп жаткан апааттарды бир күнү бизге да келип калышы мүмкүн деп ойлоп да коюшпайт. Эгер түздөн-түз тиешелери болбосо, аларды өздөрүнөн абдан алыс көрүшөт. Кандайдыр бир апаат жөнүндө укканда, бир саамга ойлонуп калуулары мүмкүн, бирок бир аздан соң толугу менен унутуп калышат.
Анткен менен, эртеңки күн да бүгүнкү күндөй болот деп ойлоо такыр туура эмес. Жогоруда айтылган сыяктуу апааттарга туш болгон адамдар да апаат келе турган күндү башка күндөрүндөй эле көрүшкөн, албетте. Бирок ал күн алар үчүн башка күндөрдөн айырмалуу болгон жана Аллах аларды колдорундагы бүт нерседен бир көз ирмемде ажырап калышы мүмкүн экенин көрсөткөн.
Адамдардын көпчүлүк бөлүгү бул акыйкатты билишпейт. Дүйнө жашоосунун бат эле өтүп кетээрин да жана Аллахка сурак беришээрин да унутуп калышат. Ошондуктан, Аллах үчүн жашоо керек болгон бул дүйнө жашоосун эч бир пайда алып келбей турган нерселерге алагды болуп өткөрүшөт.
Бул жагынан караганда, адамдардын баштарына келген кыйынчылыктар өздөрү үчүн да, аларга күбө болгон башка адамдар үчүн да Аллахтын бир мээрими болот. Аллах мындай окуялар аркылуу адамдарга бул дүйнөнүн убактылуулугун көрсөтүп, «чыныгы мекен» болгон акыретке даярдык көрүүгө түрткү берет. Ошондуктан бул дүйнөдө адамдардын баштарына келген балээлердин көпчүлүгү негизи Аллахтын аларга берген бир мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Мындай балээлер адамдарга тообо кылып, кулк-мүнөзүн оңдошу үчүн берилет. Мындай окуялардан кандай насаат алуу керек экенин Аллах Куранда төмөнкүчө кабар берген:
Көрүшкөн жокпу, чындыгында алар ар жылы бир же эки жолу балээге туш болуп жатышат, бирок (ошого карабастан) тообо кылышпайт жана сабак алып-ойлонушпайт. (Тообо Сүрөсү, 126) |